Главная страница
Навигация по странице:

  • Аутоэкология (Особдордун экологиясы)

  • Популяция (демэкология)

  • Биоценоз (синэкология)

  • Экологиялык билим жана тарбия берүү

  • Түзгөн

  • Силлабус. Силлабус студ-ге 2020-21 - копия. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги Ош мамлекеттик университети Табият таануу жана география факультети


    Скачать 68.2 Kb.
    НазваниеКыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги Ош мамлекеттик университети Табият таануу жана география факультети
    АнкорСиллабус
    Дата28.03.2022
    Размер68.2 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаСиллабус студ-ге 2020-21 - копия.docx
    ТипПротокол
    #421002
    страница4 из 4
    1   2   3   4
    Темалар жана текшерүүнүн формалары боюнча суроолор менен тапшырмалардын тизмеси

    Киришүү

    1. Азыркы кездеги Жер шаарындагы экологиялык абалга мүнөздөмө.

    2. Кыргызстандагы болуп жаткан экологиялык проблемаларга кыскача мүнөздөмө.

    3. Ош шаарындагы экологиялык проблемаларга кыскача мүнөздөмө.

    4. Адамдардын ортосундагы мамиленин бузулушунун себептери эмнеде?

    5. Экологиялык проблемалардын жылдан-жылга көбөйүп жатышынын эң негизги себептери эмнеде?

    6. Болуп жаткан экологиялык проблемаларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору кайсылыр?

    7. Жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун зарылчылдыгы.

    8. Экология менен экономиканын байланышы.

    9. Экология илими эмнени окутуп үйрөтүүчү илим болуп саналат?

    10. Э. Геккелдин аныктамасы жана азыркы мезгилдеги аныктама.

    11. Экология терминин илимге ким жана качан киргизген?

    12. Экологиянын предметтер аралык дисциплинага ээ болуусунун зарылчылдыгы?

    13. Экологиянын башка илимдер менен болгон байланышы?

    14. Эң алгачкы экологиялык түшүнүктөр (идеялар, аракеттер)

    15. Экологиянын бөлүктөрү.

    16. Экологиянын предмети жана мазмуну.

    17. Экологиянын азыркы мезгилдеги милдети.

    18. Биологиялык макросистемалар жөнүндө кыскача маалымат.

    19. Экология илиминин кыскача тарыхы.


    Аутоэкология (Особдордун экологиясы)

    1. Чөйрө деген эмне?

    2. Жашоо шарт деген эмне?

    3. Ресурс деген эмне?

    4. Унитардык жана мордулярдык организмдер.

    5. Экологиялык факторлор (абиотикалык, биотикалык жана антропикалык).

    6. Жер планетасындагы негизги тиричилик чөйрөлөр.

    7. Жаныбарлардын артүрдүү температурага ыңгайлануусунун негизги үч жолу кайсылар жана кандай ишке ашат?

    8. Гомойотермдик жаныбарлар тобуна кандай жаныбарлар кирет жана аларда кандай жылуулук алмашуу мүнөздүү болот?

    9. Пойкилотермдик жаныбарлар тобуна кандай жаныбарлар кирет жана аларда кандай жылуулук алмашуу мүнөздүү болот?

    10. Адам баласынын сырткы чөйрөгө, жаратылышка тийгизген фактору эмне деп аталат жана ага мүнөздөмө.

    11. Гелиофиттик топтогу өсүмдүктөргө кандай өсүмдүктөр кирет жана алар жашоого кандай ыңгайланышкан?

    12. Сциофиттик топтогу өсүмдүктөргө кандай өсүмдүктөр кирет жана алар жашоого кандай ыңгайланышкан?

    13. Факультативдик гелиофиттер тобуна кандай өсүмдүктөр кирет жана алар жашоого кандай ыңгайланышкан?

    14. Фотосинтез процесси жана анын мааниси.

    15. Күндүн узактыгынын мезгилдик өзгөрүшүнө организмдердин реакциясы эмне деп аталат?

    16. Организмдин бардык тиричилик процесстеринин токтолушу эмне деп аталат? Кыскача түшүнүк бер.

    17. Суу режиминин организмдер үчүн мааниси.

    18. Суу режимине ыңгайлануусу боюнча өсүмдүктөр кандай экологиялык топторго бөлүнөт?

    19. Кургакчылыкка чыдамдуу келген өсүмдүктөрдү нымдуулук режимине карата кайсыл экологиялык группага киргизишет?

    20. Жаныбарлар нымдуулук факторуна жараша кандай экологиялык топторго бөлүнүшөт?

    21. Жогорку нымдуулукка чыдамсыз, кургакты сүйүүчү жаныбарларды эмне деп аташат?

    22. Тузсуз жана деңиз сууларындагы жаныбарлардын организминдеги туз-суу алмашуу механизминин жүрүшү кандай?

    23. Бир күндүн ичинде организмдердин тиричилик өткөрүүгө байланышкан ритми, кайсы ритмге кирет?

    24. Организмдин мезгилдерге байланыщкан ритми, кандай ритм деп аталат? Анын мааниси.

    25. Тирүү организмдер ресурс катары. Азык тизмегин түзгөн организмдердин ресурстарды пайдалануусу боюнча группаларга бөлүнүшү (деструкция, митечилик жана жырткычтык).

    26. Автотрофтуу жана гетеротрофтуу организмдерге кыскача мүнөздөмө.

    27. Организмдердин жашоосундагы чыдамдуулук чек деген эмне?

    28. Тар экологиялык шартка (чөйрөгө) ыңгайланган организмдерди кандай организмдер дейбиз? Кыскача мүнөздөмө.

    29. Ар кандай экологиялык шартта жашоого ыңгайланган организмдер кандай организмдер болушат? Аларга мүнөздөмө.

    30. Экологиялык фактордун организмдер үчүн жагымдуу таасир этүүчү зонасы эмне деп аталат жана аларга мүнөздөмө.

    31. Экологиялык факторлордун организмдерге жагымсыз таасир этүүчү зонасы эмне деп аталат? Кыскача мүнөздөмө.

    32. Организмдердин негизги жашоо чөйрөлөрүнө мүнөздөмө.

    33. Суу чөйрөсү жана андагы организмдер үчүн негизги болгон абиотикалык факторлорго мүнөздөмө.

    34. Суу чөйрөсүндөгү тирүү организмдердин экологиялык топтору жана аларга мүнөздөмө.

    35. Суунун түбүндө кандайдыр бир субстракка жабышып жашоочу организмдер эмне деп аталат?

    36. Кургактык-аба чөйрөсү жана андагы организмдер үчүн негизги болгон абиотикалык факторлорго мүнөздөмө. Абанын составы жана мааниси.

    37. Топурак кургактык-аба чөйрөсү катары жана анын пайда болушундагы тирүү организмдердин ролу.

    38. Тирүү организмдин денеси чөйрө катары. Сырткы жана ички мителер.

    39. Синантроптуу майда сүт эмүүчүлөр жана канаттулар инфекциялык жугуштуу оорууларды алып жүрүүчүлөр катары.

    40. Санитардык норманы (тазалыкты сактоо) кармоо – инфекциялык ооруулардан коргонуунун негизги жолу.


    Популяция (демэкология)

    1. Экологияда популяция деп эмнени айтат? Популяцияга мисалдарды келтир.

    2. Популяциянын түрлөрү (Н.П. Наумов боюнча).

    3. Популяциянын саны деген эмне?

    4. Популяциянын тыгыздыгы деген эмне?

    5. Популяциянын туумдуулугу деген эмне?

    6. Популяциянын өлүмдүүлүгү деген эмне?

    7. Популяциянын жыныстык структурасы деген эмне?

    8. Популяциянын курактык структурасы деген эмне?

    9. Популяциянын мейкиндик (кокустук, иреттүү жана топ-топ болуп орун алышы) структурасы деген эмне?

    10. Стабилдүү популяция деген эмне?

    11. Өсүүчү популяция деген эмне?

    12. Азайып бара жаткан популяция деген эмне?

    13. Популяциянын гомоэстазы деген эмне?

    14. Популяциянын саны өтө көбөйүп кеткен учурда жандыктардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр пайда болот?

    15. Популяциянын саны азайып кеткен учурда жандыктардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр пайда болот?

    16. Популяциядагы канибализми деген эмне?

    17. Популяциянын модификациялоочу же өзгөртүүчү факторуна кайсы факторлор кирет?

    18. Популяциянын регуляциялоочу же жөнгө салуучу факторуна кайсы факторлор кирет?

    19. Популяциянын динамикалык тең салмактуулугу деген эмне?

    20. Популяциянын полиморфизми деген эмне?

    21. Жыныстык полиморфизм деген эмне?

    22. Популяциянын санын жөнгө салуу.

    23. Кыргызтанда сейрек кездешүүчү жаныбарлардын популяцияларын коргоо жолдору.


    Биоценоз (синэкология)

    1. Тирүү организмдердин бири-бирине таасир этүүсүнүн түрлөрү?

    2. Биоценоз деген эмне?

    3. "Биоценоз" деген түшүнүктү илимге ким киргизген?

    4. Биоценоздун мейкиндик структурасы.

    5. Биоценоздун экологиялык (түрдүк катыштарынын) структурасы.

    6. Биоценоздогу трофикалык (организмдик) байланыштар. Азык тизмеги.

    7. Биоценоздогу топикалык (бир организмдин экинчи бир организмге шарт түзүп бериши) байланыштын кыйыр жана түз түрлөрү.

    8. Биоценоз ээлеген абиотикалык чөйрөнүн организмдер үчүн мааниси.

    9. Биоценоздогу түрлөр аралык катыштар (байланыштар).

    10. Түрлөр аралык катыштар: жырткычтык, митечилик, конкуренция, симбиоз, аменсализм.

    11. Бир организм үчүн пайдалуу болуп, ал эми экинчиси үчүн маанисиз болгон тамактануу чөйрөсүндөгү өз ара мамиле эмне деп аталат? Аларга мисал.

    12. Ар кандай түрлөрдүн бири-бирине пайда алып келүү менен жашаган организмдердин ортосундагы катанашты эмне дейбиз? Аларга мисал келтир.

    13. Энтомофагдар деген эмне? Аларга мисал.

    14. Зоохория жана зоофагия.

    15. Өсүмдүктөрдү чаңдаштыруудагы жаныбарлардын мааниси. Өсүмдүктөрдүн чаңдашуусунун башка түрлөрү.

    16. Фитофаг деген эмне? Аларга мисал келтир.

    17. Фитофаг жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ортосундагы байланыштын мааниси.

    18. "Экологиялык ниша" деген эмне?

    19. "Экосистема" жөнүндөгү А. Тенслинин эмгеги. А. Тенслиге чейинки экосистема жөнүндөгү түшүнүктөр.

    20. Биогеоценоз жана экосистема жөнүндөгү түшүнүктөрдүн окшоштуктары жана айырмачылыктары.

    21. Экосистеманын структурасы. Жандуу компоненттер жана жансыз компоненттер.

    22. Жандуу компоненттер: продуценттер, консументтер жана редуценттер.

    23. Биринчилик биологиялык продукцияны түзүүчүлөр эмне деп аталат? Алардын мааниси.

    24. Сапрофаг деген эмне? Аларга мисал келтир.

    25. Капрофаг деген эмне? Аларга мисал келтир.

    26. Некрофаг деген эмне? Аларга мисал келтир.

    27. Жырткычтар менен фитофагдардын мааниси.

    28. Заттардын айлануусу жана энергиянын багыты?

    29. Термодинамиканын экинчи (энтрапия) закону жана энергиянын сакталуу закону.

    30. Экосистемадагы биологиялык зат айлануунун схемасы.

    31. Биологиялык продуктуулук деп эмнени айтабыз?

    32. Убакыт бирдиги ичинде өсүмдүктөр тарабынан түзүлгөн органикалык масса эмне деп аталат?

    33. Биринчилик дүң жана таза продукциялар, экинчилик таза продукция.

    34. Экологиялык пирамида деген эмне?

    35. Экологиялык сукцессия жана сукцессиялык катар.

    36. Биринчилик жана экинчилик сукцессиялар.

    37. Аутогендик жана аллогендик сукцессиялар.

    38. Ю.Одум боюнча жалпы сукцессиянын жүрүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн аспектилери.

    39. Туруктуу жана туруксуз биоценоздор.

    40. Экосистеманын биомдук жана энергетикалык классификациясы.

    41. Кыргызстандагы экосистеманын мисалдары жана алардын абалы.

    42. Көп түрдүүлүктү сактоонун мааниси.


    Биосфера

    1. "Биосфера " терминин эң биринчи болуп ким колдонгон жана В.И. Вернадскийге чейинки “Биосфера” түшүнүгүн өз эмгегинде колдонгон окумуштуулардын эмгектери.

    2. И.В. Вернадскийдин “Биосфера” жөнүндөгү окуусу.

    3. Биосферанын структурасы.

    4. Биосферанын составына кирүүчү негизги заттар.

    5. Биосферадагы жандуу заттар жана алардын глобалдык мааниси.

    6. Биосферадагы тирүү организмдердин геохимиялык (энергетикалык, газдык, топтогуч, кычкылдандыргыч жана калыбына келтиргич, ажыраткыч, муундардын алмашып туруучу жана антропикалык) функциялары.

    7. Биосферада адам баласы биосоциалдык түр катары биосфераны башкарууга умтулуусу жана анын биосферадагы тиричиликтин жүрүшүнө тийгизген терс таасирлери.

    8. Биосферанын эволюциясы.

    9. Биосферадагы заттардын биогеохимиялык айланышы.

    10. Биосферадагы азоттун айлануусу.

    11. Биосферадагы фосфордун айлануусу.

    12. Биосферадагы көмүр кычкыл газынын айлануусу.

    13. Биосферадагы күкүрттүн айлануусу.

    14. Биосферадагы суунун айлануусу.

    15. Экосистеманын эң негизги функциясы.

    16. Биосферадагы биогеохимиялык айланууга абанын булгануусунун таасири.

    17. Адамзат жана биосфера.

    18. Ноосфера деген эмне жана аны түзүү - бул жалпы адамзаттын чоң үмүтү.


    Локалдык, регионалдык жана глобалдык экологиялык проблемалар

    1. Глобалдык экологиялык проблемаларга кандай проблемалар кирет?

    2. Регионалдык (аймактык) экологиялык проблемалар деген эмне?

    3. Локалдык (жергиликтүү) экологиялык проблемалар деген эмне?

    4. Глобалдык экологиялык проблемаларга кандай экологиялык проблемалар кирет?

    5. Жылуулук таасири деген эмне жана анын келип чыгуу себептери.

    6. Озон катмарынын жукарып барышы деген эмне жана анын келип чыгуу себептери.

    7. Кислоталык жаан деген эмне жана анын келип чыгуу себептери.

    8. Фотохимиялык туман деген эмне жана анын келип чыгуу себептери.

    9. Тропикалык токойлордун кыскарышынын терс таасирлери.

    10. Биосферадагы көп түрдүүлүктүн азайып жатышынын коркунучу эмнеде?

    11. Регионалдык экологиялык проблемаларга кайсылар мисал боло алат?

    12. Кыргызстандагы экологиялык проблемалардын келип чыгуу себептери.

    13. Ош шаарындагы негизги экологиялык проблемалар жана алардын келип чыгуу себептери.

    14. Өзүңөрдүн туулуп өскөн жериңерде кандай экологиялык проблемалар кездешет жана эмне себептен келип чыккан деп ойлойсуңар?

    15. Кыргызстандагы экологиялык проблемаларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору деп эмнелерди эсептейсиңер?

    16. Кыргызстандын айыл чарбасын экологиялаштыруу.

    17. Кыргызстандын өнөр-жайларын экологиялаштыруу.

    18. Шаардагы траспорттук булгоону азайтуу жолдору.

    19. Экономика менен экологиянын байланышы.


    Экологиялык билим жана тарбия берүү

    1. Экологиялык билим берүү деген эмне?

    2. Экологиялык билим берүүнүн актуалдуулугу.

    3. Экологиялык билимди өркүндөтүү туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн эң негизги жолу.

    4. Экологиялык билим берүүдөгү педагогдун орду.

    5. Экологиялык билим берүүнү каада-салттар менен байланыштыруу.

    6. Экологиялык билим берүүдөгү ислам дининин орду.

    7. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилесинин, ички сезиминин жана курчап турган чөйрөгө гармониялуу мамиле жасоосунун жакшырышы кантип ишке ашат?



    Түзгөн:

    Батаева А.Б.






    1   2   3   4


    написать администратору сайта