|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-сентябры
Ысмайыл КАДЫРОВ
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ
же рекорддор, эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор ж. б. тууралуу Жаныбек жыйнак
Ысмайыл Кадыров көп жылдардан бери кыргыз элинин өзүнүн Гиннес китебине кирчү рекорддорду жыйнап келатат. Айрымдары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандардын колдоосуна ээ болгон.
Кыргыз басма сөзүнүн тарыхында биринчи жолу жаралып жаткан бул жыйнак кыргыз элинин рухий маданиятына өз салымын деген ойдобуз.
Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 б. китебинен алынды
УДК 030
ББК 92
К 13
ISBN 978-9967-14-059-2
К
Алгы сөз Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан дүйнөлүк Гиннесс китеби сыяктуу Кыргызстандын дагы рекорддор китебин (өзгөчө, эң чоң, эң көп, эң узун ж.б. жөнүндө) түзүү менен көп жылдардан бери алектенип келем. Ал үчүн энциклопедиялардан, китептерден, гезит-журналдардан маалыматтарды топтоп, окшошторун бири-бирине салыштырып, тыкыр изилдөө жүргүзүү менен туура деп эсептегендеримди иргеп алдым. Машак тергендей бир чымчымдан чогултуп, мүмкүн болушунча тактоого аракет жасадым. Тематикаларга бөлүштүрдүм. Кыргыз мамлекетинин тарыхына, илимине, маданиятына, экономикасына ж.б. өзгөчө салымы бар инсандардын жасаган иштерин келечек муун биле жүрсө деген тилек кылдым. Дың бузуу, алгачкы чыйыр, из салуу, биринчи кадам таштоо, тунгуч, абалкы болуу өтө оор, өзгөчө жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу дагы. Ошондуктан кыргыздар чыгаандарды көч башы, топ бузаар деп кадырлашса, малдын дагы лидерин эркеч, баштаак деп ыйык көрүшкөн. Ошондуктан бардык тармактар боюнча баштоочтор, карлыгачтар жөнүндө да кыскача маалыматтар камтылды.
Бул иш биринчи жолу жасалып жаткандыктан кемчиликтер болушу толук мүмкүн. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей авторго маалымат белгисиз болгондуктан китепке жазылбай калган, калпыс берилген жерлери, ошондой эле китептин жалпы түзүлүшү жөнүндө пикириңиздерди билдирип койсоңуздар, китептин андан аркы чыгарылыштары үчүн пайдасы гана тиет.
Бул китепчеде эч кандай саясий максат жок. Болгонун болгондой гана элге жеткирүү. Бул китепченин айрым материалдары бир катар республикалык басылмаларга мурда жарыяланган. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенем.
Автор
Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасы (КР) Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чегарасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чегара (1374 км). Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км. Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93 %и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте. Калкынын жалпы саны 5 млн. (2002, 27-август). Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Чүй, Ысыккөл, Нарын. Борбору - Бишкек ш. КРдеги эң ысык температура +440С - Чүй, эң суук температура 540С Аксай метеостанциясында катталган. Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, мында дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.
Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991жылдын 31августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын 1-Конституциясы 1993жылдын 5майында Кыргыз Республикасынын 12шайланган Жогорку Кеңешинин 12сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Гимни - 1992ж. 3декабрда кабыл алынып, 18декабрда КР Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Сөзүнүн авторлору - Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.
Кыргыз Республикасынын Желеги 1992жылдын 3мартында кабыл алынып, Өкмөт үйүнүн төбөсүнө 5мартта салтанаттуу көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Айдарбеков Эмил, Жайчыбеков Бекбосун, Иптаров Сабыр, Матаев Жусуп, Сыдыков Маматбек.
Кыргыз Республикасынын Герби 1994ж. 14январда кабыл алынган. Авторлору - Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили - кыргыз тили. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө мыйзам 1989ж. 23сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз улуттук валютасы - сом 1993ж. 10майдан баштап республиканын аймагында жүгүртүүгө киргизилген. Сомго ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган. 2000жылдын 28августунан баштап Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.
Облустар боюнча маалыматтар
Облустар
| Аянты, миң км2 | 1999-жылдагы эл каттоо боюнча калкы, миң
| Кошумча маалыматтар
| Түзүлгөн
жылы
| Баткен
| 17,0
| 380,2
| 3 район, 2 шаар, 5 шаарча, 189 айыл
| 1999-ж., октябрь
| Жалалабат
| 33,7
| 869,3
| 8 район, 6 шаар, 7 шаарча, 415 айыл
| 1939-ж.,
21-ноябрь
| Нарын
| 45,2
| 248,7
| 5 район, 1 шаар, 2 шаарча, 132 айыл
| 1939-ж.,
21-ноябрь
| Ош
| 29,2
| 1176,6
| 7 район, 3 шаар, 7 шаарча, 467 айыл
| 1939-ж.,
21-ноябрь
| Талас
| 11,4
| 200,3
| 4 район, 1 шаар, 1 шаарча, 90 айыл
| 1980-ж.,
3-сентябрь
| Чүй
| 20,2
| 772,2 (Бишкек кошулбайт)
| 8 район, 4 шаар, 5 шаарча, 327 айыл
| 1939-ж.,
21-ноябрь
| Ысыккөл
| 43,1
| 415,5
| 5 район, 3 шаар, 5 шаарча, 181 айыл
| 1939-ж.,
21-ноябрь
|
Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жалпы саны 1924-ж. 750165, 1959-ж. 837 миң, 1989-ж. 2 млн. 530 миң 998, 1999-ж. 1-январга карата 3 млн. 128 миң 144 адам болгон. Кыргыз тарыхынан кыскача маалыматтар
“Кыргыз” аталышы (этноними) тууралуу алгачкы маалымат “Кытай тарыхынын атасы” атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201жылдагы “Щицзи” (“Тарыхый жазмалар”) деген китебинде “гяньгунь” деген ат менен жолугат. Ошондой эле “кыргыз” аталышы Кытайдын Хань доорунда”цзяньгунь”, Тан тушунда “ясңзясы”, Юань учурунда - “цзилицзицы”, гректе - ”херкис”, арабпарсы жазмаларында - ”хыркыз”,”хырхыр”, монголдордо - ”хяргас”, орустарда - ”киргиз” ж.б. түрдө айтылат. Андан сырткары гегу, гэгун, жиегу, чийгу, хегаз,жылыс, булуту, хакяньси, гягас, кыркыс ж.б. аталыштары да бар. Санжырачылар “кыргыз” деген аттын Муканбет пайгамбардан 3700 жыл мурда пайда болгондугун айтышат, ал эми Осмонаалы Сыдык уулунун 1914ж. Уфадан чыккан “Тарых Кыргыз Шадмания” деген китебинде кыргыз бабабыз Муканбет пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келгенин жазат. Алексей Левшиндин маалыматында Иса пайгамбар төрөлгөндөн кийинки 569ж. император Юстин “Дизабулга” жиберген элчи Земарк кайтып кетип баратканда Алтай кыргыздарынын императорго бир сулуу кыз, ага кошуп бир нече кул бергендиги баяндалат. Тарыхта кыргыз өтө жотолуу, көк көз, сары чач, кызылчийкил болгон деп сыпатталат. Кыргыз элинин түпкү чыгышын, урууларга таралышын иликтеген Сейфаддин Аксикенти (алгачкы кагазга түшүрүлгөн санжыра, “Маджму Аттаварих”, кыргызча “Тарыхтар жыйнагы”, 16к.), тунгуч агартуучу, окумуштуутарыхчы, санжырачы Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940), кыргыз тарыхын жазмага түшүргөн, жазма тарых менен оозеки тарыхты (санжыраны) салыштырып, дарамети жеткенче талдап, кыргыз тарыхын изилдөөнү эң биринчи илимий нукка салууга аракеттенген алгачкы тарыхчы Белек Төрөгелди уулу Солтоноев (1878-1938) болгон. Кийин Е. Поливанов, В. Радлов, Н.Бичурин, К. Юдахин, С. Абрамзон, К. Скрябин өңдүү орус илимпоздорунун келиши менен кыргыз илиминин жаңы доору башталган. Ал эми эл жазуучусу Асан Жакшылыков кыргыз элин күн (гунн, хунн), усун, сак (сактан), булут (бурут), кырк ууз (кыргыс, кыргыз) деген аталыш менен тээ топон суудан аркы доорлордон бери келаткан эң байыркы эл деп далилдейт (“Эстутум”, Б.:2005).
Кыргыздар жөнүндө эң алгач кеңири изилдөө жүргүзүп, көптөгөн эмгек жазган чыгыш изилдөөчүсү, академиктарыхчы Василий Владимирович Бартольд (1869-1930). Анын “Кыргыздар” (1927) аттуу тарыхыйилимий очеркинин жарык көрүшү менен күн чыгыш тарыхынын изилдене башташынын жаңы доору, накта илимий деңгээлдеги мезгили башталган. Анын пикири боюнча кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Ал 618907жылдары башкарган Тан династиясынын тарыхынан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө маалыматтар бардыгын, кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы жөнүндө географиялык жактан так көрсөтүлгөнүн, кыргыз элинин өң түзүлүшү жана тили жөнүндө маалыматтар айтылганын жазган. Ал эми А.Н. Бернштам (1910-56) кыргыз элинин түбүн б.з.ч. 4кылымга такайт. Анын айтымында кыргыз элинин уюткусун түзгөн айрым уруу тайпалары ошол учурда азыркы Монголиянын түндүкбатышындагы ХяргасНур (КыргызКөл) чөлкөмүндө түптөлө баштаган. Ал эми илимпоз Кожош Мусаев өз изилдөөсүндө кыргыздар мындан 4 миң жыл мурда болгон деп эсептесе, жазуучу Орозбек Айтымбетов “Кара Кыргыз” деген эмгегинде кыргыздын 8 миң жылдык тарыхы бар экендигин далилдейт. .
Байыркы кыргыздардын түндүк хуннуларга каршы уруштары жөнүндөгү маалымат 1-2кылымга тиешелүү.
Тарыхта алгачкы кыргыз мамлекети 480–447-жылдары түзүлгөн деген маалымат бар.
Тарыхтагы алгачкы күчтүү кыргыз мамлекети болгон Кыргыз кагандыгы Энесай дарыясынын боюнда МиңСуу өрөөнүндө 6кылымда түзүлүп, 13кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Аны үстөмдүк кылуучу кыргыз урууларынан чыккан сулалелер бийлеген. Бартольд “9-10кылым - Улуу Кыргыз мамлекетинин доору” деп атаган. Бул учурда Кыргыз каганаты чыгышы Байкөлдөн (Байкал) батышы ТеңирТоого чейинки кеңири чөлкөмдө өз бийлигин жүргүзүп (Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал, Эртыш, Кашкар, Ысыккөл, Талас ж.б. кыргыздарга баш ийген), кыргыз журтуна оомат келген, “Могулстандын жапайы арстандары” аталган. 904-ж. кыргыздар Кытайдан так талашкан. Ошол учурда өз жазуусу болгон. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматы боюнча Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга ээ болгон. Алар жыл башын “баш ай” атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган. Бул “мүчөл” делинген. Бир жылды 12 айга айрып, алар 1баш ай, 2корук ай, 3күкүк ай, 4чилде ай, 5сарыча ай, 6кыркүйөк ай, 7мизам ай, 8карача ай, 9казан (согуш) ай, 10каңжар ай, 11акпаң ай (кара ай), 12чил ай (соң ай) деп аталган. Кийин далай чабылыпчачылган учурларды да башынан өткөргөн. “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?
Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган?
Кыржон барбы кыргыз сөөгү жатпаган?” - деген каңырык түтөтөр сөздөр чыккан. Ооматы кеткен кез “Манаста” “бири кетти Кырымга, бири кетти Урумга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга, бири кетти Эренге, бири кетти Тереңге” деп сүрөттөлгөн.
840-ж. кыргыздар Борбордук Азиядагы уйгур кагандыгын талкалаган. Алардын ордосу Ордо-Балыкты басып алган. 840 – 44-жж. бүткүл Борбордук Азиядагы бийлик Энесай кыргыздарына өткөн.
Кыргыз маданиятынын гүлдөгөн учуру 10-11кк. болгон. Ал учурда шаарлар, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Окумуштуулар менен акындар чыгармаларын жараткан. Жайсаң манасчы ушул доордо жашаган деген пикирлер бар. Ал мезгилде Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарында туулган Жусуп Баласагындын “Куттуу билим”, Ысыккөл кылаасындагы Барскан шаарында туулган Махмуд Кашгаринин “Түркий тилдер сөз жыйнагы” деген залкар эмгектери жазылган. 1067-68ж. Баласагында тыйын чыгарылган.
Кыргыздар ислам динин Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10кылымдын 2жарымынан 13кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд алКерим болгон. Ал 960ж. ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик идеология катары жарыялаган.
1680-ж. Тяньшань кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.
1762ж. 2августта Россияда 1680-ж. Теңиртоо кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.
Теңиртоо кыргыздары жөнүндө алгачкы маалымат берген П.И. Рычковдун “Оренбург басмаканасы...” деген эмгеги жарык көргөн.
Түштүк кыргыздар жөнүндө биринчи маалымат берген, кыргыз менен казактын айырмасын баса белгилеген, ошондой эле кыргыздар жөнүндө кыйла кызыктуу маалыматтарды камтыган эң узун аталыштагы китеп Филип Ефремовдун “Орусия унтерофицери, азыр жарандык кызматтагы Ефремовдун он жылдык саякаты жана Бухара, Хива, Персия менен Индиядагы окуялары, андан Англия аркылуу Орусияга келгендеги өзү жазган китеп” аттуу китеби (1786). Китеп өтө кызыгууну пайда кылып, автордун көзү тирүүсүндө эле үч жолу басылган.
15кылымдын 80жылдары - 16кылымдын башында кыргыздардын бир топ урууларынан “Кыргыз хандыгы” түзүлгөн.
16кылымдын 1жарымы - 1493-1529жылдарда Орто Азиядагы окуялар жөнүндө З.М. Бабурдун “Бабурнамэ” жыйнагы чыккан.
18кылымдын 2жарымында айрым кыргыздар Тяньшандан ПамирАлайга көчкөн.
1871ж. мартта Фергана кыргыздары Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыккан.
Пишпек уездиндеги кедей жана орто дыйкандарды бириктирген демократиялык уюм “Букара” союзу 1917ж. 3майда түзүлгөн. 1917ж. 9сентябрда Пишпекте союздун сьезди болуп, анын башкармасынын төрагалыгына Кожомурат Сарыкулаков, орун басарына Имаш Көбөков шайланган.
Тунгуч кыргыз революционербольшевиги Жукеев Таабалды (жашыруун аты Пудовкин Александр Александрович, 1882-1930).
Кыргызстандын аймагында 1болуп 1917ж. ноябрда Сүлүктү менен Кызылкыяда Совет бийлиги жарыяланган.
1917ж. декабрда Таласта, 1918ж. январда Ошто, февралда Пишпекте, апрелде Нарында, майда Караколдо Совет бийлиги орногон.
Советтердин уезддик 1сьезди Пишпекте 1918ж. 11февралда болуп, совет бийлиги жарыяланган жана уезддик советтин президиумунун төрагалыгына Григорий Иванович ШвецБазарный шайланган.
1918ж. 5октябрда курамына Кыргызстан кирген Түркстан АССРинин Конституциясы кабыл алынган.
1922ж. 10октябрда Кыргыздардын тарыхы боюнча комиссия түзүлгөн.
1924ж. 14октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдын курамында КараКыргыз автономия облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, ОлуяАта уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Ошол жылы облустун калкынын саны 737 миң болуп, анын 63,5 %и кыргыз, 16,8 %и орус, 15,4 %и өзбек, 4,5 %и башка улуттар болгон. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924ж. 21октябрда КараКыргыз АОсунун Ревкомунун курамы бекитилип, ал 12ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун 1төрагасы, б.а. КараКыргыз АОсунун 1өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков, жооптуу катчылыгына Ибрай Тойчинов, облустук партиялык уюмдун 1катчылыгына М.Каменский, жооптуу катчылыгына Ж. Абдрахманов, катчылыгына Ж. Саадаев дайындалган. Облустун убактылуу борбору Ташкен болгон. Борбор 1924ж. декабрдын аягында Пишпекке көчүрүлгөн. 1926ж. 12майда Кыргыз АССРинин борбору Фрунзе деп аталган. 1936жылдан Кыргыз ССРинин борбору болгон. 1991ж. 5февралда Фрунзеге Бишкек деген эски аты кайта берилген.
1925ж. 27-30мартта КараКыргыз АОсунун Советтеринин 1уюштуруу сьезди болуп, анда кыргыздардын мамлекети жарыяланган. Облустук Аткаруу Комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.
1925ж. 25майда КараКыргыз АОсу Кыргыз автономия облусу деп аталган.
Кыргыз АОсунун аты 1926жылдын 1февралында Кыргыз АССРи (Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы) деп өзгөртүлгөн.
1927ж. 7-12мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын Советтеринин 1уюштуруу сьезди болгон. Сьезд Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө декларация кабыл алган. Ага 238 делегат (анын 107си кыргыз) катышкан. Сьезд курамында 122 мүчөдөн, 27 мүчөлүккө кандидаттан турган Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) шайлаган. 12мартта БАКтын 1сессиясы болуп, Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумунун төрагалыгына (республиканын 1жетекчилигине) А. Орозбеков, республиканын Өкмөтү болгон Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж. Абдрахманов шайланган. Кыргыз АССРинин мамлекеттик абалы алгачкы ирет БАК жана РСФСР ЭКС тарабынан 1927ж. 24мартта бекитилген.
1936ж. 5декабрда Кыргыз АССРи СССРдин карамагына кирген Кыргыз ССРи (Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы, Кыргызстан) болуп түзүлгөн.
Кыргыз АССРинин 1конституциясы 1929ж. 30апрелде Кыргыз АССР советтеринин 2сьездинде кабыл алынган. Бул кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн мыйзамдаштырган 1конституция болгон. Кыргыз ССРи болгондон кийинки 1конституция 1937ж. 23мартта республикалык Советтердин чукул чакырылган 5сьездинде кабыл алынган.
Кыргыз ССРинин Гимни 1жолу 1946ж. 30мартта кабыл алынган. Анын текстин К.Маликов, Т.Сыдыкбеков, М.Токобаев, А.Токомбаев, музыкасын В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган.
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик желеги 1жолу 1937ж. бекитилген.
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик герби 1936ж. түзүлгөн. Автору О.Т. Павленко болгон.
1990-жылдын 24-30-октябрында коммунисттик диктатурага каршы алгачкы ачкачылык жарыялагандар Топчубек Тургуналиев, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б.
|
|
|