|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Орозбеков Абдыкадыр (1927-37), Шамурзин Султанкул (1937-38), Салихов Мурат (1938.02-05), Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943-45), Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81), Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981-87), Акматов Таштанбек (1987-90), Масалиев Апсамат (1990-91), Шеримкулов Медеткан (1991-92), Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97), Мукамбаев Усуп (1997-2000) Матубраимов Алмамбет, Эркебаев Абдыганы (1998-2005), Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005), Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006), Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007), Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007-жылдан).
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-төрагасы – И.П.Боряк (1938 - 40).
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1991–ж. түзүлгөн. Анын тунгуч төрайымы – Баекова Чолпон Турсуновна.
Кыргыз Республикасынын 1-Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулу. Ал 2002-ж. 21-ноябрда КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынында шайланган.
Алгачкы саясий ишмерлер
Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы коммунист, айыл өкмөтүнүн 1-төрайымы, эң алгачкы чарба башкармасынын раиси, БАКга 1-мүчө болуп, 1-Москвага барган - Уркуя Салиева.
Кыргыз ССР Жогорку сотунун 1-төрагасы – С.Б. Сегизбаев (1936-37).
Кыргыз ССРинин 1-прокурору – А.М.Присяжный (1938-39). Биринчи кыргыз прокурору – Таш Кудайбергенов.
Кыргыз ССРинин 1-тышкы иштер министри – Казы Дыйканбаев (1944-49). Ал эми кыргыз аялдарынан чыккан 1-тышкы иштер министри – Сакин Бегматова (17 жыл болгон).
Алгачкы эл агартуу комиссары – К.Тыныстанов (1927).
Республиканын 1-мал чарба министри – Акун Саякбаев.
Кыргыз кыз-келиндеринен тунгуч министр – Нургазиева Фатима (Батый). 1955-жылга чейин Саламаттык сактоо министри болгон. Ал кыз-келиндерден чыккан 1-ректор дагы.
Жогорку партиялык мектепти аялдардан 1-болуп бүткөн – Күлүйпа Кондучалова. Ал кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы министрлерден дагы.
Кыргыз ССРинин улуттук коопсуздук органын жетектеген 1-кыргыз Жумабек Асанкулов. Ал кыргызстанда аскердик чалгын структурасын 1-болуп уюштурган, Москвадагы КГБнын Жогорку мектебин 1-бүткөн кыргыз, “СССР коопсуздук кызматынын ардактуу кызматкери” наамын да биринчилерден болуп алган.
1990-ж. Кыргыз ССРинин тарыхында 1-болуп компартия доорунда альтернативдик негизде элдик шайлоо менен Көкжаңгак шаардык компартиянын 1-катчылыгына Курманбек Бакиев шайланган.
1992ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондусу түзүлгөн. 1төрагасы Абдыжапар Тагаев Абдыкаарович.
Кыргыз элчиликтери
648ж. июлда Кытайга кыргыз элчилиги баргандыгы жөнүндө маалымат бар.
Тарых маалыматтарына таянсак кыргыздардын Енисей доорундагы элчиси 38 жаштагы Эрен Улуг болгон. Ал кыргыз ажосу Барсбектин тапшыруусу менен 711-ж. Тибет ханына элчиликке барган, бирок андан кийинки тагдыры белгисиз боюнча калган.
Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3даражадагы чиндик белги ыйгарган.
Соңку кылымдагы кыргыз элинин алгачкы дипломаты, эл аралык мамиле ырашкерлигинин негиздөөчүсү - Кыдыр аке.
Орусияга 1кыргыз элчилигин 1785ж. сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Тынай уулу орус императору Екатерина ҮҮге жиберген. Элчилердин башчысы Абдырахман Алкучак уулу (чын аты Карыганбай) болгон. Элчилерди Орусия борбору СанктПетербургда 1786ж. 15мартта Екатерина ҮҮ салтанаттуу кабыл алган. 18кылымда кыргыз дипломатиясына чыйыр салууга алгачкы аракеттерди жасаган Атаке баатыр орус мамлекети менен байланышты чыңдоону көздөп 1788ж. Омбу шаарына дагы бир ирет элчилерин жиберген. 1789ж. 2январда Абдырахман Алкучак уулу баштаган кыргыз элчилери Омбу шаарына келишкен.
Ысыккөл өрөөнүнөн Орусияга барган 1кыргыз элчилигин 1813ж. 21ноябрда бугу уруусунун бийлөөчүлөрү жөнөткөн. Качыбек Шералы уулу, Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер 1814ж. 5январда Семейге келишкен. Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генералгубернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.
Кыргызстандын Москвадагы туруктуу өкүлдүгү 1924ж. декабрда уюштурулган. Биринчи өкүлү Т. Токбаев болгон. Кыргыздан чыккан алгачкы элчилердин бири Закон Турдукулов, ал 1955-ж. элчи болгон, чет тилин билген 1-кыргыз адиси.
Совет мезгилиндеги дипломатиялык кызмат расмий түрдө 1944-ж. башталган. Ушул жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уштурулуп, К.Дикамбаев комиссар болуп дайындалган.
1958ж. 21ноябрда Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданият байланыш коому уюшулган.
Алгачкы кесипкөй кыргыз дипломаты - Талгарбек Сарбанов. Ал 1957-60ж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуп, 1960ж. БУУдагы СССРдин өкүлчүлүгүнө жиберилген. 1961жылдан Мексикада иштеген. Т. Сарбанов АКШда, дегеле Америка континентинде кызмат өтөгөн алгачкы кыргыз.
СССР кулагандан кийин Кыргыз Республикасы кирген жаңы союз КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) деп аталып, 1991ж. 21декабрда түзүлгөн. Ал күнү Алматы декларациясы кабыл алынып, анда өз ара кызматташууга мурунку СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан эгемендүү 9 мамлекет кол койгон.
Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин 1болуп 1991жылдын 27декабрында АКШ тааныган.
1992жылдын 1февралында Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхында 1жолу Бишкекте АКШнын жана Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Бул республикадагы 1дипломатиялык өкүлчүлүк болгон. Ушул эле жылы Кытайдын, Германиянын, Россия Федерациясынын элчиликтери иштей баштаган.
1992жылдан тартып КР эларалык абройлуу уюмдарга тең укуктуу мүчө боло баштады. 1992ж. 30январда ОБСЕге мүчө болгон. 2мартта тарыхта 1жолу БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү БУУнун НьюЙорктогу имаратынын алдында Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинген.
1998ж. 14октябрда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун 131мүчөсү болуп кабыл алынган.
|
|
|