Главная страница

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ_г. Токтоболот абдумомунов


Скачать 59.5 Kb.
НазваниеТоктоболот абдумомунов
Дата05.04.2023
Размер59.5 Kb.
Формат файлаdoc
Имя файлаТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ_г.doc
ТипДокументы
#1039737


Урматтуу студент! Материалда ката болушу мүмкүн. Кагазга чыгараардын алдында текшерип чыгыңыз.
Students.com.kg


ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ
Кыргыз эл жазуучусу Токтоболот Абдумомунов (1922-1989) негизинен адабияттын бир жанрында — драматургия жанрында эмгектенип, ошол жерден көгөрүп, агарып, бүткүл совет өлкөсүнө таанымал драматургдардын катарына кошулган. Чыгармачылык үзүрлүү эмгектери үчүн ал “Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” (1972) наамын алып, “Сүйүү жана үмүт”, “Абийир кечирбейт” пьесалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауераты (1967) болгон. Албетте, ал мындай ийгиликтерге жетип, кыргыз драматургиясын өнүктүрүү үчүн олуттуу салымдарды кошконго чейин чыгармачылык түйшүктөнүү, машыгуу, үйрөнүү жолун басып өттү.

Токтоболот Абдумомунов адегенде бирин-серин очерктерди жарыялай коюп жүрүп, драмалык чыгармаларды жазууга 1945-жылдан тартып киришкен. Буга чейин ал Фрунзедеги медицина окуу жайын бүтүрүп (1938), алыскы Гүлчө тараптагы Жошолуу сельсоветинде фельдшер пунктунда иштеп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна кирип окуп, ооруп калгандыгына байланыштуу, анын 3-курсунан кетүүгө аргасыз болуп, андан соң Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор, котормочу, республикалык радиокомитетте редактор, Ош областтык “Ленин жолу” газетасында, СССР Жогорку Советинин ведомстволорунда котормочу, “Советтик Кыргызстан” журналында (азыркы “Ала-Тоо”) болүм башчы сыяктуу кызматтарды аткарган.

Т.Абдумомуновдун тубаса шыгынын ойгонушуна, биринчиден, кичинекей кезинде чоң атасы Рыспай комузчунун айтып берген жомоктору, дастандары, черткен күүлөрү өбөлгө түзсө, экинчиден, Фрунзедеги медицина окуу жайында окуп жүргөн кезинде чыгармачыл коллективдерге жакын болушу (театрга үзбөй барып, драма кружогуна активдүү катышышы) анын чыгармачылык көрөңгөсүн көбөйткөн. Ошол окуу жайында орус адабияты сабагына да чоң ынтаа койгон. Ошонун таасиринен болуу керек, драма кружогунда коюлган “Какей” пьесасындагы Өмүркулдун ролун аткарып, Т.Абдумомунов ошол кездеги театрдын дасыккан режиссер, актерлорунан мактоо кептерди да уккан. Мына ушундай кырдаалдар, анын шыгын арттырып, драматургия жанрына кызыгуусуна себепкер болгон.

Ушул өндүү даярдык мезгилин баштан өткөргөндөн кийин Т.Абдумомунов “Кумдуу чап”, “Замандаштар”, “Курман” өңдүү пьесаларын жазган. Аталган пьесалар бүт бойдон замандаштардын учурдагы турмушун чагылдырууга арналган. Ал кезде инженер кадрлар жетишсиз эле. Өзгөчө, Кыргызстандын тоо кен байлыгын изилдеген инженерлер сейрек болучу. Ушундай кырдаалды эске алып, Т.Абдумомунов “Кумдуу чап” пьесасында (1947) инженер-геологдордун турмушун көрсөтүүгө аракеттенген. Албетте, бул тема кыргыз адабияты үчүн жаңы эле. Пьесадагы мүчүлүштөр автордун жаштыгына да, теманын жаңылыгына да байланыштуу. Андан кийинки “Замандаштар” пьесасын (1949) автор жумушчулардын, ал эми "Курман" пьесасын (1950) интеллигенциянын турмушун сүрөттөөгө арнаган. Т.Абдумомуновдун аталган пьесаларында (айрыкча “Курман" пьесасында) жанрдын табиятын өздөштүрүүдөгү алгачкы ийгиликтери ачык эле байкалып турат. Бирок жаңы теманы көркөмдүк ачылыштын деңгээлине чейин жеткире иштөө маселесинде бир катар кемчиликтср да орун алган.

БКП(б) БКнын 1946-жылы 26-августта кабыл алтан “Драма театрларынын репертуарлары жана жакшыртуу чаралары тууралуу” токтомунда театрлардын көпчүлүгүндө эски турмуш жөнүндөгү пьесалар басымдуу орунду ээлеп, аларда эскини идеализациялоо сыяктуу каталыктар кетирилген деи эсептелип, ал эми социализмди куруу жолундагы совет элинин баатырдык күрөшү, учурдун, замандаштардын турмушу анча көрсөтүлө албай жаткандыгы катуу сынга алынган. Ушул көрсөтмөдөн кийин советтик драматургияда социалисттик чындыкты көрсөтүү боюнча кескин бурулуштар боло баштаган. Т.Абдумомуновдун алгачкы пьесаларынын жаңы темаларга замандаштардын турмушун көрсөтүүгө арналышынын башкы себебин мына ошол тарыхый кырдаалдар менен түшүндүрүүгө тийишпиз. Алгачкы чыгрмачылык кадамын учурдун турмуш темасын чагылдыруу аракетинен баштаган Т.Абдумомунов кийин замандаштар дүйнөсүн изилдөөгө биротоло берилип кетти.

Албетте, драматургдун ийгиликтери жайдак жерден эле өнүп чыга калган жок. Анын көз алдында кыргыз драматургиясынын кадимкидей кубаттуу күчкө ээ болуп калган традициясы бар эле. Баалуу улуттук традиция менен бирге, классикалык орус, совет драматургиясынын жол көрсөткүч ролу кыркынчы жылдардан тартып, бул жанрда эмгектенген Т.Абдумомунов үчүн түгөнгүс казына болчу.

Т.Абдумомуновду драматург катары тааныткан алгачкы мыкты чыгармалары “Атабектин кызы”, “Тар капчыгай”, “Ашырбай” драмалары болду.

“Атабектин кызы” адабий сында кыргыз драматургиясындагы алгачкы психологиялык драма катары бааланды. Мунун чындыгы бар. Ырас, психологизмдин көрүнүштөрү айрым бир драмалык чыгармаларда мурда деле кездешчү. Бирок каармандын ички дүйнөсүнүн не бир кол тие элек катмарларын ачып, психологиялык анализ жасоо жокко эсе болуп жаткан эле. автор “Атабектин кызында” мына ушул маселени чечүүгө карата алгачкы кадамды шилтеди.

Атактуу бадачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Атабек карыянын кызы Жыпаргүлдүн таалим-тарбиясы, инсан катары калыптанышынын татаал жолу драмада ынандырарлык жана эмоциялуу көрсөтүлгөн. Жыпаргүл мыкты үй-бүлөдө тарбияланды, эмгекчил, үй оокатына бышык, ак ниет, акыйкатчыл, адамгерчиликтүү, убадага бек, келечекке умтулган, ачык-айрым кыз болуп өстү. Ал атасынан, айлана-чөйрөдөгү жакшы адамдардан көп нерсени кабыл алып, андан ары улантты. Бирок сүйүү маселесине келгенде ал жаштык сезимге жеңдирди да, атасынын түшүнүгүнө, көз карашына карама-каршы иш иштеди.

Т.Абдумомунов кыргыз адабиятында биринчилерден болуп райкомдун биринчи секретарынын, чыныгы партиялык жетекчинин образын түзүүгө белсемдүү киришкен драматург. 1969-жылы театрда коюлган “Бюро жүрүп жатат” драмасында ал райкомдун биринчи секретары Алиев Азиз Бакирович менен коммунист Аскардын образдарын жараткан эле. 1979-жылы жазылган “Кадырлаштар” драмасындагы Базаров Алияскар Айдаровичтин образы ал тажрыйбанын терендеп уланышы. Базаров Ысмандын партактивде айткан сынына тырчыган да жок. Ал адегенде чындык Карагул Бакаевич тарабында го деп ойлоду. Анын үстүнө Ысманды каралап, Зейнеп Алтынбаевнанын “күйөөсүнөн" (ал кезде анын жалданма күйөөсү экенин билген эмес) арыз түшүп, Ысман өзү да күнөөнү бүт бойдон өз мойнуна алып, бюро мүчөлөрү Бакаевдин сунушун колдоп жатса, Базаров Ысманды жазалоодон башка чечимге келе алмак эмес эле. Базаровдун кыраакылыгы, андан кийинки окуялардан ачык көрүнөт. Ал Ысмандын жазаланышы адилеттүү болбой калгандыгын сезип, ага каршы турган Бакаевдердин тамырын таргып көрө баштады. Куулугу ашынган Бакаев кайырмакты алыстан ыргытып мындай дейт: “Бюро өзүнүн чечиминен күмөн санай турган болсо, адамдар ойлошот да, демек, бюро да каталыктар болот турбайбы деп...” Базаров ага: “А Сиз, эмне, райкомдун бюросунун ишинде жаңылыштыктар болбойт деп ойлойсузбу?” деп жооп берет. Чыныгы жетекчи, чыныгы кыраакы, адилет коммунист гана ушундай дайыма өзүн өзү талдоого алып жүрөт. Драмада Ысмандын жеке ишинин кайра каралышы көрсөтүлбөйт. Базаровдун кылдат иликтеп жүргүзгөн ишмердигинин натыйжасында Бакаевдин, Намырбайдын жүзүкаралык беттеринин ачылышы менен Ысмандын актыгы, тазалыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. Драмада биздин күндөрдөгү эң калыс, адилет, кыраакы, ишмер партиялык жетекчинин эсте каларлык образы түзүлүп, Т.Абдумомунов дагы бир жолу өз чеберчилигин далилдей алган.

Адамдан өткөн ыйык эч нерсе жок экендиги эчактан келаткан чындык. Т.Абдумомунов ушул маселени көптөгөн пьесаларында турмуштук ар түрдүү кырдаалдарга байланыштуу курч коюп, окуучуну, көрүүчүнү ойлонто тургандай деңгээлде элестете алган. Бул гшандагы анын дагы бир пьесасы “Ыйык таштар” деп аталат. Пьеса 1964-жылы Н.К.Крупская атындагы орус драма театрында коюлган. Бул драмадагы автордун алдыга койгон максаты адамдын ыйык таш сыяктуу аялуу, кымбат экендигин даңазалоо.

70-80-жылдарда Т.Абдумомунов өтө активдүү иштеп, көптөгөн жаны драмалык чыгармаларды жазууга үлгүрдү. Пахтачылардын турмушунан алынган “Малика" пьесасына удаа “Жарыктык, карыларым” лирикалык комедиясы жазылды, элдик чыгармачылыктын материалдарынын негнзинде “Карагул ботом”, “Алдар көсөө” драмалары жаралып, Ош, Нарын областтык драмтеатрларында коюлду. Ар кыл жанрдагы “Жыгылган оогонго күлөт”, “Он сегиз жаш”, “Чолпонбай”, “Жоробайдын үйлөнүшү”, “Ак ийнлет”, “Кош кайын”, “Биз анын балдарыбыз” сыяктуу көптөгөн пьесаларынын тандалмаларынан куралган экн томдук китеби драматургдун көзү өткөндөн кийин 1992-жылы жарык көрдү. Мындай бир автордун жыйырмадай пьесаларынан куралган 60 басма табак көлөмүнө жакын тандалма пьесалардын эки томдугу мурда кыргыз драматургиясында жарык көргөн эмес, жарык көрүүгө мүмкүн да эмес эле, анткени драматургиябызда жалаң гана ушул жанрда иштеп мынчалык көп жана сапаттуу чыгармаларды жараткан драматургдарыбыз да жокко эсе болчу. Бул жагынан алганда, Т.Абдумомунов орус элинин улуу драматургу Островскийге окшоп кетет.

Ырас, ал проза жанрында да эмгектенип, аңгемелерден, очерктерден турган “Жүкөш”, “Жакшы адамдар” сыяктуу китептерди чыгарып, атүгүл романдан үзүндүлөрдү да журналга жарыялаган. Бирок баары бир ал негизинде бир гана драматургия жанрында иштеп, кыргыз драматургиясынын башкы фигурасы деңгээлине жеткен. Ошон үчүн болуу керек, көптөгөн талаш-тартыштардан кийин Кыргызстандын мамлекеттик академиялык драма театрына Т.Абдумомуновдун аты коюлуп, бул жалпы эл тарабынан кызуу колдоого алынды.

Өмүрүнүн соңку жылдарында жазган пьесаларынын ичинен драматургдун “Ак ийилет” драмасы учурдагы турмуш чындыгын ачык, даана көрсөтө алгандыгы менен өзгөчө айырмаланып турат, анткени андагы козголгон маселелер бүгүнкү күн үчүн гана эмес, эртеңки күн үчүн да актуалдуу бойдон кала бермек. Пьесада Сания Назаровна аттуу коммунист врачтын күчтүү образы түзүлгөн. Ал Көммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин кеңеши боюнча алыскы райондордун бирине врач болуп иштөөгө макулдук берет. Атактуу профессор Жаркымбаевдин жетекчилиги менен жүргүзүп жаткан илимий изилдөө ишинен, аспирантурасынан баш тартат. Анын мындай чечкиндүү кадам шилтешине эң биринчи ирегте Коммунисттик ак жүрөк, таза ниет, экинчиден өзүнүн жеке турмушундагы өйдө-ылдыйлыктар себеп болду. Районго барып жөнөкөй врачтан, райондук оорукананын башкы врачына чейин көтөрүлгөн Сания айыл жериндеги медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн бардык билимин, күчүн, жөндөмдүүлүгүн үрөи иштөө менен гана чектелбей, коммунисттик партиянын башкаруу системасына сиңе баштаган зыяндуу терс көрүнүштөрдүн бетин ачууга чейин катуу күрөш жүргүзүүгө жетишти. Ал эң биринчи кезекте паргиянын райондук комитетинин биринчи катчысы катары районду былк эттирбей бийлеп турган Нарбек Асангалиевичтин корруицияга, мафияга малынып чүмбөттөлүп калган бетин ашкерелөөгө батынат. Албетте, драмада “коррупция”, “мафия” деген сөздөр бир жерде да айтылбайт, бирок пьесаны окуган, же сахнадан көргөн адам бийликке жагынып сатылып кеткендердин, бийликти мыйзам менен эмес, өзүм билем деген принцип менен жүргүзүп, өзү туура көрбөгөн адамды уюштуруп жок кылың коюуга чейин барган окуяларга күбө болуп отуруп, коммунисттик партиянын башкаруу системасынын да бузула баштагандыгына ынанат.

Т.Абдумомунов коммунисттик партиянын бийлиги учурундагы жогорку чындыкты элдин калың катмарына аралашып жүрүп да, партиялык жетекчиликтин жогорку эшелонундагы турмушка катышып жүрүп да байкаган. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызсган жазуучулар союзунун башкармасынын биринчи секретары, 1974 1986-жылдары Кыргыз Республикасьтнын театр коомунун прёзидиумунун терагасы болуп иштеп, СССР Жогорку Советинин VI, Кыргыз ССР Жогорку Советинин VII, VIII чакырылышынын депутаты, Кыргызстан Компартиясынын XII, XIII, XIV, XV съездеринде Кыргызстан КП БКнын мүчесү болуп шайланган. Ал 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.


написать администратору сайта