Главная страница
Навигация по странице:

  • Маселени чыгаруу

  • Арифметика жаңы 2.03.22. Умение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение


    Скачать 206.36 Kb.
    НазваниеУмение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение
    Дата04.04.2022
    Размер206.36 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаАрифметика жаңы 2.03.22.docx
    ТипРеферат
    #439739
    страница4 из 4
    1   2   3   4

    Пайыздык катышты табуу (Нахождение процентного отношения)

    1. Октябрь айында эттин баасы 360 сом болгон. Декабрь айында эттин баасы 550 сомго чейин көтөрүлдү. Канча пайызга эттин баасы жогорулаган.

    Жообу: 65,5 %

    1. Автомобильдин фильтрин алмаштыргандан кийин күйүүчү майдын чыгымы 10,2 литрден 8, 16 литрге чейин азайган. Күйүүчү майдын чыгымы канча пайызга чейин азайган?

    Жообу: 20 %

    1. Товар 150 сом турган, бирок 195 сомго чейин кымбаттаган. Товардын баасы канча пайызга кымбаттаган?

    Жообу: 30 %

    1. Үй куруучу фирмада 4 сварщик иштейт. Буга чейин алар бирдей эмгек акы алышкан. Аттестациядан кийин эмгек акылары, биринчисиники – 5 %, экинчисиники – 13 %, үчүнчүнүкү – 20 %, төртүнчүнүкү – 22 % көтөрүлгөн. Аттестациядан кийин сварщиктердин эмгек акылары канча пайызга жогорулаган?

    Жообу: 15 %

    1. Кант шаарындагы ТехноЛин ишканасы 2015-жылы 400000 тонна цемент өндүргөн. План боюнча алдыдагы жылдарда цементти өндүрүүнүн орточо жылдык өсүшү 4,6 миллион тоннага чейин көтөрүлөт. Алдыдагы жылдарда цементти өндүрүүнүн жылдык орточо көрсөткүчү 2015-жылга салыштырмалуу канча пайызга жогорулайт?

    Жообу: 1050 процентке жогорулайт.

    1. Эгемендүүлүктү алган жылдардан 2000-жылдарга чейин көмүр өндүрүү Кыргызстанда 130 миң тоннага көбөйгөн. Алдыдагы жылдарда көмүр казып алууну 202 миң тоннага көбөйтүү пландалууда. Алдыдагы жылдарда көмүр казып алуу 2000-жылдарга чейинки көмүр казып алуудан канча пайызга көбөйөт?

    Жообу: 55,3 пайызга.

    1. Кыргызстанда 2010-жылдан 2015-жылга чейин сүт өндүрүү 2,5 миллион тоннага жетсе. План боюнча 2020-жылга чейин сүт өндүрүүнү 7 миллион тоннага чейин жеткирүү пландаштырылды.

    2010-жылдан 2015-жылга чейинки сүт өндүрүүгө салыштырмалуу канча пайызга көбөйгөн?

    Жообу : 180 пайызга көбөйгөн.

    130. Бишкек жана Ош шаарларында керектүү азык-түлүктөрдү керектөөчүлөргө үйүнө жеткирип берүү кызматтары уюштурулган.

    Бишкекте керектөөчүлөргө 250 дүкөн, Ошто 100 дүкөн кызмат кылат. Оштогу дүкөндөргө караганда Бишкектеги тейлөө дүкөндөрү канча пайызга көп?

    Жообу: 150%.

    131. 2010 – жылы жогорку медициналык окуу жайлары өлкө үчүн 36 миң адисти, педагогикалык окуу жайлар – 12700 адисти, ал эми 2016-жылы жогорку медициналык окуу жайлары өлкө үчүн 71200 адисти жана педагогикалык окуу жайлар-26 миң адисти даярдашкан.

    2010-жылга салыштырмалуу 2016-жылы медициналык адистердин жана мугалимдердин даярдыгынын өсүш пайызын өз-өзүнчө аныктагыла.

    Жообу: 97,7%; 104,7%

    132. Төмөндөгү маалыматтар боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн өнөр-жай продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өсүү таблицасын толтургула:

    Өнөр-жай продукцияларынын негизги түрлөрү

    2010-жылы өндүрүлгөн

    2020-жылы өндүрүлөт

    2010-жылга салыштырмалуу 2020-жылдагы өсүш (прайыз менен)

    Аки таш (миң т.)

    2




    351%

    Уголь (миң тонна)




    1700

    227,2%

    Мазут (тонна)

    62559




    355,3%

    Электроэнергия (млрд. кВт-саат)

    11,9

    15,2





    133. Эгерде 2010-жылы алынган кант кызылчасынын түшүмүн 100% деп эсептесек, анда 2020 –жылы план боюнча кант кызылчасынын түшүмү 126% га көбөйүшү керек. 2020-жылы кант кызылчасынын түшүмү канча эсе көбөйөт?

    Жообу: 2,26 эсе.

    Норма боюнча кирпич коючу сменада 9000 даана кирпич коюга тийиш, бирок ал 10200 даана кирпич койду. Кирпич коючу тарабынан канча пайыз аткарылган?

    2. “Ала-Тоо” кирпич заводу 2019-жылдын январь айында 4500 даана кирпич өндүрүүсү керек. Бирок иш жүзүндө 5021 даана өндүрүлгөн. Январь айында өндүрүш канча пайызга планды аткарган?
    V. КАТЫШТАР ЖАНА ПРОПОРЦИЯЛАР

    134. Жаңы терилген алчаны кургаткандан кийин, 15% кургатылган алча болот. 120 кг алчадан канча кургатылган алча алабыз?

    Маселени чыгаруу:

    1. 120 кг жаңы алча – 100 %;

    2. х кг кургатылган алча – 15 %

    3. = ; х = = = 18 кг.

    Жообу: 120 кг жаңы алчадан 18 кг кургатылган алча алынат.

    135. Китепканага келген 300 окурмандын 108и – студенттер. Баардык окурмандардын канча процентин студенттер түзөт?

    Маселени чыгаруу:

    1. Баардык окурмандар – 300 - 100%

    2. Студенттер - 108 – х%

    3. Пропорция түзөбүз: =

    4. Х ти табабыз: х = ; х = 36

    Жообу: баардык окурмандардын 36% тин студенттер түзөт.

    1. Дүкөнгө 240 кг картошка, 360 кг кызылча алып келишти. Алынып келинген жашылчалардын канча бөлүгүн картошка, канча бөлүгүн кызылча түзөт? Баардык жашылчалардын канча пайызын картошка, канча пайызын кызылча түзөт?

    Жообу: 0,4;0,6; 40%; 60%

    1. 5 – класста 90 окуучу ал эми 6 – класста 60 окуучу окуйт. Баардык окуучулардын канча бөлүгүн 5 – класстын окуучулары түзөт? Жообун ондук бөлчөк, пайыз түрүндө көрсөткүлө.

    Жообу: ; 0,6; 40%

    1. Туристтер жолдун 32 км жөө, 104 км машина менен, 64 км дарыя боюнча сүзүп өтүштү. Баардык жолдун канча бөлүгүн жөө жүрүштү? Баардык жолдун канча бөлүгүн машина менен жүрүштү?

    Жообу: (же 0,16), (же 0,52)

    1. Кышкыга 8 кг малинадан, 15 кг кара өрүктөн, 17 кг карагаттан кыям жасалды. Баардык кыямдын канча бөлүгүн карагаттын (алма) кыямы түзөт?

    Жообу:

    1. Бала бакчага кызыл, көк, жашыл топторду алып келишти. Алар 5:7:6 катышында туура келет. Эгерде бала бакчага баардыгы болуп 540 топ алып келишсе, анда ар бир өңдөгү канчадан топ бар?

    Жообу: 150; 210; 180

    1. Дүкөндө картошка, кызылча жана сабиз 12:6:5 катышына туура келет. Эгерде дүкөндөгү баардык жашылчалардын салмагы 345 кг болсо, ар бир жашылчанын салмагын тапкыла?

    Жообу: 180 кг; 90 кг; 75 кг

    1. 24 кишиден турган бригада үйдү 5 күндө ремонттошту. 15 киши иштесе бул жумушту канча күндө бүтүрөт, эгерде ушундай эле кыймыл менен иштесе?

    Жообу: 8 күн ичинде

    1. Үйдү жылытуу үчүн күнүнө 0,5 тоннадан эсептеп, 160 күнгө жеткидей көмүр даярдалды. Эгерде ушул көмүр 200 күнгө жеткен болсо, анда күнүнө канча көмүр колдонулган?

    Жообу: 400 кг

    1. Үйдү жылытуу үчүн күнүнө 0,5 тоннадан эсептеп, 240 күнгө жеткидей көмүр даярдалды. Эгерде күнүнө 0,4 тоннадан колдонсо, даярдалган көмүр канча күнгө жетет?

    Жообу: 300 күнгө

    1. Кургатылган алманын салмагы жаңы алманын 12 % түзөт. 48 кг кургатылган алма алыш үчүн, канча жаңы алма керек?

    Жообу: 400 кг

    1. Кургатылган картошканын салмагы жаңы картошканын 17 % түзөт. 68 кг кургатылган картошка алыш үчүн, канча жаңы картошка керек?

    Жообу: 400 кг

    1. Сулуудан 40 % ун алынат. 26,5 тонна сулуудан канча ун алынат?

    Жообу: 10,6 тонна

    1. Каймактан 60 % сызгырылган май алсак болот. 8,5 кг каймактан канча сызгырылган май алабыз?

    Жообу: 5,1 кг

    1. 18 бирдей детальдын салмагы 82,8 кг болду. Ушундай 12 детальдын салмагын тапкыла?

    Жообу: 55,2 кг

    1. 12 бирдей прибор жасоо үчүн 16,8 кг металл керек болот. Ушундай 8 прибор жасоо үчүн канча кг металл керектелет?

    Жообу: 11,2 кг

    1. 6 бирдей пирог бышыруу үчүн 2,4 кг алманын кыямы керек болот. Ушундай 4 пирогду бышыруу үчүн канча алманын кыямы керектелет?

    Жообу: 1,6 кг

    1. 7,5 жаңы козу карындан 1,5 кг кургатылган козу карын алынат. 17,5 жаңы козу карындан канча кг кургатылган козу карын алса болот? (3,5 кг)

    2. 3,5 кг картошка үчүн 73,5 сом төлөштү. 10,5 кг картошка үчүн канча сом төлөш керек болот?

    Жообу: 220,5 сом

    1. Тикмечи 2,16 минутада 0,6 метр кездемени тигет. Тикмечи 1,44 минутада канча метр кездемени тигет?

    Жообу: 0,4 м

    1. 8 топ үчүн 720,8 сом төлөндү. Дене тарбия сабагы үчүн 50 топ сатып алыш керек. Бул канча акча турат?

    Жообу: 4505 сом

    VI. ТЕГИЗДИКТЕГИ ТИК БУРЧТУУ КООРДИНАТ СИСТЕМАСЫ

    156. Кыргызстандын картасы тик бурчтуу координаттар системасына коюлган, анда:

    Ар бир чекитке кайсы шаар туура келгендигин аныктагыла

    а) (5,3 ; -0,8) b) (-2,2; -3,9) c) (-3,2; -0,8) d) (-2,4; -4,5)

    Шаардын координаталарын аныктагыла: а)Бишкек; b)Нарын; c) Баткен.

    Маселеничыгаруу

    а) Координаталары (5,3 ; -0,8) болгон шаарга түшүү үчүн5 бөлүккө, дагы бир аз ОХ огу боюнча оңго (3 ондукка) жылабыз, андан кийин ылдыйга, бир бөлүктөн азыраакка түшөбүз. Натыйжада Ысык-Көл областынын борбору, Каракол шаарында болуп калабыз.

    b) Эгерде ОХ огу боюнча солго 2 бөлүккө жана дагы бир аз (2 ондукка) жылсак, андан кийин ылдыйга төрт бөлүктөн бир аз азыраакка түшсөк, координаталары (-2,2; -3,9) болгон шаарга түшөбүз. Бул Жалал Абад шаары, аты бирдей областтын борбору.

    с) (-3,2; -0,8) координаталуу шаар бул Талас, Талас областынын борбору.

    d) (-2,4; -4,5) координаталуу шаар бул Ош, Ош областынын борбору.

    **а) Биздин мамлекеттин борбор шаарынын координаталары координата тегиздигинин борборунун: (0; 0)координаталарына туура келет;

    **b)Нарын шаарынын координаталарын аныктоо үчүн, аны картадан табабыз. Андан кийин, бул чекит аркылуу өтүүчү вертикалдык сызыктын ОХ огу менен кесилишинен биринчи координата: 2 ни аныктайбыз. Бул чекит аркылуу өтүүчү горизонталдык сызыктын ОУ огу менен кесилишүүсү экинчи координата: -3 тү берет. Демек, Нарын областынын борбору (2; -3) координаталарга ээ;

    Эскертүү. Эгерде ар бир өлкө географиялык карталарды өзүнчө түзгөндө жана координаталар системасынын борборуна өзүнүн борборун койгондо, анда балким, башаламандык өкүм сүрмөк. Бактыга жараша, адамдарга макулдашуу туура келген жана жер бетиндеги чекиттердин координаталарын аныктоо үчүн атайын, географиялык координаталар — узундук жана кеңдик пайдаланылат.

    135. Координат системанын колдонуу менен көп бурчтуктун аянтын эсептөө маселеси өтө жөнөкөй болуп калат, аны көрсөтөлү.

    а) Чокулары A(2;1), B(2;3), C(5;3), D(5;1) чекиттеринде болгон тик бурчтуктун аянтын эсептегиле. б) ABCD тик бурчтугундагы АВС үч бурчтугунун аянты эмнеге барабар?

    Маселени чыгаруу:

    а) A чекитинен D чекитине чейинки аралык ОХ огундагы 2 жана 5 сандарына тиешелүү чекиттердин ортосундагы аралыкка, башкача айтканда 5 – 2 = 3 кө барабар экендиги түшүнүктүү. Ошондой эле, АВ кесиндисинин узундугу ОY огундагы 1 жана 3 сандарына тиешелүү чекиттердин ортосундагы аралыкка, башкача айтканда 3 – 1 = 2 ге барабар.

    Биз ABCD тик бурчтугунун узундугу AD жагы, ал эми кеңдиги АB жагы болуп саналат деп айтабыз.

    Ошондой эле, AD жагы ABCD тик бурчтугунун негизи, ал эми АB жагы анын бийиктиги болуп саналат.

    Тик бурчтуктун аянты тик бурчтуктун узундугу менен кеңдигинин, башка сөздөр менен айтканда, тик бурчтуктун негизи менен бийиктигинин көбөйтүндүсүнө барабар, ABCD тик бурчтугунун аянты 3 2 = 6 га барабар.

    Эскертүү. ABCD тик бурчтугу 6 квадратчадан турат, алардын ар биринин аянты бирге барабар экендиги белгилүү.

    б). ABCD тик бурчтугунда AC диагоналы аны ABC жана ACD үч бурчтуктарына бөлөт.Бул үч бурчтуктардын аянттары бирдей, ошондуктан ABC үч бурчтугунун аянты ACD үч бурчтугунун аянтына жана ABCD тик бурчтугунун аянтынын жарымына барабар, башкача айтканда ал 6 : 2 = 3 болот.

    Эскертүү.Тик бурчтуу үч бурчтуктун аянты негизин бийиктигине көбөйтүндүсүнүн жарымына барабар. Тик бурчтуу үч бурчтуктун кыска жактары - катеттер, узун жагы - гипотенузадеп аталышат.

    ABC тик бурчтуу үч бурчтугунда AB,BCкыска жактары - катеттер, ACузун жагы - гипотенуза болот.

    Чокуларынын координаталары белгилүү болсо, каалагандай көп бурчтуктардын аянттарын эсептөө жөнөкөй эле маселе болуп калааларын төмөнкү маселе менен негиздейли.

    1. Чокулары L(2; 1), M(1;4), N(8; 2) чекиттеринде болгон үч бурчтуктун аянтын эсептегиле.

    Маселени чыгаруу:

    Ч окулары L(2; 1), M(1;4), N(8; 2) чекиттериндеболгон үч бурчтуктун аянтын эсептегиле.

    Чыгарылышы.LMN үч бурчтугунун аянтын эсептөө үчүн, анын LMN үч бурчтугунун чокулары аркылуу өткөрүлгөн горизонталдык жана вертикалдык кесиндилер аркылуу түзүлгөн PMRQ тик бурчтугун алабыз. АндаLMN үч бурчтугунун аянты PMRQ тик бурчтугунун аянтынан үч тик бурчтуу: PML, MRN жана LNQ үч бурчтуктардын аянттарын алып салуудан келип чыгат. Бул болсо, биз жогоруда белгилегендей жөнөкөй эле маселе болуп калат.

    Ошентип, PMRQ тик бурчтугунун аянты = (8 - 1) (4 - 1) = 21;

    PML тик бурчтуу үч бурчтугунун аянты = 0,5(2 - 1) (4 - 1) = 1,5;

    MRN тик бурчтуу үч бурчтугунун аянты = 0,5(8 - 1) (4 - 2) = 7;

    LNQ тик бурчтуу үч бурчтугунун аянты = 0,5(8 - 2) (2 - 1) = 3.

    Демек, LMN үч бурчтугунун аянты= 21 – 1,5 – 7 – 3 = 9,5.

    Белгилеп кетүү керек, фигуранын аянтын адатта тиешелүү индекстери менен S тамгасы аркылуу белгилешет. Ошентип, 20.8. маселенин шарттарында, PMRQ тик бурчтугунун аянты SPMRQ менен белгиленет, PML үч бурчтугунун аянты - SPML; … , ал эми жоопту табуунун процесси: SLMN = SPMRQ - SPML - SMRN - SLNQ .

    1. Чокулары F(5; 1), G(3; -4), H(-1; 2) чекиттеринде болгон үч бурчтуктун сүрөтүн тарткыла жана анын аянтын эсептегиле.

    2. Чокулары A(-1; -2), B(5; 4), C(6; 2) чекиттеринде болгон үч бурчтуктун сүрөтүн тарткыла жана анын аянтын эсептегиле.

    138. Чокулары Е(-2; -3), F(-2; 3), G(5; 3), H(5; -3) чекиттеринде болгон тик бурчтукту чийгиле жана анын аянтын эсептегиле.

    139. Чокулары K(1; -5), L(1; 3), M(5; 3), N(5; -5) чекиттеринде болгон тик бурчтукту чийгиле жана анын аянтын эсептегиле.

    140. Чокулары E(-5; -2), F(-5; 4), G(3; -4), H(-1; -4), J(-1; -2) чекиттеринде болгон көп бурчтуктун сүрөтүн тарткылажана анын аянтын эсептегиле.

    141. Чокулары A(2; -2), B(2; 4), C(6; 2), D(6; -2) чекиттеринде болгон көп бурчтуктун сүрөтүн тарткылажана анын аянтын эсептегиле.

    1   2   3   4


    написать администратору сайта