|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Эң чоң
КРдеги эң чоң көл - Ысыккөл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соңкөл (аянты 270 км2), Чатыркөл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.
Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. КанТеңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.
Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.
Эң чоң жана узун өрөөн - Нарын өрөөнү. Ал ЭкиНарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.
Эң ири жана суусу мол дарыя - Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.
Эң ири суу сактагыч - Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.
Аянты боюнча эң чоң облус - Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.
Эң чоң район АтБашы. Аянты 19,1 миң км2.
Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири - Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.
Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.
Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-Ташрабат. 15кылымда курулган. Атбашы айылынан 80 км түштүкбатышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.
Эң чоң өткөөл капчыгай - Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысыккөл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй АлаТоо менен Кыргыз АлаТоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.
Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал - ЧоңЧүй каналы (азыр ал Батыш ЧоңЧүй каналы деп аталат). Курулушу 1941ж. 14майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946ж. кайра башталган жана 1958ж. 11июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.
Эң ири китепкана-В.И. Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934ж. ачылган.Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.
Эң ири завод-Майлысайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млндон ашык электр лампасын чыгарган.
Эң ири спорт комплекси - ”Спартак” стадиону Бишкекте 1939-41ж. курулуп, 1963ж. реконструкцияланган. Аянты 4,5 га. Трибунасы 25 миң орундуу.
Спорттук эң чоң курулуш – Кожомкул атындагы спорт сарайы (Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 40) 1974-ж. ачылган.
Эң чоң базар-”Жайма базар” (Түртүшмө). Көп тармактуу “Дордой” ассоциациясына караштуу. Аны негиздеген алгачкы башкы директору Салымбеков Аскар Мааткабылович (2000жылдан ардактуу президенти). 1991ж. 7декабрда ачылган. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия, Урал аймагындагы эң чоң соода борбору.
Кыргызча эң чоң китеп – манасчы Жусуп Мамайдын “Манасы”. Салмагы 6 кг. Араб алфавитинен кыргызча тамгага түшүргөн Мамлекеттик тил жана маданият институту (директору Үмүт Култаева).
“Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашынан” кийинки эң чоң аш сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап Шабдан Жантай уулуна (1840-1912) 1912ж. октябрда берилген. Аш 5 күнгө созулуп, ага Түркстан чөлкөмүнөн (ЖетиСуу, Фергана, СырДарыя дубандарынан) 40 миңден ашуун киши келген. 1900 боз үй тигилген. Ашка 10 миң кой, 2 миң тай союлган. Кемин өрөөнүндө өткөрүлгөн. Мында ат чабыш өткөрүүнүн батыштагы эрежелери алгачкы жолу колдонулган. Аламан байгеге 172 күлүк кошулуп, 1000 дилде, 30 төө, 100 жылкы, 30 бодо мал, 500 кой байгеге коюлган. Бишкек уездинде жашаган Борончу Ітөгөн уулунун аты чыгып, баш байге алган. Ал күлүк 1 чакырымды 1 мүнөт 35,5 секундда басып өтүп, ошол кездеги россиялык жетишкендиктерден ашып түшкөн ылдамдыкта келген. Ашты Шабдандын кудасы атбашылык Чоко Ак үйүн тигип, энесин аюу талпакка отургузуп коюп башкарган.
“Ленинчил жаш” гезитинин жазганы боюнча (1988ж., 18июнь) эң чоң мөндүр Базаркоргон районунун Гава айылына түшкөн (Бабашата тоосунун этеги). 1988ж. май айында чайыттай ачык турган күн заматта бүркөлүп, мөндүр жааган. Мөндүр улам чоңоюп, тооктун жумурткасындай болгон. Мөндүрдүн түшүшү 10 мүнөттөй созулган. 1998ж. 18июлда Талас районунун Көкой айылынын этегиндеги Нылды көлмөсүнө чоңдугу тооктун жумурткасындай, кээси топтоголок, кээси учтуу музтобурчак жааган. Тобурчактын үстүңкү формасы кудум эле мээ түзүлүшүнө окшош болгон. Жээктеги 3-4 машиненин терезелери сынып, темирлери бырыйган. Ушундай эле чоң мөндүр жана мурда болуп көрбөгөндөй катуу шамал ошол эле күнү Ысыккөлдүн Түп районунда да 20 мүнөттөй сабап турган.
Эң чоң дарбыз Ош облусунда өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 килограммга жеткен.
Эң көлөмдүү жана тез жазылган чыгармалар эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Анын жарык көрө элек чыгармалары эле 4500 барактан ашат. Түкөбүздүн чыгармалары эле эмес, өзү дагы жазуучулардын ичинен “көлөмдүүсү” болгон экен. С.Станалиев билдиргендей анын салмагы 66 жашында 121 кг болуптур.
Кыргыз адабиятынын совет доорундагы тарыхында тагдыр чечээр үч чоң талкуу болгон. Биринчиси, 1952ж. “Манас” эпосу, экинчиси 1958ж. Ч.Айтматовдун чыгармалары, үчүнчүсү 1963ж. У.Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча. Буларды бар же жок кылуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, кыл чайнашкан кырчылдашуу курч мүнөздө болсо да, акыры тарых аларды өз ордуларына койгону белгилүү.
Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуштун эң чоңу-АрчаБешик. 1991ж. түптөлгөн. Жалпы аянты 709 га. Калкынын саны 16200 (2001). Өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Муктар Айткулов.
Эң чоң кинотеатр - Бишкектеги “Россия”. 1963ж. ачылган, 1970ж. реконструкцияланган. Көрүү залы 1 миң кишилик. Мындай уникалдуу кинотеатр Борбордук Азия аймагында жок.
Айрым оозеки маалыматтар боюнча эң чоң тебетейди Ормон хан тиктирген.
Эң узак
Кыргызстанды эң узак жетектегендерин бири (туура 40 жыл), б.а. 1938-45ж. Өкмөт башчысы, тагыраак айтканда Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, андан кийин 33 жыл бою (1945-78) Кыргыз ССР Жогорку Советине төрага болуп иштеген, ардагерлердин айтымында Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов. Ал эми Т.Усубалиев чейрек кылым Кыргызстан КП БКнын 1катчысы болуп иштеген.
Совет мезгилинде эң узак райкомдун 1-катчысы болгон (31 жыл, а.и. Кочкордо 18 жыл) Соц. Эмгек Баатыры – Акназаров Корчубек.
Эң узак жашагандардын бири Калиман апа (акын Ташмат Арыковдун кайненеси). Ал 2000ж. 120га чыккан (1980ж. Чүйдөгү Сайлык айылында туулган). Өзү менен 6 бир тууган болуп, алар да узак жашашкан экен. Улуусу Төлөгөн киши колдуу болуптур, андан кийинкилери Киртен-110, Койсун-98, Болдук (философ Асанбек Табалдиевдин энеси)-103, Кашка 89 жаштарында дүйнөдөн өтүшүптүр. Ал эми эркектерден Турсункул Арзыкулов 1999ж. 112ге чыккан. БазарКоргондогу Арстанбап айылынын тургуну.
Жазуучулардан узак жашаган - Тоголок Молдо. Ал киши 100 жылдыгын өткөргөндөн кийин гана дүйнө салган.
Эң узак мектеп директору болуп иштеген - Жумабек Ниязов. Ал Ноокен районунун Бирлик орто мектебинде 36 жыл директор болгон.
Дүйнөлүк тарыхта 1жолу асфальт жолдо өтө алыс аралыкка (Стамбулдан Таласка чейин) ат чабуу супермарафону 1995ж. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн.
Эң кичине, аз, кыска
Эң кичине облус - Талас. Анын аянты 11,4 миң км2. Калкынын саны да аз. Болгону 199,9 миң адам (1999).
Жалгыз чыгармасы классикага айланган жазуучу - Узакбай Абдукаимов. Ал реалисттик “Майдан” романы менен кыргыз адабиятынын классигине айланган. Чоң котормочу катары белгилүү болгон, өмүр бою ыр которгон, өзү да ыр жазган. Ал эми Ашым Жакыпбеков “Айгашка” жана “Теңири Манас” (роман) деген эки гана китеп чыгарган (романы көзү өткөндөн кийин чыккан). Бирок, Ч. Айтматовдун чыгармаларын ийине жеткире которгон котормочу катары белгилүү болгон. Ошентсе да булар залкар жазуучулар катары элге таанылып, көркөм адабиятыбыздын төрүнөн орун алышкан.
Эң аз кыргыз уруусу - төбөй.
Эң кыска мөөнөт эл башкарган - уламыштагы Кедейкан. Болгону 15 эле күн такка отурган. Ал эми 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциядан кийин КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынына спикер болуп (3 эле күн иштеген) шайланган Ишенбай Кадырбеков автоматтык түрдө КР Президентинин милдетин аткаруучу болуп бир нече саат гана иштеген.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эң кыска мөөнөт иштеген – Азим Исабеков (29.01-29.03.2007).
Эң кыска «өмүр сүргөн» гезиттер «Арият» (1 эле саны чыккан), «Политика» (Чынара Жакыпова, 2 саны чыккан).
Айрымдардын ырасташына караганда эң кичине киши атбашылык Акунов Таке. Боюнун узундугу 1 м 41 см. Көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштеген.
Эң кеч, акыркы
Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын эң кеч алган (1991-ж., өлгөндөн кийин) – Ысмайылбек Таранчиев (1923 - 44).
Эң кеч илим доктору болгон - Осмонкулов Аскар. Ал 1996-ж 70 жаш курагында педагогика илимдеринин доктору болгон. Ал эми ага чамалап эле барып, 69 жашында Иманалиев Мусалы (экономист, 1991), Керимбаев Сүйүн Каримович (тарыхчы, 1984), 68 жашында Акбаев Абди Алымкожоевич (химик, 1996) илим докторлору болушуптур.
Эң кеч – 70 жашында профессор болгон тилчи Дыйканов Карбоз. Философ Жумагулов Сулайман 68, юрист Тургунбеков Рафик 67 жашында профессор деген наамга ээ болушкан.
Кыргыз Улуттук ИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө эң кеч – 72 жашында Балтабаев Мукаш Руставлетович (педагогика илимдеринин доктору), 65 жашында Тургунбеков Рафик (юридика илимдеринин доктору), 62 жашында Данияров Санжарбек Сейитович (тарых илимдеринин доктору) менен Ботбаев Ильяс Махмудович (айыл чарба илимдеринин доктору) шайланышкан.
КР УИАга эң кеч – 91 жашында Карасаев Кусейин (1992-ж. ардактуу академик болгон, филология илимдеринин кандидаты), 68 жашында Салиев Азиз (философия илимдеринин кандидаты), 61 жашында Данияров Санжарбек Бакирович (медицина илимдеринин доктору), Ильясов Сатар (тарых илимдеринин доктору), Садыков Тургунбай (скульптор) болгон.
Эң кеч илим кандидаты болгон адам Алиев Токтош Исмаилович. Ал 69 жашында педагогика илимине кандидаттыгын жактаган.
Залкар манасчылардын эң акыркысы - Саякбай Каралаев.
Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук коитетинин Саясий бюросунун биринчи жана акыркы мүчөсү болгон кыргызстандык мамлекеттик ишмер Жумгалбек Аманбаев (1990-ж., 45 жашында). Ал Кыргызстан КП БКнын эң акыркы 1-катчысы болгон.
Эң бийик, терең, чуңкур, калың, күчтүү, күлүк, сейрек, кызык
Эң бийик чоку - Жеңиш чокусу. Ал Какшаал тоо тизмегинде, бийиктиги деңиз деңгээлинен 7439 м.
Кыргызстандагы эң бийик жана мөңгү өтө көп аймак - Ысыккөл сырты. Ал деңиз деңгээлинен 2000-2500 метрден бийик жайгашкан. Тоң сырты, Жетиөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп үчкө бөлүнүп, Ысыккөл облусунун жалпы аймагынын теңиндейин түзөт. Сарыжаз жана Нарын дарыялары ушул жерден башталат. Республикадагы эң бийик жайлоо катары белгилүү.
Эң бийиктеги көл - Чатыркөл. Ал деңиз деңгээлинен 3520,2 м бийик жайгашкан. Аянты 170,6 км2, узундугу 23 км, туурасы 11 км, тереңдиги батышында 18-19 м, чыгышында 8 метрге жетет. Балык болбойт.
Бишкектеги эң биринчи 9 кабаттуу үй 1973-ж. Белинский жана Ленин проспектисинин кесилишине, алгачкы 12 кабаттуу үй 1982-ж. Тынчтык проспектисине (1-кабаты “Байчечекей” дүрдүнүйө дүкөнү) салынган.
Бишкектеги эң биринчи 18 кабат үй 1970-ж. «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнүн маңдайына курулган.
Кыдыр аке Байсары уулунун күмбөзэстелиги 1993ж. Аксуу районунун Керегеташ айылында курулган. Чыгыштын байыркы оймо-чийме үлгүлөрү менен архитектуранын азыркы талаптары эришаркак пайдаланылып, пайдубалынан төбөсүнө чейинки бийиктиги 14 м, ал эми маңдай жагы жерден 17,5 м. 70 миң кыштан курулган. Күмбөздүн архитектору, салган уста Табылды Байбосов. Азырынча мындан бийик күмбөз жок.
Эң терең көл - Ысыккөл. Эң терең жери 668,0 м.
Эң чуңкур жер Лейлек районунда. Деңиз деңгээлинен 401,0 м төмөн.
1982ж. 25-27октябрда Ысыккөлдөгү Чоктал жана Ананьев айылдарынын аралыгына эң калың кар жааган. Адегенде абдан күчтүү куюн болуп, андан кийин кар жаай баштаган. Кардын калыңдыгы 150-170 см болгон.
Акыркы 2-3 кылымда байкалган эң күчтүү жер титирөө (чордонундагы күчү 10 балл) 1911жылдын 4январында ЧоңКеминде болгон.
Мойнок уулу Кыдыкпай деген жөө күлүк Ысыккөлдүн Коргондубулак айылында төрөлгөн. Бала кезинен жөө күлүк атанган. 1910ж. 60 тандамал жөө күлүк менен жарышып (Аксай айылынан Туурасууга чейин 17 км) биринчи келген. Байгесине 1 боз үй, 10 кой алган. Кийин Кулчумат уулу Жаныман аттуу болуш айтылуу Тору жоргосу менен жарышып жетпей калган.
Кыргыз тарыхындагы эң күлүк ат – Тайтору. Манасчылардын айтымында аны 60 асыйында Каныкей төлгө кылып чапканда бир нече күндүк жолдон, 600-700 аттын ичинен 1-чыгып келип, намысын алып берген.
Уламышта Торуайгыр деген күлүк болгону айтылат. Аны көр турмуштун айынан көлдүн тескейиндеги бир адамга ээси сатып жиберет, ээсин сагынган ат бир күнү качып Ысыккөлдү туурасынан сүзүп өтүп, азыркы Торуайгыр айылы турган жердеги ээсине жетип, өнүп-өскөн жерин көрүп, айлананы адамдай эле карап туруп жан берген экен (Ысыккөлдөгү айыл ошондон аталган). Ал эми Шырдакбетин Бозжорго дагы айтылуу күлүктөрдөн болгон.
Журналист Темирбек Алымбековдун изилдөөсү боюнча айтылуу Көбөгөн ажынын Нарбаш деген аты өтө белгилүү күлүк болгон экен. 1916-ж. Үркүндө Нарбаш Кашкар байына сатылып кеткен. 1917-ж. эл жерине кайтканда Нарбаш эки буту тушалуу бойдон эки жолу Кыргызстанга качып келет. Эки жолу тең артынан кашгарлыктар келип алып кетишет. Үчүнчү жолу үч буту тушалуу бойдон качып келгенде, ажынын туугандары күлүктү катып, алып калышыптыр.
Байтик баатырдын Кергашка деген аты да чоң күлүк болуптур. Кочкордо Канат хандын атасы Ыбыкенин ашында 150 чакырымга 300 күлүк чабылып, Кергашка баш байге алган.
Өтө сейрек учуроочу тубаса кооз тембрлүү, чабыты кенен үн - күркүрөгөн добуштуу (бас) ырчылар дүйнөдө үчөө болсо, анын бири Болот Миңжылкиевдики болгон.
Ш.Бейшеналиевдин «Аманат» повестинин баш каарманы 7 жашар комузчу бала Санарбек Карымшаков болсо (кийин ал белгилүү адабиятчы жана сынчы болгон), ошол повесть боюнча тартылган кинофильмдин баш каарманынын ролун анын 7 жашар уулу Алишер аткарган.
Германиянын Гютерстох шаарында жашаган коллекционер Питер Шонрох дүйнөнүн өтө белгилүү 500дөн ашык кишисинин кол тамгаларын жыйнаган. Бул улуу кишилердин кол тамгалары жыйналган дүйнөдөгү жападан жалгыз жана кайталангыс өзгөчө кенчте бир гана кыргыздын – Ч.Айтматовдун кол тамгасы бар.
Жазуучу, журналист Калкан Керималиевдин ырастоосу боюнча Кыргызстанда бир гана атанын балдарынан (азык уруусу) тараган бирден бир айыл – Атбашы районунун Кызылтуу айылы. Бул айылда 2 миңдей адам жашайт (2006).
Экөө тең министр, экөө тең профессор болгон жубайлар Кулубек Бөкөнбаев менен Ишенгүл Болжурова.
Аты-жөндөрү да, өздөрү да окшош адамдар бар. Алардын бири дүйнө чемпиону, спортсмен Каныбек Осмоналиев менен илимпоз, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев. Дагы бир кызыгы экөөнүн тең балдарынын аты Чыңгыз.
Айыл элине кордук көрсөтүп, уурдап-тоноп тыйылбай койгондугу үчүн элден чыккан тентекти таш бараңга алып өлтүрүү акыркы 100 жылдыкта 1-жолу 1997-ж. Таластын Бакайыр айылында болгон.
200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп, арткы бетине анын:
“ЫсыкКөл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун”, - деген ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.
Журналист Айжан Айтышеванын изилдөөсү боюнча Ысыккөлдүн Ананьево айылынын тургуну 70 жаштан ашкан (2006) Калыйкан апанын тиштери жапжаш селкиникиндей. Өмүр бою бир да жолу тишин тиш паста менен жууган эмес. Болгону Ананьевонун алмасын дайыма жейт.
“Бишкек Таймс” гезитинин жазганы боюнча (№20, 23.06) Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Рысалиева Чолпон 2 жолу кош бойлуу болгон кезинде самынга талгак болгон. Басса-турса самынды чукуп жей берип, жуунганда денесинен чыккан самынга эле жуунуп калган.
Колдорунун да, буттарынын да манжалары алтыдан болгон Азамат Казизов деген Жетиөгүз районунун Жаргылчак айылынын тургунун КыргызТуусу коомчулукка жарыялаган (КТ, 1-4-декабрь, 2006).
2006-ж. 28-июнда кыргыз тарыхында 1-жолу Бишкек шаарынын № 1 төрөт үйүндө 6 кг 140 гр. салмактагы кыргыз уулу төрөлгөн. Боюнун узундугу 68 см (норма 50 см), башынын диаметри 39 см (норма 35-36 см). Апасы Махабат Абышова (врач-терапевт, 32 жашта), атасы Рустам Сакиев (экономист, 32 жашта). Жердиги жумгалдыктар.
Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын, уулу Арлендин, кызы Аэлитанын туулган күндөрү бир күнгө - 12-январга туш келгени дагы өзгөчө окуялардан.
16 кг гирья менен күнүгө 15 саат тынымсыз машыгып (колу, буту менен көтөрүп) мурда эч ким жасабаган өзгөчө номер жараткан – Оганес Егизарян.
Биз билгени эң кеч баш кошкондор – Асек Урманбетов менен Тамара Балтабаева. 2006-ж. 85 жаштарында үйлөнүшкөн. Экөө тең Атамекендик согуштун катышуучусу.
Биринчилер...
Шайлоо
Революцияга чейинки Россия Думасына депутаттыкка кандидат болгон 1-кыргыз – Төрөкул Жанузаков (1921-ж. 28 жашында каза болгон). Ал советтик классикалык көркөм чыгармада (Д.Фурмановдун 1923-ж. жазылган “Козголоң” романында) өзүнчө бир главада баяндалган жападан жалгыз кыргыз кулуну. Түркстан мамлекеттүүлүгүн түзүүдө чоң уюштуруучулук ролдо болгон. Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1920-ж. сентябрда Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин Ү конгрессин уюштуруучулардын бири болгон жана сөз сүйлөгөн.
Кыргыз ССР Жогорку Советине биринчи шайлоо 1938ж. 25июнда болгон. Биринчи болуп Фрунзе округунан И.Сталин, Нарын округунан Н. Ежов шайланган.
Мугалимдерден 1болуп Кыргыз ССР Жогорку Советине 1947ж. аксылык Сармат Качыкеев депутат болуп шайланган.
Республикадагы алгачкы референдум 1991жылдын 17мартында болгон бүткүл союздук референдум. Анда СССРди сактап калуу маселеси коюлган.
Кыргыз Республикасында 1жолу эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоолор 1995ж. 20-февралда болуп, 28мартта Жогорку Кеңештин 2 палатасы: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын 1сессиясы ачылган.
Эгемендүү Кыргызстандын Шайлоо комиссиясынын 1-төрагасы – Ибраев Маркил.
Эл каттоо
Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардагы эң биринчи эл каттоо жүргүзгөн Ормон хан болгон. Ал сарбагыштардын санын билүү максатында жигиттерин түтүнмө түтүн кыдыртып, куржундун бир көзүнө аялзатына ак, экинчи көзүнө эркектерге кара таш салдырткан. КРде өзүнчө мамлекет катары 1улуттук эл каттоо 1999жылдын 24мартынан 1апрелине чейин өткөрүлгөн.
1897жылдагы эл каттоодо Бишкекте 6615 адам жашаса, 1970ж. 429 миң болуп, 1976ж. 15мартта шаардын калкы жарым миллионго жеткен.
Кыргызстандын калкы 2002-жылдын 27-августу күнү 5 миллионго толгон. Ушул күнү жубайлар Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапаровалардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген наристе 5 миллионунчу болуп, ага президент улуу тилек менен Тынчтыкбек деген ат койгон.
Статистика
РСФСРдин курамындагы Түркстан Республикасынын статистика башкармасы 1920-ж. 29-мартта түзүлгөн. Ушул эле жылы Бишкек, Каракол жана Ош уезддеринде статистика бюролору түзүлгөн. 1925-жылдын аягында облустук статистика бюросу, 1926-ж. 29-апрелде Статистика комитети түзүлгөн. Республикада статистика кызматын баштагандар жана калыптанышына чоң салым кошкондор: Есипов Николай Семенович, Алымкулов Садык, Алмаев Талгат Масгутович, Олейник Андрей Карпович, Лапидус Борис Вениаминович, Полтавский Василий Трофимович, Дунаев Владимир Михайлович ж.б.
Бишкек шаары
Азыркы Бишкектин ордундагы “Бишкек чебин” 1825ж. май айында Кокон ханы Мадали курдурган. 1854ж. 24январда Бишкек чебин алууга орус падышасы Александр ҮҮҮнүн көрсөтмөсү чыккан.
1878ж. 26апрель-13майда уезддик башкаруу Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, Бишкек Токмок уездинин борборуна айланып, шаар статусун алган.
Бишкек шаарын эң биринчи жашылдандыра баштаган адам – орус натуралисти, багбан Алексей Михайлович Фетисов. Ал 1881-ж. Анжиян кара жыгачын жана Европада өсүүчү жемиш бактарынын түрүн отургузуу менен баштаган бак адегенде Казыналык бак, кийин Каражыгач багы аталган. 1890-ж. отургузулган бактардын түрү 200гө, саны 80 миңге жеткен. Азыркы кезде анын аянты 200 гектардан ашык. Ал 1898-ж. Эмен паркын негиздеген, бакчылык мектебин түзгөн.
1906-ж. Бишкекте 1-жолу өнөр жай товарын жана мал сатуу боюнча ярмарка уюштурулган.
Бишкектеги алгачкы кинотеатрлар – 1911-ж. француз кинофирмасы ачкан «Марс» жана «Метеор» чакан кинотеатрлары. 1914-ж. Эмен паркында ошол кездеги эң чоң «Эдиссон» кинотеатры ачылган. Республикада алгачкы оригиналдуу архитектурада салынган «Ала-Тоо» кинотеатры чоң жаңылык болгон. Адегенде «Авангард» деп аталып, Ж.Бөкөнбаевдин сунушу менен «Ала-Тоо» деп өзгөртүлгөн. Ал 1981-ж. тарых жана маданият эстелиги статусун алып, мамлекеттин коргоосунда турат.
Бишкектин көчөсүндө алгачкы автомобиль 1912-ж. жүрө баштаган.
Бишкектеги алгачкы 2 кабат үй шаар башчысы Терентьевдин үйү (азыркы дареги Эркиндик пр., 54).
Бишкектеги алгачкы парк – “Жылдыз” (азыркы И.В.Панфилов атындагы) 1924 – 26-ж. отургузулган.
Бишкектеги алгачкы ири базар – “Борбордук колхоз базары”. Ал 1929 – 84-ж. иштеген. Жалпы аянты 2 га. Шаардын борборунун планын ишке ашырууга байланыштуу 1984-ж. жабылып, анын ордуна Жеңиш аянты салынган.
Жөө адамдар жүрүүчү көчө боюндагы жолчолор (тротуар) 1-жолу Бишкекте 1932-ж. курулган. Ал Дзержинский (азыркы Эркиндик) жана Ленин (азыркы Чүй) проспектилеринде болуп, узундугу 360 метрге жеткен.
Алгачкы автобус Бишкекке 1934-ж. алып келинген.
1937ж. 13декабрда Бишкек шаарынын алгачкы негизги планы түзүлгөн.
1938-ж. Бишкекте 1-жолу ботаникалык бак уюштурулган. Аны профессор Е.В.Никитина, И.В.Выходцев, Э.З.Гареев негиздеген. Кийин ИА карамагына өткөн. 1-директору И.В.Выходцев.
Бишкектеги алгачкы механикалык семафор 1939-ж. Совет менен Киров, Ленин проспектиси менен Биринчи май, Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
Бишкекте 1-троллейбус жолу (узундугу 8,4 км) 1951-ж. ишке берилип, 13-январда 1-троллейбус көчөгө чыккан. Ошол жылы 4 троллейбус каттаган. Алгачкы маршруту темир жол вокзалынан эт комбинатына чейин болуп, Совет, Сталин (азыркы Чүй) көчөлөрү аркылуу каттаган. Биринчи айдоочу Николай Тагильцев аттуу адам. Кыргыз кыздарынан биринчи айдоочу Загый Байбаракова, кыргыз айдоочулар Кыдыралы Туяков, Шакен Туралиев ж.б.. Ошол жылы 3 млн 200 миң жүргүнчү тейлеген.
1957ж. Бишкекте 1универсал дүкөн ачылган.
Бишкекте жазуучулар үчүн курулган (1957-ж. 3-ноябрда алгачкы жашоочулары кирген) биринчи жана акыркы үй – Москва көчөсүндөгү № 41 үй. Бул үйдө залкар манасчы Саякбай, жазуучулар У.Абдукаимов, Р.Шүкүрбеков, А.Токтомушев, Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, К.Акаев, М.Жангазиев, Ш.Бейшеналиев, О.Орозбаев, Н.Байтемиров, А.Айтбаева, С.Фиксин, А.Сальников, К.Каимов, Т.Абдумомунов, С.Шмеев, А.Токтакунов ж.б. жашаган жана окурмандарга кеңири белгилүү чыгармаларын жаратышкан. Айрымдары азыр да жашайт.
Бишкектеги алгачкы кичирайон – Ботаника массиви. Ал 1957 – 62-ж. жемиш багынын аймагында 1-кичирайон катары курулган. Аянты 54,6 га. Авторлору: архитекторлор Н.Карпенко, В.Грибова, М.Гулько.
Кыргызстандагы бирден бир эл аралык класстагы төрт жылдыздуу “Ак-Кеме” мейманканасы биринчи жолу Бишкекте 1996-ж. 17-майда ачылган.
Бишкек шаарынын гербинин автору - сүрөтчү Майрамкул Асаналиев.
Кыргызстан эгемендүү болгондон кийинки Бишкектин 1-мэри – Жумабек Ибраимов.
Майрамдар, салтанаттар
Кыргызстанда 1майды майрамдоо 1917ж. Ошто, Пишпекте, КызылКыя менен Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестацияларды өткөрүү менен башталган.
“Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанаты 1995ж. 25-31августта болуп өткөн.
2006-жылдын 24-мартында Элдик революциянын 1 жылдыгы майрамдалып, аскердик парад менен коштолгон.
2002-ж. Ноябрда Бишкекте глобалдуу тоо саммити өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 1 миңден ашык өкүл катышкан.
2003-ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленген.
Сьезддер, курултайлар
1922ж. Бүткүл союздук Кеңештин 1сьездине бүткүл кыргыз элинин өкүлү болуп катышкан адам - Абдыкерим Сыдык уулу.
1919-ж. РКСМдин ҮҮҮ сьездине катышып, биринчи ирет В.И.Ленинди көргөн жана аны менен сүйлөшкөн 1-кыргыз – Жусуп Абдрахманов.
“Букара” союзунун 1-съезди 1917-ж. 9-сентябрда өткөн.
1925-ж. дыйкан, батрак жана жумушчу аялдардын 1-сьезди өтүп, анда сабатсыздыкты жоюу, кыздарды комсомолго кабыл алуу, көп аял алуучулукка, калың төлөөгө каршы күрөшүү маселелери каралган. Ушул съездде бир топ аялдар компартияга өтүп, паранжыларын алып ташташкан, ликбездер ачылган Ага 100дөн ашык аял катышкан.
Кыргызстан колхозчуларынын 1сьезди 1928ж. 6-8январда Бишкекте болуп өткөн. Ага Кыргызстандагы 34 колхоздон 36 делегат катышкан.
Кыргызстан жазуучуларынын 1-съезди 1934-ж. 21-апрелде болгон.
Кыргызстан кызкелиндеринин 1сьезди 1935ж. 15-19октябрда болгон. Ага 212 делегат катышып, жаштар, аялдар арасында абалды жакшыртуу чаралары боюнча А.Орозбековдун орун басары Туганбаева доклад жасаган.
Кыргызстан коммунисттик (большевиктер) партиясынын 1сьезди 1937ж. 5-16июнда Бишкекте өткөн. Ага 241 делегат чечүүчү, 83 делегат кеңеш берүүчү добуш менен катышкан. Ал эми Кыргызстан Компартиясынын 1-17-съезддерине мамлекеттик ишмер Жамангул Тойгомбаев үзгүлтүксүз делегат болуптур.
Кыргызстан Лениндик коммунисттик жаштар союзунун 1-сьезди 1937-ж. октябрь айында өтүп, комсомол жаштардын саны 568 000 болгон. Кыргызстан ЛКСМдын алгачкы жооптуу секретары (биринчи катчысы) Алиев Осмонкул Игенбеавич (1925).
Мугалимдердин бүткүл кыргызстандык 1сьезди 1939ж. 15-17августта болгон. Ал эми Кыргыз Республикасы болгондон кийинки мугалимдердин 1сьезди 2000жылдын 27-28августунда өткөн. Ага 796 делегат катышкан.
Кыргызстан архитекторлорунун 1-съезди 1955-ж. 11-августта болгон.
Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн 1-съезди 1958-ж. 10-апрелде болгон.
Кыргызстан интеллигенциясынын 1сьезди 1960ж. 20-21майда Бишкекте болуп өткөн. Сьездге 37 улуттун өкүлүнөн 916 делегат катышкан.
Кыргызстан театр коомунун 1-сьезди 1961-ж. 20-февралда болгон.
Кыргызстан ойлоп чыгаруучулар жана рационализаторлор коомунун 1-съезди 1963-ж. 23-августта болгон.
Кыргызстан жаратылышты коргоо коомунун 1-съезди 1964-ж. 28-ноябрда болгон.
Кыргызстан маданият кызматкерлеринин 1-сьезди 1968-ж. 22-майда болгон.
Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк 1курултайы 1992жылдын 25-30августунда Бишкек шаарында болгон.
Кыргызстан элдеринин 1курултайы 1994ж. 2январда болгон.
Кыргызстандык врачтардын 1курултайы 1998ж. 26октябрда Бишкекте болгон.
Ишкерлердин республикалык 1-курултайы 2000-ж. сентябрда болгон.
2000-жылдын 29-сентябрында кыргыз илиминин тарыхында 1-жолу Кыргызстан илимпоздорунун 1-курултайы болуп өткөн.
КР инженерлеринин 1-сьезди жана көргөзмөсү 2001-ж. 22-23-ноябрда болгон.
КР токой кызматкерлеринин 1-курултайы 2002-ж. 19-сентябрда Бишкекте болгон.
Жаңы жылдык балаты
Алгачкы жаңы жылдык балаты кыргыз жергесинде 1882-ж. пайда болгон. Ошол жылы Талас өрөөнүнө Германиядан келип отурукташкан голландиялыктар жаңы жыл тосууга символикалуу түрдө жасалгаланган балатыны коюшкан. Ошентип, Нарын тоолорунан алынып кооздолгон балаты менен салтка айланган европалык стилде жаңы жыл тосуу алгач Таластан башталган.
Бишкекте ёлка коюп жаңы жылды тосуу биринчи жолу 1895ж. 28декабрда болгон. Ага 200 бала катышкан.
Президенттик 1ёлка 1992ж. декабрдын аяккы күндөрүндө болгон. Бишкек шаарынын тургуну Вера Васильевна Воробьеванын үйүнүн түбүндө 50 жыл бою өсүп турган ёлка жаш мамлекеттин жаңы салтын баштоого себепкер болгон. Жыл сайын өтүүчү студенттик балл жаңы жылдык кечесинин таржымалы ошондон башталган.
Китепкана
Кыргызстандагы алгачкы элдик китепкана 1902-ж. 14-майда Караколдо ачылган. Китеп фондусу 1000 китеп болгон.
1916-ж. 15-июлда Бишкекте коомдук китепкана ачылган.
Республикадагы алгачкы балдар китепканасы 1934-ж. 27-сентябрда иштей баштаган. Китепкана фондусу 4 миң нуска китептен турган.
Биринчи республикалык китепкана 1934-ж. 10-майда Бишкек борбордук шаардык китепканасын жана Совнаркомдун (илимий) китепканасын бириктирүү менен түзүлгөн. 1934-ж. августта китепкананын ачылышы болгон. 1938-ж. анын китеп фондусунун базасында Н.К.Крупская атындагы Борбордук шаардык жана Мамлекеттик китепканалар түзүлгөн.
Саламаттык сактоо
Кыргызстанда 1913-ж. 78 орундуу 4 шаардык (Пишпек, Токмок, Каракол жана Ошто), 22 орундуу 2 айылдык оорукана ачылган.
1924-ж. декабрда Кара-Кыргыз облустук саламаттык сактоо бөлүмү уюшулган.
1925-ж. Бишкекте 1-төрөт үйү (20 орундуу) ачылган.
1928-ж. Бишкекте 1-медициналык мектеп (техникум) ачылган.
Республикалык диагностикалык борборду түзүүгө 1988-ж. чечим чыгып, алгачкы пациенттерин 1990-жылдын февралынан кабыл ала баштаган.
Кыргызстандагы алгачкы фармацевтикалык завод – «Айдан Фарма». Аны Кыргызстан-Пакистан биргелешип 4 жыл ичинде куруп бүткөн. 1977-ж. декабрда ишке берилген.
Билим берүү
Кыргыз жергесиндеги алгачкы мусулман медреселери Караханийлер доорунда (10 – 12-к.) ачылган.
Алатоодогу тунгуч агартуучу акын Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920) болгон деп далилдейт профессор С.Байгазиев.
Кыргызстандагы алгачкы башталгыч мектеп Караколдо 1874-ж. ачылган.
Бишкектеги алгачкы башталгыч мектеп – приходдук окуу жайы 1879-ж. 31-октябрда ачылган.
Кыргызстанда 1-орус-жергиликтүү (тузем) мектеби 1887-ж. 15-январда Ошто ачылган.
Чүй өрөөнүндөгү алгачкы башталгыч мектеп – “Дүрдүн мектеби”. Ал мектепти ачууга жана салууга Сооромбай уулу Дүр демилгечи болгон. Мектеп расмий түрдө Тынай орус-жергиликтүү мектеби аталып, 1899-ж. Токмок шаарынан 6 – 7 км чыгышта, Ысыккөлгө кетчү чоң жолдун боюна, азыркы Сайлык айылына салынган. Анда Атаке, Сарыбагыш, Шамшы жана Тынай болуштуктарындагы карапайым элдин балдары окуп, адеп ачылганда 60 кыргыз бала кабыл алынган. Бул мектептин имараты 1990-жылга чейин мектеп катары пайдаланылып, 1990-ж. музейге айландырылган.
Кыргызстандагы орто билим берүүчү алгачкы окуу жайы – Бишкек эркек балдар гимназиясы 1912-ж. 12-декабрда ачылган.
Кыргыз жаштарын билимге тарткан алгачкы жогорку билимдүү окутуучу, Олуя-Ата уездинин 1915-1918-жылдардагы тилмечи – Жумагулов Алымкул (1893 - 1938).
Уфа шаарынан «Галия медресесин» бүткөн Ишенаалы Арабаев Тоңдун Төрткүл айылында 1914-ж. Европа тибиндеги биринчи мектепти уюштурган.
1919-ж. февралда Пишпек уездинин Канай болуштугунда кыргыз балдары үчүн мектеп ачылган.
Нарын өрөөнүндө 1-болуп чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө медресе куруп (азыркы Учкун айылына жакын Карабулуң деген жерге) тегине карабай бала окуткан Касымаалы ажы болгон. Ал медреседе балдарды Казандагы Галия Бану жогорку медресесин бүткөн Касымаалы уулу Айдараалы, Ажы-Агыбай молдо, аалым Тайыр Кары окуткан.
Бишкекте алгачкы кыргыз мектеп - Таштак башталгыч мектеби 1926-ж. ачылган. Ал Москва жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Алгач 67 окуучу окуп, 6 мугалим иштеген. Алгачкы директору Бектурган Койчуманов. Ал 1925-ж. Мугалимдердин Бүткүл союздук сьездине катышкан. Алгачкы мугалимдери: К.Керимов, Д.Көкүмов, А. Ровнягина, Шалигунова, Жүндүбаев. Мектеп 1932-ж. 7 жылдык, 1936-ж. орто мектепке айланган. 1939-ж. бул мектепти алгачкы бүтүргөндөр: С.Абласов, У.Токсонбаев (Жети-Өгүз районунан келип окушкан), Т. Бейшенбаев (Тоң), А. Жолчиев, М.Ираимова, С.Сейдахматов, З.Фасахутдинова (Бишкек), Р.Жумалиев (Калинин), М. Искандерова, А.Мамбеталиев, З.Өмүрзаков, Ж.Теңизбаев, О.Эсекенов, Б.Ысмайылов (Аламүдүн), К.Сулайманкулов (Кемин). Мектепке ушул мектептин бүтүрүүчүсү, академик Айдаркан Молдокуловдун ысымы ыйгарылган. Бул мектеп № 5 кыргыз мектеп деген ат менен белгилүү болгон. Ал 1996-ж. 6-майда улуттук компьютердик гимназия деп аталган. Ал Кыргызстандагы эле эмес Борбордук Азиядагы да биринчи жана жалгыз компьютердик гимназия.
1932ж. эң 1окуу жайы - Пединститут Бишкекте ачылган.
Кыргыз Республикасындагы 1-мамлекеттик эмес лицей 1994-ж. Кыргыз техникалык университетинде ачылган. Максаты – таланттуу жана өнөрлүү окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү.
“ҢOҢ-Кыргызстан балдар айылы” биринчи жолу Бишкекте 1998жылдын 26декабрында ачылды. Австриялык Герман Гмайнердин кайрымдуулук идеясы менен 1948ж. башталган бул иш бүт дүйнөгө тарап, 130 өлкөдө жетим, оорукчал балдар айылы ачылган. Директору Анара Насырова.
Кыргызстанда 1-болуп өз айлыгынан студент-жаштарга стипендия ыйгарган (1991), 1-жолу студенттик фонд түзгөн (1986) профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти – Бектемир Мурзубраимов.
Атайын орто жана жогорку билим берүү
Республикадагы педагогикалык алгачкы орто окуу жайы – Кыргыз агартуу институту 1925-ж. 10-ноябрда Бишкекте ачылган. Ал 1928-ж. Кыргыз педтехникуму деп аталган.
Ички иштер кызматкерлерин даярдоо 1925-ж. башталган. 1925-ж. 25-июнда Кара-Кыргыз облмилициясынын башчысы Бородин Бишкекте 6 айлык окуу мөөнөтү менен кенже командирлерди даярдоо курсун ачууга буйрук чыгарган. Даярдоо курсунун 1-башчылыгына облмилициянын инспектору Аскар Мамин дайындалган. Бул курс азыр ИИМдин милицияларды даярдоо борбору болуп эсептелет.
Жогорку окуу жайларына коомдук илимдер боюнча окутуучуларды, илим изилдөө мекемелерине, борбордук партиялык жана мамлекеттик органдарга кызматкерлерди даярдоочу Москвадагы атайын жогорку окуу жайы болгон Кызыл профессура институтунда (ал 1921 – 30-жылдары иштеген) Кыргызстандан биринчилерден болуп Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Б.Байбулатов ж.б. окуган.
1926ж. 15апрелде Бишкекте акушерлик окуу жайы ачылган.
Республиканын түштүгүндөгү окуу жайлардын тунгучу – Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы. 1926-ж. ачылган. Ал сабатсыздыкты жоюуда, улуттук интеллигенцияны даярдоодо жана маданиятты өнүктүрүүдө зор мааниге ээ болгон.
Бишкек финансы-экономикалык техникум республиканын эл чарбасы үчүн орто звенодогу финансист-экономисттерди даярдоочу тунгуч окуу жайы. Ал 1931-ж. финансы-кредиттик техникум болуп Кыргыз ССР ИАнын имаратынын жертөлөсүндө ачылган. 1959-ж. жаңы окуу корпусуна көчүрүлгөн.
Республикадагы алгачкы жогорку окуу жайы – Кыргыз мамлекеттик педагогика институту (КМПИ) 1932-ж. 10-январда Бишкекте ачылган. Кыргызстандагы алгачкы университет – Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) 1951-ж. 30-августта КМПИнин базасында уюшулган. 1-ректору – Б.Жамгырчинов. КМУ 1993-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине айландырылган. 1991-ж. Ж.Баласагындын атын алган.
Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкөев атындагы музыкалык жана хореографиялык окуу жайы 1939-ж. ачылган.
Республикадагы айыл чарба адистерин даярдоочу алгачкы жогорку окуу жайы – К.И.Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институту 1933-ж. уюшулган. Алгач ал Кыргыз зооветеринардык институту деп аталган. Алгачкы ректору (директору) - С.П.Тасбулатов (1933 - 34). Институт 1996-ж. Кыргыз агрардык академиясына, 2001-ж. Кыргыз агрардык университетине айландырылган.
Жогорку билимдүү врачтарды даярдоочу алгачкы окуу жайы – Кыргыз мамлекеттик медицина институту 1939-ж. 1-сентябрда ачылган. 1-ректору (директору) – Ш.И.Удерман (1939 - 40). Институт 1998 -ж. медициналык академияга айландырылган.
Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту алгач 1945-ж. 1-августта ачылган.
Жалаң кыз-келиндерге педагогикалык билим берүүчү алгачкы жогорку окуу жайы – В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институту 1951-ж. уюшулган. (Ал 1945-50-ж. Кыргыз кыз-келиндер окуу жайы (1-директору – А.О.Жолдошбекова), 1950-ж. Мугалимдер институту аталган). 1-директору – Ж.Мусаева. 1952-жылдан пединститут (ректору К.Токтоманбетова), 1992-жылдан мамлекеттик пединститут. Институт 1999-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети деп аталган, 1992-ж. И.Арабаевдин ысымы ыйгарылган.
Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институту 1953-ж. Советтик соода техникуму деген ат менен уюшулуп, 1991-ж. Бишкек коммерциялык колледжи, 1997-ж. Жогорку коммерциялык колледж аталган, 1999-ж. институтка айланган. 1-ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К.Камчыбеков.
Республикадагы алгачкы техникалык институт – Бишкек политехника институту 1954-ж. 4-сентябрда түзүлгөн. 1992-ж 4-майда анын базасында Кыргыз техника университети (КТУ) жана Кыргыз архитектура-курулуш институту түзүлгөн. КТУга 1995-ж. 5-декабрда И.Раззаковдун ысымы ыйгарылган.
Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку билимдүү адис мугалимдерди даярдоочу ОшМУ 1951-ж. пединститут болуп ачылган. 1992-жылдан университет.
Спортчуларды жана дене тарбия мугалимдерин даярдоочу алгачкы жогорку окуу жайы – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту 1955-ж. 15-июлда КМУнун дене тарбия факультетинин базасында уюшулган. 1-ректору – Леонид Федорович Егупов (1955-59).
1966-ж. 17-июлда Бишкек музыкалык-педагогика окуу жайы ачылган.
Жогорку музыкалык билим берүүчү алгачкы окуу жай - Кыргыз мамлекеттик искусство институту 1967-ж. 1-сентябрда ачылган. Алгач 100 студент окуган. 1974-ж. институтка СССР эл артисти Б.Бейшеналиеванын ысымы берилген. Анын негиздөөчүсү, 1-ректору Турсун Байзакович Мусурманкулов (1967 - 71).
Кыргыз мектептери үчүн орус тил мугалимдерин даярдоочу алгачкы жогорку окуу жайы - Бишкек орус тил жана адабияты институту (азыркы Бишкек гуманитардык университети) 1979-ж. түзүлгөн. 1-ректору профессор В.Скирдов.
Кыргызстанда патриоттук багыт берүүчү жападан жалгыз окуу-лицейи – генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи 1983-ж. ачылган. 1986-ж. 1-бүтүрүүчүлөрү уядан учкан.
Милициянын жогорку билим берүү мектеби милициянын орто мектебинин базасында 1991-ж. ачылган. Алгачкы начальниги милициянын генерал-майору Тилек Асаналиев.
1991-ж. Кыргызстанда биринчи, КМШда биринчилерден болуп Кыргызстан айыл чарба институтунда агробизнес мектебин экономист Мусабеков Обосбек уюштурган. Ал 1993-жылдан баштап агробизнес факультетине айланган.
Республикада контракт менен иштей баштаган 1-институт – Токмок техникалык институту. Ал 1992-ж. уюштурулган.
Кыргыз-Россия Славян университети 1992-ж. уюштурулган. Алгачкы ректору В.В.Нифадьев.
Кыргыз Республикасында тунгуч улуттук консерватория 1993-ж. ачылган. 1-ректору композитор Муратбек Акимович Бегалиев.
Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту 1993-жылы Бишкек политехника институтунун тоо-кен геологиялык факультетинин базасында (ал 1954-ж. негизделген) геология, тоо-кен иштери жана меаллургия тармагында эл чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түзүлгөн. Биринчи ректору СССР жана Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер, академик Асаналиев Үсөнгазы (1934 -96) болгон. 1997-ж. институтка анын ысымы ыйгарылган.
Кыргызстандагы эң алгачкы мамлекеттик эмес окуу жай – Жалал-Абад коммерциялык институту 1993-ж. түзүлгөн. 1-ректору Кантөрө Шарипович Токтомаматов.
Кыргызстан Эл аралык университети 1993-ж. түзүлгөн. Алгачкы президенти Айдаралиев Асылбек.
Кыргыз-Түрк Манас университети өз ишин 1997–98-окуу жылынан баштаган. Алгачкы ректору Карыбек Молдобаев.
Кыргызстандагы Америка университети КМУУнун курамынан бөлүнүп чыккан Кыргыз-америкалык бизнес, укук жана гуманитардык факультеттин базасында 1997-ж. ачылган. Биринчи президенти Жон Росслин Кларк, провосту – Шаршекеева Камиля Дүйшөнбаевна.
Чыгыш тилдери жана маданияты институту Кыргызстанда 1-болуп И.Арабаев атындагы КМПУда 1998-ж. 15-июлда түзүлгөн. Кыргызстандын тарыхында 1-жолу ушул институтта жапан тили кафедрасы ачылган. Чыгыш таануу багытындагы бул атайын жогорку окуу жайынын алгачкы директору Авазбек Атаханов.
1999-ж. Ош жогорку колледжи КРдеги жогорку окуу жайларынан биринчилерден болуп Дүйнөлүк ЖОЖдордун ректорлорунун ассоциациясына мүчө болуп кирген. Ал LAUP деп аталып, Брюсселде штаб-квартирасы бар дүйнөдөгү абройлуу ассоциация. Ректору доцент Иманбердиев Досаалы Чоюбекович.
Кыргыз-Өзбек университети 1994-ж. Ош шаарында ачылган. Алгачкы ректору академик Мухаммеджан Ташалиевич Мамасаидов.
Нарын мамлекеттик университети 1996-ж. 22-майда түзүлгөн. Ошол жылы 245 студент бюджеттик негизде, 238 студент контракттык негизде, 96 студент сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынып, 26 окутуучу иштеген.1-ректору тарых илимдеринин кандидаты Ж.М.Жамангулов, проректору техника илимдеринин кандидаты Т.М.Сияев.
Баткен мамлекеттик университети 2000-ж. 25-июлда ачылган. 1-ректору техника илимдеринин доктору, профессор Илимидин Абдрасулов.
Египеттеги атактуу “Аль-Азкар” университетинин шарыят факультетин бүтүргөн алгачкы кыргыз уулу – А.Нарматов. Ал Бишкектеги Хазрети Умар атындагы ислам институтунун ректору болуп иштейт (2000).
Ислам институтунун 1-ректору Ильяс Максутов (1993). Ал Кыргызстан тарыхында 1-жолу христиантаануучулук илимине чыйыр салган.
ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академия 2001-ж. 12-июлда түзүлгөн. Ректору КРнын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нургазы Кемелбаев.
Окуу китептери
Кыргыз, казак балдарына арналган тунгуч окуу китеби – “Алиппе жаки төтө окуу”. Авторлору И.Арабаев, К.Сарсекеев. Окумуштуу А.Осмонкулов алиппенин мукабасынын тышын так өзүндөй төмөнкүчө окуйт: Казак ва кыргыз балалары үчүн жазылган осул ибле. Алиффа йаки төтө окуу. Жазгандар медресе Галиедеги кыргыз ва казак шакирдлари. Афандилер: Ишенагли Арабадар, Хамза Сарсикииф, Уфа, 1911-жыл, 15-февраль, Типография “Товарищества “Каримова, Хусаинова”. Китеп казак-татар китептеринин үлгүсүндө жазылган. Ал учурда өз алдынча кыргыз жазуусу жок болсо да, авторлор араб алфавитине реформа жүргүзүүнүн натыйжасында кыргыз-казак жазуусун түзүшкөн. Китепке ө, ү тамгалары пайдаланылбай, созулма үндүүлөр татар тилинин негизинде жазылса да, ошол учурда элдин сабатын ачууга зор эмгек өтөгөн. 1912-ж. И.Арабаев Уфада окуп жүргөндө “Жазуу өрнөктөрү” деген дагы бир китебин Оренбург шаарындагы “Вахит” басмасынан чыгарган. Анда ар бир тамганын элементтери, туура жазуу үлгүлөрү көрсөтүлгөн. Ошентип, араб алфавитине кыргыз тилине ылайыктап реформа жүргүзүүнү И.Арабаев негиздеген (реформаланган араб алфавити 1925-ж. өткөн илимий-педагогикалык съезддин чечими менен бекитилген). 1925-ж. ал өзү жеке автор болуп, реформаланган араб алфавитинде ошол кездеги орус мектебинин тажрыйбасына таянып, кыргыздын 1-алиппесин – кыргыз мектептери, чоңдор үчүн “Кыргыз алиппеси” деген ат менен Ташкенден чыгарган. Анын К.Карасаев менен биргелешип жазган “Жаңылык” алиппэси Москвадагы “Революция музейине” коюлган, ЮНЕСКОнун сейрек жана кызык китептеринин тизмесине алынган. 1923-ж. ал араб тамгасынын негизинде кыргыз элинин 1-алфавитин түзгөн. “Эркин Тоонун” жарыкка чыгышына чоң салым кошкон. Алгачкы гезитти чыгарыш И.Арабаев жетектеген Илим комиссиясына тапшырылгандыктан, “Эркин Тоонун” 1-санына редактор катары кол койгон. И.Арабаев (1882-1938) 1-кыргыз мугалими, улуттук мектептердин негиздөөчүлөрүнүн бири катары тарыхта калды. Анын редакциясы менен кыргызча 1-поэтикалык жыйнак – Молдо Кылычтын “Кыссаи зилзаласы” (1911) Казандан чыккан.
Башталгыч мектептердин окуучуларына арналган кыргыз тилиндеги 1-окуу китеби – “Окуу китеби”. Автору К.Тыныстанов. 1924-ж. чыккан.
Ажыйман Шабдановдун 1931-ж биринчи баскыч мектептерге арналган “Биздин тил”(“Кыргыз тилинин синтаксиси”) окуу китеби кыргыз тилинин синтаксис боюнча чыккан алгачкы окуу китеби.
Кыргыз тилин окутуу усулу боюнча эң биринчи окуу китебин жазган – Сатыбалды Наматов (1905-33) болгон.
КР эгемендүү болгондон кийин 1-алиппе окуу китебин Сулайман Рыспаев (1998), “Табият таануу” окуу китебин Эсенбек Мамбетакунов (5-класс үчүн, В.А.Рязанцева менен бирдикте, 1998), “Мекен таануу” окуу китебин Заря Мабетова (1–4-класстар үчүн), “Адабий окуу” китептерин (1–4-класстар үчүн) Алмаз Токтомаметов, “Математика” окуу китептерин И.Бекбоев, Н.Ибраева, П.Ыманбеков, О.Худайбердиев, А.Абдиев, А.Айылчиев, А.Касымов, “Кыргыз Республикасынын географиясын” Н.Бакиров, А.Исаев, А.Осмонов, Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин Т.Чоротегин, Т.Өмүрбеков, А.Мырзакматова, Ө.Осмонов, К.Молдокасымов, Ш.Керимоа, “Кыргыз тилин” Б.Үмөталиева, К.Сартбаев, Б.Өмүралиев, А.Осмонкулов, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева, «Адеп» сабагынын окуу китебин В.Мусаева, Ж.Ысманова, К.Ибраимова, С.Өжөрбаева, Р.Жаанбаева, С.Байгазиев, Ш.Назаралиева ж.б. жазышкан.
Бала бакчалар үчүн атайын түзүлгөн эң 1-окуу китеби акын Абзий Кыдыр уулунун “Окуганды үйрөнөм” аттуу китеби (Бишкек, “Кыргызстан – Сорос” фонду.1996).
Жогорку окуу жайлары үчүн кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин физикадан Дүрбөлөң Мамбетов (“Элементардык ядролук физика”), математикадан Рахым Усубакунов (“Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр”, 3 том) жазган.
Педагогика окуу жайлары үчүн кыргыз адабияты боюнча 1-окуу китебин (“Кыргыз совет адабияты”, 1-т., 1988; 2-т.,1993) профессор Киреше Иманалиев жазган. Анын “Кыргыз адабиятын окутуу методикасынын актуалдуу проблемалары” аттуу эмгеги Кыргызстан эле эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүндө да мурда кездешпеген фундаменталдуу эмгек болуп эсептелет.
Улуттук мугалимдердин пионерлери: И.Арабаев, К.Тыныстанов, М.Байгазаков, А.Исаева, Э.Сүтичеров, З.Кыдырбаев, А.Койгелдиев ж.б.
Варшавадан окуган (1914-ж.) алгачкы кыргыз – Жанек Солтоноев (өз аты Жалбы уулу Байбосун). Б.Солтоноев иниси Жанекти Варшавадан окууга жаздырып коет, ал 15 жашында каза болуп калат. Ошондо туугандары Байбосунду Жанек деген ат менен жиберишет. Ал Үркүн учурунда окуусунан өксүп калат да, 20-жылдары Алматыдагы мал чарба институтун бүтүп, Бишкек, Нарында жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп репрессияланган.
Илимий мекемелер
Республикадагы илимий маалымат берүүчү алгачкы мекеме - Архив бюросу. 1926-ж. түзүлгөн. 1936-ж. ал Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик архиви деп аталган.
!927-ж. 4-августта “Фрунзе” сейсмикалык станциясы ишке кирген.
Кыргызстандагы 1-илим изилдөө институту – Край таануу институту 1928-ж. ачылган. Анын курамында табигый өндүргүч күчтөр, чарбалык-экономикалык жана социалдык 3 бөлүм болгон.
1938-ж. Пединститутта аспирантура ачылып, илимий кадрлар даярдала баштаган.
1939ж. антисейсмикалык (жер титирөөгө каршы) курулуш бюросу түзүлгөн.
1947-ж. “Тянь-Шань” физикалык-география станциясы уюшулган.
1950-ж гидрометеорологиялык обсерватория түзүлгөн.
Эң алгачкы ири илимий борбор - Кыргыз ССР Илимдер академиясы 1954-ж. 13-декабрда түзүлгөн. Ал 1943-ж. 5-январда СССР ИАнын Кыргыз филиалы болуп уюшулган. 1-президенти – И.К.Ахунбаев (1954 - 60). Кыргыз УИАнын алгачкы корпусу 1963-ж. курулган. Архитекторлору Ю. Биллинский, А.Бочаров.
Кыргызстан кургак учук илим изилдөө институту 1957-ж. негизделген.
Кыргызстан акушерлик жана педиатрия илим изилдөө институту – 1961-ж. уюшулган.
Илимий иштерди коргоо боюнча Кыргызстанда Жогорку аттестациялык комиссия 1993-ж. түзүлгөн. Анын алгачкы төрагасы – академик Үсөн Асанов.
Тунгуч илимпоз-окумуштуулар
Махмуд Кашгарини өз боордошубуз катары саноого укуктуу эненибизди расмий басма беттеринде алгач айтып чыккан жазуучу, академик Т.Сыдыкбеков.
1997-ж. академик Үсөн Асанов ж.б. чыгарган “Кыргыз илиминде кимиси ким” деген китеп жана энциклопедиялар боюнча орто кылымда Орто Азиядан чыгып, жалпы түрк маданиятына орток болгон илим жылдыздары - Жусуп Баласагын (1015/18 - 1070) менен Махмуд Кашгари (1029-1077) алгачкы кыргыз окумуштуулары. Ж. Баласагын Чүйдөгү Баласагын шаарында туулган. 1069–70-жылдары “Кутадгу билиг” (“Кут билим”) аттуу көөнөрбөс философиялык-дидактикалык дастанды байыркы түрк тилинде жазган. М.Кашгари Ысыккөл боюндагы байыркы шаар Барсканда туулган. 1072–77-ж. “Диван лугат-ат-турк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) аттуу лингвистикалык эмгегин жараткан.
Осмонаалы Сыдык уулу (1875–1940), Солтоноев Белек Солтонкелди уулу (1878-1938) алгачкы кыргыз тарыхчылары. О.Сыдык уулунун 1913-ж. Уфадан “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздын кыскача тарыхы”), 1915-ж. “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери чыккан. Б.Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхы” (1895-ж. баштап, 1934-ж. бүткөн) деген эмгеги белгилүү.
Абдыкерим Сыдык уулу (1889-38) - коомдук ишмер гана эмес, эмгектерин европалык окумуштуулардын салтында жазган 1-кыргыз окумуштуусу болгон. Анын “Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыскача очерки” (1926), “Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү” (1927) деген эмгектери белгилүү.
Жогорку билими жок туруп СССР Жогорку аттестациялык комитетинин уруксаты менен кандидаттык диссертация коргогондор – Б.Юнусалиев (1949), К.Тыныстанов.
Профессор наамын кыргыздардан 1-болуп 1936-ж. тилчи, коомдук ишмер, акын Касым Тыныстанов (1901-38) алган. Улуттук тил илимин негиздөөчү. Кыргыз тилиндеги тунгуч котормо китепти (“Өзгөрүш ырлары”, 1924) да ал которгон. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгууга, кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзүүдө зор эмгек сиңирген. Анын шакирттери: Шабданов Ажыйман (1905-39), Наматов Сатыбалды (1905-38), Саманчин Тазабек (1909-79), Байжиев Ташым (1909-52), Актанов Тойчу (1910-42) ж.б. кыргыз тил илиминин башатында турган алгачкы илимпоз, алгачкы окуу китептеринин авторлорунан.
Кыргыздардан эң 1-илим доктору болгон адам – Иса Коноевич Ахунбаев (1908- 75). Ал 1948-ж. 25-июнда Москвада “Эндемический зоб в Чуйской долине” деген темада докторлук диссертация жактап, ошол жылы профессор наамын алган. Ал Кыргызстанда гана эмес Борбордук Азияда да 1-болуп 1959-ж. жүрөккө операция жасаган. Операция жасалган бишкектик жаш жигит, көп жылдар ооруп, жашоодон үмүтү үзүлүп бараткан Шаршенбек Мырзабеков 12 күндөн кийин өз алдынча басууга жараган.(Буга чейин дүйнөдө 2 эле жолу жүрөккө операция жасалган. Биринчиси, 1886-ж. Франкфурт-на-Майне шаарында хирург Рено дүйнөдө 1-жолу, экинчиси, 1938-ж. академик А.Н.Бакулев СССРде 1-жолу). Жамгырчинов Бегималы 1950-ж. тарых илимдеринин докторлугун жактап, андан кийин эле илим доктору болгон экинчи кыргыз болуп эсептелет.
Кыргызстан ИАнын 1954-ж. шайланган алгачкы мүчөлөрү: ардактуу академик: Скрябин Константин Иванович; академиктер: Алтымышбаев Асылбек, Алышбаев Жумагул, Ахунбаев Иса Коноевич, Батманов Игорь Алексеевич, Волкова Анна Александровна, Жамгирчинов Бегимаалы, Дружинин Иван Георгиевич, Захарьев Николай Ильич, Розова Евдокия Александровна, Сыдыкбеков Түгөлбай, Токомбаев Аалы, Юдахин Константин Кузьмич, Юнусалиев Болот Мураталиевич ; корреспондент-мүчөлөр: Адышев Муса Мырзапаязович, Лущихин Михаил Николаевич, Мамытов Аман, Рыскулова Какиш, Яковлев Владимир Георгиевич, Большаков Михаил Николаевич, Вяткин Михаил Порфирович, Дудинов Олимпий Аврамович, Евтушенко Гавриил Алексеевич, Каширин Федор Тихонович, Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна, Салиев Азиз Абдыкасымович, Сартбаев Калкабай Калыкович, Шатемиров Кадыр.
|
|
|