Главная страница
Навигация по странице:

  • 5 мектеп – гимназиясынын Педагогикалык Кеңешмесинин 2021-жылдын 25-августундагы №1 токтому менен бекитилди Директор:- Шооруков Ж. А. Катраң айылы – 2021-жыл

  • Жалпы статистикалык маалыматтар

  • Кадрлар менен толуктоодо аткарылган иш – аракеттер

  • Окуу иштери боюнча аткарылган иш чаралар жана алардын жыйынтыктары

  • Предметтик олимпиадалык турлардын жыйынтыктары

  • Билим берүү мекемесинин финансылык каржылануусу, материалдык – техникалык базасынынын чыңдалышы жана курулуштар

  • Лейлек районундагы №5 мектеп – гимназиясынын 2021-2022 - окуу жылына карата түзүлгөн жылдык иш планы

  • Аткарылуучу иш чаралар Мөөнөтү Жооптуулар Кайда каралат

  • иш-план. АЙ!ЛЫК ИШ ПЛАН. " Макулдашылды" Лейлек райондук билим бер блмнун башчысы


    Скачать 266.5 Kb.
    Название" Макулдашылды" Лейлек райондук билим бер блмнун башчысы
    Анкориш-план
    Дата23.09.2022
    Размер266.5 Kb.
    Формат файлаdoc
    Имя файлаАЙ!ЛЫК ИШ ПЛАН.doc
    ТипДокументы
    #692286
    страница1 из 4
      1   2   3   4

    Макулдашылды”

    Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы:- ____________________________

    Жеемуратов У. И.

    ___ ” __________ 2021-жыл

    Лейлек районундагы №5 мектеп – гимназиясынын

    2021-2022 – окуу жылы үчүн

    ЖАЛПЫ ИШ ПЛАНЫ

    5 мектеп – гимназиясынын Педагогикалык Кеңешмесинин 2021-жылдын 25-августундагы №1 токтому менен бекитилди

    Директор:- Шооруков Ж. А.

    Катраң айылы – 2021-жыл

    1. Жалпы статистикалык маалыматтар

    Лейлек районундагы №5 мектеп – гимназиясында иштеп жаткан жамааттын жалпы сапаттык курамы болуп бүгүнкү кундө 14 мугалим эмгектенсе, анын ичинен 9 мугалим аялдар жана 5 мугалим эркек мугалимдер болуп саналат. Жалпы мугалимдердин ичинен бардыгы жогорку билимдүү.

    Ошондой эле азыркы учурда эмгектенип келе жаткан билим берүү кызматкерлеринин ичинен КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен 4 мугалим жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен 2 мугалим сыйланган. Ал эми бир нече ондогон мугалимдер облустук жана райондук деңгээлиндеги сыйлыктардын ээси болуп саналат. Мындай сыйлыктар мугалимдерибизге аз да болсо моралдык жактан дем күч берип келе жатат.

    Өткөн окуу жылындагы окуучулардын класстар боюнча курамы



    Класстар

    Класстардын саны

    Окуучулар

    Анын ичинде кыздар

    1

    5-класс

    1

    27

    12

    2

    6-класс

    1

    21

    14

    3

    7-класс

    1

    26

    21

    4

    8-класс

    1

    27

    13

    5

    9-класс

    1

    18

    9

    6

    5-9-класстар

    5

    119

    69

    7

    10-класс

    1

    17

    8

    8

    11-класс

    1

    18

    7

    9

    10-11-класстар

    2

    35

    21

    10

    5-11-класстар

    7

    154

    90

    Билим берүү мекемесинде билим алып, тарбияланып жаткан окуучулардын жалпы саны 2020-2021 – окуу жылында 154 окуучуну түздү. Окуу жылынын жыйынтыгы менен 11 классты 18 бүтүрүүчү аяктап, бардыгы ЖРТга катышты. 1 окуучу 195 балл, 1 окуучу 184 балл, 1 окуучу 168 балл, 1 окуучу 150 балл, 1 окуучу 142 балл жана көпчүлүгү 120-130 баллдан жогорку баллдарды алышты. 11-классты аяктаган 7 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестаты жана 9-класстын 2 бүтүрүүчүсү Артыкчылык күбөлүктөрү менен мектепти бүтүрүштү.

    Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо максатында “СЕКОМ” билим берүү мекемеси менен атайын даярдоо курстары уюштурулуп, көнүктүрүүчү (пробный) тесттер алынып турат.

    Окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн окуучулардын билимин баалоо модулдук система менен жүргүзүлүп, молдук система колго алынган.

    Өткөн окуу жылында мектеп жамааты КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 18-июлундагы №475/1 буругу менен бекитилген жалпы билим берүү уюмдарынын 2020-2021 – окуу жылы үчүн Базистик окуу планы жөнүндө окуу планын негизинде иш алып барып, Билим берүү академиясы сунуш кылган предметтик окуу программаларын толук ишке ашырды. Бардык предметтер боюнча мамлекеттик программалардын негизинде календардык пландар түзүлдү жана анын аткарылышы камсыз кылынды.

    2020-2021- - окуу жылында мектепте окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугуна чоң көңүл бурулуп, спорттук иш чараларды өткөрүүгө жакшы көңүл бурулду. Натыйжада мектепте бир нече жолу спорттук мелдештер өткөрүлгөн жана райондук спартакиадаларга катышуу менен мектеп окуучулары стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, шашки, жеңил атлетика жана кичи футбол алдыңкы орундарды камсыз кылып келишти.

    Райондук жашы жетпегендер менен иштөө инспекциясы менен ар чейрек сайын жолугушуулар өткөрлүп, лекциялар окулуп, тегерек столдор уюштурулуп турат.

    Социалдык жактан муктаж болгон окуучуларга мектеп тарабынан мүмүнчүлүгүнө жараша акчалай жана материалдык жардамадар берилип келүүдө.

    Мектептин мыкты окуучуларына 2003-жылдан бери Маатмурат Жолдошев атындагы стипендия уюштурулуп, окуунун мыктылары алып келүүдө.

    Окуучулардын предметтик олимпиадасынын райондук, областтык жана республикалык турларынын жеңүүчүлөрүнө мектептин алдыңкы тажрыйбалуу тарых мугалими, билим берүүнүн мыктысы Саматов Асан Кадырович өзүнүн стипендиясын 9 жылдан бери уюштуруп, үзбөй берип келүүдө.

    Мыкты окуган, аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнүн мыктысы Жолдошов Убайдилла Матурайимович өзүнүн стипендиясын 8 жылдан берип келе жатат.

    Балдардын ден соолугун коргоо багытында жыл сайын окуучулар медициналык кароодон толук түрдө өтүшөт. Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында ар дайым тарбиялык сааттар ж. б. иш чаралар өтөрүлүп турат. Мектепте окуучулар үчүн кайнатылган суу, колду жууп тазалганга атайын кол жуугучтар жана ар бир окуу кааналарында атайын ден соолук бурчтары уюштурулган. Окуучулар үчун санитардык – гигиеналык талаптар толук сакталып, окуу кааналарынын абалы, жарык жана жылуулук ар дайым көзөмөлдөнүп турат. Окуучулардын жүрүм – турумуна, тазалыгына мектептеги окуучулардын өзүн – өзү башкаруу уюму көзөмөл жүргүзүп келет.

    1. Кадрлар менен толуктоодо аткарылган иш – аракеттер

    2020-2021 – окуу жылында жаш мугалимдерге керектүү шарттар түзүлүп, алардын педагогикалык иштерин жүргзүүсүнө жакындан жардамдар берилип турат. 2020- 2021 – окуу жылында 13 мугалим өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтүштү. Мындан сырткары 2021-2022 – окуу жылында дагы 3 мугалимдин өз билимин өркүндөтүү боюнча атайын окуу курстарынан өтүүсү пландаштырылууда.

    Мектептерде сабаттуу, сапаттуу жаш кадрлардын катарын толуктоо, алардын өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын мектепте түбөлүктүү иштеп калуу максатында райондун аймагында райондук билим берүү бөлүмунун колдоосу менен “Жаш мугалимдер” мектеби ачылып, райондук билим берүү бөлүмүнүн жылдык иш планына ылайык ар бир айыл аймакта жаш мугалимдердин окуу – семинарлары ай сайын өткрүлүп турат.

    КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин арасында өткөрүлгөн “Санариптик педагогика” республикалык кароо – сынагында №5 мектеп – гимназиясынын математика жана информатика мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл катышып, облустук турда 1-орунду ээлеп, республикалык турда 4-орунга татыктуу болуп КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына жана баалуу белектерине татыктуу болду. Сагыналы кызы Бактыгүлдүн мындай жогорку жетишкендигин эске алып Лейлек райондук билим берүү бөлүмү Ардак грамота, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети 25000 сомдук жаңы үлгүдөгү ноутбук менен сыйлашты. Мектептин алдыңкы математика жана информатика мугалими Шооруков Бакытбек агай Ош билим берүү институту уюштурган “Учурдун санарип мугалими” кароо – сынагында Ош жана Баткен областтары боюнча 1-орунга татыктуу болду. COVID-19 пандемия оорусуна карата өлкөдө болуп жаткан өзгөчө абалга байланыштуу мектептерде окутуу аралыктан уюштурулуп, мектеп мугалимдери окуучуларга аралыктан билим жана тарбияны үзгүлтуксүз берүүгө жетише алды. Мындай кырдаалдан чыгууга мектептин математика жана информатика мугалими Шооруков Бакытбек агай мугалимдерди жаңы технологиялар менен иштөөгө окутуп үйрөтүп өзүнүн окуу – курстарын уюштуруп жардам берди жана республика боюнча мугалимдердин дагы окуп үйрөнүүсүнө дагын чоң салым кошту. Мындай зор эмгеги үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине татыктуу болду.

    №5 мектеп – гимназиясынын окуучулары, мугалими Шоорукова Алтынчач “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук туруна катышып келишти.

    Мугалимдер арасында өткөрүлүүчү “Жыл мугалими – 2021” кароо – сынагынын регионалдык жана райондук турларында №5 мектеп – гимназиясынын математика жана информатика мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл 1-орунду ээлеп, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабы уюштурган кир жуугуч машине менен сыйланып, облустук турга жолдомо алды.

    1. Окуу иштери боюнча аткарылган иш чаралар жана алардын жыйынтыктары

    Окуу жылы ичинде административдик текшерүүлөр алынып жана көз карандысыз билимди баалоочу уюм менен тесттик текшерүүлөр жүргүзүлүп бардык окуучулардын билим сапаты боюнча мониторингдер жүргүзүлдү.

    Ишмердүүлүктү жүргүзүүдө мыкты натыйжаларга жетишкен мектептин мугалимдеринин иш тажрыйбалары зоналдык, региондук, райондук, облустук жана республикалык деңээлде жайылтылууда. Мисалы математика жана информатика мугалимдери Шооруков Бакытбек, Сагыналы кызы Бактыгүл жана тарых мугалими Саматов Асан агай – эжекелердин иш тажрыйбалары жайылтылган.

    1. Предметтик олимпиадалык турлардын жыйынтыктары

    2020-2021 - окуу жылында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын регионалдык турунду 12 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышты, ал эми райондук турда 2 окуучу байгелүү орунду ээледи, 1 окуучу предметтик олимпиаданын областтык туруна катышып, 4-орунду ээлеп келди.

    4-орун физика предмети боюнча №5 мектеп – гимназиясынын 11-кллассынын окуучусу – Каарбек кызы Рукуя, мугалими Шооруков Жаныбек.

    “Сапат” билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган Алтынчы класстардын математикалык олимпиадасынын райондук туруна №5 мектеп – гимназиясынын 6-классынын 10 окуучусу катышып, анын 7 окуучусу областтык турга жолмо алышты. Областтык турда 800 гө жакын окуучунун ичинен 2 окуучу алдыңкы 10 окуучунун катарына кошулду. Окуткан мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл.

    №5 мектеп – гимназиясында Катраң айыл Өкмөтүндөгү мектептердин 10-класстарынын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча Абдиманап Жалилов атындагы олимпиада өткөрүлүп, 1 окуучу 1-орунду жеңип алды.

    1-орун кыргыз тили жана адабияты боюнча №5 мектеп – гимназиясынын -9-классынын окуучусу Саутбек кызы Назима, мугалими Ниязалиева Бүүлатипа.

    Катраң айыл Өкмөтүндөгү Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде тарых предмети боюнча Катраң айыл Өкмөтүндөгү мектептердин 8-класстарынын окуучуларынын арасында Абибилла Жапаров атындагы олимпиада өткөрүлүп, 1 окуучу 2-орунга ээ болду. 2-орун тарых предмети боюнча №5 мектеп – гимназиясынын 7-классынын окуучусу Жолдошова Эдиназ, мугалими Саматов Асан.

    Катраң айыл Өкмөтүндөгү “Кой – Таш” орто мектебинде математика предмети боюнча Катраң айыл Өкмөтүндөгү мектептердин 7-класстарынын окуучуларынын арасында Тайир Абдраимов атындагы олимпиада өткөрүлүп, 1 окуучу 1-орунду жеңип алды. 1-орун математика боюнча №5 мектеп – гимназиясынын 7-классынын окуучусу Хамдамова Фарида, мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл.

    Катраң айыл Өкмөтүндөгү “Эпкин” орто мектебинде география предмети боюнча Катраң айыл Өкмөтүндөгү мектептердин 9-класстарынын окуучуларынын арасында Токтобай Нурматов атындагы олимпиада өткөрүлүп, 1 окуучу 2-орунга татыктуу болду. 2-орун география боюнча №5 мектеп – гимназиясынын 9-классынын окуучусу Саипов Сажар, мугалими Саматов Мэлс.

    1. Билим берүү мекемесинин финансылык каржылануусу, материалдык – техникалык базасынынын чыңдалышы жана курулуштар

    2021-2022 – окуу жылына карата мектептин оңдоп – түзөө иштери толук бүткөрүлдү.

    Катраң айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 70000 сомго мектептин бардык окуу кааналары, залдары жарыктандырылды. Ошондой эле айыл Өкмөтүнүн бюджетинен мектепке 2 даана видеокөзөмөл коюлуп, 3 даана кол жуучу раковина жана аристон орнотулду жана 50000 сом акча каражаты бөлүнүп, мектептин 1 окуу каанасынын полу толук жаңыланганы турат.

    Мектептин эсебинен 23000 сомго 1 даана ноутбук алынды.

    10 жыл мурда мектепти бүтүп кеткен мектептин бүтүрүүчүлөрү мектепке 20000 сомдук түстүү принтер белекке беришти.

    Мектептин география каанасына КРнын Эмгек Ардагери, Эл агартуунун мыктысы Абдулаким Исаевдин ысымы берилип, балдары 1 даана акылдуу доска, 1 комплект шкаф, 1 комплект мугалимдин стол, стулу жана кабинеттин терезесине жалюз орнотуп беришти. Жалпы баасы 100000 сом.

    Мектептин мамлекеттик тил каанасына Филология илимдеринин кандидаты, профессор Абдиманап Жалиловдун ысымы берилип, балдары 1 комплект шкаф алып беришти. Баасы 20000 сом.

    Мектептин ар бир окуу каанасынын терезелерине жалюздар алынды, ар бир окуу каанасына бөлмө гүлдөрүн орнотуу үчүн гүл койгучтар жана терезе декчелери мугалимдердин, ата – энелердин, демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалды. Ар бир каанада бөлмө гүлдөрү өстүрүлдү. Жалпы баасы 50000 сом.

    Мугалимдердин өздөрүнүн колдоосу менен мугалимдер үчүн эс алуу каанасы уюштурулуп, керектүү эмеректер менен толукталды. Жалпы баасы 30000 сом.

    Окуу кааналарына мугалимдердин, ата – энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 5 даана ар бири 14000 сомдук түстүү телевизорлор алынды. Жалпы 70000 сом.

    Лейлек районундагы №5 мектеп – гимназиясынын 2021-2022 - окуу жылына карата түзүлгөн жылдык иш планы

    1. Жаңы окуу жылына карата уюштуруу иштери



    Аткарылуучу иш чаралар

    Мөөнөтү

    Жооптуулар

    Кайда каралат

    Ресурстар

    Күтүлүүчү натыйжалар

    1

    Өткөн окуу жылынын жыйынтыгына анализ жана жаңы окуу жылына карата милдеттерди кабыл алуу. Мектеп администрациясын, педагогикалык жана техникалык кызматкерлерди кызматтык милдеттери менен тааныштыруу. Мектептин жылдык иш планын, окуу планын, педагогикалык кеңешменин, директор алдындагы кеңешменин, усулдук кеңештин иш пландарын кабыл алуу

    Август

    Мектеп директору

    Педагогикалык кеңешмеде

    Мектептин билим сапаты аныктала. Жаңы милдеттер иштелип чыгат

    Мектептин миссиясына карата милдеттер бекитилет, жыл ичинде аткарылуучу жумуштар системага салынат, эмгек тартиби көзөмөлгө алынат

    2

    Август эсебин тактоо, окуучуларды кабыл алуу, класс – комплектисин бекитүү

    Август

    Мектеп директору

    Педагогикалык кеңешмеде

    Учетту тактоо. Иш кагаздарын иретке келтирүү

    Окуучулардын саны такталат, класс – комплетиси бекитилет

    3

    Жаш адистерге насаатчыларды дайындоо

    Сентябрь

    Мектеп директору

    Педагогикалык кеңешмеде

    Тажрыйбалуу мугалимдер жана жаш адистер

    Кадрлардын жетишсиздиги турукташат

    4

    Класстарды класстык журналдар менен камсыз кылуу, алардын толтурулушуна көзөмөл кылуу, өздүк делолордун абалы

    Сентябрь

    Окуу бөлүмүнүн башчысы

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Класс жетекчилер, предметтик мугалимдер

    Класстык жана тарбиялык журналдар бекитилет


    5

    Окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу

    Сентябрь

    Китепканачы,

    класс жетекчилер

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Окуу китептери, класс жетекчилер

    Окуучулар окуу куралдары менен камсыз болушат

    6

    Мектептин ички жана тышкы жасалгасынын эстетикалык абалы, жашылдандыруу

    Сентябрь

    Мектеп администрациясы, класс жетекчилер

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Окуу кааналары

    Класстык кааналар, мүмкүнчүлүккө жараша талапка ылайык жабдылат

    7

    Окуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында медициналык кароо уюштуруу

    Сентябрь,

    Мектеп администрациясы, класс жетекчилер, дене тарбия мугалими, ҮДТ

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Окуучулар

    Окуучулардын ден соолугу боюнча маалымат аныкталат

    8

    Жалпы мектептин ата – энелер чогулушун өткөрүү

    Сентябрь

    Мектеп администрациясы

    Ата – энелер чогулушу

    Ата – энелер

    Ата – энелер комитетинин жылдык иш планы бекитилет

    9

    Мектептин мүлкүнүн сакталышын көзөмөлдөө (инвентаризация)

    Сентябрь

    Мектеп директору, чарба башчысы

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Мектептин инвентарлар китеби

    Мектептин мүлкүнүн эсеби такталат

    10


    2021-2022 – окуу жылынын I чейрегинин жыйынтыктары боюнча окуу жана тарбия иштеринин абалы жөнүндө маалымат

    Ноябрь

    Мектеп администрация

    Педагогикалык кеңешмеде

    Класс жетекчилердин отчеттору

    I чейректин жыйынтыгы чыгарылат

    11

    I жарым жылдыктын жыйынтыгы жана эмгек жамаатынын II жарым жылдыкка карата милдеттери. 5-11 - класстарда гуманитардык предметтердин окутулушу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы

    Январь

    Мектеп администрациясы

    Педагогикалык кеңешмеде

    Класс жетекчилердин отчеттору, мониторингдин жыйынтыгы

    I жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштердин деңгээли аныкталат

    12

    Мектепте алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү жана жайылтуу иштеринин абалы. Мугалимдердин педагогикалык жана психология илимдеринин акыркы жетишкендиктери тууралуу маалыматтарга ээ болуусунун абалы


    Январь

    Окуу бөлүмүнүн башчысы

    Усулдук кеңешмеде

    Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү жана жайылтуу планы

    Алдыңкы тажрыйба аныкталат, тажрыйба алмашуу жолго коюлат

    13

    Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү графигинин аткарылышы, сабактарда окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун абалы, тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан мектептин шартына ылайыкташтырылып иштелип чыккан усулдук сунуштар

    Январь

    Окуу бөлүмунун башчысы

    Усулдук кеңешмеде

    Мугалимдердин усулдук иштелмелери

    Мугалимдердин методика боюнча теориялык билимдери жогрулайт

    14

    Мектепте окуучуларга англис тилин үйрөтүүнүн абалы

    Февраль

    Англис тили мугалимдери

    Усулдук бирикмеде

    Англис тили жумалыгы

    Окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө кызыгуусу артат


    15

    Мектептин лабораториясынын иши. Сабактарда көрсөмө куралдарды, таркатма дидактикалык материалдарды жана окутуунун техникалык каражаттарын пайдалануу абалы

    Февраль

    Окуу бөлүмунун башчысы, лаборант,

    чарба башчысы

    Усулдук кеңешмеде

    Лабораториянын материалдык отчету, мугалимдердин жумушчу дептерлери

    Сабактардын жабдылуу даражасы аныкталат

    16

    Китепканадагы иш – чаралар:

    • Китепкана фондун байытуу;

    • Мезгилдүү басма сөз булактарынын подшивкалары;

    • Картотекалардын жүргүзүлүшү;

    • Мукабачылар клубунун иши;

    • Ижарага берилген окуу китептеринин төлөмдөрү;

    • Китеп кунунө карата иш чаралар

    Март

    Окуу бөлүмүнүн башчысы, китепканачы,

    класс жетекчилер

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Китепкананын материалдык отчету

    Китепкананын иши иретке келет, окуулар китеп окуганга кызыктырат

    17

    5-11 – класстарда прикладдык (дене тарбия, технология, көркөм өнөр) багытындагы сабактардын окутулуусунун абалы

    Март

    Мектеп администрациясы

    Усулдук кеңешмеде

    Текшерүүнүн жыйынтыгы

    Дене тарбия, технология, көркөм онө боюнча шыктуу балдар аныкталат

    18

    III чейректин жыйынтыгы жана эмгек жамаатынын IV чейректеги милдеттери. 5-11 – класстардын прикладдык багыттагы сабактарды өздөштүүсүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы

    Март

    Мектеп адиминистрациясы

    Педагогикалык кеңешмеде

    Класс жетекчилердин отчеттору жана мониторингдин жыйынтыгы

    III чейректин жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштердин деңгээли аныкталат

    19

    Мектеп окуучулары менен алып барылган тарбиялык иштер жана класстан тышкаркы иштердин абалы

    Апрель

    Тарбиялык иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Мектептин тарбиялык иш планы жана белгиленген иш чаралар

    Окуу жылынын ичинде жүргүзулгөн тарбиялык иш чаралардын жыйынтыгы чыгарылат

    20

    Мектептин иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнүн абалы, архивдик иштер

    Апрель

    Мектеп администрациясы, архивариус

    Директор алдындагы кеңешмеде

    Иш кагаздарды жүргүзүү боюнча нускама

    Иш кагаздары жана архивдик документтер иретке келтирилет

    21

    Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга болгон даярдыктар. Бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга каттоо жана катыштыруу

    Май

    Окуу бөлүмүнун башчысы

    Директор алдындагы кеңешмеде

    ЖМА жөнүндө жобо

    ЖМа нын графиги жана ПК, АК комиссиянын курамы такталат


    22

    IV чейректин жыйынтыгы. Окуучуларды класстан класска көчүрүү. Окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу. Жаңы окуу жылына карата милдеттерди иштеп чыгуу. Мектепте эмгектенген педагогикалык жана техникалык кызматкерлердин кезектеги эмгек өгүүлөрүнүн графигин иштеп чыгуу

    Май

    Мектеп адиминистрациясы, мугалимдер

    Педагогикалык кеңешмеде

    Класс жетекчилердин отчеттору, жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча иш чаралар, КРнын ЭК

    Окуучулардын класстан класска көчүрүү жөнундө токтом жана буйрук, эмгек өргүүлөрүнун графиги

    23

    Бүтүрүүчү класстардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын уюштуруу жана өткөрүү

    Июнь

    Окуу бөлүмүнүн башчысы, предметтик комиссиялар (ПК), аппеляциялык комиссиялар (АК)

    Педагогикалык кеңешмеде

    ЖМАнын графиги, предметтик комиссиялар

    ЖМАнын жыйынтыг жөнүндө ПКнын протоколдору

    24

    9- жана 11-класстарды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн орто билими жана жалпы негизги билими жөнүндөгү документтерин берүү салтанатын өткөрүү. Окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу. Жаңы окуу жылына карата мектептин жалпы иш планынын долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топ түзүү

    Июнь

    Мектеп администрациясы жана мугалимдер

    Педагогикалык кеңешмеде

    Орто билими жөнүндө документтер

    Бүтүрүүчүлөргө жалпы орто жана негизги билими жөнүндөгү документтери берилет

    25

    Окуу жылынын ичинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү боюнча жүргүзүлгөн иштерге анализ

    Июнь, август

    Мектеп директору

    Педагогикалык кеңешмеде

    Иш пландын аткарылышы боюнча маалыматтар

    Бир жылдык ишке анализ жасалат


    1.   1   2   3   4


    написать администратору сайта