АБИДЖАН КЫЗЫ. Абиджан кызы махбуба
Скачать 114.86 Kb.
|
2-ГЛАВА. МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИНЕ КОЮЛГАН КЕСИПТИК ТАЛАПТАРДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ2.1. Болочок мугалимдердин компетенттүүлүгүн калыптандыруу – мамлекеттик билим берүү стандартында башталгыч класстардын мугалимине коюлган кесиптик талап катарындаАкыркы жылдары билимдин сапаты проблемасы коомчулуктун көңүлүнүн чордонунда болуп калды. Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөөнү уюштуруу моделдерин жана билимдин сапатын жалпы республикалык баалоо системасы үчүн нормативдүү базаны түзүү – биздин республикада билим берүү саясатынын приоритеттүү милдетгеринин бири. Мындай системаны түзүүгө, бир жагынан, билим алууга мамлекеттик кепилдикти камсыздоо зарылдыгы мажбурласа, экинчиден кардарлардын сапаттуу билимге мыйзамдуу кызыкчылыгы түрткү болууда [14]. Билимдин сапаты деп реалдуу жетишилген окутуунун натыйжаларынын жана окутуу процессии камсыздоо шарттарынын нормативдүү талаптарга, социалдык жана өздүк, инсандык күтүүлөргө ылайыктуулук деңгээлин чагылткан билим берүү системасынын мүнөздөмөсү түшүнүлөт. Билим берүүнүн сапатын баалоо студенттердин билимдик жетишкендиктерин, билим берүү программаларынын сапатын, конкреттүү билим берүү мекемесинде окутуу процессии жүзөгө ашыруу шарттарын, өлкөнүн бүтүндөй билим берүү процессии жана анын аймактык системаларын баалоону билдирет [11]. Жогорку кесиптик билим берүүнүн максаттары салт катары бүтүрүүчү ээ болууга тийиш билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн топтому менен аныкталчу. Мындай мамиленин жетишсиз экендигин билим берүү системасында жүрүп жаткан реформа өзү эле тастыктап турат. Социумга мындан аркы ишмердикке киришүүгө даяр, алардын алдына коюлган турмуштук жана кесиптик проблемаларды практикалык чечүүгө жөндөмдүү бүтүрүүчүлөр керек. Бул болсо, көбүн эсе жогорку окуу жайда (ЖОЖ) алынган билимдер, билгичтиктер, көндүмдөрдөн эле эмес, кээ бир башка кошумча сапаттардан, жаңы жаратылгандардан көз каранды. Аларды белгилөө үчүн “компетенция” жана “компетенттүүлүк” түшүнүктөрү колдонулуп калды. Жаңы терминдер бил им берүүнүн учурдагы максаттарын түшүнүүгө көбүрөөк ылайыктуу деп каралып жатат. Билим берүүдө компетенттүүлүк мамиленин интенсивдүү өнүтүшүнүн себептери катары изилдөөчүлөр төмөнкү факторлорду жана тенденцияларды белгилешет [22]: бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатына, эмгектин мазмунуна жана кесиптик ишмердиктин түрлөрүнө карата талаптардын өзгөрүшүнө мажбурлаган жаңы типтеги экономиканын жаралышы; информациялык технологиялардын интенсивдүү өнүгүшү; адистердин кесиптик ишмердигинин чыгармачыл аспекттеринин жана интеллектуалдык потенциалынын улам жогорулаган приоритета; кесиптердин модификациясынын жана алардын глобализациясынын өсүшү. “Компетентгүүлүк” жана “компетенция” түшүнүктөрүн интерпретациялоо боюнча, алардын айырмачылыгы жөнүндө бирдиктүү пикир, Кыргызстанда эле эмес, Европа биримдигинде деле азырынча жок. Чет элдик адабияттарда компетенттүүлүктү “терендеталген билим”, “адекваттуу аткаруу абалы”, “ишмердикта аткарууга актуалдуу жөндөмдүүлүк” ж.у.с. катары түшүндүрүлүшү, бул түшүнүктүн мазмунун толук чагылдыра албайт. Орус окумуштуулары да бул маселеде бирдиктүү пикирге келише элек. Компетентгүүлүк түшүнүгү россиялык илимде педагогдун кесиптик чеберчилиги областындагы изилдөөлөргө байланыштуу пайда бодцу, көбүнчө бул түпгүнүктөр бири бирин алмаштырат, алардын айырмачылык чектери да так белгиленбейт. “Компетенция” терминин аныктоого карата ачыктыктын жана макулдашылгандыктын жоктугу ECTS боюнча колдонуучуга Жетектемеде да байкалат, анда “компетенция - мүнөздөмөлөрдүн, жөндөмдүүлүктөрдүн жана позициялардын динамикалык комбинациясы” катары баяндалат да, “билим берүү программаларынын максаты болуп компетенцияларды өнүктүрүү эсептелет” деп белгиленген [21]. Негизинен, компетенттүүлүктү личносттун ишмердикке жалпы даярдыгынан жана жөндөмдүүлүгүнөн көрүнгөн интегралдык сапаты катары түшүнүү басымдуу. Ал эми ишмердик окуп үйрөнүү процессинде алынган билимдерге, тажрыйбага негизделген жана ишмердикке өз алдынча, ийгиликтүү катышууга социалдык багытгалган болору белгилүү. Ушуга байланыштуу билимдин сапатынын башкы критерийлери катары негизги компетенцияларга ээ болуу, алардын 5 тобун аныктоо боюнча жогоруда келтирилген Европа Кеңешинин рекомеңдациялары актуалдуу жана маанилүү болуп эсептелет [21]. “Компетенция” жана “компетенттүүлүк” түшүнүктөрүнө бирилген аныктамалардын көп түрдүүлүгүн анализдөөдөн төмөнкү тыянакты чыгарууга болот: “компетенция” түпгүнүгү көбүнчө бүтүрүүчүнүн даяр болгондугу, жөндөмдүүлүктөргө ээ болгондугу, ишмердикгин методдоруна, каражаттарына реалдуу ээ болуусу, коюлган милдеттерди аткара алуу мүмкүнчүлүгү, курчап турган айлана чөйрөнү өзгөртүп түзүү боюнча максаттарды коюуга жана аларга жетүүгө мүмкүндүк бере тургандай формада билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн айкалышы менен тутонтулган билим берүүнүн натыйжаларын белгилөө үчүн колдонулат. Компетенттүүлүк деп негизинен инсандын тиешелүү компетенцияларга ээ болушу түшүнүлөт. Компетенция жана компетенттүүлүк татаал, көп компоненттүү түшүнүкгөр. Алар предметтердин жана процесстердин анык бир чөйрөсүн мүнөздөшөт, ар гүрдүү деңгээлдерде ишке ашырылат, б.а. ар түрдүү ой жүгүртүү амалдары (аналитикалык, сынчыл, коммуникативдик), ошондой эле, практикалык билгичтиктер, жүйөлүү акыл-эс аракетке келтирилет. “Компетенция” термининин мазмундуу аспекти когнитивдүү (билимдерге ээ болуу), операционалдуу (ишмердиктин ыкмаларынын, технологиялык сабаттуулуктун калыптангандыгы), аксиологиялык (нарк насилдерди өздөштүрүү, кесиптик эмгекке жана инсандык өсүүгө нарк- насилдик мамиле) түзүүчүлөрдү камтыйт. “Негизги компетенциялар” түшүнүгү “компетенция” термининен туунду катары каралат да, көпчүлүк басылмаларда негизги (ключевые) компетенциялар базалык, универсалдуу, ядролук компетенцияларга бөлүнөт. Алар кесиптик ишмердиктин инсандык негизин түзүшөт. Ошондой эле, окутуу чөйрөсүнүн спецификасын чагылткан предметгик областтарга тиешелүү компетенцияларды жана бардык даражалар үчүн жалпы универсалдуу компетенцияларды бөлүп көрсөтүүгө болот. Компетенттүүлүктүн жана компетенциялардын классификациясына карата да алыскы жана жакынкы чет элдик изилдөөчүлөрдүн, ошондой эле кыргызстандык изилдөөчүлөрдүн ар түрдүү мамилелери - ар башка схемалары, алардын мазмундук толтурулушу, трактовкалары бар. Джон Равен 143 элементгүү матрицадан турган жалпы компетентгүүлүктүн моделин түзгөн [12]. Бирок мындай көлөмдүү моделди колдонуунун мүмкүнчүлүгү практикалык жактан дээрлик жокко эсе экендигине адистердин, эксперттердин пикирлери бар. Педагогикалык компетенттүүлүктү түшүнүү бардыгынан мурда негизин мугалимдин кесипкөйлүгүнүн пайдубалын жаратуучу зарыл кесиптик билим жана билгичтикгер түзгөн педагогдун ишмердиги, анын анык бир кесиптик иш аракеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү менен байланыштырылат. Педагогдун коммуникативдик компетенттүүлүгүн инсандын гуманисттик сапаттарына негизделген интерактивдик жөндөмдүүлүк катары кароого болот. Н.В.Кузьмина бул тизмени кеңейтүү менен, педагогикалык компетенттүүлүктүн айрым түрлөрү катарында төмөнкүлөрдү белгилейт [25]: окутуп-үйрөтүүчү дисциплина областындагы атайын компетенттүүлүк; окуучуларда ББКларды калыптандыруунун жолдору, ыкмалары областындагы методикалык компетенттүүлүк; окутуу чөйрөсүндөгү психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүк; педагогикалык ишмердиктин рефлексиясы же аутопсихологиялык компетенттүүлүк. Мыңда педагогикалык компетенттүүлүктүн ар бир түрүнүн мазмунунда Н.В. Кузьмина педагогикалык ишмердикте зарыл болгон билим жана билгичтиктерге приоритет берет да, кесиптик маанилүү педагогикалык билгичтиктерде педагогдун инсандык сапаттарынын да практикалык орду бар болгондуктан, мугалимдин кесипкөйлүтүн өз ара байланышка эки компонент түзөт деп эсептейт. Алар: ишмердиктин субъектинин сапаттык мүнөздөмөсү катары ишмердиктин профессионализми жана педагогикалык маселелерди чечүүгө өбөлгө болуучу, же тескерисинче жолтоо болуучу педагогдун личностгук сапаттарынын жыйындысынан турган инсандын кесипкөйлүгү. Акыркы мезгилдерде, өзгөчө жалпы орто билимдин, кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарттары ишке киришкенден кийин, биздин өлкөдө да компетенттүүлүккө тиешелүү изилдөөлөрдүн бир кыйла активдешкендиги байкалат. Мезгилдүү басылмаларда мектеп окуучулардын түрдүү предметгерди өздөштүрүүдө негизги компетенцияларды калыитандыруунун проблемаларынан баштап кесиптик мектептерде тиешелүү кесиптик компетенцияларды калыптандыруу маселелерин да байма-бай орун берилип калды. Ал эми айрым изилдөөчүлөр [25] окуучуларда милдеттүү компетенцияларды калыптандырууга жөндөмдүү педагогдорду даярдоого маани берип жатышат. Ошентип, компетенциялар билим берүүнүн маанилүү натыйжалары болгондуктан, алар бардык окуучуларда калыптанышы керек, ошондой эле ар бир предмет, билим берүүнүн бардык тепкичтери аркылуу өтүп, жогорку деңгээлде иштелип чыгууга тийиш. Маселен, математиканы же ар кандай башка дисциплинаны окутууда информациялык, коммуникативдүүлүк жана тилдик компетенцияларды өнүктүрүү мүмкүн. Компетенциялар ар түрдүү курстук бирдиктерде калыптанат жана түрдүү этаптарда бааланат. Компетенциялар айрым окуу дисциплиналарын, циклдарды жана модулдарды өздөштүрүүдө да, жалпы кесиптик жана атайын дисциплиналарда интеграцияланган дидактикалык бирдиктерди өздөштүрүүдө да жүрөт. Мындан негизги компетенциялар көп функциялуулугу, предметтен тышкары (метапредметгик) жана предметтер аралык касиети менен мүнөздөлөт деп тыянак чыгарса болот. Алар 5ир кыйла интеллектуалдуу өнүгүүнү, абстракттуу ой жүгүртүүнү, өздүк рефлексияны, өз позициясын аныктоону, өздүк бааны, сынчыл ойломду ж.б. талап кылат. Негизги компетенциялар көп өлчөмдүү. Компетенциялардын айрымдары бул компетенцияларды жүзөгө ашыра турган деңгээлге же даражага чейинки жөндөмдүүлүктү баяндаган мүнөздөмөлөрдүн айкалышы (билимге жана анын колдонулушуна, позицияларга, көндүмдергө жана жоокерчиликтерге тиешелүү) болуп эсептелет. Жыйынтыктап айтканда, компетенция “билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр” түшүнүктөрүнө салыштырмалуу кыйла татаалыраак социалдык-дидактикалык инсандык структура экендигин байкоого болот. Ал инсандын окуу процесси ичинде, ошондой эле андан сырткары учурда ээ болгон нарк-насилдерге багытталгандыкка, билимдерге, тажрыйбаларга негизделет. Компетенция инсандын алган билимдерин, тажрыйбаларын, жүрүм-турум мамилелерин конкреттүү жагдайда ар түрдүү маселелерди, анын ичинде татаал реалдуу турмуштук маселелерди чечүү үчүн мобилдештиришинде көрүнөт. Компетенттүүлүк мамилеге тиешелүү изилдөөлөрдү анализдөө бул мамилени билим берүүнүн учурдагы этабында адистерди даярдоонун сапатын баалоо процессинде колдонуу зарылдыгын көрсөтгү. Компетенттүүлүк мамиленин концептуалдуу негизи үйрөтүүчү парадигманы билим берүү аракеттерин аткарууга түрткү берүүчү эле эмес, аны баалоочу жана анализдөөчү процесс катары аныктаган үйрөнүүчү парадигмага алмаштырууда турат. Учурда жогорку кесиптик билим берүүнүн маселелерин чечүүдө жана заманбап инсандын калыптанышында өтө маанилүү ролду аткарып баштаган компетенциялар концепциясынын бир калыпка келип башталгандыгы байкалат. 550000 педагогикалык багытындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында 550700 “Педагогика” адистигинин бакалавр академиялык даражасы үчүн төмөндөгүдөй компетенцияларды калыптандыруу белгиленген. а) Универсалдык: - Жалпы илимий (ЖИ):
Инструменталдык (ИК):
Социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМ):
б) Профессионалдык (кесиптик) компетенциялар (ПК):
|