|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Опера
Кыргыз опера жана балет театры 1937-ж. негизделген.
Биринчи кыргыз операсы – “Айчүрөк”. Музыкасын А.Малдыбаев, В.Власов, В.Фере, либреттосун Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов жазган. Премьерасы 1939-ж. 15-апрелде болгон. Анда Айчүрөктүн ролун –С.Кийизбаева, Семетейди – Ж.Садыков, Күлчорону – А.Малдыбаев, Чачыкейди – М.Махмутова, Калыйманды – А.Куттубаева, Чынкожону – А.Боталиев, Толтойду – К.Эшимбеков аткарган. Режиссерлору – А.Куттубаев, В.Васильев, хормейстери – П.Меркулов, балетмейстери – Н.Хольфин, сүрөтчүсү – Я.Штоффер, дирижеру – В.Цениковский.
Кыргыздын алгачкы опера ырчылары – А.Боталиев, А.Малдыбаев, Ж.Садыков, С.Кийизбаева ж.б. С.Кийизбаева вокалист аялдардан 1-болуп 1958-ж. СССРдин эл артисти наамын алган.
1967-ж. мартта опера жана балет театрында кыргыз улуттук искусствосунун тарыхында 1-жолу Б.Миңжылкиев Мефистофелди укмуштай сонун ырдап чыккан.
Кыргыз опера ырчыларынан 1-болуп Токиодо италиян тилинде “Чио-чио-санды” СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева аткарган.
Кыргыз опера искусствосунун тарыхында 1-болуп опера искусствосунун ыйык мекени катары белгилүү болгон Италиядагы Миландын Ла Скала театрынан стажировкадан өткөн (1968) кыргыз артисти – Болот Миңжылкиев.
Кино
Кыргызстанда тартылган алгачкы көркөм фильм – “Саябан араба”. Ал 1927-ж. тартылган. Ага 13 жашында тартылган 1-кыргыз кызы – Айша Султаналиева (кийин профессор К.Карасаевдин жубайы) болгон.
Кыргызстан жөнүндөгү алгачкы документ кинону 1928-ж. саякатчы В.А.Шнейдеров тарткан. Ал “Туңгуюк алдында” деп аталган.
Бишкекте алгачкы үндүү фильм 1933-ж. 29-январда көрсөтүлгөн.
Кыргыз турмушу жөнүндөгү эң алгачкы толук метраждуу көркөм фильм “Айгүл” деп аталган. Аны 1937-ж. “Союздетфильм” тарткан. Сценарийи ИМ.Вершининдики, режиссеру – Ю.Васильчиков, оператору – Б.Монастырский, сүрөтчүсү – В.Пантелеев, композитору – К.Корчмарев, үн оператору – К.Никитин, консультанттары – А.Ерохин жана Б.Мошков. Мында Айгүлдүн ролун – Т.Зейферт, Мустафаны – П.Гладжиев, Лу Си-Яны – Н.Мучирин, Орозду – А.Боталиев, Ярматовду – Т.Хожаев, Вовсенкону – Б.Баратов, Саидди – А.Ким аткарган.
“Кыргызфильм” киностудиясы 1939-ж. кинохрониканын корреспонденттик пункту катары уюшулган.
1939-ж. 18-ноябрда Кыргыз ССРинин 1-кинофестивалы болгон.
1941-ж. 17-ноябрда хроникалык-документ фильмдин кыргыз студиясы жаралган. Бул улуттук кинематографиянын башталган күнү болуп эсептелет.
Биринчи кинорежиссерлордун бири – Касымалы Жантөшев. Ал эми «Манастын уулу Семетей» деген киносценарийди жазган 1-киносценариячы – Жоомарт Бөкөнбаев. Ал экөө ошол кинону тартчу жерди изилдеп жүргөндө Ж. Бөкөнбаев кырсыкка учурап, кино тартылбай калган.
Кыргыз кыздарынан кинодогу алгачкы карлыгачтардын бири – Лилия Турусбекова Жусуповна.
Тунгуч кино журнал – “Советтик Кыргызстан”. Ал 1943-ж. тартыла баштаган.
Алгачкы толук метраждуу түстүү көркөм фильм “Салтанат” деп аталган. Аны 1955-ж. “Кыргызфильм” студиясы менен “Мосфильм” киностудиясы биргелешип тарткан (режиссеру В.Пронин, сценарийинин автору Р.Буданцев). Салтанаттын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган.
Кыргыз режиссеру тарткан 1-көркөм фильм – “Ак тоолор”. Аны 1963-ж. Мелис Убукеев тарткан. Ал анын эң 1-фильми болгон. Ал эми бул залкар таланттын акыркы фильми болгон “Манастын ааламы” аттуу публицистикалык чыгармасы улуттук маданиятыбыздын теңдешсиз байлыгына айланган.
Алгачкы кыска метраждуу фильм А.Видугиристин “Бул бактысыздык эмес” фильми 1970-ж. тартылган. Ал кыска метраждуу фильмдердин эл аралык 1-фестивалында (Польша, 1972) Ардак дипломго ээ болгон.
“Кыргызтелефильм” студиясы 1969-ж. чыгармачыл бирикме катары уюшулуп, 1973-ж. студияга айланган. Студия чыгарган 1-көркөм телефильмдер: “Ак Мөөр” (режиссеру М.Убукеев), документ телефильм “Ак куулар конгон айдың көл” (режиссеру Н.Борбиев).
Биринчи кесипкөй киноактер – Болот Бейшеналиев. Ал 1965–77-жылдардын аралыгында эле “Мосфильм”, “Белорусьфильм”, “Узбекфильм”, “Молдовафильм”, “Кыргызфильм” “Баррандов” (Чехословакия), ”Мафильм” (Венгрия) ж.б. киностудиялардын 30дан ашык кинотасмаларына тартылган.
Эл аралык кинофестивалдарда эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн беш жолу баш байгени жеңип алган 1-кыргыз киноактеру, кыргыз искусствосун дүйнөлүк аренага алып чыккан кино жылдызы – Сүймөнкул Чокморов. Кыргыз Республикасында эле эмес, мурунку СССРде да мындай рекордду акыркы 10 жылда (СССР тараганга чейин) эч ким койгон эмес. Анын кинодогу 1-ролу – М.Ауэзовдун “Караш-караш” аңгемеси боюнча Б.Шамшиев тарткан фильмдеги Бактыгул. Анын урматына Сүймөнкул уулуна Бактыгул деп ат койгон. Ошондой эле ал үч өнөрдү (киноактёр, сүрөтчү, спортчу) катар алып жүргөн (мындай учур сейрек кездешет).
КР эл артисти Советбек Жумадылов башкалардан айырмаланып, улуттук колориттеги образдарды 1-жараткан актёр. Ал кинодо, театрда баш-аягы 80ден ашуун ролдо ойногон.
Тунгуч кыргыз мультипликатору – Мусакеев Темирбек. Ал 1977-ж. “Сандардын” чатагы” деген алгачкы кыргыз мультфилмин тарткан.
Кыргызстандагы 1-аял режиссер – Фатима Мамуралиева. Ал көптөгөн документ фильмдерди тарткан. Ал эми дубляж боюнча 1-кинорежиссер аял – Осмоналиева Гүлбара. Ал Осмоналы Сыдыковдун кызы, 45 жашында каза болгон.
Кыргыздын 1-кинооператору Марлис Туратбеков, Александр Кочетовдор болгон.
“Ленфильм” киностудиясында режиссер болуп иштеген алгачкы кыргыз – Динара Асанова. Анын тарткан бардык фильмдери (10дон ашык) СССР кинематографиясынын турмушунда чоң окуя болуп турган. Дээрлик бардык фильмдери эл аралык сыйлыктарга, “Боз балдар” фильми 1985-ж. СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1988-ж. ага РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер деген наам берилген.
“Алтын камера” байгесин жеңип алган (1996-ж. Берлин эл аралык кинофестивалында) 1-кыргыз фильми – “Бороондуу бекет” (автору Ч.Айтматов, режиссер-коюучсу Бакыт Карагулов, продюсери Садыр Курманкожоев). Фильмди экранга чыгарууга Марат Бейшенбековдун (псевдоними Сарулу) эмгеги зор. Бул байгеге мурда дүйнөлүк кинематографиянын классиктери – Бертолуччи, Пазолини, Сабо ээ болгон.
Кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун “Бешкемпир” кинотасмасы кыргыз киносунун кайра жаралуусу катары бааланган (башкы ролду ойногон бала Мирлан Абдыкалыков). Фильм 1998-ж. Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө, башка чет мамлекеттерде өткөн кинофестивалдарга катышып, бардыгынын алдыңкы сыйлыктарына, гран-приге татыган. 1999-ж. дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин эң жакшы 45 картинасы коюлган конкурска катышып, “Эң жакшы чет тилиндеги фильм” деген номинация боюнча “Оскарга” ат салышкан. “Бешкемпир” айрым сыйлыктарды республикага 1-жолу алып келген.
Кыргыз кино өнөрүн тунгуч изилдөөчү – Каарман Ашымов (1938 - 92). Ал кыргыздардан 1-болуп 1968-ж. “Кыргыз киносунун жаралышы” деген темада кандидаттык диссертация коргогон, кыргыз киносу жетишкен ийгиликтерди иликтеген докторлук диссертациясын бүтүп, Москвадан коргоо алдында каза болгон. Анын эмгектери кыргыз кино изилдөө ишине чыйыр салып, кино тартууга даңгыр жол ачкан.
СССРдин эл артисти кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Бөрү зындан” тасмасы 1983-89-жылдар аралыгында 100 млн. сомдон (рубль) ашык киреше түшүрүп, кассалык рекорд койгон. Мындай ийгилик ошол кездеги союздук республикалардын кино тарыхында дегеле болгон эмес.
Цирк
Тунгуч цирк өнөрпозу Калмырза акын болгон деп айтсак болчудай. Ал ырдаса да, комуз чертсе да ат үстүндө өнөр көрсөтүп аткарчу экен.
Тунгуч кыргыз цирки “Жаш Кыргызстан” деп аталган. Ал 1963-ж. октябрда аренага чыккан. Бир темага бириктирилген акробатика номерлеринен турган. Алгач ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Е.А.Жаныбеков (Жан Сун Ли) жетекчилик кылган. 1977-ж. 11-ноябрда цирктин жаңы имараты ачылган.
Кыргыз циркинин карлыгачтарынын бири, алгачкы аба гимнасты – Жыргал Көбөгөнова.
Биринчи кыргыз дрессировщиги (айбанат үйрөтүүчүсү) Салмоорбек Урмамбетов. Ал төө, топоз, аюу, ит, эчки, кой, түлкү, ат, бүркүттөрдү үйрөткөн.
Биринчи кыргыз йогу – Болот Жетимишбаев. Анын трюктары Борбордук Азия боюнча да биринчи болуп эсептелет. Ал аба гимнасты болуп циркте иштеп жүрүп, 9 м бийиктиктен жыгылып, бели 16 жеринен сынган. Аз жерден аман калган Болот оору менен алышып жүрүп майып катары пенсияга чыккан. Ошондон кийин темирдей эрк, кажыбаган кайраттын аркасында йог өнөрүн өздөштүргөн. Өзү алгачкы элчилерден болгон айтылуу Тилекмат чечендин урпагы.
Алгачкы кыргыз маскарапозу (клоуну) – Кадырбек Тажиев. Ал 1966-ж. кыргыз циркинин атчандар командасына кабыл алынып, ошондон бери чабандес жана клоун болуп иштеп келет. КР эмгек сиңирген артисти. Ал белгилүү куудул Ю.Никулинден таалим алган. Кыргызстанда “цирк режиссёру” деген дипломдун жалгыз ээси дагы.
Буту менен жаа атып улуттук колоритте кайталангыс көрүнүштү көрсөтүп, кезегинде аналогу жок номер аткарган акробат кызыбыз Светлана Козубекова. Кыз кезиндеги фамилиясы Момункулова. Азыр Италияда жашайт.
Көркөм сүрөт
Кыргызстанда алгачкы сүрөт көргөзмөсү 1934-ж. 16-ноябрда ачылган.
Республикада сүрөт өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү топтолуучу алгачкы илимий мекеме – сүрөт галареясы 1935-ж. 1-январда Бишкекте ачылган. Ал 1945-ж. Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейи деп аталган.
Тунгуч кыргыз сүрөтчүсү – Гапар Айтиев (1912-86). Ал улуттук кесипкөй сүрөт өнөрүн негиздөөчү. 1982-ж. Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган, 1973-ж. СССР Сүрөт академиясына корреспондент-мүчө болуп шайланган 1-кыргыз.
СССР Сүрөтчүлөр союзуна кыргыз кыз-келиндеринен 1-болуп 1958-ж. уз, сүрөтчү Бекбоева Алый (1886 - 1977) мүчө болгон.
Семён Афанасевич Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” деген атактуу чыгармасындагы кыз Ортосай айылында туулган Өгөбаева Айымжамал болгон экен. С.Чуйков аны 13 жашында 4-класста окуп жүргөндө тарта баштап 3 жылда бүткөн. Азыр (2000) Айымжамал апа абышкасы Өгөбаев Камчыбек экөө Ысыката районунун Красный-Восток айылында жашайт.
1-сатирик-сүрөтчү, график-карикатурачы – Турумбеков Асанбек. Анын сүрөттөрү, сатира-карикатуралары, шарждары гезит-журналдарга тынымсыз жарыяланып турган, Москвада өткөн “Тынчтык үчүн күрөш” аттуу эл аралык конкурста күмүш медаль жеңип алган.
Эң алгачкы кыргыз фотографы – Садыр уулу Бакай (Бакас).
Музей
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи 1925-ж. 9-декабрда негизделип, алгачкы экспозициясы 1927-ж. 5-мартта полководец жана мамлекеттик ишмер М.В.Фрунзенин балалык чагы өткөн үйдө ачылган. Музей 1927 – 33-ж. Кыргызстан борбордук музейи, 1933 – 43-ж. Кыргыз мамлекеттик край таануу музейи, 1943 – 54-ж. Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи деп аталган. Музейдин уюштуруучусу жана 1-директору болочоктогу белгилүү этнограф С.М.Абрамзон болгон.
Тунгуч зоология музейи 1926-ж. уюштурулуп, “Край таануу музейи” деп аталган.
Борбордук Азиянын тарыхында 1-болуп техникалык тарых музейи Бишкекте 2000-ж. ачылган (эски тарых музейинин түштүк-батыш бурчу). Ага 500дөн ашык экспонат коюлган. Жалаң техникалык буюмдар: эң биринчи чыккан радио, фотоаппарат, чырак, саат, кол машине ж.б. коюлган. Аны Алымкул Ташланов 46 жыл бою чогултуп, жалаң жеке аракети менен түзгөн.
Чыгармачыл союздар, коомдор, коомдук уюмдар, партиялар ж.б.
Кыргызстандагы 1-профсоюз уюму 1925-ж. Кызылкыя кенинде түзүлгөн.
Кыргызстан Жазуучулар союзу 1934-ж. уюшулган. Ага 1927-ж. түзүлгөн “Кызыл учкун” адабий бирикмеси, анын негизинде 1930-ж. түзүлгөн Кыргызстан пролетар жазуучуларынын ассоциациясы база болгон. Союздун башкармасынын 1-төрагасы А.Токомбаев.
Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзу 1934-ж. 16-ноябрда уюшулган. Алгачкы төрагасы Семен Афанасевич Чуйков
Кыргызстан Архитекторлор союзу 1938-ж. 20-мартта түзүлгөн. 1-төрагасы Г.А.Сутягин.
Кыргызстан Композиторлор союзу 1939-ж. 25-октябрда уюшулган. Башкармасынын 1-төрагасы Абдылас Малдыбаев.
Кыргызстан Журналисттер союзу 1959-ж. уюшулган. 1-төрагасы Тургунбек Суванбердиев.
Кыргызстан Кинематографисттер союзу 1962-ж. 25-октябрда түзүлгөн. Алгачкы төрагасы Чыңгыз Айтматов.
Кыргызстан театр ишмерлер союзу 1987-ж. декабрда уюшулган. Алгачкы төрагасы Чолпонбек Базарбаев.
Кыргызстан эл чеберлер союзу 1989-ж. уюшулган.
Кыргыз география коому 1947-ж. январда негизделген. Анын 1-төрагасы академик К.И.Скрябин болгон, коомду 1964-жылдан С.Өмүрзаков жетектеген.
1948-ж. 15-январда “Билим” коому уюшулган.
Кыргызстан чет өлкөлөр менен достук, маданий байланыш коому 1958-ж. октябрда түзүлгөн. Алгачкы төрагасы Мукамбет Дөгдүров (1958-61).
Республикада театр коому 1961-ж. уюшулган. Коомдун тунгуч төрагасы Муратбек Рыскулов (1961-75).
Табият коргоо коому 1964-ж. уюшулган. Борбордук Советинин Президиумунун 1-төрагасы – Төрөбай Кулатов болгон (1964-76).
1966-ж. 15-февралда Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо коому уюшулган
“Кыргызстан калкы” ассамблеясы (КЭА) 1994-ж. түзүлгөн. Ассамблеяда 26 улуттук-маданий борбор жана коомдук бирикмелер уюшулган. Ассамблея – коомдук уюм, башка өлкөлөрдө бизден кийин гана биздикин үлгү кылып түзүлө баштаган. КЭАнын Кеңешинин 1-төрагасы – Сопубек Бегалиев.
“Түгөлбай-Ата” эл аралык коому 1991-ж. түзүлгөн. Жетекчиси Жамила Кулманова.
1917-ж. Бишкекте “Алаш-Ордо” партиялык комитети түзүлгөн. Уюштуруучулары Э.Арабаев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, Н.Тулин ж.б. болгон.
Кыргызстандын Тынчтык фонду 1961ж. Тынчтыкты коргоочулардын республикалык комитети деген ат менен түзүлгөн. Алгачкы төрагасы тарыхчы Бегималы Жамгирчинов.
Кыргызстандагы алгачкы массалык коомдуксаясий уюм - ”Кыргызстан Демократиялык Кыймылы” (КДК). Алгачкы тең төрагалары - Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев.
Алгачкы саясий партиялардын бири “Асаба” 1990-ж. апрелде улуттук кыймыл катары иштей баштаган.
Эркин Кыргызстан (ЭрК) демократиялык партиясы 1991-ж. 9-февралда СССРдин учурунда түзүлгөн алгачкы саясий партиялардан. Ага “Дыйкан ордо” (жетекчиси А.Базаркулов), “Ак-Өргө” (Э.Шерниязов) коомдору, “Кожоюн” коомдук кыймылы (Т.Дүйшеев) кирген.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 1993-ж. 25-сентябрда түзүлгөн. 1-координатору – Жумабек Ибраимов.
Кыргызстан биримдик партиясынын уюштуруу конференциясы 1994-ж. 9-апрелде болгон. Расмий каттоодон 8-июнда өткөн. Негизги максаты – адам укугун, саясий жана экономикалык эркиндигин коргоо, демократиялык коомду жана укуктук мамлекетти курууга өз үлүшүн кошуу. Партиянын социалдык базасын ортоңку социалдык катмар: интеллигенттер, ишкерлер, фермерлер, илимий кызматкерлер түзөт. КБПнын саясий кеңешинин координатору – Амангелди Муралиев.
Кыргыз Республикасынын Жаштар партиясы 2000-жылы 1-июнда түзүлгөн. Биринчи лидери Бакыев Айдар.
Кыргызстандагы 1-эл аралык кайрымдуулук фонду – “Мээрим”. 1993-ж. июнь айында түзүлгөн. Алгачкы төрайымы – Акаева Майрам Дүйшөновна.
Республикада 1-болуп чөйрөдөн жана үй-бүлөдон ыза көрүп, кор болгон аялдар үчүн “Үмүт” деген кризистик борбор уюштуруп, баш калкалар жатакана ачкан Бүбүсара Рыскулова Рахмановна. Ал андан кийин турмуштан запкы көрүп, жан дүйнөсү жабыркаган аялдарга жана үй-бүлөлөргө моралдык-социалдык жардам берүүчү “Сезим” деген кризистик борбор ачып, ал борборду жетектейт (1999).
Республикада биринчи болуп азиздерди реабилитациялоонун кайрымдуулук медициналык фондусун 1996-ж. медицина илимдеринин доктору Жумагулов Олжобай уюштурган.
ЮНЕСКОнун “Боорукер” клубу Орто Азия республикаларында биринчилерден болуп 1985-ж. Кыргыз кыз-келиндер институтунда түзүлгөн. Аны түзүүгө жигердүү катышып, чоң салым кошкон карлыгачтардын бири Таджиева Гулия Мукашевна.
Соода
1957-ж. Бишкекте 1-универсал дүкөн ачылган.
Кыргыздардан 1-болуп модель бизнесинде жол салган – Карина Акматалиева. Ал Бишкектеги “Чыгыш моделдери” агентсттигинин директору, Германиянын Франкфурт-на Майне шаарындагы кесипкөй моделдер агентсттигинин топ-модели.
Дүйнөлүк “Жибек жолу” трасазиялык жарманкеси 1-жолу 1994-ж. Бишкекте өткөн. Ага 9 мамлекет катышкан. Аны трансазиялык “Жибек жолу” АКсы уюштурган (президенти Осмон Саткеев).
Республикадагы ар кандай компаниялар өздөрү чыгарган баалуу кагаздарды, б.а. акцияларды соодалоочу жай - Кыргыз фондулук биржасы 1995ж. 25-майда түзүлгөн. Алгачкы жетекчилери-Юрий Хегай, Улан Рыскелдиев, Чынарбек Отунчиев.
Айыл чарба
Тамеки Кыргызстанда 1-жолу 1928-жылдан түштүк аймактарда өстүрүлө баштаган.
1-чабандык жаштар бригадасы – “Эдельвейс”. Ал 1974-ж. Нарын районунун Карл-Маркс атындагы колхозунда түзүлгөн. Мүчөлөрү мектептин 17 бүтүрүүчүсү болгон. Алар 2500 тубар койду 5 комплекстүү кашарга багышкан. 1976-ж. Бүткүл союздук комсомолдук жаштар сыйлыгынын лауреаттык наамын алышкан. Бригаданы түзүүгө ошол кездеги колхоз башкармасы Т.Абдыраимакунов зор салым кошкон. Бул саамалык кийин республикага тараган.
1990-ж. 4-майда СССР эл депутаттарынын акыркы сьездинде фермердик дыйкан чарбаларын уюштуруу жөнүндөгү чечиминен кийин парторгдук кызматын таштап фермерликке алгач чыйыр салгандардын бири – тунгуч кыргыз фермери таластык Гүлчоро Аязбеков. Ал 1991-ж. 27-февралда Талас районундагы Чкалов атындагы колхоздун аймагынан 35 га жер бөлдүрүп алып (Кур-Талаа деген коктуну), бут тосууларга карабай мээнеткечтигин аркасында көп ийгиликтерге жетишкен.
Өнөр жай
1882-ж. Д.Л.Иванов деген геолог Россия өкмөтүнүн каражатына Майлысайда нефтини эң биринчи изилдөө иштерин жасап, ошол структуранын жер үстүндөгү түзүлүшүн кагазга түшүргөн. 1890-ж. Ошол эле структураны изилдеп, түзүлүшү жөнүндө ортоазиялык изилдөөчү-геолог Г.Д.Романовский жазган. Кыргызстанда жерден мунайзат чыгарып алуу иши (Т.Леонов деген инженердин жетекчилиги менен) 1-жолу Ноокен районунун аймагында (Майлуу-Сууга жакын) 1901-ж. башталган. Ал негизинен кол күчү менен аткарылган, мунайзат чыккан жерлерге көлчүктөрдү жасап, ага сарыгып чогулган мунайзатты челектерге куюп, араба менен Анжиянга жөнөтүп турушкан. Ушундай жол менен 1905-ж. 71, 1909-ж. 670, 1910-ж. 640, 1912-ж. 3200 тонна мунайзат алынган. Муну Орусиядан атайын келген адистер ишке ашырышкан.
1910ж. көпөс Сулаймановдун ЧоңЖаргылчакта, КичиЖаргылчакта тактай тилүүчү заводдору болгон.
Кыргызстандагы тунгуч пахта тазалоо ишканасы – Карасуу пахта тазалоочу заводу. Ал 1926-ж. ишке киргизилген.
“Интергельпо” нооту фабрикасы 1927-ж. 2-майда ишке кирген.
Ош жибек комбинаты 1928-ж. 28-январда ишке кирген.
Бишкек ун комбинаты 1929-ж. 16-июнда ишке киргизилген.
Беловодск кыш заводу 1932-ж. 15-апрелде ишке берилген.
Карабалта кант комбинаты (азыркы “Бакай” АКсы) 1935-ж. 14-мартта ишке киргизилген.
Республикада алгачкы өндүрүш рекордчулары 1935-ж. аталган. Ушул жылы республикага стахановдук кыймыл жайылып, 1935-ж. 22-сентябрда Кызылкыя кенинин көмүр казуучусу С.А.Сопин бир сменада 22 т көмүр казып алуунун ордуна 100 т, ал эми Сүлүктү шахтасынын көмүр казуучусу Д.Сулайманов 12-октябрда 110 т көмүр казып алып рекорд койгон. Алгачкы стахановчу рекордчулар текстиль өнөр жайында Т.Бакалова, Е.Арапаева, Р.Хамутбаева, кант өнөр жайында Блинов, Сулайманов, пахта терүүдө У.Матибраимова, кызылча өстүрүүдө Ш. Тезекбаевалар болгон.
Кыргызстан автомобиль машина куруу заводу 1947-ж. негизделген.
Сурьманы өнөр жайда кайрадан ылгап иштетүү мурдагы СССРде 1болуп 1936ж. 2-июнда Кадамжай кенинде уюштурулган. 1958ж. Брюсселде өткөн Дүйнөлүк көргөзмөдө Кадамжайдын сурьма металлы коюлган жана алтын медаль менен сыйланып, бүткүл дүйнөлүк эталон катары кабыл алынган.
1932ж. Канттагы кант заводу иштей баштаган.
Кыргызстандагы эң биринчи курулган суу сактагыч – Орто-Токой. Анын долбоору 1911-ж. падышалык Россиянын тушунда башталган. Бирок аны куруу жөнүндө 1940-жылдын 20-мартында токтом чыгып, плотинасынын курулушу 1941-ж. башталып, 1961-ж. аяктаган. Деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте. Узундугу 18 км, эң жазы жери 5 км, терең жери 47 км. Суу толгондогу аянты 24 км2. Долбоордук кубаттуулугу 470 млн м3. Кээде суу 487 млн м3га жетет.
Республикада тунгуч мебель 1940-ж. чыгарылган. Ал 1928-ж. чехтердин “Интергельпо” кооператив коомундагы араба-челек жасоочу ишкананын базасында түзүлгөн жана “Кыргызмебель” деп аталган фирма чыгарган.
1956-ж. 13-апрелде Үч-Коргон ГЭСинин курулушу башталган.
Кайыңды кант заводу 1962-ж. 11-сентябрда ишке кирген.
Кыргыз камволдук-нооту комбинаты 1963-ж. 28-июнда ишке кирген.
Кант цемент-шифер заводу 1964-ж. 11-июнда пайдаланууга берилген.
Кыргызстан электр кыймылдаткычтар заводу 1965-ж. негизделген.
“Кыял” асем-буюм чыгаруучу көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси 1969-ж. негизделген.
Бухара-Жамбыл-Бишкек-Алматы газ түтүгү 1970-ж. 21-майда ишке кирген.
Ат-Башы ГЭСи 1970-ж. 9-декабрда ишке кирген.
Кыргыз текстиль комбинаты Ош шаарында 1970-ж. ишке киргизилген.
Күрп-Сай ГЭСи 1981-ж. 22-февралда ишке кирген.
Витаминдештирилген минералдык сууларды (В1,В6,В12, В9, В3, С ж.б.) Кыргызстанда 1-болуп 2005-жылдан баштап “Акун” фирмасы чыгара баштаган. Фирманын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков.
Байланыш
Бишкектеги алгачкы телеграф станциясы 1873-ж. 8-майда ачылган.
Бишкек уездинде почта конторасы 1878-ж. 14-майда ачылган.
1994ж. 12июлда Бишкекте 1жолу мурда болуп көрбөгөн жаңы телефон шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикада кубаттуу телекоммуникация доору башталган. Анын негиздөөчүсү - бүткүл дүйнө жүзү менен түздөнтүз сүйлөштүрө ала турган уюктук (сотовый) байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз-Америка телефону) компаниясы болгон.
Архитектура, курулуш
1920 – 30-ж. Кыргызстанда өнөр жай курулуштары башталып, алгачкы инженер-куруучулар Андрей Зенков менен Юрий Дубов кыргыз архитектурасына чоң салым кошкон. Кыргыз эл комиссарларынын Өкмөт үйүнүн, азыркы “Эркин-Тоо” басмаканасынын, педагогика университетинин, соода министрлигинин, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы көрүнүктүү имараттардын демилгечилери болушкан.
“Кыргызмамдолбоор” уюму 1932-ж. түзүлгөн.
“Асанбай” кичирайонунун долбоору 1982-ж. 30-январда жактырылган.
Кыргызстандын тарыхындагы 1-беш жылдыздуу мейманкана (отель) – “хуЛтт” (мурунку “Кыргызстан”). 2001-ж. ремонту бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. 186 номерлүү. Офиси кенен, президенттик жана люкс номерлүү, редженси клуб, банкеттик жана конференс залдары, ресторан, бар, ден соолук чыңдоочу борбор, бассейни бар.
Байчериков Марсбек Мадабиевич (1938-90) Нарын шаарында алгачкы көп кабаттуу имараттарды куруу ишин 1-баштаган инженер-механик. Ал курулуш техникасын, механизмдерин өз колу менен монтаждап ишке киргизген. Бул ошол учурда тоо койнундагы курулуш революциясы болгон. Ал кийин көп жылдар улуттук коопсуздук ишинде жетекчилик кызматта иштеген. Афганстанда өкмөттүк жетекчилердин ичинен интернационалдык милдет аткарган (1987-89) жогорку инстанциянын бирден бир өкүлү полковник М.Байчериков гана болгон.
СССРде космонавттар шаары аталган Гагарин шаарын курууга жарыяланган бүткүл союздук конкурста долбоорду жеңип, 10 жыл ошол шаардын башкы архитектору болуп иштеп жана ал шаарды курууга жигердүү катышкан, башка эл-жерде башкы архитектор болгон 1-кыргыз – архитектура илиминин кандидаты Кеңешов Төлөбай Сейдакматович.
Транспорт
Боом капчыгайына алгачкы араба жолу 1878-ж. салынган. Ага согуш жылдарында темир жол курулуп, 1-поезд 1948-ж. май айында өткөн.
Кыргыздардан чыккан 1-жол-курулуш инженери – Кусейин Көлбаев.
1920-ж. 10-июлда Токмокто автомобиль оңдоочу алгачкы устакана ачылган.
Алгачкы пезд Олуяатадан Бишкекке 1924-ж. 8-августта келген.
Пишпек станциясыныне депосунда 1941-жылдан поезд айдай баштаган 1-машинист - Өмүрова Аписа..
1988-ж. 14-мартта Кант-Токмок-Быстровка айланма трассасынын курулушу аяктаган.
Алгачкы кыргыз микроавтобусу – “Токмок – 2201” 1998-ж. чыгарылган. Аны Токмок шаарындагы № 2 авторемонт заводунун инженерлери менен техникалык кызматкерлери ойлоп табышкан (заводдун директору Үсөнбек Есенбаев). Микроавтобустун кыймылдаткычы жана шассиси ГАЗ-24 автомобилиники, кузовун жергиликтүү чеберлер өздөрү жасашкан. Биринчи машиненин ачкычы Кыргызтелерадиокорпорациясынын 40 жылдык юблейинде анын жетекчилигине (президенти А.Карыпкулов) тапшырылган.
Ысыккөлдөгү алгачкы кемелер
1871ж. ЖетиСуу облусунун аскер губернатору Г.А. Колпаковскийдин буйругу менен суу астында археологиялык иштерди жүргүзүүгө арналган алгачкы жел кеме курулган. Орус натуралистилимпозу А.П. Федченко да калактуу катер жасаткан. Бирок, булар тез эле кырсыкка кабылып, чөгүп кеткен.
Уйгур көпөсү Атабаев жүк көтөрүмдүүлүгү 8 миң пуд болгон жыгач кеме жасатып, ал 1907ж. Ысыккөлдө сүзө баштаган. 1910жылдарда көпөс Сулайманов жүк көтөрүмдүүлүгү 12 пудга жеткен жел кеме жасаткан. 1916ж. мындай 7 жыгач жел кемеси болгон. Алардын эң чоңу 30 миң пудга чейин жүк көтөрүп, үч мачталуу болуптур.
Тамгалык Федор Андреевич Никифоровдун “флотилиясы”, 1909ж. Уралдан келип Барскоонго токтогон бир тууган Решетниковдордун “Платон” жана “Афанасий” деп аталган жүк ташуучу үч кемеси бар экен.
Бир өңчөй палубасы жана капитан каютасы бар кемени Бараканов деген бай 1911ж. жасаткан. Ошол учурда инженеркеме куруучу Мазуренко үч мачталуу жыгач шхуна курган. Ысыккөлдөгү 1кеме мастери - Семён Андреевич Коростылёв. Ал А.С. Щетинин, Л.Ф.Рабочих деген демилгечилер менен бирге 2 мачталуу, 5 миң пуд жүк көтөрүүчү “Коммунар” шхунасын, 15 ат күчүнө барабар мотордуу “Красный Восток” жел кемесин жана “Азов” балыкчылык ботун, “Юный коммунар” жел баркасын иштеткен. Биринчи матростор - Ш. Шамурканов, И. Чымырканов, А. Решетников. Ал эми Шершеби жана Жамболот деген кыргыз моряктар чакан баркастарды башкарышкан.
1926ж. “Прогресс Кыргызстана” жаңы теплоходу сууга түшүрүлгөн (капитаны Д.В. Колесников). Алгачкы жүк жана жүргүнчү ташуучу теплоход “Пионер” деп аталып 16 моряк иштеген (капитаны Т.И. Черный). Анда 1класстагы 16 жүргүнчү оруну жана 2класстагы 24 каютасы болгон. 1931ж. инженер В.Д.Кебиндин долбоору боюнча Каракол пристанында 1темир кеме жасалган. Ал “Советская Киргизия” деп аталып, 420 т жүк көтөрүмдүүлүктө болгон, саатына 18 км ылдамдыкта жүргөн.
30жылдары “Киров”, “Пятилетка”, “Комсомол”, “Обо” кемелери, согуштан кийин “Манас” танкертеплоходу, “Османь” нефть биржасы, “Пржевальский” жүк теплоходу, “Иртыш”, “Лена” баржалары, тез жүрүүчү “Чайка” жүргүнчүлөр теплоходу, “Альбатрос” жүргүнчүлөр теплоходу, 1965ж. 600 ат күчүнө барабар эки буксирлүү теплоход, 1966ж. буксир сүйрөгүч, 1968ж. нефть тартуучу “Генераль Панфилов” кемеси, 1981ж. 750 ат күчүнө барабар “ЫсыкКөл” теплоходу курулган. Буларды журналист Мундузбек Тентимишов кеңири изилдеген.
Авиация
1918-ж. апрелде кыргыз учкучтар полку түзүлгөн.
Кыргыз аба мейкиндигинде эң биринчи самолет 1919-ж. учкан.
Бишкекке биринчи аэроплан 1922-ж. 20-августта келген.
1924ж. 4майда Ташкен-Алматы рейсиндеги 1самолет Бишкекке келип конгон.
1928-ж. 19-январда Фрунзе-Алматы авиа каттамы, 1933-ж. 17-апрелде Бишкек-Каракол аба почта байланышы ачылган.
Кыргызстандагы алгачкы ички аба жолу 1933-ж. 7-ноябрда ачылып, Бишкек – Балыкчы – Каракол маршруту боюнча күн сайын эки У – 2 самолету учуп турган. 1934-ж. Балыкчы – Нарын - Өзгөн – Ош, 1935-ж. Бишкек – Ош маршруттары ачылган.
Алгачкы аэродром 1933-ж. Тынчтык проспектисинде курулган.
Кыргызстанда айыл чарба авиациясы 1933-ж. башталган.
Кыргыздан чыккан алгачкы учкуч – Ишенбай Абдыраимов. Ал 1934-ж. 29-сентябрда үч орундуу санитардык самолет менен биринчи жолу учкан. Ардактуу авиатор И.Абдыраимов кыргыздын эле биринчи учкучу эмес, “СССРдин эмгек сиңирген учкучу” деген ардак наамды биринчи болуп алган СССРдин № 1 учкучу дагы. Ал СССРде жашаган 120 улуттун ичинен 1-болуп бул наамга татыган кыргыз уулу. 41 жыл учуу майданында иштеп (катардагы учкучтан жарандык авиациянын Кыргызстандагы башкармасынын жетекчилигине чейин), жеке өзү самолёттоун 16 тибин өздөштүргөн жана 17000 саат асманда учкан. Орто Азиядагы бирден бир учкучтар окуу жайын Бишкекте уюштурууга жетишкен да И.Абдыраимов болгон.
Кыргыз кыздарынан чыккан 1-учкуч – Мусаева Жумагүл. Ал 1940 – 41-ж. Бишкек аэроклубунда окуп, самолёт менен асманга көтөрүлгөн 1-кыргыз кызы болгон. Ал У- 2 самолёту менен 147 жолу өз алдынча учкан жана самолёттон парашют менен 312 жолу секирген. Ал география боюнча алгачкы илим кандидаты, кыргыз кыз-келиндер институтунун 1-ректору дагы.
1957-ж. 16-январда Фрунзе аэровокзалы (азыркы Аэрофлот агенттиги) ишке берилген.
“Манас” аэропорту 1974-ж. 23-октябрда пайдаланууга берилген. Эң биринчи жүргүнчүсү катары Ил-62 самолету менен Косыгин келип конгон.
Кыргызстанда учуу коопсуздугунун коргоо кызматын баштоочу – Гришинцев Геннадий Дмитриевич.
А 320 маркасындагы 146 орундуу аэробус КМШ өлкөлөрүнөн 1-болуп 1998-ж. 4-июлда Франкфурт – Бишкек багыты менен Манас аэропортуна келип конгон. Аны “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиакомпаниясына “Дебис Эффинанс” компаниясы толук ижаралык негизде берген. Бул дөөтүнү Ч. Айтматов коштоп келген.
“Манас” – “Шереметово” авиакаттамы расмий түрдө 1-жолу 1999-жылдын 1-апрелинде ишке ашырылган. Ошентип, республиканын “Кыргызстан аба жолдору” чет өлкөлөр менен байланышууда транзиттик каттамга жетишкен. Бул алгачкы каттамда барган делегацияны “Кыргызстан аба жолдорунун” коммерциялык директору Эрик Арсалиев жетектеп барган.
Космонавтика
КРдин алгачкы космонавты – Салижан Шарипов. Ал 1964-ж. 25-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөндөн орто мектепти, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган. Ал 1998-ж. 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хбюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын 88инчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп “Шаттл-Спей” космос кемеси менен космоско учкан. Космостон “Шак” деген ысым алган. Космоско Россиянын атуулу катары учкан, улуту өзбек. Кыргыз жана Өзбек Республикаларынын Баатыры.
Милиция
Кыргызстандагы жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучулары: бир туугандар Балтакожо жана Насрулло Султановдор, Газыбай Казыбаев, Абдылда Исабаев, Николай Нерабоченко, Атажан Сулайманов, Николай Парфентьев, Санжар Кылычбеков, Машариф Масабиров, Эргеш Алиев, Петр Гайлис ж.б.
Кара-Кыргыз АОсунда 1924-ж. октябрда Облмилициянын башкармасы иштей баштаган. Анын 1-начальниги – А.П.Арумов.
Кыргыз АССРинин 1-ички иштер эл комиссары – Искандер Жанузакович Жоломанов.
1925-ж. Кыргыз АОсунун Ички иштер эл комиссариатынын тармагында 1-жолу окуу пункту ачылып, көп узабай ал 11 айлык мектепке айланган. Анын 1-начальниги А.Мамин, окутуучулары А.Алтымышбаев, А.Хасанов, Г.Радвогин.
1-милиционер аял – Каржаева Сабира.
Кыргыз аялдарынан милициянын полковниги наамын 1-алган Токтосунова Зарылкан.
Армия
Республикадагы алгачкы аскер комиссары, б.а. 53-кыргыз атчандар полкунун тунгуч аскер комиссары (1937-ж., март - сентябрь) – Истамбеков Аден Бекембай уулу (1903 - 37). Ал 1922-ж. 19 жашында кызыл комиссар наамына ээ болгон.
Кыргыздын 1-матросу, 1935 – 39-ж. Балтика флотунда кызмат өтөгөн – Н.Жээналиев.
Алгачкы кыргыз чегарачыларынын бири – Озоке Лайлиев. Анын ысымы 1994-ж. Нарын чегара отрядына, 1992-ж. Ысыката районунун Кеңбулуң айылындагы мектепке берилген.
КР Улуттук гвардиясы 1992-ж. түзүлгөн. Алгачкы командачысы Абдыгул Чотбаев.
Улуу согуш, репрессия, Афганстан
Улуу Ата мекендик согушка Кыргызстандын 363 144 кыргызстандык, а.и. 1395 кыз-келин чакырылган. Гитлердик баскынчылар менен ар бир 6-кыргызстандык кан майданда кармашкан.162 миң жоокер майдандан кайтпай калган. Бул согушта көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги, каармандыгы жана туруктуулугу үчүн Кыргызстандын 150 миң жоокери ордендер жана медалдар менен сыйланган. 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыган (а.и. 12 кыргыз). 29 адам Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган (а.и. 8 кыргыз). Булар дагы баатырга тете адамдар.
Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз жоокерлеринен 1-болуп 1941-ж. Ленин ордени менен сыйланган Байбачаев Садыгалы (1910-45) болгон. Ал орденге Ленинград блокадасында бир дивизия аскерди курчоодон куткаргандыгы үчүн татыган.
Жердешибиз генерал И.В.Панфиловдун командачылыгындагы 316-аткычтар дивизиясынын 28 гвардиячы-панфиловчулары 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездинин жанында болгон салгылашуудагы теңдешсиз эрдик көрсөтүшкөн. Алар 4 саатта душмандын 4 танкасын талкалашып, бардыгы курман болгон. Алардын бардыгына Соеттер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган (а.и. 7 кыргызстандык, 1 кыргыз болгон: Н.Я.Ананьев, Г.Е.Конкин, И.В.Москаленко, И.В.Панфилов, Г.А.Петренко, Г.М.Шемякин, Д.Шопоков).
Душмандын дзотунун амбразурасын денеси менен жаап, 1942-ж. 5-августта Чолпонбай Түлөбердиев өлбөс-өчпөс эрдик жараткан.
Согуш мезгилинде танк куруу үчүн биринчилерден болуп өз каражатынын эсебинен чоң суммада акча бергендер Кочкор районундагы “Арал” айыл чарба артелинин мүчөсү Жого Жаңыбаев, Атбашы районундагы Жаңыкүч колхозунун мүчөсү Алмакун Чагараков, Ош облусунун Совет районунан Батыйма Бегалиева, Зулия Өмүрзакова, Сурамбүбү Ибраимова, Түп районунун «Өрнөк» колхозунан Байзак Норузбаев ж.б.
Акын Тенти эженин айтуусу боюнча кыргыздардан 1-танкист кесибине ээ болгон адам – Жоробаев Жаныбек.
Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына курулган 1-эстелик – Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловго арналып, 1942-ж Бишкекке курулган.
Улуу Ата Мекендик согушта Жумгалдан барган Акун Садырбаевдей эрдикти эч ким көрсөткөн эмес. Ал 1942-ж. 13-декабрда душмандын 16 гранатасын тосуп алып кайра өздөрүн көздөй ыргыткан. 17-граната колунда жарылып курман болгон.
Репрессияда 1838-ж. 5-январда Чоң-Ташта атылган 137 адамдын. сөөгү коюлган “Ата Бейит” көрүстөнүнө “Ата-Бейит” момериалы 1999-жылдын 28-мартында түптөлгөн. Анын жерпайына аманат кат коюлган. Комплекстин долбоорунун архитекторлору К.Алыкулов, Т.Алыкулов жана А.Жуманалиев, скульпторлор С.Ажиев, В.Шестопал.
Кыргызстанда экспонатка айланган 1-танк (Т-62 маркасындагы) 1998-ж. Балыкчы шаарынын Ооган элинде курман болгон тургуну Аскат Курмашев атындагы көчөсүнө орнотулган. Бул СССРде чыгарылып, эчен жылдар Германияда кызмат өтөгөн, Ооган согушуна катышып, андан Кыргызстанга келген танк. Бул танк СССР боюнча Ооган жеринде каза болгон 18 334, кыргызстандык 1,5 миң, ысыккөлдүк 32 жоокердин эстелиги катары турат (Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер катышкан).
Спорт
Кыргызстандагы 1-спорт клубу – “Олимп”. Ал комсомолдордун демилгеси менен Бишкекте 1920-ж. түзүлгөн. Мында гимнастика, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, күрөш ийримдери иштеп, анын 1-жетекчиси, ошол кезде Кыргызстандагы спорттук билими бар жалгыз адис – А.Халиулин болгон.
1921-ж. 8-апрелде Кара-Кыргыз облусунда физкультура жана спорт совети уюшулган.
Алгачкы спорт ийримин 1923-ж. Кызылкыя шаарынын шахтерлору түзгөн.
Кыргыз жаштарынан алгачкылардан болуп дене тарбия, спорт адистигине ээ болгон– Зарлык Аманкулов.
Кыргызстандан СССР спортунун чебери деген наамды 1-алган (1957)– Тобокел Мамыров.
Республикалык спорт комитетинин 1-жетекчиси – Дөлөн Өмүрзаков.
Республикада өткөрүлгөн эң 1-спорттук чоң салтанат – Бүткүл Кыргызстандын 1-дене тарбия (физкультура) майрамы. Ал 1927-ж. 24-июнда болгон. Ал эми 1929-ж. 3-октябрда айыл-кыштак дене тарбиячыларынын 1-слёту өткөрүлгөн.
Бүткүл кыргызстандык 1-спартиакиада 1934-ж. августта, ал эми 1936-ж. сентябрда Кыргызстандын колхоз-совхоздук 1-спартакиадасы өткөрүлгөн.
Эң алгачкы спорт коому – “Спартак”. 1935-ж. уюшулган.
Кыргызстандын 1-суу майрамы 1936-ж. 16 – 19-июнда Ысыккөлдө болгон.
Сууда топ ойноо (ватерполо) боюнча 1-мелдеш 1938-ж. Ысыккөлдө болгон 3-суу майрамында өткөрүлгөн.
Балдардын алгачкы спорт мектеби 1943-ж. Бишкекте ачылган.
Кыргыз улуттук оюндарынын 1-спартакиадасы 1952-ж. болгон. Мында мелдештер кыз куумай, ордо, оодарыш, улак тартыш ж.б. боюнча жүргүзүлгөн.
Бишкектеги алгачкы спорт курулушу “Алга” спорт коомунун дене тарбия үйү болгон (Фрунзе көчөсү, 501). Ал 1954-ж. курулган.
1954-ж. 31-июлда “Колхозчу” ыктыярдуу спорт коому уюшулган.
Эң алгачкы велодром (трек) Орто Азия менен Казакстанда 1-болуп 1966-ж. Бишкекте курулган.
1964-ж. Чоң-Таш лыжа спорттук базасы ачылган.
Спорт, дене тарбия боюнча алгачкы изилдөөчү – Филипп Ефимович Байман. Ал 1972-ж. кыргыз улуттук күрөш оюну боюнча кандидаттык диссертация жактаган. 50 жылдан ашык мезгил КМУУнун дене тарбия жана спорт кафедрасын жетектеген.
Спорт журналисттери федерациясынын алгачкы президенти ишкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Аскар Салымбеков. Ал спорт менен маданиятты колдогон алгачкы меценаттардан дагы.
Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийинки 1-спартакиада 1996-ж. июнда республиканын түзүлгөн күнүнүн 5 жылдыгына арналып Бишкекте өткөрүлгөн.
Олимпиялык оюндар
Кыргыз спортунун тарыхында Олимпиялык оюндарга 1-жолу 1960-ж. (Римде өткөн 17-Олимпиялык оюнга) ат спорту боюнча СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы Саботтал Мурсалимов катышып, байгелүү 5-орунду ээлеген. Ал 1964-ж. болгон 18-Олимпиялык оюнга да катышып, командалык 5-орунду ээлеген.
Кыргызстандан Олимпиялык оюндарга жеңил атлетика боюнча 1-болуп 1964-ж. Л.Иванов, сууда сүзүү боюнча 1972-ж. А.Анарбаев катышкан жана байгелүү орундарга ээ болушкан.
Ок атуу боюнча алгачкы Олимпия чемпиону – Мелентьев Александр. Ал 1980-ж. Москвада өткөн Олимпиялык оюндарга тапанча менен ок атуучу 33 спортчунун ичинен чемпиондук наамга жетип, 581 упай менен дүйнөлүк рекорд койгон.
Штанга боюнча алгачкы Олимпия чемпиону, кыргыздардан 1-Олимпиялык бийиктикке жеткен – Каныбек Осмоналиев. Ал 1980-ж. Москвада өткөн Олимпиялык оюндарда эң жеңил салмактагы штангачы катары дүйнөгө таанылган. Ал дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон.
Узундукка секирүү боюнча аялдар арасындагы 1-Олимпия чемпиону – Т.Колпакова. Ал 1980-ж. Москвада өткөн Олимпиялык оюндарда 706 см көрсөткүч менен рекорд койгон.
Советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган – Сатымкул Жуманазаров. Ал 1980-ж. Москвада өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өткөн.
Кыргызстандык футболчулардын ичинен 1-Олимпиялык чемпион болгон жана 1988-ж. СССР спортуна эмгек сиңирген чебер наамын алган – А.Фокин.
КР Улуттук Олимпия комитети 1991-ж. түзүлгөн. Алгачкы президенти эркин күрөш боюнча спорт чебери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Эшим Кутманалиев.
Кыргызстандын спорттук командасы 1996-ж. Атлантада (АКШ) өткөн Олимпиялык оюндарга 1-жолу көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан. Анда КР туусу 1-жолу көтөрүлгөн. Буга жалпысынан 33 спортчу катышып, В.Александров (эркин күрөш, 100 кг салмак түркүмү) байгелүү 6-орунду, А.Ковалевский (130 кг салмак түркүмү) 5-орунду, Р.Санатбаев (грек-рим күрөшү) 8-орунду ж.б. ээлешкен.
Сиднейдеги 27-Олимпиялык оюндарга (2000, сентябрь) Кыргызстандан 40 спортчу катышкан. Мында спорттун эл аралык класстагы чебери, дзюдочу Айдын Смагулов эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 1-жолу коло медаль жеңип алып, олимпиадалык эсепти ачкан.
Азия оюндары федерациясына Кыргызстан 1994-ж. мүчө болуп өткөн, кыргыз спортчулары ушул жылдан баштап Азия оюндарына катыша баштаган.
Кореянын Бусан шаарында болгон 14-Азия оюндарында 2002-жылдын 12-октябрында бийиктикке секирүү боюнча кыргызстандык Татьяна Ефименко 1-орунду ээлеп, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 1-жолу алтын медалды жеңип алган.
Ордо. Кыргыз улуттук ордо оюнунун эрежелерин баяндап жазган 1-китептин автору – Осмон Команов. 1982-ж. Кыргыз ССР Спорткомитетинин чечими менен ордо боюнча спорт чебери деген наамды 1-жолу алгандар: Кудайбергенов Төрөбай, Туйшенов Алдабек, Таргылов Айтыш, Орозалиев Ормук, Калбаев Жолдошбек, Бейшебаев Оңолбай, Мамытов Садыр.
Шахмат. Кыргыздар илгери эле шахмат ойногондугун алгач археолог Д.В.Винник далилдеген. Ал 1979-ж. Бурана шаар чалдыбарынан 10 – 12-кылымдарга тиешелүү шахмат фигурасын – ак жылмакай сыр менен капталган пилдин карапа фигурасын тапкан. 1947ж. 17апрелде Орто Азиянын шахматчылар турнири 1-жолу Бишкекте болгон.
Шахмат боюнча 12 жашында 1-разрядга ээ болгон, кыргыз кыз-келиндеринен 1-жолу 1979-ж. СССРдин спорт чебери наамын алган – Бакыт Самаганова. Кыргыз Республикасында 1-болуп шахмат боюнча эл аралык чебер деген ардак наамды 1994-ж. Молдобаев Эмелбек алган. Ал машыктыргычы жок өз алдынча машыккан 1-шахматчы.
Азия өлкөлөрүнүн шахмат боюнча 1-президенти (1992 - 94), шахматчы, Кыргызстандын шахмат федерациясын эң узак башкарган адам, эл аралык арбитр, эмгек сиңирген машыктыргыч, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, илим доктору – Акылбек Муратбеков.
Шахмат боюнча кыргыз кыз-келиндеринен чыккан 1-машыктыргыч – Тиленбаева Бактыгүл. Ал шахмат боюнча спорт чебери, Дүйнөлүк Олимпиадага 3 жолу (1992, Манила; 1994, Москва; 1996, Ереван) катышкан.
Футбол. 1921-ж. 12-мартта Пишпекте республикалар аралык футболдук алгачкы беттешүү (Пишпек - Верный) өткөн. Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги жана өлкөнүн Кубогу үчүн оюну 1936-жылдан баштап өткөрүлгөн. 1-чемпион жана Кубоктун жеңүүчүсү Бишкек шаарынын командасы болгон. Кыргыз футболчуларынын чет өлкөлүк командалар менен болгон 1-оюну 1957-ж. Кыргызстандын “Спартак” жана Финляндиянын “Васса” командаларынын ортосунда өтүп, 3:1 эсебинде кыргызстандыктар уткан.
Алгачкы футбол командасы - “Алга” 1955-ж. “Спартак” ыктыярдуу спорт коомунун республикалык советинде “Спартак” деген ат менен түзүлгөн. Ал 1960 – 94-ж. “Алга” деп аталган. 1956–63-ж. СССРдин футбол боюнча биринчилиги үчүн “Б” классында, 1963-жылдан “А” классынын 2-лигасында, 1970–73-, 1975-, жана 1979-жылдары “А” классынын 1-лигасында ойногон.
Футбол боюнча 1-илимий диссертацияны 1983-ж. К.Жанузаков коргогон.
Кыргызстанда кичифутболду негиздеген Букуев Медет, илим кандидаты.
Альпинизм. Альпинизм боюнча алгачкы клубду 1927-ж. Каракол шаарында тиш техниги И.Гречишкин уюштурган. 1936-ж. Жетиөгүздө алгачкы альпинизм мектеби ачылып, сентябрда кыргыз альпинисттери 1-жолу Аларча капчыгайындагы Комсомолец чокусуна (бийиктиги 4110 м) чыгышкан. Кыргызстанда 1-болуп альпинизм боюнча спорт чебери деген наамды 1940-ж. В.Рацек алган.
Марафон. Биринчи кыргыз марафончусу – Беделбай Амиракулов. Ал 1971-ж. апрелде өткөн чоң мелдеште 42 км 195 м аралыкты 2 саат 19 мүнөт 23 секундада басып өтүп, Кыргызстандын рекордун белгилеген. Спорттун бул түрү боюнча ошол кездеги Орто Азия менен Казакстандын спортчуларынын ичинен 1-спорт чебери болгон.
Мылтык атуу. Кыргыз спортунун тарыхында мылтык атуу спорту боюнча 1-жолу алтын медалды Алымбек Садабаев 1957-ж. Украинада өткөн эл аралык мелдеште жеңип алган. Азыр Орто-Сай айылында жашайт. Ок атуу боюнча биринчи СССР спортунун чебери нарындык Иман Мамбетакунов (машыктыргычы Комунар Сулайманов).
Ат спорту. Кыргыздагы 1-саяпкер – Толубай сынчы. Ат спорту боюнча республикага алгачкы алтын медалды алып келген – С. Мурсалимов. Ал 1959-ж. СССР элдеринин 2-спартакиадасынын чемпиону болуп, анда ал баш байгени (алтын медаль) алган.
Бокс. Кыргыз спортчуларынан бокс боюнча спорт чебери наамын биринчи Сейдесембаев Картаңбек (1917-97) 1937-ж. алган. Ал эми алгачкы эл аралык класстагы спорт чебери наамын Нурлан Абдыкалыков (1965-89) алган. Кыргыздардан бокс боюнча 1-болуп эл аралык калыс наамын алган – Мамыт Акеров. Профессионалдык бокста 7 жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын удаасы менен сактап калган О.Назаровдой боксёр Кыргызстанда гана эмес Чыгыш Азия аймагында жок.
Күрөш. Күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги алгач 1940-ж. өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамды Керимкулов, Халматов, Мамрасулов, Халмамбетов, Кулмаев алган. Жалалабаттык балбан Ибраим Узаков (Тапанча балбан) республикада 1972 – 93-ж. өткөрүлгөн мелдештерде далысы бир дагы жолу жерге тийбей эң көп жолу (20дан ашык) чемпион болгон.
Эркин күрөш. Эркин күрөш боюнча уландар арасында эң биринчи дүйнөнүн чемпиону наамын кыргызстандык Владимир Соколов алган. Кыргызстанда эркин күрөш боюнча эл аралык категориядагы 1-калыс – Сарымсаков Карыппай (1973). Ал кыргыз жаштарынан 1-болуп 1961-ж. республикалык категориядагы калыс, 1963-ж. Бүткүл союздук категориядагы калыс наамын алган.
Грек-рим күрөшү. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон 1-спортчу – Ю.Мельниченко. Эң биринчи болуп 1939-ж. спорт чебери наамын А.Абрамов алган. Самбо. Кыргызстанда самбо 1948-жылдан өнүгө баштаган. 1-спорт чебери – В.Котов. Кулатуу. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү – Турусбеков Темир. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, фехтование, карате-до боюнча спорт чебери, “кар кур” ээси. Кулатуу боюнча 1-спорт чебери, Кыргызстандын 1-чемпиону – Адамалы Осмоналиев. Каратэ. Каратэнин сырларын кыргыздардан алгачкылардан болуп өздөштүргөн – атактуу спортчу, таланттуу киноактер Талгат Нигматуллин. Кыргызстанда эле эмес, мурдагы СССРде да байыркы кытайдын гун-фу мектебин негиздөөчү – Есен Жумазович Исмаилов. Каратэ боюнча жеңилбес 6-баскычтагы кара кур ээси, дүйнөнүн каалаган жеринде өз мектебин ачууга акысы бар инсан, каратэ, ушу боюнча эл аралык 120 беттешүүгө катышып, 120сында тең жеңишке жетишкен, 300дөн ашык окуучулары бар, учурунда СССР Куралдуу Күчтөрүндө да реформа жасаган. Түндүк-тибет мектебинин бүтүрүүчүсү, гун-фунун устаты Чжандан чыгыш күрөшүнүн жашыруун сырларын үйрөнгөн. Чыгыш күрөшүнүн мекени - Кытайда келишимдик негизде ушу боюнча машыктыргыч, чыгыш күрөшү боюнча бир нече кинодо режиссер, актер, режиссер-коюучу болгон. Ал элдик композитор дагы. 50дөн ашык музыкасы, бир нече симфониялык чыгармасы бар. Ири бизнесмен, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кыргыз эл депутаты, КР эл артисти, Кыргызстандагы 70 миңдей дунган элинин улуттук лидери. Кыргыз маданиятына бир катар кайрымдуулук иштерди жасаган меценат. Москвада чыгармачылыктын эл аралык академиясын уюштуруучулардын бири, маданий дүйнөгө кошкон салымы үчүн 2000-ж. ал академиянын П.Чайковский атындагы алтын медалын алган. Академия спортсмендер үчүн Е.Исмаилов атындагы медаль негиздеп, 1-медаль дүйнөнүн көп жолку чемпиону Игорь Паклинге ыйгарылган.
Спорттун чыгыш түрлөрүнүн бири болгон Тай Цзи-Цюандын Кыргызстандагы негиздөөчүсү Исаков Макен.
Дзюдо. Дзюдо боюнча алгачкы секцияны уюштурган (1979) – А.Г.Задворный. Спорт чебери наамын эң биринчи 1973-ж. Абдужалил Жунусов (Юнусов), эл аралык даражадагы калыс наамын П.Л.Бояроглы алган. Спорттун бул түрү боюнча 1-окумуштуу О. Коптев. Ал эми дзюдочу А.Смагулов 2000-ж. Сиднейде болгон 27-Олимпиадада коло медель жеңип алган. Бул эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 1-Олимпиадалык медалы.
Кикбоксинг. Кикбоксёрлордон эң биринчи дүйнөлүк чемпион наамын 1995-ж. Шабан Шадманов жеңип алган. Жеңил атлетика. 100 – 400 – 1500 м аралыкка чуркоо боюнча 1-жолу 1921-ж. эркектер ортосунда мелдеш өткөрүлгөн. 1939-ж. Бишкекте жеңил атлетика боюнча республикалык балдар жана жаштардын олимпиалык резервдер спорт мектеби ачылган.
Жеңил атлетика боюнча 1976-ж. СССРдин жаштар арасындагы биринчилигинде 200 м аралыкты 23,0 секундада чуркап өтүп эң алгачкы рекорд койгон – Кулчунова Мария Жумабаевна.
Кыргызстандык жөө күлүк Леонид Иванов советтик спортчулардан 1-болуп француз коммунисттеринин “Юманите” гезитинин байгесине өткөрүлгөн кросс чуркоо боюнча эл аралык мелдеште жеңип чыгып, баш байгени алган.
Велоспорт. Кыргызстанда велоспорт боюнча СССР спортунун чебери наамын 1-жолу 1957-ж. Э.Я.Ливщиц, В.И.Лусников алган. Волейбол. Волейбол боюнча республикадагы 1-спорт чебери – С.Дендеберов. Коньки жана хоккей. Коньки жана хоккей боюнча мелдеш Кыргызстанда 1-жолу 1935-ж. өткөрүлгөн. Бийиктикке секирүүю. Кыргыздардан эң биринчи спорт чебери болгон Т.Мамыров бийиктикке секирүү боюнча алгачкы рекордчу, Кыргызстандын рекордун көп жолу жаңырткан, 1958-ж. Алматыда өткөн эл аралык мелдеште 2 м 02 см бийиктикке секирип, Орто Азия жана Казакстанда рекорд койгон. 1957-ж. Кытай өлкөсүндө 2 м бийиктикке секирип Азия материгинин рекордун койгон. Ал совет мезгилинде кыргыз уулдарынан турган алгачкы улуттук волейбол командасын түзгөндүгү үчүн улутчул аталган. Кыргызстандык Паклин Игорь 1985-ж. Япониянын Кобе шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк Универсиадада 2 м 41 см бийиктикке секирип, дүйнөлүк рекорд койгон.
Оор атлетика. Оор атлетика боюнча Кыргызстандагы алгачкы машыктыргыч Азаровский, кызылкыялык Н.Михайлюк Кыргызстандын 1-рекордчусу, алгачкы спорт чебери Б.Шарипов, Ж.Каракчеев, Владимир Ли (ал 2 жолу Европанын рекордсмени болгон). Кол тобу (гандбол). Кыргызстанда кол тобу боюнча алгачкы мелдеш 1957-ж. өткөрүлгөн. Орто Азия элдеринин тарыхында кол тобунан 1-Олимпиада чемпиону болгон Талант Дүйшөбаев. Ал 1933-жылдан Испанияда жашап, 1996-жылдагы Атланта олимпиадасында Испаниянын кол тобу боюнча курама командасын тарыхта 1-жолу 3-орунга жеткирген.
Сууда сүзүү. Василий Данилов 400 м аралыкты комплекстүү сүзүүдө 4 м 24,9 секундда басып өтүп өлкөнүн рекордун койгон (2008).
Бильярд. Кыргызстанда бильярд оюну боюнча алгачкы чемпион болгон адам – Самарбек Мурзаходжаев. Жыл сайын анын эстелигине арналган турнир өткөрүлөт.
Радио спорту. Радио спорту 1946–47-ж. түзүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүн бири – В. Эскин.
Спорттун 5 түрү. Бул боюнча мелдеш 1950-жылдан өнүгө баштаган. 1977-ж. А.Тарев жаштар арасында дүйнөнүн чемпиону болгон.
|
|
|