Главная страница
Навигация по странице:

  • Билим берүүнүн стандарты. Билим берүүнүн мазмунун аныктоочу нормативдик до

  • Окуу планына белгилүү бир педагогикалык талаптар коюлат.

  • Окуу китеби жана куралдары

  • Окуу китебине төмөнкү дидактикалык талаптар коюлат

  • АБИДЖАН КЫЗЫ. Абиджан кызы махбуба


    Скачать 114.86 Kb.
    НазваниеАбиджан кызы махбуба
    Дата29.11.2019
    Размер114.86 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаАБИДЖАН КЫЗЫ.docx
    ТипДокументы
    #97589
    страница2 из 6
    1   2   3   4   5   6

    1-ГЛАВА. МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИНЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАРДЫ ИЗИЛДӨӨНҮН ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ

    1.1. Мамлекеттик билим берүү стандарты – жогорку окуу жайларда билим берүүнүн мазмунун аныктоочу документ катары


    Азыркы учурдун талабы боюнча мамлекет тарабынан билим берүүнүн кандайдыр бир өнүктүрүлгөн үлгүлүү мазмунунун түзүлүшүнө өзгөчө эки шарт таасир этет. Алардын биринчиси, мамлекеттин ичинде жайгашкан бардык окуу-тарбиялоо мекемелеринин алдына бирдей педагогикалык мейкиндик орнотуунун зарылчылыгы менен байланыштуу болсо; экинчиси, ушул окуу-тарбиялоо мекемелеринде окуган окуучулардын алдына коюлуучу билимдин бирдей деңгээлин аныктоо болуп эсептелинет. Мамлекет тарабынан аныкталган ушул жалпы, баарына бирдей болгон билимдин деңгээлин ар кандай окуу-тарбиялоо мекемелеринен алууга болот. Буга байланыштуу бүтүмдүү жыйынтыктар мамлекеттик документтин эң негизгиси болгон, б. а., билим берүүнүн мазмунунун үлгүсүн аныктоочу жалпыга тиешелүү документ – билим берүүнүн мазмунунун мамлекеттик стандартында чагылдырылат. «Стандарт» деген сөздү англис тилинен которгондо «үлгү», «ченем», «өлчөм» дегенди билдирет [22].

    Ар бир билим алуучуну мамлекет тарабынан коюлуучу талаптардын негизинде коомдук адамдын, үлгүлүү инсандын деңгээлине көтөрүүгө багытталат. Ал эми инсандын чыныгы мүмкүнчүлүгү менен билим берүү системасынын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлгөн үлгү билим берүүнүн стандарты (үлгүсү) деп аталат [8].

    Биздин мамлекетте билим берүүнүн стандарты билим берүү системасына тиешелүү болгон документтердин эң баштапкысы болуп эсептелет. Мында, негизинен, билим берүүнүн мазмуну, анын деңгээли жана формалары, ошондой эле окутуунун жыйынтыгын ченөөчү жана текшерүүчү ыкмалар да чагылдырылат.

    Мына ушул мамлекеттик маанидеги документтин негизинде андан аркы ар түрдүү башка пландар түзүлөт. Алардын эң биринчиси базистик окуу планы деп аталып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, жалпы орто мектептер үчүн каралган билимдин орточо көлөмүн белгилеген документ болуп эсептелет. Ал эми бул базистик план башка, майда пландар үчүн негиз болуп бере алат. Мунун негизинде түрдүү жумушчу пландарын, ошондой эле мектепти акчалай каржылоо жөнүндө да тийиштүү документтерди түзсө болот.

    Базистик окуу планы төмөнкү ченемдиктерди аныктайт [47]:

    • окуу жылынын башталышын жана аякташын;

    • орто мектептин ар бир баскычы үчүн уюштурулган окулуучу предметтердин бир жумалык көлөмүн жана сөзсүз түрдө окулуучу предметтер менен тандоо аркылуу окулуучу предметтердин, ошондой эле кошумча өтүлүүчү предметтердин тизмелерин;

    • окуучулар үчүн сөзсүз түрдө окулуучу сабактардын бир жумалык көлөмү менен аларды окууга берилүүчү убакытты;

    • мугалимдердин жалпы аткарган милдеттери үчүн мамлекет тарабынан негиз делген эмгек акыларын ж. б.

    Базистик окуу планынын негизинде типтүү окуу пландары түзүлөт. Бул пландар да Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Типтүү окуу пландары көбүнчө сунуштоо иретинде түзүлөт.

    Билим берүүнүн стандарты. Билим берүүнүн мазмунун аныктоочу нормативдик документтердин бири – билим стандарты [1]. Билим стандарты мамлекет тарабынан кабыл алынган билим берүүнүн негизги мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы. Стандарт негизинен алганда бирдей мааниге ээ болгон нерселерди, объектилерди салыштыруунун «нормасы», «үлгүсү» жана «эталону» болуп саналат. Билим стандарты мамлекет менен анын граждандарынын ортосундагы билим берүү сферасы боюнча өз ара келишимди чагылдырат. Мамлекет өзүнүн социалдык, техникалык, экономикалык мүмкүнчүлүгүнөн улам аныкталган деңгээлдеги билим берүүнү сунуштайт, уюштурат, жүргүзөт [21]. Ал эми коомдун ар бир жаш мууну мектептин, жогорку окуу жайлардын жана коомчулуктун, мугалимдердин жана ата-энелердин жардамы менен сунушталган билимди кайсы бир деңгээлде өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык кабыл алуу менен бирдикте, инсан катары коомдун аныкталган мүчөсү болуп калыптанат.

    Билим стандартын практикага киргизүү – окуу процессии башынан аягына чейин катуу текшерүүдөн өткөзүү змее, тескерисинче аныкталган окуу мазмунунун негизинде ар түрдүү варианттардагы программаларды жаны технологиялар менен, ар түрдүү окуу китептери менен жогорку чыгармачылыкта эмгектенүүгө шарт түзөт. Анткени, стандартта окуу процессинин акыркы жыйынтыгы көрсөтүлөт, ал эми ага жетүүнүн багытын, жолдорун жана формаларын ар бир педагог өзү тандап ала алат [21].

    Окуу системасына билим стандартгы киргизүү бул – окуу процессинин мазмунун, анын түзүлүшүн, студенттерге берилүүчү билимдин көлөмүн сапатын аныктоого багытталат. Ушундан улам, билим стандарты төмөнкү талаптарга жооп берет [29]:

    1. Стандарт социалдык чөйрөнүн абалына, окуу процессине катышуучу тараптардын каалоосуна жана мүмкүнчүлүгүнө туура келип, эки тараптын макулдугу менен кабыл алынышы керек;

    2. Стандарт эн биринчи ирээтге окуу процессинин жыйынтыгынын нормасы катары каралашы зарыл;

    3. Стандарт билим системасынын баекычтарын улануучулугун жана байланыштуулугун камсыз кылышы керек;

    4. Стандартгын мазмуну жана түзүлүшү ар бир билим системасынын баекычында инсандын аныкталган өнүгүшүнө алып келиши зарыл;

    5. Стандарт окуу процессиндеги мамлекеттин кызыкчылыгын жана компетенциясын эске алуу менен бирге, эн биринчи ирээтге окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жана талабына жооп бериши керек;

    6. Стандарт жогорку деңгээлдеги технологиялык мүнөздөмөлөргө, жөнөкөй жана түшүнүктүү текшерүү жана баалоо каражатгарына ээ болушу зарыл.

    Билим стандарты окуу мазмунунун нормативдик документа болуу менен бирге төмөнкү функцияларды аткарат [29]:

    • билим берүүнүн сапатын аныктайт. Стандарт билим мазмунунун, окууларга тиешелүү болгон окуу көлөмүнүн, окутуу процессинин жыйынтыгынын бааланышын, окуу-тарбиялоо мекемелерин жана окутуучуларды аттестациялоонун нормасы болуп санапат.

    • республикабыздын ар бир жаш муунунун билимге ээ болушунун гаранты болуп саналат. Республикабыздагы Конституция, Закондорго ылайык студенттердин тиешелүү билим системасынын баскычтарында кандай укуктук базада жана кайсы билимдер окутула тургандыгы ачык жана так көрсөтүлөт.

    • билим берүүнүн жалпы багытын аныктайт. Республикабыздагы билим беруүдөгү өзгөрүүлөр жалпы дүйнөлүк билим берүү системасынын өнүгүү тенденциялары менен айкалышып, бүткүл дүйнөлүк билим берүүнүн мейкиндигине интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн түзөт.

    • билим системасынын ийкемдүү башкарылышына шарт түзөт. Алдын-ала даярдалган текшерүү жана баалоо критерийлеринин негизинде билим системасын жалпы мүнөздөмөлөрүн так аныкталышы жогорку окуу жайларда окуу методдорун, каражаттарын жана формаларын тандоого шарт түзөт.

    • билим берүү системасындагы билим берүү деңгээли менен студенттердин даярдык денгээлинин ортосундаты айырманы аныктайт. Стандартта ар бир предмет боюнча билимди берүү денгээли абдан так аныкталат. Ошол эле учурда студенттерге ар биринин өзгөчөлүгүне, мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдануу денгээлинин эн зарыл төмөнкү чети аныкталат. Ошентип, билим берүү процессинин сапаты бекитилет.

    Мамлекеттик билим стандартынын киргизилиши ар бир студенттин алдын ала белгиленген билимдин денгээлине жетишине шарт түзөт. Мамлекеттик билим стандартын сактоо жана аткаруу жалпы билим берүүнүн сапатын тийиштүү деңгээлге көтөрөт.

    Окуу планы. Билим мазмуну төмөнкү нормативдик документтерде: окуу планы, окуу программасы, окуу китептери аркылуу иш жүзүнө ашат. Окуу процессии тигил же, бул окуу жайында жүргүзүү үчүн окуу планы бекитилет. Окуу планы окуу жайы үчүн окуунун мөөнөтүн, окулуучу предметтердин тизмегин, алардын окутулуу ыраатын, окутууга берилген жумалык сааттын жалпы санын жана ошондой эле, окуу графигин аныктайт.

    Жогорку окуу жайынын окуу планы – бул жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун негизги мазмунунун жалпы багытын, студенттерди окутуунун формаларын, окулуучу предметтердин тизмегин, окуунун мөөнөтүн, билимдерди текшерүүнү аныктоочу мамлекеттик документ. Окуу планы мамлекеттин ичиндеги ар башка жогорку окуу жайларынын бир профилдеги адистерди даярдоодо бирдей талапты камсыз кылат да, окутуунун тартибин, окуу мезгилин, семестрдин узактыгын, экзамендик сессияны, каникулду, практиканы, курстук, дипломдук иштердин санын аткаруу убактысын регламенттеп турат.

    Окуу планынын ичине фундаментапдык жана социалдык илимдер кирет, алар студенттин жогорку билим алуусунда зор мааниге ээ. Анткени, бул илимдердин негиздери бардык адистиктерге методологиялык база болуу менен бирге жаратылыш жөнүндө, коом жана коомдогу адамдардын ээлеген орду жөнүндө кез караштардын системасын калыптандырууга багытгалган. Ушул максатта тарых, философия, социология, культурология, дин таануу, педагогика, психология, экономикалык теория жөнүндө окуу, этика жана эстетика ж.б. дисциплиналар окутулат. Бул предметтерди окутуу 1-курстан баштап киргизилип, коомдук өнүгүүнүн мыйзамдарын конкретгүү жашоо кырдаалдарында аталган билимдерин негиздерин туура түшүнүп, туура пайдаланууну камсыз кылат.

    Техникалык жогорку окуу жайларында фундаменталдык дисциплиналар катары: жогорку математика, физика, химия, чийүү геометриясы, черчение эсептелет. Бул предметтер жаратылыштын жана социалдык чөйрөнүн негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө билимди берүү менен бүтүрүүчү адистин илимий базиси боло турган
    жаппы профессионалдык жана социалдык циклдеги дисциплиналарды өздөштүрүүсүнө жол ачат.

    Жалпы профессионалдык циклдеги дисциплиналарга студенттердин келечектеги ишмердүүлүк сферасына тиешелүү дисциплиналар кирет. Мисалы, техникалык адистиктерге машиналар жана механизмдер теориялары ж.б. кирсе, педагогикалык адистиктерге – психология, педагогика ж.б. кирет.

    Атайын циклдеги дисциплиналарга студенттин кайсы бир адистиктеги окуган тармагына түздөн-түз байланышкан дисциплиналар окутулат. Алар жогорку квалификациялуу адистин жогорку профессионалдык мобилдүүлүгүн камсыз кылуучу атайын даярдоонун бардык суроо-талаптарын канааттандыруусу керек.

    Атайын циклдеги дисциплиналар адистердин профессионалдык функцияларына түздөн-түз дал келүүчү билим, билгичтик, көндүмдөрдү калыптандырат. Атайын циклдеги дисциплиналардын мазмуну жалпы илимий жана профессионалдык дисциплиналардын мазмунуна караганда тез өзгөрүп, тез алмашып турууга мүмкүнчүлүгү бар. Эреже боюнча бул предметтер акыркы курстарда окутулат.

    Окуу планына белгилүү бир педагогикалык талаптар коюлат.

    1. Окуу планы көп предметтүү болбош керек; көп предметтүүлүк окуу планын ирээтсиз, чаржайыт кылат. 5 жылдык окуу мезгилинде дисциплиналардын саны 45-50 чейин болуш керек. Ал эми айрым учурда алардын саны 28-30 чейин төмөндөйт.

    2. Ар бир семестрде 7-10 ар түрдүү мүнөздөгү дисциплиналар окутулат.

    3. Ар бир предмет өзүнүн окуу темасына ээ болуп, окуу предметтердин графигине тегиз жайгашуусу керек.

    4. Окуу предметтери семестрлер, курстар боюнча аяктоосу зарыл. Бул студентгердин көңүл буруусун, кайсы бир курстарга ориентир алуусуна мүмкүндүк берет.

    5. Окуу расписаниесин түзүүдө оор дисциплиналар жеңилирээк дисциплиналар менен айкалышуусу керек.

    6. Окуу планына кирген дисциплиналар белгилүү бир ырааттуулукта, өз ара байланышта. жөнөкөйдөн татаалга карай түзүлүүсү зарыл.

    Ар бир 4-5 жылда жогорку окуу жайлардын окуу планы топтолгон окутуу жана тарбиялоо тажрыйбаларына, илимдин, техниканын, өндүрүштүн, маданияттын өнүгүшү жана келечектеги өзгөрүүлөргө таянып, өзгөрүүгө муктаж болуп турат.

    Ошентип, окуу планы – бул, кайсы бир жогорку окуу жайында окутулуучу предметтердин составын, алардын жылдар боюнча болүнүшүн, жумалык жана жылдык саатгардын санын белгилеп көрсөтүүчү мамлекеттик документ.

    Окуу программалары. Билим мазмунунун берилиши теориялык деңгээлде окуу планында көрсөтүлсө, анын түздөн-түз практикада иш жүзүнө ашырылышы окуу программаларында жана окуу китептеринде чагылдырылат.

    Окуу предмети илимдин, маданиятын жана өндүрүштүн негизги жоболорунан келип чыккан атайын багытгагы илимий билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн жаш курактык өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан системасы болуп санапат. Окуу предметинин максаты, мазмуну жана түзүлүшү окуу программалары менен аныкталат.

    Окуу программасы ар бир окуу предмети боюнча билимдин, билгичтиктин жана көндүмдөрдүн мазмунун бекитүүчү, негизги илимий коз караштарды үйрөнүүнүн логика'сына ылайыкташкан окуу темапарын, алардын удаалаштыгын, өздөштүрүүгө бөлүнгөн убакыт өлчөмдөрүн бекитүүчү негизги нормативдик документ болуп саналат. Окуу программасы окуу предметинин илимий жана руханий бирдиктүүлүгүн камсыз кылат. Окуу программасынын типтүү мамлекеттик, жумушчу жана автордук турлөрү бар.

    Типтүү окуу программасы бардык педагогдордун, окумуштуу дидакттардын, коомчулуктун катышуусу менен даярдалып, официалдуу түрдө Билим жана илим Министрлиги тарабынан бекитилет. Ар бир мектеп типтүү программанын негизинде жумушчу окуу программасын иштеп чыгып жана педагогикалык кеңешке бекитилет.

    Окуу программасы негизинен апганда үч бөлүктөн түзулөт. Окуу программасынын түшүндүрмө бөлүгүндө окуу предметинин максаты, анын милдеттери, студенттерге берилүүчү билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн системасы көрсөтүлөт.

    Окуу программасынын кийинки бөлүгү – негизги бөлүгү болуп саналат. Ал бөлүктө окуу предметинин мазмуну, тематикалык планы жана темалардын чечилиши көрсөтүлөт. Ар бир теманын негизги түшүнүктөрү, билим, билгичтик жана көндүм боюнча окуу бирдиктери, окутуунун формалары белгиленет. Мындан тышкары, ар бир теманы өздөштүрүү боюнча окуу убактысы бөлүнөт.

    Окуу программасынын үчүнчү бөлүгүндө окуу предметине тиешелүү методикалык көрсөтмөлөр, башка окуу предметтери менен байланыштар, окуу предметине керектелинүүчү материалдык-техникалык база, көрсөтмө куралдар жана ошондой эле, окуучулардын даярдык деңгээлине коюлуучу негизги талаптар көрсөтүлөт. Мындан тышкары колдонулуучу адабияттардын тизмеси берилет.

    Мамлекет тарабынан бекитилген окуу программасынын негизинде тиешелүү предмет терендетип, же тескеринче жеңилдетип окутуу боюнча жеке автордук, же коллективдик окуу программалары даярдалат. Адатта автордук окуу программасы, кошумча курстар, мектептин педагогикалык кеңеште талкууланып бекитилет.

    Окуу китеби жана куралдары. Окутуу процессиндеги эн негизги окуу куралы – окуу китеби болуп саналат. Окуу китеби – окуу программасына ылайык студенттер өздөштүрүүгө тийиш болгон маалыматтарды жана методикалык материалдарды толук камтыйт. Окуу китеби ар бир дисциплина боюнча түзүлөт жана билим берүүчү, өнүктүрүүчү, тарбиялоо, мотивация түзүү, маалымат берүү, текшерүү жана башкаруу функцияларын аткарат.

    Окуу китебине төмөнкү дидактикалык талаптар коюлат [10]:

    1. Окуу китеби мамлекеттик билим стандартында көрсөтүлгөн билим деңгээлин камсыз кылуучу окуу материалы менен жабдылышы керек. Демек, окуу китебинде аныкталган татаалдыктагы жана зарыл көлөмдөгү окуу материалы берилет.

    2. Окуу китеби студентгин интеллектуалдык, руханий жактан тынымсыз жана үзгүлтүксүз өнүгүшү үчүн ар тараптуу материалдар менен камсыз болушу зарыл, ошондуктан окуу китебинде ар бир маалымат абдан кылдат тандалып өз ордуна коюлушу маанилүү болуп саналат.

    3. Окуу китебиндеги материалды өздөштүрүү менен студент аныкталган сапаттарга, мүнөздөргө калыптанышы керек. Окуу китебиндеги көлөмүнө коюлган талаптар менен анын тарбиялоо таасирлерин жогорулатуу абдан оор маселелердин бири болуп саналат.

    4. Окуу китебиндеги окуу материалдары студенттерде кызыгууну пайда кылышы керек. Окуу предметинин студент тарабынан өздөштүрүлүүсү китептеги материалдын мотивди түзүүдөгү таасирине коз каранды болот.

    5. Окуу китебинин мазмунун өздөштүрүү үчүн сөзсүз түрдө кошумча маалыматтарды издөө зарылчылыгы келип чыгышы керек. Себеби, окуу китеби билимди өздөштүрүү үчүн зарыл мазмундун эн минималдуу бөлүгүн гана камтыйт. Ар бир студентте китептеги материалдарга кошумча материалдарды өз алдынча издөө, табуу системалык ишмердүүлүккө айланышы керек.

    6. Окуу китебинде материалдардын берилиши жана жайгашышы мугалим менен студент тарабынан текшерүүгө, окуу жетишкендиктерин баалоого мүмкүнчүлүк түзүшү зарыл. Ошондуктан, аныкталган билгичтикке жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн сөзсүз түрдө аткарылуучу көнүгүүлөр жана тапшырмалар орун алат.

    7. Окуу китеби таанып-билүү ишмердүүлүгүн өзгөрүүсүн аныктоого, ага өз убагында багыт берүүгө мүмкүнчүлүк түзүүсү зарыл. Демек, берилип жаткан окуу мазмунунун татаалдыгына жана көлөмүнө жараша көмөк көрсөтүүчү методикалык сунуштар, көрсөтмөлөр орун алышы зарыл.

    Окуу китебинде мындан тышкары төмөнкү методикалык шарттар сакталууга тийиш [43]:

    • ар бир окуу китебинин мазмунун студенттердин адистик, кесиптик өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлүшү;

    • өзгөчө маанилүү материалдардын айырмаланышы;

    • тиешелүү денгээлдеги сүрөттөрдүн, иллюстрациялардын, чиймелердин жана таблицалардын орун алышы;

    • атайын өз алдынча кайталоого арналган материалдардын камтылышы;

    • методикалык материалдардын орун алышы.

    Окуу китептери жеке автор же болбосо автордук коллектив тарабынан даярдалып, атайын билим жана илим министрлигинин чечими менен официалдуу түрдө жогорку окуу жайларына сунушталат.

    Окуу куралы – берилген предметтин мазмунун чагылдырып, эркин түрдө жазылган китеп болуп саналат. Анда программадан сырткары материалдар даты кошулушу мүмкүн. Окуу куралдары мугалимдин көрсөтмөсү боюнча окуу китеби менен катар сунуш кылынат.

    Окуу материалынын мазмуну жана аларды өздөштүрүүнүн жолдору кошо көрсөтүлгөн адабият окуу-методикалык курал деп аталат. Адатта, алар мугалимдер жана студенттер үчүн өз өзүнчө даярдалат. Окуу методикалык куралдарга адабият жана тарых боюнча хрестоматиялар, математика, физика, биология, химия боюнча көнүгүүлөрдүн жыйындысы, география, биология боюнча атластар, тилдер боюнча ар түрдүү жыйналмалар жана башка түрлөр кирет
    1   2   3   4   5   6


    написать администратору сайта