|
иш-план. АЙ!ЛЫК ИШ ПЛАН. " Макулдашылды" Лейлек райондук билим бер блмнун башчысы
Жаңы технологияларды колдонуу менен бардык сабактардан окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү №
| Аткарылуучу иш чаралар
| Мөөнөтү
| Жооптуулар
| Кайда каралат
| Ресурстар
| Күтүлүүчү натыйжалар
| 1
| 1-сентябрь – Билим күнүнө карата ачык тарбиялык сааттарды өтүү
| Сентябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы,
класс жетекчилер
| Усулдук бирикмеде
| Класстык сааттардын иштелмелери
| Окуучулардын жаңы окуу жылына карата билим алууга шыктандырат
| 2
| Мектепте мамлекеттик тил айлыгын өткөрүү
| Сентябрь
| Кыргыз тили мугалимдери
| Усулдук бирикмеде
| Мамлекеттик тил айлыгынын иш планы
| Мектепте “Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам” аткарууга алынат
| 3
| Предметтер боюнча окуу пландарынын түзүлүшү. Физика жана химия сабактарынын окутулушу
| Октябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Предметтик мугалимдер
| Предметтер боюнча окуу пландарынын түзүлүшү такталат. Физика жана химия сабактары боюнча окуучулардын билим сапатынын деңгээли аныкталат
| 4
| I чейректин жыйынтыгы, 5-11 – класстардагы окуучулардын билим сапатына жүргүзлгөн маниторингдин жыйынтыгы. II чейрекке карата милдеттер
| Ноябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Педагогикалык кеңешмеде
| Класс жетекчилердин чейректик отчеттору
| I чейректин жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштердин деңгээли аныкталат
| 5
| Бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо иш чараларын кабыл алуу
| Ноябрь
| Окуу бөлүмүнун башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Предметтик мугалимдер, бүтүрүүчү класстардын окуучулары
| Бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү ишке ашырылат
| 6
| Олимпиадалык топтордун иштеринин абалы. Мектеп ичинде предметтик олимпиадаларды өткөрүү
| Ноябрь
| Уюштуруу тобу, предметтик мугалимдер
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Олимпиадалык тапшырмалар
| Кийинки этапка катышуучулар аныкталат
| 7
| Окуучулардын окуу куралдарынын, күндөлүктөрүнүн, айланма жана текшерүү иш дептерлеринин абалы
| Жума сайын
| Окуу бөлүмүнүн башчысы,
ТББ
| Усулдук кеңешмеде
| Текшерүүлөрдүн жана рейддердин жыйынтыктары
| Окуучулардын каллиграфиясы жана сапаттуу жазуусу аныкталат
| 8
| География жана биология сабактарынын окутулушу
| Ноябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы,
Усулдук бирикменин жетекчиси
| Усулдук кеңешмеде
| Текшерүүнүн жыйынтыгы
| Окуучулардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү аныкталат
| 9
| Мектептин ички күзөтчүлүгүн уюштуруу жана ички көзөмөл графигин иштеп чыгуу
| Сентябрь
| ТББ
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Мектеп администрациясы, мугалимдер, техникалык кызматкерлер, окуучулар
| Күзөтчүлүктүн графиги түзулуп, көзөмлдөө системалаштырылат
| 10
| Мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин тарификациялык тизмесин, эмгек келишимдерин, ОШ-1 отчетун, сабактардын жүгурмөсүн, регламентин түзүү жана бекитүү
| Сентябрь
| Мектеп администрациясы
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Педагогикалык жана техникалык кызматкерлер, окуучулар
| Мугалимдердин жүктөмдөрү, штаттык расписание такталып, сабактардын жүгүртмөсү бекитилет
| 11
| Мугалимдерге, техникалык кызматкерлерге, окуучуларга коопсуздук эрежелер боюнча инструктаждарды берүү (эмгек коопсуздугу, коопсуздук техникасы, жолдо жүрүүнүн эрежеси, өрт коопсуздугу ж. б.)
| Сентябрь
| Мектеп администрациясы, чарба башчысы, класс жетекчилер
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Педагогикалык жана техникалык кызматкерлер, окуучулар
| Мектепте коопсуздук көзмөлгө алынат
| 12
| Мектепте тарбиялык жана класстан тышкаркы иштерди пландаштыруу, уюштуруу
| Сентябрь
| Мектеп администрациясы
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Предметтик мугалимдер, класс жетекчилер, окуучулар
| Класстан тышкаркы иштердин интеллектуалдык деңгээли жогорулайт
| 13
| Алфавиттик китепти, окуучулардын өздүк делолорун тактоо, окуучулардын социалдык картасын түзүү, мектепке тартылбай калган окуучуларды аныктоо, зарыл болгон учурда инклюзивдик жана үйдө окууну уюштуруу
| Сентябрь, чейрек сайын
| Окуу бөлүмүнун башчысы,
ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Алфавиттик китеп, окуучулардын өздүк делолору, өндүрүштүк буйрук китеби, микроучасткаларга бекитилген мугалимдер
| Окуучулардын контингенти жана кыймылы такталат. Окуучулардын социалдык картасы түзүлөт
| 14
| Мектептеги коомдук уюмдардын жана туруктуу комиссиялардын иштерин уюштуруу:
Кесиптик уюмдун; Аялдар (кыздар) кеңешинин; Окуучулардын өзүн – өзү башкаруу уюму; Этика комиссиясы; Чыр - чатактарды алдын алуу комиссиясы; ЭКК эсептөө боюнча эксперттик комиссия
| Сентябрь
| Мектеп директору
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Коомдук уюмдар жана туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо
| Окуу – тарбия иштерине өнөктөштөр тартылат
|
Мугалимдер менен усулдук иштерди алып баруу
№
| Аткарылуучу иш чаралар
| Мөөнөтү
| Жооптуулар
| Кайда каралат
| Ресурстар
| Күтүлүүчү натыйжалар
| 1
| Усулдук кеңештин жана усулдук бирикмелердин иштерин уюштуруу, Мугалимдерге:
Усулдук сунуштарды иштеп чыгуу; Педагогикалык окууларды өткөрүү; Педконсилиумдарды өткөрүү; Окутууну пландаштыруу; Күзөтүлгөн ишке анализ жасоо ж. б. боюнча усулдук жардамдарды уюштуруу
| Сентябрь
| Мектеп директору,
окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Усулдук кеңешме жана усулдук бирикме жөнүндө жоболор
| Мектептеги усулдук иштер системага алынат
| 2
| Бардык предметтер боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын аткарылышы, мугалимдердин календардык жана күнүмдүк иш пландарынын окуу программасына шайкештиги
| Сентябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Окуу бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик билим берүү стандарты
| Календардык пландар бекитилет
| 3
| Мугалимдердин өз билимдерин өркүндөтүү курстарынан өтүү графигинин аткарылышы
| Октябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Өз билимин өркүндөтүүнүн графиги
| Мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулайт
| 4
| Мектепте алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү жана жайылтуу иштеринин абалы. Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү жана жайылтуу формалары. Мугалимдердин педагогика жана психология илимдеринин акыркы жетишкендиктери тууралуу маалыматтарга ээ болуусунун абалы
| Ноябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү жана жайылтуу планы
| Алдыңкы тажрыйба аныкталат, тажрыйба алмашуу жолго коюлат
| 5
| Мугалимдердин турмуш шартын эске алып, мектептин, окуучулардын кызыкчылыктарын башкы орунга коюу менен аларга эмгек шарттарын түзүп берүү
| Ноябрь
| Мектеп директору
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Кесиптик уюмдун баяндамасы
| Мугалимдердин эмгектенүүсүнө жагымдуу шарттар түзүлөт
| 6
| Мугалимдердин ЭКК аныктоо критерийлериннин аткарылышы, Алдыңкы мугалимдердин эмгегин баалоодо дем берүүчү эмгек акы фондунан пайдалануунун абалы
| Декабрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Эксперттик комиссиянын отурумунда
| Нускама (көк китеп)
| Мугалимдердин арасында атаандашуу пайда болот
| 7
| Окуу – тарбия процессинде окуучулардын билимдерин баалоо (утурумдук, формативдик, суммативдик) критерийлеринин аткарылышы. Окуучулардын билимдерин баалоодо отчеттук көрсөткүчтөрдүн факт менен дал келүүсү
| Январь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Баалоо критерийлери жөнүндө жобо
| Баалоо формалдуулугу жоюлат
| 8
| Мугалимдердин маалыматтык коммуникациялык технология (МКТ) боюнча сабаттуулугу, INTERNET байланышы менен усулдук маалыматтарды топтоосу жана колдонуусу
| Февраль
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Мугалимдердин портфолиосу жана ноутбуктары
| Мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу аныкталат жана жоюлат
| 9
| Тышкы байланыштын абалы, мугалимдердин райондук деңгээлдеги усулдук семинарларга катыштыруу
| Апрель
| Мектеп директору
| Директор алдындагы кеңешмеде
| График
| Тышкы тажрыйбалар мектепке алынып келинет
| 10
| Мектеп “Жыл мугалими” кароо сынагын уюштуруу жана өкөрүү
| Март
| Окуу болүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Жобо
| Мыкты мугалим аныкталат
| 11
| Окуу жылы ичинде мугалимдер менен жүргүзүлгөн усулдук иштердин жыйынтыгына талдоо жүргүзүү
| Июнь, август
| Мектеп директору
| Педагогикалык кеңешмеде
| Аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар
| Бир жылдык ишке баа берилет
|
Окуучулар менен тарбиялык иштерди алып баруу
№
| Аткарылуучу иш чаралар
| Мөөнөтү
| Жооптуулар
| Кайда каралат
| Ресурстар
| Күтүлүүчү натыйжалар
| 1
| Мектептин тарбиялык иш планын кабыл алуу
| Август
| ТББ,
социалдык педагог
| Педагогикалык кеңешмеде
| Тарбиялык иш пландардын долбоорлору
| Тарбиялык иштер системалаштырылат
| 2
| Мектепте өткөрүлүүчү белгилүү даталарга арналган иш чаралардын тарбиялык таасирдүүлүгү жана интеллектуалдуулугу
| Август
| ТББ,
социалдык педагог
| Педагогикалык кеңешмеде
| Белгилүү даталардын тизмеги
| Иш чаралардын тарбиялык таасирдүүлүгү артат
| 3
| Окуучулар мектепте болгон учурда алардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларга:
Өздүк гигиенанын эрежелерин; Санитардык эрежелерди; Жолдо жүүнүнүн эрежелерин; Өрт коопсуздугунун эрежелерин; Коопсуздук техникасынын эрежелерин; Трамвадан сактануу эрежелерин; Табигый техногендик кырсыктардан сактануу эрежелерин; Жугуштуу эпидемиялык (COVID-19, сасык тумоо, кургак учук, сарык, диарея, тиф, СПИД ж. б.), эпизоотиялык (кутурма, бруцеллез, эхиноккок ж. б.) жана тери – венерикалык (котур, темиртке, сифилис ж. б.) оорулардан сактануу; Чоочун адамдар менен мамиле жасоодон сак болуу эрежелерин үйрөтүү иш чараларын кабыл алуу жана ишке ашыруу
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде, ата – энелер чогулуштарында
| Тарбиялык сааттар, иш чаралар
| Окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугу камсыз кылынат
| 4
| Окуучуларга адамдык адеп – ахлак жат көрүнүштөрдөн:
Тамеки чегүү, араккечтик, бангилик, токсикомания, игромания, кумар ойноо; Мектеп рэкети, өзүмчүлдүк, алдамчылык, уурулук, майда хулигандык, вандалистик, саяк жүрүү; Жанкечтик, зордук – зомбулук, сойкулук; Диний экстремистик ж. б. сак болуу эрежелерин үйрөнүү иш чараларын кабыл алуу жана ишке ашыруу
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде, ата – энелер чогулуштарында
| Тарбиялык сааттар, иш чаралар
| Окуучулардан адеп – ахлактык тарбиясы күчөтүлөт
| 5
| Турмуш шарты оор, социалдык колдоого муктаж (тоголок жетим, жарым жетим, социалдык жетим, ата – энеси мигрант ж. б.), ден соолугунун мүмүнчүлүгү чектелген, тарбиясы кыйын окуучулар менен атайын иш алып баруу
| Окуу жылы ичинде
| Мектеп администрациясы, класс жетекчилер
| Профилактикалык кеңештин отурумунда
| Окуучулардын социалдык картасы, социалдык коргоо бөлүмүнүн, РИИБнын, ҮБД тобунун өкүлдөрү
| Окуучулардын аярлуу катмарынын билим – тарбия алуусу бирдей шарттар түзүлөт
| 6
| Мектепте тарбиялык иштерди алып барууда өнөктөштөрдүн (ата – энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, РИИБ, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши ж. б.) кол кабышынан жана таасиринен пайдалануу чараларын белгилөө
| Сентябрь
| Окуу бөлүмүнүн башчысы,
ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Өнөктөштөр
| Өнөктөштөр менен байланыш чыңдалат
| 7
| Окуучуларга өз ара ынтымак, улуттар аралык ынтымак, кайрымдуулук, боорукерлик тарбиясын сиңдирүү
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш чаралар
| Окуучуларда улуттар аралык жана окуучулар арасында мамиле калыптанат
| 8
| Окуучуларга экологиялык (жаратылышка, айлана – чөйрөгө аяр мамиле) жана эмгекти сүйүүгө (мектепти жана анын айлана чөйрөсүн таза кармоо, көрктөндүрүү ж. б.) тарбиясын берүүнүн абалы
| Март
| ТББ,
класс жетекчилер
| Окуучулардын өзүн – өзү башкаруу уюмунун отурумунда
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучулар коомдук пайдалуу эмгекке катышууну үйрөнүшөт
| 9
| Окуучулардын эстетикалык сезимдерин өстүрүүдө адабияттын, искусствонун (көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк) ролунан пайдалануу
| Октябрь
| ТББ,
класс жетекчилер, мектептин көркөм жетекчиси
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Таланттуу окуучулар аныкталат
| 10
| Кыздар менен (өзгөчө жогорку класстардын кыздары менен) иш алып барууда мектептеги кыздар кеңешинин аткарып жаткан иштери
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде, ата – энелер чогулушунда
| Тарбиялык сааттар, иш чаралар
| Окуучулардын адеп – ахлактык тарбиясы күчөтүлөт
| 11
| Окуучуларды мекенчилдик духунда тарбиялоо, алардын Кыргызстандын тарыхы, географиясы, мамлекеттик символдору (картасы, борбору, аянты, калкы, туусу, герби, гимни, акча бирдиги) жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтүү боюнча алып барылуучу иштердин абалы
| Февраль
| ТББ,
класс жетекчилер
| Окуучулардын өзүн – өзү башкаруу уюмунун отурумунда
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучулардын мекенчилдик сезими козголот
| 12
| Окуучулардын дене тарбиясынын жана мектептеги спорт иштеринин абалы
| Апрель
| ТББ,
дене тарбия мугалими
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Спортко шыктуу окуучулар аныкталат
| 13
| Окуучуларга ыймандуулук тарбиясын (саламдашуу, ата – энени сыйлоо, жашы улууларды урматтоо, жашы кичүүлөргө камкордук, мугалимдер менен мамиле ж. б.) берүүнүн таасирдүү ыкмаларын колдонуунун абалы
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучулардын адеп – ахлактыгы жакшы жакка өзгөрөт
| 14
| Окуучуларга мыйзам жана ыйман алдындагы укуктар жана милдеттер жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандыруу боюнча алып барылып жаткан иштердин абалы
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучуларда “Укук” жана “Милдет” түшүнүгү пайда болт
| 15
| Окуучуларга кесиптик тарбия берүү жана аларды кесипке багыттоо иштеринин абалы
| Декабрь
| ТББ,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучуларга кесип тандоодо кеңештер жана багыттар берилет
| 16
| Окуучуларды түрдүү баскычтагы иш чараларга, конкурстарга жана сынактарга катыштыруу
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Графиктер жана жоболор
| Окуучулардын такшалуусуна өбөлгө түзүлөт
| 17
| Окуу жылы ичинде окуучулар менен жүргүзүлгөн тарбиялык иштердин жыйынтыгын анализдөө
| Июнь, август
| Мектеп директору
| Педагогикалык кеңешмеде
| Аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар
| Бир жылдык иштин жыйынтыгы чыгарылат
|
|
|
|