Главная страница
Навигация по странице:

  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети Кол жазма укугунда Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун

  • Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин кандидаты

  • Бишкек- 2019 МАЗМУНУ Киришүү

  • Жалпы жыйынтык………………………………………………………….

  • Изилдөөнүн илимий жаңылыгы

  • Изилдөөнүн практикалык баалуулугу

  • Коргоого коюлуучу негизги жоболор

  • Изилдөөчүнүн жеке салымы: Башталгыч мектепте

  • Диссертациянын түзүлүшү

  • глава Балдар адабияты – тарбиянын башаты. 1.1. С. Рысбаев – балдар жазуучусу, өмүрү жана чыгармачылыгы

  • 1.2. С. Рысбаев – балдар жазуучусу, өмүрү жана чыгармачылыгы

  • Саспакова бутту 13.06. Кыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети


    Скачать 148.74 Kb.
    НазваниеКыргыз Республикасынын билим бер жана илим министрлиги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Педагогика факультети
    Дата22.06.2020
    Размер148.74 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаСаспакова бутту 13.06.docx
    ТипДиссертация
    #132107
    страница1 из 6
      1   2   3   4   5   6

    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

    И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
    Педагогика факультети

    Кол жазма укугунда
    Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун

    технологиясы кафедрасы

    Саспакова Марал

    Башталгыч класстарда С.Рысбаевдин балдарга арналган жомокторун заманбап ыкмалар аркылуу окутуу

    Диссертация

    Педагогика багытындагы

    Башталгыч билим берүү адистиги боюнча

    Педагогика магистри

    Академиялык даражасын изденүү үчүн

    Диссертация

    Шифр: 550700
    Илимий жетекчи:

    педагогика илимдеринин кандидаты,

    доценттин милдетин аткаруучу

    Абдраева Назгуль Эркебековна

    Бишкек- 2019

    МАЗМУНУ
    Киришүү…………………………………………………………………….........3

    I Глава Балдар адабияты – тарбиянын башаты.

      1. Балдар жазууучулары жөнүндө маалымат………………………………9

    1.2. С. Рысбаев – балдар жазуучусу, өмүрү жана чыгармачылыгы………......14

    1.3. Башталгыч класстарда С. Рысбаевдин жомокторунун, ырларынын берилиши………………………………………………………………....……..20

    II Глава. Башталгыч класстарда С.Рысбаевдин чыгармаларын окутуу.

      1. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун ыкмалары……………..…….30

      2. Башталгыч класстарда С. Рысбаевдин жомокторун окутуу…………..48

      3. Педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыктары…………………………..59

    Жалпы жыйынтык…………………………………………………………. ..70

    Пайдаланылган адабияттардын тизмеси…………………………………..76

    КИРИШҮҮ

    Кыргыз эли - көркөм чыгармачылыкка өтө бай эл, ошонусу менен дүйнө элинин маданий мурастарын байытууга салым кошууда башкалар менен атандашууга акысы бар. Ар бир улуттун өзүнө таандык болгон ата журту, маданияты, салт- санаасы, үрп адаты, тили, дили ошону менен катар илим, билими болот . Маданият тармагынын бир өзөгү болгон адабият ошол элдин руханий жан дүйнөсүн кеңири баяндайт. Жалпы адабиятта чоң кишилердин, балдар адабиятында негизинен балдардын турмушун иликтөөгө алынса да, экөөнүн тең предмета - адам. Ошондуктан экөө тең бүтүндөй коомдук мамилелердин жыйындысын көркөм элестейт.

    Балдар адабияты - жалпы көркөм адабияттын өрүштүү бир бөлүгү катары аны менен методологиялык негизи бир. Жаралуу, жетилүү, өркүндөө таржымалы боюнча да тагдырлаш. Учур талабы, турмуш агымы менен жылоолош болуп, коомдук мамилелерди, табигый кубулуштарды, объективдүү чындыкты, типтүү көрунүштөрдү реалдуу чагылдыра турган көркөм изденүүлөрү жана чыгармачыл башкы багыттары жагынан да эриш- аркак.

    Арийне, балдар адабиятынын өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар. Алар баарыдан мурда окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнөн, билим, тарбия берүү талабынан келип чыгат. Демек, балдар адабияты жаш муундарга үзүрлүү тарбия берүү максаты боюнча педагогика менен психологияга да тутумдаш.

    Балдар курагына карай бөбөктөр (мектеп жашына чейинкилер), жеткинчектер (мектеп жашындагы кенже балдар), тестиер жана өспүрүмдөр (жогорку класстын окуучулары) болуп айырмалангандыктан, көркөм чыгармалар да ар биринин эстетикалык татымына ылайык жаралат. Жаш муундар келечек ээси болгондуктан, аларга туура тарбия берүү - балдар адабиятынын ыйык милдети.

    Балдар адабияты жөнүндө А. И. Герцен, JI. Н. Толстой, К. Д. Ушинский өңдүү белгилүү жазуучулар, педагогдордун айткандары өтө маанилүү.

    Балдар адабиятынын теориясы менен сынына Н. А. Добролюбовдун кошкон салымы зор. Сынчынын талабы боюнча балдар адабияты баарыдан мурун “балдардын өзүнүн нукура турмушун чагылтып сүрөттөйт, ошондуктан жазуучу алардын психологиясын жеткиликтүү билүүгө тийиш”. Ошондой эле “балдарга арналган китептердин тарбиялык милдети баланын өз алдынчалыгын жана анын бардык турпатындагы руханий күчүн толук жана туура ачуу болуп эсептелет. Алардын барактарында жадатма насааттар, сандырак куру кыялдар, тантырак чеченсинүү болбостон, дүйнө, турмуш жана адам жөнүндөгү он, кабарлар берилиши керек.

    Н. К. Крупская балдар адабиятынын социалдык мазмунуна айрыкча маани берген жана коомдук мүнөздөгү ар кандай орчундуу темаларды бетине кармап алып, кунарсыз чыгармаларды жаратууга каршы турган. Анын: “Балдарга арналган китепче акылмансынган ойкутуп-кайкыткан сөздөрсүз эле, кадыресе жөнөкөй тил менен жазылууга, керексиз майда-чүйдө нерселер менен толбоого тийиш жана эң негизги делингендер биринчи планда бадырайып дапдаана көрүнүп турушу керек” деген пикир балдар адабиятына коюлуучу негизги сынам.

    Балдар адабиятына мүнөздүү белгилердин бири - юмордун кеңири берилиши. Юморсуз балдар үчүн жазылган чыгармалардын кызыгы жок.

    К. Чуковский айткандай, балдар үчүн “ күлүп алуу- чоң зарылдык”. Анткени турмушту таанып билүү жолдорунун бири - күлкү болгондуктан, ал жол жабылып калган болсо, анда ойдун өзү да толук өнүкпөй калат (В. Сухомлинский).

    Балдар адабиятынын тийиштүү өзгөчөлүктөрдүн бири - чыгарманын сюджетинин дайым динамикалуу абалда болушу. А. Макаренко бул жөнүндө «балдар кыймылды, аракетти жакшы көрүшө тургандыктан, окуя, жагдай улам алмашып, орун которулуп турушуна ушунчалык кызыгышат деп туура баамдаган. Балдарга арналган чыгармада чынында баяндоонун жөнөкөйлүгү, окуянын ийкемдүүлүгүнүн өнүгүпгү, көркөм образдардын жандуулугу, максаттуу аракети, жаркын менен күүгүмдү таасын ажыратуу

    жана бекем логикалык ырааттуулук талап кылынат Балдар - биздин келечегибиз экендиги талашсыз. Алдыга болгон умтулуубуз, улуттун андан ары өсүп, өнүгүүсү үчүн келечектин муундарын чыпалактай кезинен тарта сөз берметине каныктырып, руханий жан дүйнөсүн мол азыктандырышыбыз керек. Учурда коомубуз балдар акын-жазуучуларына өтө суусап турган кези. Бул үчүн совет балдар акын-жазуучуларынын белгилүү чыгармалары жардамга келери талашсыз. Ар бир эл улуттук балдар адабиятына эмне үчүн айрыкча маани берип келет? Анткени ал - улуттун байлыгы. Ал аркылуу улуттун келечеги болгон жаш муундун рухий дүйнөсү калыптанат. Адам баласы бул дүйнөгө жаралгандан тартып чөйрөсүндөгү курчап турган нерселер менен карым - катнашта болуп, сүйлөөсү калыптанат. Балакайдын жаңыдан үн чыгарып, алгачкы тыбыштарды айтууга жарап калган кезинен баштап, сөздөрдү толук айтып, окуй баштаган мезгилинде акындардын ырлары эне тилин аздектеп үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөт.Эненин акындардын балдарга арналган ырларынан үн салып ырдап берүүсү чоң мааниге ээ. Бала аны угуу менен өзүнө көнүмүшкө айланган адат кылып алат да, эне тилин тамырынан таанууга жетишет. Ырлардын мазмуну, тематикасы өз ата-энесинин, ага туугандарынын турмушунан, айлана-чөйрөдөгүлөрүнүн жашоо-шартынан алынып, аларда кандайдыр деңгээлде ошол ырды жараткан кишилердин көз карашы, коомго, заманга, жаратылышка мамилеси чагылтылат.

    Кыргыздын руханий дүйнөсү болуп көрбөгөндөй өтө бай, түбү терең казынага тең. Жан дүйнөсүн байытууда элибиз океандай чалкыган “ Манас” эпосун баш кылып көрөңгөсүн байытып келет. Улуттун улуулугун көккө көкөлөтүп, ашуу ашырып, урпактарга мурас кылып өткөрүүдө туп нускасын сынынан чыгарбай өткөрүп келген элибиздин нускоочу акындары Нурмолдо, Арстанбек,Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Барпы, Жеңижок, Калык өндүү залкарлардын чыгармалары менен дем алып, таасирленип, биздин муундарга эң мыкты, алпейим ырларын мурас калтырган совет профессоионал жазгыч, кыргыздын балдар акыны-Турар Кожомбердиев. Турар Кожомбердиев кыргыз поэзиясын дагы бир жаңы деңгээлге көтөрүп, анын уюткусун арттырган акындардын катарында турат.

    Ал кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабыттарынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат.

    Изилдөөдө советтик, орус (Ю.К.Бабанский, Л.С.Выготский, Л.В.Занков, И.Я.Лернер, С.Рубинштейн, В.А.Сластенин, М.А.Снежневская, Э.Г.Юдин ж.б.), кыргыз (И.Бекбоев, Э.Мамбетакунов, Л.Шейман ж.б.) окумуштууларынын педагогикалык, дидактикалык жана психологиялык багыттагы изилдөөлөрү жетекчиликке алынды.

    Кыргыз адабиятын окутуу боюнча методисттердин эмгектерин (Э.Абдрасулова, М.Абдыкадырова, Б.Алымов, Б.Аман кызы, С.Байгазиев, Б.Байсабаев, С.Батаканова, Н.Жапаралиева, К.Кенжешов, Ү.Култаева, М.Ибраева, К.Иманалиев, И.Исамидинов, Н.Ишекеев, К.Мамбеталиев, С.Мойдунова, Т.Молдогазиев, С.Момуналиев, А.Муратов, Т.Мусамбетов, Н.Мараимова, Б.Оторбаев, С.Рысбаев, К.Сабаева, Д.Саалиева, С.Сакиева, М.Тешебаев, А.Турдугулов, Ж.Турпанова, З.Усубалиев, Ж.Уразова, О.Шаимкулов, В.Шнейдман, Ж.Эшиев ж.б.) жана мектеп мугалимдеринин тажрыйбаларын (Б.Батыркулов, Б.Исаков, А.Сманбаев ж.б.) пайдаландык. Бирок, аталган окумуштуулардын эмгектеринин эч биринде башталгыч класстарда интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун салттуу жана жаңы методдору жалпылаштырылган эмес.

    Изилдөөнүн максаты: Жаштарды тарбиялоодо интерактивдүү ыкмаларды колдонууда материалдардын мазмунун жана ордун аныктоо. Башталгыч билим берүүчү мектептерде интерактивдүү ыкмаларды үйрөтүүнүн системасын илимий-методикалык жактан негиздөө.

    Бул максатты ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй милдеттер коюлду:

    • башталгыч класстарда С.Рысбаевдин жомокторун интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуп-үйрөтүүнүн учурдагы абалын, окуу программаларындагы, окуу китептериндеги берилишин жана илимий-методикалык эмгектердеги изилдениш деңгээлин аныктоо, аларды илимий-методикалык жактан жалпылоо;

    • интерактивдүү ыкмаларды жана жомокторду колдонууда салттуу жана интерактивдүү методдорду айкалыштыруу аркылуу окуучулардын көркөм-эстетикалык, адеп-ахлактык, инсандык баалуулуктарын калыптандыруунун ыңгайлуу жолдорун табуу;

    • интерактивдүү ыкмаларды колдонууда инновациялык технологияларды пайдалануунун артыкчылыктарын көрсөтүү аркылуу колдонуунун натыйжалуу методдорун иштеп чыгуу;

    • иштелип чыккан теориялык жана практикалык корутундуларды педагогикалык тажрыйбадан өткөрүү, сунушталган методиканы практикада текшерүү.

    Изилдөөнүн илимий жаңылыгы: Башталгыч класстарда С.Рысбаевдин жомокторун интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуп-үйрөтүүнүн интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун системасынын иштелип чыгышында.

    Изилдөөнүн практикалык баалуулугу: Изилдөөнүн теориялык жана практикалык натыйжалары башталгыч мектептердин “Адабий окуу” сабагында интерактивдүү ыкмаларды окутууга шарт түзөт. Изилдөөнүн методологиялык сунуштары жана практикалык материалдары педагогикалык факультеттердин болочок адистерин даярдоодо колдонулушу мүмкүн.

    Коргоого коюлуучу негизги жоболор:

    • С.Рысбаевдин жомокторун интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуп-үйрөтүүнүн интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун методдору, өзгөчөлүктөрү жана учурдагы абалы;

    • интерактивдүү ыкмаларды окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, билим деңгээлине ылайык кабыл алуу;

    • С.Рысбаевдин жомокторун интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуп-үйрөтүүдө интерактивдүү ыкмаларды колдонуу боюнча иштелип чыккан сабактын иштелмелери, окуучулардын таанып-билүү мүмкүнчүлүгү жана инсандык көз карашынын калыптанышы; интерактивдүү ыкмалардын окутуу менен тарбия берүүгө кошкон салымы.

    Изилдөөчүнүн жеке салымы: Башталгыч мектепте интерактивдүү ыкмалардын жанрдык бөтөнчөлүгүн, баалуулугун, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларды окутуп-үйрөтүүнүн абалы аныкталып, сабактын натыйжалуулугун арттыруучу салттуу жана интерактивдүү методдору иштелип чыгып, практикага сунуш кылынгандыгында.

    Педагогикалык эксперименттин текшерүү бөлүгү 2017-2018-2019-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы №86 орто мектебинде уюштурулду.

    Педагогикалык эксперимент эки этапта жүргүзүлдү.

    I этапта 2017-2018 интерактивдүү ыкмаларды окутуу боюнча материалдар жыйналып, башталгыч билим берүүчү мектептин 2-4- класстарында интерактивдүү ыкмаларды колдонууда кездешкен кыйынчылыктар аныкталды.

    II этапта 2017-2018-2019 С.Рысбаевдин жомокторун интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуп-үйрөтүүдө интерактивдүү ыкмаларды колдонуу боюнча өткөрүлгөн сабактарга байкоо жүргүзүлүп, илимий-методикалык пикирлер, алгылыктуу методдор, иш-тажрыйбалар изилденди, натыйжалар талданды жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуунун методикасы иштелип чыкты.

    Диссертациянын түзүлүшү: Илимий иш киришүүдөн, эки главадан жана ар бир главага жазылган корутундулардан, жалпы корутундудан, пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат.
    I глава Балдар адабияты – тарбиянын башаты.

    1.1. С. Рысбаев – балдар жазуучусу, өмүрү жана чыгармачылыгы
    Балдар адабияты жөнүндө А. И. Герцен, JI. Н. Толстой, К. Д. Ушинский өңдүү белгилүү жазуучулар, педагогдордун айткандары өтө маанилүү.

    Балдар адабиятынын теориясы менен сынына Н. А. Добролюбовдун кошкон салымы зор. Сынчынын талабы боюнча балдар адабияты баарыдан мурун “балдардын өзүнүн нукура турмушун чагылтып сүрөттөйт, ошондуктан жазуучу алардын психологиясын жеткиликтүү билүүгө тийиш”. Ошондой эле “балдарга арналган китептердин тарбиялык милдети баланын өз алдынчалыгын жана анын бардык турпатындагы руханий күчүн толук жана туура ачуу болуп эсептелет. Алардын барактарында жадатма насааттар, сандырак куру кыялдар, тантырак чеченсинүү болбостон, дүйнө, турмуш жана адам жөнүндөгү он, кабарлар берилиши керек.

    Н. К. Крупская балдар адабиятынын социалдык мазмунуна айрыкча маани берген жана коомдук мүнөздөгү ар кандай орчундуу темаларды бетине кармап алып, кунарсыз чыгармаларды жаратууга каршы турган. Анын: “Балдарга арналган китепче акылмансынган ойкутуп-кайкыткан сөздөрсүз эле, кадыресе жөнөкөй тил менен жазылууга, керексиз майда-чүйдө нерселер менен толбоого тийиш жана эң негизги делингендер биринчи планда бадырайып дапдаана көрүнүп турушу керек” деген пикир балдар адабиятына коюлуучу негизги сынам.

    Балдар адабиятына мүнөздүү белгилердин бири - юмордун кеңири берилиши. Юморсуз балдар үчүн жазылган чыгармалардын кызыгы жок.

    К. Чуковский айткандай, балдар үчүн “ күлүп алуу- чоң зарылдык”. Анткени турмушту таанып билүү жолдорунун бири - күлкү болгондуктан, ал жол жабылып калган болсо, анда ойдун өзү да толук өнүкпөй калат (В. Сухомлинский).

    Балдар адабиятынын тийиштүү өзгөчөлүктөрдүн бири - чыгарманын сюджетинин дайым динамикалуу абалда болушу. А. Макаренко бул жөнүндө «балдар кыймылды, аракетти жакшы көрүшө тургандыктан, окуя, жагдай улам алмашып, орун которулуп турушуна ушунчалык кызыгышат деп туура баамдаган. Балдарга арналган чыгармада чынында баяндоонун жөнөкөйлүгү, окуянын ийкемдүүлүгүнүн өнүгүпгү, көркөм образдардын жандуулугу, максаттуу аракети, жаркын менен күүгүмдү таасын ажыратуу жана бекем логикалык ырааттуулук талап кылынат Балдар - биздин келечегибиз экендиги талашсыз. Алдыга болгон умтулуубуз, улуттун андан ары өсүп, өнүгүүсү үчүн келечектин муундарын чыпалактай кезинен тарта сөз берметине каныктырып, руханий жан дүйнөсүн мол азыктандырышыбыз керек. Учурда коомубуз балдар акын-жазуучуларына өтө суусап турган кези. Бул үчүн совет балдар акын-жазуучуларынын белгилүү чыгармалары жардамга келери талашсыз. Ар бир эл улуттук балдар адабиятына эмне үчүн айрыкча маани берип келет? Анткени ал - улуттун байлыгы. Ал аркылуу улуттун келечеги болгон жаш муундун рухий дүйнөсү калыптанат. Адам баласы бул дүйнөгө жаралгандан тартып чөйрөсүндөгү курчап турган нерселер менен карым - катнашта болуп, сүйлөөсү калыптанат. Балакайдын жаңыдан үн чыгарып, алгачкы тыбыштарды айтууга жарап калган кезинен баштап, сөздөрдү толук айтып, окуй баштаган мезгилинде акындардын ырлары эне тилин аздектеп үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөт.Эненин акындардын балдарга арналган ырларынан үн салып ырдап берүүсү чоң мааниге ээ. Бала аны угуу менен өзүнө көнүмүшкө айланган адат кылып алат да, эне тилин тамырынан таанууга жетишет. Ырлардын мазмуну, тематикасы өз ата-энесинин, ага туугандарынын турмушунан, айлана-чөйрөдөгүлөрүнүн жашоо-шартынан алынып, аларда кандайдыр деңгээлде ошол ырды жараткан кишилердин көз карашы, коомго, заманга, жаратылышка мамилеси чагылтылат.

    Кыргыздын руханий дүйнөсү болуп көрбөгөндөй өтө бай, түбү терең казынага тең. Жан дүйнөсүн байытууда элибиз океандай чалкыган “ Манас” эпосун баш кылып көрөңгөсүн байытып келет. Улуттун улуулугун көккө көкөлөтүп, ашуу ашырып, урпактарга мурас кылып өткөрүүдө туп нускасын сынынан чыгарбай өткөрүп келген элибиздин нускоочу акындары Нурмолдо, Арстанбек,Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Барпы, Жеңижок, Калык өндүү залкарлардын чыгармалары менен дем алып, таасирленип, биздин муундарга эң мыкты, алпейим ырларын мурас калтырган совет профессоионал жазгыч, кыргыздын балдар жазуучусу- Сулайман Рысбаев.

    Ал кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабыттарынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат.

    С.Рысбаевдин жомоктору - кылдат сүрөткердин кыл калеминен тартылгандай элес калтырган ыр саптары бар, анын ырларына стилистикалык боёктун, метафоралуулук, оргиналдуулук таандык. Берейин деген оюн, идеясын акын элестүү, жөнөкөй, көркөм бере алат.

    Элибиз китеп окуу маданиятынан сыртта калып, кайра кайрылып келе албай жаткан убакта, балдар адабияты да ооруп турат. СССР учурунда бир жылда балдар үчүн 70 наамдан кем эмес китептер чыкчу. Ата мекендик, чет элдик жазуучулардын китептери, жомоктор, котормолор. Азыр жазуучулар, акындар жазганыбыз менен чыкпайт, жетишпей атат. Мисалы, так айтканда 1-класска 60 миңден кем эмес кыргыз баласы кирет. 7-класска чейин китепке суусап тургандарды эле алганда, жомоксуз, аңгемесиз жарым миллион балага көп болсо 200-300 нуска менен китеп чыгарабыз. Кантип жеткиребиз? Балдар адабияты дегенибиз барбы же жокпу деген суроо ошондон чыгат.

    4-5 жылдан бери балдар китептери кайрадан өз жолуна түшүп келе жаткансыйт. Басмалар, "ушундай китебиң бар экен чыгарайын" дегендер болуп жатат. "Ата-энелер момундай китеп талап кылып жатат, сүрөтү менен китептер керек деп атышат" дешип, китептерди өздөрү эле чыгарып таратып аткандар бар. Ал эми аннимациялык фильмдерди жаратуу, аңгеме, жомокторду радио-постановкаларга айлантуу, жомокторду сахналаштырып, куурчак театры же башка театрларда коюу зарылдыгы абдан күч.

    Себеби, жомокту экран аркылуу жеткирсе абдан жеңил. Мен өзүм аракет кылып, өткөн жылы Манас университети менен бирге менин жомогумдун негизинде аннимациялык фильм тарттык. "Адамдын пейили" деген жомогум бар эле. Бүгүнкү күндөгү социалдык маселелерди чагылдырып, байлык керекпи же адамга ар-намыс, абийир, адеп-ахлак керекпи деген маселеде. Сегиз мүнөттүк жакшынакай аннимациялык фильм болду. Былтыр ал тургай "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деген конкурста калыстардын атайын сыйлыгын да жеңип алды. Ошону улантып быйыл дагы бир жомокту аннимациялык фильм кылсакпы деп жатабыз.

    Мамлекетке дагы былтыр маселе койгонбуз. Жогорку Кеңеш, өкмөткө чейин кирип сценарийлерди көрсөтүп, фильмдерди тартууга каражат маселесин айтканбыз. Эки миллион сомдой каралган болчу. Бирок,азыр ага кандай фильмдерди тартып жатат менин кабарым жок.

    Айталы, 15-20 жыл мурун мультфильмдер табиятты ого бетер сүрдүү же ого бетер көркөм кылып көрсөткөн өзгөчөлүгү бар эле. Учурда алардын ордун сүйлөгөн машина, түшүнүксүз шарлар же топтор ээлеп калган жокпу?

    Чет элдик фильмдердин ичинен "Кызыл шапкечен" же "Кар ханышасы", "Күлчү кыз" ("Золушканы") алалычы. Аларды көрүү кандай сонун тарбия берет? Себеби балдар адамдарды, мыкты-мыкты образдарды көрүп кабыл алат. Ал эми биз ошондой каармандарды кыргыздын жомокторунун ичинен бөлүп чыгара албай жатпайбызбы. Кыргыз жомоктору канчалык көп дегенибиз менен ошондой образдарды алып чыгышыбыз кыйын.

    Акылдуу койчу, акылдуу бала деп коёт. Бирок, анда предметтүүлүк жок. Шарль Перро айткан: "Күлчү кызды" жазганда мен элдик жомокторду чогултуп атып ичинен иргеп алдым деп. Андерсон: "Жомокто эки нерсе бар. Анын мазмуну жана окуясы"-дейт. Мазмуну социалдык проблемалар - анын балдарга кереги жок. Окуясы керек дейт. Мен өзгөчө образы керек деп кошумчалаар элем. СССР кезинде "Саякатчы бака", "Көк моюн" дегендер укмуш эле да. Табият менен жуурулушуп адамдарда аёо сезими, ошого болгон оң-терс мамилеси калыптанган.

    Ал эми бүгүнкү күндө Диснейдин каармандары абдан жайылып кетти. Орустардын деле, андан башка мультфильмдерде деле машиналар сүйлөп атат, түшүнүксүз фигуралар жайнап кетти. Андан көрө кыргыздын адабий жомокторун жазган кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында көп образдар бар. Ошолорду алып чыкса дейм.

    Кыргыз баласын кандай багытта тарбиялоо, өнүктүрүү бизде азыр табышмак маселе. Мисалы, СССР кезинде мыкты пионер үлгү болчу. А бүгүнкү кыргыз баласына эмне же ким үлгү? Табышмак. Мен ошондуктан, кыргыз баласынын жаңы бир образын издеп жүрөм. "Умай бала" деген повесть жаздым. "Шам-бала" деген жомок жаздым. Шам баланын образы кандай болуш керек? Сүрөтчү кандай элестетет? Умай баланыкын кандай көрөт? Мен таңмын. Биздин сүрөтчүлөр дагы ушул багытта жакшы иштебей атышат.

    Эмне үчүн балдар жомокко азгырылат? Себеби, илгери өткөн заманда, бир жакшы бала болгон экен. Акылдуу кыз болгон экен десең, угуп аткан бала дароо өзүн издейт. Анан ошол бала кандай болуптур?-деп кызыгат. Анан алар минтип-антип анан аягында бактылуу жашап калыптыр десең "өх" деп эс алат. Өзүн ошол баланын ордуна коёт, аралашып кетет, өзүн ошондон издейт. Өзүн-өзү көргүсү келет.

    Көрдүңүзбү, жомоктун таасири. Азыркы эле окуя бизге үлгү. Кечеки окуя - бүгүн тарбия. Жомоктун өзгөчөлүгү ушунда. Жомок ар бирибизде жашайт, биз жомоктун арасында жашап жүрөбүз.

     Маселен, Гарри Поттерди алалы. Айласын таппай, баласын кантип багып, күнүн кантип өткөрөөрүн билбей поездде кетип бараткан аял. Ошол автор көз ачып-жумганча өзгөрдү. Себеби бир учурда басмаканалар жазган жомогун кабыл албай жерип келсе, кийин талашып окуган китепке айланды.

    1.2. С. Рысбаев – балдар жазуучусу, өмүрү жана чыгармачылыгы

    С.Рысбаевдин авторлугу менен жазылган 10 окуу китеп мектепте негизги окуу китеп катары 1992-жылдардан бери окулуп келатат. Тактап айтканда, кыргыз мектептеринин 1-класстарынын «Алиппе» окуу комплекси, «Кыргыз тили», «Адеп алиппеси» 2-3-класстарынын «Кыргыз тили», орус мектептеринин 1-4-класстарынын жана өзбек мектептердин 1-3-класстарынын «Кыргыз тили» аттуу окуу-комплекстери. Ал республикабызда биринчи болуп 1-класстардын «Алиппе» окуу-методикалык комплексин түзгөн. Анын курамында: «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар», «Боемо тамгалар», «Алиппе дептери», «Дил ачар» (класстан тышкаркы окуу үчүн хрестоматия) жана комплекстин «Методикалык көрсөтмөсү» бар.

    Бүгүнкү күндө бул комплекс мектеп практикасында 10 жылдан бери туруктуу колдонулуп келет. Бул аталган «Алиппе» 2000-жылы Вильнюс шаарындагы бүткүл дүйнөнүн 300дөн ашык тилдеринин жана диалектилеринин «Алиппелеринин» музейине коюлган. Белгилей кетүүчү сыймыктуу нерсе– С.Рысбаевдин «Алиппе» окуу-методикалык комплекси республикабызда алгач ирет этнопедагогикалык багытта жазылып, «Улуттук «Алиппе» катары баалангандыгы. Рысбаев Сулайман – кыргыз тилин окутуу методикасы илими боюнча таанымал адис, 1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон, доцент илимий наамын 2000-жылы алган. Ал эми докторлык даражага 2006-жылы ээ болгон. Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясын жетектөө менен, кыргыз тили-адабияты кафедрасында профессору катары иштеп келе жатат. 
    С.Рысбаев илимий изилдөө ишин, кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин учурдагы абалы, мазмуну, түзүлүшү, илимий жактан анын методикалык апараттын өркүндөтүү багыттары боюнча баштаган. Бул иштерин жыйынтыктап, 1992-жылы «Кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин мазмунун жана түзүлүшүн өркүндөтүү жолдору» аттуу монографиясын чыгарган. Кыргызстанда биринчи жолу орус мектебинде кыргыз тилин окутуу методикасы боюнча «Орус мектебинде кыргыз тилин окутуу процессин тематикалык-кырдаалдык принципте уюштуруу аркылуу окуучулардын маек кебин өстүрүү» деп аталган кандидаттык диссертациясын коргогонун белгилеп айтсак болот. 
    1995-жылдан тартып мамлекеттик тилибизди республиканын мектептеринде окутууну жакшыртуу талабына жараша, тилдерди үйрөнүүнүн дүйнөлүк практикасына таянып, буга чейин колдолунуп келген окуу программасын, окуу китептерин коммуникативдик багытта түзүүгө багыт алган жана орус мектептеринде кыргыз тилинен билим берүүнүн концепциясын (Б. 1997-ж) жана мамлекеттик стандартын (1999-ж) жазышкан. Бул багыттагы «Орус мектептеринде кыргыз тили окутуунун методикасынын маселелери» аттуу методикалык китеби менен КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Мыкты методика» аттуу республикалык конкурсунда (2006-жыл) 1-орунду жеңип алган.Бул багыттагы көп жылдык эмгегинин жыйнагы «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык-практикалык маселелери» аттуу (270 бет көлөмүндө) методикалык окуу куралы 2011-жылы жарыяланды. 
    С.Рысбаевдин методикалык соңку эмгектеринде окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүү, кебинин маданиятын ( кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, логикалуулугун, көрктүүлүгүн, байлыгын, адебин, орундуулугун) калыптандыруу, жазуу ишкердүүлүгүн (ритмикалык жазуу) өнүктүрүү, жазуу маданиятына көнүктүрүү, жазуу ылдамдыгын жана жазуу көлөмүн аныктоо маселелери туруктуу орунду ээлөөдө. Бул проблемалар анын «Окуучунун дил баяны» (Б., 1999-2003, 2005, 2010), «Өзбек мектептеринде кеп маданиятын окутуу», (Ош, 2003), «Окуу, жазууга үйрөнүүнүн ритмикалык ыкмасы», (Б.2002), «Окуучунун сабатын ачуунун жана рухий тарбия берүүнүн проблемалары» (Б.2000, 2011) ж.б. илимий-методикалык эмгектеринин чордонун ээлейт. Мектеп мугалимдери жана окуучулары үчүн чыгарган 40ка жакын кошумча окуу жана методикалык китептери, окуу хрестоматиялары учурда баалуу эмгектер болуп калды. Атап айтканда, 1-класстар үчүн: «Булак» (Б., 1999), «Дил ачар» (Б., 1999), 2-класс үчүн «Балапан» (Б., 1999), 3-4-класстар үчүн «Жоогазын» (Б.,1998), «Рабаят» (Б., 2005) аттуу хрестоматиялары, «Чыпалак бала» (Б.,1997) аттуу диафильм, «Сөз өстүрүү» албом-таблицасы (Б., 1999, 2004). «Кыргыз тилинин таблицалары» (Б., 2001), «Класстан тышкаркы окуу» (авторлош, окуу орус тилинде жүргөн мектептердин 1-4-класстары үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы), «Рабаят» (авторлош, кыргыз мектептеринин 1-4-класстанынын класстан тышкаркы окуу китеби), ж.б. Ал эми илимий-методикалык багыттагы жалпы саны 200гө жакын, көлөмү 70 басма табакты түзгөн макалалары илимий-методикалык жыйнактарда, журналдарда, педагогикалык газеталарда басылган. Бардык окуу – нормативдик, илимий-методикалык эмгектеринин жана окуу китептеринин жалпы көлөмү 500 басма табактан ашат.

    С.Рысбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү ар тараптуу. Ал кыргыз тилин, адабиятын окутуунун методикасы менен бирге, учурдагы кыргыз балдар адабиятынын өнүгүш проблемалары, учурдагы абалы боюнча да изилдөөлөрүн жүргүзүүдө С.Рысбаев илимий-педагогикалык кадрларды тарбиялап чыгарууга да жигердүү иштөөдө. Анын жетекчилиги менен 8 кандидаттык иш корголгон.

    1.Окумуштуу– педагог катары С.Рысбаев учурда Тажикстандагы, Өзбекстандагы, ал тургай, Кытай Республикасындагы жашап жаткан боордошторубуздун балдарынын эне тилин окуп-үйрөнүүсүнө кызыгып, алар менен тыкыс байланышта иштеп жатат.

    2.Улуттук жазуучулар кошунунун алдында балдар адабияты боюнча ыйгарылуучу Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары. 

    3.КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү. 

    4. КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча ыйгарылуучу сыйлыгы боюнча комиссиянын мүчөсү

    5. «Кыргыз тили» газетасынын, «Кырчын» көркөм адабий жана маданий журналынын, «КББАнын кабарлары», «ЖАМУнун кабарлары» илимий-методикалык журналдардын редаколлегия мүчөсү.

      И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору (2006) 
    КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты (2009)
    Эл аралык Манас академиясынын академиги (2011). Башталгыч класста  алган билим сапаты  окуучунун  андан аркы билим алуусуна  өбөлгө түзүп, окуучунун окуудагы ийгилигине түздөн-түз таасир этет. Башталгыч мектептеги окутуу  балада окуу  билгичтигин үйрөтүү  менен өзгөчөлөнөт. Өмүр бою  үзгүлтүксүз  билим алуу үчүн адамга окуу билгичтиги эӊ зарыл керектүү сапаттардын бири болуп эсептелет.  Башталгыч мектеп жалпы билим  берүүчү мектептин пайдубалын түзөт.

    Башталгыч мектепте  адамдын мүнөзүн, акылы жана адептик сапаттарын, коомдогу  жүрүм-турумун аныктоочу  жөндөмү  жана касиеттери түптөлүп  калыптанат.

    Кенже мектеп окуучусунун таанып билүү өзгөчөлүгүнө ылайык,  башталгыч мектепте интеграцияланган  предметтер окутулуп,  окуганга, жазганга үйрөтүү,  эсептөө көндүмдөрүн  өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү  илимий негизде  таанытуу, көркөм өнөр, дене тарбия, музыка  сабактары  окутулат.   Ошону менен бирге, кенже мектеп окуучусунун  инсандык сапаттарын, окуу ишмердүүлүгүн  калыптандырууга негизделип өнүктүрүү жана тарбиялоо — көӊүлдүн борборундагы  маселе.

    Окутуунун натыйжалуулугу берилүүчү маалыматтын көлөмүнө эмес, окуу ишмердүүлүгүнүн таасири астында  окуучунун  рухий дүйнөсүндөгү  сапаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу.

    2013-2014–окуу жылына карата  бекитилген окуу планына ылайык башталгыч  мектепте төмөндөгүдөй милдеттерди аткарууга  көӊүл бурулат:

    а) маалымат берүүнү азайтып, окуучунун  иш-аракетине жана натыйжага жетүүнү көздөө;

    б) курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуу, элибизге, жерибизге таандык баалуулуктардын негизинде окуу-тарбияны уюштуруу;

    в) окуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;

    г) базалык компетенттүүлүктөрдү (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзүуюштуруу.

    е) баа  коюу проблемасы;

    ж) окуучунун ден-соолугун сактоо жана окуу жүктөмү ж.б.у.с.;

    з)инсандын өнүгүшү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана адамдын  рухий  дүйнөсүн  калыптандырууну  камсыз  кылган маданиятка багытталган билим берүү.

    Окуу жүктөмүн, окуу материалын кыскартуунун максаты эмнеде? Мында кайталанган темалар кыскартылат.  Материал азайып, ар бир окуучуга өз оюн айтууга, талкууга катышууга шарт түзүлүшү керек. Окуучу сабакты өздөштүрүүдө анализдөө, суроо берүү, талкууга катышуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Ошондой шартта гана окуучу өз жөндөмдүүлүгүнө жараша сабакка катышууга шарт түзүлөт. Мындай иш-аракеттер маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана өзүн өзү уюштуруу компетенттүүлүктөрүн калыптандырууну шарттайт. Кенже мектеп окуучусунун өнүгүшү татаал процесс. Балдар бул курагында абдан дилгир болушат. Ушу курагында аларды окууга кызыктырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Алардын интеллектуалдык, социалдык, адептик сапаттары күн санап ыкчам калыптанат. Башталгыч класста окутуу жана тарбиялоо баланын өнүгүшүнө  терс таасирин  тийгизбеши зарыл. Окуу жүктөмү санитардык-гигиеналык талапка жооп берүүгө тийиш.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23 мартындагы №202 токтомунда    окуу предметтерин  кыскартуу менен окуу жүктөмүн азайтуу  белгиленди.

    2013-2014 -окуу жылы башталгыч класстардагы  окуу планында окуу жүктөмү төмөндөгүчө болот:

    Кыскартылган окуу планына ылайык башталгыч класстардын окуу программалары кыскартылып, кайра даярдалды  жана  2012-жылы «Билим» басмасы тарабынан жарыкка чыкты. 2013-2014-окуу жылына  карата  2012-жылы  жарык көргөн Башталгыч класстардын окуу программасы (кыргыз тили, математика, мекен таануу) сунушталат. Башталгыч класстын дене тарбия, көркөм өнөр, музыка, адеп окуу программалары жаӊыртылып түзүлүп, жарыкка чыкты.

    Акын, балдар жазуучусу, окумуштуу педагог, учурдагы «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн 20га жакын аңгеме, жомок китептери, 30га жакын методикалык эмгектери жарык көргөн. Анын чыгармалары өзбек, орус, немец, англис, испан жана француз тилдерине которулуп, кеңири алкакта дүйнөгө тартууланууда. Биз жакшы көрүп ырдап жүргөн «Уча бер өмүрүмдүн каркырасы» (обону К.Ашыралиевдики), «Биринчи коңгуроо», «Балажан» (обону К.Эралиеваныкы, «Досторго», «Мырзайым» (обону К.Артыковдуку), «Тилек» (обону А.Карымовдуку) аттуу ырлар да Сулайман агайдын калемине таандык. Төмөндө «Алиппенин» автору, балдардын сүйүктүү жазуучусунун үстүбүздөгү жылы бир нече балдар китебин чыгаргандыгы үчүн «Жылдын мыкты жазуучусу» аталган.

    Качан болбосун, шашып баратсам да, китеп саткан дүкөндөрдүн текчелерин, балдарга арналган көзүбүздүн жоосун алгыдай жасалгадагы, түркүн түстүү сүрөттөр менен кооздолгон китеп чыгып калгысы бардыр деп, сыдыра карап өтмөй адатым бар. Бирок, ар бир жолу ал китептердин кыргыз тилинде болбогонун көрүп, эч нерсе эмес, жакында чыгат, балдарыбыз кубанып окуп, чоңойгондо ошол китептин чыгышына себеп болгон, ага-эжелерине миң мертебе ыраазычылыгын билдирет деп, ичимден өзүмдү өзүм сооротуп өтүп кете бермейди да адатка айландырдым. Кыргыз тилин үйрөткөндөнбү же өз балдарымдын келечегин ойлоп тынчсызданганданбы, айтор, билбейм, бу балдар үчүн жазылган кыргыз китептеринин азыркы абалы кийинки кездерде мени өтө эле кызыктырып, эмнелер бар эле, азыр колдо эмне бар, келечекте кандай болоор экен деп санаам санга, оюм онго бөлүнгөнү бөлүнгөн.
    1.3. Башталгыч класстарда С. Рысбаевдин жомокторунун, ырларынын берилиши.

    Балдарга арналып жазылган кыргыз китептери жөнүндө кызыгып сураганымда сатуучулар дайыма Сулайман Рысбаевдин тигил же бул китебин колума карматышат. Агайдын китептерин алып, окуп көрүп, бир аз каражат кенен болгондо, бул китеп башка тилдеги китептерден эч айырмасы жок болмок экен: болгону кагаздын сапаты, сүрөттөрдүн жайгашуу жыштыгы, жасалгасы жагынан алдырбаса, мазмуну, идеясы, тили, кызыктуулугу жагынан эч кандай кемчилиги жок экенин көрүп, бир эсе кубанып, бир эсе капа болом. Кубанганым — балдарга арналган чыгармалардын болгону, капа болгонум - чыгарууга каражаттын табылбаганы. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен кыргыз тилинде чыккан китептер бар, тилекке каршы, ал китептердин саны өтө аз болуп, же баасы кымбат болуп, каалаган эле киши сатып ала албайт. Авторлордун колунан көрүп калып, сурасаң: «Мага да болгону бир-эки гана экземпляр берилди, чыгаргандардан сураш керек да»-деп, тим болушат…

    Азыр да колумда Сулайман Рысбаевдин тестиер жана өспүрүм балдар үчүн арналып жазылган «Айбийке сулуу» аттуу басмадан 2007-жылы жарык көргөн китеби турат. Бул китепке автордун «Умай бала» аттуу романтикалуу жомок-повести, жомоктору, романтикалуу аңгемелери, уламыштары киргизилген. Китепке киргизилген чыгармалардын жанрдык аталыштары бизди адабиятчы катары да кызыктырды. Жомок сыйкырдуу, турмуштук, айбанаттар жөнүндө деп эле бөлүштүрүлчү эле. Романтикалуу болгону, анысы аз келгенсип, жомок-повесть болгону кандай деп, чыгарманы баштан-аяк окуп чыкканча шаштык.

    Бул чыгарманы окуп жатып, башкы каарман Акылтайдын тагдыры кандай болоор экен деп, кыял дүйнөсүнө кандай кирип кеткенимди билбей да калыптырмын. Романтикалуу каарман Умай баланын жомоктордогу учуучу килемге отуруп алып, ата-энесинен адашкан, уурдалган, кыйынчылыкка чалдыгып же ооруп калган балдарга жардам бериши, аларды кыйын кырдаалдан чыгарышы, төгөрөктүн төрт бурчундагы 3-4 жашар баладан алтымыш жаштагы аксакалдарга чейин кызыгып көргөн «Жөргөмүш адам» фильминдеги Питердин образын көз алдыбызга элестетет. Мына, балдар үчүн мультфильмдин даяр сценарийи дейм, китептеги улам кийинки чыгарманы окууга өтүп жатып.

    Ал эми жомоктор түрмөгүнө киргизилген жомоктордун да биз бала чагыбызда окуп, угуп жүргөн жомоктордон айырмалуу экени окуган ар бир адамга туюлат. Ошол эле учурда, бизди жомоктор дүйнөсүнө жетелеп кирип, жаман менен жакшы, ак менен кара, мээримдүүлүк менен зөөкүрдүктүн, достук менен кастыктын чегин ажырата билип, балдарды жаман ойдон алыс болуп, ар түрдүү абалда калыс болуп, эл-жери, мекени үчүн кызмат кылууга даяр турууга үндөйт. Дайыма адамдарга, табиятка жакшылык кылуу менен гана жакшылыкка жетүү мүмкүн, илим-билимге ээ болуу жолу менен бакыт табууга болот деген сыяктуу идеяларды балдарга жеткирүүгө автор чоң аракет жасаган.

    «Балык балдар, же көл жээгиндеги түнкү кум сепилдер» деген жомогунда окуя азыркы эле баарыбыз билип-көргөн Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Жомоктун сюжети, композициялык курулушу, башка жомоктордон айырмаланып турат. Жомоктогу Кумар деген бала жомоктун башында эле теңтуштарына буюра сүйлөп, өзүн жакшы көрүп, башкалардан кыйын сезген, кызганчаак, ичи тар бала экени белгилүү болот. Талгар аттуу балык баланын баянын уккандан кийин, көзүнөн жашы кандайча агып жатканын сезбеген Кумардын ички дүйнөсү таптакыр башкача болуп өзгөрөт. Жомок боюнча так талашкан эрлердин, жаатташкан элдердин урушун Жер эне зор силкинүү менен гана баса алган экен. Ошондогу «Алтын калаа» тургундарынын өкүнүчтүү тагдыры, так талашып урушкандардын айынан, балыкка айланган балдардын жашоосу, алардын адам сыяктуу Жерде жашоого мүмкүнчүлүгү болбогону Кумардын такыр башка адам болуп өзгөрүүсүнө түрткү болду.

    Бул жомоктогу «Алтын калаа» жөнүндөгү окуя азыркы күндүн өтө чоң көйгөйүн козгоп, адамдарга насаат айтып, жол көрсөтөт. Байлык менен бийлик талаш жомокто автор тарабынан төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Аялдары эркектерден эрк талашып, жаштардын карыялардан сөз талашып, карыялар жаштардан жол талашып, Баатырлар даңк талашып, вазирлер так талашат. Эл-журт тапкан байлыгын «сеники-меники» дешип, экиге бөлүнөт».

    Бул чатактын аягы Жерде жашоого мүмкүнчүлүгү жок, ата-энесиз калган балдардын балыкка айланышы менен бүтүп отурат. Бул болсо, азыркы күндүн жаш муунунун өкүлү, балдардын башчысы, ичи тар, кызганчаак бала — Кумардын мүнөзүнүн өзгөрүлүшүнө алып келди. Демек, автор жаштарга үмүт артып, жерибизди, элибизди бөлүнүүдөн, уруштан, чырдан оолактатып, биримдикке, ак ниеттүүлүк менен акыл-билимге, эмгекке чакырып жатат. Кумардын образы, жалпысынан, бүгүнкү күндүн балдарын, эртеңкинин ээлерин символдоштурат.

    Жомокту окугандан кийин ар бир адамдын көңүлүндө илгери үмүт пайда болуп, бактылуу жашоо эми баштала тургандай пикир жаралат. Бул болсо, жашоонун жеңиши эмеспи!

    Автор «Падыша менен Култемир» аттуу жомогунда адамдардын адамга эмес, жансыз затка, заманбап тил менен айтканда, роботко (Култемир) көбүрөөк ишенишин сынга алып, ал эми чыгарманын аягында адамга адамдан жакын, адамдан күйүмдүү жан, нерсе жок экендигин падышанын түшүнүшү аркылуу адам баласын гумандуулукка, бири-бирин сыйлап, сүйүүгө, барктоого чакырат. Аягында Култемир менен кошо аны жасаган устанын да зынданга салынышы — бардык жер жүзүндөгү адамдарды ойлондура турган жыйынтык…

    «Гүлдөр жана тикендер» деген жомок өзүнүн терең философиялуулугу менен башка жомоктордон айырмаланып турат. Таанытуучу, тарбия берүүчү мазмундагы бул жомок өтө оригиналдуу жана анда жомок дүйнөсү менен азыркы күндүн окуялары өтө чебер айкалыштыра сүрөттөлгөн. Дербиш карыянын мугалимдерди сынай карап: «Жакшынын жакшы экенин анын жанында жамандын бар экенинен улам билет адам. Жамандын баарын жок кылсаңар, жакшынын кадырын билбей каласыңар деген аталарыбыз», — деп айтышы жана тикенектин баарын жок кылсаңар, акыры бир күнү гүлдү да эч кимиңер сүйбөй каласыңар деген насааты ар бир окурманды терең ойго салат.

    С. Рысбаевдин жомокторун окуп жатып кыялымда бирин мультфильм, бирин фантастикалуу көркөм фильм кылып өзүнчө сценарий жазып жаттым. Анан ал сценарий боюнча тартылган фильмдеримдин кадрларын көз алдымдан чубатып, 7 жаштагы уулумдун, 12-13 жаштагы сиңдилерим менен инилеримдин көз карашы, акылы, баалоосу менен сындаганга өтөм.

    Балдар ушунун баарын бала кезинде окуп, билип, көрүп, угуп үйрөнсө кандай сонун иш болор эле деп, бала кезде окуган, көргөн Х.К.Андерсен, бир тууган Гриммдер, А.Толстойдун жомокторун, азыр балдар тамшанып, барактап окуп жаткан башка тилдеги китептерин, көрүп жаткан чет элдиктер тарткан мультфильм, фильмдерин көз алдыма элестетип, окшоштуктарды издеп таап, «Айбийке сулуудагы» жомоктордон артыкчылык табууга аракеттенем. Ал артыкчылык — бул чыгармаларда менин элиме, менин элимдин түшүнүгүнө, жашоосуна, философиясына туура келген, тиешеси бар, мага жат болбогон нерселердин болгону.

    Китепке кирген ар бир жомок, аңгеме, уламыш жөнүндө сөз кылуу, андагы жомоктук сюжет, мотивдерди бөлүп, адабияттын канчалык үлүшү бар экенин аныктоо, ар бир чыгарманын идеясын, темасын белгилөө, чыгармалардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнчө карап көрүү сыяктуу иликтөөлөрдү жүргүзүү — азыркы балдар адабиятынын кандай абалда экендигинен бизди кабардар кыла турганы, шексиз.

    Мени кайрылып келгис балалыгыма жетелеп алып барып, башталгыч класста окуп жүргөндө, сабак даярдоо саатында (продленка), мектептин кең спорт аянтында үч-төрт класстын окуучуларын өзүнүн тегерегине топтоп алып, (жок, бизди топтогон ары кызыктуу, ары мазмундуу эжемдин жомоктору экенин мен азыр түшүнүп отурам) сааттап жомок айтып берген Миновар Ниязова эжемдин элесин көз алдыма элестеттирген С.Рысбаев агайга балдарга арнап жазган чыгармалары, эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, дагы миң түркүн чыгарма жазарына терең ишенүү менен, ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм.

    Ал эми Сулайман Рысбаев сыяктуу балдарга арнап чыгарма жазган акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары боюнча мультфильм, көркөм фильмдердин да жакынкы аралыкта жаралып калгысы бардыр деп, ушул иштин колго алынышын тийиштүү жетекчилерибиз, элибизден чыккан мыкты уулдар: ишкерлер, окумуштуулар, киночулар колго алар деп ишенгибиз келет. [31].

    2-апрель — балдар китебинин эл аралык күнүнө карата белгилүү балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаевдин жаңы чыккан “Баланын канаты”, «Шамбала», “Сүйлөөчү китеп” аттуу үч көлөмдүү китебинин бет ачар аземи Республикалык К.Баялинов атындагы өспүрүмдөрдүн китепканасында болуп өттү.

    Китептин тушоо кесүү аземине Маданият жана маалымат министри С.Раев, билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаева, КР Жазуучулар союзунун төрагасы Ч.Абыкеев,  Кыргыз Эл мугалими И.Бекбоев  ж.б. жазуучу, акындар, мектеп окуучулары катышты. Жолугушууда чыгып сүйлөгөндөр С.Рысбаевдин чыгармачылыгына бийик баа беришти.

    Кечеде Бишкектеги №59 орто мектептин куурчак театры окуучулардын катышуусунда  С.Рысбаевдин “Шамбала” жомогу боюнча инсценировка коюшса, бала бакчалардан түзүлгөн топ интермедия аткарышып, автордун ырларын жатка айтышты. Мындан тышкары Токтогул районундагы Сары-Камыш айыл өкмөтү жазуучуну  аталган айылдын “Ардактуу атуулу” атады. Ошондой эле С.Рысбаевдин китептери боюнча окуучулар арасындагы сүрөт конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, автор тарабынан белектер тапшырылды.

    Сулайман Рысбаев — улуттук балдар адабиятыбызда татыктуу өз ордун тапкан жазуучу болуп калды десек жаңылышпайбыз. Анын тематикасы ар түрдүү жана да балдардын ой-кыялдарын ар тараптуу чагылдыруу, баланын дүйнө таанымын өстүрүү, ошону менен бирге эле таалим-тарбия берүү идеялары экендиги кубандырат. Жазуучунун чыгармачылык иш-аракетиндеги мындай багыттар, орошон ойлор анын алгачкы эле чыгармачылык табитинен байкалган. С.Рысбаевдин чыгармаларында балдардын кыял-жоруктары, курактык-психологиялык өзгөчөлүктөрү, жаратылыш менен адам баласынын алакасы, балдардын жаратылыш кубулуштарын таанып-билүүгө умтулуулары, эмгекке, адеп-ахлакка тарбиялоо, балдарды курчап турган чөйрө, анын балдардын аң-сезимине тийгизип жаткан таасири ж.б. жөнүндөгү педагогикалык идеялар кеңири чагылдырылган. Китептердеги жомокторунун ичинен айрымдары гана элдик мотивдеги жомокторду көркөмдүк жактан кайра иштеп чыкканы болбосо, дээрлик бардыгы өзүнүн автордук жомоктору болуп саналат. Чындыгында, мунун өзү кыргыз балдар адабиятындагы жомокчулук өнөрүн өнүктүрүүчү, улантуучу бир көрүнүш катары бааласак болчудай. Ал алгач «Жылмайып турган таш», «Сыйкырдуу жазуу», «Мендей менен Сендейдин жоруктары», «Баланын канаты», «Бакыт издеген бала», «Айжаз менен Бегулан» ж.б. жыйнактары аркылуу улуттук балдар адабиятыбызда чакан аңгемечи жана жомокчу катары таанылды. Андан кийин анын чыгармачылык аракетинен, дареметинен улам өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланган «Адам-пери», «Шамбала», «Дыйкан менен мышык», «Күмүш булак», «Малай кыз менен каракчы», «Чыр дөбөдөгү кандуу курултай», «Умай бала», «Айбийке сулуу» ж.б. жомоктору жарык көрдү. Жогорудагы жомокторунда автордук концепция, өз алдынчалыктуу идеялык–тарбиялык багыт даана көрүнүп турат.

    Чындыгында, жаш муундарды тарбиялоодо жомоктордун ролу баа жеткис. Орус элинин классик акыны А.С.Пушкин: «Кечинде жомок угам жана ошону менен каргыш тийген тарбиямдын кемчиликтерин толуктайм. Эмне деген укмуш, бул жомоктордун ар бири өзүнчө жаткан поэма», — деп жомокторго өзгөчө зор маани бергендиги, анын турмуштагы жана көркөм чыгармачылыктагы ролун айкындап турат.

    Жаш муундарды тарбиялоодо жомоктордун күчүн жогору баалап, Чыңгыз Айтматов мындай деп жазат: «Биздин цивилизациялуу илимий-техникалык кылым жомокко ишенгиси жок, бирок бул жомокту керексиз нерсе катары четке кагуу эмес. Эгер минтсек, биз тараптан, ал тургай адамзат тарабынан акылсыздык болмок. Өткөндүн тажрыйбаларын чануубуз жарабайт. Жомок — бул адамзаттын тажрыйбасы. Биз жомогубузду, байыркы эстеликтерди сактагандай сактай билишибиз зарыл».

    Демек, С.Рысбаевдин жаратмандык эмгеги балдарды поэтикалык образдарга, каармандардын түрдүү кылык–жоруктарына кызыктырат, тартат, аларды оң эмоцияларга чакырат, эмне жакшы, эмне жаман экендигин түшүнүүгө жардам берет, салымын кошот.

    Жомоктор дидактикалык чоң  маани-маңызга ээ. Чындыгында жаш балдарга арнап жомок, аңгеме жазуу биртоп татаал, биртоп жооптуу да. Ал үчүн автор алардын ички рухий, аяр дүйнөсүн терең билип, аларды чыгармаларда ыктуу, чебер колдоно билүүсү кажет. Башкача айтканда, мыкты сүрөткер, бала табиятын түшүнө билген психолог болуусу зарыл. Мындай өзгөчөлүк касиет С.Рысбаевге тийиштүү. Ал чыгармачылык менен изденип, улам жаңы табылга таап, балдар кыялына, табиятына дал келген идеялар менен чыгармачылыгын улантып келет.

    Академик А.Э.Измайлов «Жомоктордо элге тийиштүү болгон адеп-ахлактык касиеттер сыйдырылган: Ата-Мекенди сүйүү жана коргоо, жамандык менен күрөшүүдөгү айыгышкан баатырдык, эмгекти сүйүү жана чеберчилик, адептүүлүк, достукка жана чыгармачылыкка берилгендик ж.б. Жомоктор элдин мүнөзүн, анын психологиясын, турмуштук позицияларын билдирет», — деп жазгандай, С.Рысбаевдин жомокторунда да кыргыз элине тийиштүү болгон адептик, рухий-ыймандык касиеттер сыйдырылган жана анын жомокчулдугу ошол улуулардын салтын кыргыз балдар адабиятына алып  келүүгө кылган зор аракети катары да баалап коюуга тийишпиз. С.Рысбаевдин «Күмүш булак», «Адам-пери», «Адам кантип ажыдаарга айланды» ж.б. көптөгөн жомоктору, ошондой эле  «Сүйлөөчү китеп», «Умай бала» ж.б. жомок-повесттери өз алдынчалуулугу менен ар тараптуу өзгөчөлөнүп турат. Автор чыгармаларында романтикалык идеялар менен реалдуу турмуштук окуяларды, тажрыйбаларды талдап, айкалыштырып, турмуш менен шайкеш бере алган. Мисалы, «Умай бала» жомок-повестинде бүгүнкү күндөгү окуялар көз алдыбызга тартылат. Анда айрым криминалдык топтордун балдардын өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизген зордук-зомбулуктуу аракеттери жана алардан коргоп калуу үчүн күрөш көрсөтүлөт. Мында, айрыкча маани берүүчү жагдай автор тарабынан изденип табылган поэтикалуу–жомоктук каарман Умай бала. Умай бала жомоктогу каарман Акылтайды зордук-зомбулуктан куткарып үйүнө алып келет. Жомок абдан кызыктуу жана элестүү жазылган. Кийинки жомокторунда да чыгармачылык изги издер көрүнүп, жаңы деңгээлге көтөрүлүп, балдарга тарбиялык маңыз-мааниге ээ болгон ойлор камтылган. Бекеринен аны белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев «улуттук балдар адабиятыбыздын Андерсени» деп атабаганы көрүнүп турат. Мындай ойго ал анын чыгармаларын терең окуп, даана ачылган образдарды, өзгөчөлүү сюжеттерди анализдеп жүрүп отуруп келгени  ырас.

    С.Рысбаев балдар жазуучусу гана эмес, ал көрүнүктүү илимпоз, тилчи, педагог жана публицист. 1995-жылы педагогика илимдери боюнча кандидаттык, 2006-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Доктордук диссертациялык изилдөөсүндө балдар фольклорун жаңы багытта, элдик педагогикалык негизде талдап, анын тарбиялык маанисин ачып көрсөткөн. Анын «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы» деген бараандуу монографиясы улуттук педагогикабызда өзүнүн изилдөө өзгөчөлүктөрү, жаңы табылгалары менен айырмаланат. Бул монографиясында автор кыргыз элинин фольклордук педагогикасынын таалим-тарбия салттары, аларды мектепте окуу-тарбия ишинде колдонуу маселелери, элдик таалим-тарбиянын принциптери, методдору, аларды башталгыч мектептерде эне тили боюнча класстык тарбиялык сааттардын мазмунун жаңылоодо колдонуу проблемалары жана балдар фольклорундагы тарбия үлгүлөрүн эне тилинен класстан тышкаркы окууда пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбасы чагылдырылган. Ошондой эле илимий педагогикадагы жана элдик педагогикадагы балага тарбия берүүнүн принциптеринин жалпылыктары жана мүнөздүү белгилери ачык, так көрсөтүлгөн. Автор бул эмгегинде этнопедагогикалык маданиятты калыптандыруу, элдик билимдерди үйрөтүү менен бирге колдоно билүү идеялары артыкчылыктуу багыт экендигин белгилейт. Андан сырткары ал жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо этнопедагогикалык багытты сунуш кылып, аны өзүнүн тажрыйбасында бекемдегени менен айырмаланып турат. Анын  кыргыз фольклордук адабияты боюнча иштери жүргүзүлгөн илимий иштери менен үндөшүп турат. Себеби автордун чыгармаларында фольклордук ойлор, билимдер ыктуу колдонулган. Ошондой эле илимий иштеринде этнопедагогикалык багыт көрсөтүлүп, балдарды тарбиялоо маселелери изилденген.

    С.Рысбаев бөбөктөрүбүз үчүн кам көрүп улуттук илим-билимге, маданиятка өз чыйырын салып келүүдө. Ага мисал катары бөбөктөрүбүз сүйүп окуп келе жаткан «Алиппе» китебин көрсөтсөк болот. Ушул китептен миңдеген балдарыбыз «А» тамгасын таанып, илим-билимге жолу ачылып отурат. Автордун мындагы жетишкендиги «Алиппенин» нукура кыргыз менталитетине негизделгендиги, шайкештиги болуп саналат. Дагы да болсо жаш муундар үчүн кам көрүп 2-3-класстардын «Кыргыз тили» окуу китептерин түздү жана ал китептер менен өлкөбүздүн бүтүндөй жаш жеткинчектери билим алышууда.

    С.Рысбаев мээнеткеч, жаратман инсан. Ал дайыма күндөлүк турмуштун агымы менен жуурулушуп, актуалдуу маселелерге көңүл буруп, өз оюн басма сөз аркылуу  байма-бай билдирип келүүдө. Ошондой эле замандаштары жөнүндө да, балдар адабияты жөнүндө да өз макалаларын гезит беттерине жарыялап келет. Ал тургай поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, саресеп салып, канаттуу ойлорду белгилейт. Мисалы, «Адабий Ала-Тоо» журналына жарыяланган  «Алты акындын аруу дүйнөсү» деген макаласында «Мага Б.Чотурованын ырларынан – кеңдикти, алыстыкты, бийиктикти, күндөлүк  көнүмүштөн алагды кылар ажайып башка дүйнөнү эңсөө, ар нерсени тараткан көркөм поэтикалуу керемет портреттери, туулган жер, балалык күндөр, турмуштагы кыйчалыш татаал тагдырлар, анан да, алтын тоого жашынган, ар күнү аны чакырган аруу махабат, назик сезимдер өзгөчө баамга урунду десем болот» деп жазат. Мындан көрүнүп тургандай, поэзияга болгон мамиле, аны талдай, түшүнө билүү даремети жогору экендигин белгилөөгө болот. Ал өзү да аздыр-көптүр поэзия менен алектенген жайы да бар. Кыскача жыйынтыктап айтканда, С.Рысбаев көп кырдуу, таланттуу балдар жазуучусу, окумуштуу-педагог, публицист. Ошондой эле ал комузда мыкты ойногон аткаруучу десек да болот. Ал талыбас эмгегинин натыйжасында Тоголок Молдо, И.Арабаев, Түгөлбай Ата атындагы сыйлыктардын лауреаты болду. Балдар жазуучусу С.Рысбаевдин окумуштуулук, чыгармачылык даремети боюнча азыноолак гана кеп кылдым. Ал жана анын чыгармалары жөнүндөгү ойлор али алдыда деп ойлойм.

    «Намыстуу болсоң, жемишиң арбын болот» деп И.Раззаков айткандай, эл керегине жараган намыстуу инсандардан болуп, жеңишиңиз арбын боло берсин. Калемиңиздин учу кургабай дагы да далай-далай кызыктуу чыгармаларды жаратышыңызга тилектешмин. Чыгармаларыңыз улам жаш муундардын жүрөгүнөн түнөк таап, алар үчүн рухий азык боло берсин.


      1   2   3   4   5   6


    написать администратору сайта