Главная страница
Навигация по странице:

  • Кыргыздын балдар жомокчусу – С.Рысбаев. План

  • Колдонулган адабияттар

  • Текшерүүчү суроолор

  • Окууга үйрөтүүнүн этаптары

  • Саспакова бутту 13.06. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети


    Скачать 148.74 Kb.
    НазваниеКыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети
    Дата22.06.2020
    Размер148.74 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаСаспакова бутту 13.06.docx
    ТипДиссертация
    #132107
    страница3 из 6
    1   2   3   4   5   6

    2.2. Башталгыч класстарда С. Рысбаевдин жомокторун окутуу

    Бир ирет балдар үчүн уюштурулган теле берүүдө бир эне: «Айтыңыздарчы, мен балама кандай китептерди окутуум керек?» деп сураганы эсимден кетпейт. Мен ал эненин суроосуна: «Сиз балаңыздын келечекте кандай болуусун каалар элеңиз?» деп кайра өзүнө суроо узаттым. Ал эне айтат: «Мен баламдын адамкерчиликтүү, боорукер, патриот, билимдүү, жан дүйнөсү бай, эне тилин, ата журтун сүйгөн адам болуусун каалар элем» деди. Ошондо мен: «Туура айтасыз, андай болсо, сиз адамды дал ошого үндөй турган китептерди окутушуңуз керек, маселе, мына ошондой китептерди кыргыз акын-жазуучуларынын жазып беришинде жатат» деп жооп бердим.

    Албетте, улуттук балдар адабиятыбызда балдарды кенже курактан баштап жогорудагы эне айтып отургандай багыттарга тарбиялай турган адабияттар кыйла эле жазылды. Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы акындарыбыздын балдарга арналган нуска ырлары, поэмалары, жазма адабиятыбыздан, А.Токомбаевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, А.Осмоновдун ырлары, К.Эсенкожоевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ш.Садыбакасовдун, Ш.Бейшеналиевдин прозалык чыгармалары буларга негиз болуп берди. Кийинки муундан А.Кыдыров, Т.Самудинов, К.Жунушев, Ж.Абдылдаев, С.Кадыров, И.Токтогуловдун балдар поэзиясы да балдар үчүн дидактикалык каражат сыяктуу кызмат кылып келатат.

    Ушуларды талдап, тематикасын тактап келсек, анда алардын өзөгүн, ата журттуу сүйүү, эне тилин сыйлоо, эне менен атаны кадырлоо, табиятты кастарлоо, адамга гумандуу мамиле жасоо, достукка, ынтымакка чакыруу, эмгекчил болууга үндөө, ж.б. Мына ушунун баарында баланын психологиясы жана кыял чабыттары жатпаса, акын менен жазуучу бала сыякктуу ойлонуп, бала болуп кыялданбаса, баланын кыял дүйнөсү менен акын-жазуучу эсептешпесе, анын тилин таап, баланын көзү менен карап, сөзү менен жазбаса — ал адабият баланын адабияты боло албайт, ал курулай дидактикага айланып, декломация айтуу үчүн гана керек ырлар топтомуна айланмак.

    Анан да балага арналган ырдан жана аңгеме менен жомоктон бала өзүн таппаса, өзүнүн кыялын сезбесе, өзүнүн образын көрө албаса ал чыгарма балага жукпайт. Чыгармадагы лирикалык каарман же образ баланын өзүнө окшошпосо, бала ага ишенбейт. Окуган чыгармасы бала тилинин лексикалык кору менен жазылбаса, ал чыгарма балага жетпейт. Чыгармадагы фантазия баланын жан дүйнөсүнө кирбесе, чыгармадагы дүйнөдөн бала өз дүйнөсүн көрө албаса, бала ага ишенбейт. Ошондуктан, бала үчүн чыгарма «бала тууралуу эмес, бала үчүн» деген принципти бекем кармануусу зарыл.
    Кыргыз балдар адабиятын изилдөөчүлөр (К.Абакиров, М.Култаева, М.Сулайманов, О.Сооронов, М.Түлөгабылов, С.Рысбаев, А.Муратов жана К.Исаков ж.б.) кыргыз балдар адабияты жомокторго бай экендигин белгилешет жана балдар турмушундагы жомоктордун ролуна кеңири токтолушат. Жомоктор – окуу программасынан туруктуу орун алып келе жаткан жанр. Бирок анын жанрдык белгилери, тарыхы, адабий-эстетикалык табияты анчалык изилденбеген. Бул тууралуу А.Эркебаев мындай пикирин айтат: «...кыргыз жомоктук прозасына арналган бир да китеп жок. Ал тургай, акыркы он жылда жарык көргөн жомок жыйнактар тиешелүү квалификациялуу илимий аппарат менен, б.а., кеңири жазылган баш сөз же соңку сөз, сюжеттердин жана каармандардын көрсөткүчтөрү менен жабдылган эмес. Ошентсе да, акыйкат үчүн айта кетүү керек, кыргыз жомокторунун көркөм образдар дүйнөсүн эмес, идеялык-тематикалык айрым аспектилерине арналган А.Усенбаевдин «Турмуштук жомокту иликтөө» аттуу жалгыз эмгеги бар. Жомокторго сомосунан үстүртөн мүнөздөмө берилген «Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын тарыхый очерктеринде» авторлор «али күнгө чейин жомокторду тандоо жана изилдөө иштери колго алына элек» деп кемчилдикти моюнга алышкан. Бирок бул кенемтенин орду толо элек. Абал ошол бойдон калууда», «...милдет жомоктук прозанын негизги жанрларын жана түрлөрүн белгилөө, ошондой эле алардын өз ара жана элдик баяндоо искусствосунун башка жанрлары менен тарыхый-генетикалык, структуралык байланыштарын аныктоо болуп саналат» [337, 254-б] .

    Ал эми балдар адабиятын жомокторсуз элестетүү мүмкүн эмес, окуучулар эң кызыккан жанр да жомоктор. Мындай кызыктуу жана колдонууга универсалдуу чыгармалар тууралуу: «Кайсы курактагы балдар болсо да жөө жомок аркылуу адеп биринчи ирет кызыктуу көркөм дүйнөнүн дарбазасын ачышат, - деп жазат М.Түлөгабылов, - не бир кыйынчылыктарды артына калтырып отуруп, акырында бардык жолтоолуктарды жеңип өткөн каармандар менен даанышман болот жана эне тилдин байлыгы менен каалагандай тааныша алат» [321, 272-б.]. Мына ушул жомокторду иштеп чыгуунун да кыргыз адабиятында өз тажрыйбасы бар.

    Кыргыздын балдар жомокчусу – С.Рысбаев.

    План:

    1. Балдар жазуучусу тууралуу жалпы маалымат.

    2. С.Рысбаевдин чыгармалары.

    3. Балдарга арналган жомоктору.

    Колдонулган адабияттар:

    1) Рысбаев С. Азыркы кыргыз балдар адабияты: проблемалар жана портреттер. - Б.: 1985.

    2) Жусупов К. Ал бизди сулуулукка чакырат //Ленинчил жаш. – 1986-ж. 23-март.

    3) Мавлянов Ж. Балдарга жакшы китеп жазып берүү – жазуучунун бактысы. Баш сөз// китепте: Рысбаев С. Бакыт издеген бала: аңгемелер, жомоктор жана жомок-пьеса. – Б.: 2003. – 3 – 4-бб.

    Лекциянын негизги багыттары:

    1. Сулайман Рысбаевдун кыскача өмүр баяны.

    2. Анын улуттукбалдар адабиятына эгемендүүлүк жылдарында жомоктор аркылуу чоң салым кошкон жазуучу экендиги.

    3. «Жылмайып турган таш», «Сыйкырдуу жазуу», «Мендей менен Сендейдин жоруктары», «Баланын канаты», «Бакыт издеген бала», «Айжаз менен Бегулан», «Сүйлөөчү китеп» ж.б. жыйнактарындагы жомоктор.

    4. Жазуучунун элдик жомокторду кайра иштеп чыгуусу.

    5. С.Рысбаевдин өзүнүн ойлоп тапкан жомоктору.

    6. Анын жомокторунун тематикаларыны ар түрдүүлүгү.

    7. Жомоктордо балдардын ой-кыялдарын ар тараптуу чагылдыруу.

    8. Жомоктор аркылуу баланын дүйнө таанымын өстүрүү аракеттери.

    9. Жомоктордогу мотивдер: адилеттик менен кара ниеттиктин күрөшү, адилеттиктик жеңиши.

    10. С.Рысбаевдин чыгармаларындагы жаратылыш менен адам баласынын алакасы, балдардын жаратылыш кубулуштарын таанып-билүүгө умтулуулары («Адам-пери»).

    11. Автордун «Адам-пери», «Шамбала», «Дыйкан менен мышык», «Күмүш булак», «Малай кыз менен каракчы», «Чыр дөбөдөгү кандуу курултай», «Умай бала», «Айбийке сулуу» ж.б. жомокторуна кыскача талдоо берүү.

    12. Жомоктордогу дидактикалык маани, педагогикалык идеялар.

    13. С.Рысбаевдин «Сүйлөөчү китеп», «Умай бала» ж.б. жомок-повесттерин жазуусу жана ири жомокторундагы ийгиликтери. «Умай бала» жомок-повестинде бүгүнкү күндөгү окуялар (криминалдык топтор, зордук-зомбулук) менен байланышы. Умай баланын Акылтайды зордук-зомбулуктан куткарып калуудагы аракеттери.

    Андан ары С.Рысбаевдин чыгармачылыгына берилген баалар менен таанышуу:

    Советбек Байгазиев: «улуттук балдар адабиятыбыздын Андерсени».

    Ж.Мавлянов: «...90-жылдардан кийинки кыргыз балдар адабиятыбыздын дымып калган кезеңи, мени, атуул катары да, жазуучу катары да жүрөгүмдү оорутпай койбойт. Тээ, Кеңеш убагында, жыл сайын сүрөттүү, көркөмдүү болуп чыгып турган ондогон аңгеме-повесть китептери, элдик жомокторубуз – балдарыбыздын кубанычтары эмей эмне эле, аттиң! Мектепте алган билимин китеп менен өнүктүрүп, ички дүйнөсүн байытып, кыял-чабыттарын кеңейтип, көңүлү өскүлөң тартып, көркөм табити да, жалпы маданияты да калыптанчу эле да. Азыркы базар экономикасы – китеп окуудан алыстай түшкөн балдарыбыздын бир катмарын күнүмдүк соода-сатыкка алагды кылып, утурумдук оор турмуш илим-билимден четте калтырып жатышы жалпы маданиятыбызга сөзсүз кедергисин тийгизерин ойлоп, кабыргам кайышат. Балдарыбыз өссө элибиз өсөт, балдарыбыз адептүү, маданияттуу чоңойсо, келечегибиз ишенимдүү болот, балдарыбыз маданияттуу болсо, улутубуздун келечек маданияты бөксөрбөйт. Ал үчүн, Сулаймандын китептериндей, нарктуу-салмактуу, адеп-ахлакка, ыйманга үндөгөн, мазмуну терең, көркөм чабыты кең, поэтикасы бийик, ажайып дүйнөсү кооз балдар китептери керек» .

    Текшерүүчү суроолор:

    1. Балдар жазуучу С.Рысбаев тууралуу эмне билесиңер?

    2. Жазуучунун кандай чыгармалары бар?

    3. Жомокторунун балдарга тийгизген таасири тууралуу талаш-тартыш ж.б.

    “Шамбала” жомогун “Тыным менен окутуу” ыкмасын колдонуп окутуу.

    Кыш келип, кар жаап, суулар тоңуп, жолдор тайгак болду. Абышка- кемпирдин мешке жагар отуну калбады. Тепейген үйүн жылытмак турсун, тамак да жасап иче албай калышты. Абышка абдан карыган эле да, токойго барып отун алып келүүгө алы жетпеди. Ошондо эмне кылар айласын таппай, оокаттуу кошунасына жалдырап барышты.

    Кошунасы абдан бай эле, өзү чоң кызматта иштечү. Үч кабат үйү, жалтыраган кооз машинасы бар. Курсагы салаңдап, күн сайын семирип баратат..

    Бай кошунасы абышка менен кемпирге бир көмөч нан, анан бир шам берди да:

    - Эми келбегиле. Силер эмес, менин өзүмдүн отунум жок. Силерге башка

    эч кандай жардам бере албайм, - деп узатты да, эшигин катуу жаап алды.

    Ал калп айткан эле. Кампасы толо отун менен ун-талканы, жертөлөсү толо кышка сактаган оокаты бар болчу. Зыкым, ач көз болгондуктан, бечара абышка- кемпирди аяп койбоду.

    Ошентип, абышка-кемпир бай кошунасы берген бир көмөч нанды сууга чылап жеп, эптеп- септеп бир аз күн өткөрүштү. Анан ал нан да түгөндү.

    Бир күнү таңга маал абышка-кемпир ачка жана үй суук болгондуктан, төшөктөрүнөн турууга да жарабай калышты.

    -Ушинтип жатып өлөбүзбү,-деп ыйлады кемпир.

    -Кой, байбиче мени эптеп ордумдан тургуз. Мен токойго барып бир тутам отун алып келейин. Боорукер адамдарга жолугуп калсам, бир сындырым нан берер. Кечке чейин келбей калсам, анда менин өлүп калганым талаада,- деп араң эле сүйлөдү. Бирок, аны кемпири тургуза албады, өзү да турайын деп, тура албады.

    Үйдүн терезесинде баягы бай кошунаны берген шам үлбүлдөп күйүп турат. Ал дагы түгөнөйүн деп калгандыктан, туруп барып өчүрүүгө да алдары келбеди. Анын түгөнгөнү- үйдүн ичине караңгы түн түшкөнү дей бер.

    Аңгыча ошол үлбүлдөп жаңган шамдан бир кичинекей жалын бөлүнүп чыкты да, кичинекей балага айланды. Ал бала сөөмөйдөй эле болчу. Бала абышканын маңдайына келип туруп калганда:

    -Эй...сен кимсиң?-деп тандана сурады абышка.

    -Мен Шамбаламын,-деди баягы сөөмөйдөй болгон бала.

    -"Шамбала"?

    -Ооба... Мен-Шамбаламын...-деди дагы баягы бала.

    -Кимдин баласысың?- деди абышка эч нерсени түшүнө албай.

    -Силердин балаңармын.

    -Биздин сендей балабыз жок эле го..?

    -Балаңар жок болсо, мындан ары балаңар болот.

    -Эй, Шамбала, деги, сенин колуңдан эмне келет?

    - Менин колумдан баары келет, - деди Шамбала,- үйүңөрдү жылытам, түндө жарык кылам, тамагыңарды бышырам...

    -Анда, Шамбала,сен адагенде үйдү жылыт - деди абышка, үшүгөн колдорун укалап.

    Шамбала бат эле үйдүн ичин жылытып жиберди

    (Студенттер алты топко бɵлүнɵт)

    1-топ: Кызыл калпак: Сезим жана интуиция. Студенттер текстти окуп чыккандан соң кандай сезимге ээ болгондорун ватманга жазышат, символикалуу сүрɵт аркылуу да берилсе болот.

    2-топ: Сары калпак: Логикалык позитив. Тексттин позитивдүү жактарын табышат. Кɵтɵрүлгɵн идеяны табууга аракет кылышат.

    3-топ: Кара калпак: Критика. Студенттер текстти критикалашат.

    4-топ: Жашыл калпак: креативдүүлүк. Студенттер текстке байланыштуу жаңы идеяларды табууга аракет кылышат.

    5-топ: Студенттер маалыматтар, окуялар менен гана иштешет.

    6-топ: Кɵк шляпа. Бул топтогу студенттер башка топтун презентациялары менен кенен таанышып, алардын ар бирине баа беришет. Аларга тапшырма беришет. Ар бир топ чыгып ɵз презентациялары менен тааныштырышат. Бул учурда презентация жасаган студенттин башында ɵз тобуна мүнɵздүү калпагы болуусу керек.

    Окууга үйрөтүүнүн этаптары

    Балдар жомокчусу С.Рысбаевдин чыгармаларын ɵтүүдɵ текст менен иштɵɵгɵ кɵрсɵтмɵлɵр:

    Биринчи этап. Окууга чейин текст менен иштөө.

    Этаптын максаты: тексттин мазмунун алдын-ала болжолдоо сыяктуу окурмандык маанилүү көндүмдү өнүктүрүү.

    Жумуштун ыкмалары:

    • темадагы ачкыч сөздөрдү бөлүү (доскага жазуу, текстте бөлүп көрсөтүлгөн сөздөрдү табуу)

    • тема боюнча суроолорду түзүү

    • болгон билимдердин негизинде жаңы тема боюнча божомол айтуу

    • тарыхый комментарий берүү

    • көйгөйлүү кырдаалды түзүү ж.б.

    Экинчи этабы. Окуу учурунда текст менен иштөө

    Этаптын максаты: текстти түшүнүү жана окурмандын интерпретация түзүүсү

    Текстти биринчи жолу окуу.

    • Окуучулардын жекече мүмкүнчүлуктөрүнө жана жаш өзгөчөлүктөрүнө, тексттин өзгөчөлүгүнө ылайык класста өз алдынча окуу же окуп угуу, же бириктирилген окуу

    • Алгачкы кабыл алуусун аныктоо.

    • Окулган тексттин мазмуну, эмоционалдык боектуулугу менен окуучулардын баштапкы божомолдорунун дал келүүсүн аныктоо •

    Текстти кайрадан окуу

    • Жай, кунт коюп кайталап окуу (бүтүндөй текстти же тексттин айрым бөлүктөрүн)

    • Текстти анализдөө (ыкмалар: текст аркылуу автор менен ангемелешүү, комментарлеп окуу, текст боюнча ангемелешүү, ачкыч сөздөрдү аныктоо ж.б.

    • Ар бир маанилик бөлүк боюнча тактоочу суроолорду коюу

    • Тексттин мазмунун боюнча ангемелешүү.

    • Окуганды жалпылоо. Текстке жалпылоочу суроолорду коюу

    • Тексттин айрым үзүндүлөрүнө кайрылуу

    • Көркөм окуу.

    Үчүнчү этап. Окуудан кийинки жумуш.

    Этаптын максаты: тексттин маанисин түшүнүүгө жетишүү, окурмандын интерпретациясын оңдоо, окурмандык таасирлерди жыйынтыктуу мааниге жеткирүү.

    • Текст боюнча концептуалдык ангемелешүү.

    • Окуганын жалпы талкуулоо, дискуссия. Автордун позициясы менен окурмандын интерпретациясын дал келтирүү ( маанисин түшүндүрүү, баа берүү). Тексттин негизги идеясын же андагы башкы маанилерди аныктоо жана чечмелөө.

    • Жазуучу менен таанышуу. Жазуучу жөнүндө ангеме. Жазуучунун инсандык өзгөчөлүгү жөнүндө аңгемелешүү. Окуу китебиндеги жана кошумча булактардан алынган материалдар менен иштөө.

    • Иллюстрациялары, аталышы менен иштөө. Тексттин аталышынын маанисин талкуулоо. Окуучулардын даяр иллюстрацияларга кайрылышы. Сурөтчү менен окурмандын көз карашынын дал келиши.

    • Окуучулардын окурмандык ишмердүүлүгүнүн кандайдыр бир сферасына (көркөм форманы, мазмунду кабылдоо, түшүнүү, элестетүү, эмоция) байланышкан чыгармачыл тапшырмалар.

    Мезгил өткөн сайын методикалык-теориялык илимдердин мазмуну өзгөрүп, илимий таанып-билүүнүн методдору өркүндөдү. Инсанга багыттап окутуу концепциясынын негизинде билим берүү системаларында вариативдүүлүк принциби күч алып, педагогикалык закон-ченемдерди модернизациялоого жана автордук окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка , окуу тарбия процесстеринде тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү турмушка ашырылды. Мындай өзгөрүүлөр билим берүүнүн баардык баскычтарында окутуунун өндүрүштүк эффективдүүлүгүн көрсөтүү менен окумуштуулардын изилдөө обьектисин түзүүдө.

    Окутуунун жаңы технологиясы катары: программалык тестирлөө, модуль системасы интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар практикаланууда. Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртты. Булардын ичинен сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиялык методдору активдүү колдонулуп, мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнүн, мамилелеринин стилин өзгөрүүгө дуушар кылды. "Сынчыл ойломду өстүрө турган окуу жана жазуу” программасы менен иштөөдө адис мугалимдин жетиштүү методикалык компетенттүүлүгү жана ээ болуучу натыйжаны, артыкчылыкты алдын ала көрө бтлүүсү зарылдыкты түзөт. “Демек, сынчыл ойломго окутуунун татталдыгы кайсы бир деңгээлде окуучуларга бизди курчап турган чексиз, көа түрдүү проблемаларды көрө билүүгө жардамдашууда турат” Ошондуктан, окутуунун технологиялык стратегияларынын ар бири тийиштүү даражадагы айкын максаттарга жетишүүнүн куралы болуп саналат. Бул стратегиялар мугалим тарабынан, мисалы төмөнкүдөй билгичтиктерди өнүктүрүү үчүн пайдаланышы мүмкүн. Окутуудагы жана турмуштагы маанилүү маселелерди чече билүү ишкердүүлүгү.

    Тексттеги негизги маани-маңыздык тилдик бирдиктерди бөлүп алуу билгичтиги.

    Ал эми окуучуларда төмөндөгүдөй сапаттардын калыптанышы үчүн колдонулат. Топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш-аракеттик жөндөмдүүлүгү.

    Маалымат булактары менен иштөөдөгү тактык, тыкандык.

    Өз көз карашы менен тигил же бул фактыны түшүндүрө албаган, же акыл эске, логикага илимий далилдерге карма-каршы келген учурда анда баш тартууга жарамдуулук. Мындай дидактикалык, психологиялык закон-ченемдер окуучунун коммуникативдик ишмердүүлүгүн өстүрүүгө абдан ылайык кептин окутуу стратегиясын түзөт. Өзгөчө кыргыз тил сабактарында тилдик жана коммуникативдик билгичтиктердин зарылдыгын окуучулар изденүү, ой жүгүртүү түшүнүү менен колдоно билүүсүн камсыз кылуу жана кептик машыгуууларга ээ болуу жана башка анын негизги талаптары катары кабыл алынат. Ошондой эле окуучулардын коммуникативдик ишмердүүлүгү дискуссиялык жана диспуттук мүнөздө болуп, сөз байлыгын арттырууга стратегиялык стимул түзөт. Муну окутуунун жаңы технологиясы боюнча иштелген методикалык эмгектерде мындайча белгилейт. “Билим пайдалуу болуп, концептуалдуу түрүндө өздөштүрүлгөндө гана баа болот”. Демек стратегиялык методдордун моделдик потенциялдарын демонстрациялоо менен угуу, окуу сүйлөө, жазуу ишмердүүлүктөрдүн үлгүлөрү активдүү өздөштүрүлөт. Бул методдордун, моделдердин колдонулушу менен салт болуп калган калыбына келтирүү аркылуу билим алуудан же башкалардын идеясын өздөштүрүүдөн арылып, изденүү, эмгектенүү менен ой-жүгүртүп өз алдынча түшүнүүгө жетишет.

    Ал эми мындай моделдик сабактын дидактикалык структуралары чакыруу, түшүнүү, жана ой жүгүртүү фазалары менен этаптарга ажыратылат да, ар бир фазада аткарылган коммуникативдиик иш-аракеттин натыйжасы чыгарылат.Чакыруу - берилген тема боюнча түшүнүктөрдү окуучулар мурдагы алган билимдеринин негизинде эске салат. Бул биринчиден, окуучунун мурдагы билиминин деңгээлин текшерсе, экинчиден жаңы тема боюнча ойлонуу ишкердүүлүгүн активдештирет.

    Түшүнүү - жаңы маалымат менен окуучулардын таанышуусу, башкача айтканда тексти окуу, же фильмди көрүү мугалимдин түшүндүрмөсү аркылуу жаңы теманын материалы тааныштырылат. Окуучуну баштапкы өзүнүн түшүнүгү менен текстти байланыштырат. Ошол эле учурда мурда билгенин, жаңы өздөштүргөнүн жана эмне билүү керек экендигин байкашат.

    Ойлонуу - бул баскычта окуучулардын алган билимдери бышыкталып, материалды өздөштүрүүгө жана керектүү билимдерге ээ болот. Натыйжада түшүнүү, ойлонуу баскычтарынан өтүп, тема боюнча түшүндүргөндөрүн жолдошторунун алдында презентациялайт, логикалык мазмунду ачык айкын айтып берет.
    1   2   3   4   5   6


    написать администратору сайта