|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Этнография
1-кыргыз этнограф-окумуштуусу – М.Айтбаев.
Кыргызстанда этнография боюнча докторлук диссертацияны 1-болуп 1993-ж. Асанканов Аблабек коргогон. Ал Кыргызстан элинин этнологиясын изилдеген окумуштуулар тобун түзгөн.
Кыргыздын алгачкы кесипкөй этнограф кыздарынын бири – тарых илимдеринин кандидаты, доцент Мамбеталиева Какен (1936 - 84).
Нукура элдик кол өнөрчүлөрдү эл арасынан изилдеп, жыйнап, китептерди чыгарган, кыргыздын 1-элдик этнографы аталган – Амантур Акматалиев. Анын “Кыргыздын уз-усталары” аттуу антологиясы (Бишкек, 1997) ушул багыттагы тунгуч антология. Көркөм кол өнөрчүлүктү аздектеп, кесип катары туткан уз-усталар, алардын уздануу-усануу ыкмалары жөнүндө түзүлгөн мындай антология дегеле дүйнөлүк тажрыйбада алгачкы ирет даярдалган.
Педагогика
Кыргызстанда педагогиканын тарыхын изилдеген 1-окумуштуу – Измайлов Азиз Эминович.
Республикада математиканы окутуу методикасы боюнча алгачкы илим доктору – Бекбоев Исак.
Физиканы окутуу методикасы боюнча докторлук диссертация жактаган алгачкы илимпоз – Мамбетакунов Эсенбек. Ал ошондой эле кыргыз педагогика илиминде 1-болуп окутуу теориясы жана практикасы боюнча «Физиканы окутуу теориясы жана практикасы» деген монография чыгарган (2004).
Кыргыз тилин окутуу методикасы боюнча боюнча 1-илим доктору - Аскар Осмонкулов («Кыргыз тилин окутуу методикасынын илим катары өнүгүшү»,1996-ж., Алматы).
Орус тилин кыргыз мектептеринде окутуу боюнча 1-илимпоз – Шейман Лев Аврумович.
Мектепке чейинки тарбия берүү проблемалары боюнча Орто Азия аялдарынын ичинен педагогика тармагынан 1978-ж. 1-илим доктору болгон – Магрифа Рахимова.
Базар экономикасынын шартында жумушчу кадрларды даярдоо боюнча республикадагы алгачкы илимий изилдөө - кандидаттык диссертацияны 2001-ж. Асылбек Токтогулов жактаган.
Кесиптик-техникалык окуу жайларында окутуу методикасы боюнча алгачкы илимий изилдөө жүргүзүп, 2007-ж., кандидаттык диссертация жактаган Алиев Токтош Исмаилович.
Манас таануу
Манасчылык – кыргыз элине гана таандык өнөр.
Манасчылык – жарым миллиондон ашык ыр сабын жаттабай жатка айткан жалгыз кыргыз таланттары. Дүйнөдөгү бир да элде мындай касиет жок.
Илимпоз Муңдук Мамыров “Манас” эпосу б.з.ч. 1миң жылдыкта жаралган деп эсептейт.
“Манас” эпосу жөнүндөгү алгачкы маалымат XV кылымдагы “Маджму ат-Таварих” аттуу жыйнакта учурайт.
“Манас” эпосунун үзүндүсүн 1-жолу кагазга 1856-ж. Ч.Ч.Валиханов түшүргөн. Ал эми фонографка эң биринчи үнүн 1903-ж. жаздырган манасчы Кенжекара болгон.
1899-ж. 18-июнда “Манастан” үзүндү Казанда кыргызча чыккан.
“Манасты” окуу программасына киргизүү жөнүндө 1925-ж. К.Тыныстанов БКга кат менен кайрылган. Ал сунушту Кыргызстан КП БКнын үгүт, насаат бөлүмүнүн башчысы Т.Айтматов жактырып, мектепке “Манасты” окутууга киргизүүгө кол койгон.
Саякбай Каралаевден эң алгач “Манасты” Б.Солтоноев жазган.
Белгилүү манас изилдөөчү Ыбырайым Абдрахмановдун “Манастын кайсы кылымдарда болгону тууралуу” деген макаласы (1941, “Советтик адабият жана искусство” журналы, №3) кыргыз фольклористикасындагы “Манас” эпосун изилдөө боюнча алгачкы макала.
Согуш мезгилинде С.Каралаевдин өз оозунан “Манасты” кара сөз менен жазган 1-кыргыз адабиятчысы Касымкул Нанаев болгон экен.
Казак жазуучусу, илимпоз Муктар Ауэзов (1897 - 1961) кыргыз адабиятынын тагдырына өз тагдырына күйгөндөй мамиле кылган. Анын “Манас” эпосун изилдөөгө арналган эмгектери бүткүлсоюздук илимпоздордун чөйрөсүнө жаңылык киргизген.
“Манас” эпосуна арналган алгачкы илимий конференция 1952-ж. Бишкекте болгон.
“Манасты” чет тилге эң биринчи В.Радлов которгон.
“Манас” эпосу боюнча алгачкы илимий эмгек – 1-кандидаттык диссертацияны 1962-ж. манас изилдөөчү Мусаев Самар коргогон. “Манас” эпосуна иллюстация тарткан саякатчы Б.Смирнов.
Кыргыз киночуларынын ичинен 1-болуп “Манас” темасына батылдык менен киришип, 5 кино тарткан кыргыз киносунун көч башында жүргөн Мелис Айткулуевич Убукеев.
Кыргыз басма ишинде эле эмес дүйнөлүк тажрыйбада 1-болуп эпос боюнча түзүлгөн 1-энциклопедия – 2 томдук “Манас” энциклопедиясы. Бул энциклопедиянын бир катар авторлоруна (Э.Абдылдаев, С.Алиев, З.Бейшеев, М.Борбугулов, А.Карыпкулов, С.Мусаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Сагынов, Р.Сарыпбеков) 1998-ж. КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
БУУ 1995-жылды Манас жылы деп жарыялаган. Алар мурда эч качан бир дагы кол башчы боюнча мындай чечим кабыл албаптыр. Ал түгүл БУУнун имаратынын кире беришине Манастын айкели чоң килемге тургузулуптур. Бул биз үчүн чоң сыймык.
“Манас” эпосунун мазмунун кара сөз түрүнда жазып, китеп кылып чыгарган 1-калемгер, адабиятчы-окумуштуу Самар Мусаев болсо, көркөм чыгарма түрүнө келтирип жазуучу Кеңеш Жусупов аны кара сөз менен балдарга ылайыктап жазган, ал эми жазуучу Ашым Жакыпбеков романга айландырган.
Кыргыз драма театрынын тарыхында Манастын ролун эң биринчи аткарган Күнболот Досумбаев.
«Манасты» орусчага которуу боюнча 1941-ж. СССРде өткөрүлгөн атайын конкурстун жеңүүчүсү орус акыны жана жазуучусу Семен Израилович Липкин (1911 - 2003).
|
|
|