Главная страница

Конспект план 6-класс на кыргызском языке. конспект план. 1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу


Скачать 80.22 Kb.
Название1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу
АнкорКонспект план 6-класс на кыргызском языке
Дата27.12.2022
Размер80.22 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаконспект план.docx
ТипДокументы
#865770
страница4 из 5
1   2   3   4   5

Чечилүүчү окуу маселелери:

- моделдер жана моделдөө түшүнүктөрүн жалпылоо;

- информациялык моделдердин бири катары таблицалык моделдер жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу/ системалаштыруу;

- таблицаларды түзүүнү жана модификациялоону билүүнү калыптандыруу/актуалдаштыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; таблицалык информациялык модель; «объекттер–касиеттер» таблицасынын тиби; «объекттер–объекттер–бир» таблицасынын тиби.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Таблицалык информациялык моделдер презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу сунуш кылынат: Окуу материалындагы практикалык тапшырмаларды талкуулоо. Жаңы окуу материалын түшүндүрүүнү «Таблицалык информациялык моделдер» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Таблицалар менен иштөөдөгү окуучулардын мурунку тажрыйбаларын оптималдуу пайдалануу жана таблицада берилген информациялар дайыма көрүнүктүү, компактуу жеңил түшүнүүгө болорун тактап айтып берүү керек. Таблицаларды жасалгалоодо эрежелерди так сактоону үйрөтүү жана дайыма эрежени сактоого үндөө керек. Сабактын практикалык бөлүгү «Таблицалык моделди түзөбүз» деген компьютердик практикумдун негизинде өтөт. Мында таблицаны түзүү жана форматтоо көндүмдөрү калыптан-дырылат. Биринчи тапшырманы аткарууда окуучулар беш ар кандай таблицаны түзбөстөн, биринчи таблицаны редакциялоо менен жолчолорду жана мамычаларды өчүрүү, киргизүү, ин-формацияны алфавиттик иргөө иштерин жасаганды үйрөнүүсүн байкап туруу керек. 3-жана 5-тапшырмада окуучулар технологиялык ыкмаларды эле колдонбостон таблицаны толтурууда документтеги маалыматтарды колдонуп иш жүргүзүшөт.

Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз




15-сабак

Числосу ________________ __________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы __________
Сабактын темасы: Эсептөөчү таблицалар. Таблицалардын

жардамы менен логикалык маселелерди чыгаруу
Сабактын максаты:

А. предметтик – информациялык моделдердин бири катарытаблицалык моделдер тууралуу; эсептөө таблицалары тууралуу түшүнүк алышат.

Б. метапредметтик – түзүлгөн абалдардан чыгуу жолдорунбилишет жана объекттин негизги мүнөздөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзө алышат; маани берип окууну үйрөнүшөт, керектүү информацияны бөлүп алууну билишет, негизги жана экинчи тартиптеги информацияларды ажырата билишет;

В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жекетурмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- информациялык моделдердин бирөө катары таблицалык моделдер жөнүндө түшүнүктү өнүктүрүү;

- логикалык тапшырмалардын чыгарылышын таблицаларды ыкмалар менен чыгаруу түшүнүгүн кеңейтүү жана актуал-даштыруу;

- эсептөөчү таблицаларды түзүүнү билүүнү калыптандыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; инфор-мациялык модель; таблицалык-информациялык модель; эсеп­ төөчү таблица; класс; объект; бири-бирине бирдей маанилеш туура­ келүүчүлүк.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Таблицалык информациялык моделдер презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:

1.окуу материалындагы 1–7-суроолору боюнча мини-дискуссия жүргүзүү;

2.практикалык тапшырмалардын аткарылыш жыйынтыктарын талкуулоо;

3.окуучулар тарабынан даярдалган таблицалардын мисалдарын кароо.

Жаңы окуу материалын түшүндүрүүдө «Таблицалык инфор-мациялык моделдер» презентациясын демонстрациялап кызык-туу өтсө болот. Окуу материалында келтирилген тапшырмалар-га ылайык толуктоо иретинде кошумча слайддарды түзүп алса болот. Сабакта эсептөө таблицасы деген түшүнүк киргизилет. Андан кийин § 10, 5- жана 6-мисалдар, видеопроектор менен экранда даярдалган таблицалар көрсөтүлөт.

«Тексттик процессордо эсептөө таблицаларын түзөбүз» деген 12-иштеги 1-тапшырманы аткаруу сунуш кылынат. 2-тапшырманы үйдөн компьютерде аткарып келүүнү сунуш кылуу керек. Жалпылоо иретинде логикалык тапшырмаларды таблицалык формада чыгарууну 5-класста үстүртөдөн тааныштырып кеткенбиз. 6-класста бул темага кайрадан кайрылуу менен кандай класстагы маселелерди чечүүгө ыңгайлуу экенин көрсөтүп, айтып берип, татаал маселелерди чечүүнүн этаптарын көрсөтүп берүү керек. Класстан өз алдынча иштей ала турган окуучуларды бөлүп, жеке тапшырмаларды үйгө аткарууга берүү керек.

Практикалык тапшырмаларды класстан иштеп, окуу мате-риалындагы тапшырмаларды үйдөн аткарса ыңгайлуу болот.

Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7.

Компьютердик практикум

13-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.

16-сабак

Числосу ______________________ _______ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы __________
Сабактын темасы: Графиктер жана диаграмммалар.

Чоңдуктардын жана алардын катыштарынын өзгөрүү

процесстерин көрсөтүү
Сабактын максаты:

А. предметтик – информациялык моделдердин бири катары графиктер жана диаграммалар жөнүндө; эсептөө таблицалары жөнүндө түшүнүк алышат.

Б. метапредметтик– сандык маалыматтарды көрө билүүгө көнүгүшөт,жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды окуй билишет; ИКТ-компетенттүүлүк (жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзө алышат);

В.жеке инсандык– окуу материалдарынын мазмунунжеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- информациялык моделдер катары графиктер жана диаграммалар жөнүндө түшүнүк берүү;

- графиктер жана диаграммалар кайда колдонулары тууралуу түшүнүктү калыптандыруу;

- жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзгөндү, окуганды билүүнү калыптандыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; информациялык модель; график; диаграмма.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Графиктер жана диаграммалар» презентациясы;

2. Мурдатан даярдалган файл Аба ырайы.doc.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:

1.Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо;

2.«Дүйнөдөгү чоң көлдөр», «Эң узун дарыялар» таблицаларын демонстрациялоо менен алардын негизинде түзүлгөн диа-граммаларды көрсөтүү;

3.Тапшырманын негизинде түзүлгөн диаграмманы демонс-трациялоо.

Жаңы окуу материалын берүүдө «Графиктер жана диаграм-малар» презентациясын колдонсо болот. Эң башкысы, табли-цалык маалыматтарды окуучулар өз алдынча көрө ала турган диаграммаларга, графиктерге алып чыга алуусу, бул диаграм-маларды окуй билүүсүнө жетишүү болуп саналат. Бул үчүн «2018-жылдын май айындагы аба ырайы» таблицасы боюнча төмөндөгү суроолорго жооп берүүсүнө жетишүү:

- кайсы күндөр эң суук күндөр болот?

- кайсы күндөр эң жылуу күндөр болот?

- +15С жылуулук канча күн сакталат?

Качан гана окуучулар мындай суроолорго таблицаны карап жооп бергенге кыйын болоруна көздөрү жеткенде аларга туура келген графиктер менен колдонуп жооп изделет. Андан ары аталган суроолорго тез эле жооптор табылат. Андан ары окуучулар менен практикалык тапшырмаларды талкууга алса болот. 5-класста окуучулар диаграммаларды түзүшкөн. Милдеттүү түрдө 2-жана 4-тапшырмаларды аткаруусун талап кылуу керек. Убакыт жетип калса 3-тапшырманы аткарууну сунуштап талкууласа болот.

Үй тапшырмасы: § 10, № 1, № 2–№ 7.

Компьютердик практикум

14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.


17-сабак

Число _________________ __________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Информациялык моделдерди түзүү.

Диаграммалар
Сабактын максаты:

А. предметтик –информациялык моделдердин бири катарыграфиктер жана диаграммалар жөнүндө түшүнүк алышат.

Б. метапредметтик –сандык маалыматтарды билишет,жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды окуй алышат; ИКТ-компетенттүүлүк (жөнөкөй графиктерди жана диаграммаларды түзө алышат);

В. жеке инсандык –окуу материалдарынын мазмунунжеке турмуштук тажрыйба менен байланыштырып, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- информациялык моделдер катары графикалар жана диа-граммалар жөнүндө түшүнүк берүү;

- графиктер жана диаграммалар кайда колдонулары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;

- жєнєкєй графиктерди жана диаграммаларды түзгөндү, окуганды билүүнү калыптандыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүктөр: модель; информациялык модель; график; диаграмма.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

«Графиктер жана диаграммалар» презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:

  1. Суроолорго жооп бергиле:

-Кандай жол менен бир типтүү таблицалык маалыматты көзгө көрүнгөндөй абалда түзсө болот?

- Чоңдуктардын өзгөрүү процессин эмненин жардамы менен көрүнүктүү кылып берсе болот?

- Информациялык моделдин тигил же бул түрүн тандоо эмнеге көз каранды?

2). Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо; Андан ары классты үй тапшырманы ким кандай аткарган-дыгына жараша топторго бөлүп, тапшырмаларды берүү менен иштетүүгө болот. Топтор түзүлгөн диаграммаларды талкуула-шат жана жыйынтыктарын салыштырып, жетишпеген жакта-рын класс менен бирдикте толукташат.

Үй тапшырмасы: § 10, (№ 1–№ 5).

Компьютердик практикум

14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.

Эгерде окуу убактысы жетишерлик болсо, анда теманы бекемдөө үчүн кошумча материалдарды мугалим өзү тандап алат.




18-сабак

Числосу _____________________ __________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _________
Сабактын темасы: Схемалардын көп түрдүүлүгү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү
Сабактын планы:

А. предметтик – информациялык моделдердин бири катарысхемалар жөнүндө түшүнүк алышат.

Б. метапредметтик – объекттердин эң негизги белгилеринжана катыштарын бөлүп көрсөтө алышат;

В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра алышат, таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт

Чечилүүчү окуу маселелери:

-информациялык моделдер катары схемалар жөнүндө түшүнүк берүү ;

- схемалардын колдонулуу чөйрөлөрү жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү;

-схемаларды түзгөндү калыптандыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: модель; инфор-мациялык модель; схема.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран, окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

  1. «Схема» презентациясы;

  2. Даярдалган файл Саякат.doc, Күн системасы.doc.

Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:

1) Суроолорго жооп бергиле:

- Кандай жол менен бир типтүү таблицалык маалыматты көзгө көрүнгөндөй абалда түзсө болот?

- Чоңдуктардын өзгөрүү процессин эмненин жардамы менен көрүнүктүү кылып берсе болот?

- Информациялык моделдин тигил же бул түрүн тандоо эмнеге көз каранды болот?

2)Практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо; Жаңы окуу материалын түшүндүрүүдө «Схемалар» презен-тациясын колдонсо түшүнүктүү болот. Сабакта тапшырмаларды окуучулар менен бирдикте аткаруу талап кылынат.

Сабактын практикалык бөлүгүндө сөзсүз түрдө § 10, № 1, №2 иш «Информациялык моделдерди түзөбүз – схемалар, графалар, бутактануулар» 1, 2 жана 3 тапшырмалар аткарылат.

Үй тапшырмасы: § 10 (№ 1–№ 3).

Эгерде окуу убактысы жетишерлик болсо, анда теманы бекемдөө үчүн кошумча материалды мугалим өзү тандап алат.

Компьютердик практикум

14-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык мо-делдерди түзөбүз.

Мугалимдерге өз алдынча иштеп чыгуучу сабактар:
19–27-сабактарга ар бир мугалим ушул колдонмодо берил-ген структурага таянып єз алдынча иштеп чыгуусун сунуш кы-лабыз.
19-сабак. «Тексттик документтер жана аларды тїзїїнїн технологиясы»
20-сабак. «Компьютерде тексттик документтерди тїзїї»
21-сабак. Тїздєн-тїз форматтоо
22-сабак. Стилдик форматтоо
23-сабак. Тексттик документтерде информацияларды струк-туралоо жана визуалдаштыруу
24-сабак. Текстти таанып-билїї жана компьютердик кото-руу системалары
25-сабак. Тексттик документтердин сандык параметрлерин баалоо
26-сабак. «Компьютердик техниканын єнїгїї тарыхы» ре-фератын жасалгалоо
27-сабак. «Тексттик информацияны иштетїї» темасынын негизги тїшїнїктєрїн жалпылоо жана системалаштыруу.

28-сабак

Число ___________________ ___________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ___________
Сабактын темасы: Мультимедиа технологиясы

Сабактын максаты:

А. предметтик –мультимедиа технологиясы менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу системалаштыра алышат; мультимедиалык объекттердин сандык параметрлерин баалоо көндүмдөрү калыптанат;

Б. метапредметтик –сыртынан ар түрдүү болгон объекттер-дин инварианттык маңызын (негизин) бөлүп алуу жөндөмдүүлүгү (көндүмү, билгичтиги); кеңейет;

В.жеке инсандык –компьютердин негизги мүмкунчулүктөрүтууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбалары менен бай-ланыштырып аткара алышат.

Чечилүүчү окуу маселелери:

-«мультимедиа технологиясы» түшүнүгүн маани-мазмуну боюнча кароо;добушту жана видеону мультимедианын компоненттери (курамы) катары кароо;мультимедиалык объекттердин сандык параметрлерине баа берүү ыкмаларын карап чыгуу;

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: мультимедиа технологиясы; мультимедиалык продуктылар; добушту дискреттештирүү; добуштук карта; кыймыл эффекти.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин пер-

сонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучу-лардын персонал компьютерлери;

Окуу китебине электрондук тиркеме: «Мультимедиа техно-

логиясы» презентациясы

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Жаңы материалды баяндоо «Мультимедиа технологиясы» презентациясын колдонуу менен жүргүзүлөт; «Компьютерде үндү берүү», «Аналогдук-цифралык жана цифро-аналогдук өзгөртүү», «Кадрлар боюнча анимация», «Спрайт анимация» анимацияларын кошумча колдонууга болот.

Үй тапшырмасы

16, параграфтагы № 1–6-суроолор жана тапшырмалар. Ре-фераттын үстүнөн иштөө

Компьютердик практикум15-иш. Сызыктуу презентацияны түзөбүз

29-сабак

Число _________________ _______ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Компьютердик презентациялар
Сабактын максаты:

А. предметтик – компьютердик презентация менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу системалуу билишет;
Б. метапредметтик – практикалык маселелерди чечүү үчүнмультимедиалык презентацияларды түзүүчү инструменттерди колдонуунун негизги көндүмдөрү жана билгичтиктери;
В. жеке-инсандык – компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрүтууралуу билимдерди өздүк жашоо тажрыйбасы менен байла-ныштырып; компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:

-«презентация», «компьютердик презентация» түшүнүктөрүнүн маани-маңызын кароо;

- мультимедиалык презентацияларды түзүүнүн негизги та-лаптарын кароо;

- “Персонал компьютер” презентациясын түзүү.
1   2   3   4   5


написать администратору сайта