Главная страница
Навигация по странице:

  • ДЕЙСТВИЯ С ЦЕЛЫМИ ЧИСЛАМИ

  • I. БҮТҮН САНДАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

  • Арифметика жаңы 2.03.22. Умение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение


    Скачать 206.36 Kb.
    НазваниеУмение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение
    Дата04.04.2022
    Размер206.36 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаАрифметика жаңы 2.03.22.docx
    ТипРеферат
    #439739
    страница1 из 4
      1   2   3   4

    ВВЕДЕНИЕ

    Умение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебно-воспитательное и практическое значение. В процессе решения задач учащиеся глубже осознают смысл арифметичиских действий и понятий, учатся разлагать сложное целое на более простые элементы, учатся анализировать. При решеении задач воспитывается воля, развивается логическое мышление, творчество, инициатива и конструктивные способности.

    Научить учащихся решать арифметичиские задачи – дело более трудное, чем научить овладению вопросами математической теории. Отсутствие достаточных навыков в решении задач является одной из важнейших причин снижающих успеваемость по математике и препятствующих успешно продолжать образование в средней шкле, техникумах и вузах.

    Прежде чем в достаточной степени привить учащимся соответствующие навыки необходимо обеспечить их интерес и стремление к решению задач, путем целесообразно подобранных задач из окружающей среды, повседневной жизни, из политики партии и правительства, из жизни нашей страны и вне ее пределов, из достижений промышленности и сельского хозяйтсва. Решение задач такого содержания безусловно будет содействовать повышению интереса учащихся к изучению математики.

    В современной практике преподования арифметики уделяется недостаточно внимания делу целесообразного подбора задач. Одной из причин этого положения является недостаточное количество задач имеющих вышеуказанное содержание. Большинство задач имеют устаревшее содержание и не вызывают интереса у учащихся. Передовые учителя отдельных школ нашей республики не ограничиваются сборником задач по арифметике, а составляют сами задачи с содержанием, интересным для учащихся, используя материалы окружающей среды, связанные с повседневной жизнью.

    Широко применяя решения задач приведенного содержания учитель добился глубоко усвоения учащимся програмного материала. Такая замечательная практика передовых учителей может служить примером правильного решения задач политехнического обучения на уроках арифметики, так как без овладения учащимися основ изучаемых ими наук нем ожет быть речи о политехническом обучении. Политехническое обучения не является придатком отдельных наук, изучаемых в школьном курсе, а тесно связано с изучением основ всех наук и строится на их фундаменте. С другой стороны, ясно видно, что решение задач на уроках арифметики с указанным выше содержанием способствует не только прочному усвоению проходимой темы, но и воспитывает учащихся в коммунистическом духе.

    Сведения, приведенные в материалах XX и XXI съездов, доведение истинного значения этих исторических решений до сознания учащихся являются первейшей обязанностью каждого учителя математики. Работа учителя в этом направлении повышает политический и идейный уровень урока, способствует расширению кругозора учащихся, вырабатывает и развивает у них коммунистические взгляды. Такой полезный опыт во многих школах не практикуется. Ни всякий учитель может составить задачу, связанную с жизнью, а в отдельных случая для составления задач с практическим содержанием не легко найти соответствующий материал. Поэтому надеемся, что наш сборник – “Арифметические задачи с производственным содержанием” пополнит сборник задач, применяемых в школах, и окажет полезную помощь учителям в решении вышепоставленных задач.

    Приведенные в сборнике задачи составлены в соответствии с разделами курса арифметики для V-VI классов. Укажем номера задач, имеющих практическое и производственное содержание, в сборнике задач, применяемом в школах.


    КИРИШҮҮ

    Азыркы учурдагы биздин Республикабыздагы билим берүү системасында жүргүзүлүп келген реформалар дагы аягына чыгарылып, келечектеги билим берүү алкагында стабилдүү өнүгүүнү аныктай турган бир катар укуктук-нормативдик документтер иштелип чыкты. Алардын бири “Кыргыз Республикасынын жалпы орто мектептеринде билим берүүнүн мамлекеттик жана предметтик стандарттары” (2014 – 2016-ж.ж.). Жалпы орто мектептеринде билим берүүнүн мамлекеттик стандартындагы негизги өзгөчөлүгү катары, үзгүлтүксүз улануучулук принцибине ылайыкталган үч баскычтагы (башталгыч, базалык – негизги жана профилдик) билим берүү системасынын так аныкталгандыгын, алардын ар бирине өзүнүн предметтик стандарттары иштелип чыккандыгын белгилесек болот.

    5-9 - класстар үчүн математика боюнча билим алуунун предметтик стандартындагы негизги талаптарды белгилей кетсек, алар:

    - ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн жана жалпы математикалык маданиятты калыптандырууну ишке ашыруу;

    - математикалык билимдин колдонмо (прикладдык) жана практикалык багыттуулугун күчөтүү;

    - математика курсунун тарбиялык мүмкүнчүлүгүн (потенциалын) максаттуу ишке ашыруу.

    Демек, предметтик стандартта математикалык билим алуунун максаты жана милдеттери такталып, анда окуучуларга математиканын теориялык-илимий негиздери тереӊ окутулбастан, андагы буга чейин иштелип чыккан теориялык математикалык моделдерди-аппараттарды окуучунун турмуштук - практикалык маселелерди чечүү, б.а. прикладдык - колдонмо математикага үйрөтүү милдети коюлуп олтурат. Бул биринчи жагдай. Ал эми, экинчи жана эӊ маанилүү жагдай катары, жалпы дүйнө таануу процессиндеги негизги предметтер болгон - табигый билимдер боюнча билим алуу процессинде андагы маселелерди чечүүгө керектүү болгон математикалык моделдерди, математикалык аппараттарды колдонуу менен алардын жообунун сандык мүнөздөмөсүн табууга үйрөтүү же предметтик сабаттуулукту калыптандыруу милдети коюлган.

    Арифметикалык маселелерди чыгара билүү билим берүү, окутуучулук - тарбиялык жана практикалык мааниге ээ. Маселелерди чыгаруу процессинде окуучулар арифметикалык амалдардын жана түшүнүктөрдүн маанисин терең түшүнүп, татаал бүтүндүктү жөнөкөй элементтерге бөлүүнү, анализдөөнү үйрөнүшөт. Маселелерди чыгаруу менен эрки тарбияланат, логикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылыгы, демилгелүүлүгү, конструктивдүү жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт.

    Окуучуларды арифметикалык маселелерди чыгара билүүгө үйрөтүү – математикалык теориянын суроолорун өздөштүрүүнү үйрөткөнгө караганда кыйла татаал иш. Маселелерди чыгаруудагы жетиштүү көндүмдүн жоктугу математика боюнча окуу жетишкендиктеринин төмөндөшүнө жана андан аркы билиминин уланышына чоң таасирин тийгизет.

    Окуучуларга тиешелүү көндүмдөрдү жетиштүү деңгээлде үйрөтүүдөн мурун, алардын кызыгуусун жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон каалоосун камсыз кылуу керек. Бул болсо айлана-чөйрөдөн, күнүмдүк жашообуздан, саясаттан жана өкмөттөн, айыл-чарбанын, фермалардын жана өндүрүштөрдүн жетишкендиктеринен, мамлекетибиздин жана тегерегибиздеги мамлекеттердин жашоосунан тандалып алынган маселелерди чыгаруу менен ишке ашат. Мындай мазмундагы маселелерди чыгаруу окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттырат деген ойдобуз.

    Арифметиканы окутуунун азыркы практикасында маселелерди максатка ылайыктуу тандоого жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Бул жобонун себептеринин бири катары жогоруда көрсөтүлгөн мазмунга ээ болгон маселелердин жетишсиздигин белгилесек болот. Көпчүлүк маселелердин мазмуну эски жана алар окуучулардын кызыгуусун жаратпайт.

    Политехникалык окутуу мектеп курсунда изилденген айрым илимдердин тиркемеси эмес, бирок баардык илимдердин негиздерин үйрөтүү менен тыгыз байланышта жана алардын “фундаменти” болот. Экинчи жагынан, жогоруда көрсөтүлгөн мазмун менен математика сабагында маселелерди чыгаруу өтүп жаткан теманы бекем өздөштүрүүгө гана эмес, окуучуларды жогорку деңгээлде тарбиялоого да өбөлгө түзөрү айдан ачык көрүнүп турат.

    Бул багыттагы мугалимдердин жумушу сабактын деңгээлин көтөрөт окуучулардын кругозорун кеңейтүүгө жол ачат. Ошондуктан биздин бул “Турмуштук практикалык мазмундагы арифметикалык маселелер” жыйнагыбыз мектепте колдонулган маселелер жыйнагын толуктайт жана жогоруда коюлган тапшырмаларды аткарууга жакшы жардам берет деп ишенебиз.

    Бул жыйнак маселелерди чыгаруу ыкмасын көрсөтүү максатын көздөбөйт, бирок буга карабастан жыйнакта айрым маселелерди чечүү жолдору келтирилген.

    1. ДЕЙСТВИЯ С ЦЕЛЫМИ ЧИСЛАМИ

    Производство мяса в Киргизии с 2875000 пудов в 1950 году возросло в 1955 г. до 70000 тонн, молока с 2000000 центнеров до 18 миллионов пудов, шерсть – с 65 тысяч центнеров до 8500 тонн. На сколько тонн произведено больше мяса, молока и щерсти в отдельности в 1955 году, по сравнению с 1950 годом?

    Ответ: мяса – 24000 тонн, молока – 88000 тонн,

    шерсти – 2000 тонн.

    В течение последних двух лет в Киргизии израсходовано на здравоохранение 338 миллионов рублей, т.е на 227000000 рублей больше суммы на пособия, выданные за этот же период времени многодетным и одиноким матерям, и меньше на 408500000 рублей израсходованной суммы на социально-культурные нужды только за 1955 г.

    а) Сколько рублей выдано за последние два года многолетним и одиноким матерям?

    б) Какая сумма израсходована за 1955 год на социально-культурные нужды?

    Ответ: 1) 111 миллионов на пособия многодетным и одиноким матерям; 2) 746500000 руб. на социально-культурные нужды.

    За один час экскаватор выбросил в правую сторону канала 30 ковшов, а в левую сторону 48 ковшов грунта, при этом в левую сторону выбросил на 450 тонн больше, чем в правую. Сколько тонн грунта вынуто экскаватором в течение одного часа?

    I. БҮТҮН САНДАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

    1. 2014-жылы биздин республикада 10200 гектар аянтка жүгөрү себилген. 2015-жылы жүгөрүнүн айдоо аянты 10 эсе көбөйгөн. Баардык айдоо аянты 2013 - жылы 1074000 га болгон, 2015-жылы 126000 га көбөйгөн. Жүгөрүнүн айдоо аянтын эске албаганда, республикада канча гектар айдоо аянты болгон?

    Бул маселени чечүү:

    1. 2015 –жылы канча гектар жүгөрү айдалган?

    10200 гаX10=102000 га;

    1. 2015-жылы республикада канча гектар айдоо аянты болгон?

    1074000 га+126000=1200000 га;

    1. 2015-жылы республикада жүгөрүнүн айдоо аянтын эсепке албаганда канча гектар айдоо аянты болгон?

    1200000 га-102000 га=1098000 га.

    Жообу: 2015 жылы Кыргызстанда жүгөрүнүн айдоо аянтын эсепке албаганда 1098000 гектар айдоо аянты болгон.

    2. Кыргызстан электр энергиясын өндүрүү боюнча КМШ өлкөлөрүндө үчүнчү орунда турат. 2014-жылы Россияда 75 миллиард киловатт-саат, Таджикистанда 68 миллиард киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыккан. 2016-жылы Кыргызстанда аталган эки мамлекетке караганда 27 миллиард киловатт-саатка көп электр энергиясын өндүргөн. 2016-жылы Кыргызстанда канча электр энергиясы өндүрүлгөн?

    Жообу: 170 млрд киловатт-саат

    Эскертүү: тапшырманын шартында көрсөтүлгөн электр энергиясынын бирдиги – киловатт-сааттын физикалык аталышы, албетте, V-VI-класстын окуучуларына түшүнүксүз болот. Ошондуктан, мугалим конкреттүү мисалдарда алдын ала, жөнөкөйлөтүп салыштыруу менен окуучуларга маселелерде кездешүүчү түшүнүксүз жаңы терминдерди түшүндүрүү керек.

    3. Кыргызстанда 1974-жылдан 2010-жылга чейин кубаттуулугу 500,000 киловатт Токтогул, Таш-Көмүр кубаттуулугу 420,000 киловатт, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата гидроэлектростанциялары курулган, алардын кубаттуулугу мурунку эки гидроэлектростанциянын кубаттуулугунан 2,280,000 киловаттка жогору. Акыркы эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугун аныктагыла.

    Жообу: 6 400 000 киловатт.

    4. 2010-жылы Кыргызстанда 26 миллион пуд дан эгиндери жыйналган. 2014-жылы 2010-жылга караганда 2560,000 центнерге көбүрөөк дан эгини жыйналган. 2014-жылы республикада канча дан эгини жыйналган?

    Жообу: 672000 тонн (килограммга айландыр).

    5. Пахтанын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Жогорку Кеңеште: "2015-жылы бир гектардан -1700 кг алынган. Пахтанын түшүмдүүлүгүнө жетишүү үчүн 2016 - жылы бир гектардан 2100 кг жана 2017 – жылы - 2200 кг алууга жетишүү " каралган.

    Пахтанын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу кийинки жылы канчага жогорулашы керек?

    6. Нарын областындагы "Ат-Башы-Сут" фермасынын саанчысы Г. Забирова 1.10.2015 – жылдан 1.03.2016-жылга чейинки мезгилде ар бир уйдан 2539 килограммдан сүт саады. Эгерде Г. Забирова ар бир уйдан дагы 161 килограммдан сүт саап алса, анда ал "Ат-Башы-Сут" фермасынын чечимин аткармак. 2016-жылы "Ат-Башы-Сут" фермасынын чогулушунда көрсөтүлгөн Кыргызстандын фермаларындагы ар бир уйдан саалып алынган сүттүн нормасын аныктагыла.

    Жообу: 2700 кг ар бир уйдан.

    7. Кыргызстанда эт өндүрүү 2875000 пуддан 2010 – жылы 2015-жылы 70000 тоннага, сүт 2000000 центнерден 18 миллион пудга, жүн 65 миң центнерден 8500 тоннага чейин өскөн. 2015-жылы 2010-жылга салыштырмалуу канча тонна көбүрөөк эт, сүт жана жүн өндүрүлгөн?

    Жооп: эт - 24000 тонна, сүт – 88000 тонна, жүн-2000 тонна (килограммга айландыр).

    8. Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанда саламаттыкты сактоого 338 миллион сом сарпталды, башкача айтканда, ушул эле мезгилде көп балалуу жана жалгыз бой энелерге берилген жөлөкпулдардын суммасынан 227000000 сомго көп жана 2015-жылдагы социалдык-маданий муктаждыктарга сарпталган суммадан 408500000 сомго аз.

    а) көп балалуу жана жалгыз бой энелерге акыркы эки жылда канча сом берилди?

    б) 2015-жылы социалдык-маданий муктаждыктары барларга кандай сумма жумшалган?

    Жообу: 1) көп балалуу жана жалгыз бой энелердин

    жөлөк пулдарына 111 миллион;

    2) 746500000 сом социалдык-маданий муктаждыктар үчүн.

    9. Бир сааттын ичинде экскаватор каналдын оң жагына 30 ковш, сол жагына 48 ковш топурак ыргытып, сол жагына оң жагына караганда 450 тонна көбүрөөк ыргытты. Экскаватор бир сааттын ичинде канча тонна топурак алат?

    Жообу: 1950 тонна (килограммга айландыр).

    10. 1974-жылы Токтогул ГЭСинин куруучулары үчүн биринчи жолу 32 вагон азык-түлүк, экинчи жолу 44 вагон жеткирилген. Экинчи жолу биринчи жолкуга караганда 128 тонна 64 кг көп жеткирилди.

    Куруучуларга канча азык-түлүк жеткирилди? Жообун килограмм менен бергиле.

    11. Эгерде ар бир сменада эки жумушчу бир саат жөнөкөй иш жасаса, анда мамлекет жылына 500 480 доллар жоготууга учурайт. Бир турак үй куруу үчүн 12512 доллар сарпталган. Мындай суммага канча үй курууга болот?

    Жообу: 40 миң үй (долларды сомго алмаштырып чыгаргыла).

    Если в каждую смену один рабочий сделает простой только одну минуту, то в год государство потерпит убыток в 500 миллионов рублей. На постройку одного жилого дома расходуется 12500 рублей. Сколько таких домов можно построить на эту сумму?

    Ответ: 40 тысяч домов.

    В 1928 году (начала первой пятилетки) в СССР выработано 5 миллиардов квт-часов, электроэнергии. В 1955 году выработано электроэнергии в 34 раза больше.

    Сколько энергии выробатано в 1955 году?

    Ответ: 170000000000 квт-час.

    12. 2002-жылы Кыргызстанда 11 миллиард кВт-саат, электр энергиясы иштелип чыккан. 2020-жылы 34 эсе көп электр энергиясы иштелип чыккан. 2020-жылы канча энергия иштелип чыккан?

    Жообу: 374000000000 кВт. саат.

    13. Жалал-Абад облусунда “БиоХлопок” долбоору 2003-жылы ачылган.

    Жалал-Абад облусунда “БиоХлопок” долбоору бир тонна пахта алуу үчүн 370 эмгек күнү жумшалды. Канчалык эмгектенүүгө карабастан, пахтанын дүң түшүмү өтө төмөн болуп, 4145 центнерди гана түзгөн. Эмгек күнүнүн аз болгонуна карабай, жумушчулардын ай сайын аванс алышы пахтанын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн. 2003-жылы бир тонна пахта алуу үчүн 87 гана эмгек күнү жумшалган жана пахта алуу үчүн жалпы 144072 эмгек күнү иштелип чыккан. Жумушчулардын эмгек акысын төлөөдө ар бир эмгек күнү үчүн акчалай 11 сомдон жана 2 килограмм буудай берилген. Бул маалыматтар боюнча төмөнкү суроолорго жооп бергиле:

    1) “БиоХлопок” долбоору 2003-жылы канча пуд пахтанын түшүмүн алган?

    2) 2003-жылы сарпталган эмгек күнү үчүн жумушчулар канча акчалай жана канча пуд буудай алышкан ?

    3) 512 эмгек күнү үчүн жумушчу канча пуд буудай жана акча алган?

    Жообу: 1) 103500 пуд

    2) 1584792 сом акча жана 18009 пуд буудай.

    3) 5632 сом акча жана 64 пуд буудай.

    14. Бир жайда бир момолой чычкан орто эсеп менен 10 кг буудай жейт, ошол эле учурда бир үкү 10 момолой чычканды жок кылат. Окуучу жайында 10 үкүгө уя курган. Окуучу канча пуд буудайды сактап калды?

    Жообу: 25 пуд.

    15. Н.Косенко жетектеген жөө жүргөн экскаватордун экипажы Аламүдүн №5 жана №6 гидроэлектростанцияларында иштеп, бир айдын ичинде 76916 тонна топурак алып чыккан. 52000 тонна топурак алып чыгуу пландалган.

    1) экипаж 1 саат нормага каршы канча тонна көп аткарды?

    2) ошол эле темп менен иштеп, бир жылдын ичинде экипаж канча тонна топуракты көбүрөөк алып чыкмак?

    1 жылда 12 ай, 1 айда 26 жумушчу күн, ар бир жумуш күнү 16 жумушчу саат менен эсептеп, Тапшырманы аткаргыла.

    Жообу: 1) ар бир саат сайын экипаж пландан тышкары 60 тонна топурак алып чыкты.

    2) жыл ичинде экипаж пландан тышкары 299520 тонна топурак чыгара алат (килограммга айландыргыла).

    16. Кыргызстанда 2010-жылы кант кызылчасын жыйноону 1200000 тоннага чейин жеткирүү белгиленген. Бир центнер кант кызылчасын даярдоо 210 сом турат. 2010-жылы Кыргызстандын фермерлери кант кызылчасы үчүн белгиленген планды аткарууда канча акча алышы керек эле?

    Жообу: 252 миллион сом.

    17. Панфилов районундагы Тельман атындагы фермада 12 саанчысынын ар бирине 11 саан уйдан бекитилген. 2016-жылы 7 айдын ичинде колхоздо 261 тонна 96 килограмм сүт өндүрүлгөн. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында ар бир уйдан алынган сүттүн көлөмүн аныктагыла.

    Жообу: ар бир уйдан орточо эсеп менен 1978 килограмм.

    18. Ысык-Көл районундагы "Жаңы Жол" фермасынын саанчысы А.Кайыповага 1.06.16-жылы ага бекитилген 12 саан уйдан 1023 пуд сүт алган. Бул ага белгиленген милдеттенмеден 852 пудга аз. 2016-жылы саанчы ар бир уйдан канча килограмм алууга милдеттендирилген?

    Жообу: 2500 килограммдан.

    В Киргизии намечено в 1960 году сбор сахарной свёклы довести до 1200000 тонн. Заготовка одного центнера сахарной свеклы обходиться в 21 рубль. Какую сумму денег должны были получить колхозники Киргизии за сахарную свеклу 1960 году при выполнении намеченного плана?

    Ответ: 25 миллионов 200 тысяч рублей.

    19. Араван районундагы "Потенциал" заводу 15 гектар аянттан 697,5 центнер пахта алган, бул болсо коюлган пландан 262,5 центнерге жогору.

    План боюнча ар бир гектардан канча пахта алуу пландаштырылган жана ар бир гектардан канча центнер көбүрөөк алынган?

    Жообу: план боюнча ар бир гектардан 29 ц алуу пландаштырылган,

    планга каршы ар бир гектардан 17,5 ц көбүрөөк алынган.

    20. Тоң районунун Көк-Сай айылынын тажрыйбалуу чабаны Таштан Акматов 640 койдун ар биринен 3 кг 400 граммдан жүн кыркты жана бул койлорду жалпы салмагы 46 тонна 720 кг этти “Салих-халал” компаниясына өткөрдү.

    Чабан канча килограмм жүн кырккан? Компанияга берилген ар бир койдун салмагы канча килограмм болгон?

    Жообу: 136 кг жүн, ар бир койдун салмагы 73 кг.

    21. Нарын районундагы Комсомол айылынын койчусу Н.Сыдыкбеков мал багууну мыкты уюштуруп, “Салих-халал” компаниясына 92 уйду жалпы салмагы 2392 пуддан эт жеткирип берди. Мындан тышкары, «Тойбосс» колбаса чыгаруучу цехке, жалпы салмагы 820 582 центнер 20 килограммды түзгөн семиз койлорду тапшырды.

    Ар бир уйдун салмагын жана ар бир койдун салмагын бирдей эсептөө менен, ар бир берилген уйдун жана ар бир койдун салмагын аныктагыла.

    Жообу: ар бир уйдун салмагы 416 кг.

    Ар бир койдун салмагы 71 кг.

    22. Чүй облусунун фермери А.Асанов 2015-жылы 107 уйдун ар биринен 2437 килограммдан сүт алган. Ал эми Н.Акбаров 82 уйдан А.Асановдун фермасындагы 107 уйга караганда 10497 килограммга көп саалган.

    2015-жылы Чүй областындагы Н.Акбаровдун фермасындагы 82 уйунун ар биринен канча килограмм сүт саалган?

    Жообу: 3308 килограммдан.

    За каждой из 12 доярок колхоза имели тельмана Панфиловского района закреплено по 11 дойных коров. за 7 месяцев в 1956 года всего в колхозе полученно 261 тонн 96 килограмм молока. Определить количество молока, полученное от каждой коровы за указанной период времени.

    Ответ: От каждой коровы в среднем по 1978 килограмм.

    Доярка колхоза «Новый путь» Иссык-Кульского района А. Кайгермазова до I/VI-56 года от 12 закрепленных за ней дойных коров получила 1023 пуда молока. Это на 852 пуда меньше взятого ею обязательства. По-сколько килограммов от каждой коровы обязалась получить доярка а 1956 году?

    Ответ: по 2500 килограммов.

    Звено, руководимое Героем Советского Труда Т. Эрматовой, колхоза «Коммунизм» Араванского района с площади в 15 га получило 697,5 центнера хлопка, что превышает намеченный план на 262,5 центнера.

    Сколько намечено получить хлопка с каждого гектара по плану и на сколько центнеров получено больше с каждого гектара против намеченного планом?

    Ответ: по плану намечено получить 29 ц. с каждого га, получено больше на 17,5 ц. с каждого га против плана.

    Опытный чабан колхоза «Жаны Талап» Нарынского района Ж.Жамгырчиев настриг по 3 килограмма 400 граммов шерсти от каждой из 640 овец и сдал этих овец государству в счет поставки мяса, в общем весе 46 тонн 720 килограмм.

    Сколько пудов шерсти настриг чабан? Сколько килограммов весила каждая овца, сданная государству?

    Ответ: 136 пудов шерсти, каждая овца весила 73 кг.

    23.Күндөн Жер планетасына чейинки аралык 150 млн км болот. Эгерде жарык 1 секундада 300 000 км аралыкты өтөөрү белгилүү болсо, анда Күндүн жарыгы жерге канча убакытта жетет.

    Жообу: 8 мин 20 сек (жообун секундага айландыргыла)

    24.Бермет 235$, 72$ жана 1234$ га соода кылды. Бирок, анын карточкасында 100000 сом акчасы болгон. Ушул акча жетеби? (1 доллар = 85 сом 40 тыйын)

    Жообун сомго айландыргыла.

    25.Соодагер Баткенден 1т 356 кг кургатылган өрүк алып келди. Ал 24 кг дан баштыкчаларга салып дүкөндөргө таратууну чечти. Өзүндө канча кг кургатылган өрүк калат?

    Жообу:56,5 кг (жообун граммга айландыргыла).

    26.Уста бир саатта 6 терезе орнотот. Эгерде уста 448 минута иштегенде канча терезени орнотууга жетишип, жуунуп тазаланууга канча убакыт үнөмдөп кала алат?

    Жообу: 42 терезе, 28 минута

    27.Бала бакчаларга таратуу үчүн 2 т 745 литр сүт алынып келинген, аларды 9 бала бакчага тең бөлүп берүүгө болобу жана канча литрден бөлүнөт?

    Жообу: 305 литр
      1   2   3   4


    написать администратору сайта