Главная страница

Конспект план 6-класс на кыргызском языке. конспект план. 1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу


Скачать 80.22 Kb.
Название1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу
АнкорКонспект план 6-класс на кыргызском языке
Дата27.12.2022
Размер80.22 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаконспект план.docx
ТипДокументы
#865770
страница3 из 5
1   2   3   4   5

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгудөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:

1.негизги аныктамаларды кандай өздөштүргөндүктөрүн билүү максатында блиц-сурамжылоо: аткаруучу, формалдуу аткаруучу, формалдуу эмес аткаруучу;

2.окуучулар формалдуу жана формалдуу эмес аткаруучуларга мисалдарды келтирет;

3.үй тапшырмаларын текшерүү жана талкуулоо. Сабактын кийинки этабында алгоритмди жазуунун кайталоочу конструкциясы берилет. Окуу материалында келтирилген ромбду чийүү мисалы каралат.

Чиймечи аткаруучу программасынын жардамы менен 2–3 практикалык мисалдар каралат.

Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3:

Компьютердик практикум

9-иш. Сөз моделдерин түзөбүз.

Көрсөтмө, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.

Окуу китебиндеги тапшырмалар Программалардын мүмкүн болгон варианттары: усулдук колдонмодо

10–4-сабак

Числосу _____________________ 6-классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: «Алгоритм» темасы боюнча үйрөнгөн окуу материалдарын жалпылоо жана систематизациялоо
Сабактын максаты:

А. предметтик – «алгоритм», «аткаруучу»түшүнүктөрүнө ээ болушат; базалык алгоритмдик структураларды билишет;

Б. метапредметтик –коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.

В. жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүулүгү, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- окуучуларда алгоритмди аткаруучулар түшүнүктөрүн жалпылап толуктап жана системалаштыруу;

- формалдуу аткаруучулар үчүн жөнөкөй алгоритмдерди түзүп жана аткара билүүсүн бышыктоо;

- жыйынтыктоочу проектиге коюлган милдеттерди аткаруу. Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; башкаруу; сызыктуу алгоритм, тармактуу алгоритм, циклдык алгоритм, негизги алгоритм; жардамчы алгоритм.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Алгоритм жана аткаруучулар» презентациясы;

2.«Башкаруу жана аткаруучулар» презентациясы;

3.«Аткаруучу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

4.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи аткаруучу.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында фронталдык режимде (класстын бардык окуучулары менен бирдикте) мугалим берген кроссвордду чечмелөө сунуш кылынат. Андан ары окуучуларга алган билимдерин текшерүү максатында компьютердик тестке жооп берүү сунуш кылынат. Убакыт жетип калса «Чиймечи» аткаруучусуна алгоритмдерди түзүп аткаруу керек.

Калган убакытта окуучуларга жыйынтыктоочу долбоорго даярданууга шарттарды түзүү менен өз алдынча даярданууга багыт берүү керек.

Үй тапшырмасы: Жыйынтыктоочу долбоордун темаларын тандоо жана аларга материалдарды даярдоо.

Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз


11-сабак

Числосу _____________________ 6-классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: Моделдөө таанып-билүүнүн методу катары

Сабактын максаты:

А. предметтик –моделдер жана моделдөө тууралуутүшүнүтөрдү алышат;

Б. метапредметтик –белги-символдук аракеттерге ээ болушат;

В. жеке инсандык –окуу материалдарынын мазмунунжеке турмуштук тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүктөрүн калыптандыруу;

- моделдердин көп түрдүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү калыптандыруу;

- окуучуларга информациялык жана натуралык моделдерди айырмалоого үйрөтүү;

- графикалык редакторду колдонуп, образдуу (графикалык) информациялык моделдерди түзүүнун мисалдарын берүү.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект- оригинал;модель; моделдөө; натуралык модель; информациялык модель.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Информациялык моделдөө» презентациясы;

Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүргөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:

1.төмөндөгү суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү:

- Курчап турган дүйнөнүн объекттери деп эмнени түшүнөсүңөр?

- Система деген эмне?

- Эмненин жардамы менен каалаган объектти сыпаттап көрсөтүүгө болот?

- Объекттин кандай белгилери маанилүү болуп саналат? Жаңы окуу материалын тїүшүндүрүүнү «Информациялык моделдөө» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Андан кийин прак-тикалык тапшырмаларды кошо кароо сунуш кылынат.

«Графикалык моделдерди түзөбүз» практикалык ишинде 2 тапшырманы аткаруу талап кылынат («Директордун кабине-ти», «Информатика кабинетинин планы»). 3-практикалык иш толуктоо мүнөзүнө ээ.

Үй тапшырмасы: § 8, № 1, № 2–№ 8. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз 10-иш. Көп деңгээлдүү тизме түзөбүз

Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.

Окуу китебиндеги тапшырмалар:№ 6.

а) өйдө учуруп жана учууга байкоо жүргүзүү;

б) кандай күрмө керек экендигин түшүнүү керек;

в) эмеректин жайгашуусу туурасында ойлонуу керек;

г) текчеге коюу.

№ 8. Информациялык моделдердин түрлөрү.


Информациялык

моделдер

















































Образдуу




Аралаш




Белгилер


























12-сабак

Числосу _______________________ 6-классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________________
Сабактын темасы: Белги менен туюнтулган информациялык моделдер. Сөз менен (илимий жана көркөм) сыпаттоолор
Сабактын максаты:

А. предметтик –белги менен туюнтулган информациялыкмоделдер жөнүндө түшүнүк алышат;

Б. метапредметтик –белги-символдор аркылуу сыпаттоонун көндүмдөрүнө ээ болушат; эркин жана ойлонуп, оозеки жана жазуу түрүндө сөз сүйлөй билишет;

В. жеке инсандык –окуу материалдарынын мазмунун жекетурмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүтөрүн кеңейтүү;

- информациялык моделдердеги сөз менен сыпаттоо түшүнүгүн калыптандыруу;

- илимий жана көркөм сыпаттоолордогу айырмачылыкты билүү;

- окуучуларга сөз менен сыпаттоону үйрөтүү.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; белги менен туюнтулган информациялык модель; сөз менен сыпаттоо: илимий сыпаттоо; көркөм сыпаттоо.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1) «Информациялык моделдөө» презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөнкү удаа-лаштыкта иштерди аткаруу сунуш кылынат:

1.окуу китебиндеги 1–6-суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү;

2.практикалык тапшырмаларды текшерүү жана талкуулоо.

Жаңы окуу материалын түшүндүрүүнү «Белгилер менен туюнтулган информациялык моделдер» презентациясын де-монстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурулат. Сөз менен берилген информациялык моделди белги менен туюнтулган информациялык моделдин ичине камтылган деп түшүндүрүү керек. Сөз менен берилген сыпаттоолор ар түрдүү стилде аткарыларын окуучуларга түшүндүрүү керек. Биринчи пикир алмашуу жана китептик стилдер деп айырмалашат. Китептик стиль төмөнкү түрлөрдө болот: илимий, официалдуу ишке ылайык, публицистикалык, көркөм сөз.

Илимий стиль илимий так информацияны берүүдө колдонулат. Илимий стилдин эң башкы сапаты материалдын так жана логикалык түрдө берилиши болуп саналат. Илимий стилдеги тексттерде көп сандаган тигил же бул багыттагы илимдер боюнча профессионалдык сөздөр кездешет. Көркөм сөз стили – бул көркөм адабияттын стили. Анын негизги максаты окурманга образдуу көркөм сөздөр менен таасир берүү болуп саналат (салыштыруу, метафоралар, эпитеттер ж. б.). Окуу материалынын § 9нан 2–3 практикалык мисалдарды кароо сунушталат. Мындан кийин сөз менен берилген информациялык моделдердеги окулган материалдарга (тарых, биология, география көркөм адабияттар боюнча сыпаттоолордо) окуучулар терең ойлонуп мамиле жасоочу талаптар коюуларын айтып түшүндүрүү керек

Үй тапшырмасы: § 9, № 1, № 2–№ 6.

Компьютердик практикум

12-иш. Тексттик процессордо эсептөөчү таблицаны түзүү


13-сабак

Числосу ____________________ 6- классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _______________
Сабактын темасы: Математикалык моделдер
Сабактын максаты:

А. предметтик – информациялык моделдердин бири катарыматематикалык моделдер тууралуу түшүнүк алышат;

Б. метапредметтик – белги-символдор аркылуу сыпаттоонун көндүмдөрүнө ээ болушат; түзүлгөн абалдардан чыгуу жол-дорун билишет жана объекттин негизги мүнөздөмөлөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай сезимдик элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзүшөт;

В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунунжеке турмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- моделдер жана моделдөө түшүнүктөрүн кеңейтүү;

- информациялык моделдердин бирөө катары математикалык моделдер жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандыруу;

- бир моделдин жардамы менен сыртынан караганда түрдүү маселелерди чечсе болорун көрсөтүү;

- көп деңгээлдеги тизмекти түзүү технологиясы татаал системанын модели катарында болору менен тааныштыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект-оригинал; модель; моделдөө; информациялык модель; белги менен туюнтулган информациялык модель; сөз менен сыпаттоо; көп деңгээлдеги тизмек; математикалык модель.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: «Информациялык моделдөө» презентациясы; Түзүлүштөр.dос, Кыргызстандын жаратылышы.dос, Суу системалары.dос файлдарынын даярдалышы. Бул файлдарды мугалим алдын-ала даярдап алат.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгудөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат: 1.Келтирилген суроолорду талкуулоо:

- Модель деген эмне?

- Моделдөө деген эмне?

- Кандай моделдерди информациялык моделдер деп аташат?

- Информациялык моделдердин кандай түрлөрү силерге белгилүү?

- Адамдар ортосунда пикир алмашууда кандай информациялык моделдер кеңири тараган?

- Илимий сыпаттоо эмне менен мүнөздөлөт?

- Көркөмдөп сыпаттоо эмне менен мүнөздөлөт?

2.Компьютерде аткарылган практикалык тапшырмалардын жыйынтыктарын текшерүү жана талкуулоо. Бир нече окуучу өздөрүнүн мисалдарын окушат, калгандары толуктоолорду кир-гизишет. Андан ары аракеттердин көп деңгээлдеги тизмек формасында жазылышына мисалдарды келтирип, удаалаш номурланган, маркерленген тизмелердин айырмасын ажыратып түшүндүрүп берүү максатка ылайык. Заманбап компьютерлердин түзүлүштөрү боюнча жогору айтылгандарга мисалдарды келтирип, демонстрация кылуу менен түшүндүрүп берүү сунушталат.

Слайд 1. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү

1.Процессор, 2. ЭС, 3. Киргизүүчү тузүлүштөр, 4.Чыгаруучу түзүлүштөр

Слайд 2. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү

1.Процессор, 2. Эс, 2.1 Оперативдик ЭС, 2.2 Узак убакытка сактоочу ЭС, 3. Киргизүүчү түзүлүштөр, 3.1 Клавиатура, 3.2 Маус, 3.3 Сканер, 3.4 Графикалык планшет, 3.5 Санариптик камера, 3.6 Джойстик, 4. Чыгаруучу түзүлүштөр, 5. Монитор, 6. Принтер

Слайд 3. Заманбап компьютердин түзүлүштөрү

1.Процессор, 2. ЭС, 2.2. Узак убакытка сактоочу ЭС, 2.2.1 Катуу магниттик диск, 2.2.2. Дискета, 2.2.3. Флеш-ЭСи, 2.2.4.Оптикалык дисктер, 3. Киргизүүчү түзүлүштөр, 3.1. Клавиатура, 3.2 Маус, 3.3. Сканер, 3.4. Графикалык планшет, 3.5. Санариптик камера, 3.6. Микрофон, 3.7. Джойстик, 4. Чыгаруучу түзүлүш, 4.1. Монитор, 4.1.1. Суюк кристалдык монитор, 4.1.2. “Лектрондук-жарык берүүчү трубка” менен монитор, 4.2. Принтер 4.2.1. Матрицалык принтер, 4.2.2. Бүркмө принтер, 4.2.3. Лазердик принтер

Андан ары окуучулар 2-жана 3-тапшырмаларды аткары-шат. Бул тапшырмалар татаал. Көп деңгээлдеги тизмелерди даярдоо жүргүзүлөт. Үй тапшырма катары берсе дагы болот. Кийинки 4-тапшырма чыгармачылыкты талап кылат. Окуу­ чулар үйдө компьютерлери болсо флеш дискке жазып алып жыйынтыктарын көрсөтүшөт. Үйдө компьютери жок болсо деп-терге жазып көрсөтүшөт. Сабактын маанилүү бөлүгү – математикалык моделдер менен тааныштыруу. Буга өтүү үчүн мындай суроо талкууга алынат: «Эмне үчүн кадимки тил информациялык моделдерди түзүүдө дайыма эле жарактуу эмес?». Практикалык тапшырмалардын негизинде жооптор берилет. Андан ары § 9 деги № 4 тапшырманы кароо керек. Бизге сөз түрүндөгү моделдин математикалык моделге трансформацияланышын көрсөтүү маанилүү. Бул темада бир мисалдын негизинде анча чоң эмес презентация даярдап көрсөтүү же болбосо бир окуучуну доскага чыгарып, класс менен чогуу талкууласа болот. 5-мисалдын негизинде математикалык модель түзүлөт. № 4 тапшырмада даяр информациялык моделди колдонуунун көндүмдөрүн пайдалануу сунушталат. № 5 тапшырмада бир модель ар кандай тапшырмаларды аткарууда колдонулат деген ойду тастыктоого мисал боло алат. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо математикалык моделдерди өзүнчө бир сабакка алып чыкса болот.

Үй тапшырмасы: § 9, № 1, № 2–№ 6.

Компьютердик практикум

13-иш. Диаграммалар жана графиктер. Информациялык моделдерди түзөбүз.


14-сабак

Числосу _____________ 6-классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________________
Сабактын темасы: Таблицалык информациялык моделдер.

Таблицаны түзүүнүн эрежелери.
Сабактын максаты:

А. предметтик – информациялык моделдердин бири катарытаблицалык моделдер тууралуу түшүнүк алышат;

Б. метапредметтик – түзүлгөн абалдардан чыгуу жолдорунбилүү жана объекттин негизги мүнөздөрү бөлүнүп көрсөтүлө тургандай элестөө формаларынан моделге өзгөртүп түзүү; маани берип окууну үйрөнүү, керектүү информацияны бөлүп алууну үйрөнүү, негизги жана экинчи тартиптеги информацияларды ажырата билишет;

В. жеке инсандык –окуу материалдарынын мазмунун жекетурмуштук тажрыйба менен байланыштыра билишет, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
1   2   3   4   5


написать администратору сайта