Главная страница
Навигация по странице:

  • Ж албырак

  • А ппак кар

  • Макал-лакаптар

  • Балдар адабияты. Курманбекова Бермет бкк20117 Балдар адабияты Бишкек 2022 Жыл жана анын балдары


    Скачать 2.21 Mb.
    НазваниеКурманбекова Бермет бкк20117 Балдар адабияты Бишкек 2022 Жыл жана анын балдары
    Дата30.06.2022
    Размер2.21 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаБалдар адабияты.docx
    ТипДокументы
    #621068

    Курманбекова Бермет

    БКк-20-11-7




    Балдар адабияты

    Бишкек 2022

    Жыл жана анын балдары

    (Элдик жомок)
    Илгери өткөн заманда Жыл аттуу ашкан акылман жашаптыр. Ал аябай боорукер, көп өнөрдү билген адам экен. Анын Кыш, Жаз, Жай, Күз деген төрт уулу болуптур. Жылдын экинчи уулу Жаз жана анын артынан Жай күндү аябай ысытып, булактар соолуп, кургакчылыктан көптөгөн жан-жаныбарлар өлүп калышат. Муну көргөн Күз жамгыр, ага удаа эле Кыш калың кар жаадырып, катуу суук кылып жиберет. Буга чыдабаган курт-кумурскалар Жылга даттанып келишет:

    - Жаз деген уулуңуз күндү аябай ысытып, кургакчылык кылып жиберген эле. Эртеси улуу уулунуз Кыш кар жаадырып, суук кылып таштады. Көптөгөн чымын-чиркейлер өлүп калды. Балдарыңызды бирдеме деп тыйып койбойсузбу, - дейт.

    Андан кийин арызданып кой, эчки да келип:

    - Балдарыныз күндү бир ысытса, бир муздатып, аябай кыйнап жиберди, тыйып коюңузчу, - дешет.

    Жыл төрт уулун чакырып алып, алардын кылган иштери жөнүндө сурай баштайт:

    - Жаз балам, эмне үчүн күндү өтө ысытып, жердин баарын кургатып жибердин? Жан-жаныбарлардын баары арызданып келип жатышат.

    - Ата, күнсүз жашоо жок. Күндүн нуру менен тирүүлүк уланат. Нурдан күч-кубат, жылуулук алышсын деп күндү ысытып жибергем, - дейт Жаз.

    Андан соң, экинчи уулу Жайга кайрылат:

    - Уулум, сен эмне үчүн күндү ого бетер катуу ысыттың? Мынчалык катуу ысык тирүү жандын баарын куйкалап салбайбы?

    - Жок, ата. Аптаптуу ысык болбосо, мөмө-жемиш, дан-эгин кайдан бышмак эле. Аларсыз күн көрүү кыйынга турат го!

    - Күз балам, эмнеликтен сен абаны бат эле салкындатып, жамгырды көп жаадырып жибердиң?

    Күз атасынын суроосуна минтип жооп берди:

    - Атаке, жаз, жай бою иштеген дыйкан эмгегин жыйнап алды. Бак-дарактар түшүмүн мол беришти. Эми эгин талаалар, бактар да жамгырга жуунуп, сергип эс алышы керек. Антпесе, кийинки жылга түшүм бере албай каларын ойлоп жатам.

    - Кана, балам, Кыш, эми сен айтчы, эмне үчүн карды арбын жаадырдын?

    - Анткени Жаз, Жай жерди кургатып жиберди. Мен кар жаадырып, келерки жазга көп суу болсун дедим. Антпегенде өсүмдүктөрдүн бардыгы өлүп калат эле да, - дейт.

    Жыл балдарынын жоопторун угуп, алардын баарынын сөзү жүйөөлүү экенине ынанат да, көпкө ойлонот: «Эмне кылуу керек?»

    Бир күнү жан-жаныбарларды чогултуп алып, Жыл минтип айтты:

    - Баарыңар угуп тургула. Бир күн кыш, бир күн жаз болсо болбойт экен.

    Ошондуктан мен төрт балама күндөрдү бөлүп берейин, ар кимиси өз иштерин ошол бөлүнгөн күндөрдө аткарсын.

    Улуу балам Кышка 91 күн, экинчи уулум Жазга 91 күн, үчүнчү уулум Жайга 92 күн, эң кенже уулум Күзгө 91 күндү бөлүп берейин. Буга кандай дейсиңер? - дейт угуп отургандарга кайрылып. Буга бардыгы макул болушат. Бирок аюу, суур, кашкулак макул болбой, кол көтөрүп, сөз сурашат.

    - Кана, аюу, айтчы, - дейт Жыл.

    1

    А
    юу өз оюн айтат:

    - Улуу уулуңузга күндү азыраак берсеңиз экен. Анткени карды калың жаадырып жиберсе, биз тоо-таштын арасында кантип жашайбыз?

    - Ачкадан өлбөйбүзбү! - дешет суур менен кашкулак да аюунун сөзүн улап.

    - Мээр чөп деген бар, ошону тиштеп уктагыла. Көктөмгө дейре жыргап жата бересиңер, дейт Жыл.

    Ошентип, Жылдын төрт баласы төрт мезгил аталып калыптыр. Аюу, суур, кашкулактар болсо кышкысын мээр чөптү тиштеп, эч нерседен капарсыз уктап жата беришет экен.
    Ж албырак
    Жалбырактын түрү көп,

    Бири жашыл, бири көк.

    Күз келгенде саргайып,

    Сабагынан күбүлөт.
    Жалбырагы ийнедей,

    Карагайдын, арчанын.

    Түсүн такыр өзгөртпөйт,

    Жашаса да канча жыл.
    Жалбыракты ар кандай,

    Тоо, талаадан көп көрдүм.

    Барбы, жокпу айткыла,

    Жалбырагы сөксөөлдүн.
    Жакыпбек Абдылдаев


    2

    А ппак кар
    Эшикке чыксам акактап,

    Мына, мына, апаппак

    Кар калын жаап салыптыр.

    Карасаңар кызыктай,

    Кара күчүк, мышыктар

    Аппак болуп калыптыр.
    Тоголондук топтой,

    Тонобуз деп коркпой.

    Чоңдор тез-тез басышат.

    Алар кайда шашышат?

    Жыгылабыз дешет го,

    Жылгаяктан качышат.
    Шайлообек Дүйшеев
    Жаңылмачтар
    Суу боюнда дарак өсөт,

    Сууну дайым карап өсөт.

    Сулуу чачын тарап өсөт,

    Суусуз калса араң өсөт.
    Сары ала ат, кара ала ат

    Сапарлап бара алат,

    Каалгыса кара ала ат,

    Каралап сары ала ат,

    Жанында бара алат.
    Жайнак келет тайлак минип,

    Тайраңдатып жайдак минип.

    Тайыбаган тайгак жолдо,

    Тайбастыгын жайлап билип.

    Тайраңдатып келди кирип,

    Жайнак билип, тайлак минип.
    Шайыр шактан өрүк терди,

    Көк, кызылын бөлүп терди.

    Шайгүл шактан өрүк терди,

    Эзилгенин бөлүп терди.


    3

    Байчечекей

    (Уламыш)
    Илгери өткөн заманда төрт түлүгү шай бир бай болуптур. Бай улгайганга дейре бала көрбөй кайгырып жүргөн мезгилде кебезден ак, айдан сулуу, гүлдөн назик, жалгыз кыздуу болот. Мезгил өтөт. Кызы чулдурап сүйлөп, там-тун басып, атасынын кайгыдан карып болгон жүрөгүн жашартып, жашына жаш кошуп, көңүлүн кушубак кылат. Күндөрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип эле, “башым” деп ооруп, табити эч нерсе тартпай, жеген тамагы аш болбой, төшөккө жатып калат. Атасы тегеректеги табыптарды алдырат. Бирок, бири да кыздын оорусунун себебин билбей, баштары катат.

    Амалы түгөнгөн бай:

    - Карыганда тапкан жалгыз кара чечекей баламан айрылат турбаймынбы, кудай, деп ботодой боздойт. Күндөр өтө берет, кыздын адам болбосу билинет. Ошол мезгилде кайдан-жайдан келгени белгисиз, ааламды кезген думана пайда болот.

    Ал келип, кыздын тамырын кармап:

    - Бактыныз бар экен, байым. Кызыныздын үч күндүкгана өмүрү калган экен. Улуу тоонун башында калың карга карабай желегин жайган, какшаган суукка туруштук берип өскөн, жаздын, жашоонун жышаанын берген бир кичинекей сары гүл бар. Колуңуздан келсе, ошону тез алдырыңыз. Кызыңыздын дартына бир болсо, ошол гүл даба болот, - дейт.

    Сүйүнгөн ата жигиттерин тездетип ошол гүлгө жиберет. Жигиттер баягы кереметтүү сары гүлдү үчүнчү күн дегенде алып келип калышат. Табып гүлду кызга искетип, кайнатып берип, кырк күн жанынан жылбай карайт. Кырк биринчи күн дегенде кыз төшөктөн туруп, сыртка өз алдынча чыгып калат. Күндөр өтүп байдын кызынын демине дем, күчүнө күч кошулуп тыңый баштайт. Оюнкараак кызынын баштагыдай так секирип ойноп, күлкүсү шаңдуу чыгып калганын көргөн байдын көнүлү тынат. Бай касиеттүү думананы ыраазы кылып узатат.

    Ошондон кийин эл байдын жалгыз кызын өлүмдөн алып калган кереметтүү кичинекей сары гүлдү «байчечекей» деп атап калышыптыр.
    Эл казынасынан

    Байчечекей

    Адыр менен колоттун,

    Тең кара, тени кар.

    Ал ангыча гүл жайнайт,

    Кардай аппак өңү бар.

    Ырдайт бизге эң алгач,

    Жарашыктуу жаз ырын.

    Ичке, назик сабагы,

    Дир-дир этет акырын.

    Байчечекей - баатыр гүл,

    Бороондо да үшүбөйт.

    Колдору шок балдардан,

    Коркконунан титирейт.

    Токтосун Самудинов

    4

    Табышмактар
    Күнү-түнү тынбаган,

    Бөлө чапсаң сынбаган

    ( суу )

    Чапаны ала-була,
    Учканда кара буга.
    Бирдеме көрүп калса,
    Шакылдап салат чууга.
    (Сагызган)

    Ийнеси жок, жиби жок,
    Тереземди саймалайт.
    Тызылдатып эрте-кеч,
    Бети-колум аймалайт.
    ( аяз )

    Нөшөрлөп жамгыр басылды
    Күн жаркып нуру чачылды.
    Асмандан түстүү боёк жип
    Ийилип жерге тартылды.
    ( күн желе)
    Макал-лакаптар
    Акылдуу бала- элпек, акылсыз бала тентек.
    Көп окуган көтпү билет.
    Сырга көк, убадага бек бол.
    Акыл азбайт – билим тозбойт
    А кыл алтын – ой күмүш.
    Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт.
    Тарбиянын кени мектепте.
    Тил ойдун сандыгы.
    Тарбия – баасыз байлык
    5


    написать администратору сайта