Главная страница

Конспект план 6-класс на кыргызском языке. конспект план. 1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу


Скачать 80.22 Kb.
Название1сабак Числосу 6классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу
АнкорКонспект план 6-класс на кыргызском языке
Дата27.12.2022
Размер80.22 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаконспект план.docx
ТипДокументы
#865770
страница1 из 5
  1   2   3   4   5


1-сабак

Числосу 6-классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу. Курчаган чөйрөнүн объекттери
Сабактын максаты:

  • предметтик –компьютердин негизги түзүлүштөрү жанаалардын аткарган функциялары боюнча системалаштырылган түшүнүктөрдү алышат;

  • метапредметтик –информацияны иштетүүчү уни-версалдуу түзүлүш катары компьютер тууралуу жалпылаган түшүнүктөрдү билишет;

  • жеке инсандык –азыркы замандагы адамдын турму-шундагы компьютердин ролун түшүнүп; компьютердин негизги мүмунчүлүктөрү тууралуу билимдерин өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен байланыштыра алат; эсептөө техникасынын тарыхына байланыштуу суроолорго кызыгуу.


Чечилүүчү окуу маселелери:
А. компьютердин маңызын универсалдуу (1) электрондук (2) программалык-башкаруу (3) түзулүштөр катары түшүнүшөт;

Б. компьютердин негизги түзүлүштөрү тууралуу түшүнүктөрдү анын аткарган кызматтары көз карашында жалпылап; адам менен компьютерди салыштырууну жүргүзүшөт;

В. компьютердин негизги мүнөздөмөлөрүн билишет;компьютердеги информациялык агымдардын схемасынкөрүшөт.

Негизги түшүнүктөр: компьютер; процессор; эс; информацияны киргизүү түзүлүштөрү; информацияны чыгаруу түзүлүштөрү.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары:

- мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык проектор, экран, окуучулардын ПК.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү

Сабактын башталышында «Компьютердин негизги компоненттери жана алардын аткарган функциялары» презентацияны колдонуу менен жаңы информация берилет. Презентациянын жүрүшүндө “Компьютер жана анын аткарган кызматы” анимациясын көрсөтүү керек. Информациялык агымдардын схемасын кароодо “Санариптик ЭЭМдин түзүмү-магистраль (шина)” анимациясын колдонобуз. Алынган информацияны бекемдөө максатында “Компьютердин түзүлүшү-1” программа-тренажёрун колдонуп, окуучулардын жеке ишин уюштуруу же тапшырманы фронталдык чоң экранда аткартуу.

Үй тапшырмасы. § 1, 1–11-суроолор жана тапшырмалар.

Компьютердик практикум

1-иш. Компьютерди башкаруунун ыкмалары.

2-сабак

Числосу__________________ 6- классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________

Сабактын темасы: Персонал компьютер

Сабактын максаты:

  • предметтик –компьютердин негизги түзүлүштөрүн жанаалардын актуалдуу мүнөздөмөлөрүн билишет;

  • метапредметтик –персонал компьютердин негизгитүзүлүштөрүнүн аткарган кызматтарын түшүнүшөт;

  • жеке инсандык –азыркы замандагы адамдын турмушун-дагы компьютердин ролун түшүнүшөт; компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билимдерин өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен байланыштыра алышат.


Чечилүүчү окуу маселелери:

А. окуучулардын персонал компьютер жөнүндөгү билимдери систематизацияланат;

Б. персонал компьютердин түзүлүштөрүн негизги сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрү менен таанышышат (учурдагы абалдары боюнча);

В. компьютерди Интернетке чыгуунун аспабы катарында кароо түшүнүктөрүн билишет ; компьютердик түйүндөр тууралуу жалпы түшүнүктөрдү калыптандырышат, маалыматтарды берүү ылдамдыгы түшүнүктөрүн билишет.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: персонал компьютер; системдик блок: башкы плата; борбордук процессор;оперативдик эс; катуу диск; сырткы түзүлүштөр: клавиатура, маус, монитор, принтер, акустикалык колонкалар; компьютердик түйүн; сервердик компьютер, жумушчу компьютер.


Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:

1.§ 1 карата окулуп үйрөнгөн суроо, тапшырмаларды текшерүү;

2.үйгө берилген тапшырмаларды (прак. тапшырмалардан) көз жүгүртүп текшерүү;

3.компьютердин ички ЭСи жөнүндө бир окуучунун айтып берүүсүн жалпы класс менен угуу.

Сабактын андан аркы жүрүшүн «Персонал компьютер» презентациясын колдонуу аркылуу улантуу керек. Кошумча материал катарында «Системалык блоктун бєөлүктөрү», «Системалык блок (артынан көрүнүшү)», «ЭЭМдин ачык архитектурасы» анимацияларын колдонуу сунуш кылынат. Бул окуу материалдарын берүү убагында №6,№12 тапшырмаларын аткаруу менен жыйынтыктарын талкуулоо сунуш кылынат.

Сабактын практикалык бөлүгүндө тексттик процессордо компьютердик практикумду аткарууну уюштурса болот.

Үй тапшырмасы. § 1 ылайык 1–11-суроолор жана тапшырмалар каралат.

Компьютердик практикум

1-иш. Компьютерди башкаруунун ыкмалары.

3-сабак

Числосу__________________ 6- классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Персонал компьютердин программалык жабдылышы. Системалык программалык жабдылыш
Сабактын максаты:

А.предметтик – персонал компьютердин программалыкжабдылышы жана анын негизги топтору тууралу билишет;

Б.метапредметтик – персонал компьютердин системдик программалык жабдылышынын аткарган кызматтарын түшүнүшөт;

В.жеке инсандык – азыркы замандагы адам баласынын жашоосундагы компьютердин ролун түшүнүү; информациялык коопсуздуктун маанилүү багыты катарында вирустан коргонуунун маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

А.персонал компьютердин программалык жабдылышы тууралуу окуучулар маалымат алышат;

Б.системалык программалык жабдылыштардын түрдүү категориялары тууралуу түшүнүктөрдү системдештирет;

В.операциялык системаларды жана алардын аткарган функциялар менен таанышышат.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: программа;

программалык жабдуулар (ПЖ); системалык ПЖ; операциялык система; архиватор; антивирустук программа.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.

Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү

Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:

1.§ 2 суроолору боюнча өтүлгөн материалдарды кайталоо;

2.үйгө берилген тапшырмаларды көз жүгүртүп текшерүү. Сабактын материалын «Компьютердин программалык жабдылышы» презентациясын колдонуу менен берсе болот (электрондук тиркемеде).Толуктоо максатында«Персонал компьютердин программалык жабдылышынын структурасы», «Системдик программалык жабдылыш», «Операциялык система» презентацияларын колдонгон ылайык.

Сабактын практикалык бөлүгүндө кандай антивирустук программа мектепте колдонулса ошол программа менен иштөөнүн төмөндөгү планын колдонуу сунуш кылынат:

1.антивирустук программаны жүктөө;

2.программа жүктөлгөндөн кийин негизги мүмунчүлүктөрү менен таанышуу;

3.антивирустун базасын жаңылоо функциясын ишке чегүү;

4.локалдык дискти, флешканы же тандалып алынган папканы сканерлөө жумуштарын аткаруу.

Үй тапшырмасы. § 2 параграфындагы 1–11-суроолорду жана тапшырмаларды аткаруу.

Компьютердик практикум

2-иш. Файлдарды түзөбүз жана сактайбыз.
4-сабак

Числосу__________________ 6- классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________

Сабактын темасы: Колдонмо программалык камсыздоо
Сабактын максаты:

  • предметтик –программалоо тууралуу түшүнүктү профессионалдык ишмердүүлүктүн ­ бир сферасы катары билишет; башка ишмердүүлүктөрдө компьютерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү туурасындагы түшүнүктөрдү алышат;

  • метапредметтик –персонал компьютердин программалык жабдылышынын аткарган кызматын түшүнүшөт;

  • жеке инсандык –программалык жабдылыштардын колдонуунун укуктун нормаларын түшүнүп; колдонулуп жаткан программалык жабдылышка жоопкерчилик менен мамиле жасоону үйрөнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

  1. окуучулардын программалоо ишмердүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктөрүн өнүктүрүү;

  2. прикладдык программалык жабдылыш түшүнүктөрүн

системалаштыруу;

  1. программалык жабдылыштарды колдонуунун укуктук нормаларын кароо.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: программалык камсыздоо (ПК); колдонмо ПК; программалоочу система; жалпы максаттагы тиркемелер; атайын максатка ылайыкталган тиркемелер; ПКнын укуктук статусу.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:

  1. § 3 суроолору боюнча өтүлгөн материалдарды кайталоо;

  2. үйгө берилген тапшырмаларды көз жүгүртүп текшерүү;




  1. Толуктоо иретиндеги берилген тапшырмаларды текшерүү. Сабактын материалын «Компьютердин программалык камсыздоосу» презентациясын колдонуу ылайык (электрондук тиркемеде).Толуктоо максатында«Программалоо системалары», «Прикладдык программалык камсыздоо» презентацияларын колдонсо болот.

Өзгөчө колдонулуп жаткан программалык камсыздоолордун укуктук нормаларына көңүл буруу зарыл. Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулардын иштөөсүн Интернет ресурстарын колдонуу менен уюштурган туура:

1.Интернетте Gimp программасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды жана бул программанын лицензиялык макулдашуу баракчасын табуу;

2.Интернетте Adobe Photoshop программасынын мүмунчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды жана бул программанын лицензиялык макулдашуу баракчасын табуу;

3.Бул эки программанын мүмунчүлүктөрүн салыштыруу;

4.Бул эки программанын колдонуунун шарттарын салыштыруу (лицензия тексттери боюнча);

5.Кайсы программаны колдоно турганыңарды айтып бергиле.

Үй тапшырмасы. § 2 параграфындагы 1–11-суроолорду жана тапшырмаларды аткаруу.

Компьютердик практикум

2-иш. Файлдарды түзөбүз жана сактайбыз.


5-сабак

Числосу__________________ 6- классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы:Алгоритмдештирүүнүн негиздери. Турмуштук маселелер. Алгоритм деген эмне?
Сабактын максаты:

А. предметтик –информатиканын негизги түшүнүктөрүнүнбири болгон алгоритм түшүнүгүн алышат;

Б. метапредметтик –коюлган максатка жетүүнүн жолдорунөз алдынча пландап билип; өзүнүн жасаган иштерин пландалган жыйынтыктар менен салыштыра алышат, өзүнүн ишмердүүлүгүн текшерип, берилген шарттарга ылайык жасалуучу аракет-ердин ыкмаларын аныктай алышат, өзгөрүлгөн абалга жараша өзүнүн аракетин ылайыктап; окуу тапшырмаларынын аткарылышынын тууралыгын баамдай алышат;

В. жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

  • схемалар жана алардын түрлөрү тууралуу түшүнүктөрдү бекемдөө


  • күнүгө ар бир адам чече турган турмуштук тапшырмалардын алкагын аныктоо;



  • көптөгөн тапшырмаларды чече ала турган инструмент катары алгоритм жөнүндө түшүнүк берүү;

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: маселелердин коюлушу; баштапкы маалыматтар; жыйынтык; алгоритм.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

  1. «Алгоритм деген эмне?» презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:

Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:

1.Үй тапшырмасын текшерүү жана талкуулоо;

2. § 4 ылайык теориялык материалды берүү. № 3 тапшырманы класста аткаруу.

Сабактын практикалык бөлүгүнн окуу материалындагы № 4 тапшырманын негизинде уюштурса болот.

Үй тапшырмасы: § 3; № 1, № 2, № 3, № 4, № 5

Компьютердик практикум

4-иш. Кайталануучу фигураларды тартуу. Тапшырмаларды чыгаруудагы жооптор жана көрсөтмөлөр.

Окуу китебиндеги тапшырмалар:


    • 3. Эгиз бир туугандар – Б1 жана Б2, энеси – Э, атасы – А болсун дейли. Бир жээктен экинчи жээкке өтүүнүн планы төмөнудөй болушу мүмкүн:

1) Б1 жана Б2; 2) Б1; 3) Э; 4) Б2; 5) Б1 жана Б2; 6) Б1; 7) А;8)Б2.

6-сабак

Числосу__________________ 6-классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы:Алгоритмдер жана аткаруучулар. Аткаруучулардын түрдүүлүгү. Формалдык аткаруучу жана автоматташтыруу

Сабактын максаты:

А.предметтик – алгоритмди аткаруучу тууралуу түшүнүк алышат;

Б.метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландап билүү менен өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүүлөрдү киригизе алышат,

В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштырып, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:

  • алгоритмдер жөнүндөгү түшүнүктөрдү бышыктоо;

  • аткаруучулар жөнүндөгү түшүнүктөрдү системалаштыруу;

  • формалдуу аткаруучу жана анын мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү түшүнүктөрдү калыптандыруу;

  • адамдар, компьютерлер тарабынан жана алгоритмди аткаруучулар тарабынан аткарган функциялар жөнүндөгү жалпы түшүнүктөрдү калыптандыруу.




Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; аткаруучунун командалар системасы; формалдуу аткаруучу; автоматташтыруу.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1) «Алгоритмдер жана аткаруучулар» презентациясы; Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

2) КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Кузнечик аткаруучу.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:

Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруу жана текшерүү этабында практикалык тапшырмалардын аткарылгандыгын көз жүгүртүп текшерип коюу жетиштүү болот.

Бул сабактын тематикасы практикалык тапшырмаларда кеңири берилген.

Үй тапшырмасы: § 4, № 1–№ 9.

3-иш. Абсолюттук жылышуу командасы менен параллелограммды чийүү.

Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгаруулар:

Окуу китебиндеги тапшырмалар:

  • 3. 1) Оркестр дирижёрдун көрсөтмөлөрүн аткаруучу формалдык аткаруучу болуш керек. 2) Окуучу – формалдуу эмес аткаруучу. 3) Фармацевт – формалдуу аткаруучу. 4) Врач – формалдуу эмес аткаруучу. 5) Конвейердеги автомат – формалдуу аткаруучу. 6) компьютердеги программа – формалдуу аткаруучу, ошондуктан ал колдонуучуга сөздү алмаштыруунун варианттарын сунуштайт.

7-сабак

Числосу__________________ 6-классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Алгоритмдин жазылыш формалары
Сабактын максаты:

А. предметтик – түрдүү алгоритмдердин жазылыш формалары жөнүндө түшүнүк алышат;

Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландай билшет; өзүнүн аракеттерин текшерип туруушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иш-тердин ыкмаларын аныктап, өзгөрүпп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүүлөрдү киргизишет; окуу тапшыр-маларынын туура аткарылгандыгын баалоо; информациялык моделдөөнү билишет.

В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- алгоритмдер жана аткаруучулар жөнүндөгү түшүнүктөрдү бышыктоо;

- окуучулардагы алгоритмдин жазылыш формалары тууралуу түшүнүктөрдү системалаштыруу;

- алгоритмди жазылыш формасы катарында блок-схема түшүнүгүн киргизүү.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; блок-схема.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК. Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

  1. «Алгоритмдер жана аткаруучулар» презентациясы; Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

  2. КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Кузнечик алгоритм аткаруучу.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:

Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:

1.Окуучулар окуу материалдагы суроолорго жооп беришет;

2.Практикалык тапшырмалардагы аткарылуучу маселелерди көз жүгүтүп текшерүү жана талкуулоо жүрөт;

Жаңы материалды берүүдө окуучулардын көңүлүн алго-ритмдердин жазылыш формаларынын кээ бири аларга жакшы тааныш экендигин баса белгилеп (мисалы, тизмектелип же таблица түрүндө берилиши), алгоритмдин блок-схема түрүндө берилишине убакытты көбүрөөк бөлүү керек.

Окуу материалын бышыктоо 1–4-тапшырмаларды кароо менен жүргүзөт.

Үй тапшырмасы: § 5 окуу китеби, № 1–№ 4.
  1   2   3   4   5


написать администратору сайта