Главная страница
Навигация по странице:

  • Бап 2. Психологиялык педагогикалык компетенциянын жалпы суроолору..............................................................................................................16

  • Актуалдуулугу

  • Максаты

  • Бап 1. Мугалимдин инсандык сапаттарын үйрөнүүнүн теориялык негиздери 1.1 Инсан жөнүндө түшүнүк

  • 1.2 М угалимдин инсандык сапаттары. Магалимдин инсандыгына коюлуучу талаптар .

  • по педагогике. Курсовая работ на понедельник. Курстук иш Темасы Аткарган Группасы Текшерген Бишкек 2023 Мазмуну


    Скачать 487.21 Kb.
    НазваниеКурстук иш Темасы Аткарган Группасы Текшерген Бишкек 2023 Мазмуну
    Анкорпо педагогике
    Дата09.05.2023
    Размер487.21 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаКурсовая работ на понедельник.docx
    ТипДокументы
    #1116497
    страница1 из 3
      1   2   3

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

    ЖУСУП БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

    Курстук иш

    Темасы:___________________________________________________________

    Аткарган:_________________________________

    Группасы:_________________________________

    Текшерген:________________________________

    Бишкек 2023

    Мазмуну

    Киришүү...................................................................................................................3

    Бап 1.Мугалимдин инсандык сапаттарын үйрөнүүнүн теориялык негиздери................................................................................................................4

    1.1 Инсан жөнүндө түшүнүк..................................................................................4

    1.2 Мугалимдин инсандык сапаттары. Магалимдин инсандыгына коюлуучу

    талаптар...................................................................................................................9

    1.3 Окуучунун инсандыгын калыптандырууга жана окуу процессин

    эффективдүүлүгүнө мугалимдин инсандык сапаттарынын тийгизген таасири....................................................................................................................13

    Бап 2. Психологиялык педагогикалык компетенциянын жалпы суроолору..............................................................................................................16

    2.1 "Кесиптик жана психологиялык компетенттүүлүк" түшүнүктөрү.............16

    2.2 Мугалимдин кесиптик жана психологиялык компетентүүлүгү жана алардын өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлор...................................................24

    Корутунду..............................................................................................................30

    Колдонулган адабияттардын тизмеси.................................................................32

    Киришүү

    Мугалимдик кесип - өлкөбүздөгү эң маанилүү, ардактуу жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. Мугалим аркылуу мурунку муундардын тажрыйбасын жаш муунга өткөрүп берүү жүргүзүлөт. Мугалим болочок жарандардын инсандыгын, алардын дүйнө таанымын, ишенимин, мекенге берилгендигин калыптандырат. Педагог-бул адамдын жан дүйнөсүнүн инженери.

    Мугалим мектептеги педагогикалык процесстин негизги уюштуруучусу. Мугалимдин жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо боюнча иши-эң оболу терең билимди жана жогорку адеп-ахлактык маданиятты талап кылган өтө көп кырдуу иш. Мекенибиздин жаш муундарын коомдун талаптарынын духунда окутуп, тарбиялап жаткан мугалим биринчи кезекте ырааттуу илимий, дүйнө таанымы, жетилгендиктин жогорку даражасы менен мүнөздөлөт.

    Мугалим коллективизм, гуманизм, чынчылдык жана сезимталдык коомдук жана жеке жашоодо жөнөкөйлүк сыяктуу жогорку адеп-ахлактык сапаттарга ээ. Биздин өлкөдө да ага мугалимдин эмгегин баалоо менен мамиле кылышат.

    Актуалдуулугу- мугалимдердин кесиптик даярдыгынын сапатынын көйгөйү болуп саналат.

    Объект: мугалимдин кесиптик маанилүү сапаттарын калыптандыруу процесси.

    Максаты: мугалимдин кесиптик сапаттарын калыптандыруу жолдорун аныктоо.

    Изилдөө максаттары:

    1. Мугалимдин кесиптик сапаттарын калыптандыруу шарттарын жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө. Педагогдун кесиптик сапаттарын жогорулатууга көмөктөшүүчү жана Тоскоол болуучу жолдорду жана каражаттарды аныктоо.

    2. Педагогдун кесиптик маанилүү сапаттарын калыптандырууда окуучулардын камтылышынын маңызын ачып берүү.
    1. Мугалимдин үзгүлтүксүз билим берүү, теориялык жана практикалык кесиптик билимди системалаштыруу аркылуу өз тажрыйбасын алуу.

    2. Кесиптик өзүн-өзү билүү, өзүн-өзү өркүндөтүү, кесиптик билим берүү боюнча иш багыты максатын өнүктүрүү.

    Бап 1. Мугалимдин инсандык сапаттарын үйрөнүүнүн теориялык негиздери

    1.1 Инсан жөнүндө түшүнүк
    Мугалимдин инсандык психологиясында мугалимдин инсандык өзгөчөлүктөрүн, иш-аракеттерин жана педагогикалык байланышты бөлүп көрсөтүү адатка айланган. Мугалимдин инсандык психологиясын талдоодо, баарынан мурда, педагогикалык кесиптин талаптарына жооп берген, толук кандуу педагогикалык ишмердүүлүктү ийгиликтүү өздөштүрүүнү камсыз кылган. Педагогикалык жөндөмдүүлүк төрт кичи топко бөлүнот.

    1.тутум моделдери;

    2.структуралык моделдер;

    3.псевдо-божомолдор;

    4.болжолдуу моделдер.

    Биринчи топчого педагогикалык жөндөмдөрдүн системалык моделдери; мугалимдин жана окуучунун түшүнүүсү, иштеги чыгармачылыгы, балдарга берген педагогикалык эрктүүлүк таасири, балдар жамаатын уюштуруу жөндөмү, балдарга болгон кызыгуусу, кептин мазмундуулугу жана ачыктыгы, анын образдуулугу жана ынанымдуулугу, педагогикалык сылыктыгы, окуу предметин турмуш менен байланыштыра билүүсү, байкоочулук жана педагогикалык талап ж. б. кирет.

    Экинчи топко окутуунун натыйжалуулугуна гипотетикалык таасир этүүчү педагогикалык жөндөмдөрдүн структуралык моделдери кирет. Психологиялык-педагогикалык даярдоо үчүн талаптар тизмеси, академиялык даярдоо көлөмү жана мазмуну кирет.

    Үчүнчү топко педагогикалык жөндөмдүн псевдопрогноздук моделдери кирет. Мугалим уюштуруучулук жөндөмдөн тышкары коммуникативдик, конструктивдүү, проективдүү жөндөмдөргө ээ болушу керек.

    Төртүнчү топко окутуу жөндөмүнүн болжолдуу моделдери кирет. Мугалимдин жеке сапаттарын карап көрөлү. Алар ошол эле учурда бул кесипке коюлган эки деңгээлдеги талаптарга жооп бериши керек. Биринчи даражадагы талаптар кесиптин ээси катары жалпысынан мугалимге коюлат. Алар социалдык шарттарга, коомдук түзүлүштөргө, билим берүү мекемесине, окуу предметине тиешеси жок. Капитализмде, социализмде, айыл, шаар шартында иштегенине, математика, эмгек, тил ж. б. у. с. сабак бергенине карабастан, ар бир чыныгы педагог бул талаптарга жооп берүүгө тийиш.

    Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуунун чеберлеринин инсандык кесиптик-педагогикалык багытынын курамдык бөлүгү болуп социалдык-кесиптик багыт, кесиптик-педагогикалык кызыкчылыктар, кесиптик ишмердүүлүктүн жана өзүн-өзү өркүндөтүүнүн мотивдери, инсандын кесиптик позициясы саналат. Аларда кесиптик-педагогикалык ишмердүүлүккө болгон мамиле, кызыкчылыктар жана каалоолор, даярдыкты өркүндөтүү каалоосу чагылдырылат. Педагогдун социалдык-психологиялык багытынын маанилүү мүнөздөмөсү педагогикалык борбордун түрү болуп саналат.

    Ар бир адам эч кайталанбайт, уникалдуу. Ар бир инсандын өзүнчө өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгү бар. Адам инсан болуп төрөлбөйт. Ал акырындык менен инсан боло алат. Адамдын өнүгүү процесси көп жылды талап кылат, а мүмкүн бүт өмүрдү дагы талап кылышы мүмкүн. Инсан жөнүндө көптөгөн аныктамалар бар. Бирок көбүнчө анын социалдык, башкача айтканда, анын кийинчерээк ээ болгон сапаттарын айтышат. Тагыраак айтканда «инсан» деген түшүнүк өзүнө туруктуулук мүнөздөрдү камтыйт жана инсандын индивидуалдуулугун билдирет. Адамдын бул сапаты анын коомдогу ордун аныктайт. Ошентип «инсан» деген ким?

    Инсан- бул адам- индивид, Ал толук кандуу өзүнүн социалдык ролдорун аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. «Инсан» деген түшүнүккө адамдардын бүтүн ички дүйнөсүнүн коомдук жыйындысы камтылат. Бул кайсы өзгөчөлүктөрү? Бул көзүнүн, же чачынын өңү эмес. Адамдын турпаты анын акылы, ички жан- дүйнөсүнүн кеңдиги, анын жүрүм- турумунун ар түрдүү формасы менен берилет. Адам үчүн өзүнүн ой- пикири, эрктүү болуусу өтө маанилүү жана өзүнүн көз карашын ачык айтууга жана аны коргоого жөндөмдүү болуш керек.

    Адам үчүн дагы бир сапат өтө татыктуу болуп эсептелет: чечим кабыл алуу жана аягына чейин туруу, ага жооп берүү. Инсандын түзүлүшүнө: жөндөмдүүлүк, темперамент, мүнөз, эрктүүлүк сапаттары, эмоциясы, мотивдери, социалдык багыты ж.б. кирет. Ар бир өзүнчө алынган тирүү жандык бүтүн жана бөлүнбөйт. Бул индивид. Латын тилинен алганда «бөлүнбөс» деген түшүнүктү берет. Индивидуум- бул өзүнчө жашай ала турган өз алдынча тирүү жан. М., жаңы төрөлгөн бала, ж.б. тирүү жандыктар (индивиддер) өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Б.а., индивидуалдык өзгөчөлүктөр- бул төрөлгөндө жана андан кийин кабыл алган мүнөздөрдүн, сапаттардын жыйындысы. Инсандын ар бир параметрин чечмелесек, анда: Алар адамдын иш аракетиндеги жетишкендиктердин ар түрүн аныктайт. Темперамент - адамдын башкаларга жана социалдык жагдайларга болгон реакциясынын жыйындысы.

    Мүнөз - адамдын башкаларга болгон мамилесин аныктоочу сапаттардын жыйындысы. Эрктүүлүк сапаттары - бул адамдын алдыга койгон максаттарына жетүүгө умтулган сапаттары. Эмоциялар жана мотивация - бул адамдардын түйшүктөнүүсү жана адамдарды иш - аракетке түртөт, ойготот.

    Инсандын өнүгүүсү- бул өтө узак процесс, инсан болуп калыптануу үчүн көп убакыт керек. Эгерде адамдын коомдогу жашоосу кандайдыр бир себептер менен токтосо же үзүлсө, анда адамдын инсанга өтүү процесси токтойт. Ошентип, инсандын пайда болушун «адам- коом» деген байланыш түзөт. Бала өз жашоосунун биринчи эле жылында адамдар менен сүйлөшкүсү келгенин көрсөтөт. Ошентип бул жана башка жөндөмдүүлүгү айланачөйрөдөгүлөрдүн таасиринин, мамилесинини негизинде көндөн күнгө өсө берет.

    Баланын коомго болгон мамилеси анын коомдогу ордуна жараша түзүлөт. Жашоосунун биринчи күндөрүндө ал коомдун алдында эч нерсеге милдеттүү эмес. Анын тегерегиндегилер өзүлөрүнүн карамагына, камкордугуна алышат. Бул учурда баланын жасаганы бир гана өзү үчүн болот. Кийинчерээк бала мектеп турмушуна аралашат, анын багыттары өзгөрүлө баштайт. Мектепке кирүү бул адамдын инсан болуп калыптануусундагы чоң бурулуш болуучу мезгил. Окуучу болуп жүрүп бала анын иш аракети өзүнө гана керек болбостон башкаларга дагы керек экенине ишенет. Анын ишин жыйынтыгын коом бааларын көрүп түшүнөт. Иш- аракеттин негизинде гана инсан менен коомдун ортосундагы мамиле, байланыш күч алат, жаңы нерселерди жаратат.

    Адамдын жашоосунун ар бир мезгилинде (период) анын иш аракеттеринин ар түрдүүлүгү курчап турган дүйнөгө болгон мамилесинин негизинде маанилүүлүгүнө жараша бөлүнөт. М: бала бакчага барган бала үчүн оюн өтө маанилүү, мектепке барган окуучуга билим маанилүү. Ошентип иш - аракеттин түрлөрүнүн өзгөрүшү адамдын курчап тургандарга болгон мамилесинин өзгөрүүсүнө дуушар кылат, жаңы байланыштар ар түрдүү жолдор менен түзүлөт. Бул айтып жатканыбыз негизинен балдарга таандык. Ал эми чоң адамдын инсан катары байлыгын, кенендигин анын курчап турган дүйнө менен болгон байланышына жараша баалай алабыз. Жөнөкөй адамды эч нерсе кызыктырбайт, эч кимдин кереги жок, ал өзүнүн кичинекей кедей дүйнөсү менен жашай берет.

    Жогору өнүккөн кишиге көп нерсе кызык жана маанилүү. Эгерде өтүп кеткен улуу инсандарга көңүл бурсак, анда биз алардын көп кырдуулугу, дүйнөсүнүн байлыгын көрө алабыз. Бирок суроо туулат: Ушундай көп кызыкчылыктын, каалоо- тилектин деңизинде кантип адашпоого болот? Ал үчүн адам аны эмне баарынан көп кызыктырат, эмнени өтө жакшы билет, ошону так билиши керек. Калгандары ага жөн гана жардам берет. Ар бир адамдын жашоосунда көптөгөн ар түрдүү каалоолор бар. Бирок жашоо максаты инсандын өнүүгүүсүн багыттайт. Адамдын жашоосунун максаты менен каалоосунун ортосундагы мамиле (соотношение) кандай? Адамдын каалоосу анын жашоодогу максаты болуу үчүн адамдын иш аракети (деятельность ) менен анын күчүн (усилия) бириктирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу керек. Алдыга койгон максаты адам үчүн идеал болуп эсептелиши мүмкүн., анын призмасында өзүнүн жана башкалардын жасаган ишин баалай алат. Инсандын туруктуулугу. Инсандын туруктуулугу деген эмне? Инсандын туруктуулугу жөнүндө сөз кылганда биз адамдын активдүү позициясын (абалын) айтабыз, же тагыраак айтканда, анын түзүлгөн абалдан «аз жоготуу» менен чыгуусун гана айтпастан анын ошол түзүлгөн абалды өзүнүн максатына, принциптерине ылайык өзгөртүүсүн айтабыз. Өз алдынчалык, өзүнүн көз караштарын коргоо жана жашоосунда алып жүрүү – булардын баарысы инсандын туруктуулугун мүнөздөйт.

    Адамдар ортосундагы социалдык байланыштар алар аткарган социалдык милдеттердин (айдоочу, ата, уул, мугалим) негизинде түзүлөт. Адамдар аткарган милдеттер адамдардын социалдык түзүлүштөгү абалын белгилейт. Социалдык статус- (иштин абалын, ал- абалды билдирген латын сөзүнөн) – бул жаш курагына, жынысына, тегине, үй- бүлөлүк абалына ылайык коомдо алган орун.

    Инсандын коомдо ээлеген абалын аныктоодо баалуулук жана аброй түшүнүктөрүнүн мааниси чоң. Баалуулук, абройлуулук (ценность, авторитетность) – бул адамдар ээлеген тигил же бул позициялардын маанисинин коом (же социалдык топ) тарабынан бааланышы. Абройлуулук же кадыр- барктуулук- адатта кадыр- барк инсандын социалдык топтогу (же коомдогу) таасиринин даражасын чагылдырат. Инсандын коомдогу абалына таасир берген кээ бир белгилер объективдүү мүнөздө болуп, адамдын өзүнөн көз каранды болбойт (улут, социалдык теги).

    Бирок бүгүнкү күндо инсандын социалдык статусун аныктаган башкы нерсе- бул билим, квалификация жана дагы башка жекече сапаттар. Мына ошондуктан инсан өзүнүн статусуна таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Инсандын жөндөмдүүлүктөрү ал аткарган иштин жолун тапканда гана мыктылап ишке ашырылат. Бирок адамдар көп учурда өзүнүн жекече жолун издөөдөн баш тартышат да коомдо барктуу абалга жетүүго гана аракет кылышат, б.а. өздөрүнүн жекече жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө эмес, белгилүү бир социалдык топко тийиштүүлүккө байланышкан барктуулук жөнүндө көбүрөөк ойлонушат. Статустук келишпөөчүлүк. Бир эле Адам бир эле учурда көптөгөн статуска ээ. Бир топто анын бир эле статусу бар. Бирок кээ бир учурда адамдын айрым бир статустары бири- бирине карама- каршы.

    1.2 Мугалимдин инсандык сапаттары. Магалимдин инсандыгына коюлуучу талаптар.

    Мугалим алгач кесибин, андан соң окуучуларын берилип сүйбөсө жакшы натыйжа бере албайт. Мугалимдин балдарга чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сезишет жана баалашат. Мугалим балдарга ата-энесиндей камкор болуусу керек. Ар бир бала өзүнчө дүйнө. Баардык окуучуңду жакшы, жаман кылыктары менен бирге өз балаңды сүйгөндөй сүйсөң гана ал бала сага жан дүйнөсүн ачып берет. Ал дүйнө ачылганда гана сен ага керектүүнү бере аласың жана андан да өзүңө керектүүнү ала аласын. Окуучуларыңды көп урушуп, көр жеме болбо.

    Адамдар кайсы жашта болбосун ар дайым сүйүүгө жана мээримге муктаж. Ошондуктан адамдар бизди сүйгөн жана мээрим төккөн, көңүл бурган  адамдарды жакын сезе баштайбыз.

    «Коркуткан мугалим» принцибинде сабак өткөн мугалимдердин сабагында окуучулар корккондугу үчүн уккандай болгону менен окуучунун бүтүндөй мүмкүнчүлүгү жабык бойдон калат. Тескерисинче, окуучуга өзүн сүйдүрүп, ал аркылуу окуучунун баалуулуктарын ача алган гана мугалим эң баалуу мугалим боло алат.

    Мугалимдин имиджине – кийген кийиминин тыкандыгы, кийиминин жарашыктуулугу, сырткы келбетинин жасалгалуулугу,  кармаган буюмдары, көтөргөн портфели, аксессуарларынын жарашыктуулугу ж.б. көңүл буруу зарыл.

    Оратордук чеберчилик да мугалим үчүн маанилүү сапаттардын бири. Өзгөчө мугалимдин  үнүнүн тону, даана, так, түшүнүктүү, мазмундуу сүйлөөсү, дикциясы, жести.

    Мугалимдин үнү таасирдүү жана жагымдуу болушу керек.  Монотондуу үн  жагымсыз болот. Окуучуларга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн үндүн катуулугуна да көңүл буруу керек. Өтө кыйкырып да, же өтө акырын да сүйлөбөш керек, өтө акырын сүйлөсөк, арткы партада отурган окуучулар укпай калышы мүмкүн.

    Мугалим сүйлөп жатканда “эмиии, немеее, ошооо, мммм ж.б.” ашыкча тажатма сөздөрдү кошпогонго аракет жасоо керек. Андан соң, сүйлөө ылдамдыгы. Адамдын сүйлөө ылдамдыгы мүнөтүнө 120-180 сөздү түзөт.

    Мугалимдин инсандык сапаттары

    Мугалим алгач кесибин, андан соң окуучуларын берилип сүйбөсө жакшы натыйжа бере албайт. Мугалимдин балдарга чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сезишет жана баалашат. Мугалим балдарга ата-энесиндей камкор болуусу керек. Ар бир бала өзүнчө дүйнө. Баардык окуучуңду жакшы, жаман кылыктары менен бирге өз балаңды сүйгөндөй сүйсөң гана ал бала сага жан дүйнөсүн ачып берет. Ал дүйнө ачылганда гана сен ага керектүүнү бере аласың жана андан да өзүңө керектүүнү ала аласын.

    Адамдар кайсы жашта болбосун ар дайым сүйүүгө жана мээримге муктаж. Ошондуктан адамдар бизди сүйгөн жана мээрим төккөн, көңүл бурган  адамдарды жакын сезе баштайбыз.

    Класска жылмаюу менен кирип, шаңдуу саламдашуусу керек.  Мугалимдин кабагынын салыңкы болушу, ооруп тургандай, чарчаңкы көрүнүшү окуучулардын маанайын чөктүрөт. Сабак учурунда окуучулардын маанайына маани берүү абзел. Өзгөчө, сиз маани берип, алардын ар биринин психологиялык абалына көңүл бурганыңызда, алар муну сезишет.

    Мугалим сабакка өз убактысында кирүүсү керек. Сиздин бул маселе боюнча кылдаттыгыңыз окуучулардын да сабакка убактысында кирүүсүнө  түрткү болот. Эгер мугалим сабагына кечигип калса, окуучулардан кечирим сурап, андан соң гана сабагын баштоосу зарыл. Мугалим өзү кечигип келип, анан окуучуларга сабакка кечикпей келүүсүн талап кылуу туура эмес.

    Адилеттүү болуңуз

    Адилеттүүлүк – бул баланын мугалимине карата ишениминин негизи.

    Окуучулар менен дайыма чынчыл мамиледе болуу менен мугалим адилеттүү болушу зарыл. Өзүңүздүн даана жана так белгиленген тартип стандарттарыңыз болсун. Бирок эрежелер менен чечимдерди окуучулар менен биргелешип кабыл алганыңыз максаттуу болот. Кабыл алынган чечимдерди аткарууда ар бир окуучуга адилеттүү мамиле жасоо керек.

    Мугалим саламдашканда жана окуучуну сурап жатканда окуучуга аркасын салып же кырланып турбоосу керек. Мугалим окуучуну сурап жатканда окуучуну тулку бою менен бурулуп, алардын оюн бузбастан соңуна чейин угуш керек. Мугалимдин окуучуга тике карашы, анын өзүнө болгон ишенимин, окуучу мугалим үчүн маанилүү экендигин, күчтүүлүгүн арттырат.

    Окуучуну эч качан атаандашыңыздай кабыл албаңыз. «Сүйлөбө», «жап жаагыңды» ж.б. деген сөздөр менен урушкан мугалимден тарбияланган окуучу, өзүнө ишенимсиз өзүн төмөн сезген инсан болуп тарбияланат.Өзгөчө жогорудагыдай мамиле кылган мугалимге окуучулар да каршы чыгат, кээде мугалим менен тирешүүгө алып келет. Окуучулардын көңүлүн оорутпаш үчүн, өзүнө да ыңгайсыздыкты жаратпаш үчүн мугалим окуучуга жылуу мамиле жасап, эгер окуучу сабакка даяр эмес келсе, же тентектик кылса, акырын  «мен сенден мындайды күткөн эмесмин», туура эмес кыймыл-аракетин баса көрсөтүүсү керек.

    Окуучуларга ар дайым өз атын атап кайрылыңыз. Өз атын атап кайрылуу, биринчиден, сиз ага маани берип жатканыңызды билдирсе, экинчиден, ага жоопкерчилик артылганын сезет. Окуучу класстан сырткаркы жерлерде салам айтканда сөзсүз түрдө саламын кабыл алыңыз, эгер сиз анын саламын кабыл албай койсоңуз, кээде алаксып калсаңыз деле анын ичинде бир аз таарынуу сезими пайда болот да, ал экинчи сиз менен саламдашкысы келбей калат. Эгер саламын кайсы учурда болсо да кабыл алсаңыз, ал мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени жакындатат. Эгер ыраазычылыкка атын кошуп койсоңуз андан да жакшы болот. М: Саламатсынбы Айдай, рахмат.

    Сабырдуу жана толеранттуу болуңуз

    Окуучулардын класстын ичиндеги кылык-жоруктарына ашыкча эле чек кое бербеңиз. Сабырдуу болууга аракет жасаңыз. Окуучулардын тамашалашуусуна, кулкүлөрүнө жана ар түрдүү кылык-жоруктарына кандайдыр бир чекке чейин тушүнүүгө аракет кылыңыз. Алар менен чектен ашпай тамашалашкандан тартынбаңыз. Окуучуларды баласынтып, алар кызыккан нерселерге көңүл кош мамиле жасабаңыз. Мисалы, сабакка киргениңизде окуучулардын толкунданып турганын көрсөңүз, аны маанисиз деп билип, дароо сабагыңызды баштабаңыз. Бир-эки мүнөт болсо да алар үчүн актуалдуу болгон маселеге көңүл буруп коюңуз.

    Окуучулардын жакпаган кемчиликтери үчүн аларды шылдыңдаганга аракет кылбагыла. Класстын ичинде эч качан аларды кемсинте турган мамиледе болбогула. Сабак учурунда силер ойлогондой жоопту бере албай калса да, аларды шылдыңдоого жол бербегиле. Тескерисинче,  «бүгүн бир аз даярдыксыз келиптирсин, бирок эмкиде сөзсүз даярданып келесиң деп ойлойм», — деп шыктантып, окуучунун кийинки сабакка даярданып келүүсүнө шарт түзүү керек.

    Мугалимдин окуучуну мактоодогу сыйкырдуу күчү. Байыртан адамдар «талант мактоо аркылуу жаралат» дешкен. Мактоодон алган дем-күч бул өзүбүздү алдоо эмес, чыныгы күч болуп саналат. Мактоо бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрүлүп бүтпөсө да, ал физикалык энергияны сыртка чыгаруучу күчкө ээ экендиги талашсыз. Мактоону туура колдонуу менен окуучуну шыктандырсаңыз же мотивация берсеңиз болот.

    Мугалим — мамиле куруунун устаты. Мугалим ийгиликке жетиш үчүн сезимталдуулук, тажрыйбалуулук жана эр жүрөктүк аздык кылат. Ал үчүн эң башкысы мамиле куруунун да устаты болуу керек. Мыкты мугалим табиятынан берилген бай тажрыйба жана терең билим менен сугаргандай эле окуучулар, ата-энелери жана кесиптештери менен болгон мамиленин жол-жоболорун өнүктүрүүсү зарыл.

    Пикир алышуу оной-олтоң иштей көрүнгөнү менен, ал өтө татаал процедура. Пикир алышуу, угуу, жооп берүү, толкундоо, өзүндү пикирлешиңдин ордуна коюп көрө билүү жана оюбузду жеткиликтүү түшүндүрүүдөн өткөн татаал иш жок болсо керек. Бул абдан чоң тема, ошондуктан бул жерде кыскартуу киргиздик. Ата-энелер менен тыгыз иштөөсү жана мамиле куруусу

    Азыркы учурда мугалимдер арасында окуучудан дагы ата-эне менен иш алып баруу кыйынчылыкты туудуруп баратканы жашыруун эмес.

    Ата-энелерди эки бөлүп караса болот: кээ бир ата-энелер баласы кандай болсо, кемчиликтери менен кошо кабыл алат. Экинчиси, баласынын кемчиликтерин эч качан көргүсү келбей, жалаң гана жакшы  дегенин уккусу келгендер. Ата-энелер менен мамиле курууда төмөнкү эрежелерди сактаганга аракет жасаңыз: Сылык мамиледе болуңуз; ата-энеге дайыма сиз деп кайрылыңыз; ата-эне менен сүйлөшүүдө эмоцияңызды көрсөтпөңүз; ата-эне менен жолугушууну конкреттүү маселелер боюнча уюштуруңуз; баласынын көзүнчө эч качан сындабаңыз; баласынын кемчилигин көпчүлүктүн көзүнчө жарыялабаңыз; ата-энеге баласына ошол ата-энедей эле кам көрөрүңүздү билдириңиз, аны сөз менен эмес иш менен далилдеңиз.

    Коомдун өнүгүүсүнө жараша, окуучуларга маалыматты алуучу жолду көрсөтүү үчүн, кантип билим алуу керектигин көрсөтүүчү болушу керек. Мугалим, кайсы темада болсо да окуучунун өзүнөн ашып түшүүсүнө жол баштоочу болушу керек. Андыктан окуучу маалыматты кайдан, кантип алуусу керектигин үйрөтүү үчүн, алгач өзү да маалыматтуу болушу керек. Заманбап ыкмаларды колдонууга аракети; жаңы технологияларды колдонуу менен сабак өтүүсү; ар кандай тармакта маалыматтуулугу (илимий, маданий, саясий, спорт, экономика, тарых) ж.б.
      1   2   3


    написать администратору сайта