АБИДЖАН КЫЗЫ. Абиджан кызы махбуба
Скачать 114.86 Kb.
|
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ Педагогика жана дене тарбия факультети БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПЕДАГОГИКАСЫ ЖАНА ПСИХОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫ АБИДЖАН КЫЗЫ МАХБУБА МНО5д-2-14 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИНЕ КОЮЛГАН КЕСИПТИК ТАЛАПТАР Илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Батыралиев А.Б. ОШ – 2019 М А З М У Н У К И Р И Ш Ү Ү 2 1-ГЛАВА. МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИНЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАРДЫ ИЗИЛДӨӨНҮН ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ 6 1.1. Мамлекеттик билим берүү стандарты – жогорку окуу жайларда билим берүүнүн мазмунун аныктоочу документ катары 6 1.2. Башталгыч класстардын болочок мугалиминин кесиптик компетенттүүлүк сапаттарынын мазмуну жана түзүлүшү 16 2-ГЛАВА. МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИНЕ КОЮЛГАН КЕСИПТИК ТАЛАПТАРДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ 28 2.1. Болочок мугалимдердин компетенттүүлүгүн калыптандыруу – мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган кесиптик талап катарында 28 Эксперименттин натыйжалары 39 КОРУТУНДУ 47 КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР 49 К И Р И Ш Ү ҮТеманын актуалдуулугу. Акыркы жылдары мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору, адамдык жана интеллектуалдык байлыгы, баалуулугу, мүмкүнчүлүгү, чектөөсүз жакшыртылууга жана кайра өзгөрүүлүүгө умтулушу, бул негизги байлыгы болуп саналат. Адамдын интеллектуалдык байлыгы билим жана анын жогорку кесипкөйлүгү, жумушчу күчтүн, жөнөкөй жумушчудан өндүрүштүк капиталга айланышына алып келет. Ошондуктан, жогорку интеллектуалдык дарамеги бар кесипкөйдүн компетенттүү болуусу, азыркы учурдагы, башталгыч кесиптик билим берүүдө негизги маселе болуп саналат. Квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо билим берүүнүн бирден бир алмаштырылгыс жана аны менен бирге, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн жана эффективтүү жарандык капиталынын өнүгүүсүнүн, жалпылап айтканда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орчундуу компоненти болуп саналат. Ушундай кырдаалда мамлекеттин өнүгүсүнө жөрөлгө болгон илимий изилдөөлөр, өнүгүүгө багытталган билим программаларынын долбоорлору, билим берүүдө системалык түрдө камсыз бөлүнүүсү зарыл. Белгиленген изилдөөлөр, өнүгүүнүн башталгыч кесипик билим берүү стратегиясынын багытын иш жүзүнө ашыруусу, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыйзамында” жана “Жогорку кесиптик билим берүү” мыйзамдарында белгиленген. Жогорку кесиптик билим берүүнүн көйгөйлөрү көптөгөн илимпоз-дордун изилдөөсүнүн негизин түзгөн. Кесиптик билимдин теориялык негиздерин биринчилерден иш жүзүнө ашырган окумуштууларды атап кетсек: В.И.Байденко, С. Я. Батышев, А.Н. Веселов, А.С. Макаренко, Н.И. Макиенко, А.М. Мамытов, В.А. Скакун, А.П.Сейтешев ж. б.. Изденүүчүлөрдүн эмгектерин карасак: Н.А. Асипованын, И.С. Болжурованын, И.Б. Бекбоевдин, К.Д. Добаевдин, В.С.Ледневдун, Э. Мамбетакуновдун, М.И. Махмудовдордун эмгектеринде окуу-тарбия иштерин жакшыртуу маселелери чагылдырган. Республикада кесиптик билим берүүдөгү, жүрүп жаткан изденүүлөрдүн дидактикалык проблемалары, инновациялык процесстерди жүзөгө ашырган окумуштуулардын жана ошондой эле тарбия иштеринин мааниси, формалары, усулдуктары боюнча изилдеген окумуштуулар Т.И.Алиев, А.А.Алимбеков, А.П.Сейтешев, А. Токтогуловдар болуп саналат. Азыркы тапта баштапкы кесиптик жогорку билим берүүдөгү өнүгүү программасы, жогорку кесиптик билим берүүдөгү керектүү талаптардын калыптанышы, республиканын социалдык-экономикалык сферасын эмгек ресурстары менен камсыз кылуусу, жана ошондой эле башталгыч билим берүүдөгү өнүгүүгө багыт берүүчү жолдорду изденүү болуп саналат. Жогорку кесиптик билим берүүдөгү болуп жаткан жагдайды талдап, эмгек базарындагы болуп жаткан кырдаалда маниторингдин жоктугун баамдап, жана ошондой эле окутуунун сапатын жогорулатууну изилдөөдө, карама-каршылыктардын бар экендиги аныкталды: Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү системасы, объективдүү себептердин негизинде, эмгек базарында болуп жаткан өзгөрүүлөргө, туруктуу өнүгүп жаткан базар экономикасында алардын кесиптик билимдүүлөргө болгон керектөөлөрүнө, ыкчам көңүл буруусу. Илимий негиздеги ыкмаларга ошондой эле Мамлекеттик билим берүүдөгү жогоку кесиптик билим берүүнүн жаңы муундагы стандартынын жана кесиптик билим берүүдөгү бүтүрүүчүлөргө коюлган талаптардын аткарылышы. Окутуунун ар түрдүү мөөнөттөгү жогорку билим берүүсү менен республикадагы социалдык-экономикалык чөйрөнү ар түрдүү кесиптеги жумушчу кадрлар менен камсыз кылуусу. Карама каршылыктардын негизинде пайда болгон көйгөйлөр, базар экономикасынын шартында, жогорку билим берүүдө, квалификациялуу жумушчуларды даярдоонун уюштуруу-педагогикалык шарттары атаандаштыкты камсыз кыла алабы, деген суроо туулат? Бул көйгөй билим берүүнүн илимий-негиздөөлөрүнө, жогорку окутуунун мазмуунуна, бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүлүгүнүн болушуна, анын кесипкөйлүгүнүн жогорулашына шарт түзүлүшүнө жана ошондой эле, окуп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн, окутуунун бир деңгээлинен экинчи деңгээлге өтүшүнө өбөлгө болорунаруна алып келет. Азыркы шартта, өнүгүп бара жаткан коомчулукка зээндүү, кесипкөй, өз алдынча тапшырмаларды аткара алган, өзүнүн аракети менен билимге, ишинде жетишкендикке умтулган адамдар керек. Изилдөөдөгү проблемалар “Мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган талаптар” деген теманы тандоого алып келди. Квалификациялык иштин обьекти: ЖОЖдо болочок мугалимдерди даярдоо процесси. Квалификациялык иштин максаты: Мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган талаптарды аныктоо жана аны практикалык ишке ашыруу. Квалификациялык иштин милдети: 1. Мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган талаптардын теориялык негиздерин талдоо. 2. Мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган талаптарды ишке ашыруунун усулдарын аныктоо; жалпы жана кесиптик компетенциялардын калыптанышы, алардын эффектүүлүгү. 3. Башталгыч класстардын мугалимине мамлекеттик билим берүү стандартынын жаңы муунунун усулдук негиздерин түзүү жана анын натыйжалуулугун экспериментте текшерүү. Квалификациялык иштин базасы: ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин МНО адистиги Квалификациялык иштин булактары болуп философия, психология боюнча инсанды калыптандыруудагы чыгармачыл активдүүлүктүн проблемаларын ачып берүүчү эмгектер; жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүүчү стандарты, программалар, изилдөөнүн проблемалары боюнча сунуштар ошондой эле жеке изилдөөчүлүк тажрыйба эсептелди. Изилдөөнүн методдору: Педагогикалык жана психологиялык эмгектерди анализдөө; окуу-нормативдик документтерди үйрөнүү; мугалимдердин тажрыйбаларын системалаштырып жалпылоо; байкоо, анкета жүргүзүү, аңгемелешүү, сурамжылоо, жалпылоо, педагогикалык эксперимент өткөрүү. Квалификациялык иштин теориялык мааниси: Мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган талаптардын теориялык негиздери аныкталды жана негизделди; 2. Башталгыч класстардын мугалимине мамлекеттик билим берүү стандартынын жаңы муунунун усулдук негиздерин түзүлдү жана анын натыйжалуулугу экспериментте текшерилди. Квалификациялык иштин практикалык мааниси: Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын түзүүдөгү илимий-педагогикалык негиздеринин түзүлүшү жана ал камтыган, жалпыга керектүү болгон кесипке даярдоонун уюштуруу шарттары, билим берүүнүн окуу программаларынын мазмуунун илимий жагдайда калыптануусунун негиздерин жакшыртууга багытталат. Квалификациялык иш киришүүдөн, эки главадан, корутундудан, колдонулган адабияттардын тизмегинен турат. |