Главная страница
Навигация по странице:

  • Маселени Чыгаруу

  • Берилген процент боюнча санды табуу

  • Жообу

  • Арифметика жаңы 2.03.22. Умение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение


    Скачать 206.36 Kb.
    НазваниеУмение решать арифметические задачи имеет огромное образовательное, учебновоспитательное и практическое значение
    Дата04.04.2022
    Размер206.36 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаАрифметика жаңы 2.03.22.docx
    ТипРеферат
    #439739
    страница3 из 4
    1   2   3   4

    III. БЕРИЛГЕН САНДЫН БӨЛҮГҮН АНЫКТОО ЖАНА БЕРИЛГЕН БӨЛҮКТҮН ЧОҢДУГУ БОЮНЧА САНДЫ АНЫКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ

    69. План боюнча россиялык “Вагонмаш” ишканасы 2010-жылы 52000 товар ташуучу вагон чыгарат. 2010-жылы чыгарыла турган жүргүнчү ташуучу вагондордун саны товар ташуучу вагондордун бөлүгүн түзөт. 2010-жылы чыгарыла турган жүргүнчү ташуучу вагондордун санын аныктагыла.

    Жообу: 28000

    70. План боюнча кытайлык “Hubei” ишканасы 2010-жылы 3,78 миллион тигүүчү машина чыгарат. Ал эми велосипеддерди тигүүчү машиналардын санынын бөлүгүнө караганда көбүрөөк чыгарат. 2010-жылы ишкана план боюнча канча велосипед чыгарат?

    Жообу: 4,23 миллион.

    71. План боюнча 2010-жылы 1074 миллион метр жибек кездеме иштелип чыгат. Ал эми жүндөн жасалган буюмдарынын метринин саны жибек буюмдарынын метринин бөлүгүн түзөт. 2010-жылы канча метр жүндөн жасалган буюмдар чыгарылган?

    Жообу: 363 миллион метр

    72. Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушуна мектеп курулуп жатат. Буга чейин мектептин курулушу үчүн 475 миллион сом жумшалды. Бул акча мектептин жалпы курулушуна кетчү сумманын бөлүгүн түзөт.

    Мектептин жалпы курулушуна кетчү акчаны эсептегиле.

    Жообу: 600 миллион сом.

    73. 2022-жылы Балыкчы-Барскоон жолунун курулушу аякташы керек. Эксплуатацияга жолдун 25 километри колдонууга берилди, бул болсо жалпы жолдун бөлүгүн түзөт.

    Балыкчы-Барскоон жолунун жалпы узундугун тапкыла.

    Жообу: 142,8 км (метрге айландыргыла).

    74. Кыргызстанда 1955-жылы 115,5 миң тонна мунай өндүрүлгөн. Мунай өндүрүшүнүн кескин көбөйүшүнүн натыйжасында, 1955-жылы өндүрулгөн мунай 1960-жылы өндүрүлгөн мунайдын бөлүгүн түзөт.

    1960-жылы өндүрүлгөн мунай канча эсеге көп болгон?

    Жообу: 7,8 эсе.

    76. 2014-жылы республикадагы фермерлер ар бир уйдан саалган сүт орточо 574 килограммды түзгөн; бул болсо 2015-жылы ар бир уйдан саалган сүттүн бөлүгүн түзөт. 2020-жылы 2015-жылдагы ар бир уйдан саалган сүткө караганда орточо көбөйтүү пландаштырылган.

    2020-жылы 2015-жылга салыштырмалуу ар бир уйдан саалган сүт канча килограммга көбөйгөн?

    Жообу: 741 килограммга.

    77. 2014-жылы республикадагы фермерлер ар бир койдон орточо 1,4 килограммдан жүн алышкан, бул болсо 2015-жылы ар бир койдон кыркылган жүндүн бөлүгүн түзгөн.

    Ал эми 2020-жылы ар бир койдон 1955-жылга карата көбөйтүү пландаштырылган.

    2020-жылы 2014-жылга салыштырмалуу ар бир койдон жүнүнөн канчага көп килограмм жүн алуу пландаштырылган?

    Жообу: 2 килограммга.

    78. Орто-Токой суу сактагычынын курулушунда жалпысынан 2600 трактор жана автомашина иштеген. Тракторлордун жана унаалардын саны канча болгон жалпы унаалардын бөлүгү 102 даана тракторлордун жалпы санынын 9 пайызынан көп болсо?

    Жообу: 1400 унаа жана 1200 трактор.

    79. План боюнча 2010-жылга мамлекеттик жөлөкпулдарды жана эмгек акы төлөө үчүн 210 млрд. сом белгиленген. Бул максаттар үчүн бөлүнгөн акча, 2010-жылы бөлүнгөн сумманын бөлүгүнө барабар болгон.

    Канча сом 2005-жылы мамлекеттик жөлөкпулдарга жана эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн?

    Жообу: 154 миллиард сом.

    80. 2015-жылы Бишкек шаарында жалпы аянты 35 миллион кв. метр турак үйлөр салынды. Ал эми аймактарда көрсөтүлгөн аянттын бөлүгү салынды.

    Аймактарда канча квадрат метр турак үйлөр курулду?

    Жообу: 500 миң кв. метр.

    81. 2015-жылы Кыргызстандын бардык налогдорунан түшкөн акчалай кирешеси 850 миллион сомду түзгөн, бул пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу мамлекет жыл ичинде кошумча төлөөгө тийиш болгон сумманын бөлүгүн жана Министрлер Кеңешинин, "аз айлык алган жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтомуна байланыштуу мамлекет бир жылдын ичинде кошумча төлөөгө тийиш болгон сумманын 10,625 пайызын түзөт.

    2015-жылы Кыргыз Республикасынын жалпы кирешелерине каршы жумушчулардын жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу, мамлекеттин кошумча жылдык чыгымдары канча сомго ашат?

    Жообу: 19 млрд.750 сом.

    82. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары 26 миң адисти даярдашы керек, бул ошол эле мезгилде жогорку медициналык окуу жайлары тарабынан чыгарылган медиктердин бөлүгүн түзүшү керек.

    Жогорку медициналык окуу жайлары канча медиктерди даярдашы керек?

    Жообу: 71200 медик.

    IV. ПРОЦЕНТТИК ЭСЕПТӨӨЛӨРГӨ МАСЕЛЕЛЕР

    Сандын пайызын табуу (Нахождение процента от числа)

    83. Мектепке 500 парта алып келишип, анын 60 % базалык жана негизги мектепке, калганын баштапкы мектепке беришти. Баштапкы мектепке канча парта берилген?

    Маселени Чыгаруу:

    500 (парталардын жалпы саны) санынын 60 % табалы. Алгач биз процентти ондук бөлчөккө (60% = 0,6) айландырып алалы. Алынган ондук бөлчөктү парталардын жалпы санына (500ꞏ0,6 = 300) көбөйтөбүз.

    Жообу: 300 парта.

    84. Бир айдын ичинде цехте 500 отургуч жасалган. Өндүрүлгөн отургучтардын 20% сапат көзөмөлүнөн өткөн эмес. Канча отургуч сапат көзөмөлүнөн өткөн жок?

    Жообу: 100 даана отургуч.

    Общий доход колхоза «Киргизия» Кызыл-Аскерского района в 1955 году составлял 4,22 миллиона рублей 71,1 процента всего дохода получено за счет огородничества.

    Какой доход получил колхоз «Киргизии» в 1955 году от огородничества? (Считая целыми миллионами рублей).

    Ответ: 3 миллиона рублей.

    85. Ысык-Ата районундагы “Аталык” агро-өндүрүштүк холдингинин жалпы кирешеси 2015-жылы 4,22 миллион сомду түзгөн, ал эми жалпы кирешенин 71,1 пайызын сүттүн эсебинен алынган.

    “Аталык” агро-өндүрүштүк холдинги 2015-жылы сүттөн канча киреше алган?

    Жооп: 3 миллион сом.

    86. Мектепте 960 окуучу окуйт. Базалык жана негизги мектептин окуучулары баардык окуучулардын 70 % түзөт. Башталгыч мектепте канча окуучу окуйт?

    Жообу: 288 окуучу

    87. Мектепте 800 окуучу окуйт. Баардык окуучулардын 70% математикалык кружокко барышат. Математикалык кружокко канча окуучу барат?

    Жообу: 560 окуучу.

    В 1956 году во всех колхозах республики имелось 1062 тысячи гектаров посевной площади. 66,5 процента всей площади было занято под зерновыми, 56,2 процента остатка занято под кормовые культуры, а остальная площадь была занята под технические и огородные культуры.

    Зная, что площадь посева технических культур составляет 19,3 процента площади зерновых культур, определить площади посева 1956 года отдельно по зерновым, кормовым, техническим и огородным культурам. (Вычислить точностью до 0,1 тысяч).

    Ответ: 706,2 тысяч га; 200,0 тысяч га; 136,3 тысяч га; 19,5 тысяч га.

    88. 2019-жылы республиканын баардык областарында 1216,7 миң гектар айдоо аянты болгон. Баардык аянттын 66,5 пайызы дан өсүмдүктөрү менен, калган аянтынын 56,2 пайызы тоют өсүмдүктөрү менен, калган аянтты техникалык жана огород өсүмдүктөрү менен алек болгон.

    Техникалык өсүмдүктөрдүн себүү аянты дан өсүмдүктөрүнүн аянтынын 19,3 пайызын түзөөрүн билип, 2019-жылдагы айдоо аянттын дан, тоют, техникалык жана огород өсүмдүктөрү боюнча өз-өзүнчө аныктагыла.

    Жообун (0,1 миңге чейин эсептөө).

    89. Китеп 520 беттен турат. Китептин 45 % сүрөттөр түзөт. Сүрөттөр канча бетти ээлеген?

    Жообу: 234 бет.

    1. Дыйкан 36,4 т картошка жыйнады. Анын ичинен 48 % - биринчи жумада жыйналды. Канча кг картошка биринчи жумада жыйналган.

    Жообу: 17,472 тонна (килограммга айландыргыла).

    1. «Viva Tex» өндүрүштүк холдинги меринос жүнүнөн жана таза пахта кездемелерин чыгарат. «Viva Tex» өндүрүштүк холдинги 2000-жылы 350,2 миң метр жүн кездемесин чыгарган. 2005-жылы кездемени чыгаруу 2000-жылга салыштырмалуу 53,2 пайызга көбөйгөн.

    2005-жылы холдинг чыгарган кездеменин метрин аныктагыла.

    Жооп: 536,5 метр.

    Берилген процент боюнча санды табуу (Нахождение числа по его проценту)

    92. 1- чейректе 6 – класс математика китебинин 138 бетин окушту, бул болсо, китептин жалпы бетинин 23 % түзөт. Китеп жалпы канча беттен турат?

    Маселени чыгаруу:

    Бизге китеп жалпы канча беттен тураары белгисиз. Бирок, канча бетти окуганыбыз (138 бет) жана ал китептин жалпы бетинин канча проценттин (23%) түзөөрү белгилүү.

    Беттин санын табыш үчүн окулган бетти (138) процентке (23%) бөлөбүз.

    Процент жүздөн бир бөлүгү болгондуктан, алынган тийиндини 100 гө көбөйтөбүз. 138:23∙100 = 600

    Жообу: китептин жалпы бети 600

    1. Арсланбаб Кыргызстандын корук зоналарына кирген, дүйнөдөгү эң чоң жаңгак токою болуп саналат. 2005-жылы өлкөгө жылдык планды процент аткарып, 2,5 миң тонна жаңгак өткөргөн. 2005-жылы өлкөгө пландан тышкары канча центнер жаңгак өткөргөн.

    Жообу: 10 миң центнер.

    1. 2006-жылдын июнь айына чейин Кытай Эл Республикасынын 110 миллион дыйкан чарбасы айыл чарба өндүрүштүк кооперацияларына бириктирилген, бул республиканын баардык дыйкан чарбаларынын 91,7 пайызын түзөт.

    Кытай Эл Республикасынын баардык дыйкан чарбаларынын санын аныктагыла.

    Жообу: 120 млн.

    Эскертүү: мугалим маселенин шартында кезиккен "Айыл чарба өндүрүштүк кооперациясы" термининин маанисин окуучуларга түшүндүрүп бериши керек.

    94. 140 миң даана комбайн 25 пайызды түзөөрүн билип, айыл чарбага келген комбайндардын санын аныктагыла

    Жообу: 560 миң даана.

    95. 202125 даана трактор 12,25 пайызды түзөрүн билип, айыл чарба багытына келген тракторлордун санын аныктагыла.

    Жообу: 1,65 миллион даана.

    96. 655,65 килограмм бал 15,5 пайызды түзөрүн билип, 2020-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн балдын салмагын аныктагыла.

    Ответ: 4,43 кг.

    1. Эритменин 25 % жез түзөт. 142 кг массадагы эритмеде канча жез камтылган?

    Жообу: 35,5 кг (граммга айландыргыла).

    1. Темир рудасында 48 % темир камтылган. 240 тонна рудада канча темир бар?

    Жообу: 115,2 тонна (килограммга айландыргыла).

    1. Никель рудасында 7 % никель камтылган. 320 тонна рудада канча никель бар?

    Жообу: 22,4 тонна (килограммга айландыргыла).

    1. Буудайды жаргылчактан өткөргөндөн кийин 70 % ун алынат. 126,5 тонна буудайдан канча кг ун алынат?

    Жообу: 88,55 тонна (килограммга айландыргыла).

    1. План боюнча жумушчу 125 деталь даярдаш керек эле. Бирок ал планды 120 % аткарды. Жумушчу канча деталь даярдады?

    Жообу: 150 деталь.

    1. Шаарда 250000 жашоочу бар. Жыл сайын шаардагы жашоочулар 3 % көбөйүп турат. 2 жылдан кийин шаарда канча жашоочу болот?

    Жообу: 265225 киши.

    1. Автомобиль 180 км жолду басып өтүшү керек. Биринчи саатта жолдун 32 % , экинчи саатта – 42 % басып өттү. Автомобиль 2 саатта канча км жолду өттү?

    Жообу: 122,4 км (метрге айландыргыла).

    1. Үч сандын суммасы 920 барабар. Биринчи сан сумманын 33 %, экинчиси – 44 % түзөт. Үчүнчү санды тапкыла.

    Жообу: 349,6

    1. Концерттик залда 540 орун бар. Баардык билеттин 75 % концерт үчүн сатылды. Залда канча бош орун калды?

    Жообу: 135 орун

    1. Сүрөтчү 520 дубалга сүрөт тартышы керек. Ал дубалдын 70 % сүрөт тартып бүттү. Сүрөт тартыш үчүн дагы канча калды?

    Жообу: 156 .

    1. Бакча 0,8 га жерди ээлейт. Бакчанын 72 % жашылча отургузулду. Жашылча отургузуу үчүн дагы канча жер калды?

    Жообу: 0,224 гектар.

    1. Китепканада 120000 китеп бар. Бул китептердин 12 % илимий китептер түзөт. Китепканада башка канча китеп бар?

    Жообу: 105600 китеп.

    1. Банкка 70000 сомду, жылына 5 % деген эреже менен салышты. 3 жылдан кийин канча акча болот?

    Жообу: 81033,75 сом.

    1. Банкка 12000 сомду, жылына 10 % деген эреже менен салышты. 4 жылдан кийин канча акча болот?

    Жообу: 17569,2 сом.

    1. Банкка 100000 сомду, жылына 20 % деген эреже менен салышты. 1 жылдан кийин канча акча болот?

    Жообу: 120000 сом.

    1. Кир жуучу машина 14000 сом турат. 30 % арзандатуу менен бул машинаны канча сомго алсак болот?

    Жообу: 9800 сом.

    1. Телевизор 45000 сом турат. 20 % арзандатуу менен бул телевизорду канча сомго алсак болот?

    Жообу: 36000 сом.

    1. Дүкөн розаны бир даанасын 70 сомдон кылып дүңүнөн сатып алат. Сатканда ушул баага 30 % кошуп сатышат. 620 сомго ушул дүкөндөн канча роза сатып алууга болот?

    Жообу: 6 роза.

    1. Дүкөн компакт дисктин бир даанасын 30 сомдон кылып дүңүнөн сатып алат. Чекене баасы – дүңүнөн алынган баага караганда 50 % жогору. 870 сомго чекене баасы менен канча компакт диск алса болот?

    Жообу: 19 компакт диск.

    1. Клиент банктан 150000 сом акчаны, 2 жылга 12 % деген эреже менен кредит алды. Банкка 2 жыл ар ай сайын бирдей сумманы проценти менен чогу төгөт. Клиент айына канча сомдон банкка төгүп турушу керек?

    Жообу: 7000 сом.

    1. Клиент банктан 600000 сом акчаны, 2 жылга 14 % деген эреже менен кредит алды. Банкка 2 жыл ар ай сайын бирдей сумманы проценти менен чогу төгөт. Клиент айына канча сомдон банкка төгүп турушу керек?

    Жообу: 28500 сом.

    1. Клиент банктан 330000 сом акчаны, 5 жылга 15 % деген эреже менен кредит алды. Банкка 5 жыл ар ай сайын бирдей сумманы проценти менен чогу төгөт. Клиент айына канча сомдон банкка төгүп турушу керек?

    Жообу: 6325 сом.

    1. Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугунун өсүшү боюнча берилген маалыматтар боюнча таблицаны толтургула.

    Жылдар

    Кубаттуулугу млрд кВт-с.

    Өсүшү

    Өсүшү

    Канча процентке

    Канча эсе

    2002-жыл боюнча салыштыруу

    Өткөн жыл боюнча

    салыштыруу

    2002-жыл боюнча салыштыруу

    Өткөн жыл боюнча

    салыштыруу

    2002

    11,9













    2006

    14,5













    2009

    10,9













    2012

    15,0













    2020

    36,5














    Жообун 0,1 бирдикке чейин тегеректегиле.


    1. 1.10.2005-жылдан 1.09.2006-жылга чейинки убакытта республика боюнча сүт өндүрүү төмөнкү таблица менен мүнөздөлөт:

    Областтар

    Ар бир

    уйдан

    саалган сүт

    Ар бир уйга коюлган милдеттенмени аткаруу (процент менен)

    Ар бир уйга коюлган милдеттенме

    Чүй

    1694

    91,5




    Ыссык-Көл

    1121

    80




    Ош

    950

    67,8




    Жалал-Абад

    1112

    74,1




    Нарын

    693

    86,625






    Заполните таблицу с точностью до целого килограмма.

    Ответ: 1851 кг; 1401кг; 1401кг; 1500кг; 800кг.

    121. 2012-жылы фермер өзүнүн эгин талааларына 894,4 тонна кык ташып чыккан, бул 2014-жылы ошол эле талааларга ташылып чыккан кыктын 90,08 пайызын түзөт. 2014 -жылы фермер эгин талааларына канча тонна кык ташып чыккан?

    Жообу: 993 тонна (килограммга айландыргыла).

    1. 2010-жылы өкмөт дыйкандарды колдоо үчүн 136 миллион сом бөлгөн. Бул болсо 2015-жылы бөлүнгөн акчанын 69,5 процентин түзгөн. 2015-жылы өкмөт дыйкандарды колдоо үчүн канча сумма бөлгөн?

    Жообу: 446 миллион сом.

    1   2   3   4


    написать администратору сайта