|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Театр
Жазуучу жана драматург К.Жантөшевдин изилдөөчү Н.Львовго берген маалыматына караганда кыргыз тилиндеги алгачкы пьеса «Бүкүлбай» деп аталып, 1920-ж. Каракол шаарынын жанындагы «Чолпон» мектебинде коюлган. Автору жергиликтүү мугалим болгон. Оюнга К.Жантөшев өзү да актер катары катышкан.
1926-ж. 2-ноябрда Бишкекте алгачкы музыкалык-драмалык студия (Кыргыз улуттук театр студиясы) түзүлгөн. Ага Аманкул Куттубаев, Өмүркул Жетикашкаев, Калый Сабаев, Касымалы Жантөшев, Касымаалы Эшимбеков, Жапар Жүндүбаев, Шейше Орозов, Гүлай Орозбаева, Шамшы Түмөнбаев, Алжанбай Сарбагышев, Канымгүл Айбашева, Калбүбү Мадемилова ж.б. киришкен. 1930-ж. 7-ноябрда студия кыргыз мамлекеттик драма театрына айланып, 1-сезону ачылган. 1970-ж. 6-ноябрда Кырдрамдын жаңы имараты ачылган. Театрга 1997-ж. драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган. Драма театрынын 1-режиссеру – Абыл Урманбетов.
Кыргыз театр өнөрүнүн тарыхындагы тунгуч пьесалар М.Токобаевдин “Кайгылуу Какейи” (1928) менен К.Жантөшевдин “Алым менен Мариясы” (1930).
1928-ж. этнограф жана композитор А.В.Затаевич (1869 -1939) Кыргыз өкмөтүнүн сунушу боюнча кыргыздын элдик пьесаларын жана ырларын 1-жолу нотага түшүргөн.
Кыргыз театр өнөрүнүн тарыхына тунгуч улуттук режиссер катары кирген Аманкул Куттубаев (1907 - 84). Ал 1930-ж. К.Жантөшевдин “Алым менен Мариясын” койгон. Ал Сарбагышев Отунчу (1909-44), Жетикашкаев Өмүркул ж.б. сыяктуу эле улуттук тунгуч актёрлордун катарында да турат.
Эң алгачкы кыргыз музыкалуу драмасы “Алтын кыз”. Либреттосун Ж.Бөкөнбаев, музыкасын В.Власов менен В.Фере жазган. Алгач 1937-ж. 12-майда Кыргыз драма театрында коюлган. Режиссёру Ө.Жетикашкаев, балетмейстери Н.Хольфин, дирижеру Ш.Орозов, сүрөтчүсү Г.Айтиев, хормейстери П.Меркулов. Башкы ролдорду аткаргандар: А.Куттубаева (Чынар), А.Боталиев (Жапар), А.Малдыбаев (Кузнецов), Б.Бейшенбаева (Чынардын энеси), М.Кыштобаев (Берик дубана), К.Жантөшев (Момуш), К.Эшимбеков (Калыбек ырчы).
Кыргыз драматургдарынын жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларынын негизги ролдорун эң биринчи сахнага алып чыгып турган залкар сахна чебери – Муратбек Рыскулов (1909 -74). Ролду жүрөккө жеткире аткаргандыктан Англиядагы Король Лирдин айкели М. Рыскуловдун кебетекешпири менен тургузулган.
Н.К.Крупская атындагы орус драма театры 1935-ж. 12-ноябрда ачылган.
Каракол драма театры 1937-ж. апрелде уюштурулган. Аны уюштурууда ошол кездеги ГИТИСтин (Москва) кыргыз студиясынын студенти Какен Урманбетова чоң роль ойногон. Театрдын алгачкы режиссерлору: Т.Курманов, Д.Койчуманов, Б.Корольков. Ал эми алгачкы актерлору А.Жанкорозова, Ш.Жунушев, Б.Бообеков, С.Көмөчов, А. Кожобеков ж.б.
Кыргыздын тунгуч куурчак оюнчусу – Адамкалый Байбатыров (1895 - 1953). 1939-ж. ал тунгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн. Ал ышкырып, эки колдоп черткен темир комузчу болгон, алгачкы имитатор (тууроочу) дагы.
Кыргызстанда тунгуч ирет “Жалгыз актёр театрын” жараткан артист – айтылуу куудул Шаршен Термечиков.
Грим өнөрү боюнча кыргыздын тунгуч адиси – А.Сманалиев.
Москвадан 1941-ж. институтту бүтүп келген алгачкы карлыгачтар: Н.Кытаев (“Корол Лирди” 1-ойногон), Самак Алыкулов, Шамшы Түмөнбаев, Жекшен Арзыгулов ж.б.
1953-ж. Ташкенден институтту 1-бүтүргөндөр: Советбек Жумадылов, Гүлшара Дуулатова, Касымбай Табалдиев ж.б.
Республикадагы алгачкы куудалдар театры, б.а. Шаршен атындагы Чүй облустук театры 1991-ж. түзүлгөн. 1-директору киноактёр, театр артисти Марат Алышпаев.
Элдик театрлардын ичинен 1-болуп профессионалдык театр болгон – Жумгал драма театры. Ал 1935-ж. колхоз-совхоз аралык театр катары уюшулуп, 1972-ж. элдик театр наамын, 1995-ж. профессионалдык драма театры статусун алган.
Асанкул Шаршенов атындагы куудулдар конкурсунун 1-лауреаты – анын шакирти Келдибек Ниязов.
Бишкек шаардык драма театры 1993-ж. К.Баялинов атындагы республикалык китепканада ачылган. Алгачкы жетекчиси КР эл артисти Асанбек Умуралиев. Алгачкы сезонун япон жазуучусу Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» деген пьесасы менен баштаган.
Балет
Эң алгачкы кыргыз балети – “Анар”. Либреттосун К.Эшмамбетов, Н.С. Хольфин, музыкасын В.Власов, В.Фере жазган. Балетти койгон Н.С.Хольфин, В.В.Козлов, дирижеру В.И.Чернов, сүрөтчүсү – Я.З.Штоффер. Анардын ролун – А.Молдобаева, Г.Худайбергенова, Кадырды – А.Мамакеев, Багыштын ролун – Г.Автандилов аткарган.
Ленинград хереографиялык окуу жайын бүткөн алгачкы кыргыз балеринасы - Арзыгулова Жумакалый (1922-48). Таланттуу педагог болуп, кыргыз классикалык балетинин өнүгүшүнө салым кошкон. 26 жашында дүйнөдөн өткөн. Галия Худайбергенова да алгачкы кыргыз бийчиси, кыргыз хореографиясынын карлыгачы, атайын билими жок, тубаса талант.
Кыргыз хареографиясын негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева жараткан каармандардын көпчүлүгү бий өнөрүнүн бийик эталонуна айланган. Ал катышкан “Чолпон” балетфильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Кыргыз бийчилеринен 1-жолу Б.Бейшеналиева бийлеген “Чолпон” балети тартылып Америкада көрсөтүлгөн.
Биринчи балет-оратория – “Саманчы жолу”.
Биринчи балетмейстер-аял – КР эл артисти Эркин (Калбүбү) Мадемилова.
Кыргыз театр сахнасында 1-жолу жаңылык жараткан 1 актылуу авангарддык стилдеги модерн балеттин автору композитор жана пианист Каныкей Медетбекова. Ал Бишкек шаарынын гимнинин автору дагы.
|
|
|