|
Кыргыз Гиннес китеби. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Ахунбаев И.А. – СССР медицина ИАга корреспондент-мүчө, 1948;
Скрябин К.И. – ВАСХНИЛдин академиги,1935, Франция, АКШ, Улуу Британия, Бельгия ж.б. ардактуу академиги.
Лущихин М.Н. – ВАСХНИЛге, корреспондент-мүчө, 1969; Аман Мамытов, 1977;
Измайлов А.Э. – СССР педагогика ИАга, академик, 1967;
Каракеев К.-Г. - СССР ИАга, корреспондент-мүчө, 1968;
Айтматов Ч. – Европа илимдер, искусство жана адабият академиясы (Париж, 1983), Дүйнөлүк илим жана искусство академиясы (Стокгольм, 1987), академик ж.б.;
Жунусов М.С., Жумалиев К.М. – Эларалык маалымат академиясы, мүчө (1994);
Мамбетакунов Э. - Билим берүүнү гумандаштыруу боюнча эл аралык академияга (Бийск, 1995), РФ педагогика жана социалдык илимдер академиясына (1995) академик;
Ормонбеков Т., Оморов Р., Марипов А – Нью-Йорк академиясы, мүчө, 1995.
Физика-математика
Плазма физикасы менен атом спектроскопиясы боюнча республикада илимий багытты негиздеген илимпоз – академик Жээнбаев Жаныбек (1931-2007). Анын жетекчилиги менен Кыргызстанда 1-жолу төмөнкү температурадагы плазма генератору - бир жана эки агымдуу плазматрондор түзүлгөн, плазма диагнозун коюу методдору, спектроскопия жолу менен анализдөө иш жүзүндө колдонулууда.
Интеграл-дифференциал теңдемелер теориясына алгачкылардан болуп тиш салган кыргыз окумуштуусу – академик Иманалиев Мырзабек.
Мирабиллит тузунун кристаллдык торчосуна кирген сууну кургатуу процессинде күчтүү электрондук агым бөлүнүп чыгаарын 1-болуп Дүрбөлөң Мамбетов (1931-70) ачкан. Бул кубулуш “Химия и жизнь” журналынын 1970-жылдагы 5-санына “Мамбетов эффекти” деген ат менен жарыяланган. Ал Кыргызстанда ядро физикасы боюнча алгачкы окумуштуу. Докторлук диссертациясын жактаар алдында каза болгон.
Кыргызстанда 1-болуп ядро физикасы боюнча илим доктору болгон окумуштуу – Шаршен Кенжебаев (1932-2007).
Дүйнөлүк илимге чоң салым кошуп, жаңы илимий багытты – оптикалык эсептөө техникасы тармагын негиздегендердин бири – Аскар Акаев. Азыркы турмушубузга тереңдеп кирип кеткен компьютерлештирүү программасын мурдагы СССРдин алкагында Кыргызстан 1-болуп баштаса, А.Акаев Бишкек политехника институтунун ЭЭМ кафедрасын башкарып турганда ошол кездеги таптакыр жаңы багыт болгон компьютерлештирүүнү колго алган алгачкы адистерден.
Кыргызстанда 1-болуп топология боюнча кандидаттык диссертация коргогон, Борбордук Азияда геометрия жана топология илимдери боюнча жалгыз илим доктору – Бөрүбаев Алтай Асылканович. Ага мейкиндик теориясына кошкон көрүнүктүү салымы үчүн Текечер топ жылдызынын бир жылдызына “Алтай” ысымы ыйгарылган (2001). Сертификатты Москва планетарийи берген. Академик А.Бөрүбаев жылдызга аты берилген 1-кыргыз.
“Кубулма голография” (1988) аттуу монография ушул тармак боюнча жападан жалгыз монография. Анын автору – физика-математика илимдеринин доктору, профессор Араппай Марипов.
Илимпоз физик Самат Кадыровдун Эйнштейндин теориясынын түбөлүк эместигин ырастаган «Уңгу талаа теориясы, космология жана элементардык бөлүкчөлөр», «Уңгу талаа теориясына ылайык табияттаануу билиминин кээ бир түпкүлүк маселелери» деген эмгектери теориялык физиканын өкүлдөрү, дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан чоң кызыгууну жараткан.
Медицина
Кыргыз аялзатынан 1-аскердик хирург, кыз-келиндеринен 1-жолу капитан аскердик наамын алган – Рана Айдарбекова. Согуш мезгилинде 800 операция жасаптыр.
Кыргыз кыздарынын ичинен 1-лерден болуп мединститутту бүтүп, аялдардан чыккан алгачкы хирург – медицина илимдеринин доктору, профессор Какиш Рыскулова.
Мирсаид Миррахимов – медицина илими жаатында Орто Азиядан 1-болуп Социалисттик Эмгек Баатыры болгон. Ал кардиологияга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШдан 1-болуп эл аралык алтын медаль алган.
Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Сибирдин табигый, биоактивдүү заттарынын негизинде алынган бир топ бальзамдардын автору – академик Арстанбек Алыбаевич Алтымышев (1930-2000). Анын “Арашан” бальзамы дарылык жана даамдуулук касиеттери үчүн Лейпцигдеги “ЭКСПО-72де” Чоң алтын медалга татыган. Ал космонавттарды даярдоо жана учуудан кийин калыбына келтирүүдө эң зарыл болгон заттардын бир нечесин да тапкан. Бул заттар Дүйнөлүк фармакалогияга киргизилип, аны космонавттар эле эмес, спортчулар, антарктикалык экспедицияларга катышуучулар, альпинисттер, “Эверест” чокусун багынткандар да колдонушкан, өпкө, жүрөк, муун ооруларын дарылоодо жана алдын алууда да кеңири пайдаланышат. Ал табигый активдүү бирикмелердин биофармакологиясынын урунттуу багыттарын негиздеген, улуттук фармакалогияны өнүктүргөн, космонавтиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу.
Кыргыз илим изилдөө онкология жана радиология институтунун 1-директору, медицина илимдеринин доктору, профессор А.И.Саенко. Ал республикада онкология кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө негиз салган.
Медицина илимдеринин доктору, хирург, профессор Хаким Сулейманович Бебезов 1973-жылдан бери 12 түрдөгү ооруга республикада алгачкылардан болуп операция жасаган. Алсак, 1973-ж. Кыргызстанда 1-жолу кара ичегинин башталгыч пластикасына гастроэктомия, 1975-ж. боордун өтүшкөн циррозуна күчөп кан агуу учурунда портоквалдуу анастомоз (мындай операция буга чейин Японияда гана жасалган) ж.б. Ал 1973-ж. ашказан жана кызыл өңгөчтөгү жарага операция жасоонун өзгөчө ыкмасын сунуш кылып, аны 1998-ж. КМШда 1-жолу микрохирургдардын бригадасы менен бирдикте аткарган.
Омуртка дарттарын микрохирургиялык жол менен дарылоону Борбордук Азия боюнча 1-жолу профессор Сабырбек Жумабеков ойлоп тапкан. Ал 36 жашында (2000-ж.) медицина илимине 18 жаңылык киргизген. Медицинада сейрек кездешүүчү тизе муундарынын оор патологиясы (эки тизеси тең тескерисинен бүгүлгөн тубаса майып) менен жабыркаган 17 жашар Байызов Теңизбекке (Казарман айылынын тургуну) 2005-жылдын башында дүйнөлүк практикада сейрек кездешүүчү операция жасаган.
Кыргыздын тунгуч сексопатологу, Кыргызстандын эле эмес Борбордук Азиядагы улуттук медиктердин ичинен чыккан эң алгачкы сексопатолог – Күлчоро Аскаров. Ал кыргыздардан 1-болуп ушул илимди баштап, 1-болуп ушул темада “Эки жүрөк, бир сүйүү” (1997) аттуу китеп жазган.
Аракечтерди, баңгилерди өз алдынча ыкма менен дарылоочу 1-борборду алгачкы жолу 1991-ж. 9-декабрда Назаралиев Жеңишбек Болсунбекович ачкан. Ал борбор “Доктор Назаралиевдин медициналык борбору” деп аталып, бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү.
Биохимия боюнча кыргыз улутунан чыккан 1-доктор Чотоев Жакен Айтиевич (1932-2004).
Элдик экстрасенстик ыкманы айкалыштыруу менен оорулуу тишти анестезиясыз сууруп алуу боюнча психосенсордук ыкманы 1-иштеп чыккан жана 1988-жылдан баштап практикага киргизген дарыгер – Нуралы Базарбаев.
Хирург, профессор Рахатбек Оморов боорго рентген жасоо; боорду тешип, Прадери боюнча дренаж колдонуу; өт өткөөлдөрүндө таш калбаш үчүн фиброхоледоскопия; өт боюнча гепатикоеюноанастомоздун түтүк; боордогу прицти сордуруу; операция убагында боордун жана өттүн өткөөлдөрүн көрүү; кызыл өңгөч оорусунда аны химиялык зат менен күйгүзүп, анын ордуна жоон ичегиден, ичегиден кесип алып жамоо; уйку безинин рагында уйку безинин теңин алып таштоо сыяктуу татаал операцияларды жасоону Кыргызстанга 1-болуп киргизген.
Биология
Кыргыздардан биология илими боюнча тунгуч окумуштуу наамын алган – Жамил Чолпонкулов. Ал 1939-ж. 33 жашында Ленинградда биология илиминин кандидаты наамын коргогон. Улуу Ата мекендик согушта каза болгон. ”Кыргыздын 2-Чолпонбайы” аталган. Таластык болгон.
Биология илимдеринин доктору Эркинбек Матиев: кыргыздардан 1-болуп Москвадагы Патрис Лумумбу атындагы университетте лекция окуган, Кыргызстан эгемен болгондон кийин ата-мекендик дары-дармек жасоо өнөр жайына негиз салган, хронобиология боюнча европалык жана эл аралык илимий коомдун анык мүчөсү болгон.
Айыл чарба
Айыл чарба боюнча кыргыздардан чыккан 1-илим кандидаты жана доктору Аман Мамытов.
Селитранын бардык жактан (тамак-ашка, ден соолукка, экологияга) зыяндуу экендигин 1-жолу 1958-ж. химик К.Сулайманкулов далилдеген.
Кыргызстанда 1-болуп кант кызылчасы боюнча докторлук диссертация жактаган – Жамин Акималиев.
Ветеринария
Ветеринария илимдеринин доктору болгон 1-кыргыз – Абдулхай Алдашев.
Экономика
Экономика боюнча кандидаттык диссертация жактаган (40-жылдары) 1-илимпоз – КР эл мугалими, илим доктору, профессор Муса Рыскулович Рыскулбеков.
Бухгалтердик эсеп боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин, сөздүктөрдү (“Бухгалтердик эсеп”, “Бухгалтердик эсеп боюнча кыскача сөздүк” ж.б.) жазган Чалова Калича Жоочалыш кызы, салык теориясы боюнча Матиев Нурланбек Сагыналиевич, ревизордук жана контролдук текшерүү боюнча Асанбеков Турат, соттук экономикалык экспертиза боюнча Жансеитов Кубанычбек Асанович да кыргызча эмгектерди биринчилерден болуп жазышкан.
Химия
Кыргыз химиктеринен 1967-ж. 1-илим доктору болгон – Какин Сулайманкулов.
1961-ж. илимпоз Качкынбай Үсөнбаев Москва окумуштуулары менен бирге көмүртектин карбин деп аталуучу модификациясын синтездеп тапкан. Ал азыр техникада кеңири колдонулууда.
Учкун разрядын пайдаланып химиялык синтездин жаңы методун негиздеген – академик Үсөн Асанов.
Зоология
Алгачкы кыргыз натуралисти, саякатчысы, коллекционери, жол көрсөткүчү (гид), препаратору, таксидермиячы (жаныбарлардын кебин жасоочу) Садырбек Абдыбеков (1871 - 1950) болгон. Ал фауна (жаны-жаныбарлардан, көбүнчө канаттуулар менен курт-кумурскалардан) боюнча 1543 коллекция чогулткан. Коллекцияларын чет өлкөлөрдүн музейлерине (Москва, Петроград, Томск, Лондон, Гамбург, Дрезден шаарларындагы) жөнөтүп да турган.
Техника тармактары
Техника илимдеринин доктору, профессор, академик Чалов Павел Иванович менен физика-математика илимдеринин доктору Чердынцев Виктор Викторовичтин “Уран-243 менен Уран-238дин табигый бөлүнүү кубулушу” деп аталган илимий ачылышы 1975-ж. 24-июлда каттоодон өтүп, ядролук геофизика илиминдеги ири жетишкендиктердин бири болгон. Бул илимий ачылыштын негизинде жердин тарыхынын бүт мезгилин камтыган, физикалык башка методдордун күчү жетпеген, геологиялык мезгилди өлчөөнүн жаңы методу иштелип чыккан. Жер алдындагы суулардын пайда болуу, айлануу процесстерин моделдештирүүдө П.И.Чаловдун “Табигый урандын изотоптук фракцияланышы” деген илимий эмгегинин негизинде жер титирөөлөрдү алдын ала божомолдоп билүүнүн жаңы ыкмасы табылган.
Техника илимдеринин доктору, профессор, академик Илгиз Төрөкулович Айтматов менен техника илимдеринин доктору, профессор Кушбагалы Тажибаевдин “Тоо тектеринин өзгөрмө белгиси бар бузулуш кубулушу” деген илимий эмгеги (2000) жер жөнүндөгү дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошту. Бул эмгек тоолордогу тектоникалык соккулар менен жер титирөөнүн себептерин, механизмдерин айкын ачык көрсөттү. Анын негизинде жер титирөөлөрдү алдын ала аныктоого, кырсыктан сактануу чараларын көрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Кыргызстанда хрусталды 1-чыгарган ишкер, илим кандидаты, айнек заводунун мурдагы директору Жолдош Курманбаев.
Карапа синтез материалдарын алуу методикасы жана фарфор технологиясы боюнча тунгуч илимпоз, техника илимдеринин доктору – Сагын Жекишова.
Автоматтык башкаруунун ар кандай темпте иштөөчү көп өлчөмдүү татаал системаларынын теориясынын негиздерин түзүү боюнча изилдөө иштерин Кыргызстанда эле эмес, СССРде биринчилерден болуп техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Жаныбек Шаршеналиев жүргүзгөн. Анын иштеп чыккан методдору космостук аппараттардын атайын приборлорун башкарууда пайдаланылууда.
Геология – минералогия
Тунгуч кыргыз геологу - Абдулла Миңжылкыев. Ал эми академик Адышев Муса Мырзапаязовия (1915-80) Тянь-Шанда байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоо тектердин геологиясын, геохимиясын жана кен байлыктарын изилдеп, кыргыздардан 1-болуп 1969-ж. геология-минералогия илимдеринин доктору болгон.
Кыргызстандын минерал байлыктарынан мурда медицинада пайдаланылбаган дарыларды жана косметикалык каражаттарды алууга алгачкы патент алган – геология-минералогия илимдеринин кандидаты Иманкулов Белек.
Кыргызстандагы ондогон кендердин ачылышына чоң салым кошкон, “Кенди биринчи изилдегич” деген төш белгинин ээси – профессор Кубат Осмонбетов. Анын катышуусу жана жетекчилиги менен Кумтөр, Макмал, Талдыбулак – Сол Жээк, Жерүй, Агулак, Каракече, Акөлөң, Тегенек, Барбулак, Тууракабак, Кайыңды, Кыртабылгы ж.б. алтын, сурьма кендери ачылган.
Кыргыз кыздарынан алгачкы инженер-геолог – Ибраева Күлүйпа. Ал 1957-ж. Фрунзе политехника институтунун тоо-геологиялык факультетин бүткөн. 1966-ж. Кумтөрдө алтын бар экенин байкайт. 1978-ж. Кумтөрдө алтын бар экенин дагы бир ирет далилдесе да эч ким ишенбейт. Акыры Читадан электрондук микроскоптун жардамы менен Кумтөрдө алтын, ал түгүл вольфрамит да бар экендигин аныктаган. Ошентип, Кумтөр кенин карапайым эле кыргыз кызы ачкан.
Топурак таануу
Кыргыздын 1-топурак таануучусу, айыл чарба илимдеринин 1-кандидаты жана доктору, топурак таануу адистиги боюнча 1-профессор, Кыргызстанда тоо топурагынын генетикасы илиминин негиздөөчүсү – академик Аман Мамытов (1927 - 99).
Филология
Филология илимдеринин кандидаты даражасын алган 1-кыргыз, илимпоз-адабиятчы –Тазабек Саманчин (1909 - 79). 1946ж. Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө кандидаттык диссертация жактаган. Ал Токтогулду кеңири изилдеп, эмгектерин академиялык жыйнак кылып чыгарган 1окумуштуу. Алгачкы котормочулардан да (Л.Толстой, В.Белинский, А.Чехов, М.Горький, И.Крылов, Р. Тагорду 1которгон).
|
|
|