Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгын алгач 1970-ж. Алтымышев А.А. – дарылоочу жаңы препарат – “ликоринди” жасагандыгы үчүн, Ахунбаев И.К., Френкель Л.Г. –“Шок жана коллапс боюнча очерктер” аттуу эмгеги үчүн, Федоров П.С. – “Жүгөрүнүн биохимиялык жана физиологиялык гетерозисинин негиздери” деген эмгеи үчүн, Жамгырчинов Б., Зима А.Г., Ильясов С., Каракеев К.-Г., Керимбаев С.К., Кожемяко П.Н., Орозалиев К.К., Табышалиев С., Үсөнбаев К., Шерстобитов В.П. – “Кыргыз ССРинин тарыхы” (3 китептен турган 2 том) үчүн алышкан.
Кыргыз ССРинин эмгектеги зор жетишкендиктери үчүн социалисттик мелдештин жеңүүчүлөрүнө берилүүчү мамлекеттик сыйлыгын 1-болуп 1976-ж. Ош автобазасынын шоферу Т.Абдиев, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруу заводунун бригадири С.Н.Бирюкова, Фрунзе атындагы айыл чарба машинесин куруу заводунун электр ширетүүчүсү Б.Жапаров, Кочкор районундагы “Чолпон” совхозунун баш чабаны К.Жунушов, Сокулук районундагы Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин саанчысы О.И.Замковая, Сокулук районундагы “Дружба” колхозунун кызылчачысы С.Иманалиева, Ново-Павловка ПМКсынын бригадири В.И.Ковач, Кадамжай сурьма комбинатынын бригадири З.Маматов, Токтогул районундагы “Кетмен-Төбө” совхозунун звеновою А.Мамыров, “Северная” шахтасынын звеновою Ж.Мендигулов, Талас облусундагы Калинин атындагы колхоздун саанчысы М.В.Отт, Балыкчы ПМКсынын эксковаторчусу Г.К.Омененко, Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Ош текстиль комбинатынын түрүүчүсү Л.С.Посиченко, № 11 СМУнун бригадири Н.Д.Райымкулов, Ленин районундагы “Коммунизм” колхозунун бригадири К.Султанов, Москва районундагы “Дружба” колхозунун баш чабаны Х.Н.Хубиевдер алышкан.
Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы акын-демократ Токтогул Сатылгановдун туулгандыгынын 100 жылдыгына карата 1965-ж. белгиленген. Аны 1-болуп 1967-ж. Т.Абдумомунов – “Сүйүү жана үмүт”, “Абийир кечирбейт” пьесалары, Г.Айтиев – “Чабандар”, “Ысык-Көл – кыргыз деңизи” сүрөттөрү, М.Рыскулов – Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театрында коюлган “Атанын тагдыры” спектаклиндеги Акылбектин, “Король Лир” трагедиясындагы Лирдин ролдорун аткаргандыгы, В.С.Виноградов – “Муратаалы Күрөңкөев” деген китеби, А.Токомбаев “Таң алдында” романы үчүн алган.
Илим жана техника боюнча Кыргызстан ЛКЖСтин сыйлыгын 1-болуп 1973-ж. рак ооруларынын таралыш өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана аны дарылоо боюнча иштеринин сериясы үчүн А.И.Ильязов алган.
Өндүрүш боюнча Кыргызстан ЛКЖСтин сыйлыгы 1-жолу 1973-ж. Бүткүл союздук эпкиндүү курулуш – Токтогул ГЭСинин аскаларына монтаждоо иштерин жүргүзүүчү комсомолдук-жаштар бригадасына (бригада башчысы А.И.Андреев) берилген.
Адабият, искусство, архитектура жана журналистика боюнча Кыргызстан ЛКЖСтин сыйлыгы 1-жолу 1967-ж. А.Осмоновго (өлгөндөн кийин) – ырлар жыйнагы, Т. Садыковго – “Дирижер”, “Элечекчен аял”, “Жылкычы” скульптуралары, Т.Океев, К.Өмүркулов, К.Кыдыралиевге – “Бакайдын жайыты” фильми үчүн берилген.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын коомдук илимдер боюнча тунгуч лауреаты – Конкобаев Кадыралы.
Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгын 1-болуп акындар Рамис Рыскулов жана Байдылда Сарногоев 1986-ж. алган. Ал сыйлыкка кыз-келиндерден 1-болуп 1999-ж. “Ай жарыгы” деген китеби үчүн акын Фатима Абдалова татыктуу болгон.
Кыргызстан Жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгы атактуу балдар жазуучусу Ш.Бейшеналиевдин демилгеси менен уюштурулган. Алгачкы лауреаттары Абзий Кыдыров, Каныбек Жунушев.
«Ала-Тоо» поэзиясы республикалык комсомолдук фестивалынын алгачкы лауреаттары – Табылды Муканов, Роза Карагулова, Анатолий Бережной (1974).
Эл аралык Ч.Айтматов клубу коомдук башталышта 1989-ж. уюшулган. Негиздөөчүсү жана президенти филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев. Клубдун алгачкы лауреаттары: француз жазуучусу Л.Арагон, казак жазуучусу М.Ауэзов, кыргыз киноактеру, сүрөтчү С.Чокморов.
Табалдиев Асанбек атындагы адабий сыйлыкты Нарын районундагы Жергетал айыл өкмөтү жана “Ала-Тоо” журналынын редакциясы 1989-ж. уюштурган. Анын алгачкы лауреаттары: кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбеков, кыргыз эл акыны С.Эралиев, орус окумуштуусу Ю.С.Худяков, жазуучулар А.Стамов, С.Жетимишов, К.Жусупов ж.б.
Артистерге берилүүчү М.Рыскулов атындагы сыйлыкты аялдардан 1-болуп, 1989-ж. Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлайым Каныметова алган.
Кыргыз жаштарынын ичинен мектепти (№ 5, Бишкек) артыкчылык менен бүтүрүп, № 1 алтын медалды алган (1945-жылдары), кыргыздардан 1-болуп 1945-ж. М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетине өткөн Абдулда Каниметов болгон. Ал тарых илимдеринин доктору, 1962 -78-ж. 16 жыл бою элге билим берүү министри болуп иштеген (эң узак билим берүү министри болгон адам).
КР Улуттук жазуучулар союзу “Кыргыз адабиятына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн!” алтын медалын 2006-ж. уюштурган. Бул сыйлыкты 1-болуп алгандар (2006): КР эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мамат Жакыпов менен Санжы Егиналиев.
Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийинки мамлекеттик сыйлыктары: “Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардак наамы эң биринчи жолу 1997-жылдын 4-февралында жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго, жазуучу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичке, айкелчи Тургунбай Садыковго ыйгарылган. Аялдардан алгачкы КР Баатыры – Сабира Күмүшалиева (2000).
Ү даражадагы “Манас” ордени менен 1997-жылдын 4-февралында алгачкы жолу тилчи Кусейин Карасаев, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ҮҮ даражадагы “Манас” ордени менен эмгек ардагерлери Керимбүбү Шопокова, Кудайберген Чыныбаев, ҮҮҮ даражадагы “Манас” ордени менен мамлекеттик ишмерлер Бегалиев Сопубек, Кошоев Темирбек Кудайбергенович, Масалиев Апсамат, дирижер Жумакматов Асанхан, эмгек ардагерлери Каримова Бөпө, Качкеев Кадыркул, хирург Мамакеев Мамбет, кардиолог Миррахимов Мирсаид, композитор Молдобасанов Калый, кинорежиссерлор Океев Төлөмүш, Шамшиев Болот, илимпоз-физик Чалов Павел Иванович, акын Эралиев Сүйүнбай, театр артисти Ясиновский Леонид Лазаревичтер сыйланышкан.
“Даңк” медалы менен 1997-жылдын 4-февралында 1-жолу сыйлангандар: эмгек ардагерлери Абдразаков Кадыркул, Жамашев Зулумбек, Кайзер Александр Александрович, Мойдунов Жумакадыр, Сыдыков Матен, Ташиев Кулназар, Юнусов Алимжан, согуш жана эмгек ардагери Үсөнбеков Калыйнур, фермер Акматов Таштанбек, мамлекеттик ишмер Бакаев Анарбек Курамаевич, журналист Малеваный Александр Иванович, энергетик Шевелев Владимир Николаевич – мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын элине сиңирген өзгөчө эмгеги; хирург Бебезов Хаки Сулейманович, илимпоз-физик Жээнбаев Жаныбек, кардиохирург Жошибаев Сейтхан, илимпоз-агроном Мамытов Аман, нейрохирург Мамытов Миталип, илимпоз-философ Салиев Азис Абдыкасымович, илимпоз-тарыхчы Үсөнбаев Кушбек – илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана эмгектик жогорку жетишкендиктери; сүрөтчү Герцен Теодор Теодорович, драматург Жакиев Бексултан, кино жана театр артисти Жумадылов Советбек, акын Жусуев Сооронбай, жазуучу Касымбеков Төлөгөн, театр жана киноактриса Күмүшалиева Сабира, балетмейстр Сарбагышев Уран, комузчу Токтакунова Самарбүбү – КР маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы; жазуучу, адабий сынчы, “Кыргыз тили” республикалык коомунун алгачкы президенти Бобулов Камбаралы – кыргыз адабиятынын жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы; жеңил атлетчи, олимпиадалык оюндардын байге ээси Жуманазаров Сатымкул, бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Назаров Орзубек, оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону Осмоналиев Каныбек – жекече зор жетишкендиктери, дене тарбия жана спортту жайылтууга кошкон салымы; ишкерлер Эгембердиев Табылды, Хон Валерий Павлович – рынок экономикасынын шартындагы үзүрлүү иши үчүн.
Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийинки орден менен сыйланган алгачкы шаар Ош. Ал Оштун 3000 жылдыгына байланыштуу 2000-жылдын 4-октябрында Данакер ордени менен сыйланган. Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген күндөн тартып Президенттин Указы менен Ош – Кыргыз Республикасынын экинчи борбору деп жарыяланган.
Рухту кайра жаратуу боюнча “Руханият” эларалык ассоциациясы 1992-ж. түзүлгөн. Уюштуруучусу жана алгачкы президенти Акун Токтосартов. Элибиздин дөөлөт-мурастарын сактап калуу жана өрчүтүү, башка мамлекеттер менен карым-катнашты чыңдоо, мекенге ак эмгегин арнагандарды ардактоо ж.б. боюнча көп кырдуу иш жүргүзөт. “Руханият”, “Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн”, “Жыл адамы”, “Курманжан датка” “Жылдын бизнесмени” деген эларалык сыйлыктарды уюштурган. Бул сыйлыкты алгандар: К.Аннан, Федарико Майор, С.Шарипов, В.Путин, Билл Клинтон, Тансу Чиллер, Бенизар Бхутто, А.Акаев, Н.Назарбаев, Т.Садыков, М.Миррахимов, М.Мамакеев, А.Жумакматов, С.Жусуев, Т.Касымбеков, К.Кондучалова, С.Күмүшалиева, Ч.Баекова, Ш.Садыбакасова ж.б.
Эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондусу уюштурган сыйлыктар 1996-ж. тунгуч ээлерине ыйгарылган: “Кутман эне” сыйлыгы Президент А.Акаевдин 96 жаштагы апасы Асел Токоевага;”Датка айым” сыйлыгы мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучаловага; “Даанышман” сыйлыгы режиссер Мелис Убукеевге (өлгөндөн кийин); “Данакер” сыйлыгы ГФРдин Кыргызстандагы мурдагы элчиси Юрген Шеллерге, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Айлин Мэллойго; “Дилгир” сыйлыгы Өзгөндөгү мырзакелик физик мугалим Шакир Мукаевге.
КМПУ уюштурган И.Арабаев атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаттары – КР эмгек сиңирген мугалими Бектур Исаков, филология илимдеринин доктору Т.Садыков, физика-математика илимдеринин доктору, профессор П.С.Панков, педагогика илимдеринин доктору, профессор М.Р.Рахимова, профессор С.Байгазиев. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты 1997-ж. 19-мартта болгон.
“КТРдин отличниги” төш белгиси 1-жолу Кыргыз телесинин 40 жылдыгына карата бекитилип, 1998-ж. 9-декабрда эң алгачкыларына ыйгарылган. Алар: телерадиокомитеттин 1-төрайымы Менсеитова Рабия, 2-төрайымы Алия Умаровна Ботоканова, 1-редактор, диктор, режиссёрлор Абрамова Дина Витальевна, Сматов Шаршеке, Жунушалиева Сайнеке, Варивада Светлана Дмитриевна, Турсун Уралиев, көп жылдар кол өнөрчүлүк боюнча адис катары иш алып баруучу штаттан тышкаркы баяндамачы, карыя журналист Амантур Акматалиев.
“Кыргыз Туусу” гезити уюштурган “Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктын” алгачкы лауреаты профессор, жазуучу, публицист Советбек Байгазиев. Ал бул сыйлыкка 1999-ж. ушул гезитке жарыяланган публицистикалык очерктеринин сериялары үчүн татыктуу болгон.
Мукаш Абдраев атындагы республикалык сыйлыктын 1-лауреаты – композитор Акимжан Жээнбай (2002).
Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаттары: Шайлообек Дүйшеев, Тургунбек Бекболотов (2006).
Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаттары: Эрнис Турсунов, Советбек Байгазиев, Самсак Станалиев, Мурат Рыскулов (2006).
|