Саспакова бутту 13.06. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети
Скачать 148.74 Kb.
|
Жыйынтыктап айтканда балдар адабиятына негиз салуучулардын катарын толуктаган лирик, балдар жомокчусу С.Рысбаевдин өтөгөн өз элинини уулдарынын жаркын келечеги үчүн эмгеги зор. ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ Ушул иштин аягында айтайын дегеним изилдөөгө С.Рысбаевдин чыгармаларын окутууда төмөнкүлөргө басым жасалды. Негизги тема “Адабий окуу” сабагында С.Рысбаевдин чыгармаларын окутуунун жолдору деп аталып, изилдөө ишинин актуалдуулугу, максаты, милдети, обьектиси, предмети, божомолдору, 2-бөлүмдөн, жалпы корутундудан, пайдаланылган адабиятты камтыды. Биринчи бөлүмдө акындын өмүр чыгармачылыгынан кеңири маалымат берилди. Экинчи бөлүмдө башталгыч класстардын “Адабий окуу’’ китептеринин мазмуну, 2-4-класстарда С.Рысбаевдин чыгармаларын окутуу, С.Рысбаевдин чыгармаларына түзүлгөн болжолдуу сабактын үлгүсү каралды. Калемдештеринин, жакын санаалаштарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн акын тууралуу эскерүүлөрү орун алды. Акындын чыгармачылыгын изилдөө милдеттери деп төмөнкүлөрдү санап өткүм келет. Биринчиден С.Рысбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгын терең өздөштүрүү үчүн акындын окуучулардын купулуна толо тургандай кылып, ошол адамдын мыкты сапаттарын, руханий дүйнөсүнүн кенендигин, калеми менен жаратылышты көркөм сүрөттөгөн лирик, өзгөчө феномен, заманыбыздын, доорубуздун акынын даңазалоо керек. Өзүнүн кыска өмүрүндө көп чыгарма жаратып, терең, ойчул, философ, чебер сүрөткер экендигин тастыктады. Чукугандай сөз тапкан курч сатирик экендигин айгинелеген юмор, какшык, мыскылдар да анын калеминен жаралган. Анын балдар үчүн чыгармалары күнү бүгүнкүдөй бойдон. Ааламдаштыруу маселесинин кызуу талкуу жаралып, дүйнө жүзүндөгү бардык элдер бир бүтүндүккө келип, өз ата журтунун, маданиятынын, тилинин, дилинин жоголуп кетүү коркунучу астында турганда Турардай сөз берметин терген акындын чыгармачылыгына кайрылбай койбосок болбойт. Мамлекетибиздин эртеңки келечеги болгон бөбөктөргө улуттук асыл казынабыздын, бай руханий дүйнөбүздүн сакталып калышын алдын алуу максатында акындын чыгармачылгына басым жасалды. С.Рысбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгын терең өздөштүрүү милдетин ортого коюп акын тууралуу жеткиликтүү маалыматтардын мол болушун, дайыма талыкпай изденүүнүн артында болуу керек экенин баса белгилеп кетүү керек. Экинчиден акындын чыгармаларынын кенже мектеп окуучуларына тийгизген тарбиялык маанисин аныктоо менен аларга сүйүктүү ыр китебине, энциклопедиясына айланган куралы катары чакан, бардык талапка жооп бере турган үлгүдөгү китептин жарык көрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү шарт. Башталгыч класстын окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу болгон чыгармаларын тандоо жана алардын иштелмелерин сунуштоо менен азыркы илим менен техниканын онүккөн учуруна интерактивдүү сабактарды уюштурууну колдойм. Окутуу менен тарбиялоодогу интерактивдүү методдор окуучулардын өз ара карым-катышы, окуучулар менен окутуучунун ортосундагы карым-катыш, классикалык түшүнүктөргө салып айтсак, тарбиялоочу менен тарбиялануучунун ортосундагы тең укуктуу мамиле, ырас, мындай түшүнүк көп жылдар бою жашап, аң-сезимге сиңип калган авторитардык педагогиканын принциптерине ылайык келбеген жат көрүнүш эле. Интерактивдүүлүктүн технологиялык өзгөчөлүктөрү муну менен эле чектелбейт. Интерактив түшүнүгү англис тилинен келип, "өз ара кызматташтыкта болуу", "биргелешип аракеттенүү" дегенди түшүндүрөт. Ал билим жана тарбия алуучулардын жогорку активдүүлүгүн талап кылып, алардын алган теориялык билимдерин чыгармачылык менен өздөштүрүүгө түртөт, мында окутуу менен тарбиялоонун жугумдуулугунун коэффициента артып отурат. Окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологиясы катары, интерактивдүүлүк моделинин негизги критерийлери катары мына буларды белгилеп туралы. Негизги түшүнүктөр тезис формасында гана сунуш кылынат: Сабакта окуучулардын арасында бейформал дискуссиянын эркин болушу. Мындай шартта ар бир окуучу өз оюн айтууга жана өзгөлөрдүн пикирин угуп, өзүнүн оюн бекемдөөгө, анысын тууралоого, оңдоого шарт түзүлөт. Окуу материалдарынын чектөөгө салынбаган абалда эркин берилиши. Мындай шарт, ириде, ал материалды кабыл алып, өздөштүрүп жаткан субъекттин өз алдынча эркин ойлоосуна өбөлгө түзөт. Сабактардын салттуу формасынын (бир жактуулук) аздыгы. Семинардык сабактардын басымдуулугу. Сабактын семинар формаларында интерактив технологияларынын көптөгөн элементтерин (маселени түгөйлөшүп талдоо, майда-майда топтордо иштөө, жарыш, презентациялоо) кеңири пайдаланууга шарт түзүлөт. Окуучунун демилгеси, алардын ар биринин оюн колдоо, ортого салуу. Жалпы топко берилүүчү үргүлжү тапшырмалар, аларды окуучулардын бирге, аралашып, чогуу аткарышы. Жазуу иштерине көбүрөөк маани берилиши. Сынчыл ойлом технологиясынын негизги каражаттарынын бири болгон "Окуу жана жазуу аркылуу окутуу" методунун алгылыктуу жактары... Же болбосо, окуучунун, сабаттуулугу көбүрөөк жазуу жумуштары аркылуу ишке ашырылат деген тезис жетекчиликке алынат. Булар интерактивдин негизги параметрлери гана болду, булардын ар бирин өз- өзүнчө чечмелөөгө болор эле. Окутуудагы интерактивдүү модель анын салттуу технологияларына карама- каршы турабы, алардын бирин экинчиси жокко чыгарабы, же тескерисинче, аларды жуурулуштурганда жакшы натыйжаларга жетишүүгө болобу? Мындай суроолор соңку мезгилде актуалдуу болуп, күн тартибине бат-бат коюлуп келет. Окутуу технологиясынын эки гана модели бар (интерактив жана салттуу) деп кесе айтуунун өзү туура эмес. Окуучулар менен активдүүлүгүн арттырууну камсыз кылган шарттарды, метод, ыкмаларды, формаларды ондоп, жүздөп саноого болор эле, алардын моделдештирилген, системалаштырылган технологиялары өлкөдө кеңири жайылтылып, ар кандай семинарларда, тренингдерде талкууланып эле жүрөт. Мугалим тээ 1960-1970-жылдары жарык көргөн окуу китеби менен иштеп жатып (ал эми бул - бизге мүнөздүү эле көрүнүш), сабакта талкууланып жаткан тема боюнча жазуу жүзүндө тапшырма аткартардын алдында окуучуларга экиден-үчтөн түгөйлөшүп, маселени талкуулап алуусун суранса, ал мугалим интерактив методун колдонду деп айтууга болот. Көрүнүп тургандай, окутуу технологиясы - аракет, чыгармачылык менен жүргүзүлгөн аракет, анын мүнөзүн, жүрүшүн окуу китебинин эскилиги же жаңы муундагы окуулук экендиги өзгөртө албайт. Деги эле окуу китеби дегенди окутуунун салттуу технологиясына же интерактивдүү жолдоруна ылайыктап жазат деген түигүнүк жок, андай болгон эмес, болбойт дагы. Маселе ошол окуулуктагы материалды окуучуга, жеткирүүнүн эффективдүү технологиясын таап алууда же иштеп чыгууда, аны колдонууда жатат. Сабаттуу, билимдүү, ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган ар бир мугалим, эгерде ал чыгармачылык менен иштесе, окутуунун салтка айланган стандарттык методдору менен интерактив методдорун ылайыгына жараша интеграциялап жүрүп олтурат, мунун чеги жок экенине ынана баштайт. Маселенин көмүскөдөгү, экинчи жагын да эске ала жүрөлү. Эгерде тигил же бул сабагы кызыктуу өтсө (балким, бул темага гана байланыштуу болду), мугалим буга интерактив технологиясын кеңири колдонгонуна шылтап коёт да, мындай ыкмаларга баш-оту менен кирип алат. Ар кандай сабактын максаты - тема боюнча окуучунун кызыгуусун жаратуу менен эле чектелбейт, анын кыйла кеңири максаты бар, алардын бири, айталы, мугалим тигил же бул маселе боюнча класска эч кандай маалымат бербей туруп эле, алардын ой жүгүртүүсүнө таянып, ал маселеге жооп табууга, изденүүгө, ой жүгүртүүгө түрткү бергенинде. Мында убакыт да, башка каражаттар да үнөмдөлөт. Окуучуну эмнеге үйрөтүү керек (чему учить)? - мына ушул маселе приоритет болушу зарыл. Эгерде окуучунун көндүм-адаттарын, өз алдынча ойломун, талдоо, синтездөө, жыйынтык чыгаруу жөндөмүн калыптандыруу керек болсо интерактивдүү окутуунун ролу чоң. Соңку мезгилдеги коомдо, коомдук аң-сезимде жүрүп жаткан прогрессивдүү аракеттердин, ааламдашуу процесстеринин шарданы менен республиканын билим берүү, тарбия жана адистиктерге даярдоо мекемелери үчүн жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жумуштары жанданып баратканы кимди болбосун кубантпай койбойт. Жаңы муундагы окуу китептерге коюлуучу негизги талаптар, анын ички түзүлүшү менен мазмунуна баа берүүнүн практикалык талаптарын сунуш кылууну баса белгилөө керек. Жазыла турган жаңы муундагы ар кандай окуу китеби (предметине карабай) анын илимий жаңы методикалык параметрлери, дегеле, окуу китептерин түзүүнүн концептуалдык негиздери менен прициптерине шайкеш келгендей болушу керек. Андай концептуалдык негиздер менен принциптер кайсылар? Жалпы адамзат иштеп чыккан баалуулуктарды (дөөлөттөрдү) чагылдыруу; окуу китебиндеги материалдарды адамдын жеке мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө багыттоо; билим берүү тармагындагы мамлекеттик стандарттарга, программаларга жана ар кандай ченемдик документтердин талаптарына ылайык келтирүү; окуу китебинин мазмуну менен формасын бири-бирине дал келтирүү; окуу китебиндеги дидактикалык материалдарды педагогиканын, психологиянын жана методиканын талаптарына шайкеш келтирүү; басмага даяр болгон окуу китебинин графикалык жасалгаланышы замандын талабына дал келгендей, ал китепти колдонуучунун эстетикалык муктаждыктарын канааттандыруу. Жаңы муундагы окуу китеби, аны баалоонун буга чейин иштелип чыккан критерийлери дидактикалык жана санитардык-гигиеналык талаптарга туура келиши шарт. Буга кошумча, соңку мезгилдердеги коомдогу глобалдаштыруу процесстери жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптардын жаңы критерийлерин талап кылып жатат. Алар: мультимедиалуулук (ар түрдүү маданияттардын, руханий дөөлөттөрдүн маани-маңызын түшүнө билүүчүлүк); толеранттуулук (турмуштагы ар кандай окуяларга, шарттарга сабырдуулук менен мамиле кылууга көндүрүү); гендердик туюм (аң-сезимди ар бир адамдын түшүнүктөрүндө калыптандыруу); өзүн-өзү баалоо жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандыруу; жашоодо зарыл болгон билимди, көндүм-адаттарды калыптандырууга багыттоо... Болгон аракетти ошол ишке деп жумшоо зарыл. Кыргыз адабиятында акындын өзгөчө орду бар. Учурда жаш окумуштуулар, адабиятчылар С.Рысбаевдин жомокторун терең изилдешип, адабияттагы ордуна өзгөчө баа беришүүдө. Жыйынтыктап айтканда балдар адабиятына негиз салуучулардын катарын толуктаган лирик, балдар акыны С.Рысбаевдин өтөгөн өз элинини уулдарынын жаркын келечеги үчүн эмгеги зор. ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР Кожомбердиев. Т. От өчпөгөн коломто: Ырлар жана поэмалар / Түз. К. Султанова. - Б.: Адабият, 1992. - 384 б. Эгембердиева. А. Турар - көрөңгөлүү акын. - Б., 2000. - 175 б.; Алмерокова. Н. С.Рысбаевдин сөз менен сүрөт-пейзаж тартуу чеберчилиги //Түрк элдеринин тили жана адабияты (илимий макалалар жыйнагы) 3-чыг. - Б., 2006. - Б. 213-219; Акын С.Рысбаевдин 65 жылдыгы // Кыргыз Туусу. - 2006. - 27- 29-июнь. - №48. - Б. 9; Жусуев. С Кожомбердиева. У. Эскерүүлөр: Б.: Бийиктик, 2010. 467с Кожомбердиев. Т . Кыл чокулар : Ырлар Ф.: “Кыр” 1988.-176 б. Кожомбердиев. Т. Ыр булак: Ырлар-Ф.Кыргызстан 1984.- 1236 Кожомбердиев. Т. Эне жана от Ф.: Мектеп, 1972.-1256 Кожомбердиев. Т. Обондуу ырлар Б.: Бийиктик, 2010. 2076 Кожомбердиев. Т. Мен тоолордун уулумун Ырлар жана поэма Б.:Бийиктик, 2012 1026 Кожомбердиев. Т. Көлчүктөгү ай ырлар жыйнагы Бөбөктөр жана кенже балдар үчүн Ф.: Кыргызокуупедмамбас1 1961.- 716 Алимбеков А.А. Кыргыз элинин билим берүү салттары: Окуу куралы. [Текст] / А.А. Алимбеков- Б.: Педагогика, 2001. - 44-6. Алымов Б.А. Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. [Текст] / Б. А. Алымов - Фрунзе: Мектеп - 1976. Алымов Б.А. Кыргыз адабиятын (1920-1990-ж.ж.) мектепте окутуунун илимий-методикалык негиздери [Текст]: пед. илим. д-ру дис....автореф.: Б.А.Алымов. - Б.: 1984 - 70 б. Артыкбаев К. Биздин адабият: IV класстар үчүн окуу китеби [Текст] / К.Артыкбаев, Б.Исаков - Ф.: Мектеп, 1986. - 287 6. Артыкбаев К. Биздин адабият: IV класстар үчүн окуу китеби [Текст] / К.Артыкбаев, Б.Исаков - Ф.: Мектеп, 1988. - 13-17-6. Асмус В.Ф. Чтение как труд и творчество [Текст] / В.Ф. Асмус // Вопросы теории и истории эстетики. Сб. статей. - М.: Искусство, 1968. -С. 62-63. Батаканова С.Т. Орто мектептерде кыргыз адабиятын окутууда көркөм чыгармаларга талдоо жүргүзүүнүн илимий-педагогикалык негиздери. [Текст]: пед. илим. д-ру дис....автореф.: С.Т.Батаканова - Б.: 2011.- 45 б. Бахтин М.М. Эстетика словесного поэтического творчества [Текст]/ Бахтин М.М. - М.: Искусство, 1979. - 423 с. Бекбоев И.Б. Алимбеков А.А Азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиясы. [Текст] / Бекбоев И.Б., Алимбеков А.А. - Б.: Бийиктик, 2011. Бектенов 3. Биздин адабият: Толук эмес орто жана орто мектептердин 6-класстары үчүн [Текст] / З.Бектенов - Ф.: Кыргызмамбас, 1946. - 214-б. Белинский В.Г. Полное собрание сочинений.Т.5. [Текст]/ Г.Белинский.- М., 1954. - С.253 Беленький Г.И. Изучение теории литературы в средней школе (IV-X кл.): Пособие для учителя [Текст] / Г.И. Беленький, М.А. Снежневская. М.: Просвещение, 1983. - 256 с. Борбугулов М. Адабият теориясы [Текст] / М.Борбугулов. - Б.: Шам, 1996. -550 6. Водовозов В.И. Избранные педагогические сочинения [Текст] / В.И. Водовозов. - М.: Педагогика, 1986. - 474 с. Выготский JI.C. Воображение и творчество в детском возрасте: Психологический очерк [Текст] / Л.С. Выготский. - М.: Просвещение, 1991.-390 с. Гинзбург Л.О. О Лирике. Изд.2-е. [Текст] / Л.О.Гинзбург. - Л., 1974. - 170. Голубков В.В. Методика преподавания литературы [Текст] /В.В.Голубков. - 6-е изд., перераб. и доп. - М.: Учпедгиз, 1962. - 492 с. Горький М.А. О литературе [Текст] / М.А.Горький. -М.: изд. АН СССР, 1955.-С.48. Жалпы педагогика. [Текст] / Асипова И.А., Раимкулова А.С., Сатыбекова Т.С. - Б., 2010. 148-6. Занков JI.B. Избранные психологические труды [Текст] / JI.B. Занков. М.: Педагогика, 1990. - 424 с. Избранные педагогические сочинения. [Текст] / В.Я. Стоюнин. - М.: Педагогика, 1991. - 367 с Иманалиев К.И. Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. I китеп [Текст] / К.И.Иманалиев. - Ф.: Мектеп, 1976. - 228 б. Иманалиев К.И. Орто мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун методикасынын негизги маселелери [Текст] /К.И.Иманалиев. - Ф.: Мектеп, -208 б. Иманалиев К. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы [Текст] / К.И.Иманалиев. - Ф.: Мектеп, 1976. -114-6. Иманалиев К. Кыргыз адабиятын проблемалык окутуу туурасында [Текст] / К.И.Иманалиев. // «Эл агартуу» журналы. - Ф., 1975. - №5. - 144-6. Иманалиев К. Кыргыз адабияты [Текст]/ К.И.Иманалиев. - Ф.: Мектеп, 1990. - 69 б. Иптаров С. («Шоокум» журналы №5 (10) Бугу, 2007-жыл, 10-бет). Исаев Д. Биздин адабият: Жети жылдык жана орто мектептердин V классы үчүн хрестоматия [Текст] / Д.Исаев, Ж.Чотуров - Ф.: Кыргызмамбас, 1954, - 200 б.) Исаев Д. Биздин адабият: Жети жылдык жана орто мектептердин V классы үчүн хрестоматия [Текст] / Д.Исаев, Ж.Чотуров - Ф.: Кыргызмамбас, 1960,- 167 6.) Исаков Б. Окутуп тарбиялоо: Мугалимдер үчүн колдонмо [Текст] / Б.Исаков. - Ф.: Мектеп, 1979. - 104 б. Исамидинов И.Ч. Кыргыз мектептеринде адабият теориясын окутуу [Текст] / И.Ч.Исамидинов. - Б.: АРХИ, 2004. - 112 б. Исамидинов И.Ч. Кыргыз орто мектептеринде адабият теориясын окутуу [Текст]: Пед илим. докт .дисс.автореф.: 13.00.01., 13.00.02./ И.Ч.Исамидинов. - Б., 2005. -45 б. Исмаилов Ж.М. Оозеки адабиятты үйрөтүүнүн ачкычы башталгыч класста [Текст] / Ж.М.Исмаилов // Эл агартуу. - 2007. - №7-8. - Б.75. Ишекеев Н.И. Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары [Текст] / Н.И.Ишекеев. - Б., 2010. - 166 Ишекеев Н.И. Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы [Текст] / Н.И.Ишекеев. - Б., 1994. - 388 б. Ишекеев Н.И. Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. [Текст] / Н.И.Ишекеев. - Б., 2011. - 212 б. |