Саспакова бутту 13.06. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети
Скачать 148.74 Kb.
|
Глава. Башталгыч класстарда С.Рысбаевдин чыгармаларын окутуу. 2.1. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун ыкмалары Урматтуу замандаштар, биз жомок-сабактарына өтүп жатабыз. Жомоктор берген сабактар – бул чоңдор үчүн жана кичинекейлер үчүн өмүр бою сабактар. Бул кичинекей балдар үчүн эч нерсеге теңелбей турган адеп-ахлак сабактары. Жомокту угуу менен, балдар каармандарга терең ортоктош болушат, адарда кол кабыш кылууга, жардам кылууга, коргоого ички шыктандыруучу күч пайда болот. Биздин балдар айнек калпактын астында жашашпайт, алар бардык убакта эле атасынын же апасынын сактап калуучу колдоосунун алдында болбойт. Алар “коркунучту”, тааныш эмес, түшүнүксүз нерселер менен күтүүсүз жерден короодо же көчөдө жолугуп калышы мүмкүн. Мындай жолугушууга кичинекей деңгээлде болсо дагы бала даяр болушу керек. Биздин балдар кайраттуу, чыдамдуу, баатыр болушу керек, антпесе алар боорукердиктин жана адилеттүүлүктүн прициптерин коргоп кала алышпайт. Ой жүгүртүү үчүн суроолор (Альма Флор Ада) I. Мугалимдин окуучуларга окууга чейинки суроолору. А) Балдар, дос деген ким? Силердин досуңар барбы? Б) Дос кайсы сапаттарга ээ болушу керек? В) Жомокто кандай достор жөнүндө сөз болот деп ойлойсуңар? Окуучулар эки-үч мүнөттүн аралыгында жекече, жупта ойлонушат, андай кийин ойлору менен Урматуу кесиптештер, өзүңөрдүн сабагыңарда Инклюзивдүү Окутууну киргизүүнү кандайча кеңейте алат элеңер? Маркировка (ИНСЕРТ) менен окуу – (10 мүнөт): V – тааныш маалымат + – жаңы маалымат суроо пайда болду - - – мындай деп ойлогом, көрсө өткөн бир убакытта бир шаар болгон экен, анда тынчтык жана тартип өкүм сүрүп турчу. Шаардын бир бөлүгүндө төрт бурчтуктар жашашчу: чоңдор, орточолор, кичинекейлер. Алар ар түрдүү түстө болуучу: кызыл, сары кызыл, жашыл, көк жана кызгылт көк. Ар бир чарчынын төрт бурчу жана бирдей төрт жагы бар болчу. Күнүгө эртең менен кичинекей чарчылар өздөрүнүн чарчы үйлөрүнөн чыгып, өзүлөрүнүн чарчы короосунда ойногонго чыгышчу. “Убакытыңар кызыктуу өтсүн, - деп чоң чарчылар айтышчу, бирок тик бурчтуктар менен ойнобогула. Алар биздей эмес! Биз мыктыбыз!” Шаардын башка бөлүгүндө тик бурчтуктар жашашчу: чоңдор, орточолор, кичинекейлер. Алар дагы ар түрдүү түстө болуучу: кызыл, сары кызыл, жашыл, көк жана кызгылт көк. Ар бир тик бурчтуктун чарчылардыкындай төрт жактары жана төрт бурчу бар болчу. Бирок тик бурчтуктун жактары бардыгы бирдей узундукта эмес болуучу. Ар бир тик бурчтуктун эки узун жагы жана эки кыска жагы бар эле. Ар күн сайын өзүлөрүнүн үй тапшырмаларын аткарып коюп, кичинекей тик бурчтуктар өзүлөрүнүн тик бурчтуу үйлөрүнөн, тик бурчтуу короосуна ойноого чыгышчу. “Убакытыңар кызыктуу өтсүн! - деп чоң тик бурчтуктар алардын артынан кыйкырышчу. Бирок, эсиңерде болсун: чарчылар жана үч бурчтуктар менен ойнобогула. Алар биздей эмес! Биз мыктыбыз!” Суунун башка жээгинде үч бурчтуктар жашашчу: чоңдор, орточолор, кичинекейлер. Алар дагы ар түрдүү түстө болучу: кызыл, сары кызыл, жашыл, көк жана кызгылт көк. Бардык үч бурчтуктарда үч жагы жана үч бурчу бар болуучу. Кээде алардын жактары бирдей узундукта, кээде ар башка болучу. Түш маалында, тамактангандан кийин, кичинекей үч бурчтуктар өзүлөрүнүн үч бурчтук үйлөрүнөн өзүлөрүнүн үч бурчтук короосуна ойногону чыгышчу. Чоң үч бурчтуктар аларга артынан кыйкырышчу: “Жакшы көңүл ачкыла! Бирок эсиңерде болсун, чарчылар же тегеректер, же тик бурчтуктар менен ойнобогула. Силер билесиңер да, алар биздей эмес. Биз мыктыбыз!”. Терегеректер андан да алыс, темир жолдун башка тарабында жашашчу: чоңдор, орточолор, кичинекейлер. Алар дагы ар түрдүү түстө болуучу: кызыл, сары кызыл, жашыл, көк жана кызгылт көк. Тегеректердин бурчу дагы, жактары дагы жок болчу. Анын ордуна алар тептегерек болушчу. Жалбырактарды чогултканга жана жер жемиштерди сугарганга жардам берип койгондон кийин кичинекей тегеректер кечинде ойногону жөнөшчү. Алар өзүлөрүнүн тегерек үйлөрүнөн өзүлөрүнүн тегерек короосуна ойногону чыгышчу, чоң тегеректер аларга кыйкырышчу: “Алыска кетпегиле! Балакетке кабылып калбагыла! Чарчылар менен, тик бурчтуктар же үч бурчтуктар менен ойнобогула. Алар биздей эмес! Биз мыктыбыз!” Ушинтип бул шаарда жашоо өтчү. Күндөрдүн бир кезинде... Кичинекей кызыл тегерек жана анын бөбөгү кичинекей сары тегерек экөө, алар тегеренип жана өзүнүн тегерек короосунан баскандан тажап, чечишет. “Биз шаарга барып келбейлиби?” – деп кичинекей кызыл тегерек сурайт. “Эң мыкты Мугалимдер үчүн колдонмо 40 болот, - деп иниси жооп берет, жүрү барабыз”, Ошентип, терегенип, тегеренип алар шаарга жөнөштү. “Салам” - деп кичинекей кызыл тегерек чарчы короодо ойноп жаткан кичинекей жашыл чарчыга айтат. “Салам! – деп жооп берди кичинекей тик бурчтук. – Силер кайда бара жатасыңар?” “Биз сейилдөөгө тоголонуп бара жатабыз, - деди кичинекей тегерек. – Сен эмне кылып жатасың?” “Мен болсо зеригип отурам. Мен ата-энем кошуна короого барганга уруксат бербейт. Анткени ал жакта бизге окшобогон башка кошуналар жашашат. Алар мага жамандык кылат деп апам коркот” – кичинекей жашыл тик бурчтук муңдуу айтты. “Сен билесиңби, деп кичинекей кызыл тегерек айтты. Мен азыр эле тиги көчөдөн ролик менен тээп өттүм. Менин оюмча, алар дагы зеригип жатышат. Кел барып, аларга биздин достугубузду сунуштайбыз. Балдар ойлонушуп, анан жөнөштү. Аларды көрүп үч бурчтук балдар, таң калып алардын жанына келишти, алар коркушту, анткени үч бурчтуктар, тегеректер аларды ыза кылып коюшат деп, тегеректер болсо үч бурчтуктар аларды ыза кылышат деп ойлогон. Бул жерде кичинекей үч бурчтук “Келгиле чогуу ойнойбуз” деп айтат. Алар ойной башташат. Алар кубанып, тоголонуп жатышты, кубанычтан аларда ар кандай түрдүү фигуралар пайда болуп жатты: ар түрдүү үй, поезд, ракета, машина, оюнчуктар, жаныбарлар, асмандагы жаа. Балдарга ушунчалык кызыктуу жана көңүлдүү болуп жатты. Ушул учурда ата-энелерге балдарынын үйдөжоктугу белгилүү болду.Алар балдарын издей башташты, бирок балдардын шаңкылдаган үнүн угушту. Балдар ажырашууну каалабай бактылуу ойноп жатышкан эле. Өздөрүнүн балдарын чектеткенге, атаэнелерге ушул учурда аябай уят болду. III. Окуунун жыйынтыгын жупта, андан кийин бардык класста талкуулоо – 10 мүнөт. IV. Ой-жүгүртүү үчүн суроолор: А) Кичинекей шаарчанын жашоочулары өзүлөрүн эмне аябай таң каларлык алып жүрүштү? Б) Биздин турмушубузда мындай окуялар кездешеби? В) Силер шаарчанын жашоочуларынын жашоосун кандайча ар түрдүү кылат элеңиз? Г) Шаарчанын жашоочуларынын бактысы кимден көз каранды? Д) Качанда болсо сизди, баары менен жасагыңыз келген бир нерседен четтетти беле? Бул убакта эмнени сезипсиз? Е) Жомоктон кандай сабактарды алдыңар? «Акылсыз карышкыр». Англис жомогу (окуу: башталгыч мектеп үчүн жомок-сабак) Тексти окууга чейин ой жүгүртүү үчүн суроолор: А) Карышкыр жөнүндө кандай жомокторду билесиңер? Б) Карышкыр кандай болот? В) Жомокто кандай окуя болот деп ойлойсуңар? Жомок эмне жөнүндө болот? Сиздин көз карашыңызча жомокто эмне жөнүндө болорун эки-үч сөз менен жазгыла. Окуучулар беш мүнөттүн аралыгында жекече, жупта ойлонушат, андан кийин ойлору менен бөлүшүшөт. Г) Жупта жомоктор менен бөлүшкүлө, бир жуптан бир жомоктон айтып бергиле. Жомок эмне жөнүндө экенин билгиңер келеби? “Акылсыз карышкыр” жомогу. Тексттин биринчи бөлүгүн окуу. Карышкыр эски үйдө жашачу. Күндөрдүн биринде үйдүн жанынан Пил өтүп бара жаткан. Ал капысынан тумшугу менен чатырга тийип кетет. Ал сынып калат. Дос, мени кечирип койчу, - деп Пил айтат, - мен азыр чатырыңды жасайм. Пил чатырын оңдоп дубалын жасады. Ой жүгүртүү үчүн суроолор: А) Карышкыр жөнүндө эмнени билдиңер, бул жөнүндө эмне деп ойлойсуңар? Б) Кандай окуя болду? Сөздүк иш паралеллдүү жүрө бериши керек (Мугалим: мага “кокусунан”, “оңдоп койду” деген сөздөр түшүнүксүз, аларды кандай түшүнсө болот? Бул сөздөр кыргызча, өзбекче кандай айтылат?) В) Пил жөнүндө силер эмнени билдиңер? Г) Мындан ары эмне болот, сиз кандай деп ойлойсуз? Эки-үч сөз жазгыла. Балдар жомоктун уландысын жазышат. Д) Жомокту андан ары окугуңар келеби? Тексттин экинчи бөлүгүн окуу. (Жомоктун экинчи бөлүгү таратылып берилет). Биринчи токтогон жер. “Пил кечирим сурады, демек менден коркуп калды”, - деп Карышкыр ойлойт. – Аны дагы коркутуп, анан иштетиш керек”. Ошентип Карышкыр Пилге кыйкыра баштайт: - Ай сен, олдоксон десе! Мага жаңы үй куруп бересиң! Ой жүгүртүү үчүн суроолор: А) Каармандар жөнүндө эмне жаңыларды билдик? “Олдоксон” дегенди кантип түшүнсө болот? Карышкыр жөнүндө дагы эмнени айтасыңар? Б) Мындан ары эмне болот, сиз кандай деп ойлойсуз? Эки-үч сөз жазгыла. В) Жомокту андан ары окугуңар келеби же эртеңкиге калтыралыкбы? Тексттин үчүнчү бөлүгүн окуу. (Өз алдынча окуу). Экинчи токтогон жер. Пилдин жини келип, Карышкырды кудукка салып таштады. Мына сенин жаңы үйүң, акылсыз айбан! – деп ачууланып айтты. Карышкыр кудуктан чыгып: Мен жаңылыптырмын. Ал менден коркпойт экен! Ооба, - деди Карга. – Сен акылсыз жана адепсиз Карышкырсың. Досуң коркокпу же жакшы тарбияланганбы түшүнө албайсың. Ой жүгүртүү үчүн суроолор: А) Бул жомокто силерди эмне айран таң калтырды? Б) Силерди эмне таң калтырды? В) Пилдин мамилеси силерди эмнеге таң калтырды? Г) Пил Карышкыр үчүн кандай жаза ойлоп тапты? Д) Үйдүн кыйрашы эмнеге алып келди? Е) Карганын ролу эмнеде? Ж) Жомок сизге жактыбы? Жомокту роль менен окуу. Ой жүгүртүү үчүн суроолор: А) Кандай сабактарды жомок көрсөттү? Б) Сиздин жашооңузда төмөнкүдөй кырдаалдар болду беле, сиз бир нерсени туура эмес жасадыңыз, ошого ата-энеңер сизге кандай жаза ойлоп табышты эле? Балдар үчүн үй тапшырмасы: 1) Жомокту үйдө айтып берүү, интервью алуу (ата-энелер ушул жомоктон эмнени табышканын суроо). 2) Ушул жомокко сүрөт тартуу. 3) Куурчак спектаклин даярдоо. 4) Жекече жомокторду көчүрүп чыгуу жана текшергенге берүү. «Шамал жана күн» К.Д.Ушинский (башталгыч мектеп үчүн жомок-сабак) Бул сабак үчүнчү класста өткөн болучу. Мугалим кантип класстагы бардык балдардын жөндөмдүүгүнө карабастан, реалдуу катышуусуна мүмкүнчүлүк тапканын ушул сабактын мисалында көрсө болот (эстеп калуусу начар, сөз сүйлөөдө оордуктары бар, көзү начар көргөн балдар класста окушат). I. Ой жүгүртүү үчүн суроолор. А) “Шамал”, “күн” деген сөздү укканда, силер эмне жөнүндө ойлойсуңар жана эстейсиңер? Б) Силер кандай ойлойсуңар аңгеме эмне жөнүндө болот? Окуучулар эки-үч мүнөттүн аралыгында жекече, жупта ойлонушат, андан кийин ойлору менен бөлүшүшөт. II. Текстти окуу. Жогоруда айтылып кеткендей, сабакка көзү начар көргөн, орус тилин жетишерлик билбеген балдар катышышат. Мугалим алар үчүн жеңилдетилген тексти даярдады, б.а. мугалим татаал сөздөрдү жөнөкөй сөздөргө, тааныш эмес сөздөрдү синоним-сөздөргө, шрифти чоңойтуп алмаштырды (текст берилди). Окуу менен паралеллдүү сөздүк иши жүргүзүлөт: “Бата берди”, “момун”, “ачуу”. Сиз... сөздү кандай түшүнөсүз? Бул сөздү башкача айтыңызчы? Бул сөз менен мисал келтириңиз? Кыргыз, өзбек тилинде бул сөз кандай айтылат? Кайра сүйлөп берүү боюнча иш. Эгерде класста кайра сүйлөп берүүдө оордук болгон балдар бар болсо, анда мугалим сүрөттөр менен иштөөнү, кээде кайра сүйлөп берүүнүн ордуна деле сунуштаса болот. Бала текстин мазмунун билсе, картиналарды же сүрөттөрдү хронологиялык ырааттуулук менен жайгаштыра алат (1 – күлүмсүрөгөн күн жана каардуу шамал; 2 – жолоочу ат минип бара жатат; 3 – оролгон жолоочу, шамал шуулдайт; 4- күн жаркырап тийип, жолоочуга күлүмсүрөп турат) ИНСЕРТ. Эффективдүү окууга жана ойлонууга жардам берген, белгилөөнүн ыкмасы жана маалымат менен иштөө усулу. Текст менен диалог түзүүнүн жолу жана маалыматты көзөмөлдөө жан түшүнүү каржаты. Стратегиянын кадамдары: 1) Иштин башында тема боюнча “ой толгоо” өткөрүлөт; 2) Текстин маанисин түшүнүү стадиясында – текстин четин белгилеп тексти окуу.Төмөнкү белгилер колдонулат: (чымчыкча) – белгилүү маалымат; + (кошуу) – жаңы маалымат; - (алуу) – бул сиз билген нерсеге же билем деп ойлоп жүргөн нерсеге карама-каршы турат; ? (суроо белгиси) – түшүнүксүз болгон нерсе же силер бул суроо боюнча толук мааалыматты алгыңар келет. 3) Ойлонуу (рефлексия) стадиясында – Жасалган маркировкага таянып окуган тексти жупта, андан кийин топто талкулоо.Топто талкулоо белгиден белгиге өтөт; белгиленген маалыматты окуучулар ирети менен айтат: алар билгенден баштап – суроолорго. 4) Аягында таблица түзүлөт же текст боюнча ар түрдүү резюме жасалат. Интерактивдүү окутуу же кабарлашып окутуу. Окуучулардын биргелешкен ишмердүүлүгү. Активдүү, өз алдынча ой жүгүртүүнүн өнүгүүсүнүн керектүү принциби жана заманбап окутуу процессинин маанилүү компоненти. Окуучулар жаңы идеяларды айтып, чечимдерди кабыл алып, бир теманын же көйгөйдүн үстүндө биргелешип (жупта, топто) иштеп окушат. Окуучулар арасындагы өз ара ишмердүүлүк, алардын чогуу жана макулдашылган ишмердүүлүгү топтук ишти мүнөздөйт. Топтук иште эки элемент болушу керек: индивидуалдык изденүү жана идеялар менен алмашуу, башкача айтканда индивидуалдык изденүү ойлор менен алмашуудан жана чечимдерди тапкандан мурун болот. Адабияттык кружоктор. Окуучулар (студенттер) окуган текстин негизинде жүргүзүлгөн ролдук дискуссия. Окуп жатканда окуучулар ар кандай ролдорду аткарат: цитаталарды тапкандын, изилдөөчүнүн, из тааныгычтын, байланышчынын, суроолорду бергендин, сөздөрдү издегендин, текшергичтин, каармандарды түшүндүрүүчүнүн, сүрөтчүнүн, катчынын, доклад окуучунун ж.у.с. Топтун ар бир мүчөсү жасалган жумуштар жөнүндө доклад окуйт. Талкуулоонун жыйынтыктары ири топто жазылган отчет же оозеки презентация түрүндө жалпыланылат. Мугалим модель болот да,окуучуларга адабий кружокто жаңы ролдорго көнгөнгө жардам берет, сүйлөшүүнү алдыга жылдырат, окууну колдоп турат. Эксперттин ролунан баш тартып, катышуучулардын өздүк издөөсүн коштогон жардамчынын ролун тандап жаткан алып баруучунун өзгөчө позициясы. Фасилитатордун милдети – маалымат менен алмашуу процессин багыттоо. Фасилитатордун позициясы катышуучулардын тажрыйбасын тартып, жалпылоого, өзүнүн эксперттик позициясын моделдерди, албетте, моделдерди талкуулого компетенттүүлүгү бар болуп, сунуштап (жолдордун тизмесин) колдонууга мүмкүнчүлүк берет. “Фасилитатор” деген түшүнүк педагог жана психотерапевт К. Роджерс тарабынан киргизилген.– жеңилдетүү, көмөк көрсөтүү, ылайыктуу шарттарды түзүп берүү дегенди билдирген – to facilitate (англ.) деген англис сөзүнөн келип чыккан. Эссе. Предметтин негиздөөчү жана толук түшүндүрмөсүн талап кылбаган, конкреттүү себеп же суроо боюнча индивидуалдык таасирденүүлөрдү жана ойлорду билдирген, эркин композициядагы жана кичинекей көлөмдөгү прозалык дил баян. Жазуу ишинин бир түрү. Окуучулардын ар кайсыл жанрдагы дил баяндары. Заманбап билим берүү системасында колдонулат. Ата-мекендик методика мындай каттын үстүндө “Сочинение” деген атты бекитип койду. Дил баян дагы, эссе да негизинен жакын окутуучу функцияларды аткарат. Үч мүнөттүк эссе. Окулган материалдар боюнча жыйынтыктарды чыгаруу максатында, окуучулар ойлонуу стадиясында үч мүнөттүн ичинде жазган кичинекей көлөмдөгү чыгарма. Башкалардан айырмаланган кайтарым байланыш. Окууучулар тема боюнча эмнени билгенин жазышат да, сабакта жооп албаган сурооо түзүшөт. 6.2. Индивидуалдык мамиле кылуу деген эмне? Азыркы тапта билим берүүдө эң керектүү болгон индивидуалдык окутуу маселенин, ата мекендик жана чет элдик педагогикалык илимде жана тажрыйбада, көп жылдык тарыхы бар. Индивидуалдык мамиле кылуу өзгөчө жагдайларда жана мектептик билим берүүнүн өзгөчө учурларында, балага жардам керек болгондо, ал өзү көйгөйдү чече албаганда, оор учурда баланын жанында жалгыз чоң киши - педагог болгондо талапталынат. Бул бөлүм теориялык текстерден үзүндүлөрдү гана камтыбастан, андан тышкары жалгыз гана педагогикалык түшүнүк менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербеген, педагогикалык ишмердүүлүктө, тажрыйбада көрө ала турган мисалдарды, көнүгүүлөрдү, башталгыч класстар жана чоң класстар үчүн сабактардын болжолдуу планын иштелип чыгуусун камтыйт. Окутуу ыкмасы – окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого жана өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим менен окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы. Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан жана окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. Эгерде бул үчөөнүн ар бирин өз-өзүнчө айрым алып карай турган болсок, анда биз Окутуу методдору жөнүндөгү суроого даана жооп ала албайбыз. Мисалы, окуп үйрөнүүнүн ыкмаларын эсепке албай туруп Окутуу ыкмаларынын анын жалаң максаттары боюнча гана аныктагыбыз келсе, анда ал максаттарга жетишүү үчүн жасалуучу аракеттерге туура келүүчү метод кандай боло турганын аныктоо мүмкүн эмес. Эгерде биз окуп үйрөнүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү менен гана чектеле турган болсок, анда өздөштүрүп кабылдоо кандай максаттарга багытталгандыгы жана эмнени өздөштүрүп кабыл алуу зарыл экендиги түшүнүксүз болуп калат. Ал эми окуп үйрөнүүнүн максаттарын жана мыйзам ченемдүүлүгүн билбей туруп, мугалимдин окутуунун максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу иш аракеттеринин натыйжалуу ыкмаларын табууга болбойт. Ошондуктан окутуу ыкмаларын жана окуп үйрөнүү ыкмаларын өз ара бир-бирине жана окутуунун максаттарына туура келтирбей айрым-айрым аныктоо мүмкүн эмес. Окутуунун максаттары билим берүүнүн мазмуну менен аныкталат, ал эми билим берүүнүн мазмуну болсо төмөнкү төрт элементтен турат: 1) Жаратылыш, техника, коом, адам жөнүндөгү жана ишмердүүлүктүн (эмгектенүүчүлүктүн) ыкмалары жөнүндөгү билимдердин чыгуусунан; 2) Ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбалары (билгичтиктер жана көндүмдөр); 3) Чыгармачылык ишмердүүлүктүн (эмгектенүүнүн) тажрыйбасы (чыгармачылык менен эмгектенүү атайын интеллектуалдуу иштерде кездешет, аны күн мурунтан алдын ала жөнгө салынуучу аракеттердин системасы катарында көрсөтүү мүмкүн эмес); 4) Айлана-чөйрөдөгү реалдуу чындыкка, анын ар кандай көрүнүштөрүнө жана сфераларына, башка адамдарга эмоциялуулук менен мамиле кылуунун тажрыйбасы. Окутуунун максатын, демек, үйрөнүлүүчү мазмундун жогоруда көрсөтүлгөн элементтерин (түрлөрүн), ошондой эле аларды өздөштүрүүнүн ыкмаларын билүү менен биз окутуунун ар кандай методундагы мугалимдин да жана окуучунун да эмгектенүүсүнүн спецификалык бөтөнчөлүгүн аныктай алабыз. Билим берүүнүн мазмунунун жогорку элементтеринин ар бири өз өзүнчө ыкма боюнча өздөштүрүлөт. Мисалы, дүйнө жөнүндөгү билимди өздөштүрүү адегендеги сезип (угуу, көрүү, даамын, жытын сезүү, тери сезүү жана башкалар) кабыл алуудан башталат. Окуучу предметтерди же окуяларды сезет, сезилгендердин бардыгы анын сезиминде белгиленет. Сезүү тажрыйбасы өнүккөн сайын ал жаңы сезилгендерди мурункулар менен салыштырат да аларды белгилүү системага келтирет, алардын арасындагы байланышты баамдап билет, бул билимдердин бардыгы акырындык менен окуучунун эсинде бекемделип калат. Мына ошентип, билимдер адам тарабынан ар түрдүү кабыл алуулар аркылуу өздөштүрүлөт: дүйнө жөнүндөгү билимдерди баамдап, сезимдүү түшүнүү жана бул билимдерди эстеп калуу аркылуу калыптандырылат. Эстеп калуусуз бир нерсени (айлана-чөйрөдөгү объектилердин арасындагы байланыштарды) түшүнүп билүү мүмкүн эмес. Демек, билим берүүнүн биринчи элементи – жаратылыш, коом, техника, адам жөнүндөгү жана эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмалары жөнүндөгү маалыматтарды окуучулар даяр түрдө (мугалим түшүндүрүп баяндашынан, окуу куралдардан жана китептерден) кабыл алышат. Бирок билимди алганы менен аны пайдалана билбөө мүмкүн, эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмасын үйрөнүү үчүн ал ыкманы бир нече ирет кайталап аткаруу керек. Ошондо гана ишмердүүлүктүн коомго буга чейин белгилүү болгон жана окуучуга да белгилүү болуп жаткан ыкмалары окуучунун көндүмүнө, анын өздүк ыкмасына айланат. Мугалим окуучуларга эмгектүүнүн белгилүү ыкмасын түшүндүрөт, зарыл болгон учурда аны кандайча аткаруу керек экендигин иштеп көрсөтөт, андан кийин ал ыкманы окуучу практика жүзүндө кайталап аткарышын камсыз кылат. Ошентип, билим берүүнүн экинчи элементи – эмгектенүүнүн (ишмердүүлүктүн) ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы аны бир нече ирет кайталап иштөө менен өздөштүрүлөт, башкача айтканда, окуучуларда биринчи иретте өздөштүрүлгөн билимдерди иш жүзүндө пайдалана билүүнүн көндүмдөрүн жана ыкмаларын калыптандыруу үчүн мугалим окуучулардын репродукциялоочу иш-аракеттерин (көнүгүүлөрдү аткаруу, окулган текстти кайталап айтып берүү, материалды баяндап айтуу, практикалык иштерди аткаруу ж. у. с.) уюштуруп өткөрөт. Натыйжада окуучулар ишмердүүлүктүн ыкмаларын мугалимдин көрсөткөн үлгүсү боюнча гана өздөштүрүшөт. Даяр түрдө кабыл алынып өздөштүрүлгөн маалыматтар да, мугалимдин көрсөткөн үлгүсү боюнча калыптанган көндүмдөр жана практикалык ыкмалар да чыгармачылык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүп өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Анткени чыгармачылык эмгектенүүгө мүнөздүү болгон ар бир белгини (жаңы көйгөйдү көрө) билүү, белгилүү эле объектинин жаңыча колдонулушун – жаңы функциясын көрө билүү, ар бир проблеманы чечүүнүн альтернативдерин көрө билүү ж. б.) мугалим кандай гана жол менен дааналап түшүндүрбөсүн, баары бир окуучу дал ошол белгилер менен мүнөздөлүүчү психикалык сапаттарга ээ боло албайт. Мындай сапаттарга ээ болуу үчүн окуучу өзүнө жеткиликтүү бир катар тапшырмаларды аткаруу процессинде чыгармачылык ыкмаларды көрсөтүү зарыл түрдө талап кылынуучу ситуацияга дуушар болуусу керек. Чыг-лык эмгектенүүнүн сапаттарын калыптандыруу процесси ар бир жолу улам жаңы шарттарда, кырдаалдарда эмгектенип иштөөнү талап кылат, б. а. чыгармачылык менен эмгектенүүдө алдын ала түзүлүп коюлгудай белгилүү тартипте аткарылуучу аракеттердин системасы болбойт. Чыгармачылык эмгектенүү жөнүндөгү, аны ишке ашыруунун оңтойлуу шарттары жана ага үйрөнүүнүн ыкмалары жөнүндөгү түшүндүрүп айтуулар, албетте, чыг-лык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүүнү жеңилдетет, бирок анын өзүн толук өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Мис., окуучуларга далилдөөнү кандайча түзүү керектигин, ал кандай элементтерден турганын түшүндүрүп айтууга болот, бирок, далилдөөнүн өзүнүн жолун табуу милдети баары бир далилдөөнү издөөчүнүн мойнунда калат.Ошондуктан чыгармачылык эмгектенүүнүн сапаттарын жана аларды көрсөтө билүүнү өздөштүрүүнүн бирден бир жолу окуучу үчүн жаңылыктуу проблемаларды окуучунун өз бетинче изденип чыгарышы болуп эсептелет Мындай проблемаларды чыгаруу процессинде окуучу чыгармачылык эмгектенүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн сапаттарын көрсөтө алат, демек, анда чыгармачылык эмгектенүүнүн негизин түзүүчү психикалык касиеттер калыптанып өркүндөйт. Мына ошентип, билимдерден жана билгичтиктерден айырмалуу чыгармачылык эмгектенүүнүн тажрыйбасын окуучу өзү үчүн жаңылык болгон проблемаларды чечүү жолу менен гана өздөштүрө алат. Муну уюштуруп ишке ашыруу үчүн мугалим окуучуларга жеткиликтүү, бирок, аларды жетишерлик даражада тырышып ойлонтуучу проблемаларды түзүп алып, аларды үйрөнүлүүчү билимдердин контекстине киргизип, кыйын маселелерди майда маселелерге ажыратып, алардын чыгарылышына жалпы жетекчилик кылып багыттап турат. Билим берүүнүн эң акыркы, төртүнчү, элементинде биз – окуучунун дүйнөгө – анын ар кандай област-тарында, эмгектенүүгө, башка адамдарга, жеке өзүнө болгон мамилесин калыптандырууну түшүнөбүз. Мындай мамилени калыптандыруунун эң маанилүү шарты адамдын сезимине таасир этүү болуп эсептелет Мындай эмоциялык сезим кандайча калыптандырылат? Эмне үчүн айрым балдар эрте жашынан эле эч айныбай, мис., окууга, билим алууга өтө кызыгат, башкаларында болсо, мындай кызыгуучулукту тарбиялоонун конкреттүү жолдору түрдүүчө болушу ыктымал. Билим берүүнүн мазмунун - өздөштүрүү деңгээлдери. Билим берүүнүн мазмунунун биринчи үч элементинин ар бири ар башка деңгээлде өздөштүрүлүшү мүмкүн. Биринчи элементи, б. а. дүйнө жана ишмердүүлүктүн ыкмалары жөнүндөгү билимдер төмөнкү деңгээлдерде өздөштүрүлөт: а) Билимдерди кабыл алуу, аларды түшүнүп баамдоо жана эстеп калуу; б) Билимдерди тааныш ситуацияда колдонуу; в) Билимдерди жаңы ситуацияда (тааныш эмес жагдайда) колдонуу. Экинчи элементи, башкача айтканда ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы ( билгичтер жана көндүмдөр) төмөнкү эки деңгээлде өздөштүрүлөт: а)Ишмердүүлүктүн ыкмаларын окутуучунун көрсөткөн үлгүсү боюнча ишке ашыруу; б)Ишмердүүлүктүн ыкмаларын тааныш эмес жаңы жагдайда колдонуу; Үчүнчү элементи, башкача айтканда чыгармачылык менен эмгектенүүчүлүктүн тажрыйбасы жалгыз бир гана деңгээлде – чыгармачылык менен изденип эмгектенүүнүн деңгээлинде өздөштүрүлөт. Жыйынтыктап айтканда, биз окутуу ыкмасын мүнөздөөчү негизги үч компоненттин биринчисин (окутуунун максатын) толук карап өттүк. Окутуунун кандай методунан пайдалануу керек экендиги анын максатына ылайык аныкталат. Сабакта мугалим окутуунун кандай максатын ишке ашыргысы келсе, ал өзүнүн бүткүл күч аракетин окуучулардын да дал ошол максатка жетишкендей багытта эмгектенүүлөрүн камсыз кылууга жумшайт. Окутуу ыкмаларынын классификациясы окумуштуу педагогдордун көбү акыркы жылдарга чейин окутуу методдорун анын мына ушул үч компоненти боюнча класстарга бөлүштүрүшпөстөн аларды классификациялоонун негизи катары ар кандай башка компоненттерди алышкан. Мисалы, алардын кээ бирөөлөрү окутуу ыкмаларын классификациялоонун негизи катары билимдердин булактарын эсептешет, башкалары болсо окутуу методдорун дидактикалык максаттар боюнча, үчүнчүлөрү – окуучулардын ойлоолорунун логикалык формалары боюнчача ж. б. классификациялашкан. Мис., билимдердин булактары б-ча окутуу методдорун төмөнкү үч класска бөлүштүрүшкөн: сүйлөмө метод (айтып берүү, түшүндүрүү, лекция, аңгеме ж. б.) көрсөтмөлүү метод (демонстрация, байкоолор ж. б.); практикалык метод (лабораториялык иштер, практикалык жумуштар, китеп менен иштөө, тажрыйбаларды жүргүзүү, маселелерди чыгаруу, көнүгүүлөр, графикалык иштер ж. б.). Албетте, окутуу ыкмаларын мындайча классификациялоо окуучунун же мугалимдин иш аракеттеринин сырткы белгилери б-ча жүргүзүлгөндүгү көрүнүп турат. Экинчиден, мындай классификациялоодо окутуунун бир методун анын экинчи методунан ачык айкын ажыратып көрсөтүү кыйын, мис, маселелерди чыгарууну алсак, мында сөзсүз сөз да, практикалык иш да, көрсөтмөлүүлүк да орун алат. Ошондуктан окутуунун методдорун классификациялоону окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү б-ча жүргүзүү максатка ылайыктуураак, анткени, мында конкреттүү максатка жетишүү үчүн мугалимдин уюштуруу иш–аракеттеринин натыйжасында окуучулардын ойлонуп эмгектенүүлөрү, демек, алардын ички психикасы кандайча болууга тийиш экендиги ачык көрүнөт. Ошентип, окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү боюнча окутуу методдору төмөнкүдөй беш түрдүү классификациялана тургандыгы белгилүү: а) иллюстрациялап түшүндүрүү методу – бул метод билимдерди окуучуларга даяр түрдө түшүндүрүп берүүдө колдонулат; б) репродуктивдүү метод – биринчи иретте жаңы өздөштүрүлгөн билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууда колдонулат; в) проблемалык баяндоо методу – илимий фактыларды далилдүү кылып негиздеп баяндоонун, проблемаларды чечүүнүн үлгүсүн окуучуларга көрсөтүүдө колдонулат; г) изденүү аңгемеси – бүтүн проблеманы толук чыгаруунун айрым этаптарына окуучуларды активдүү катыштырууда колдонулат; д) изилдөө методу – окуучулардан бүтүн проблеманы баштан аяк толук чыгаруунун бардык этаптарын өз алдынча аткаруу талап кылынган учурда колдонулат. Бул ыкмалардын ар биринде окутуу методунун негизги үч компоненти эмнеден тура тургандыгын оңой эле аныктоого болот. Мис., репродуктивдүү ыкмада: окутуунун максаты – окуучуларда алынган билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууну камсыз кылуудан турат; мында мугалимдин ишмердүүлүгү – окуучуларды көндүмдөргө, ыкмаларга машыктырууга керектүү көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды улам татаалдашкан тартипте тандап алып, ал тапшырмалардын окуучулар тарабынан сөзсүз аткарылышын камсыз кылууда турат; Окуучулардын ишмердүүлүгү – мугалимдин үлгү катары аткарып көрсөткөн тапшырмасынын негизинде сунуш кылынуучу тапшырмалардын системасын белгилүү санда кайталап (репродуцирлеп) аткаруу аркылуу зарыл болгон көндүмдөргө, ыкмаларга, машыгууларга ээ болуудан турат. Интерактивдүү окутуу деген эмне жана ал индивидуалдык мамиле кылуу менен кандай байланыштуу? Интерактивдүү окутуу окуучулардын окутуп жаткан чөйрө менен түздөн-түз өз ара ишмердүүлүгүндө негизделген. Катышуучулар өзү үчүн үйрөнүп жаткан тажрыйбанын тармагын табышкан, реалдуулук катары окутуучу айлана же окутуучу чөйрө чыгат. Сиз сабакты пландаштырып жатканда... - Индивидуалдык мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүн терең үйрөнүүгө кайсы адабият сизге жардам берет? - Сабактарда индивидуалдык мамиле кылууну ишке ашыруу үчүн кандай жаңы методдор жана ыкмалар бар? - Конкреттүү бир сабакта кайсы методдорду жана ыкмаларды колдонуу туура болот? - дегенди ойлонуңуз. Эгерде интерактивдүү окутууну тереңирээк карасак, окуучулардын эмпирикалык байкоолорун, жашоолук таасирлерин жөн гана жардам берүүчү материал, сүрөттөөчү кошумча катары кошуп коюу жөнүндө сөз жүргөн жок. Окуучунун тажрыйбасы окуп билүүнүн борбордук булагы катары кызмат кылат. Салттык окутууда мугалим өзүнөн окутуучу материалды өткөзгөн “фильтрдын” ролун аткарат, интерактивдүүдө болсо - жумушта жардамчынын, “маалыматтын булактарынын бири” катары кабыл алынат. Салттык менен салыштырмалуу интерактивдүү окутууда мугалим менен өз ара ишмердүүлүк дагы өзгөрүлөт: анын активдүүлүгү окуучулардын активдүүлүгүнө алмашат, анын максаты – окуучулардын демилгесине шарттарды түзүү. Мындай окутууда окуучулар пассивдүү “окутулуп жаткандар” эмес, толук камдуу катышуучулар болушат да, алардын индивидуалдык тажрыйбасы, даяр билимдерди бербеген, аларды өз алдынча издөөгө түрткү берген, мугалимдин тажрыйбасынан аз эмес мааниге ээ. Интерактивдүү окутуунун өзгөчөлүктөрү: “борбор-аудитория” деген схема принципиалдык түрдө алмашылат. Борбор дээрлик жок. Мугалим окутуу процессинин уюштуручусу жана консультанты гана болот. Окуучулардын өз ара ишмердүүлүгү жана шериктештиги негизги болуп калат. Окутуунун интерактивдүү методдорун колдонууда маалыматтык булактарга эркин жетүүгө мүмкүнчүлүк жана өз алдынча окуу приоритеттүү болуп калат. Мугалимдин ролу башкаруучудан жардамчыга өзгөрүлөт: баарлашууну, максаттарды койгонду жана аларга окуучуларды жетүүгө түрткү берүүнү, талдоо жана өзүн талдоону өткөрүүгө окутууну билүү. Интерактивдүү окутууда активдүүлүк маанилүү. Ойлонсок: окуучулардын жогорку активдүүлүгүн кармаганга жардам берген көп деген ыкмалар жана амалдар бар, бирок окуучулар пассивдүү көрүүчүлөр жана угуучулар бойдон кала берет (мисалы, башталгыч мектепте жалпылап жаттоо активдүү колдонулат). Интерактивдүү окутуунун өзгөчөлүктөрүн түшүнүү үчүн катышуучулардын активдүүлүгүн физикалык, социалдык жана таанып билүүлүк деп бөлөлү. Физикалык активдүүлүктүн мисалдары: Окуучулар жумур орунун алмаштырышат, отурган жерин алмаштырат;сүйлөшөт; жазышат; угушат; тартышат; ж.б.у.с. Социалдык активдүүлүктүн мисалдары: Окуучулар суроолорду беришет; суроолорго жооп беришет; ойлор менен алмашышат ж.б. Таанып билүү активдүүлүктүк мисалдары: Окуучулар мугалимдин айтып берүүсүн кошумчалайт же тууралайт; жашоо тажрыйбанын булактарынын бири катары чыгышат; көйгөйдүн чечимин өзүлөрү табышат. Толук кандуу окутууда окуучулар физикалык, социалдык айлана-чөйрө (бири-бири менен, мугалим менен), изилдеп жаткан мазмундар менен өз ара ишмердүүлүктө болушат. Эң негизги эреже жөнөкөй: активдүүлүктүн үч түрү тең өз ара байланышта, ар кандай жана максатка ылайыктуу болушу керек. Мугалим бир нече негизги позицияларды чыгарат. Алардын ар биринде ал окуучулардын бул же тигил окуу чөйрө менен өз ара ишмердүүлүгүн уюштурат. Эксперттин позициясында тренер жаңы материалдарды айтып берет, слайддарды көрсөтөт, окуучулардын суроолоруна жооп берет ж.б. Уюштуруучунун позициясында окуучулардын социалдык жана физикалык айлана-чөйрө менен өз ара ишмердүүлүгүн жөнгө салат: подгруппаларга бөлүү, тапшырмаларды аткарууну багыттоо, минипрезентацияларды даярдоо ж.б. Азыркы тапта маалыматтык коомдун шарттарында консультант – фасилитатордун позициясы өтө маанилүү. Бул позицияда мугалим окуучулардын тажрыйбасына (жашоодон, окуудан) кайрылат, аларды өз алдынча жаңы маалыматтарды чогултканга, берилген маселелердин чечимдерин тапканга, өз алдынча жаңы маселелерди койгонго ж.б.у.с. түрткү берет. Фасилитатордун милдети – тажрыйбанын жаңы дененин өсүшүнө жардам берүү. Фасилитатор-мугалим багытты жана кыймыл-аракеттин ыкмасын көрсөтө алат. Бул позицияда иштеп жатып, конкреттүү рецепттерди (“туура жоопторду”) билүүнүн кажети жок, бирок аларды кантип издөөнү түшүнүү керек. Щвейцар психологу Жан Пиаже балдарды “туура жоопторго” үйрөтүп жатып, биз аларды өз алдынча издегенге жана тапканга мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коет экендигибизди байкаптыр. Анын жооптору бизге белгилүүлөр менен окшош болушу мүмкүн, бирок айырмаланышы дагы мүмкүн. Окуучуну “керектүү корутундуга” келтирүү илгертеден бери педагогикалык искусствонун көрсөткүчү деп саналган. Бирок, биз менен каралбаган,”пландаштырылбаган” идеялар жаңы билимдин жана тажрыйбанын данегин алып жүрө ала албайтпы? Фасилитатордун жалпы түрдөгү милдети - маалымат менен алмашуу жараянды багыттоо. Так ушунда, маалыматты өзү берип, түзүүдө жана чечимдерди багыттоодо милдетти турган экспертин ролу менен фасилитатордун ролунун негизги айырмасы. Көркөмдөп айтканда эксперттин милдети – маршрутту ачуу, фасилитатордун максаты – кыймылга жардам берүү. Интерактивдүү окутуунун методдору жана ыкмалары Бул колдонмодо «Сынчыл ой жүгүртүү» программасында жазылган интерактивдүү методдорду жана окутуунун ыкмалары колдонулду (Бөлүктүн адабиятын кара). Сиз сабакты пландаштырып жатканда... Төмөнкү учурларды ойлонуп көрүңүз: - Окутуунун интерактивдүү методдорун кандай максат менен колдоносуз? - Бул сабакта активдүүлүктүн кандай түрү сизге керек? - Жалган активдүүлүктөн кантип айрылуу керек? - Интерактивдүү окутууда окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн кантип колдонуу зарыл? Окуучулар бөлүшкөн сезимдерди, эмоцияларды колдоп, эске түшүрүүнүн эмоционалдык баасын жакшы көрсөтсө болот. Мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучулар өзүлөрү түзгөн кичинекей аңгемелерди айтып берүүсүнө аракет кылыңыз. Эми аңгемени окууга киришсе болот. Дал ушундай окуя белгилүү жазуучу Даниил Гранин менен болгондугу жөнүндө билдирүүнү алдын ала ага кабардар кылыш керек. Аңгемени мугалимдин өзү окуса болот. Өз алдынча окуганга убакыт берсе болот. Балдардын жан дүйнөсү ото сергек, ото сезимтал, тунук эмеспи. Алар көргөнүн, укканын, билгенин баяндашат. Таза дүйнөсүнө таза азык керек. Ал таза азыкты акын жазуучулар бере алат. Акындын да буга жараша ыр саптары балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата болуусу абзел. Баланын таза психологиясына таасир эткен акындардын чыгармалары болууга тийиш. Ушуга ылайык С.Рысбаевдин чыгармаларынын мааниси, мазмуну окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө тактап айтканда 2-4-класстардын окуучулары үчүн эң эле ылайык. Акындын жаш жеткинчектер үчүн жөнөкөй тилге салып укмуштуу сүрөттөө менен жазган чыгармасы далил боло алат. |