Главная страница
Навигация по странице:

  • Практикалык сабактын планы

  • Студенттердин өз алдынча ишинин тапшырмалары

  • Блумдун таксономиясы Б лумдун таксономиясы

  • 6 деңгээлге

  • Окуутуу максаттарынын деңгээли

  • Блумдун таксономиясы боюнча суроолорду берүү жана тапшырмаларды түзүү методикасы

  • Деңгээлдер Көндүмдөр Тапшырмалар

  • Б.Блумдун таксономиясы жана Х.Гарднердин акыл-эс жөндөмдүүлүк теориялары боюнча табият таануу предметинин мисалындагы тапшырмалар

  • Х.Гарднер б- ча Блум б-ча Лингвисти калык

  • Кыймыл-аракеттик (кинестетикалык) Музыкалык

  • лекция. Кенже курактагы жондомдуу балдар менен иштоого мугалимдерди даяр. Тема Кенже курактагы жндмд балдар менен иштг мугалимдерди даярдоо План


    Скачать 74.19 Kb.
    НазваниеТема Кенже курактагы жндмд балдар менен иштг мугалимдерди даярдоо План
    Анкорлекция
    Дата31.01.2021
    Размер74.19 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаКенже курактагы жондомдуу балдар менен иштоого мугалимдерди даяр.docx
    ТипДокументы
    #172849

    Тема 5.3. Кенже курактагы жөндөмдүү балдар менен иштөөгө

    мугалимдерди даярдоо

    План:

    1. Жөндөмдүү балдар менен иштөөдө мугалимдердин орду жана ролу

    2. Жөндөмдүү балдар үчүн мугалимдердин жүрүм-турум белгилери жана инсандык өзгөчөлүгү

    3. Жөндөмдүү балдар үчүн ийгиликтүү мугалим

    Колдонулган адабияттар:

    1. Большина И. Г. Теоретические основы организации обучения в начальных классах, Рубцовск, 2016

    2. Э. Мамбетакунов, Т. Сияев, Педагогиканын негиздери, Б., 2015

    3. Б. Апыш, Педагогика, Б., 2002ж.

    4. М.А. Абдыкеримова, Э.Т. Токсонбаев,Р.Т. Кадырбекова, Жалпы педагогика, окуу куралы, Б., 2013


    Жөндөмдүү балдар бири-биринен жөндөмүнүн денгээлдери боюнча айырмаланышат. Ошондуктан алар үчүн окутуунун программалары жекелик түрдө уюштурулушу абзел. Алдыга умтулуу, өз алдынчалыкка багыт алуу, предметке толук чөмүлүү менен иш-аракеттенүүсү, психологиялык атмосферасы бул окуучуларга билим берүүдө өзгөчө методиканы талап кылат.

    Сабакка даяр эмес мугалимдер көбүнчө класста жөндөмдүү балдарды аныктай албашы мүмкүн. Көбүнчө сабакка даярданбай келген же өз ишинин компетенттүү мамиле жасабаган мугалим бул окуучулардын жогорку интеллектуалына кайдыгер мамиле жасап булардын маселесине көңүл кош мамиле жасап коюшу мүмкүн. Кээде сабакка даяр эмес мугалим жөндөмдүү балдарга кыянаттык да жасап коет. Себеби мындай окуучулар мугалимдин авторитетине кандайдыр бир денгээлде коркунуч туудурушу мүмкүн. Мындай мугалимдер жөндөмдүү окуучунун денгээлине карата тапшырма бербей тескерисинче төмөн денгээлдеги тапшырмаларды көбөйтүп берүү менен гана чектелип калат. Жөндөмдүү окуучулар Блумдун таксономиясы боюнча билүү, түшүнүү, колдонуу денгээлиндеги тапшырмаларды тез эле аткарып коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул көрүнүштү маселе катары карап аны чечүүнүн жолдорун аныктап чыгыш керек. Изилдөөлөр көрсөткөндөй жогорку интеллектеги балдар өзүнүн денгээлиндеги методикага ээ мугалимдерге муктаж экендиги аныкталган.

    Билим берүүнүн авторитети аталган америкалык психолог Бенжамин Блум мугалимдерди үч типке бөлгөн. Алар:

    1. Окуучуну окуу предметинин мазмуну менен тааныштырат жана жагымдуу эмоционалдуу атмосферага шарт түзүп, окуучунун предметтке болгон кызыгуусун ойгото алган мугалим;

    2. Окуучунун аткаруу техникасын иштеп чыга алган чеберчиликтин негизин колдоно алган мугалим ;

    3. Жогорку кесиптик денгээлге умтулган мугалим.

    Изилдөөлөр даярдыктан өткөн мугалимге каратаганда тиешелүү окутуудан өткөн эмес мугалимдин айырмачылыгы чон болорун далилдешкен. Компетенттүү мугалим жөндөмдүү балдарга тиешелүү методиканы колдоно алышат. Окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүгүн камсыз кылып, татаал таанып-билүү процесстерин ( колдонуу, анализ, синтез, оценка ж.б.) стимулдаштырат. Атайын даярдыктан өткөн мугалим көбүнчө чыгармачылыкка басым жасап, балдарды тобокелчиликке барууга калыптандырышат.

    Жөндөмдүү балдар даярдыктан өткөн мугалим менен жөндөмсүз мугалимдин айырмачылыгын аныктай алышат. Алар класстын атмосфералык жагдайын аныктап баалай алышат.

    Мугалимдин инсандык сапаты билим берүүнүн алдынкы белгилери болуп саналат. Мугалим дайыма педагогикалык ишмердүүлүктүн үлгүсү, интеллектуалы жогору балдар менен иштей алган, ата-энелер, балдардын алдында үлгү боло ала турган касиеттерге ээ болушу керек.

    Инсандар аралык сүйлөшүү балдардын жогорку интеллектинин оптималдуу өсүшүнө шарт түзөт. Изилдөөлөргө караганда мугалимдин жүрүм-туруму жөндөмдүү балдар үчүн окутуу процессинде жана өзүн –өзү калыптандырууда төмөндөгү мүнөздөргө ээ болуусу керек:

    • Окуучуларга жеткиликтүү индивидуалдык программаларды түзө алат;

    • Класста жагымдуу, эмоционалдуу, коопсуз атмосфераны түзө алат;

    • Окуучуларга кайтарым байланышты сунуштайт;

    • Окутуунун ар кандай стратегияларын колдонот;

    • Окуучуну инсан катары сыйлай билет;

    • Окуучунун өзүн-өзү баалоосунун калыптанышына шарт түзөт;

    • Окуучунун баалуулуктарын сыйлайт;

    • Чыгармачылык менен иштейт;

    • Акыл эс процесстеринин жогорку денгээлде өсүшүн стимулдаштырат;

    • Окуучунун индивидуалдыгын сыйлашат.

    Жөндөмдүү балдар үчүн ийгиликтүү мугалим – бул алгач өзүнүн кесибин жана предметтин сүйгөн жана терен билген сүйүктүү предметтик мугалим. Буга кошумча ал бардык жөндөмдүү окуучулар менен баарлаша ала турган сапаттарга ээ болушу керек. Ал интеллектуалдуу, чыгармачыл, социалдуу, психомотордуу жана көркөмдүү.

    Ошондуктан мугалим ийгиликтүү болуусу үчүн төмөндөгү үч жолду басып өтүүсү керек:

    • Өзүн жана башкаларды таануусу үчүн ар кандай тренингдерге катышуу;

    • Билимин өркүндөтүү, жөндөмдүү балдар менен иштөөнүн жолдорун үйрөнүү;

    • Жеке программаларды эффективдүү түзүү үчүн керектүү тренировкалардан өтүү.

    Жөндөмдүү балдар менен иштеген мугалимдер сабакта 25% активдүү болуп 75 % балдардын активдүүлүгүнө шарт түзүшот. Башкача айтканда балдардан көбүрөөк сурашат. Алар окуучуларга ачык суроолорду көп беришет. Алар балдарды Блумдун таксономиясы боюнча анализ, синтез жана баалоо денгээлдерине жеткен тапшырмалар менен камсыз кылышат. Мугалим окуучулар тапшырманын жыйынтыктарына кандай жеткендигине анализ гана жасашат. Окуучулардын жоопторун кунт коюу менен угушат. Мугалимдер жөндөмдүү балдар менен иштөөдө ырахаттануу менен гана сабак өтүшөт. Алар көбүнчө жөндөмдүү окуучулар менен окуу предметине байланышкан темаларды талкууга алышат.
    Практикалык сабактын планы:

    1. Б. Блумдун таксономиясы боюнча жөндөмдүү окуучуларга денгээлдик тапшырмаларды түзүү;

    2. Говард Гарнер жана анын адамдардын типтерге бөлүшү ;

    3. Жөндөмдүү балдар үчүн идеалдуу мугалимдин өзгөчөлүгү.



    Студенттердин өз алдынча ишинин тапшырмалары:

    1. Тема боюнча терминологиялык сөздүк түзүү;

    2. Жөндөмдүү балдар үчүн математика жана кыргыз тилинен, мекен таануу сабактарынан 2ден тапшырмаларды түзүү ;

    3. “Мектеп шартында жөндөмдүү балдар менен иштөөнүн жолдору”, “Гипперактивдүү балдар менен коррекциялык иштөө”, “Башталгыч мектепте гиперактивдүү балдар үчүн предметтик билим берүү чөйрөсүнүн шарттары” атту темалар боюнча эссе жазуу.



    Блумдун таксономиясы

    Б лумдун таксономиясы билим берүү максаттарынын классификациясын аныктайт. Ал 1956-жылы Бенджамин Блумдун «Таксономия Образовательных Целей: Сфера Познания» деген китебинде жарыяланган.

    Бенджамин Сэмюэл Блум — окутуунун методдору боюнча америкалык психолог, Блумдун таксономияларынын түзүүчүсү.

    Блумдун таксономиясы боюнча окуучуларга берилүүчү маселелер окутуунун максаттарына ылайык классификацияланат.

    Окутуунун максаттары 6 деңгээлге бөлүнөт:

    • Билим алуу;

    • Түшүнүү;

    • Колдонуу;

    • Анализдөө;

    • Синтездөө;

    • Баалоо.

    Окутуу жөнөкөйдөн татаалга карай багытталышы керек. Пирамиданын негизинде билимдер булагы жайгашкан деп эсептелет.



    Окуутуу максаттарынын деңгээли

    Окуутуу максаттарынын деңгээли

    Деңгээлдик жетишкендиктерди билдирүүчү ишмердүүлүктөр

    1. Билим алуу

    Окуп-үйрөнүлгөн материал эсинде калды жана аны айтып бере алат. Конкреттү фактылардан баштап жалпы теорияга чейин билет.

    • Терминдерди, конкреттүү факт-тарды, методдорду жана процедураларды, негизги түшүнүктөрдү, эрежелерди жана принциптерди билет жана айтып бере алат.

    2. Түшүнүү

    Берилген материалды бир формадан экинчи формага өткөрө алат, интерпретация (түшүндүрө) кыла алат, кубулуштун же окуянын кийинки абалы жөнүндө айта алат.

    • Фактыларды, эрежелерди, принцип-терди түшүндүрө алат;

    • Материалды сөз менен түшүндүрүп, анын математикалык туюнтмасын жаза алат;

    • Берилгендерден келип чыгуучу натыйжаны баяндай алат.

    3. Колдонуу

    Окуп-үйрөнүлгөн материалды конкреттүү шарттарда жана жаңы ситуацияларда колдоно алат.

    4. Анализ

    Материалдын структурасын анын бөлүктөрүнө так жана туура бөлүштүрө алат.

    • Бүтүндү бөлүктөргү бөлө алат;

    • Бүтүн менен бөлүктүн ортосундагы байланыштарды аныктай алат;

    • Бүтүндү түзүүнүн принциптерин аныктай алат;

    • Ой-жүгүртүү логикасындагы ката-ларды жана кемчилдиктерди таба алат;

    • Факт менен натыйжанын орто-сундагы айырманы аныктай алат;

    • Берилгендердин маанилүүлүгүн баалай алат.

    5. Синтез

    Эта категория обозначает умение комбинировать элементы, чтобы получить целое, обладающее новизной.

    • Сочинение, доклад жана реферат жаза алат, эл алдында баяндай алат;

    • Экспериментти же башка аракет-терди жасоо планын сунуштай алат;

    • Маселени чечүү схемасын түзө алат.

    6. Баалоо

    Эта категория обозначает умение оценивать значение того или иного материала.

    • Жазылган тексттин түзүлүшүнүн логикасын баалай алат;

    • Берилгендерден келип чыккан жыйынтыктардын туура келүүчүлүгүн баалай алат;

    • Бул же тигил ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн баалай алат.

    Окуу тапшырмалары Блумдун таксономиясынын негизинде түзүлсө жакшы жыйынтыктарды берет.

    Таксономия – бул өз ара байланышкан система болуп эсептелет (taxis грек сөзүнөн - жайгашышы, катары, тартиби, жана homos – закон деген сөздөрдөн алынган) жана ишмердүүлүктүн иерархиялык түзүлүшүн мүнөздөт.

    Блумдун таксономиясы боюнча

    суроолорду берүү жана тапшырмаларды түзүү методикасы


    Деңгээлдер

    Көндүмдөр

    Тапшырмалар

    1. Билим алуу

    Информацияны билет, кайталай алат

    Атагыла …

    Кайсы жылы …

    Каерде болгон …

    Формуланы жазгыла …

    Санап бергиле …

    2. Түшүнүү

    Информациялык материалдын маанисин түшүнөт

    Фразаны жыйынтыктагыла …

    Эмнени билдиңер …

    Эмне үчүн …

    Туюнтманын өзгөрткүлө …

    Өз ара байланышын түшүндүргүлө …

    Өзүңөрдүн сөзүңөр менен айткыла …

    3. Колдонуу

    Окшош ситуацияларда (абалдарда) колдоно алат

    Колдонуунун максатын түшүндүргүлө …

    Маселение бир нече жол менен чечкиле …

    Бул кубулушту кайсыл теория түшүндүрүп бере алат …

    Сунушталган гипотезаны текшергиле …

    Жыйынтык чыгаргыла …

    4. Анализ

    Структураны жана анын бөлүктөрүн аныктай алат

    Структурасы кандай …

    Классификациялагыла …

    Кандай натыйжага келебиз …

    Салыштыргыла …

    Себептерин анализдегиле …

    5. Синтез

    Бөлүктөрдү жаңыча бириктире (түзө) алат

    Өзүңөрдүн чечүү жолуңарды тапкыла …

    Алгоритмди сунуштагыла …

    Альтернативасын тапкыла …

    Кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн …

    Системалаштыргыла …

    Изилдегиле …

    6. Баалоо

    Критерийлердин негизинде маанилүүлүгүн аныктай алат

    Жетишкендиктерин баяндагыла …

    Критерийлерге бөлгүлө …

    Туура келеби …

    Кандай деп ойлойсуңар …

    Логиканы баалагыла …

    Жыйынтыктагыла …

     

    Б.Блумдун таксономиясы жана Х.Гарднердин акыл-эс жөндөмдүүлүк теориялары боюнча табият таануу предметинин мисалындагы тапшырмалар


    Х.Гарднер

    б- ча

    Блум

    б-ча

    Лингвисти

    калык

    Логикалык-математикалык

    Мейкиндиктик

    Кыймыл-аракеттик (кинестетикалык)


    Музыкалык

    Инсан аралык

    Инсандык ички




    Билим

    Курт кумурскалардын тизмесин алфавит боюнча түзгүлө.

    Билгендерин тизмеге кошумчалагыла

    Курт кумурскалардын сүрөттөрүн чогулткула. Аларды түрлөргө бөлүүнүн кайсы жолдору бар деп сурагыла

    Курт кумурскалардын сүрөттөрүн класстык бөлмөгө илгиле

    Курт кумурскалардын кыймыл-аракетин туурагыла деп сурагыла

    Курт кумурскалар жөнүндө аңгеме же музыкалык чыгарма окугула. Ритмикалык түрдө негизги сөздөрдү муунга бөлүп окугула

    Мектептин айланасынан курт кумурскаларга «чабуул» коюуга орун дайындагыла

    Байкоо жүргүзүү күндөлүгүнө кайсы курт кумурскалар жөнүндө

    көбүрөөк билгилери келерин жазышат

    Түшүнүү

    Окуучудан эч качан көрө элек бирөөгө абада учуу кандай болорун сүрөттөп берүүнү өтүнүңүз.

    Окуучудан көпөлөктүн жашоосундагы ар түрдүү түрмөктөрдү сүрөттөп берүүнү өтүнүңүз.

    Класста бар материалды пайдаланып, окуучулардан кайсы бир курт-кумурсканын моделин жасоону өтүнүңүз.

    Окуучулардан курт-кумурскалардын түспөлү кандайча өзгөрөрү тууралуу ролдук оюнду аткарууну өтүнүңүз.

    Курт-кумурскалардын кандай үн чыгарарын туурап көрсөтүүнү окуучулардан өтүнүңүз. Мындай үн чыгаруу үчүн алардын денесинин кайсы бөлүктөрү иштетилет?

    Тигил же бул курт-кумурска жүргөн жерде окуучулардын ишин топторго бөлүп уюштуруңуз.

    Эмне үчүн кээ бир курт кумурскалар сууга чөкпөй, сууда калкышына изилдөө жүргүзгүзүшүн сурангыла

    Колдонуу

    Окуучуларга өздөрү тандаган курт-кумурсканын катышуусу менен оюн уюштурууну өтүнүңүз

    Класста бар материалды пайдаланып, кумурсканын жүрүшүнө тоскоолдук жасаңыздар

    Курт-кумурскалардын карточкага чапталган сүрөтүн колдонуп, бурулуштуу башкатырма жасаңыз. Окуучуларга эки-экиден болуп бул башкатырманы чечүүнү тапшырма бериңиз.

    Окуучуларга кайсы бир курт-кумурска коркунучтан кантип коргонорун туурап көрсөтүүнү тапшырма бериңиз.

    Курт-кумурскалардын үндөрү тартылган аудио жазууну коюп, окуучуларга аларды үнүнөн тааныгыла деп тапшырма бериңиз.

    Окуучуларга эки- экиден болуп же чакан топтордо иштеп, буга чейин тааныштырылган кайсы бир курт-кумурсканын жүргөн жерин моделдөө түрүндө даярдап класска алып келгиле деп тапшырма бериңиз.

    Кайсы курт кумурскалар сага окшош сыяктуу? Эмне үчүн андай ойлойсуң?- деген суроолорго жооп жазышын сурангыла

    Анализ

    Курт-кумурскалардын эки түрүнүн (мисалы, жетим көпөлөк менен кумурсканын) окшош жана айырмаланган жактарын айтып берүүнү окуучулардан өтүнүңүз

    Класста кайсы курт-кумурска эң көп таралгандыгы жөнүндө сурамжылоо жүргүзүңүз. Сурамжылоонун жыйынтыгын диаграмма түрүнө келтириңиз.

    Курт-кумурсканын сүрөтүн ар бир органын белгилөө менен тарткыла деп тапшырма бериңиз.

    Окуучуларга бир нече курт-кумурсканын фигураларын жасоону тапшырма бериңиз

    Окуучулар курт-кумурскалардын сүрөттөрүн ар кайсынысы кандай үн чыгарганына карай жайгаштырса болот.

    Окуучулардан эки-экиден болуп иштеп курт-кумурскалардын жүргөн жерлери жөнүндө темада эмнелер эң кызыктуу болгонун айтып берүүнү өтүнүңүз

    Курт кумурскаларды салыштырып, сүйлөмдүн аягына

    ____төй тез

    ____дай кичинекей

    _____тай өлтүрө чагат

    Синтез

    Окуучуларга класстык бөлмөдө курт-кумурсканы багуу үчүн зарыл болгон эң негизги 5 нерсени санап көрсөтүүнү тапшырма бериңиз.

    Кайсы курт-кумурскалар эң пайдалуу деп ойлоноорун, окуучулардан сураңыз. Өз жоопторун түшүндүрүп берүүнү өтүнүңүз.

    Окуучулардан алардын оюнча курт-кумурскалар өсүмдүктөрдү кандайча чаңдаштырарын айтууну өтүнүңүз.

    Окуучулардан тулкусу эң жакшы түзүлгөн курт-кумурсканы тандоону өтүнүңүз. Эмне үчүн тигил же бул курт-кумурска тандагандыгын алар 5 себеп менен түшүндүрсүн.

    Колдонулган мисалдагы адудио жазуу боюнча курт-кумурскалар чыгарган үндөрдү туурап берүүнү окуучулардан өтүнүңүз. Кайсы курт-кумурсканын үнү өзгөчө жана эмне үчүн эсептей турганын айтууну өтүнүңүз.

    Окуучуларды кеминде эки кишиден турган топторго бөлүңүз. Алар кайсы бир курт-кумурсканын пайдалуу же зыяндуу экендигин талкуулашсын.

    Эгерде сиз көпөлөктүн куртунан көпөлөккө айлансаңыз өзүңүздү кандай сезер элеңиз?

    Баалоо

    Окуучулар көпөлөккө айланып бараткан жылдыз курт жөнүндө аңгемени окушат. Окуучулар кумурска жөнүндө башкача аңгеме түзүшөт ..

    Окуучулар курт-кумурскалардын чагып алуусунан коргонуу каражаттарын сүрөттөп, алардан коргонуу ыкмаларын айтып беришет.

    Окуучулардан курт-кумурскалар темасында почта маркасын жасоону өтүнүңүз.

    Ылайды же топуракты колдонуп, өзүңөрдүн долбооруң ар боюнча курт-кумурсканын жаңы сөлөкөтүн жасоого тапшырма бериңиз.

    Окуучулардан курт-кумурскалардын үндөрү жазылган аудиокассетанын аталышын жана тышкы жасалгасын даярдоосун өтүнүңүз.

    Окуучулардан өздөрү таанышып көргөн башка курт-кумурскалар жүргөн айрым башка жерлерин атап, сүрөттөп берүүнү өтүнүңүз.

    Өзүлөрү курт кумурскалардан каалаганын тандап, анын бир күндүк жашоосу жөнүндө жазышын сураныңыз.




    написать администратору сайта