Главная страница
Навигация по странице:

  • Бап 2. Психологиялык педагогикалык компетенциянын жалпы суроолору 2.1 "Кесиптик жана психологиялык компетенттүүлүк" түшүнүктөрү

  • по педагогике. Курсовая работ на понедельник. Курстук иш Темасы Аткарган Группасы Текшерген Бишкек 2023 Мазмуну


    Скачать 487.21 Kb.
    НазваниеКурстук иш Темасы Аткарган Группасы Текшерген Бишкек 2023 Мазмуну
    Анкорпо педагогике
    Дата09.05.2023
    Размер487.21 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаКурсовая работ на понедельник.docx
    ТипДокументы
    #1116497
    страница2 из 3
    1   2   3

    1.3Окуучунун инсандыгын калыптандырууга жана окуу процессин эффективдүүлүгүнө мугалимдин инсандык сапаттарынын тийгизген таасири

    Инсанга багытталган окутуу – бул мугалим окутуу процессине катышуусундай эле, окуучунун окуу процессине активдүү катышуусун камсыздаган система. Окуучулар активдүү позиция ээлеп, өз окуусун башкарышат: максаттарды аныкташат, тапшырмаларды аткарууну пландаштырышат, баалоо принциптерин аныктоого катышышат ж. б. Бул ыкманын негизги идеясы монологдон диалогго, көзөмөлдөн мугалимдин колдоосу менен өз алдынча өнүгүүгө жана башкаруудан өз алдынча башкарууга өтүү болуп эсептелет. Инсанга багытталган окутуунун түпкү принциптерин төмөнкүндөй мүнөздөө мүмкүн: 1) жеке инсандын жамаат алдында приоритеттүүлүгүн; 2) мугалим менен классташтары ар бир окуучунун жеке сапаттарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн кепили болуусу; 3) окутуу гуманисттик карым-катнаштарга негизделгендиктен, ар бир окуучу өзүн толук укуктуу адам катары баамдап, башкалардын инсандык сапаттарын таанып, аларга сый-урмат мамиле кылуусу; 4) ар бир окуучунун белгилүү укуктарынын болуусу жана мугалимдин ал укуктарды сыйлоосу; 5) мугалим, багыт берүүчү функциясы болсо да, окуу процессинин окуучулардай эле катышуучусу, анын ой-пикири талкууда көптөгөн ой-пикрилердин бири экендигин таануу; 6) окуучуларды «мыкты» жана «начар» деген категорияларга бөлүүдөн баш тартуу; окуучулардын ар түрдүүлүгүн жана ар бири башкасына салыштырмалуу бир нерсени жакшыраак билүүсүн түшүнүү; 7) «минимум баа – максимум баалоо» эрежесин сактоо; 8) мугалим аз сүйлөп, окуучуларга өз ой-пикирлерин айтууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергенде, окутуу процессинин натыйжалуулугу жогорулашын мугалимдин түшүнүүсү; 9) «мен сени окутам» формуласынан баш тартып, «биз сени менен бирге окуйбуз», «сенин … жөнүндө оюң мен үчүн кызыктуу» алгоритмине өтүү; 10) бир нерсени билбөө уят эмес, ой-жүгүртүп, билүүгө умтулбоо уят; окуучулар айрым нерселерди мугалимден жакшы билерин таануу; 11) ар бир окуучу билим алууда жеке багытына укуктуу экендигин, бала мугалим же ата-энеси үчүн эмес, өзү үчүн окуганын жана коомдун жашоосундагы өз ордун азыртан эле аныктоосу керектигин түшүнүү. Бул принциптер, инсанга багытталган окутуунун алкагында мугалимдин калыптанган окутуу стилине окуучулардын көнүүсү эмес, карамагында болгон түрдүү технологияларды жана каражаттарды колдонуп, ар бир окуучунун окуу стилине жараша мугалимдин өз ыкмаларын жана иш усулдарын ылайыкташтыруусун билдирет. Турукташкан окутуу стилинен инсанга багытталган окутууга өтүү дароо эле ишке ашырыла турган процесс эмес экендигин белгилеп кетүү зарыл. Ишти уюштуруунун түрдүү технологияларын жана формаларын үзгүлтүксүз сынап, колдонуу аркылуу мугалим бара-бара өзүнүн сабагын уюштурууга ылайык технологияларды аныктап, эң натыйжалууларын тандайт жана акырындык менен башкаруу стилинен окуучулар менен кызматташууга өтөт.

    Бап 2. Психологиялык педагогикалык компетенциянын жалпы суроолору

    2.1 "Кесиптик жана психологиялык компетенттүүлүк" түшүнүктөрү
    Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүү.- Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү.

    Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алгандыгын аныктап, зарыл болгон учурда түзөлтүү.- Окуучулардын каралган темага байланыштуу суроолоруна жеткиликтүү жооп бере алуу.- Окуучулардын билимине, үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык, сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү.- Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү.- Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүү.- Окуу предметке, сабакка шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү.- Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү.- Окуу предметке, сабак өтүүгө байланыштуу квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу.

    Пландаштыруу- сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү.- Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу, бышыктоочу суроолорду тактоо.- Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо.- Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу.- Пландаштырууда окуучулардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.- Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.

    Окутуу процесси -окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү.- Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү.- Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын жөндөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип, урмат менен мамиле кылуу.- Окуучуларды багыттап, кеп-кеңеш бере билүү.- Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу.- Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.- Окуучулардын жаш курактарына, буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша метод жана технология колдонуу.- Сабактын планында уланмалуулук жана баскычтуулук принциптерине ылайык, темаларды өз ара байланыштыруу.- Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү.- Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү.- Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү.- Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү.- Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо.- Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү.- Бир да окуучуну көз жаздымдан чыгарбай, аларга багыт берүү.- Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер - экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешелүү окутуу технологияларын колдоно билүү.- Окуучулар сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү.- Окуучулардын жаш курактарына ылайык, алардын көңүлүн бурган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү.- Окуучулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү.- Өтүлө турган материалдагы терминдерди иреттүү үйрөтүү үчүн мисалдарды туура тандай билүү.- Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин жана эмгегин объективдүү баалоо.- Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдирүү.- Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды, тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо.- Баалоодон кийинки натыйжага карап, окуу-тарбиялоону мындан ары натыйжалуу улантуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу.-

    Өз предметин жана тиешелүү окуу программаларды билүү олкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашыруу үчүн аракет жасоо.- Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү.- Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо.-

    Классты башкаруу -ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү.- Сабакты максатына ылайык өтүү.- Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу.- Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү.- Окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоо.- Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу.- Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.-

    Коммуникабелдүүлүк - бул нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо.- Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери).- Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк.- Үндү таасирдүү пайдалануу.- Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү- Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)-

    Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо -окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын,- эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү. Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу.- Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу.- Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү. - Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.-

    Мугалимдин инсандын психологиялык багыты боюнча кесипке даярдыгы келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү экени талашсыз. Мугалим окуучуну инсан катары көрүп, ага ошондой мамиле кылат. Окуучулардын социалдык, маданий, жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң жогорку денггээлде ага багыт жана жардам берүүгө аракеттенет. Окуучуларга өз мамилеси, жүрүш-турушу аркылуу үлгү болот. Башка мугалимдердин, жетекчилердин алгылыктуу тажрыйбаларын үйрөнөт, өзүн-өзү аңдап, дайыма өнүгүп туруу үчүн аракет жасайт. Жаңыны билгиси келет, өзү иштеген жердин да алдыда болушуна салым кошот. Кесибине тиешелүү нормативдүү документтерди изилдеп, эч кимдин укугуна зыян келтирбей тургандай мамиле кылат. Мугалимдин предметтик адистиги кандай болсо да анын компотенттүүлүгүнүн негизин төмөнкүлөр түзөт.

    Бул эмнени түшүндүрөт: - окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт; - окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт; - окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет; - класстык же класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалоосуна, керектөөсүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт; - окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мамиле кылат.

    Бул эмнени билдирет: - мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу, окуучуларга өздөрүнө, үйрөнө алаарына ишенгенди үйрөтүүсү керек; - үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү; - үйрөнүү, билим алуу, ийгиликке жетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу; - ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо; - окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү.

     Мугалим балдардын адамдык укугу, инсандык укугу, өлкөнүн негизги мыйзамы жана демократия принциптерин өздөштүрүп, ар бир коомдун өзүнө тиешелүү маданий структурасы, баалуулуктары болооруна түшүнүү менен мамиле кылуу, жалпы адамзаттын жана элдин баалуулуктарына маани берип, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этээрин билүү, ортоктошуп иштөөгө, эл аралык биримдикти, достукту чыңдоого өз салымын кошуу менен бирге, окуучулардын да буларды үйрөнүшүнө шарт түзүү.

    Мугалим класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу.

    Мугалимдик кесипке байланыштуу жана башка милдеттерди өз каалоосу менен кабыл алышы, сабырдуулугу, кубаттуулугу, тырышчаактыгы, аракетчилдиги, чыгармачылык менен мамиле кылууусу маанилүү. Ар кандай окуяларга жана процесстерге сын көз менен карап, проблеманы чечүү жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу үчүн аракеттенүүсү зарыл.

     Өз кесибинде жетишпеген жактарын байкап, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, семинарларга, тренингдерге катышып, кесипке байланыштуу мезгилдик басма сөз каражаттарын, китептерди окуу, өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл.

    Мугалим билим берүүдө мектепти, окуучуларды, мугалимдерди бирдиктүү бир бүтүндүк катары карап, мектептин өнүгүшү үчүн башка тараптар менен мамиле түзө алышы маанилүү. Мектептин өнүгүшүндө ар түрдү ийрим же башка иштерге катышып, активдүү позицияны ээлеши керек.

    Мугалимдин укугу жана жоопкерчилиги тууралуу нормативдик документтерди окуу жана ага карата мамиле кылуу. Мектеп жайгашкан чөйрөнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүн билүү, анын айланасында жайгашкан ар түрдүү мекеме, ишкана, кафе-бар, фабрика, ж.б. өндүрүштүк ишканалардын балдардын өнүгүшүнө таасир тийгизерин билип, ага жараша камкордук көрүү. Ал үчүн: - чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, жамааттын ар мүчөсүн мектептин өнүгүшүнө салым кошууга чакыруу; - мектептин айлана-чөйрөдөгү ишканалардан, мекемелерден ишмердүүлүгү боюнча өзгөчөлүгүн, т.а. мектептин иши - билим берүү экендигин, ал адамды тарбиялоо боюнча маанилүү жер экенин белгилөө; - үй-бүлөнү таануу, ага тишелүү түрдүү иш аракеттерди уюштуруп, балдардын өнүгүүсүнө жана ийгилигине салым кошуу үчүн бирдикте иштөөгө чакыруу, пландар түзүү; - мектепте уюшулган түрдүү тарбиялык иштерге ата-энелерди да тартуу.

     Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл. Ошондуктан ал: - карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат; - материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот; - материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат; - материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.

    Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу. Ал үчүн мугалим: - билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет. - ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.

     Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.

    Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер. Алар: - мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу; - сын-пикир, түзөтүү жана сунуштарга көңүл буруп, өзүн кесиптик жактан өнүктүүдө пайдалануу; - өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу; - мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу; - өз иш жана укугун жакшы билүү; - кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү; - кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу; - өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу; - иштеринде, кесиптештери, башка кызматкерлер жана окуучуларга ар дайым үлгү болуу; - жакшы байкоочу болуу, ишинде колдонуу; - мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет; - билим берүү жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзөт, материалды колдонууда коргонуу коопсуздук (безопасность) шарттарын эске алат; - класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат; - технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот. Жогоруда айтылгандарга кошумча иретинде мугалимдин иш билгилиги же жеткиликтүүлүгү туурасында баяндалган критерийлерге кошумча буларды айтууга болот. Мугалимдин когнитивдик иш билгилигин анын дидактикалык-методикалык иш билгилигинен айырмалап жатып, мугалимдин өз ишин окутуу-тарбиялоо процессин ийгиликтүү жүзөгө ашуруу үчүн керек болгон кесиптик билим системасын тактоо, аныктоо зарылчылыгы туулат.

    Дидактикалык-методикалык иш билгилиги анын окутуу–тарбиялоо процессинде оперативдик жана мазмундук, теория жана практиканы бирдей алып кетүүсүн түшүндүрөт. Кесиптик, дидактикалык-методикалык жеткиликтүүлүк, педагогикалык технология мугалимдин негизги иш билгилик сапатын аныктайт.

    Мугалимдин иш билгилиги анын бир теманын мазмуну талап кылган өзгөчөлүгүнө, максатына, принциптерине ылайык педагогикалык технологияны тандап, колдоно билүү көндүмү, машыккандыгы аркылуу аныкталат. Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат. Профессионализм - иш билгиликтин негизин түзөт. Студенттердин пикирине караганда, мугалимдин иш билгилиги анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү баалуулуктарды, анын ичинде педагогикалык баалуулуктарды “Мен- профессионалмын” түшүнүгүн, кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңылануу компоненттерин өнүктүрүүгө аракеттенүүсү, кесиптик идеалга умтулуусу зарыл.

    Бул аныктама аркылуу, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишин жүргүзүүдө билим берүүнүн кандай максат, принцип, баалуулук, идеалдарга карап иштетилгенин байкоого болот. Ага жараша иштин өзгөчөлүгү, ийгилиги, мугалимдин кайсы педагогикалык технологияны колдоно алуусу анын дидактикалык-методикалык компоненттүүлүгүн аныктайт. Мугалимдин дидактаклык-методикалык жактан ишбилгилиги кээ бир педагогикалык маселелерди чече билүсүнө байланыштуу бааланышы ыктымал. Негизинен мугалимдин иш билгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот: - окутуп жаткан предмети тууралуу терең билимге ээ болуусу, анын тигил же бул окутуу технологиясында камтылган принциптерин, концептуалдык идеясын билиши; - мектепте окутуу-тарбиялоо иштерин уюштуруу болюнча жана предметти окутууда түрдүү методдорду, үйрөтүү жолдорун билип, долбоорлордо колдоно билүү; - окутуу методдорун сабактын темасына карап тандоодо, логикалык ырааттуулуктун сакталышын билүү, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына карап педагогикалык технологияларды тандай алышы; - тигил же бул педтехнологияны колдонууда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киригизе алышы.

    Өлкөбүздө мугалимдин компетенттүүлүгү тууралуу кеңири изилдөө жүргүзүлбөгөнүнөн бул изилдөөнүн зарылдыгын айтууга толук негиз бар. Мугалимдин кесиптик ишбилгилигин жогорулатууда билим өркүндөтүүчү курстардын мааниси өтө зор. Мугалимдин кесиптик иш билгилиги азыр өтө курч маселе болуп жаш муундарды базар экономикасы шарттарында коомго даярдоодо өтө маанилүү, анткени балдардын жашоосунда өзгөрүшү татаал болгон кээ бир сапаттар орун алат. Ошону менен катар педагогикалык иш билгликти мугалим өзү өнүктүрүүсү, билим берүү ишмердигин жогорулатуусу деп айтууга болот. Ал аркылуу мугалим кесиптик денгээлин жогорулата алат.
    1   2   3


    написать администратору сайта