Главная страница
Навигация по странице:

  • Эс тузулуштору.

  • Тез эс (оперативдик эс).

  • системалык блок. Системалык блок


    Скачать 25.86 Kb.
    НазваниеСистемалык блок
    Анкорсистемалык блок
    Дата15.11.2021
    Размер25.86 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файласистемалык блок.docx
    ТипДокументы
    #272246



    Системалык блок.

    Системалык блок сырткы корунушу боюнча жонокой корунгону менен, компьютердин курамындагы эн негизги тузулуш. Системалык блоктун компоненттери темир же пластик кутунун ичине орнотулат. Жеке компьютерлерде бардык компоненттер системалык блоктун ичинде жайгашат. Ал эми чоң жана кубаттуу компьютерлердин компоненттери башка орундарда озунчо жайгаштырылышы мумкун. Системалык блоктун компоненттерине энелик плата, микро жана борбордук процессорлор, розеткалар, эстер, сопроцессорлор, шиналар, кеңейтуу орундары, порттор жана бириктиргичтер, азыктандыруучу блогу ж.б. кирет.

    Энелик плата. (системалык плата)

    Системалык блоктун эн негизги компоненттеринин бири болуп энелик плата эсептелет. Кээде аны системалык плата деп да аташат. Энелик платада процессордун, математикалык сопроцессордун жана башка коптогон жардамчы тузулуштордун микросхемалары жайгашат.

    Турдуу компьютердин системалык платалары турдуучо олчомдо, турдуу абалда жайгашуусу мумкун. Ошондой эле системалык платада оперативдуу жана туруктуу эстин микросхемалары жайгашат. Башка микросхемалар ушул платага туташтырылгандыктан муну энелик плата деп айтышат. Ал компьютердин курамындагы эн чон электрондук компонент жана олчому боюнча да эн чон плата. Ал системалык блоктун бир капталын толук ээлейт да, системалык блоктун калган компоненттери ушул платада жайгашышат.

    Энелик платанын башкы компоненттеринин бири микропроцессор.

    Микро же борбордук процессорлор.

    Жеке компьютерлерде борбордук процессор (БП-CPU) же микропроцессор деп аталган озунчо интегралдык схема энелик платага орнотулган. Интегралдык схема ошондой эле чип деп да аталып, электрондук схема турундо кремний тибиндеги материалдан жука плата турундо жасалат. Жеке компьютерлерде бир, ал эми универсалдык жана супер компьютерлерде бир же бир нече сандагы борбордук процессорлор орнотулат.

    Борбордук процессор башкаруучу жана арифметикалык-логикалык тузулуштордон турат. Аталаган эки компонент биригип эсте сакталган программа жана берилгендерди пайдаланып иштетуу амалдарын аткарат.

    Башкаруучу тузулуш компьютердин мээси катары каралып, компьютердин иштешин башкарып турат. Башкаруучу тузулуш машина циклы деп аталган торт аракетти кайталап аткарат. Машина циклынын аракеттерине тандоо, декоддоо, аткаруу жана сактоо кирет. Тандоо каражаттары программанын кийинки буйругун эстен алат, декоддоо программадагы буйрукту компьютер иштете турган буйрукка которот. Иштетуу аракетинде буйрук аткарылат жана жыйынтыгы эске жайгаштыруу менен сактоо аракети аткарылат. Тандоо менен декоддоо аракеттери буйрук циклы деп аталса, аткаруу жана сактоо аракеттери аткаруу циклы деп аталат.

    Арифметиклык-логиктык тузулуш. Борбордук процессордун экинчи бир болугу арифметикалык-логикалык тузулуш болуп саналат. Ал арифметик жана логикалык амалдарды аткарууга зарыл болгон электрондук схемалардан турат. Арифметик (кошуу, кемитуу, кобойтуу жана болуу) жана логикалык (чын, жалган) амалдарды аткарат.

    Башкаруучу жана арифметикалык-логикалык тузулуштор берилгендерди убактылуу сактоочу эс катары регистрлерди кармашат. Регистрлер учурда аткарылып жаткан программа буйругун, кийинки буйруктун дарегин жана иштетилип жаткан берилиштин маанисин сактайт.

    Башкаруучу тузулуш компьютердеги бардык амалдарды синхрондоодо же убакытты текшеруудо системалык саатты пайдаланат. Системалык саат убакытты корсоткон кадимки саат эмес, ал микросхема турундо тузулуп убакыттын турактуу интервалында электрондук импульсту жаратып турат. Башкаруучу жана арифметикалык-логикалык тузулуштордо бир кадам ичиндеги аракеттер бир учурда аякталат.

    Борбордук процессорго болгон эн негизги талап - анын ондурумдуулугу. Убакыт бирдигинде канчалык коп каманда аткара алса, ошончолук ондурумдуу, жакшы процессор деп эсептелет.

    Процессор тактылык жыштык корсоткон ритм менен иштейт. Каалагандай команданы аткаруу учун процессордун иштоо циклы этаптарга (циклдерге) болунот. Жонокой командалар бир нече тактыда аткарылат. Ал эми татаалдары он, жуз жана андан коп тактаны ээлешет. Такталык генератор корсоткон жыштык канчалык жогору болсо, процессор ошончолук тез иштейт. Бул жыштык "мегагерц" (МГц) менен олчонот. 1Мгц-секундасына миллион тактты тузот.

    Биринчи борбордук процессорлор бир нече мегагерц болгон тактылык жыштык менен гана иштеген. Азыркы чыгарылган процессорлор 3000 Мгцтен жогору жыштыкка ээ. Ошондой эле акыркы процессорлор ички амалдарды аткарууда жыштыкты бир нече эсеге кобойтуу касиетине ээ болуп, алардын ички жыштыгы 4000-5000 Мгцке чейин жетет.

    Компьютердин ылдамдыгына таасир тийгизген элементтердин дагы бири бул - борбордук процессордо иштетилген соз олчому. Борбордук процессордо бир учурда иштетиле турган биттердин саны соз олчому деп аталат. Машинанын соз олчому бит менен олчонот жана создордун олчому 8 , 16 , 32 , 64 жана 128 битке барабар. Ал эми ар бир такталык абалдардын сандык маанилери бит деп аталат.

    Компьютерди оркундотуучу ячейкалар (розеткалар)

    Айрым энелик платаларда микропроцессорду оркундотуучу ячейкалары бар. Алар борбордук процессордун кубаттуулугун жогорлотуу учун кошумча микросхемаларды орнотууда колдонулат.

    Оркундотуучу ячейкаларга жогорку кубаттуулуктагы микропроцессорлорду орнотуу менен эски компьютердин кубаттуулугун жогорулатып алууга болот. Оркундотуучу ячейкага жаңы процессор орнотулса, эскиси автоматтык турдо иштебей калат. Копчулук компьютерлерде оркундотуучу ячейкалар болгону менен энелик плата менен борбордук процессорлордун айрым параметрлери дал келбей калса кубаттуулугу жогору болгон микропроцессорду орнотууга мумкун эмес.

    Эс тузулуштору.

    Эс интегралдык схема турундо берилип, ал программа жана берилгендерди убактылуу сактайт. Эстин микросхемалары (чиптери) энелик платага же ушул сыяктуу схемалык платаларга бекитилет. Айрым эстер борбордук процессордун кристалдарынын ичине жайгаштырылат. Эс томонку уч турдогу маалыматтарды сактайт:

    1) иштетуу системасын жана компьютердин тузулушторунун иштери багыттаган программалык жабдылыштарды;

    2) учурда колдонулуп жаткан колдонмо программаларды;

    3) колдонмо программа пайдаланып жаткан берилгендерди.

    Эстин негизги бирдигин байт тузот жана ар бир байт 16 лык эсептоо системасынын сандары менен номерленет. Ал номер ошол байттын дареги деп аталат. Эстин колому Килобайт, Мегабайт, Гегабайт, Терабайт менен олчонот. Эстин томондогудой 3 туру бар:

    1) тез эс(RAM);

    2) турактуу эс(ROM);

    3) CMOS.

    Тез эс (оперативдик эс).

    Оперативдик (RAM-Random Access Memory) эс энергияга коз каранды, анда сакталган программа жана берилгендер энергия очурулгондо очуп калат. Муну айрым учурларда убактылуу эс деп да атап коюшат. Ошондуктан пайдаланууга керек болгон берилгендерди компьютер очурулгонго чейин оперативдик эстен сактоочу тузулушторго сактап коюу керек. Азыркы учурда жаңы типтеги эс катары флеш (flash) эси колдонулууда, анын айырмасы энергия очурулсо да сактоо жондомдуулугун жоготпойт. Флеш эси которуп журуучу кичине компьютерлерде дисковод турундогу тузулуш катары колдонулат.

    Бугунку кундо IBM тибиндеги компьютерлерде оперативдик эс катары SIMM (жалгыз иштоочу эс модулу) же DIMM ( жуп иштоочу эс модулу) колдонулат. SIMM-бул кичине схемалик плата, анда коп микросхемалар платанын бир жагында орнотулган. SIMM платасынын жалпы колому 1,2,4,8,16,32 МБ тузот жана энелик платада жайгашат. DIMM платасы SIMM платасынан айрымасы олчому жагынан бир аз чоң жана эс тин колому бир топ эсе чоң.

    Ошондой эле азыркы учурда оперативдик эстин жаңы туру DDR колдонула баштады. Ал Pentium IV жана андан кийинки Celeron компьютерлеринде колдонулат.

    Коп компьютерлердин ондурумдуулугун кэш эсти колдонуу менен жогорулатууга болот. Кеш эс адатта борбордук процессор менен башкы оперативдик эстин ортосуна орнотулуп, анда программа менен берилгендер сакталат. Процессор керектуу маалыматты же программанын буйругун адегенде кэш эстен издейт, эгерде алар кэш эсте жатса, анда процессор тиешелуу аракетти аткарууда маалыматты башкы эстен алганга караганда тез аткарат. Кийинки жаңы микропроцессорлор эки деңгээлдеги кэш эске ээ. Микропроцессордун микросхемасында орнотулган эс 1-деңгээлдеги же ички кэш эс деп аталат, 2-деңгелдеги кэш эс борбордук процессордун болугу болбостон энелик платада орнотулат.

    Туруктуу эс. Туруктуу эстер (ROM -Read Only Memory)) озунчо чипте жайгашат, анда программалар жана маалыматтар жазылат. Бул эстеги маалыматтар озгортулбойт, андан маалымат гана окулат жана энергияга коз каранды болбойт, б.а. энергия очуп калса да, андагы маалыматтар очпойт. Компьютерди электр тармагына туташтырганда иштетууго керек болгон программалар жана берилгендер адатта туруктуу эске жазылат. Автомобилдерде жана башка тузулуштордо пайдаланылган компьютерлерде туруктуу эстер кеңири колдонулат. Туруктуу эсте сакталган программалар микропрограммлар деп аталат.

    CMOS (Complementary Metal-Oxide Semiconductor- Метал-Оксиддуу Кошумча жарым откоргуч). Компьютердин системасы жонундогу маалыматтарды, эстин колому, клавиатура жана монитордун типтери, дисководдун турлору ж.б. маалыматтар CMOS эсинде сакталат. CMOS эси дата жана убакытты алып журот. Бул эске сактоодо батареянын кубатындагыдай ото аз энергия талап кылынат.

    Эстин ылдамдыгы. Эстен берилгендерди табууга жана аны алууга кеткен убакыт эстин ылдамдыгы деп аталат. Эстин ылдамдыгы ноносекунд менен олчонот, ал секунданын млярддан бир болугуно барабар. Копчулук оперативдик эстердин ылдамдыгы 50 дон 100 ге чейинки ноносекундду тузот. 2-денгээлдеги кэш эс башка эстерге караганда тез жана анын ылдамдыгы 10-50 ноносекундга барабар. Туруктуу (ROM) эстин ылдамдыгы 50- 250 ноносекундду тузот. Регистрлер жана 1-денгээлдеги кэш эстер бардык эстердин ичинен эң тези, алардын ылдамдыгы 1 - 10 ноносекунд. Салыштыруу максатында катуу дисктеги маалыматка жетуу ылдамдыгы 10-20 миллисекунд, бир миллисекунд секунддун миңден бир болугу. Ошентип, катуу дискке жетуу ылдамдыгы 15 миллисекунд деп алсак, жетуу убактысы 70 ноносекунд болгон эске 2500 эсе тез жетууго болот.

    Компьютердин кубаттуулугун сопроцессор деп аталган микропроцессордун жардамы менен чоңойтууга болот. Сопроцессорлор (Coprocessors) белгилуу бир маселени иштетууну ылдамдатуу максатында тузулот. Математикалык сопроцессорлор сандык амалдарды тез аткарууга комоктошот. Айрым сопроцессорлор графикалык маалыматтарды корсотууну тездетуудо, айрымдары байланышты ишке ашырууда колдонулат.

    Компьютер берилгендерди электрондук биттердин тобу турундо сактайт жана иштетет. Биттер электр импульсу турундо компьютер схемаларынын ичиндеги жолдор менен берилип турат. Жолдордун айрымдарын зымдар, айрымдарын схемалык платалар же микросхеманын ичине орнотулган откоргуч зымдар тузот.

    Шиналар (жолчолор). Биттер жиберилуучу ар кандай зымдардын тобу жолчолор (Buses-шиналар) деп аталат. Жолчолор биттерди киргизуучу тузулуштон эске, эстен БОРБОРДУК ПРОЦЕССОРГО, борбордук процессордон эске, эстен чыгаруучу же сактоочу (эске тутуу) тузулушторуно жиберуудо колдонулат. Айрым жолчолор сактоочу тузулуштордун даректери учун, сигналдар жана берилгендерди башкарууда колдонулат. Кеңейтуу жолчосу аркылуу кеңейтуу орундарына жаңы орнотулган тузулуштордон берилгендер келип турат. Копчулук жолчолор туздон туз эс менен бириктирилет, ал эми айрымдары оперативдик эсти айланып отуп борбордук процессор менен бириктирилет жана алар жергиликтуу шиналар деп аталат. Компьютерге жаңы орнотулуучу тузулуштор белгилуу типтеги жолчолор менен гана иштей алгандай болуп жасалат. 16 разряддуу жолчолордун 16 откоргуч зымы болот жана бир учурда 16 бит маалыматты жибере алат. 32 разряддуу жолчолордо бир учурда 32 бит маалымат бир жерден экинчи жерге жиберилет. Жолчолор аркылуу жиберилуучу биттердин саны коп болсо, компьютер берилгендерди ошончо тез жиберип турат. Жолчолорду маршруту 8 разряддуу битти ээлеген бир трассалуу жол деп элестетсек, 16 разряддуу жолчо эки трассалуу жол катары берилгендерди эстен борбордук процессорго бир учурда жибере алат.

    Биринчи чыккан компьютерлерде ISA деп аталуучу ондуруштук стандарттагы шиналар колдонулган. Бул шина дагы эле популярдуу жана колдонулат. Ал 16-биттуу шинага ээ. Слоттору болсо 98-контактуу. Кийинчерээк IBM фирмасы MCA-Microchannel Architecture деп аталган жаны шина ойлоп тапкан. Бул шинанын эки туру бар 16 жана 32 биттуу. 16 биттуусу 58х2=116 контактуу 32 биттуу 93х2=186 контактуу башка фирмалар МСА га альтернативалуу болгон EISA шинасын ишке киргизишкен (Extended Industry Standard Architecturae). Жогоруда каралган шиналар (ISA EISA) глабалдык шиналарга киришет. Алар системалык платада созсуз болушат. Глабалдык шиналарга кошумча жардамчы катары локалдык шиналар да колдонулат. Алардын томонкудой турлору белгилуу: VESA-Video Electronics Standard Association PCI-Peripheral Companent Interconnect.

    Кеңейтуу орундары (Expansion Slots) же розеткалар схемалык платаларга жаңы тузулушту орнотуу учун колдонулат жана алар компьютердин мумкунчулугун жогорулатууга жардам берет. Тузулуштордун мумкунчулугун кеңейтуу учун колдонулган схемалык платалар кеңейтуучу карталар (card) деп аталат.

    Кеңейтуучу карталарды айрым учурда текшергич (контролер) картасы же адаптер деп да аташат. Карталар орнотулган розеткалар кеңейтуучу жолчолор менен бириктирилет жана берилгендерди эске же борбордук процессорго жиберип турат.

    Кеңейтуучу орундардын атайын тиби жеке компьютердин орун картасы деп аталып, алар кредиттик карта сыяктуу жука жана олчому андан чоң болбойт. Портативдик (колго алып журуучу) компьютерлерге орнотулуп кошумча эсти жана байланышты уюштурууда жана башка кошумча тузулуштордо колдонулат.

    Порт (Ports).

    Компьютерди кошумча (перифериялык) тузулуштор менен туташтырууда колдонулат. Порттордун копчулугу системалык блоктун арт жагында жайгашат жана турдуу типтеги кабелдер менен кошумча тузулушторду туташтырат. Кабелдердин учтарында бириктиргичтер орнотулуп, алардын жардамы менен портторго бекитилет. Бириктиргичтин айрымдары бир же бир нече учтардан турат. Розеткаларга туура келген патрондордо бириктиргичтердин учтарын орнотуу учун ошончо сандагы оюкчалар болот. Порттор параллел жана удаалаш болуп эки турго болунушот.

    Параллел порттор. Копчулук учурда параллел порттор колдонулат жана алар аркылуу 8 битмаалымат сегиз зымдуу кабел менен бир учурда жиберилет. Параллел порттор коп сандагы берилгендерди принтерлерге, дисктерге ж.б. тузулушторго жиберип же алардан алып турат. SCSI (Small Computer System Interface)- атайын типтеги параллел порт, ал аз орунду ээлейт жана анын жалгыз портуна жетиге чейинки тузулуш туташтырылат. Мисалы: LPI, ж.б.

    Удаалаш порттор. Удаалаш порттор бир учурда бир бит берилишти жибере алат. Чычкан, клавиатура жана модем тибиндеги тузулушторду туташтырууда удаалаш порттор колдонулат. Удаалаш порттордун атайын тиби болгон жана сандык интерфейстеги музыкалык инструмент же MIDI (Musical Instrument Digital Interface)) деп аталган порт электрондук музыкалык клавиатура плата тибиндеги музыкалык тузулушторду бириктируудо колдонулат. Удаалаш порттордо электр тоскоолдуктары аз болгондуктан узундугу 1000 футка (1фут=12 дюйм=30.48 см.) чейинки байланыштыруучу кабелдер колдонулат, бул параллел портордун салыштырмалуу артыкчылыгын билдирет. Акыркы жаңы технологиянын негизинде жасалган универсалдуу удаалаш портко (USB) 128 ге чейин тузулуш туташтырууга болот. Бул портторду колдонууда маалымат откоруу ылдамдыгы да бир топ эсе жогору болот.

    Коңулдар (Bays).

    Системалык блоктун ичиндеги кошумча тузулуштор орнотулуучу бош орундарды коңулдар (булуңдар) деп атайбыз. Бул орундар копчулук учурда дисководдор учун колдонулгандыктан, аларды орноткуч коңулдар деп дагы атап коюшат. Системалык блоктун жогору жагында катар жайгашкан эки же андан коп коңулдар торчолор деп аталат. Сырткы коңулдар киргизуу жана чыгаруу мумкунчулугуно ээ болгон сактоочу тузулушторуду, атап айтканда, ийилчээк дисковод, тасма жана CD - ROM тузулушторун орнотууда колдонулат. Ички коңулдарга сырттан жетууго болбойт жана алар катуу дисктин орноткучтарын орнотууда пайдаланылат.\

    Азыктандыруучу блогу (блок питания).

    Бул кубаттуулугу 115-250 в. болгон энергиянын чыңалуусун компьютерге жетиштуу деңгээлге озгортуп туруу милдетин аткарат. Компьютердин тетиктерин муздак абалда кармап туруу учун системалык блокто орнотулган желдеткичти да энергия менен камсыз кылып турат.


    написать администратору сайта