Главная страница
Навигация по странице:

  • Медицинанын тарыхы Медицинанын тарыхы.

  • Медициналык кызмат ишкананын медициналык бөлүгүнүн (поликлиника, здравпункт) базасында уюштурулуп, ага төмөнкү милдеттер жүктөлөт

  • Жасалма дем алдыруу Жасалма дем алдыруу

  • Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин

  • Биринчи жардам Биринчи жардам

  • Баштапкы медициналык-санитардык жардам

  • Шашылыш медициналык жардам Шашылыш медициналык жардам

  • Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү

  • Медицина. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тзлшнд ведомстволук медициналык кызматы каралган


    Скачать 25.61 Kb.
    НазваниеКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тзлшнд ведомстволук медициналык кызматы каралган
    Дата15.04.2021
    Размер25.61 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаМедицина.docx
    ТипДокументы
    #195087

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүлүшүндө ведомстволук медициналык кызматы каралган.

    Анын негизги милдеттерди:

    -  ички иштер органдарынын өздүк курамынын ден-соолугун чыңдоо;

    -  ички иштер органдарында аскердик-дарыгердик экспертизасын уюштуруу;

    - ИИО өткөргөн аскердик-мобилизациялык жана коомдук иш-чараларда медициналык камсыздоону уюштуруу;

    - ички иштер органдарынын өздүк курамын кызматтык ишмердүүлүккө психологиялык камсыздоо, кызматкерлерди психологиялык реабилитациялоодон өткөрүү;

    - ички иштер мекемелеринде жана бөлүктөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.

    ИИМдин медициналык кызматынын башында – Медициналык башкармалыгы турат. Аткарыла турган милдеттердин негизинде төмөнкү бөлүмдөрү бар:

    ИИМдин: 50 орундук Ооруканасы, Бейтапканасы, Аскердик-дарыгердик комиссиясы, Санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борбору жана Психологиялык кызматы менен Тиш-дарылоо кызматы. Облусттарда амбулаториялары, күндүзгү ооруканасы, аймактык аскердик-дарыгердик комиссиялары бар медициналык кызматтары, Ош шаарында 25 орундуу дарылоо борбору жана бейтапканасы бар.

    ИИМдин дарылоо-алдын алуу мекемелери ички иштер органдарынын кызматкерлерин, ИИОнун пенсионерлерин жана кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин, келишимдин негизинде башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин (КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматы, Башкы прокуратура, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, КРнын Өзгөчө кырдаал министрлигинин мамлекеттик өрткө каршы кызматы) медициналык жактан камсыздайт.

    ИИМдин бейтапканасы 15 дарыгердик адистиги боюнча квалификациялык медициналык жардам көрсөтөт. Дарт аныктоочу изилдөөлөрдү жүргүзөт – рентгенологиялык, ультразвуктук, ЭКГ, лаборатордук: клинико-биохимиялык, бактериялогиялык, ВИЧ инфекциясын аныктоочу.

    Акы төлөөнүн негизинде (бюджеттик каржылоодон тышкары) элге тиш-дарылоо жана тиш жасоо жардамын көрсөтөт.

    ИИМдин аскердик-дарыгердик комиссиясы жана облусттардын аймактык аскердик-дарыгердик комиссиялары коргоо органдарына кызмат өтөөгө кирип жана ИИМдин окуу жайларына окууга өтүп жаткан жарандарды аскедик-дарыгердик медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрөт.

    Психодиагностикалык борбору кызматка кабыл алынып жаткан жарандардын психологиялык жарамдуулугун аныктайт.

    ИИМдин санитардык-эпидемиялогиялык борбору санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, бактериялогиялык текшерүү жана башка баа берүүнүн түрлөрүн уюштурат жана өткөрөт. Башка кесиптин кызматкерлерине алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылат.

    Медицинанын тарыхы

    Медицинанын тарыхы. Дарыгерлик адамдын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда болгон. Көп жылдар бою байкоолордун жана тажрыйбалардын негизинде келип чыккан элдик медицинанын дарылоо ыкмалары муундан муунга сакталып келген. Алдын алуу жана дарылоодо табыгый факторлордун (суу, күн нуру, аба) өсүмдүк жана жаныбардан алынган дарыларга чоң маани берилген. Мында диетага, массаж, суу процедурасы, гимнастика жасоого көп көңүл бурулган. Бул мезгилдеги дарыгерлик өнөр байыркы грек дарыгери — Гиппократтын ысмы менен байланыштуу. Ал оорулууга байкоо жүргүзүү менен көп оорулардын пайда болуу себептерин жазып, оору жашоо-тиричиликке, курчап турган айлана-чөйрөгө, негизинен климатка байланыштуу экендигин көрсөтүп, ага диагноз коюуда, дарылоодо жекече мамиле жасоону негиздеген. Медицинанын өнүгүшүнө римдик дарыгер К. Гален чоң таасир тийгизген, ал анатомия, физиология, патология, терапия, акушерлик, гигиена, фармакология боюнча маалыматтарды жалпылап, медицинанын илимий системасын түзүүгө аракеттенген. Орто кылымда Медицина Батыш Европада анча өнүккөн эмес. Ал диний мүнөзгө өткөн. 9 — 11-кылымда илимий медициналык ой-пикир араб өлкөлөрүнө тараган. Медицинанын өнүгүшүнө Орто Азияда жашаган атактуу илимпоз Ибн-Сина (Авиценна) чоң салым кошкон. Анын «Дарыгерлик илимдин канону» аттуу эмгеги медициналык билимдердин энциклопедиялык жыйындысы болгон. 16—19-кылымда Медицина жай өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда А. Везалий өлүктү союп көрүп, дененин түзүлүшүн жана функциясын сыпаттап жазган. Англиялык дарыгер У. Гарвей кан айлануу жөнүндөгү окууну ачып (1628), азыркы физиология илимине негиз салган. Мындан башка 16-кылымда италиялык врач Ж. Фракасторо жугуштуу оорулар жөнүндөгү окууга, франциялык дарыгер А. Паре хирургияга алгачкы илимий негиз салган. Өнөр жайдын өнүгүшү кесип ооруларын изилдөөгө алып келген. 17 — 18-кылымда италиялык дарыгер Б. Рамаццини (1633 —1714) өнөр жай патологиясын жана эмгек гигиенасын изилдей баштаган. 18-кылымдын 2-жарымында жана 19-кылымдын 1-жарымында аскер жана деңиз гигиенасы негизделген. Оорулууну каккылоо (Л. Ауэнбруггер, Ж. Корвизар жана башкалар), тыңшоо (Р. Лаэннек жана башкалар), кармалоо, лабораториялык анализ жүргүзүү методдорунун иштелип чыгышы клиникалык медицинанын өнүгүшүнө түрткү болду. Клиникалык байкоолорду, өлгөндөн кийин аны союп туруп салыштыруу методун колдонуу патологиялык анатомия жана гистологиянын калыптанышына алып келди. Көп өлкөлөрдө жаныбарларга эксперимент жүргүзүп, нормадагы жана бузулган функцияларды изилдөө медицинанын өсүшүнө чоң таасир тийгизди. Россияда эксперименттик фармакология илиминин өсүпгүнө Н. П. Кравковдун жазган эмгектери таасир тийгизген. Немец илимпозу Г. Гельмгольц (1821 —1894) көрүү органынын физиологиясы боюнча эмгегин жазган жана офтальмологая илими өнүккөн. К. М. Сеченовдун «Мээнин рефлекстери» (1863) аттуу эмгеги, С. П. Боткиндин ички оорулардын клиникасына илимий дисциплина катары негиз салышы, Г. А. Захарьиндин клиникалык мектепти негиздөөсү дүйнөгө орус терапиясынын даңкын чыгарган. 19-кылымдын 2-жарымында медицинанын жаңы илимий-практикалык тармактары пайда боло баштаган, мисалы, педиатрия (Н. Ф. Филатов), невропатология, психиатрия жана башкалар. Дарылоо медицинасы менен катар алдын алуу да өнүгө баштайт. Англиялык дарыгер Э. Женнер чечеккекаршы вакцина ачкан. Веналык дарыгер К. Земмельвейс (1815—1865) төрөттөн кийинки сепсистин себебин таап, дезинфекция методун сунуш кылган. Л. Пастер жугуштуу ооруларды микробдор пайда кыларын далилдеген. Анын изилдөөлөрүнө таянып, англиялык хирург Ж. Листер (1827 — 1912) хирургиялык операциядан кийин жана жараатты дарылоодо антисептикалык методду сунуш кылган (к. Антисептика, асептика). Микробиология, эпидемиология илимдеринин өнүгүшү менен түрдүү жугуштуу оорулардын козгогучтары жана аларды таратуучулар табылган. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский вирусологияга негиз салган. И. И. Мечников организмдин инфекцияга (ооруга) туруктуулугун — иммунитетти ачкан. М. Петтенкофер, А. П. Доброславин, Ф. Ф. Эрисмандын эмгектери гигиенанын илимий базасын түзгөн. 20-кылымда табият таануу илимдери менен техникалык прогресстин өсүшү медицинага зор ийгиликтер алып келди. Рентген нурунун ачылышы рентген-диагностикага негиз салган. Табигый радиоактивдүүлүктүн ачылышы радиобиологиянын өнүгүшүнө негиз болду. Голландиялык физиолог В. Эйнтховендин, орус физиологу А. Ф. Самойловдун жүргүзгөн иштеринен кийин жүрөк аритмиясын, миокарддын инфарктын жана башкалар ооруларды аныктоо үчүн электркардиография киргизилген. 20-кылымдын 2-жарымында медицинада электроника чоң роль ойноду. Түрдүү механизмдердин жардамы менен органдардын функциясын, системасын каттоо методдору; хирургиялык операция мезгилинде бөйрөк, жүрөк, өпкөнүн иштешин алмаштыруучу жасалма башкаруучу түзүлүштөр, электрондук микроскопиянын пайда болушу менен клетка түзүлүшүнүн эң майда бөлүкчөлөрүн жана алардын өзгөрүлүшүн изилдөө башталды. Медициналык кибернетика активдүү өнүктү. Техникалык прогресстин таасири менен медицинанын жаңы тармактары пайда болду. 20-кылымдын башында авиациянын өнүгүшү менен авиация медицинасы, адамдын космос кемесинде учушу менен космос медицинасы өнүктү (к. Авиация жана космос медицинасы). Химия жана биология илиминин жетишкендиктеринин натыйжасында практикада жаңы химиялык жана физикалык-химиялык изилдөө методдору киргизилди. Организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгүнүн закондору жөнүндөгү генетика (Г. Мендель негиз салган) илими пайда болгон жана анын өнүгүшүнө советтик илимпоздор Н. К. Кольцов, Н. И. Вавилов, А. С. Серебровский, Н. П. Дубинин жана башкалар чоң салым кошкон. Генетикалык код ачылып, тукум куума оорулардын себептерин табууга жана медициналык генетиканын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул илимий дисциплинанын жетишкендиктерине таянып, экспрессдиагноз коюу, тукум куума ооруларды алдын алуу жана дарылоо методдору иштелип чыгып, калкка жардам катары медицина-генетикалык консультация уюштурулган. К. Ландштейнер менен Я. Янский адамдын кан топторун (1900—1907) ачып, практикада кан куюу колдонула баштады. Австриялык педиатр К. Пирке аллергия терминин киргизип, теринин туберкулинге аллергиялык реакциясын туберкулёзду айыктыруу үчүн колдонууну сунуш кылган. 20-кылымда немец дарыгери П. Эрлих оору козгогучка таасир этүүчү препараттарды синтездөөгө мүмкүн экендигин аныктаган, ошондой эле химия-терапияны негиздеген. 1929-ж. Англияда А. Флеминг кебер козу карындын бир түрү бактерияга каршы зат — пенициллинди бөлүп чыгарарын далилдеген. 1939 —1941-ж. X. Флори менен Э. Чейн таза пенициллинди алуу методун иштеп чыгышкан. Биздин өлкөдө 1942-ж. 3. В. Ермольева 1-жолу ата мекендик пенициллинди алган. 1943-ж. АКШда С. Ваксман стрептомицинди бөлүп алган. Орус окумуштуусу Н. И. Лунин ачкан витаминдер жөнүндөгү окуу да ийгиликтүү өөрчүп, авитаминоздун алдын алуу жолдору табылган. 19-кылымда франциялык окумуштуу Ш. Броун-Секар жана башкалардын ички секреция бездер жөнүндөгү окуусу өз алдынча эндокринология илимине айланган. 1921-ж. канадалык физиолог Бантинг менен Бестин инсулинди ачышы кант диабетин дарылоого мүмкүндүк түзгөн. Химия, терапия, гормон менен дарылоо, борбордук нерв системасына таасир этүүчү психотроптук каражаттарды колдонуу, жүрөккө жана мээге жана башкалар операция жасоо медицинанын ары өнүгүшүнө көмөк көрсөттү.

    Медициналык кызмат ишкананын медициналык бөлүгүнүн (поликлиника, здравпункт) базасында уюштурулуп, ага төмөнкү милдеттер жүктөлөт:

    Медициналык кызмат ишкананын медициналык бөлүгүнүн (поликлиника, здравпункт) базасында уюштурулуп, ага төмөнкү милдеттер жүктөлөт: медициналык түзүлүштөрдү толуктап, окутуп дайыма даярдыкта кармоо, өздүк коргонуунун медициналык каражаттарын жана медициналык буюмдарды алдын ала камдоо, медициналык чалгындоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү, жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көргөзүү жана дарылоо мекемелерине эвакуациялоо, ишкананын жумушчулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүү жана жайгаштыруучу жайларда медициналык кызматтарды көрсөтүү.

    Жарандык коргонуунун медициналык кызматынын өндүрүштүк түзүмдөрүнө санитардык пост жана санитардык дружинала р кирип, алар өнөр-жай ишканаларында, мекемелерде, айыл-чарбасында, жогорку жана орто окуу жайларында түзүлөт. Алардын курамына медициналык билими бар адистер, медициналык институт жана колледждердин студенттери кирбейт. Булар согушка катышуу үчүн эмес уюшулган медициналык түзүмдөр деп саналат.

    Санитардык пост (СП) - 4 адамдан: посттун башчысынан жана 3 санитардык дружинниктерден турат. Тынчтык мезгилде СП өз ишканасындагы жумушчу, кызматкерлер арасында саламаттыкты чыңдоо иштерин уюштуратжана жумушчулардын өндүрүштүк жаракат алган учурунда биринчи медициналык жардам көргөзүү үчүн багытталат. Андан сырткары ишкана, мекемелерде ден соолук бурчун жана биринчи медициналык жардам көргөзүүдө керектүү каражаттар салынган аптечка ж.б. мененжабдыйт. Согуш же өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көргөзүүгө жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө тартылат. Санитардык постко атайын программа боюнча окутулуп даярдалган жарандар тартылат. Аларды Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай уюмдары менен бирдикте чарбалык обьектилердин жетекчилери уюштурат. СП төмөнкү табелдик каражаттар менен жабдылат: аптечка, санитардык замбил, жаракат алгандарды ташууда, көтөрүп чыгарууда пайдалануучу санитардык лямка, жекече коргонуу каражаттары, Кызыл Крест жана Кызыл жарымайдын колго тагуучу эмблемасы. Ядролук жабыркоо очогунда, санитардык посттун өздүк курамы 1 саатта 10 жабыркаган адамга жардам көрсөтө алат.

    Санитардык дружина (СД) – курамы 24 адамдан турат: командир, командирдин орун басары, байланышчы (ошол эле учурда ал завхоз кызматын да аткарат), шофер жана ар биринде 1 командир жана 3 санитардык дружинниктерден турган 5 звенодон турат.СД жарандык коргонуунун медициналык кызматынын түзүмдөрү жана мекемелеринин курамында иштөө үчүн багытталат, ошондой эле жарандык коргонуунун жалпы багыттагы куткаруучу отряддарынын курамында иштөөгө да тартылат. СД өндүрүш жана ишкана - мекемелерде түзүлүп, төмөнкү табелдик жабдуулар менен камсыздалат: санитардык сумка (ар бир дружинникте), өздүк коргоонуу каражаттары (АИ-2, өздүк коргонуунун медициналык каражаты), санитардык замбил, санитардык лямка, суу үчүн фляга, противогаздар, респиратор, коргоочу кийимдер, жекече дозиметрлердин комплектиси, шак-шактар, колго тагуучу Кызыл Крест белгиси. Санитардык сумкада 10-12 жарадарга жана оорулууга жете турган медициналык каражаттар бар.

    СД согуш мезгилдеринде массалык жабыркоо очогунда жабыр тарткандарды издөө жана аларга биринчи медициналык жардам көргөзүү үчүн, жабыркаган адамдарды транспортко жүктөөчү жерлерге чыгаруу иштерин уюштурууга катышат. Андан сырткары алар жугуштуу оору чыккан жерде саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жардам берүүгө, ооруканаларда, куткаруучу отряддарда иштей алышат.Ядролук жабыркоо очогунда - 10 саат ичинде 500 жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көргөзүүсү зарыл, ал эми биологиялык курал колдонгон очокто бир СД 1500 калк жашаган аймак бекитилип берилет.

    СП жана СД – медициналык кызматтын массалык түзүмдөрү болуп, жарандык коргонуу иштери боюнча штабдын планы боюнча түзүлөт жана өзгөчө кырдаалдар жана стихиялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерине тартылат. СП, СД түзүү жана керектүү каражаттар менен жабдуу иштерине ишкананын жооптуу жетекчилери Кызыл Крест коому менен биргеликте жооптуу болсо, алардын медициналык даярдыгына саламаттыкты сактоо мекемелери жооптуу болушат.

    Жасалма дем алдыруу

    Жасалма дем алдыруу — өпкөгө абаны жасалма киргизип жана аны кайра чыгаруу. Жасалма дем алдыруу ар түрдүү кокустуктарда, ар кандай ооруда, клиникалык өлүм учурунда, мээде кан айлануу бузулганда, мээ күпчөгүндө (суу толуп калганда), мээ сезгенгенде же мээнин травмасында жана ар түрдүү уулануудан мээ жабыркаганда, шал оорусунда, ууланганда, дем алууга катышуучу көкүрөк, моюн, булчуң эттер сезгенгенде; кабырга, омуртка сынганда, өпкөнүн түрдүү ооруларында (мисалы, өпкө шишигенде, бронх астмасында жана башка) жасалат. Азыркы кезде негизинен өпкөгө абаны үйлөп киргизүү ыкмалары колдонулат. Ага «ооздон оозго», «ооздон мурунга» үйлөө, кекиртекке түтүк салып, ал аркылуу өпкөгө газды үйлөө, же бетке маска коюп, ал маска менен абаны үйлөп, өпкөгө киргизүү жана башка кирет.

    Жасалма дем алдыруу

    Дем алуунун токтоп калышы себебине карабастан — адамдын өмүрүнө өтө коркунуч туудура турган абал. Дем алуу жана жүрөк токтогон учурда адам клиникалык өлүм абалына келет. 4—6 минутанын ичинде организмде кычкылтек жетишсиздигинен жана көмүр кычкыл газынын көбөйүшүнөн жашоонун эң негизги органдарында кайта калыбына келбей турган бузулуулар пайда болот да, организм биологиялык өлүмгө дуушар болот. Эгерде ушул кыска мөөнөттө кайра жандандыруу боюнча аракеттер жасалса, адамды клиникалык өлүм абалынан кайра чыгарып алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Жасалма дем алдыруу үчүн эс-учун жоготкон адамды катуу жерге чалкасынан жаткырып, оозу, мурдун ар кыл заттардан (ылай, кан, кум, ириң, тамак) тазалайт. Эс учу жок адамдын ээги бошоп калгандыктан, тил дем алуу жолун бүтөп калышы ыктымал. Оозду тазалагандан кийин жаакты жана ээкти өйдө көтөрүү керек. Мунун натыйжасында тил көтөрүлүп, жол ачылат. Бул аракеттерди жасагандан кийин Жасалма дем алдырууну (жөнөкөй «ооздон оозго жана ооздон мурунга абаны үйлөө» жолдору менен) баштоо зарыл. Жасалма дем алдырчу адам адам жаткан кишинин оң жагында болуп, сол колу менен чекесинен басып башты артка чалкалатып, оң колу менен ээкти көтөрөт. Өзү терең дем алып, жаткан кишинин оозуна үйлөйт. Оорулуунун оозуна таза чүпүрөк (бет аарчы, даки жана башка) жаап алып үйлөгөн жакшы. Абаны катуу үйлөгөндөн кийин адамдын оозунан өз оозун тез тартып алат. Бул маалда оорулуу дем чыгарат. Дем чыгып бүткөндө кайра үйлөө керек. Ооздон оозго үйлөп дем алдырууда оорулуунун мурдун чымчып бүтөп туруу, ал эми ооздон мурунга (таноо-лорго) үйлөп дем алдырууда адамдын эриндерин бекем жаап туруу зарыл. Абаны үйлөп дем алдыруу минутасына 12 — 20 жолу болуш керек.

    Дем алуу токтогондо жүрөк да токтоп калса, Жасалма дем алдырууну жүрөк массажы менен бир убакта жасоо зарыл. Эгерде жалгыз адам жардам көрсөтсө, Жасалма дем алдыруу менен массаж (1 — 2 жолу үйлөп, 5 — 10 жолу массаж) жасоону айкалыштыруу керек. Эгерде эки киши жардам көрсөтсө бирөө дем алдырып, экинчиси массаж жасаганы максатка ылайык. Ооруканада жана тез жардамдын кызматкери Жасалма дем алдыруу үчүн атайын аппараттар колдонулат. Атайын аппараттар хирургиялык операциялардагы наркоз жасоодо да пайдаланылат, ошондой эле организмди тирилтүү макаласын

    Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин

    1. Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин (электр тогунан ажыратуу, басып калган нерселерден бошотуу) тезинен токтотуу же жабыркатуучу чөйрөдөн (суудан, өрттөнүп жаткан жерден жана башка) алып чыгуу.

    2. Жабыркоонун мүнөзүнө жараша биричи жардам көрсөтүү (к. Сөөктүн муундан чыгышы, Сыныктар, Уулануу, Эстен тануу, Жара, Жараат, Күйүк, Үшүк алуу, Сууга чөгүү).

    3. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн жакын оорукана, поликлиника, фельдшер пункту, аптекага кайрылуу же жеткирүү.

    Биринчи жардам

    Биринчи жардам — кырсыкка учураганда, капысынан кармаган ооруларда кырсык болгон жерге медициналык кызматкер келгенче же дарылоо мекемесине жеткиргенче кишинин өмүрүн сактоо максатында токтоосуз көрүлүүчүгқьощддд аталат. Мисалы, жарадар болгондо өзүн өзү таңуу, кусуп карынды тазалоо.[1]

    Эл аралык биринчи жардам берүнүн белгиси.

    Кишинин өмүрүнө коркунучтуу абалдарда кома, кан агуу, уулануу, сууга чөгүү, шок, электр травмасы жана башкаларда тезинен биринчи жардам көрсөтүү өтө зарыл. Биринчи жардам өз убагында жана туура көрсөтүлсө, андан аркы медициналык жардам натыйжалуу болот.Мисалы, сөөктүн ачык сыныгында тез жана туура таңып жана шакшактоо түрдүү кабылдоолордон (шок, инфекция жана башка), оорулуу эстен танып калган да капталынан жаткыруу кекиртек менен бронхко кусунду жана кан кирип тумчугуп калуудан сактайт. Биринчи жардам көрсөтүү каражаттарын тандоо жана аларды пайдаланууда оорунун же жабыркоонун мүнөзүн эске алыш керек.

    Сыныкта, сөөк муундан чыкканда, тарамыш чоюлуп же үзүлүп калганда кол-бутту кыймылсыз абалга келтирип таңуу өтө маанилүү (к. Иммобилизация). Мында тактай, бутак, картон жана башка нерселерди пайдаланып, тайпы, жоолук, кур, чүпүрөк айрыгы менен байлап таңса болот. Эгерде сөөк сынбай эле тарамыш чоюлуп же үзүлүп калса Көзгө бир нерсе түшкөндө, көз жабыркаганда көздү кир кол менен сүрүп инфекция түшүрбөй, таза бет аарчы менен сүртүү керек. Оорулуу капысынан эстен танганда капталынан же чалкасынан жаткырып башын капталын карай буруп коюп, кийминин топчусун чечип, терезени ачып, желдетүү зарыл.

    Баштапкы медициналык-санитардык жардам

    7. Амбулатордук шарттардагы баштапкы медициналык-санитардык жардам:

    - фельдшердик-акушердик пункттун фельдшерлери;

    - үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер;

    - үй-бүлөлүк медицина жана жалпы практика борборунун адистери тарабынан көрсөтүлөт.

    8. Баштапкы медициналык-санитардык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жазылышкан жарандарга төмөнкү өлчөмдө бекер көрсөтүлөт:

    1) профилактика:

    - ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу;

    - Улуттук алдын алуучу эмдөөлөр календарынын чегинде жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык иммунизация өткөрүү;

    - эпидемияга каршы иш (инфекция булактарында);

    - бейтаптарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн-өзү контролдоого жана өзүнө жана өз ара жардамдашууга окутуу.

    2) диагностика:

    - дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;

    - адистин жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр:

    кандын жалпы анализи;

    зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;

    уретралдык мазоктун микроскопиясы;

    вагиналдык мазоктун микроскопиясы;

    какырык анализи (мазок микроскопиясы);

    кандагы кантты аныктоо;

    заарадагы кантты аныктоо;

    кандагы холестеринди аныктоо;

    электрокардиограмма;

    кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга - жылына 1 жолу);

    Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);

    3) дарылоо:

    - кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;

    - иммобилизация;

    - медикаментоздук дарылоо дайындоо;

    - медициналык инъекцияларды жасоо (венага, булчуңга, тери алдына).

    (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

    9. Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр, 8-пунктта көрсөтүлгөндөн сырткары төмөнкүдөй өткөрүлөт:

    1) дарыгердин жолдомо каты бар болсо, акысыз:

    - ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жарандарга;

    - ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-главасында көрсөтүлгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга;

    2) баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен - калган жарандарга.

    Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда тиешелүү адистер жана/же лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым бир түрлөрүн (кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр менен манипуляцияларды эске албаганда) өткөрүү үчүн шарттар болбогон учурда, аталган изилдөөлөр келишимдин негизинде саламаттык сактоонун башка мекемелеринде өткөрүлөт. Изилдөөлөр үчүн акы пациентти жиберген саламаттык сактоо мекемеси тарабынан төлөнөт. Мында, изилдөөлөр жүргүзүлгөн саламаттык сактоо мекемесинде пациенттен кошумча акы алынбайт.

    Медициналык кызматтарга баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

    Жеңилдикке укугу бар экендигине карабастан катталбаган калкты медициналык тейлөө иштери баалардын Прейскурантына ылайык акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

    (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)

    10. Калыбына келтирүүчү жана физиотерапевттик жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:

    - социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;

    - милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;

    - калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.

    (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)

    10-1. Стационардык-ордун алмаштыруучу жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:

    социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;

    - милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;

    - калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.

    (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык

    Шашылыш медициналык жардам

    Шашылыш медициналык жардам - бул жашоо көрсөткүчтөрү боюнча өмүргө коркунуч жараткан жана шашылыш түрдө медициналык жардамды талап кылган учурда (кокустан болгон кырсык, травма, уулануу, башка оорулар жана абалдар) бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардам, ал:

    - шашылыш тез медициналык жардам кызматы;

    - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелери;

    - шашылыш консультативдик медициналык жардам тарабынан көрсөтүлөт.

    12. Шашылыш медициналык жардам, анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

    (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)

    13. Шашылыш консультативдик медициналык жардам күнү-түнү жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланууда жүрүшкөн бардык жарандар үчүн кечиктирилбестен көрсөтүлөт. Шашылыш консультативдик медициналык жардам өзүнө бетме-бет жана сырттан берилүүчү консультациялар менен бирге менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринде көрсөтүлүүчү практикалык жардамдарды камтыйт. Шашылыш консультативдик медициналык жардам төмөнкү учурларда көрсөтүлөт:

    - оорулуунун ден-соолугунун абалына байланыштуу анын өмүрүнө коркунуч жаралган учурларда саламаттык сактоо мекемесинде тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы дарыгер-адис жок болсо же медициналык илимдин жана практиканын заманбап жетишкендиктеринин деңгээлинде адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок болсо;

    - бейтапка жасалган терапиядан натыйжа болбой, оорулуу адамдын абалы барган сайын начарласа;

    - ооруну табуу жана дарылоо тактикасын аныктоодогу кыйынчылыктарда;

    - оор абалда жаткан оорулуу адамды медициналык жардам көрсөтүүнүн алда канча жогорку деңгээлиндеги саламаттык сактоо мекемесине жеткирүү зарылчылыгында.

    Шашылыш консультативдик медициналык жардамдын ишин уюштуруу саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

    Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү

    6. Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:

    - баштапкы медициналык-санитардык жардам;

    - амбулатордук шарттардагы шашылыш медициналык жардам;

    - шашылыш консультативдик медициналык жардам (санитардык авиация);

    - адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары амбулатордук шартта адистештирилген медициналык жардам;

    - адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары стационардык жардам;

    - медициналык жардамдын Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрү фондусунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардам;

    - стоматологиялык жардам;

    - дарылык жана вакциналык камсыздоо;

    - иммунопрофилактика;

    - амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардам;

    - паллиативдик жардам.


    написать администратору сайта