1883-ж. орус императору Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, падышанын атынан алтын чынжырлуу саат, 1-даражадагы 5 ардак чепкен, Түркстандагы эл башчыларынын ичинен эң биринчилерден 4-даражадагы Георгиев орденин, Станислав жана Анна тасмалары тагылган эң чоң алтын медалды, Кокон хандыгын багындыруу урматына арналган медаль менен Кызыл крест уюмунун ардак белгисин алган; 1904-ж. Мекеге ажылыкка баратып, Стамбул шаарында курулуп жаткан темир жолго кыргыз элинин атынан 2000 сом бергендиги үчүн Түрк султанынан алтын медаль менен Ардак грамота алган алгачкы кыргыз Шабдан баатыр болгон.
“Улук методист” наамын 1-болуп 1927-ж. мугалимдердин усулдук 1-кеңешмесинде Ибраим Алымбеков алган. Ал Кетментөбө өрөөнүндөгү 1-мугалим.
Кыргыздардан “Этрурия” (Италия, 1980) сыйлыгынын, эл аралык Жавахарлал Неру атындагы (1985) ж.б. сыйлыктардын алгачкы ээси болгон – Чыңгыз Айтматов.
Г.Х.Андерсен атындагы эл аралык адабий сыйлыкты кыргыз жазуучуларынын гана эмес, Орто Азия жана Казакстан республикаларынын жазуучуларынын ичинен 1-болуп “Мүйүздүү козу” деген чыгармасы үчүн 1976-ж. Ш. Бейшеналиев алган.
Дүйнөлүк өнөр жарышында лауреаттыкка алгачкы болуп арзыган кыргыз ырчысы – Асек Жумабаев. Ал 1955-ж. Будапештте өткөн жаштардын дүйнөлүк фестивалында лауреаттыкты жеңип алган.
Кыргыздардан 1-болуп 1991-ж. ноябрда КР Президенти А.Акаев Латын Америкасынын биримдиги үчүн Ассоциациясынын Гранд Кросс (Чоң Крест) эркиндик жана биримдик үчүн ордени менен сыйланган.
Дүйнөдөгү аялзатынын арасынан ЮНЕСКОнун макулдугу менен алгачкы жолу Майрам Акаевага ЮНИТУ сыйлыгы ыйгарылган. Бул дүйнөдөгү абройлуу эл аралык сыйлык М.Акаевага дени сак эне, дени сак бала, дени сак улут маселесин көтөрүп чыккан эмгектери үчүн берилген.
Физули атындагы эл аралык адабий сыйлыкты 1999-ж., Грузиянын Важа-Пшавела атындагы жогорку адабий сыйлыгын 2002-ж. кыргыз жазуучуларынан 1-болуп акын Надырбек Алымбеков алган.
Орусиянын Улуттук прикладдык илимдер академиясы жана Биографиялык институтунун “Белгилүү мамлекеттик ишмер жана миң жылдыктын илимпозу” деген наамын жана академиянын Алтын төш белгисин алган 1-кыргыз А.Акаев (2000, сентябрь).
ВИЧ/СПИД жугуштуу оорусун алдын алуу боюнча иш жүргүзгөн көрүнүктүү ишмерлерге берилүүчү БУУнун Жонатан Мэн атындагы жогорку сыйлыгы Борбор Азия регионунан 1-болуп, 2000-ж. Накен Касиевге ыйгарылган.
Штаб-квартирасы АКШнын Каролина штатында болгон Америка Биографиялык институтунун эл аралык изилдөөлөр кеңеши ыйгаруучу “Жыл адамы” деген Ардак наам аз эле адамга берилген. Ага биздин жердештерден татыктуу болгон илимпоздор К.Сулайманкулов (1999), Ү.Асанов (2001), Э.Мамбетакунов (2002).
Эл аралык коомдук «Улуу Петр» сыйлыгын (Россия) кыргыздардан 1-болуп А.Акаев алган (2003).
АКШнын бириккен конвентинин эларалык тынчтык сыйлыгын кыргыздардан 1-болуп илим доктору, социолог Кусейин Исаев алган (2004).
Кыргызстандан 1-болуп Франциянын «Напалеон» сыйлыгын «Бектур» корпорациясынын президенти Тынчтык Конушбаев алган (2004).
КР тарыхында биринчи жолу 1999-ж. ишкерлер арасында мелдеш өткөрүлүп, “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын “Акун” фирмасынын президенти, акын Чыныбай Турсунбеков жеңип, Президенттин баш байгеси ВАЗ-99ду алган.
Журналисттерден Кыргызстандан 1-болуп шоумен, продюсер Ассоль Молдокматова 2005-ж. Эларалык парламенттин ассамблеясы жана Эларалык «Мир» телерадиокомпаниясынын биргелешкен чечими менен Москвадан «Древо дружбы» алтын медалына татыктуу болгон. Ошол эле жылы Калифорниядагы «FҮdof» фестивалын уюштуруучуларынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы «Мисс экстравагентность» титулун ыйгарган.
Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында 6 – 28 жаштагылардын арасында «Аалам Канзаадасы жана Канышасы – 2004» деп аталган эларалык конкурста 16 мамлекеттен келген 40 адамдын ичинен эң башкы орун – Аалам Канзадасы титулун 12 жаштагы кыргыз мырзасы Кубат Салымбеков, ал эми үчүнчү орунду – «Экинчи Канышаны» 11 жашар кыргыз кызы Толгонай Байзакова жеңип алган.
Ардак наамдар
Айкөлдүгү, чечендиги, калыстыгы, марттыгы, боорукердиги менен элдин сыймыгына айланып, элдик ызаатка арзып, кадыр-баркына, элге өтөгөн эмгегине карата аке даражасы көл аймагында гана колдонулган. Ысыккөл кылаасында 7 аке жашап өткөн: алдаяр Мойт, дөөлөс Сарт, белек Тилекмат, шапак Карач, токсобай Кыдыр, саяк Садыр, күрүчбек Карга акелер болуптур. Аларга кээде коңурат Акун аке (Талып молдо) да кошулат. Буларга эл туюкка кептелип, акыл көзүн табалбай карайлап турганда кайрылышкан . Ошондо алар караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап караңгыда жанган чырак сымал туюктан чыгарып кетишчү экен.
CCCР эл артисти наамын 1-болуп 1939-ж. Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева алган.
СССР эл сүрөтчүсү наамын 1-болуп 1963-ж. Семён Афанасьевич Чуйков алган.
СССР эл мугалими наамын 1-болуп 1980-ж. Жаманкул Үтүров алган.
Советтер Союзунун Баатыры наамын кыргызстандыктардан (СССРдин да) эң биринчи алган– Дмитриев Николай Михайлович. Ал 1941-ж. 10-июлда Белоруссиянын Борисово кыштагын коргоодо өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн берилген. Ал эми ушул наамды алган 1-кыргыз уулу – Дүйшөнкул Шопоков (1942).
Эки жолу Советтер Союзунун Баатыры наамын кыргызстандыктардан 1-болуп 1944, 1945-жылдары Бегелдинов Талгат Якубович алган.
Социалисттик Эмгек Баатыры наамы 1-жолу 1947-ж. кызылчачы Дорошенко Наталья Егоровнага, пахтачы Исмаилова Инахонго, шахтёр Сатыбалдиев Алтымышка берилген.
Эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры наамын 1-болуп пахтачы Анаров Алля (1948, 1951), аялдардан бул наамды 2 жолу кызылчачы Зууракан Кайназарова алган.
Учурунда компартиянын ишмерлеринен 1-болуп Социалисттик Эмгек Баатыры наамына арзыган – Султанов Кадырмат (1905-57). Ага бул наам 1957-ж. Кыргызстан КП Ленин райкомунун (Ош облусу) 1-катчысы болуп турганда берилген.
Кыргыз ССР эл артисти наамын 1939-ж. 1-алган Карамолдо Орозов.
Кыргыз ССР эл акыны наамын 1945-ж. 1-алган Аалы Токомбаев.
Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү наамын 1944-ж. 1-алган С.А. Чуйков, кыргыздардан 1954-ж. 1-алган Гапар Айтиев.
Кыргыз ССР эл жазуучусу наамын 1968-ж. 1-алгандар: Чыңгыз Айтматов, Касымалы Баялинов, Касымалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Аялзатынан 1-эл жазуучусу болгон – Зуура Сооронбаева (1999).
КР эл мугалими наамын 2001-ж. 1-алгандар: Салия Абдрахманова, Мамадали Баимбетов, Татьяна Ивановна Першина, Муса Рыскулбеков.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын 1939-ж. 1-алгандар: А.Айбашев, К.Айбашева, М.Баетов, А.Жанкорозова, С.Кийизбаева, Д.Койчуманов, Т.Курманов, М.Кыштобаев, Р.Муминова, Р.П.Римская, А.А.Романовская, Н.В.Романовский, О.Сарбагышев, Д.Я.Соколов, Ш.Термечиков, Ы.Туманов, Ш.Түмөнбаев, А.Файзуллаев.
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери наамын 1939-ж. 1-болуп алгандар: П.Ф.Шубин, В.Я.Васильев, В.А.Власов, А.Куттубаев, Ш.Орозов, А.М.Самарин-Волжский, В.Г.Фере, В.В.Целиковский, Н.Т.Черневский-Чужбанин, С.А.Чуйков.
Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты наамын 1945-ж. 1-алгандар: С.Алимов, А.Анаров, Б.Ахмедов, Ч.Вамаза, И.Ф.Головченко, М.Н.Гречухина, З.Кайназарова, А.Кенжетаев, Ы.Кочкорбаев, С.Мамарасулов, Ж.Махмудов, И.Садыков, Т.Сулайманов, К.Сурамбаев, А.Таширов, А.М. Улитина, Т.Шаимкулов.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы наамын 1940-ж. 1-болуп С.К.Лобынцев алган.
Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты наамын 1943-ж. 1-алгандар: И.Абдраимов, Т.Бабашев, Ж.Боромбаев, Д.Букуева, В.Н.Ишин, М.З.Кириченко, В.Ф.Коваль, Ш.Көчкөнов, Т.Огомбаев, А.С.Рябоконь, Д.В.Стеценко, Ф.А.Стрельникова, М.П.Таранова, Д.Чумаков, А.С.Щетина.
Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим наамын 1941-ж. 1-алгандар: А.Аралбаев, Г.А.Ахмаддуллин, В.Ф.Баклушин, А.Жаналиев, К.Карымбаев, К.Каримов, О.Кыштобаев, М.И.Лопухина, М.М.Ногойбеков, С.Орозбаев, В.А.Полукин, М.Т.Пономарчук, М.И.Синусова, Е.В.Узорова. Бул наам 1970-ж. 30-ноябрда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими деп аталган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги наамын 1947-ж. 1-алгандар: С.Буйлашов, В.И.Валик, К.И.Грошев, Р.Жентаев, В.В.Иванов, Е.С.Каттус, Л.Н.Клепиков, Д.В.Колесников, П.И.Кржановский, В.Г.Маврицкий, О.И.Недохлебова, И.И.Федотов, П.Т.Щелохов.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген агроному наамын 1953-ж. 1-алган А.А. Кильчевский.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ирригатору наамын 1954-ж. 1-алган Н.П. Юдахин.
Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери наамын 1954-ж. 1-алган Е.А.Белоусова.
Кыргыз ССРинин кесипчилик-техникалык билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери наамын 1-болуп 1958-ж. алгандар: А.П.Брыкалов, А.А.Васева, Р.Т.Глущенко, В.Е.Ластовкин, П.Д.Ливанский, А.И.Ляпкин, С.Муллажанов, М.И.Райков, С.П.Тищенко, Н.Х.Худайбергенов, В.Д.Шабанов.
Кыргыз ССРинин айыл чарбага эмгек сиңирген механизатору наамын 1-болуп 1958-ж. алгандар: Ш.Абдырахунов, Н.Л.Кроль, В.И.Курыгин, Н.А.Панкратов, С.Л.Фетисенко.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген жерчиси наамын 1-болуп 1959-ж. алгандар: С.А.Кирилов, А.Г.Рахимов, Е.А.Харитонов, Я.А.Хлопотов.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп чыгаруучусу наамын 1-болуп 1960-ж. алгандар: Г.Х.Айзенберг, А.Акбаев, И.В.Неустроев, М.Усубакунов, А.М.Щуклин.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген рационализатору наамын 1-болуп 1961-ж. алгандар: П.Е.Авраменко, С.В.Аленгоз, А.И.Диулин, В.В.Еремеев, Д.Д.Жээнчураев, П.Н.Зацепин, Г.Х.Карасаева, П.В.Коротков, В.А.Ли, А.Л.Лимонов, В.М.Паталах, Н.С.Свориков, Н.Ф.Соловьев, Л.В.Сычев, Н.Т.Төлөмүшев, В.В.Трапезников, В.П.Филиппов, А.Я.Цыгано, И.И.Ягодкин.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу наамын 1961-ж. 1-болуп алгандар: М.Г.Смола, С.Туркеев, М.С.Фадеев, И.Ф.Шавелев.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген байланышчысы наамын 1966-ж. 1-алгандар: С.Абдразаков, Н.К.Баирова, М.Г.Демченко, К.Е.Жумабаева, А.А.Мальский, С.Молдобаев, Е.Ф.Новак, Г.Я.Синицина, М.М.Холеберг, А.Г.Чадина.
Кыргыз ССРинин транспортко эмгек сиңирген кызматкери наамын 1967-ж. 1-алгандар: А.Атаканов, С.Г. Батлук, Б.Баялинов, Ш.Жетигенов, Б.Жумалиев, И.Жусувахунов, Н.К.Инжетова, Т.Х.Каримова, Ф.П.Колесников, Г.В.Лаврентьев, С.Мамарасулов, К.Өмүров, П.И.Портных, И.В.Силкин, С.С.Тимов, В.М.Четвертак.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти наамын 1967-ж.1-алгандар: З.Сагынов, А.В.Сидоров.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген юристи наамын 1966-ж. 1-болуп алгандар: Н.П.Воронцов, Н.П.Кучерявый, А.Я.Моисеева, С.Сулайманов, Э.Чинетов, М.Шаршекеев, М.Г.Шурова.
Кыргыз ССРинин геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер наамын 1972-ж. 1-алгандар: Т.Аталов, М.Ахмедов, И.В.Варема, М.А.Симонян.
Кыргыз ССРинин соода жана тиричилик жактан тейлөөгө эмгек сиңирген кызматкери наамын 1967-ж. 1-алгандар: А.А.Бабошина, Т.Д.Ващилина, Р.Жемилов, Т.П.Коркина, Т.И.Меркулова, Г.Мирзажанов, Т.Мусаева, К.Намазбекова.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору наамын 1974-ж.1-алгандар: А.Исаев, Г.П.Кутателадзе, В.Е.Нусов, Е.Г.Писарской.
Кыргыз ССРинин өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкери наамын 1973-ж. 1-болуп Г.П.Кудрящов алган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген шахтёру наамын 1971-ж.1-алгандар: Э.Ажикеев, М.К.Александров, А.К.Игнатова, А.Карамуратов, Н.Көчөрбаев, Л.Кудрящева, П.П.Фоменко, А.Т.Шилин.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги наамын 1971-ж.1-алгандар: М.М. Азрилян, С.Г.Анохин, М.Н.Валежный, Г.Г.Гиллер, А.Дүйшөбаев, И.П.Козлин, Т.Рахимов, С.П.Решетников, П.Т.Сковоронский, И.Үңкүев, Я.Э.Фарбер, А.Х.Шамионов.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген токой өстүрүүчүсү наамын 1975-ж. 1-алгандар: М.Жээнбеков, Е.П.Стаценко, А.А.Цатурян.
Автор жөнүндө кыскача маалымат
КАДЫРОВ Ысмайыл 1951-ж. 16-июлда Атбашы районунун Жаңыкүч айылында туулган. 1977-ж. КМУнун механика-математика факультетин бүткөн. 1977-2000-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп иштеген.2000-2004-жылдары КР Өкмөтүнүн Аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан сектор башчысы болуп эмгектенет. 3 ыр жыйнактын, 1 проза китептин, бир нече сөздүктөрдүн, илимий-популярдуу китептердин автору. Котормо китептери да бар. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР билим берүү, КР кесиптик-техникалык билим берүү отличниги. Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктын, “Түгөлбай Ата” эл аралык коомунун лауреаты. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун, КР журналисттер союзунун мүчөсү.
© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон Редактору Түгөлбай Мамбетжунушев
|