БААЛОО. Окуучулардын жетишкендиктердин баалоонун негизги стратегиялары
Скачать 88.25 Kb.
|
Окуучулардын жетишкендиктердин баалоонун негизги стратегиялары.Баалоо системасы – окуу жетишкендиктерин өлчөө жана көйгөйлөрдү диагнастикалоонун негизги каражаты, кайтарым байланышты камсыз кылуу, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук структураларга билим берүүнүн абалы, проблемалары жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды жеткирүү. Табият таануу сабактарында окутуунун жетишкендиктерин баалоо максат күтүлгөн натыйжалар), метод жана окутуу формасы менен тыгыз байланышта. Баалоонун максаты – реалдуу жыйынтыктар менен күтүлгөн жыйынтыктарынын дал келишин аныктоо. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим тандалып алган окутуу методдоруна жана формаларына ылайык баалоонун ар кандай ыкмаларын колдонот.*Баа – Символ, шарттуу-формалдуу, цифралар, тамгалар жана башка белгилер менен окуучунун окуу жетишкендиктерин баалоонун сандык туюнтулушу;*Баа берүү– Баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердүүлүк же иш аракет, кайтарым байланыштын сандык жана сапаттык маалыматы.Окутуунун түрмѳгүЭмне үчүн окутабыз? (максаттар, күтүлүүчү натыйжалар, билим берүүнүн баалуулуктары-окуу процессинин ѳзѳктүү компоненти) Эмнени окутабыз? (мазмун) Кантип окутабыз? (методдор, шыктандыруучу окутуу чѳйрѳ, ресурстар) Окутуунун натыйжаларын кантип аныктайбыз? (баалоо: коюлган максаттарга тийиштүү мазмундун жана окутуунун методдорунун эффективдүүлүгүн ченейт). Баалоонун түрлөрү жана формалары Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин өлчөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик, жана суммативдик, алардын ар бири белгилүү бир формада ишке ашат. Диагностикалык баалоо окуучунун окуу жылындагы жетишкендиктерин баалоо үчүн колдонулат, мугалим окуучунун баштапкы деңгээлдеги компетентүүлүктөрү менен жетишилген жыйынтыктар менен салыштырат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыктары жазуу түрүндө катталат, ал өз кезегинде жалпыланып, корректировкаларды киргизүүгө жана мугалим жана окуучу үчүн окутуунун милдеттерин тактап, окутуу процессин жакшыртуу максатында колдонулат. Формативдик баалоо материалды өздөштүрүүдө окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү стили ж.б.) окуучунун өсүшүн аныктоо жана ийгиликке жетүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууда колдонулат. Мугалим формативдик баалоону окутууга өз убагында корректировкаларды киргизүү, пландоого өзгөртүүлөрдү кошуу үчүн колдонсо, окуучулар өздөрү тарабынан аткарылып жаткан иштердин сапатын жакшыртуу үчүн колдонушат. Окуучулардын прогресси ал тарабынан аткарылган конкреттүү иштин негизинде тигил же бул билим берүү областында билим берүү максатына ылайык аныкталат. Мугалим журналга белги коюу менен окуучунун индивидуалдык өнүгүүсүндөгү байкоолорун түшүрөт. Окуучулардын прогресси билим берүү тармактарынын алкагында коюлган максаттарга ылайык алар тарабынан конкреттүү ишти аткаргандан кийин гана белгилүү жыйынтыктарга жеткендиги аныкталат. Мугалим журналга баа коюу менен окуучунун индивидуалдык жетишкендигине болгон байкоолорун белгилейт. Суммативдик баалоо окуучунун ар бир тепкичте пландалган жетишкендиктеринин деңгээлин баалоо үчүн кызмат кылат. Ал учурдагы, арадагы жана жыйынтыктоочу баалоолордон турат. Күнүмдүк баалоо темаларды сабакта өтүү учурунда ишке ашат. Анын негизги милдети: теманы алгачкы түшүнүү деңгээлин, өздөштүрүүсүн аныктоо, анын айрым элементтери жана мурунку темалардын мазмуну менен байланыштарын аныктоо. Күнүмдүк баалоо предметтик стандарт Күнүмдүк баалоо предметтик стандартта сунушталган критерийлерге жана баалоо нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Мына окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрү эске алынат. Күнүмдүк баа мугалим жана окуучу тарабынан коюлат: жуптук жана топтук иштердеги өз ара көзөмөл, өзүн-өзү көзөмөлдөө. Аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган шарттарга ылайык күтүлгөн натыйжаларга, мазмундук линияларга, карата жүргүзүлөт. Төмөнкү иштердин түрлөрү боюнча: жаратылыш объектилерин же кубулуштарын байкоо жүргүзүү жана баяндоо; лабораториялык – практикалык иштер; жазуу иштери (графикалык диктанттар, өз алдынча иштер, тесттик тапшырмалар, конспект, схемаларды жана класстер түзүү ж.б.); Оозеки жооп; Тажрыйба, эксперимент жүргүзүү; Долбоор, изилдөөчүлүк иштер;Долбоор, изилдөөчүлүк иштер; портфолио (жетишкендиктер папкасы). Бардык түрдөгү иштер баалоо нормалары жана критерийлеринин негизинде ишке ашат. Милдеттүү болуп саналат, мугалим тарабынан календардык-тематикалык планды иштеп чыгууда пландалат. Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календары (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы), окуу-тематикалык планы (темалар боюнча баалоо) жана форма боюнча толтурулат: Зачет, контролдук иш, тандалып алынган тема боюнча доклад даярдоо, презентация, слайддарды даярдоо; баа коюу. Баалоонун негизги принциптери: Ишенимдүүлүк – педагогикалык өлчөөнүн тактыгынын деңгээли Валиддүүлүк (аныктык) же баалоо методунун тактыгы, өлчөнө турган нерсе чындыгында эле өлчөнөбү же башка нерсеби. Объективдүүлүк – бирдей шартта бардык окуучулардын окшош сынактан өтүшүн талап кылат. Маалыматтарды талдоодогу объективдүүлүк мугалимге жана окуучуга белгилүү болгон так критерийлердин болушун талап кылат. Объективдүүлүк принцибин камсыз кылган баалоо – бул критерийлердин негизинде баалоо болуп саналат. «Критерий – белги, ага негизделүү менен баалоо жүргүзүлөт, бир нерсенин аныктамасы же класификациясы. Баалоонун өлчөмү”. Критерийлер боюнча баалоо ар бир окуучунун ишмердүүлүгүн гана баалоого (бир окуучунун жообун башка окуучу менен салыштырбастан, бирөөнүн ишин экинчи менен салыштырбастан) мүмкүнчүлүк берет. Окуучунун окуу жыйынтыкка карата окумал деңгээлин аныктайт. Бул жерде ар бир окуучунун окуу материалдарды өздөштүрүүсү баалоо критерийлерге жана күтүлгөн натыйжаларга карата бааланат. Окуучунун окуу жетишкендиктеринин баалоонун негизги критерийи окутуунун күтүлгөн жыйынтыктарынын түпкү максаты болуп саналат. Окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн мындай баалоо критерийлерин колдонгондо баалоо ачык жана түшүнүктүү болот. Мындай баалоодо мугалим окуучуларга баалоо критерийлерин алдын ала тааныштырат. Ушундай шартта гана окуучулар ар бир тапшырмага түшүнүү менен мамиле кылат, бул кийинки бийиктиктерди багындырууга мүмкүнчүлүк ачат. Табият таануу боюнча баалоонун критерийлеринен өрнөктөр: Практикалык ишти же экспериментти жасап жатканда иш-аракеттин ирээтин туура көрсөтүү; Приборор жана каражаттар менен туура жана так иштейт; Берилген тапшырманы жана ишти чечүү үчүн жол тандоо; Табият таануу боюнча терминдерди жана символдорду туура колдонуу; Тапшырманы толугу менен жана туура аткаруу; Өткөн тема боюнча маалыматтык материалды өздөштүрүү; Алдыга коюган милдеттерди жана көйгөлөрдү чечүү үчүн өтүлгөн материалды колдонуу. Өзүн баалоо/өз ара баалашуу процедурасы төмөндөгүлөрдү камтыйт: Ар бир конкуреттүү жагдай үчүн мугалим тарабынан так критерийлердин иштелип чыгышы; Билим алып аткандар үчүн өздөрүнүн жыйынтыктарын талдоо үчүн зарыл психологиялык шыктандыруу шартын түзүү; Окуучуларга баалоо критерийлери белгилүү болгон жагдайларды түзүү, ушундай шартта алар өз жыйынтыктарын өз алдынча салыштырат. Эффективдүү иштөө боюнча өз тыянактарын чыгарышат; Окуунун кийинки этабына алынган жыйынтыктардын негизинде окуучулар өз программасын түзүшөт. Баалардын нормасы-Окуучулардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын объективдүү баалоо үчүн баа коюунун төмөндөгүдөй градациясы колдонулат. А) Окуучулардын оозеки жоопторун баалоо«5» деген баа окуучунун төмөндөгүдөй оозеки жообуна коюлат:Программада жана окуу китебинде каралган материалдын мазмунун толук ачып берсе; Материалды, предметке байланышкан терминдерди түшүндүрүп бере алса; Жоопторго байланышкан чиймелерди туура аткара алса; Теорияны конкреттүү мисалдар менен сүрөттөп айтып бере алса жана практикалык иштерди аткарууда теорияны колдоно алса ; Мурунку алган билимдерди өздөштүргөндүгүн көрсөтө алса, суроолорго жооп берүүдө зарыл билгичтиктерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алса; Жетелеме суроолорсуз өз алдынча жооп бере алса. «4» деген баа окуучунун төмөндөгүдөй оозеки жообуна коюлат: «4» деген баа негизинен «5» деген баанын талаптарына жооп бергенде коюлат, бирок төмөндөгүдөй жетишпестиктер болушу мүмкүн. Түшүндүрүп жатканда мазмунду бузбаган айрым каталарды кетирсе; Негизги мазмунду ачыктоодо мугалимдин талабы менен оңдолгон 1-2 кемчилик болсо; Кошумча суроолорду бергенде ката болсо же 1-2 жетишпестик болсо, бирок мугалим айткан соң оңдолгон болсо. «3» деген баа окуучу төмөндөгүдөй оозеки жооп бергенде коюлат: Эгерде окуу материалы толук ачылбаган болсо (мазмун уламалуу берилбестен, бөлүк-бөлүк берилсе), программалык материалды мындан кийин өздөштүрүп кете ала тургандыгын көрсөтө алса, суроону жана билимди жалпы жонунан түшүнсө; же Эгерде практикалык тапшырмаларды кылууда теорияны колдоно албаса, бирок бул темада милдеттүү тапшырмаларды аткара алса;Эгерде теориялык билим жеткиликтүү болуп туруп, толук калыптанбаган билгичтиктер жана көндүмдөр үчүн.«2» деген баа окуучу төмөндөгүдөй оозеки жооп бергенде коюлат: Эгерде окуу материалынын негизги мазмунун ача албаса; же Окуу материалдын негизги же маанилүү бөлүктөрүн түшүнбөсө жана билбесе; же Табият таануунун түшүнүктөрүн аныктоодо кыйынылыктарга кабылса же терминдерди колдонууда, чиймелерде каталарды кетирсе, мугалимдин жетелөөчү жана багыттоочу суроолорунан кийин дагы тууралай албаса; Эгерде окуучу тарабынан окуу материалынын мазмунун таптакыр билбесе анда - «1» деген баа коюлат. Б) Окуучулардын контролдук жазуу иштерин баалоо «5» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат: Эгерде иш толугу менен аткарылса; Маселени чечүү кадамдарын негиздөөдө жана логикалык ой жүгүртүүсүндө каталар жана кемчиликтер болбосо; Тапшырманы аткарууда ката жок болсо (бир так эместик же жазуу катасы болушу мүмкүн, бирок ал окуу материалын түшүнбөгөндүктөн же билбегендиктен кеткен болбосо); Эгерде тапшырма рационалдуу жол менен аткарылган болсо. «4» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат: Эгерде иш толугу менен аткарылган болсо, бирок жетишпеген жери бар (ой жүгүртүүнү негиздөө, текшерүүнүн максаты болбосо); жеСүрөттөрдө, чиймелерде, таблицаларда, графикаларда 2-3 кемчиликтер бар, же 1 ката кетирилген. (бул сыяктуу иштер текшерүүнүн максаты болбосо);Эгерде тапшырма рационалдуу эмес жол менен аткарылган болсо. «3» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат: Эгерде сүрөттөрдө, чиймелерде, таблицаларда, графикаларда 2-3 кемчилик болсо же аталган тема боюнча 1 ката кетсе. Окуучунун билмдери жана билгичтиктери негизинен коюлган талаптарга жооп берсе. «2» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу иштерине коюлат: Эгерде кетирилген каталар окуучунун бул тема боюнча билимдерге, билгичтиктерге ээ болбогондугун көрсөтсө, талаптарга жооп бербесе. «1» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу иштерине коюлат: Эгерде окуучу берилген тема боюнча коюлган талаптарга ылайык Эч кандай билимдерге жана билгичтиктерге ээ болбосо коюлат. КритерийКритерий Баалоо процесси мугалимге жана окуучуларга түшүнүктүү жана тунук болушуна мүмкүндүк берүүчү баалоонун маанилуу элементтеринин бири. Критерийлерди мугалим же мугалим окуучулар менен биргелешип иштеп чыгышы мүмкүн. Критерийлерди биргелешип иштеп чыгуу окуучулардын баалоого болгон позитивдик мамилесинин калыптанышына жана натыйжага жетишүү үчүн жоопкерчилигинин жогорулашына мүмкүнчүлүк берет. Критерий бул белги, ага негизделип жүргүзүлө турчу баа берүү, көрсөтүлгө н талаптарга бир нерсенин ылайык келуүсүнө баа берүү боюнча чечим кабыл алуу эрежеси. *Баа берүүнүн критерийлерин иштеп чыгууда сабактын максаты жана мазмуну жөнүндө ар дайым эсте тутуу маанилүү.Критериалдык баалооКритериалдык баалоо Билим берүү процессинин катышуучуларына күн мурун белгилүү болгон , биргелешип иштелип чыккан, так аныкталган окуу жетишкендиктери менен окуу-таанып-билүү компетентүүлуктөрдү калыптандырууга өбөлгө түзүүчү максаттар жана мазмуундарга тийиштуү критерийлерди салыштырууга негизделген процесс. Критериалдык баалоо негизги мааниси– Окуучунун озунө, күн мурун иштелип чыккан так аныкталган критерийлердин негизинде баа берүү жана текшерүү иш аракеттерин калыптандыруу,-Башкалар менен салыштырбай туруп, баланын жекече өнүгүү динамикасына байкоо жүргүзүү.Ар бир баалана турчу жумушкаАткарылган окуу тапшырманын натыйжасы идеалда (в идеале) кандай көрүүнөрү так көрсөтүлүп берилет; Баалоо, окуучунун берилген максатка жакындап келүү даражасын аныктоо шкала катары билдирет. Мугалим баалоонун кайсы бир турун колдонгон учурда диагноздоочу, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу , аткарылган ишке баа коюлса, баа коюулбаса да, баалоонун критерийлерин пайдаланышы керек. Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн? |