Главная страница

Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды


Скачать 0.87 Mb.
НазваниеКадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Дата13.09.2018
Размер0.87 Mb.
Формат файлаdoc
Имя файлаКыргыз Гиннес китеби.doc
ТипДокументы
#50500
страница13 из 21
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   21

Адабият





  • Элдик оозеки чыгармалардын эң алгачкысы, коомдук түзүлүштүн алгачкы баскычында жаралып, ошол кездеги элдин коллективдүү жашоо­тиричилигин көркөм баяндаган чыгарма - “Кожожаш”.

  • Алгачкы кыргыз поэмасын К.Тыныстанов жазыптыр (“Жаңыл Мырза”, 1925).

  • Совет доорунда бала баатыр аталган Кычан Жакыпов жөнүндө алгачкы макаланы “Кыргызстан пионеринин” 1933-ж. 21-сентябрдагы санына акын Алыкул Осмонов жазган. Кийин ал жөнүндө жазуучу Ш. Бейшеналиев “Кычан” аттуу китеп жазган.

  • СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өтүү өтө кыйынга турган совет мезгилинде А.Белеков, Ж.Мамытов, О.Султановдор гана китеби чыга электе мүчө болуп өтүшкөн экен.

  • Кыргыз рухий маданиятынын башатында “Манас” эпосу, көптөгөн кенже эпостор турганы бекеринен эмес. Анткени кыргыз адабиятынын тарыхында алгачкы роман кара сөз эмес ыр менен жаралыптыр. Ал А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы (1-китеби 1935-ж. чыккан).

  • Ал эми прозадагы 1-кыргыз романы Мукай Элебаевдин “Узак жол” романы (1936-ж. Самаркандан чыккан). 1937-ж. Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кең-Суу” романы дагы Самаркандан жарык көргөн. Жазуучу Самсак Станалиевдин изилдөөсү боюнча (2006, №19) М.Элебаев “Узак жолду” 1934-ж. январда баштап, 1-китебин 1935-ж. 2-октябрда бүтүрүптүр. Ал эми “Кең-Суунун” 1-китебинин аягына автор “1934-1935-жыл” деп жазган экен. Демек, басмадан 1 жыл айырма менен чыкса дагы, ушул 2 романды бир мезгилде жазылган, тунгуч кыргыз романдары катары кароого болот. Ошентип, кыргыз адабиятынын тарыхында 1-болуп роман жанрына тиш салгандар А.Токомбаев, М.Элебаев, Т.Сыдыкбековдор болуптур.

  • Кыргыз адабият тарыхында 1-болуп Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” деген романына 1949-ж. СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

  • Кыз-келиндерден чыккан 1-профессионал акын – Нуркамал Жетикашкаева, 1-прозачы – Айым Айтбаева.

  • Чыгармачылыгын 50-жылдары котормо менен баштап, эки көлөмдүү чыгарманы – Михаил Бубеновдун “Белая берёза” романын, Валентин Катаевдин “Сын полка” повестин которгон жана алар жарык көрбөгөн боюнча калган, ал эми кыргыз адабиятына эле эмес, дүйнөлүк адабиятка жазуучу катары кирип, кыргыз адабиятында 1-жолу дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлгөн инсан – Чыңгыз Айтматов.

  • Эки тилде (кыргыз, орус) тең эркин, терең көркөм чыгарма жаратууга мүмкүн экендигин өз чыгармачылык практикасы менен далилдеп, кош тилдүүлүктү (билингвизм) өнүктүрүүдө пионерлерден болгон жазуучу – Чыңгыз Айтматов.

  • Кыргыз адабиятында тарыхый роман жанрына “Сынган кылыч” романы менен негиз салган жазуучу – Төлөгөн Касымбеков.

  • Жумушчулар темасында алгачкы көркөм чыгарма жазган – Саткын Сасыкбаев. Анын “Фабриканын кызы” аттуу повести 1955-ж. жарык көргөн. Орусчага Ч.Айтматов которгон.

  • Кыргыз адабиятындагы өнөр жай темасына арналып, кенчилердин турмушун, кенде иштеген жаштардын өз ара мамилелерин көркөм чагылдырган алгачкы чыгарма – жазуучу Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” аттуу повести (1961).

  • Адабияттагы жанытма деген жанрды алгач С.Карачев колдонуптур. Анын “Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң” деген жанытмасы “Эркинтоонун” 1925-жылдын 8-августтагы санына жарыяланган.

  • Кыргыз сатирасына кыз-келиндерден 1-болуп баш-оту менен кирип, батылдык менен калем кармаган – Сулуубек Токсобаева. Ал “Чалкан” журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

  • Фантастикалык чыгармалардын баштоочулары Кусейин Эсенкожоев, Касымалы Жантөшев, илимий фантастиканыкы Беганас Сартовдор болсо, детектив, мистикалык окуялар жаатындагы чыгармаларды баштоочулардын алдыңкы сабында жазуучулар Чолпонбек Абыкеев, Бекмурза Рахман уулу, Асанбек Кулманбетов, Мырзакул Саадатбек уулу ж.б. турат.

  • Кыргыз поэзиясынын тарыхында 50 жашында (1999) 5 томдук китеп чыгарып окурмандарга тартуулаган - акын Асан Жакшылыков гана.

  • Кыргыз адабиятында Муханбет пайгамбар жөнүндө жазылган алгачкы көркөм чыгарма – акын Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны (2001).

  • Кыргыз акындарынын ичинен эң алгач түрмө ырларын жазган Казыбек казалчы.

  • 83 жашында үчилтик роман жазып, ал чыгармалары Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган Абдулхай Алдашев.

  • Алгачкы кыргыз гезити “Эркин-Тоо” жарык көрө баштаганда ар кандай макалаларды, кабарларды которуп, жарыялап турган биринчи котормочу Сыдык Карачев болуптур. Ал эми көркөм котормонун башаты К.Тыныстановго таандык. Ал “Интернационалды”, И.Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” деген тамсилин которуу менен көркөм котормо ишине чыйыр салган.

  • “Адабий Алатоо” гезитинин изилдөөсү боюнча 1-псевдонимди (адабий жашыруун атты) “Айкын” деген ат менен 1-жолу С.Карачев колдонуптур (“ЭТ”, 1924, 26-ноябрь, № 2). Ал эми бул тунгуч гезит чыкканга чейин эле Т.Жолдошев – “Кара-Булак”, К.Тыныстанов – “Кыт”, “К.Т.”, “Келгин” деген ылакап аттарды колдонгондору З. Бектеновдун “Замандаштарым жөнүндө эскерүүлөр” деген китебинде айтылган.

  • Балдар үчүн жалаң бир тамгадан башталган аңгемелерди жазып, эки китеп чыгарган («Төгө бер, жамгыр», 2004; «Көктөмдө келген кубаныч», 2005) жазуучу Жапарали Осмонкулов Адашкан уулу. Ал балдар жазуучусу, КР Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын, Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

  • Күзгүдөй чагылдуу ыкмасы менен ыр жазууга эксперимент жүргүзүп, бир нече ырларды жарыялаган – акын Кубанычбек Басылбеков.

  • Кыргыз поэзиясында сентименталдуу ырларды жазган – акын Асылбек Медетбеков.

  • Кыргыз китеп басмасынын тарыхында 1-болуп акын, пародиячы Токтосун Самудинов тосттор жыйнагын чыгарган.

  • Кыргыз адабиятынын тарыхында чыгармалар жыйнагынын 7 томдугун 1-жолу кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев чыгарган (2006-2007). Буга чейин 5 томдугу чыккан Ч.Айтматов, Э.Ибраев, А.Жакшылыков гана болгон экен.

  • Адабият айдыңына өтө эле кеч келген таланттардын бири – Жапаркул Токтоналиев. Ал өмүр бою энергетика тармагында жетекчи кызматтарда иштеген, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу, 73 жаш курагында “Хан Ормон” деген 2 китептен турган тарыхый романды, 80 жашында “Баатыр Шабдан” деген тарыхый-көркөм чыгарма жазган. Ормон хан жөнүндө кеңири изилдөө жүргүзгөн.



1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   21


написать администратору сайта