Главная страница

АБИДЖАН КЫЗЫ. Абиджан кызы махбуба


Скачать 114.86 Kb.
НазваниеАбиджан кызы махбуба
Дата29.11.2019
Размер114.86 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаАБИДЖАН КЫЗЫ.docx
ТипДокументы
#97589
страница3 из 6
1   2   3   4   5   6


1.2. Башталгыч класстардын болочок мугалиминин кесиптик компетенттүүлүк сапаттарынын мазмуну жана түзүлүшү


Бүгүнкү күндө эгемендүү мамлекетибизди ар тараптан өнүктүрүүнүн келечеги жалпы билим берүүчү инновациялык мекемелерди түзүү, анда коом талап кылып жаткан адистерди талаптагыдай даярдоо менен аныкталгандыктан, мугалимдин алдына окутуунун жана тарбиялоонун инновациялык формалары менен усулдары аркылуу жарандык билим берүүнүн идеяларын жана баалуулуктарын социалдык жашоо -турмушка сиңирүү, аны бекем калыптандыруу милдети турат. Ал үчүн мугалимдин сезимталдыгы, сергек мамилеси, психологиялык жактан таасир эте билүү жөндөмү айрыкча талап кылынат.

Биз келечектеги жаңы коомдо жаш муундарыбыз кандай болуусу керек? деген суроого жооп издөөдө – ар тарабынан өнүккөн, дени сак, билимдүү, жан дүйнөсү таза, ички дүйнөсүнө сырткы келбети төп келген, жүрүм-туруму үлгүлүү эрежелерге дал келген, көркөм-эстетикалык табити өнүккөн, эмгек көндүмдөрү бийик деңгээлде калыптанган, маданияттуу инсанды элестетебиз. Балага, албетте, эң алгач анын ден-соолугу, бактылуу балалыгы, азыркы турмуштун талаптарына жооп бере турган билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ болуусу керек. Кадырман калкыбыздын карт тарыхын, салт-санаасын, маданий мурастарын студенттерибиздин чыгармачылык иштеринин негизи кылып сактап, алар менен сыймыктануу сезимдерин тарбиялап, алардын чыгармачылыгына болгон шыгын өркүндөтүү керек. Буга карата көрүнүктүү окумуштуу П.Ф.Каптерев «Окууга көңүл бурбаган адамды окутуу түбү жок челекке суу куйган менен барабар», – деп айткан. Андыктан, окуучулардагы психологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, кептин тазалыгын сактоо, түшүнүктүүлүгүнө жетишүү – мугалимдин негизги милдети. Бул маселелерди чечүү үчүн болочок мугалимдин кесиптик компетенттүүлүк сапаттарынын моделин түзүү зарыл болуп эсептелет. Албетте, болочокто аткарылуучу иштин алдын ала элеси, мазмуну жана түзүлүшү ойго келет. Ал биз азыр сөз кыла турган модель түшүнүгү болоору талашсыз.

Модель – идеалдык бир чөйрөнүн үлгүсү катары эсептелген анын өтө маанилүү өзгөчөлүктөрүн гана ичине алган чыныгы абал жөнүндөгү тыянак [15]. Чындыгында, болочок адистин модели деген түшүнүккө ар түрдүү көз карашта мамиле кылсак болот. Мисалы, И.И. Сиговдун оюуна карата айтсак: “Адистин модели ошол адистин болжолдуу образы”, – катары элестейт [46].

Ошондой эле Ю.А.Лавриковдун пикирине таянсак: “Адистик даярдык- эмгек ишмердүүлүгүнө ылайык, коомдук саясий, атайын кесиптик, уюштуруучулук башкаруучулук жана моралдык этикалык билимдердин, өзгөчөлүктөрдүн зарыл көлөмүн жана түзүлүшүн камтыган системалуу түшүнүктү билдирет” [29]. Ушуга кошумча адистин модели деген түшүнүк анын айрым сапаттары гана эмес, “Практикалык ишмердүүлүгүнүн процесси”- катары да бааланып келет [29].

Инсандын түзүлүшү жөнүндө биринчи бөлүмдө кеңири анализ жүргүздүк. Ошентсе да, инсандын түзүлүшү, анын моделин да түзүп тураарын эске алып, төмөндөгүлөрдү кошумчалай кетели. Анткени, болочок инсандын моделин аныктоодо В.Н. Мясищевдин мамилелер теориясын, С.Л.Рубинштейндин аң-сезим жана ишмердүүлүк теориясын, В.Г. Ананьевдин турмушка багытталуу теориясын, А.Н. Леонтьевдин ишмердүүлүк теориясын, Б.М. Тепловдун инсандын типтүү сапаттары теориясын ж.б. эске албай коё албайбыз. Ал эми В.А.Сластенин болочок мугалимдин модели тууралу ой жүгүртүүсүндө, анын профессиограммасы жөнүндө төмөндөгүлөрдү белгилеген [47]: 1) мугалимдин инсан катары аныкталган кесиптик-таанымдык багытталуу өзгөчөлүгү жана мүнөздөмөлөрү; 2) аны психологиялык-педагогикалык жактан даярдоо талаптары; 3) атайын даярдыгынын көлөмү жана курамы; 4) адистик даярдыгынын усулдук мазмуну [47]. Ошондой эле, О.А. Абдуллина өзүнүн изилдөөсүндө мугалимдин жалпы педагогикалык даярдыгы “педагогикалык билимдердин системасы, практикалык көндүмү жана билгичтиги, мугалимдин кесиптик функциясынын абалы”, деген оюн билдирген. Анын системасы төмөндөгү компоненттерден турат: а) фундаменталдык педагогикалык билимдер, окутуу жана тарбиялоо боюнча теориялык-практикалык билимдер; б) окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогикалык тажрыйба алмашуу; в) мектепти башкаруу, уюштуруу иштери боюнча усулдук билимдер [1].

Ал эми окумуштуу-педагог А.Алимбеков болочок мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоо концепциясынын негизги жоболорунда “Этнопедагогикалык даярдык мугалимдин инсанынын интегративдик касиети. Анын мазмунун, структурасын аксиологиялык, процесстик-технологиялык, эмоционалдык-дөөлөттүк компоненттер таризинде мүнөздөп көрсөтүүгө болот” – деп айткан. Демек, окумуштуунун айтуусу боюнча аксиологиялык компонент: улуттун этникалык насилин сактоонун шарты катары абалтан өнүгүп, өркүндөп келген элдик өрнөктүү каада-салт, үрп-адат, ырасым-жөрөлгөлөрдү урматтоо жана барктоо, аларды өзүнүн жашоо-турмушунун эреже-мыйзамына айландыруу, бул жагдайда башкаларга өрнөк болуу ж.б. Процесстик-технологиялык компонент: коом, билим берүү системасы демократиялык, гуманисттик нукка бурулуп, улуттук мектептин жаңыча моделин иштеп чыгуу талабы курч коюлуп турган шартта таалим-тарбия ишин уюштуруунун теориялык-методологиялык негиздерин жеткилең билүү, элдик педагогикага, этнопсихологияга, этникалык маданиятка, этнографияга тиешелүү түйүндүү түшүнүктөрдүн, туюнтмалардын, категориялардын маанисин терең түшүнүп, туура чечмелей билүү ж.б. Когнитивдик же социалдык-таанымдык компонент: этнопедагогика, этика, маданият жаатындагы билимдерин тынымсыз өркүндөтүүгө карата ички талабы, керектөөсү ж.б. Эмоционалдык-дөөлөттүк компонент: этномаданият таламдуу таалим-тарбияны жүзөгө ашыруу жаатындагы өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө карата сынчыл мамиле, кем өксүктөрүн таап, талдап, түзөлтүүгө умтулуу ж.б. болуп эсептелет [2].

Педагогикалык адистин мүнөздүү сапаттары тууралу “Кыргызстан педагогикасы бала – эң жогорку асыл нарк, окуу-тарбия ишин баланын табиятына, жөндөм-шыгына ылайыктап куруу деген философияга ээ болду” – деп белгилүү педагог-окумуштуу И.Бекбоев, учурдагы билим берүүнүн абалына болгон ой толгоолорун жана келечекке болгон ишенимдүү көз карашын ачык-так белгилеп көрсөткөнү менен, – кыргыз элинин келечеги, кыргыз мамлекетинин дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетүүсү ар бир мугалимдин жеке демилгесине, жан дүйнөсүнүн тазалыгына, коомдук мудөө-талаптарга ылайык жаңылануу деңгээлиндеги педагогикалык ишмердигине байланыштуу экенин эң негизги маселе катары кароо керек. Эмки кеп ушул педагогикалык философиянын ар бир мектептин жана окуу жайынын, мугалимдин, билим берүүнүн ар бир кызматкеринин ички ишенимине, индивидуалдуу позициясына айланып калышында турат” [7].

Демек, мугалимдин кесиптик сапаттарына: курак, педагогикалык жана социалдык психология, педагогика, курак физиологиясы жана мектеп гигиенасы боюнча терең билимдерге ээ болушу, дүйнөгө карата туруктуу көз карашынын болушу, балдардын жан дүйнөсүн түшүнө билүүсү, өзү окуткан предмети боюнча терең жана мыкты билимдерге ээ болуусу, уюштура билүүчүлүк, талап коё билүүчүлүк, эмгекчилдик, тыкандык, жоопкерчиликтүүлүк, максат коё билүүчүлүк, тартиптүүлүк, чебердик, өз билимин жогорулата билүүчүлүк, фацилитатордук, көрөгөчтүк, мээнеткеч, жумшак сөздүүлүк, өз ара кызматташа билүүчүлүк, жумшак юморлуулук, аракетчил, принципиалдуулук, активдүүлүк, жароокерлик, үлгү боло билүүчүлүк, туура эмес пикирлер менен келишпөөчүлүк, гумандуулук, калыстык, айкындык, саресепчил, баланы сүйө билүүчүлүк, айлакер, кылдаттык, маданияттуулук, изилдегич, талдагыч, жаратман, эстетикалык табити жогору, ойлоп табуучу, шыктандыруучу, багыттоочу, изденүүчү, жаңылыкты сыйлоо, ага умтулуу, аны пайдалана билүүчү, өзүн-өзү сындай билүүчү, ар бир окуучунун жүрөгүнөн орун алып, сыймыктуу адамы боло билүүсү, түрдүү кырдаалдарга даяр боло билүүсү, жазалоону туура пайдалана билүүсү, новатор, чыгармачыл чечимди кабыл алууга дайым даяр болуусу, педагогикалык оптимизмдин болушу, педагогикалык технологияны билүүсү, педагогикалык тактикага ээ болуусу, турмуштун ар кандай тармактары боюнча кеңири билимдерге, түшүнүктөргө ээ болуусу, дүйнөлүк прогресивдүү маданияттын өрнөктөрүн өздөштүрүүсү, эл аралык этиканы өздөштүрүүсү, башка улуттардын дөөлөттөрүнө түшүнүү менен мамиле жасай билүүсү ж.б. кирет.

Америкалык изилдөөлөрдү анализдөө материалдарында “компетенттүүлүк” менен “квалификацияны” синоним катары карашат. Эгерде, бул тыянактарга таянсак, квалификация – практикалык көндүмдөрдүн жана теориялык билимдердин көлөмүн түшүндүрөт. Ал эми, компетенттүүлүк – окутуу процессиндеги билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн кеңири маанидеги топтомун түшүндүрөт. Компетенттүүлүк – инсандын интеллектуалдык, моралдык, социалдык, эстетикалык, саясий билимдеринин интеграциясы.

Компетенция – (билгичтик, татыктуулук) компетенттүүлүккө тиешелүү түшүнүк, компетенттүүлүк субъекттин ишмердүүлүгүн мүнөздөйт. Ал билимдин, көндүмдөрдүн, жөндөмдүүлүктөрдүн жана жеке сапаттардын белгилүү бир шарттарында кесиптик компетенттүүлүктүн позициясынан каралат. Андай болсо мугалимдин компетенттүүлүгүнө коюлган талаптар, анын ишмердүүлүгүндө иш жүзүнө ашуучу функционалдык, кызматтык милдеттери катары аныкталат. Компетенция – иш аракетте тастыкталган билим [25].

Компетенттүүлүк – бул адамдын өзүндө болгон ресурстары аркылуу проблема чече алуу жөндөмү жана кырдаалга жараша эффективдүү иш аракети.

Компетенттүүлүк – кесиптик даярдыкка ээ болуу процессинде калыптануучу билимдин, көндүмдөрдүн, жөндөмдүүлүктөрдүн жана жеке сапаттардын системалуу түрдөгү көрүнүшү, кесиптик ишмердүүлүктүн маани-маңызын түзүүчү, кесиптик милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө жол ачуучу субъекттин жаңы деңгээлдеги ишмердүүлүгү [25].

Педагогдун жалпы компетенциялары катары төмөндөгүлөр эсептелинет:

– окуучуну окуу ишмердүүлүгүнө кызыктыруудагы компетенттүүлүк;

  • конкреттүү окуу курсунун жана конкреттүү сабактын окуу материалынын маанисин ачуудагы компетенттүүлүк;

  • окуу ишмердүүлүгүн максаттуу уюштуруудагы компетенттүүлүк;

  • окутууга жекече мамиле кылууну чечүүдөгү, турмушка ашыруудагы окуучуну түшүнө билүү компетенттүүлүгү;

  • предметти окута билүү компетенттүүлүгү;

  • педагогикалык маселелерди чечүүгө байланыштуу же чече билүү компетенттүүлүгү;

  • ишмердүүлүктүн жана жүрүм-турумдун программасын түзө билүүдөгү компетенттүүлүк;

  • окуу ишмердүүлүгүн уюштура билүүдөгү компетенттүүлүк [57].

Ушул жерде мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн кесиптик стандартында мугалимдин базалык компетенттүүлүктөрү катары, анын алты элементи көрсөтүлгөндүгүн эске ала кетели. Алар:

  1. Педагогикалык ишмердүүлүктөгү жекече сапаттар.

  2. Максат жана милдеттерди коё билүү.

  3. Окуу ишмердүүлүгүнө кызыктыруу.

  4. Маалыматтык компетенттүүлүк.

  5. Педагогикалык ишмердүүлүктүн программаларын түзө билүү жана педагогикалык чечимдерди чыгара билүү.

  6. Окуу ишмердүүлүгүн уюштура билүү компетенттүүлүктөрү [57].

Албетте, буларда мугалимдин кесиптик жана инсандык компетенциялары синтез түрүндө берилгени байкалып турат, тактап айтканда, аларда кесиптик жана жекече инсандык сапаттары бөлүнүп каралган эмес. Ошондуктан, биздин көз карашыбыз боюнча бул аталган жалпы компетенттүүлүктөрдүн ичинен болочок мугалимдин кесиптик жана инсандык компетенттүүлүктөрүн өз алдынча бөлүп көрсөтүүнү туура көрдүк. Анткени, биздин буга чейин сөз кылып келе жаткан “мыкты инсан гана мыкты педагог-тарбиячы боло алат”, деген оюубузду далилдегибиз келет.

Жогорудагы изилдөөлөргө жана аныктамаларга таянуу менен, болочок башталгыч класстарынын мугалиминин кесиптик компетенттүүлүк жана усулдук чеберчилик сапаттарынын жеке-жеке моделин сунуш кылып көрөлү. Ал төмөндөгү компоненттерден турат:

1. Изилдөөчүлүк компетенциялары.

2. Уюштуруучулук компетенциялары.

3. Активдештирүүчүлүк компетенциялары.

4. Мамилелешүүчүлүк компетенциялары.

5. Өнүктүрүүчүлүк компетенциялары.

6. Тарбиялоочулук компетенциялары.

7. Башкаруучулук компетенциялары.

8. Аналитикалык компетенциялары.

9. Маалымат берүүчүлүк компетенциялары.

10. Түшүнүүчүлүк компетенциялары.

11. Насаатчылык компетенциялары.

12. Лидерлик компетенциялары.

Эми ушул компетенцияларды бирдиктүү бир чийме менен берип көрөлү:


1.1.-сүрөт. Башталгыч класстардын болочок мугалиминин кесиптик компетенцияларынын мүнөздөмөсү.
Эми булардын ар бири туралуу жеке сөз кылалы. Адегенде, болочок мугалим ээ болуучу изилдөөчүлүк компетенциясы тууралуу сөз баштайлы.

Мында изилдөөчүлүк компетенциясынын критерийлери болгон – кесиптик сапаттар жана анын практикалык жактан колдонулушу жөнүндө жана алардын мүнөздүү белгилери сунушталды. Эми мугалимдин уюштуруучулук компетенциясы тууралуу сөз кылалы:

Мында, болочок мугалимдин иш-аракетиндеги уюштуруучулук компетенциясына тиешелүү болгон кесиптик белгилери жана алардын практикада колдонулушу тууралуу маалыматтар берилди. Албетте, бул белгилер – мугалимдин инсандык да, кесиптик да сапаттарынын негизги көрсөткүчтөрүнө кирет.

Мугалимдин кесиптик сапаттарындагы айрыкча бир белги – активдүүлүк. Ал сабакта окуучунун өздөштүрүүсүн активдештирүүдөн тартып, анын чыгармачыл активдүүлүгүнө чейинки иш процессинде билинет.

Албетте, мугалимдин негизги куралы – баланы коркутуп, үркүтүү аркылуу, административдик буйрукчулук аркылуу эмес, анын куралы – жылуу сөз, жумшак мамиле, балага болгон сүйүү, педагогдук такт. Ошондо гана мугалим – чыныгы тарбиячы боло алат. Бул сапат – анын маалымат берүүчүлүк компетенциясы менен жүзөгө ашат.

Мугалимдин маалымат берүүчүлүк компетенциясы иштин башатын ээлейт. Ал бүткүл иш-аракетин камтыйт. Ошондуктан, бул практикалык жактан өтө баалуу. Ал эми тарбиялоочулук компетенциясынын ролу мындан да кем эмес.

Тарбиялоочу кызматы – мугалимдин билим берүү ишинин өзөгүн түзөөрү бышык. Ал мугалимдин кесиптик кызматы менен да мазмундаш, инсандык сапатынын да жогорку деңгээлин билгизет. Албетте, анын бул сапаты – анын өнүктүрүүчүлүк компетенциясы менен андан ары уланмакчы.

Өнүктүрүүчүлүк компетенция мугалимдин кесиптик сапаты менен бирге эле, инсандык сапаты менен да өзөктөш. Ал, баары бир, мугалимдин коммуникативдик сапаттары аркылуу жүзөгө ашмакчы.

Түшүнүүчүлүк компетенциясы дагы мугалим окуучунун инсандыгын түшүнө билүү менен мамиле жасоо, педагогикалык тактты сактоо менен мүнөздөлөт.

Башкаруучулук компетенция – сыртынан караганда административдик башкаруу сыяктуу туюлушу мүмкүн. Бирок, компетенциянын бул түрү – окуучунун окуу-таануу ишмердүүлүгүн туура башкаруу, жетекчилик кылууну туюнтат.

Аналитикалык компетенция – мугалимдин ишмердүүлүгүнүн бир тарабы. Мугалим өз ишин, окуучунун ишмердүүлүгүн анализдеп, синтездеп, баалоо ишмердүүлүгүн да жүргүзөт. Ошондуктан бул дагы өтө маанилүү иштин бир түрү. Мындан башка, мугалимге насаатчылык жана лидерлик сапат да негизги болуп эсептелет.

Окутуу жана тарбиялоо процессиндеги мугалимдин эң негизги чеберчилиги менен устаттыгы – ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачып, жөндөмдүүлүгүн таанытып, ага акыл эмгегиндеги ийгиликтин ыракатын таттырууда турат. Ошондуктан, жогорудагы кесиптик компетенциялардын ар биринин орду мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн маңызын түзөт.

Мектептеги окутуу, тарбиялоо процессиндеги нравалык эрежелер, адеп-ахлак принциптери да баланы курчап турган коомдук чөйрөнүн реалдуу практикасы менен ырасталып турушу керек. Бул учурда ата-эне, үй-бүлө мүчөлөрү, коомчулук менен бирдикте дагы деле болсо негизги аткарылуучу иш-аракет мугалимге таандык. И.Б.Бекбоев “Окутуу деп, жыйынтыгында билим алуучуларды билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө үйрөтүү жана алардын чыгармачыл инсан катары баалуу сапаттарын калыптандырууга багытталган катышуучулардын максаттуу өз ара аракеттенүү процесси” экендигин түшүндүрөт [7].

Ал эми, окутуу процессинде мугалимдин дидактикалык кырдаалдарды чече билүү жөндөмдүүлүгү да негизги орунда турат. Дидактикалык кырдаалдар окутуунун инсанга багытталышы, мотивдерди тереңдетүүнү жана кызыгууларды жаратууну, окутуу жөндөмдүүлүгүн, өз ара таасир этүүлөрдү уюштуруунун мазмунун, кызматташтыкта болуунун, окутуунун уюштуруучулук формаларын, окутуунун техникалык каражаттарын, педагогикалык-уюштуруучулук шарттарын өз ичине камтыйт [6].

Коомдун келечектеги талабына, тагдырына жооп берүүгө даяр болгон, өлкөнүн тиреги, таянар тоосу, сыймыгы болуп бере турган адистерди калыптандыруу үчүн төмөндөгү маселелер негизги болуп эсептелет:

1. Инсандын өзүн-өзү тааный билүүсү жана өзүнүн баалуулугун аңдай билүүсү, өзүн-өзү өнүктүрүүгө шарт түзө билүүсү.

2. Окутуучу менен студенттин ортосундагы субъекттин-объектке болгон мамилесин жоюу жана субъекттин субъектке болгон мамилесине өтүү.

3. Инсандын жекече өзгөчөлөнгөн жагын (биогенетикалык өзгөчөлүгү, темпераменти, жөндөм-шыгы, таланты, акыл түзүлүшү, мүнөзү, эмоционалдуулугу, табити, келбети, маанайы ж.б.) жана өз алдынчалыгын көңүлгө тутуу.

Демек, мугалимдин кесиптик даярдыгы мыкты, инсандык сапаты жогорку деңгээлде болуусу үчүн жогорку окуу жайында билим берүүнүн эффективдүүлүгүнө таасир этүүчү ар тараптуу компетенттүү иш-аракеттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылчылыгы негизделет: педагогикалык-психологиялык дисциплиналардын базалык курсун камсыз кылуучу улуттук мүдөө-талаптарга ылайык окуу-усулдук комплекстерди түзүү; ар кандай предметтерден берген окутуучулар менен окуу-усулдук комплекстерди түзүү боюнча предмет аралык биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү, илимий иштердин практикалык-багытталган эксперименттик мүнөздө болушун камсыз кылуу, келечектүү алдын-ала изилдөө иштерин жүргүзүү.

Мындан сырткары окуу планындагы тандоо курсу, адистик дисциплиналарга учурдун талабына ылайык инновациялык мүнөздөгү кыргыз элинин нукура педагогикалык маданиятын чагылдырган окуулуктарды, лекциялык топтомдорду, окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу жана аны окуу планына сунуштоо максатка ылайыктуу болуп эсептелет.

Бул предметтердин окуу программаларынын маңыз-мазмунун учурдун талабына төп келген кыргыз элиндеги жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик асыл нарктары, демократиялык коомдун баалуулуктары жана идеалдары, тагдырды ата журт кызыкчылыгына байлаган мекенчил принцип, эл-журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган улут идеясы, кыргыз акылмандыгынын тарыхый тажрыйбасынан жаралган элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар түзүүсү өтө зарыл.

Учурда мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн окуу планындагы берилген этнопедагогика, этнопсихология дисциплиналары үчүн түзүлгөн окуу программаларынын маңыз-мазмуну да мезгилдин талабын канааттандырбайт.

Бул дисциплиналар үчүн түзулгөн окуу программаларын улуттук мүдөө-талаптарга ылайык өркүндөтүү жогорудагы бир канча проблемалардын чечилишине өбөлгө түзөөр эле.

Бул маселеге өз мезгилинде С.Щацкий «Тарыхты жакшылап иштеп чыгуу, теориянын кийинки өркүндөөсүнө кызмат кылып, ошондой эле адамдар фактыны окуп, үйрөнүп жана алардан жыйынтык чыгарса, теорияда жана тарыхта эки жакка бирдей пайда алып келе турган өз ара аракеттенишүү чексиз уланмак», – деп айткан [59].

Булар туурасында жогоруда айтылып өткөн компетенттүүлүктөрдүн моделинде да түздөн-түз белгиленди. Албетте, бул сыяктуу сапаттар жана компетенттүүлүктөр изилдөөбүздүн кийинки параграфтарында дагы да уланмакчы жана конкреттештирилет.


1   2   3   4   5   6


написать администратору сайта