АБИДЖАН КЫЗЫ. Абиджан кызы махбуба
Скачать 114.86 Kb.
|
Эксперименттин натыйжаларыИзилдөөдөгү маселени чечиш үчүн педагогикадагы ыкмалар колдонулду алар: байкоо, аңгемелешүү, изилдөөнүн сапатын жогорулатыш үчүн жана окуучулардын кесиптик билимин текшерип көрүү максатында респонденттер (бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, жумуш берүүчүлөр) үчүн анкеталар түзүлдү. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын жаңы муунун түзүүдө төмөндөгү негизги жобоолор аткарылышы керек. Биринчиден, билим стандартын түзүүдө компетенттик мамиле биздин көз карашта төмөнкү мааниге ээ: – билимдин жыйынтыгын системалуу чагылдыруу; – бүтүрүүчүнүн билиминин жыйынтыгынын калыптанышы, окуу жайдагы бүтүрүүчүнүн калыптанган билимин, билгичтигин , көндүмдөрүн практика жүзүндө көрсөтүп бере алышы. – Компетенциялардын структурасын, башкача айтканда окуп жатканда окуучунун компетенттүүлүктү кабыл алып, жана аны иш жүзүнө ашырышы (негизинен окуу-тарбия иштерине байланыштуу жалпы жана предметик-атайлаштырылган компетенциялар). Экинчиден, компетенттүлүк ыкма, кесиптик билим системасындагы профессионализим (кесипкөйлүк) жана ишмердик тажрыйба, инновациялык процесстерге оң таасирин тийгизип, предметтерден калыптанган, тандалып алынган компетенциялардын тигил же башкасына ыктап иш оордунда кесипкөй болот. Окуу жайлар, билим берүүчү мекеме болгондуктан, өздөрүнүн ишмерлигин окуучуларга сапаттуу билим берүү деп эсептеп, алар тандап алган кесиби жөнүндө фундоменталдык билим берүүгө умтулушат. Бул үчүн изилдөөнүн структурасы түзүлүп, аны камтыган элементтери такталып, окуучулардын арасында аңгеме жүргүзүп, анкета таратылып, лицейлердин иши анализделди. Анкета түзүүдө профессионалдык билим системасындагы кесибине ылайык келген баардык компетенциялар эске алынып, компетециялардын тең салмактуулугу сакталышы керек. Жогорку кесиптик билим берүүдө бүтүрүчүлөрдүн билим деңгээлин анализдөө керек болду. Изилдөөнүн биринчи баскычында констатациялык эксперимент жүргүзүлүп, лицейдин окуучуларынын билим деңгээлинин сапатын, өздүк балоо аркылуу билүү максатында жүргүзүлүп, ошону менен катар, изилдөөдө педагогдордун окуучуларга тийгизген таасири төмөнкү суроолор аркылуу ачуу максат кылынды ал сүроолор: келечектеги пландар; тандап алган кесипке болгон сүйүү, бүтүрүүчүнүн келечеги; бүтүрүүчүнүн көз карашы менен сабактардын сапатын жана жумуш орду менен камсыз болуусун изилдөө. Анкета жүргүзүүдөгү кесиптик даярдоонун сапатынын көрсөткүчү (критериясы) бүтүрүүчүлөрдүн балоосу менен тастыкталды. Эксперимент ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинде өтүп, ага төмөнкүлөр катышты: 18 мугалимдер жана 20 жумуш берүүчүлөр катышты. Катышкан респонденттерде эркектер (16,7%), аялдар (83,2%), (2.2.-табдица). Эмгек стажы жылга чейин – (78,6%), 10 жылга чейин – 9 (6,3%), 15тен жогору – (8,1%) 2.2.Таблица. Гендердик курамы жана респонденттердин иш тажрыйбасы
Изилдөөнүн жыйынтыгында, учурдагы жумушчу кадрларды даярдоо учурундагы бүтүрүчүлөрдүн жообу төмөнкүдөй: “Кандай кесипкөй болууну Сиз кааладыңыз?”,–51% магистратурада окууну каалашат; 25% –чет жака кетүүнү; 17,3%–чакан ишканаа ачууну; 4,6%–тандоодон жаңылышкан; 1,3% – ОшМУда окутууну сындашты. Мындан сырткары 19 окуучунун жоопторунда “теория сабактары” аз болуп, өндүрүштөгү практиканы көбөйтүүнү каалашты. Анкеталарга жооп берген студенттердин саны 30 адам. Биринчи деңгээлдеги анкета өткөрүүнүн жыйынтыгы кесиптик билим берүүнүн сапаты түздөн-түз мугаалимдин профессионалдык деңгээлине, алардын педагогикалык дараметине, профессионализмине байланышып, окуучуларды тандап алган кесибин мыкты өздөштүрүп,белгиленген мөөнөттө билимин, билгичтигин, көндүмдүгүн өздөштүрүп, атаандаштыкты жеңе алуусу зарыл. Аларга суроо узатканда: “Силердин ойуңарча алган билимиңер жумушка ийгиликтүү орношууңуздарга жөлөк боло алабы?” – 72% жетишээрлик; 20% жөлөк болот; биле албайм – 1,3% ; жетишпейт – деген жооп 6%; өтө начар деген жооп – 0,6% . Жумуш берүүчүлөрдүн каалоосун канааттандырууда аларга бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли эмес, алардын иш аракеттери, коллективге сиңип кетиши, социалдык байланыштардын оңолушу, үзгүлтүксүз, өздүк билим алуу. Жумуш берүүчүлөргө суроо: “Силерди бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээли канааттандырабы? Жумуш берүүчүлөрдүн берген жообунда кесиптик билим берүүдөгү көңүл бурулуучу нерселердин ичинен окутуунун жыйынтыгы – кесиптик компетенцияларды (табл. 2.3) өздөштүрүү болуп саналат. Таблица 2.3. Жумуш берүүчүлөрдүн бүтүрүчүлөрдүн даярдагы тууралу ойлору
Кесиптик билим берүүдө жумуш берүүчүлөрдүн бүтүмү, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлине эмес, алардын ишмердүлүгүнүн натыйжасы, бириккен топто иштей билиши, ыкмалашып иштөөсү, социалдык байланыштарды өнүктүрүүсү жана өзүнүн билимин жогорулатуу экендиги билинип, кесиптик билим берүүнүн эң негизи натыйжалулугу – кесиптик компетенцияларды өздөштүрүнүн негизинде гана кесипкөй болоору белгиленди. Анкета жүргүзүүнүн экинчи этабы болсо, жаңы муундагы окутуунун мамлекетик стандарттын түзүүдөгү кесиптик билим берүүнүн деңгээлин проектөөдө, анкета жүргүзүүдөгү бүтүрүүчүнүн, лицейлердин мугалимдеринин жана жумуш берүүчүлөрдүн ой –максаттарын тастыктоо максатында жүрзүлдү. Компетенттүлүктүн манисин талдаш үчүн сурамжылоо анкеталары иштелип чыгып, анкетада респонденттердин калоосундагы компетенциялардын тең салмактуулугу сакталды. Анкеттөөнүн жыйынтыгы башталгыч кесиптик билим берүүнүн жаңы муундагы мамлекеттик стандартын түзүүдө, окуу пландары менен программаларын, ошондой эле окутулуучу предметтердин түзөтүлүшүн талап кылат. Биринчи өткөрүлгөн бүтүрүүчүлөрдүн анкеталарынын суроолору алардын алгачкы кесиптик жолундагы көндүмдөрдүн жана компетенциялардын ийгиликтүү көрсөткүчү болот. Берилүчү суроолор корректировка жасалгандан кийин 43 компетенцияларды түздү. Жыйынтыктоо учурунда, сандык жана сапаттык жагынан көрсөтүлгөн компетенциялардын маанилери ар түрдүү өңүттө чыкты. Анкетирлөөнүн эрежесин колдонуп, сурамжылоонун негизинде алынган жыйынтыктарды талдап, синтездөө жолу менен керектүү коэффиценттин ала алдык. Керектүү коэффиценттердин ичинен, ар бир жагдайынан жетиден компетенциялар тандалып алынды. Анкетирлөө үч деңгээлдеги компетенцияларды табууга мүмкүнчүлүк берди: респонденттердин көз карашынын негизинде анкеттөөнүн жыйынтыгында, үч деңгээлдеги: эң маанилүү, маанилүү жана анчейин маанилүү эмес деген жумушчу кесиптеги ишмерчиликтин компетенцияларын таптык. Төмөндө биз бүтүрүүчүлөрдүн көз карашындагы эң маанилүү жана маанилүү болгон компетенцияларды көргөзүлдүлү (табл. 2.4). 2.4.-Таблица.Бүтүрүүчүлөрдүн эң маанилү компетенттүүлүктөрү
Инструменталдык (ИК):
Социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМ):
б) Профессионалдык (кесиптик) компетенциялар (ПК):
Респонденттерди сурамжылоону талдоо көрсөткөндөй, кесиптик билим берүү мекемелеринин азыркы муундагы бүтүрүүчүлөрүндө кандай компетенциялар калыптануусу зарыл. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде бүтүрүүчүгө ар кандай кесиптик ишмердүүлүктө керектелүүчү сапаттар аныкталган. Жүргүзүлгөн бүтүрүүчүлөрдү, окутуучуларды жана иш берүүчүлөрдү анкеталык сурамжылоонун жүрүшүндө керектелүүчү компетенциялар жөнүндө анкеталык малыматтарын талдоонун жыйынтыктары жумушчу топтун, ошондой эле Бишкек шаарынын баштапкы кесиптик билим берүү системасынын билим берүү мекемелеринин педагогикалык жаматынын талкуусуна алынып чыккан. Натыйжада жыйырма жалпы жана кесиптик компетенциялар жөнүндө сүйлөшүлүп, бир пикирге келишкендик жетишилди. Белгилеп кете турган нерсе, бул компетенциялар «Бүтүрүүчүлөрдүн компетенттик моделинин» негизин түзөт. Компетенциялардын сандык жана сапаттык сүрөттөлүшү маанилүүлүк коэффициентинен келип чыгып, колдонулуучу анкета жүргүзүү жана синтездөө методикасынын аркасында айырмаланат. Биздин пикирибизде, компетенцияларды аныктоо тигил же бул адистик үчүн иштелип чыккан башталгыч кесиптик билим берүүнүн жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жараша бирдиктүү окуу планы менен камсыздалышы керек. Студенттерде жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруу билим берүүнүн мазмунун өзгөртүүнү талап кылат. Окуу материалдары билим берүүнүн мазмунун өзгөртүүнү талап кылгана предметтик компетенциялардын калыптануусунун эсебинен жаңылаануусу жана конкретелүүсү керек. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн практикасында билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга бир катар технологиялык мамилелер калыптанган. Бирок бул бардык мамилелер өзүнүн негизинде жалпы механизмге ээ - кесиптин функционалдык картасын иштеп чыгуу, анын негизинде функционалдык талдоо жатат. Функционалдык талдоо - бул эмгек ишмердүүлүгүн сүрөттөө аркылуу анын функцияларын натыйжага жеткирүү. Бул мамиленин артыкчылыгы анын эмгекти уюштуруу жана технологияларды өзгөртүүнү оперативдүү эскертүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө турат, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү кайда барышат. Бул маселенин чечилиши окутуунун технологияларынын жаңы натыйжалуу формларын колдонуудан көз каранды. Буга байланыштуу, азыркы жагдайда негизги багыттар болуп кесиптик функциялардын жыйындысынын негизинде билим берүү стандарттарын түзүү жана структуралоону алдын алган, кесиптик ишмердүүлүктүн функционалдык талдоонун натыйжасында бөлүнгөн функционалдуулук принцибин колдонууга мүмкүн, ал заманбап экономиканын талаптарынын негизинде жатат. Дал ошол принципти ишке ашыруу аркылуу кызматкерди даярдоо системасында билимдик мамиледен функционалдык мамилеге өтүүсү ишке ашырылуусу мүмкүн. Ошентип, компетенттүүлүк мамиле билим берүү процессинин акыркы натыйжага багытталгандыгын карайт. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн болочок жумушчусунун кесиптик компетенттүүлүгү инновациялык билим берүү процесстерин ишке ашыруу үчүн фундамент болуусу жана келечекке багытталган окуу жайынын инновациялык өнүгүүсү зарыл. |