Главная страница
Навигация по странице:

  • 1 Т О К Т О М У 30.04.2019-ж. саат 11

  • 2 Т О К Т О М У

  • Т О К Т О М У . 30.04.2019-ж. саат 11

  • Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борборунун № 3 ТОКТОМУ

  • №1 токтому. Баткен мамлекеттик университетинин КызылКыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борбору


    Скачать 27.57 Kb.
    НазваниеБаткен мамлекеттик университетинин КызылКыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борбору
    Дата20.11.2019
    Размер27.57 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файла№1 токтому.docx
    ТипДокументы
    #96179

    Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борбору

    Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жогорку билим берүү багыттарынын жана орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жумушка жайгаштыруу боюнча иш берүүчүлөр менен жолугуусусун

    1 Т О К Т О М У

    30.04.2019-ж. саат 1100 Кызыл-Кыя ш. Дыйкан көчөсү

    Катышуучулар 272

    Институттун дирекциясы:

    1. Ташматова Нурила Кубатовна- директордун окуу жана илимий иштери боюнча орун басары;

    2. Сыдыков Баястан Абдумиталипович – окуу усулдук бөлүмдүн башчысы;

    3. Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна- Жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун жетекчи адиси;

    4. Жамалова Улук Жамаловна- кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

    5. Бердиев Асан Токсонович- Гуманитардык факультеттин деканы;

    6. Кошуев Абдижамил Жумаевич- Педагогика факультетинин деканы;

    7. Омурзакова Гульнара Таштановна- Сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү;

    8. Каранова Толгонай Нурбаевна – ОКББнүн бөлүм башчысы.

    Бакалавр боюнча күндүзгү бөлүм боюнча: 150 (89) студент;

    ОКБББ боюнча күндүзгү (сырткы) бөлүм үчүн: 277 (70) студент;

    иш берүүчүлөр:

    1. Кадырова Гүлдар- Кадамжай районунун билим берүү бөлүмүнүн методисти;

    2. Шамшиев Исмаил Оручевич- Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн методисти;

    3. Турсунова Айгүл- Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү бөлүмүнүн методисти;

    4. Асанов Аккуш Жаныбекович- Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы.



    Отурумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:

    1. Бюджеттик (контракт) негиздеги бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу;

    2. Профилдердин негизги билим берүү программасын талкуулоо;

    3. Ар түрдүү маселелер.

    Угулду: Бердиев Асан Токсоновичтин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун азыркы күндөгү жетишкендиктери жана келечектеги пландары жөнүндө маалыматы

    Ал сөзүндө КПИ тейлеген багыттар жөнүндө, алардын лиценциясы жана алдында турган аккредитациялоо иштери боюнча, акыркы 5-жылдыктагы институттун окуу-усулдук, илимий-усулдук иштери, маданий-массалык жана спорттук иштери боюнча жетишкендиктерине жалпы токтолуп, бүтүрүүчүлөр (бюджеттик/контрактык) жөнүндө маалымат берилди.

    Иш берүүчүлөрдүн бош орундар боюнча маалыматы 2019-2020 –окуу жылына карата Кадамжай району боюнча 1109 саат, Кызыл-Кыя шаары боюнча 1008 саат, Ноокат району боюнча 1204 саат, Араван району боюнча 480 саат (орус тили, англис тили, кыргыз тили, дене тарбия, математика, башталгыч класстарды окутуу, информатика, биология, химия, география, музыка, АЧД (орус тилдүү жана кыргыз тилдүү мугалимдер) вакант бар экендигин билдиришти.

    Жарыш сөзгө чыккандар:

    -педагогика факультетинин деканы Кошуев А.Ж.;

    -директордун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча орун басары Максутов З.М.;

    -кадрлар бөлүмүнүн инспектору Сабитова Д.;

    -жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун адиси – Бекмурзаева Б.А.

    Бүтүрүүчүлөрдүн суроолору-

    • Педагогика жана БББ адистиги боюнча бүтүрүүчүсү балдар бакчасында эмгектенүүгө болобу?

    • Орто мектептеринде канча саат менен 3 жылдык иштеп берүүгө болот?

    • Турмуш шартка ылайык иштеп жаткан мектептен башка орто мектепке которулуп келишимди аяктоого болобу?

    • Эгерде сиз айтып өткөн орто мектептерге барып иштесек биз үчүн кандай шарттарды түзүп бере аласызбы?

    Маалыматтар угулуп, талкуулап жыйын төмөндөгүдөй токтом кабыл алат:

    1. БатМУ КПИнин учурдагы окуу, тарбия, илимий жана усулдук, маданий –массалык багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары канааттандырарлык деп табылсын;

    2. Аймактагы Кадамжай, Ноокат, Араван жана Кызыл-Кыя шаарындагы студенттердин практикасын натыйжалуу өткөрүү максатында базалык мектептерди түзүү жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн сунуштарын эске алуу жана ишке ашыруу институттун окуу усулдук бөлүмдүн башчысы Б. Сыдыковго жүктөлсүн;

    3. БатМУ КПИнин бюджеттик негиздеги бүтүрүүчүлөрдү Кадамжай, Ноокат, Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү бөлүмдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча бош орундарга жайгаштыруу иштери каралсын;

    4. Аймактардын орто мектептер менен байланыштарды түзүүнү жандандыруунун максатында биргеликте иш пландарды иштеп чыгуу иштери жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борборунун адисине жүктөлсүн;

    5. Орто мектептердеги, аймактардагы райондук, областтык олимпиадаларды өткөрүү жаатында усулдук, жардам берүү максатында семинарлар уюштурулсун;

    6. ЖОЖдун усулчулары орто мектептин август кеңешмесине катышуусу каралсын;

    7. ЖОЖдор менен орто мектептердин ортосундагы аткарылган иш чаралардын жүрүшүн, анын жыйынтыктарын ММК да (БатМУнун сайтына жайгаштыруу, басма сөз кабарларда) жарыялоо иштери сайт боюнча адиске жүктөлсүн;

    8. БатМУ КПИнин ишмердүүлүгүнө, жаш кадрларды даярдоодо кошкон салымдары үчүн Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү бөлүмдөрүнө “Ыраазычылык кат” менен ыраазычылык билдирилсин;

    9. Токтомдордун аткарылышын директордун окуу жана илимий иштери боюнча орун басары Н. Ташматовага жүктөлсүн.

    жыйындын төрайымы: Ташматова Н.К.

    катчысы: Бекмурзаева Б.Б.

    Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жогорку билим берүү багыттарынын жана орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрунүн бүтүрүүчүлөрүн жумушка жайгаштыруу боюнча иш берүүчүлөр менен жолугуусусунун

    2 Т О К Т О М У

    БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси Тең укуктуулукка жана Социалдык Адилеттүүлүко Жардам берүү Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек жана Баткен мамлекеттик университети менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкага катышуучуларды кабыл алуу боюнча БатМУ КПИнин педагогика, гуманитардык факультеттеринин жана КОББ бөлүмдөрүнүн студенттери менен жолугушуусунун

    Т О К Т О М У

    .

    30.04.2019-ж. саат 1100 Кызыл-Кыя ш. Дыйкан көчөсү

    Катышуучулар 284

    Уюштуруучулар:

    1. Үсөнов Иса- БатМУнун эл аралык байланыштар бөлүм башчысы боюнча бөлүм башчысы;

    2. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгын адиси- Александр ;

    3. Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна- БатМУ КПИнин жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун жетекчи адиси;

    4. Бүтүрүүчүлөр ассоцациясынын төрайымы- Арзыбаева Рано Мухтаралиевна

    Бакалавр боюнча күндүзгү бөлүм боюнча: 154 студент;

    ОКБББ боюнча күндүзгү (сырткы) бөлүм үчүн: 130 студент;

    Отурумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:

    БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси Тең укуктуулукка жана Социалдык Адилеттүүлүко Жардам берүү Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек жана Баткен мамлекеттик университети менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкага катышуучуларды кабыл алуу боюнча БатМУ КПИнин педагогика, гуманитардык факультеттеринин жана КОББ бөлүмдөрүнүн студенттери менен жолугушуусу.

    Угулду: тренер Александр

    Бул программанын максаты, милдети, бүтүрүүчүлөр үчүн натыйжалуулугу, программанын катышуучуларына коюлуучу талаптар, программага катышуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди.

    Ал сөзүндө КПИ тейлеген багыттар жөнүндө, алардын лиценциясы жана алдында турган аккредитациялоо иштери боюнча, акыркы 5-жылдыктагы институттун окуу-усулдук, илимий-усулдук иштери, маданий-массалык жана спорттук иштери боюнча жетишкендиктерине жалпы токтолуп, бүтүрүүчүлөр (бюджеттик/контрактык) жөнүндө маалымат берилди.

    Жарыш сөзгө чыккандар:

    - Үсөнов Иса- БатМУнун эл аралык байланыштар бөлүм башчысы боюнча бөлүм башчысы;

    -жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун адиси – Бекмурзаева Б.А.

    Бүтүрүүчүлөрдүн суроолору-

    • Стажировкада мүмкүнчүлүгү чектелген бүтүрүүчүлөр үчүн кандай шарттар каралган?

    • Сиздерде берилген бош орундар боюнча билдирүүлөр берилгенби?

    • Анкетаны электрондук жана кагаз формасында толтурууга болобу?

    • Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бул программа жарактуубу?

    • Бул программада буга чейин канча бүтүрүүчү эмгекке жайгашты?

    Маалыматтар угулуп, талкуулап жыйын төмөндөгүдөй токтом кабыл алат:

    1. БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси Тең укуктуулукка жана Социалдык Адилеттүүлүкө Жардам берүү Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек жана Баткен мамлекеттик университети менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкага катышуучуларды кабыл алуу боюнча БатМУ КПИнин педагогика, гуманитардык факультеттеринин жана КОББ бөлүмдөрүнүн студенттери менен жолугушуусу боюнча тренердин маалыматы көңүлгө алынсын.

    2. Стажировкадан өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөр анкеталарын 31-майга чейин көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлсүн;

    3. Токтомдордун аткарылышын БатМУнун орун басары Н. Ташматовага жүктөлсүн.

    Жаштарга кесиптик багыт берүү жана

    карьера борбору: Бекмурзаева Б.Б.

    катчысы: Адамова А.

    Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борборунун

    3 ТОКТОМУ

    30.05.2019-ж. Кызыл-Кыя шаары

    Катышуучулар: 248

    Ташматова Нурила Кубатовна -директордун окуу жана илимий иштери боюнча орун басары;

    Сыдыков Байастан Абдимиталипович- окуу усулдук бөлүмүнүн башчысы;

    Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна- БатМУ КПИнин жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун башчысы.

    Каралуучу маселе:

    1. БатМУ КПИнин жаштарга кесиптик багыт берүү жана карьера борборунун бүтүрүүчүлөр ассоцациясын түзүү жана анын төрагасы бекитүү;



    1. Маселе боюнча Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровнанын маалыматы угулду:

    Ал сөзүндө жаштарга кесиптик багыт берүү жана карьера борборунун жана бүтүрүүчүлөр ассоцациясынын ишмердүүлүгүнүн жоболору, максаты жана милдеттери жана карьералык өсүү боюнча кеңири маалымат берди.

    Жарыш сөзгө чыккандар: КПИнин КОББ бөлүмүнүн «Табигый илимдер» кафедрасынын окутуучусу, каф. башчысы Исмаилова А. –«Окуу жайдын мындан ары өнүгүшү боюнча бүтүрүүчүлөр менен иштөө зарыл маселе, ал тургай аккредитациялоонун шарттардында кызыкдар тараптын бири болуп саналат. ассоцация тузүлсүн жана аны төрайымы деп тарых адистигинин бүтүрүүчүсү, КОБББ окутуучусу Арзыбаева Ранону сунуш кыламын».

    Ташполотов Толкун –«Бүтүрүүчүлөрдүн ассоцациясын түзүү маселеси туура деп эсептеймин. Анын төрайымы Арзыбаева Ранону көрсөтөм, анын мүчөлөрүнө Давранова Г., Отонбаев Рахман, Мисиров К., Исмаилова А., Ташполотов Т., Сулайманова Г., Жунусова Г. ларды сунуш кыламын»

    Бүтүрүүчүлөр ассоцациясын түзүү боюнча-

    “Түзүлсүн”- 238; “Каршы”-0; “Калыс” -0;

    БатМУ КПИнин бүтүрүүчүлөр ассосациясын төрагасын бекитүү боюнча сунуштарды угуп, талкуулап

    жыйын токтом кылат:

    1. БатМУ КПИнин бүтүрүүчүлөр ассоцациясы түзүлсүн;

    2. Бүтүрүүүлөр ассоцациясынын төрайымы болуп Арзыбаева Рано дайындалсын;

    3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө иштери директордун окуу жана илимий иштери боюнча орун басары Ташматовага жүктөлсүн

    Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун жаштарды жумушка жайгаштыруу жана карьера борборунун

    3 ТОКТОМУ

    15.09.2019-ж. Кызыл-Кыя шаары

    Катышуучулар: 18

    Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна- БатМУ КПИнин жаштарды ишке жайгаштыруу жана карьера борборунун башчысы;

    Арзыбаева Рано – БатМУ КПИнин бүтүрүүчүлөр ассоцациясынын төрайымы

    студенттер:

    1. Абдилла кызы Мээримкан;

    2. Таалайбек кызы Айзирек;

    3. Гапарова Салкынай;

    4. Ботобекова Азиза;

    5. Эсон кызы Гулбарчын

    6. Абдусаттар кызы Гулзина

    7. Касымова Адинай,

    8. Абдумажит кызы Нурайым ж.б.

    каралуучу маселе:

    1. Студенттердин арасынан атайын долбоорлор, түрдүү жаштар иштерин уюштуруучу тобун түзүү жана ага ат коюу;

    Маселе боюнча Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровнанын маалыматы угулду:

    Ал сөзүндө жаштарга кесиптик багыт берүү, студенттердин уюмун түзүүнүн максаты жана милдеттери жана карьералык өсүү боюнча кеңири маалымат берди.

    Жарыш сөзгө чыккандар: КПИнин гуманитардык факультетинин студенти Гапарова Салкынай, педагогика факультетинин студенти Ботобекова Азиза жаштарды колдоо, жумушка жайгашуу жана өнүгүү боюнча долбоорго окуу жайдын атынан катышуу, түрдүү гранттык конкурстарга катышуу жакшы сунуш экендигин билдирип, топто иштөөнү макулдугун жана башка студенттерди тартууну сунуш кылышты. .

    4-курстун студенттеринин сунуштары: атайын социалдык тармактарда баракчаларды ачуу жана проферентациялык иштерди, аткарылган иштери, жаңылыктарын, жетишкендиктерин жарыялап туруу менен өзүбүздү азыркы маалыматтык коомдо КПИнин студенттерин ордун көрсөтө алууга болуусун сунуш кылышты жана студенттерден түзүлгөн уюмду «»Смарт» деп атоого сунуш беришти.

    “Түзүлсүн”- 24; “Каршы”-0; “Калыс” -0;

    сунуштарды угуп, талкуулап жыйын токтом кылат:

    1. БатМУ КПИнин студенттеринен өкүлчүлүгүнөн “Смарт” уюму түзүлсүн;

    2. Смарт уюмунун составы аныкталсын;

    3. Смарт уюмунун планы бекитилсин;

    4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө иштери жаштарга кесиптик багыт берүү жана карьера борборунун жетекчиси Б. Бекмурзаевага жүктөлсүн



    написать администратору сайта