Главная страница
Навигация по странице:

  • С.Рысбаевдин чыгармаларына түзүлгөн болжолдуу сабактын үлгүсү. Адабий окуу

  • Сабактын максаты Көрсөткүчтөр

  • Сабактын тиби

  • Сабактын жабдылышы

  • Сабактын Мугалимдин иш- Окуучунун иш-аракети

  • Саспакова бутту 13.06. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети


    Скачать 148.74 Kb.
    НазваниеКыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети
    Дата22.06.2020
    Размер148.74 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаСаспакова бутту 13.06.docx
    ТипДиссертация
    #132107
    страница4 из 6
    1   2   3   4   5   6

    2.3 . Педагогикалык тажрыйбанаын жыйынтыктары

    Кыргыз эли - көркөм чыгармачылыкка өтө бай эл, ошонусу менен дүйнө элинин маданий мурастарын байытууга салым кошууда башкалар менен атандашууга акысы бар. Ар бир улуттун өзүнө таандык болгон ата журту, маданияты, салт- санаасы, үрп адаты, тили, дили ошону менен катар илим, билими болот . Маданият тармагынын бир өзөгү болгон адабият ошол элдин руханий жан дүйнөсүн кеңири баяндайт. Жалпы адабиятта чоң кишилердин, балдар адабиятында негизинен балдардын турмушун иликтөөгө алынса да, экөөнүн тең предмета - адам. Ошондуктан экөө тең бүтүндөй коомдук мамилелердин жыйындысын көркөм элестейт.

    Балдар адабияты - жалпы көркөм адабияттын өрүштүү бир бөлүгү катары аны менен методологиялык негизи бир. Жаралуу, жетилүү, өркүндөө таржымалы боюнча да тагдырлаш. Учур талабы, турмуш агымы менен жылоолош болуп, коомдук мамилелерди, табигый кубулуштарды, объективдүү чындыкты, типтүү көрунүштөрдү реалдуу чагылдыра турган көркөм изденүүлөрү жана чыгармачыл башкы багыттары жагынан да эриш- аркак.

    Арийне, балдар адабиятынын өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар. Алар баарыдан мурда окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнөн, билим, тарбия берүү талабынан келип чыгат. Демек, балдар адабияты жаш муундарга үзүрлүү тарбия берүү максаты боюнча педагогика менен психологияга да тутумдаш.

    Балдар курагына карай бөбөктөр (мектеп жашына чейинкилер), жеткинчектер (мектеп жашындагы кенже балдар), тестиер жана өспүрүмдөр (жогорку класстын окуучулары) болуп айырмалангандыктан, көркөм чыгармалар да ар биринин эстетикалык татымына ылайык жаралат. Жаш муундар келечек ээси болгондуктан, аларга туура тарбия берүү - балдар адабиятынын ыйык милдети.

    Балдар адабияты жөнүндө А. И. Герцен, JI. Н. Толстой, К. Д. Ушинский өңдүү белгилүү жазуучулар, педагогдордун айткандары өтө маанилүү. Балдар адабиятынын теориясы менен сынына Н. А. Добролюбовдун кошкон салымы зор. Сынчынын талабы боюнча балдар адабияты баарыдан мурун “балдардын өзүнүн нукура турмушун чагылтып сүрөттөйт, ошондуктан жазуучу алардын психологиясын жеткиликтүү билүүгө тийиш”. Ошондой эле “балдарга арналган китептердин тарбиялык милдети баланын өз алдынчалыгын жана анын бардык турпатындагы руханий күчүн толук жана туура ачуу болуп эсептелет. Алардын барактарында жадатма насааттар, сандырак куру кыялдар, тантырак чеченсинүү болбостон, дүйнө, турмуш жана адам жөнүндөгү он, кабарлар берилиши керек.

    Н.К. Крупская балдар адабиятынын социалдык мазмунуна айрыкча маани берген жана коомдук мүнөздөгү ар кандай орчундуу темаларды бетине кармап алып, кунарсыз чыгармаларды жаратууга каршы турган. Анын: “Балдарга арналган китепче акылмансынган ойкутуп-кайкыткан сөздөрсүз эле, кадыресе жөнөкөй тил менен жазылууга, керексиз майда-чүйдө нерселер менен толбоого тийиш жана эң негизги делингендер биринчи планда бадырайып дапдаана көрүнүп турушу керек” деген пикир балдар адабиятына коюлуучу негизги сынам.

    Балдар адабиятына мүнөздүү белгилердин бири - юмордун кеңири берилиши.

    Юморсуз балдар үчүн жазылган чыгармалардын кызыгы жок.

    К. Чуковский айткандай, балдар үчүн “күлүп алуу- чоң зарылдык”. Анткени турмушту таанып билүү жолдорунун бири - күлкү болгондуктан, ал жол жабылып калган болсо, анда ойдун өзү да толук өнүкпөй калат (В. Сухомлинский).

    Балдар адабиятынын тийиштүү өзгөчөлүктөрдүн бири - чыгарманын сюджетинин дайым динамикалуу абалда болушу. А. Макаренко бул жөнүндө «балдар кыймылды, аракетти жакшы көрүшө тургандыктан, окуя, жагдай улам алмашып, орун которулуп турушуна ушунчалык кызыгышат деп туура баамдаган. Балдарга арналган чыгармада чынында баяндоонун жөнөкөйлүгү, окуянын ийкемдүүлүгүнүн өнүгүшү, көркөм образдардын жандуулугу, максаттуу аракети, жаркын менен күүгүмдү таасын ажыратуу жана бекем логикалык ырааттуулук талап кылынат Балдар - биздин келечегибиз экендиги талашсыз. Алдыга болгон умтулуубуз, улуттун андан ары өсүп, өнүгүүсү үчүн келечектин муундарын чыпалактай кезинен тарта сөз берметине каныктырып, руханий жан дүйнөсүн мол азыктандырышыбыз керек. Учурда коомубуз балдар акын-жазуучуларына өтө суусап турган кези. Бул үчүн совет балдар акын-жазуучуларынын белгилүү чыгармалары жардамга келери талашсыз. Ар бир эл улуттук балдар адабиятына эмне үчүн айрыкча маани берип келет? Анткени ал - улуттун байлыгы. Ал аркылуу улуттун келечеги болгон жаш муундун рухий дүйнөсү калыптанат. Адам баласы бул дүйнөгө жаралгандан тартып чөйрөсүндөгү курчап турган нерселер менен карым - катнашта болуп, сүйлөөсү калыптанат. Балакайдын жаңыдан үн чыгарып, алгачкы тыбыштарды айтууга жарап калган кезинен баштап, сөздөрдү толук айтып, окуй баштаган мезгилинде акындардын ырлары эне тилин аздектеп үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөт.Эненин акындардын балдарга арналган ырларынан үн салып ырдап берүүсү чоң мааниге ээ. Бала аны угуу менен өзүнө көнүмүшкө айланган адат кылып алат да, эне тилин тамырынан таанууга жетишет. Ырлардын мазмуну, тематикасы өз ата-энесинин, ага туугандарынын турмушунан, айлана-чөйрөдөгүлөрүнүн жашоо-шартынан алынып, аларда кандайдыр деңгээлде ошол ырды жараткан кишилердин көз карашы, коомго, заманга, жаратылышка мамилеси чагылтылат. Кыргыздын руханий дүйнөсү болуп көрбөгөндөй өтө бай, түбү терең казынага тең. Жан дүйнөсүн байытууда элибиз океандай чалкыган “ Манас” эпосун баш кылып көрөңгөсүн байытып келет. Улуттун улуулугун көккө көкөлөтүп, ашуу ашырып, урпактарга мурас кылып өткөрүүдө туп нускасын сынынан чыгарбай өткөрүп келген элибиздин нускоочу акындары Нурмолдо, Арстанбек,Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Барпы, Жеңижок, Калык өндүү залкарлардын чыгармалары менен дем алып, таасирленип, биздин муундарга эң мыкты, алпейим ырларын мурас калтырган совет профессоионал жазгыч, кыргыздын балдар акыны-С.Рысбаев. С.Рысбаев кыргыз поэзиясын дагы бир жаңы деңгээлге көтөрүп, анын уюткусун арттырган акындардын катарында турат. Ал кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабыттарынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат.

    Биз, эмгекте С.Рысбаевдин чыгармаларын окутуу аркылуу окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө карата изилдөө иштерин жүргүздүк. С.Рысбаевдин чыгармаларын 2-3-4-класстарда окуп үйрөнүүнүн жолдору, методдору, практикада колдонуулары, сабактардын үлгүлөрү иштелип чыкты. Бул максатты ишке ашырууда методикалык эмгектер, педагогика, психология жана адабият илиминдеги жанылыктар, жетишкендиктерге таянуу, мугалимдердин сабактарын жалпылоо, эксперименттин жыйынтыктары - иштин негизги милдеттери болуп эсептелет. Изилдөө иштери өзүм иштеген Бишкек шаарындагы №93 орто мектептерде өткөрүлдү. Биринчи мезгилде аныктоочу эксперимент уюштурулуп, анын алдына төмөндөгүдөй милдеттер коюлду: а) башталгыч класстарда интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун абалы менен таанышуу; б) окуучулардын билим деңгээлдерин аныктоо. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн үч мектепте болуп, 10 мугалимдин 30 сабагына катыштык, ошондой эле дил баян, баяндама алынып, аларга карата талдоо иштери жүргүзүлдү, окуучу жана мугалимдер менен жекече аӊгемелешүүлөр өткөрүлдү, окуучулардын билимдериндеги кемчиликтерди аныктоого мүмкүндүк берди. Жыйынтыгында, төмөндөгүлөр белгиленди:

    а) окуучулардын көпчүлүгү текстке суроо түзгөндү жана анын жообун чыгаргандан таап айтуудан ката кетиришкени;

    б) тексттин мазмунун, сюжетин системалдуу айтып бере албаганы;

    в) окуучулардын оозеки речинин жардылыгы, сөз байлыгынын аздыгы, сүйлөмдөрдү түзүү тартибинин бузулгандыгы байкалды.

    г) макал – лакаптардын мааниин чечмелөөдөн кыйланышканы;

    д) жаңылмачтарды түшүндүрүү методикалык жактан туура уюшулбаганы аныкталды.

    Жогоруда белгиленген мүчүлүштүктөрдүн себептери: биздин оюбузга, мугалимдердин чыгарманын мазмунун айтууга көӊүл бурбаганы; текстти окуп бүтүп эле, эмнени түшүндүӊөр деген суроонун коюлушу ; алган билимдерин турмушта колдонуу навыгынын жоктугу деп эсептөөгө болот. Бул жерде мугалимдердин ишмердүүлүгүнө тиешелүү шарттардын түзүлбөгөндүгү да ишке кедерги болорун белгилөөгө болот, мисалы,

    - методикалык колдонмолордун, интерактивдүү ыкмалардын жоктугу;

    - методикалык колдонмолордун, интерактивдүү ыкмалардын жоктугу;

    - күндөлүк сабактардын бир түрдүү жүргүзүлүшү, педагогика жана психология илимдериндеги жаӊылыктардын кеӊири колдонулбагандыгы, же болбосо, маалыматтын аздыгы;

    - окуучулардын өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүүчү тапшырмалардын аз жүргүзүлүшү.

    2017-2018- окуу жылында окутуучу эксперимент жогорудагы эле мектепте жүргүзүлдү. Мында 3-4 класстарга тажрыйба коюлуп, төмөнкү темалардын окутулушу текшерилди. Аталган темаларды текшерүүдө негизги көӊүл материалдардын мазмунун талдоого, сюжетке карата эссе, синквейн жазууга, суроо түзүү, өз алдынча чыгарма жаратууга, тексттерди бөлүктөргө бөлүп сүйлөп берүүгө, балдардын оозеки жана жазма речине көңүл бурулду.Ушул темалардын тегерегинде жети сабак өткөрүлдү.

    Мында аӊгемелешүү, талдоо, жыйноо, салыштыруу, башкарып окуу, эки,

    үч,төрт, беш бөлүктүү күндөлүк, интерактивдүүлүк, слайд көрсөтүү, суроо түзүү көндүмдөрүнө машыктыруу ыкмалары колдонулду. Ошондой эле көрсөтмө куралдардын үлгүлөрү, суроолордун тактыгы, жеткиликтүүлүгү текшерилип көрүлдү. Балдардын көӊүл буруу, эске тутуу, кызыгуу сыяктуу психологиялык жактары да эске алынды. Ошентип, эксперименттин аягында чыгамалардын мазмунуна карата дил баян, чыгарманын бөлүгү боюнча баяндама, эссе жазуу, синквейн, окуялардын пирамидасын, эки бөлүктүү күндөлүк түзүлүп, изилдөөнүн жыйынтыктары чыгарылды. Мисалы: “Көлчүктөгү ай” деген ыр боюнча 3 – класстын окуучуларына сунуш кылынган тапшырмалар:

    а) жомоктун биринчи төрт сабына суроо түзгүлө, калган экинчи, план боюнча сүйлөп бергиле;

    б) Көлчүктөгү ай деген сөздөргө карата синквейн түзгүлө,

    в) уялаш сөздөр тапкыла,

    г) текстти көркөм окугула ж.б

    д) эки бөлүктүү күндөлүк түзгүлө.

    Жогорудагы тема боюнча эксперименттин жыйынтыгына көӊүл буралы:

    (1 – таблицаны кара)
    Таблица 1.

    Тапшырмалар

    Бишкек шаарындагы №93 орто мектеби 4а- кл. (эксперимент) 22 окуучу

    4б–кл. (контролдук класс) 24 окуучу

    Туура иштегендер

    Туура эмес иштегендер

    Туура аткаргандар

    Ката кетиргендер

    1. суроолор

    2. план боюнча оюн толук айтып бергендер

    3. синквейн

    4. уялаш сөздөр

    15
    12

    20

    14



    7
    10

    2

    8

    10
    8

    15

    10

    12
    14

    7

    12


    Бул таблицада көрүнүп суроо түзүү, план түзүү, синквейн түзүү, уялаш сөздөрдү таптырууда эксперименталдык да, текшерүүчү да класстын окуучуулары ката кетиришкен. Бирок эксперимент өткөрүлгөн класстын окуучулары тапшырмаларды бир топ жакшы аткаргандыктары байкалды. Окуучулардын оозеки речинин өсүшүнө, ырааттуу айтып берүүсүн калыптандырууга жардам берет. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мына буларды белгилөөгө болот:

    1. Интерактивдүү ыкмаларды колдонууда текстке карата суроо түзүү жана ага жооп берүүгө машыгуу жумуштары көбүрөөк аткарылса;

    2. Чыгарманы талдоодо план боюнча сүйлөп берүү көндүмүн өнүктүрүүгө көӊүл бурулса ;

    3. Окуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн өстүрүү.

    Эксперименттик сабактар өтүлүп, андан кийин окуучулардын жазуу речтерин байкоо максатында 4-класстын окуучуларынан дил баян алынды. Дил баяндын темалары өтүлгөн интерактивдүү ыкмалардын мазмунуна жараша тандалып алынды. Негизги максат окуучулардын текстти кандай өздөштүргөнүн байкоо максаттын көздөдү. Дил баян үчүн тандалып алынган темалар:

    а) “ Шамбала”

    б) “Сыйкырдуу таш”

    в) “Суроолорго жооп берүү ”

    Бул темаларга карата жазылган дил баяндар боюнча эксперименттин жыйынтыктары: (2 – таблицаны кара)
    Таблица 2.

    Мектептер жана класстар


    класс

    Окуучунун саны

    Баалары

    «5»

    «4»

    «3»

    «2»

    Бишкек шаарындагы №93


    3-кл.

    26

    8

    14

    4

    -


    Байкоонун жыйынтыгы көрсөтүп тургандай текшерүүчү класска караганда эсперименталдык класстын окуучулары тапшырманы туура аткаргандык байкалды. Чыгарманын мазмуунун чагылдырган сыяктуу жазуу иштери окуучуулардын жазма речинин өсүшүнө стилистикалык кемчиликтерди жоюга, окуганын, ырааттуу баяндап берүүгө, каармандын бүт абалын башынан өткөрүү жана аны жазуу түрүндө баяндап берүүгө шарт түзөт. Жазуу жумуштарын башталгыч класстарда мугалимдери аз жүргүзүшөт. Биз мугалимдерден дил баян, эссе жаздырууну жандандыруусун суранат элек.

    Бизге белгилүү болгондой С.Рысбаевдин чыгамаларын окутууда интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун максаты - аны сүйүп кабыл алуу, ар тараптуу ой жүгүртө билүүгө жана окуганды уга билүүгө, окуучулардын жан дүйнөсүн калыптоого көз караштары менен дүйнө таанымдарын кеӊейтүүгө, ар тараптуу жана гармоникаллуу өнүгүшүнө өбөлөгө түзүү.

    Эксперименттик ишибизде биз тарабынан иштеп чыккан сабактын үлгүлөрү, колдонулган методдор менен ыкмалар, көрсөтмө куралдар менен тех.каражаттар,

    текст уктуруу сыяктуу интерактивдүү ыкмалардын таасирдүүлүгү күндөлүк сабактарда текшерилип турду. Ошентип күндөлүк сабактарда текшерилип көрүлгөн методдор менен ыкмалар, дидактикалык материалдардын түрлөрү мугалимдерге сунушталды.
    С.Рысбаевдин чыгармаларына түзүлгөн болжолдуу сабактын үлгүсү.

    Адабий окуу 3-класс

    Сабактын темасы: С.РОысбаев - балдар жазуучусу

    Сабактын максаты

    Көрсөткүчтөр

    1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар лирик акын С.Рысбаевдин өмүрү жана

    - берилген тапшырманы белгиленген убакыт ичинде сапаттуу аткара алат;


    Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү сабагы Сабактын формасы: Сабак-изилдөөчүлүк

    Сабактын методу: Көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, талдоо- жыйноо, инсерт, өз алдынча иштөө, топто иштөө, орфографиялык мүнөт, өзүн-өзү баалоо, бири-бирин баалоо ,динамикалык түгөй, көрдүм, билдим, уктум схемасы, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо ыкмалары. Сабактын жабдылышы: Китеп, иш дептери, карандаш, А-4 барактары, слайд,, окуу куралдары, сүрөттөр.

    Сабактын

    Мугалимдин иш-

    Окуучунун иш-аракети

    этабы

    аракети










    Окуучулар изилдөө жүргүзүүгө




    Окуучуларды

    арналган сабакка




    сабаккка уюштуруу.

    аракетчилдердырышчаактар жана




    Окуу куралдарын

    шамдагайлар болуп 3 топко




    даярдатып,сабакты

    бөлүнүшөт.




    кабыл алууга

    Окуучулар окуу жабдыктарын




    жагымдуу маанай

    даярдашат. 1-кадам. Жагымдуу




    түзүү.

    маанай-“Кайыктар”: окуучулар




    Жалпы класска

    класстагы бош мейкиндикке чыгышат




    “Кайыктар” оюнун

    да, деңизде сүзүп бара жаткандай түр




    ойнотуп

    көрсөтүшөт.

    Уюштуруу

    окуучуларга жагымдуу маанай

    2-кадам. «Кайыктар» деген сөздөн кийин окуучулар




    түзүү. Мугалим

    жуп-жупка бөлүнүшөт да, сунулган




    жагымдуу маанайды

    колдорун кармашып, колдорун ары-




    алып барат.

    бери ыргышып «кайыкты» билдиришет.




    Мына оюн ойноп

    3-кадам. «Суу» деген сөздөн кийин




    көңүлүбүз бир аз

    окуучулар кайрадан сууда сүзүшүп,ар




    болсо да көтөрүлдү

    кандай багытта кыймылга келишет.




    э?

    Андан соң тапшырмаларды аткаруу




    Окуучуларга

    үчүн парталарга олтурушат.




    сабакта «Алтын

    Жагымдуу маанайды жеткиликтүү




    эреженин»

    кабыл алышат. Алтын эрежени сактоо
    1   2   3   4   5   6


    написать администратору сайта