|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Кыргыз жергеси
Алгачкы таш дооруна (800-140 миң жыл илгери) таандык эң адепки таш куралдар Түндүк Кыргызстандын аймагынан табылган.
Ортоңку таш дооруна (140-40 миң жыл илгери) таандык адамдардын алгачкы тургун жайларынын бири Чүй өрөөнүнөн табылган. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Чулу адырында мустье маданиятына (100-40 миң жыл илгери) таандык тургун жай иликтенген. Андан 4 миңдей таш куралдар табылган.
Кыргызстандагы Андронов маданиятына таандык эң байыркы тургун жай Чүй боорундагы АкСуунун жанынан табылган (б.з.ч. 15-13к.).
СаймалыТаш эстелиги археолог А.Н.Бернштамдын божомолунда б.з.ч. 21жылдарда пайда болгон. Андагы сүрөттөр 120 миңге жетет. СаймалыТаш жөнүндөгү 1кабарды 1903-04ж. орус офицери, аскер топографы Н.Г. Хлудов жергиликтүү элден угуп, илимпоздор чөйрөсүнө маалымдаган. Мындай сүрөттөр азырынча дүйнөнүн башка жерлеринен кездеше элек.
Азыркы кыргыз жергесинин аймагындагы эң байыркы мамлекет - Түрк кагандыгы (552-744). Ал Түндүк Кытай, Борбордук жана Орто Азия аймактарын ээлеген. Аны Бумын каган 555ж. негиздеп, Борбордук Азиядагы түрк элдерин бүт каратып алган.
7–8-кылымда Орто Азияга арабдар басып кирген. 741-ж. кытайлар Миң-Булактагы түрктөрдүн Карлук кагандыгын сыртка сүрүп чыгарган. Карлуктар менен арабдар биригип Таласта кытай армиясын талкалашкан.
Ысыккөл жөнүндөгү эң алгачкы маалымат байыркы грек астроному К. Птолемейдин жана кытай саякатчысы Чжань Цзяндын эмгектеринде кездешет. “Ысыккөл” деген аталыш 1жолу 936ж. жазылган белгисиз автордун “ХудудалАлам” аттуу эмгегинде жолугат. Ысыккөл ага чейинки эмгектерде “ЯнШай”, “ХанХай” (“Туздуу көл”), “ХеХай” (“Жылуу көл”), “Тяньчи” (“Толтура көл”), “ЖитиКөл”, “ТускөлНор” ж.б. деп аталып келген.
Араб авторлорунун ичинен Кыргызстандын тарыхына тиешелүү эң алгачкы кабар Тамим ибн Бахрдын (ал 9кылымдын 1жарымында жашаган) күндөлүгүндө кездешет. Ал 808ж. Чыгыш Түркстанга жасаган саякатында Ысыккөлдүн жээгинде Жогорку Барскандын аймагында 8 шаар жайгашкандыгын жазган.
Алгачкы араб географтарынын бири Ибн Хордадбек (820-912) Кыргызстандын түштүгүндө Куба, Ош, Өзгөн, түндүгүндө Атбаш, Барскан шаарлары болгонун, Боом капчыгайы аркылуу өткөнүн жазып, түрк элдеринин тизмесинде кыргыздарды да атаган.
Энциклопедиячыокумуштуу Махмуд Кашгари “Диван лугататтурк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) аттуу эмгегинде (1075) өзү түзгөн дүйнөнүн картасын тиркеген. Анда 1жолу ЫсыкКөл, Борбордук ТеңирТоо системасы, Баласагын, Барскан шаарлары көрсөтүлгөн. Барынан кызыгы ЫсыкКөл картанын борборуна келтирилген.
Борбордук Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды 1200жылдары Европага ачкан итальян саякатчысы Марко Поло болгон. Ал 1жолу Европага жол ачкан. Кыргызстанды Улуу Жибек жолундагы керемет чөлкөм катары жазган.
1211ж. ТяньШанда монголнайман ханы Күчлүктүн бийлиги орногон.
1390ж. Чүй өрөөнүндө Тимур мамлекети орнотулган.
Артиллериянын капитаны Иван Унковский 1723ж. Петр Үнин тапшыруусу менен Жунгариянын ханы Цевен Рабтанга элчиликке келген. Ал Ысыккөлдүн чыгышы аркылуу өткөн. Өткөн жолун картага түшүргөн. Географтардын пикири боюнча бул карта Кыргызстандын аймагындагы географиялык обьектилерди кеңири көрсөткөн Европадагы 1карта болуп эсептелет.
Ысыккөл, ТяньШань сырттарынын табиятын, кыргыз тарыхын, этнографиясын, рухий жана материалдык маданиятын алгачкылардан болуп казак илимпозэнциклопедиячысы Ч.Ч.Валиханов (1835-1865) изилдеген. Ал Ысыккөлдүн көрүнүшүн жана өрөөндүн табиятын чагылдырган сүрөттөрдү тарткан. Ал кыргыз эли, “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөгө маалымат берген 1окумуштуу болуп эсептелет.
Ысыккөл жөнүндө алгачкы илимий эмгекти орус географы жана ихтиолог, академик Лев Семёнович Берг (1876-1950) жазган. Ал “Озеро ИссыкКуль” деп аталып, 1904ж. жарык көргөн.
Ысыккөл дүйнөдөгү бийик тоо көлдөрүнүн ичинен Америкадагы Титикака көлүнөн кийинки 2орунду (деңиз деңгээлинен 1607,8 м бийиктикте), ал эми тереңдиги (эң терең жери 702 м) жана суусунун көлөмү (1738 км3) боюнча 1орунду ээлейт. Көлдүн жалпы аянты 6232 км2, узундугу 178 км, туурасы орточо 60 км.
Орус зоологу жана зоогеографы Николай Алексеевич Северцовго ТяньШанды, анын жаныбарларын изилдегендиги - ”илимий майдандагы айрыкча эмгеги” үчүн диссертация жактатпастан эле Москва университетинин зоология доктору наамы ыйгарылган.
Көчмөн уруулардан 1-болуп оттук ташты энесайлык кыргыздар табышкан экен.
|
|
|