Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница29 из 37
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   37

айкөл - великодушный, благородный камкордук - заботливость жацылануу - обновляться тилек - мечта

максат - цель

биротоло - на совсем

күн менен түн тецелип - равноденствие уланган - продолжалось талаада — на полях

кызуу кыймыл - работа в поле

сүмөлөк - национальное блюдо приготовленное к праз­днику Нооруз

көчөттөр отургузулуп - посаженный саженцем эгин айдоо - производить вспашку и посев

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Жаз мезгилинин келиши менен эмнелерди байкоого бо­лот?

  2. Жаз мезгилинде кайсы майрам жаз менен кошо тосулат?

  3. Жаз мезгили сага эмнеси менен жагат, оюңарды жазгыла.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен сын атооч сөздөрдү таап, сүйлөм түзгүлө.

  3. Сын атоочтун даражалары боюнча айтып,тексттеги сын атооч сөздөрдөн анын даражаларын түзгүлө.

ЖАЙ МЕЗГИЛИ

Жай мезгили жылдын эң кооз, эң кызыктуу мезгили десек жаңылышпайбыз. Жай айларына июнь, июль, ав­густ кирет. Жайында айлана жапжашыл болуп, килем төшөп койгондой болуп турат. Күн узарып, түн кыскарат.

Жайында көпчүлүк адамдар эс алууга, ал эми студент- тер менен окуучулар каникулга чыгып эс алышат. Ошон- дуктар адамдар ар кайсы жактарга: жайлоого барып кы- мыз ичип, таза аба менен дем алышса, көлгө барып жай- дын саратанында сууга түшүп, денелерин чыңашат.

Ысык-Көлдүн да, жайлоонун да абасы адамдарга ден соолук тартуулайт. Ошондуктан жаратылыштын керемет сырларына таазим кылып келебиз.

Жайында жай мезгилинин кереметин сөз менен да жазып бере албайсың! Асманда алакандай булут жок, өлчөмсүз асман тыптынч жаткан океан сыяктанат. Гүлдөн гүлгө конуп, бал тарткан аарылар. Кызыл ала, көк ала көпөлөктөр... Бул көрүнүштү сүрөттөш кыйын, эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Табияттын кол тийбеген балыктары наристе бойдон, бардыгы керемет. Жапайы жүзүмдөр жашыл жалбырактын арасынан күндү шыкаа- лашат.

Ал эми биздин сөзүбүз жетпеген жерге «Жайдын кечи» деген ыр жеткиликтүү болот го дейм:

Манаттай асман кызарып, Магдырап барат айланам. Чачырайт көбүк бетиме, Чамынып аккан дайрадан.

Жалбыздын жыты буркурап, Жанына жыпар чачкандай. Торгойлор тынбай шаңшышат, Токтогул күүсүн тарткандай.

Үргүлөп тоолор баратат, Уйкуга батып, алсырап. Токтой тур, курбум, токтой тур, Чолпон да чыгар чачырап.

Сөздөр

айлана - все вокруг

жапжашыл - зеленый, совершенно зеленый килем төшөп койгондой - как бархат таза аба - чистый воздух саратан - зной, жара сууга түшүп - купаться денелерин чыцашат - закаляются жаратылыштын керемет сырлары - чудесные тайны природы

таазим кылабыз - покорно кланемся алакандай - немножечко, чуточку өлчөмсүз - безразмерный, неограниченный тыптынч - очень тихо

аары - пчела

салыштырууга болбойт - не сравнить

шыкаалашат - подсматривает,подглядывает манаттай кызыл - красный как кумач магдыра - быть в состоянии полного покоя, млеть чачыра - разбрызгаться көбүк - пена чамынып - бушуя жалбыз - мята торгой - жаворонок шацшы - клекотать үргүлөп - дремать, быть в полусонном состоянии алсырап - изнемогать, терять силы

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Жай мезгили башка мезгилден эмнеси менен айырмала- нат?

  2. Жайдын сыйкырдуу керемети кандай сүрөттөлөт?

  3. Жай мезгили селер үчүн кандай болот? Жайында кайда барып эс аласыңар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, айтып бергиле.

  2. Тексттен атоочтук, чакчыл түрмөктөрдү таап, орус тилине которгула.

  3. 2 сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө.

КҮЗ МЕЗГИЛИ

Күз мезгили - жыл мезгилдеринин ичинен токчулук- тан кабар берип турган эң берекелүү мезгил. Күз айлары- на сентябрь, октябрь, ноябрь кирет.

Эмне үчүн берекелүү, токчулуктун,же болбосо,ак төө- нүн карды жарылган мезгил дейбиз? Анткени кайратман баба дыйкандарыбыздын ак ниеттүү, маңдай теринен жа- ралган эмгектеринин акыбети кайтып, күзүндө түшүм- дөрүн чогулткан мезгил болот эмеспи!

Күзүндө бардык жер-жемиштер бышып, төгүлүп турган учуру. Бул учур өзүнчө керемет, айлана алтындай сапсары болуп көзүңдү уялтат. Бак-дарактардан түшкөн жалбырак- тар сары, кызыл түскө окшоп, жердин бетине түшөт.

Күзүндө адамдар жай бою кылган эмгектеринин үзүрүн көрүп, түшүмдөрүн жыйнап алышат. Окуучулар менен студенттер жайкы каникулдан эс алып келишип, мектеп- ке, универститетке келишет. Адамдардын көпчүлүгү эс алуудан келишип,эмгектенүүгө киришет. Күз мезгилинде асманда тизилип учкан куштардын жылуу жакка учуп баратканын көрөсүң. Ал эми тыйын чычкандар кышка камданып бактан бакка секирип, тобурчак жыйнап жүрүшөт.

Күз мезгили - молчулукту, токчулукту даңазалаган мезгил. Бул мезгил көпчүлүк адамдарга жагат. Күзүндө арзанчылык болуп, берешен мезгил өкүм сүрүп турат.

Сөздөр

токчулук - сытость

төөнүн карды жарылган мезгил - благодатное время маңдай теринен жаралган эмгек - плата за труд түшүм - урожай тизилип учкан куштар - становившись в один ряд тыйын чычкандар - белки тобурчак - шишки берешен - шедрый өкүм сүрүп турат - воцарилась

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Күз мезгилин эмне үчүн ак төөнүн карды жарылган мезгил дейбиз?

  2. Күз мезгилинде адамдар эмне менен алектенишет?

  3. Күз мезгилин сүрөттөп, дилбаян жазгыла.

Текстке чейинки тапшырма

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Кумуштөй, сулуулугу, карлуу, жагымдуу, пайдалуу деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?

  3. Ал сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫШ МЕЗГИЛИ

Бул мезгил жылдын суук мезгили болуп саналат. Кы- шында суулар тоңот,кар жаайт. Түн узарып,күн кыска- рат. Кыш мезгилинин негизги белгиси- айлананы курчап турган күмүштөй жалтыраган аппак кар. Опойто жааган аппак кар кээ бирөөлөрдү ойлондуруп капа кылса, көп- чүлүк адамдар үчүн жана кышкы эс алууну сүйгөн тоо лыжачылардын купулуна толо турган мезгил. Алар ак карлуу тоолордун сулуулугуна суктанып, ырахатка бө- лөнүшөт.

Биздин өлкөдө жаратылыштын берген сонун шарты бар эс алуучу жайлар бар. Мындай шарт бардык эле өл- көдө боло бербейт. Мисалы, Англияда карды башка жер- ден ташып келүү аркылуу тоодон түшүүчү жолдорду, дөңсөөлөрдү жасалма жол менен курушары белгилүү.

Кыргызстанда Ала-Тоонун бетинде кар ноябрь айы- нан май айына чейин жатат. Кыш мезгили өзүнүн ушун- дай жагымдуу, ден соолукка пайдалуу жактары менен баш­ка мезгилдерден айырмаланат.

Кышында шаардын тургундары Кашка-Суу, Кызыл- Белес, Оруу-Сай жана Норус сыяктуу туристтик базалар- га барып эс алууну жактырышат.

Ал эми кыштын күнү токой ичи мемиреп тынч болот. Карагайдын бутактарында аппак кар жатат. Кышында үрпөк карганы көп жолуктурасың, ал эми жайында ал чытырман токойго кирип кетет.

Кыш мезгили ушундай өзүнүн өзгөчөлүгү менен адам- дарга жагымдуу маанай тартуулай алат.

Сөздөр

суук мезгил - холодное время тоңот - замерзает күмүштөй - как серебро жалтыраган - блестящий капа кыл - переживать купулуна толтур - любить, быть довольным ырахатка бөлөнүшөт - наслаждается жасалма жол - искусственная дорога куруу - строить белгилүү - известно шаардын тургундары - жители города эс алууну жактырышат - предпочитают отдыхать мемиреп - полной безмятежности карга — ворона жагымдуу маанай - приятное настроение

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыштын башка мезгилдерден айырмаланган өзгөчөлүгү эмнеде?

  2. Кышкы кар топтолуп, кайсы жерлердин көркүн ачат? Ал жерлерге адамдар эмне үчүн барышат?

  3. Кыш мезгили жагабы? «Кыштын бир күнү» деген темада дилбаян жазгыла.

Текстке чейинки тапшырма:

  1. Текстти окуп, айтып бергиле.

  2. Тексттеги кээ бир сөздөрдүн лексикалык мааниле- рин түшүндүргүлө.

КҮН МЕЗГИЛДЕРИ

Бир күн, бир сутка - жыйырма төрт саатты камтыйт. Ушул жыйырма төрт сааттын ичинде бир күндө он тогуз мезгил болоорун байкоого болот.

Сутка түнкү саат он экиден кийин баштала турганды- гын биз жакшы билебиз.

  1. Сопу сандык - түн жарымынан ооп, жылдыз суюла баштаган кез. Бул убакыт түнкү саат 2:30-3:30га чейин созулат.

  2. Таң каракчысы - чыгыштан таң агара турган мез- гилге жарым саат калганда, бир нече мүнөткө созулган түндүн өзгөчө караңгылыгы байкалат.

  3. Таң агара баштаган мезгил - чыгыштан жарыктын шооласы жаңыдан көрүнө баштаган мезгил.

  4. Ак шам - жер бетине толук жарык түшүп, бирок күндүн шооласы көрүнө элек кез.

  5. Күн жайылган мезгил- күндүн нуру түз жер бетине тегиз жайылган мезгил.

  6. Шашке - күн аркан бою көтөрүлгөн убак, саат 10:30 болгон учур.

  7. Улуу шашке - саат 11:30 болгон учур.

  8. Жалган түш - 12:00-12:30 болгон учур.

  9. Чак түш - күн төбөгө келген кез, саат 13:30 бол­гон учур.

  10. Түш оогон чак - саат 14:30 болгон учур.

  11. Эрте бешим - саат 15:30 болгон учур.

  12. Бешим - саат 16:30 болгон учур.

  13. Кеч бешим - күн батаарга аркан бою калган кез же саат 17:30.

  14. Дигер - күн тегиз баткан мезгил.

  15. Шам - күүгүм кире баштаган учур.

  16. Куптан - күүгүм толук кирип, көз байланган чак.

  17. Эки куптан - түн, караңгылык толук өкүм сүргөн чак.

  18. Түн - жандуунун баары уйкуга кирген чак же саат 23:30 болгон кез.

  19. Түн бышкан кез - түн ортосу, жылдыз толгон учур же саат 1:30-2:30 болгон учур.

Тексттен кийинки тапшырма:

  1. Күн мезгилдеринин аталышы эл арасында колдонулуп жүрөбү?

  2. Бул мезгилге чейин алардын аталышын сүйлөө речинде колдондуңар беле?

  3. Силер күндүн кайсы мезгилин жактырасыңар?

Сөздөр

таң каракчысы - утренние сумерки

шашке - позднее утро

улуу шашке - время перед полуднем

түш - полдень

чак түш - ровно полдень

жалган түш - время за час-два перед полуднем

түш оогон чак - после полудня

бешим - время, сразу после полудня

кеч бешим - время к вечеру

дигер - время перед заходом солнца

шам - время после захода солнца,вечер

куптан - время два-три часа после захода солнца

эки куптан - когда настало время последней молитвы түн - ночь

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, айтып бергиле.

  2. Аптанын күндөрүнө жөндөмө мүчөлөрүн жалгап, сүйлөмдөр түзгүлө.

  3. 6 сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзгүлө.

АПТА МЕЗГИЛДЕРИ

Бир апта жети күндү түзөт. Байыркы мусулман кал- кы менен бирге эле эзелки кыргыз калкыбыз күн атта- рын ушул күнгө чейин адашпай айтып келишкен.

  1. Ишемби - иштин башы ишемби деп коюшат,себеби баштай турган маанилүү, орчундуу иш болсо, ушул ишем­би күнү башташкан. Бир жакка жолоочу болуп жолго ат- танып кала турган болсо дагы ушул күнү жолго чыгыш- кан.

  2. Жекшемби - ишемби күнү баштаган ишти,катасыз ыраатына жеткирип ушул күнү бүтүрүшкөн. Жекшемби- де жетемин деп, ишемби күнү аттанып жолго чыккан киши да жекшемби күнү болжогон жерге жетип калган.

  3. Дүйшөмбү - дүйнө жаралган күн, бул күндө көп иш, дүнүйө иш бүткөн күн деп да коюшат.

  4. Шейшемби - жалгыздын күнү деп аталып калган, себеби бир уядан жалгыз болгон бир жигит жолоочу бо­луп жолго чыкса жолу болбойт имиш.

  5. Шаршемби - ушул бир аптадагы жети күндүн ичи- нен эң жеңил күн деп коюшат. Ушул күнү козу-улакты, малды биттөө, бычуу иштери жүргүзүлөт. Жаш балдар- ды сүннөткө отургузушкан.

  6. Бейшемби - берекенин күнү, бейиштин күнү деп коюшкан. Ушул күнү ырыс-кешиктин, ынтымактын күнү дешет. Бул күнү үй ээси үйдө болуп, үй-бүлөсү, бала-ба- кыралары менен бажырашып бирге болушка умтулушат.

  7. Жума - бул күндү оор күн деп коюшат. Бул күнү кудайдын улуу күнү деп аталып, жараткан Алла Таалага сыйынышып, өлгөндөргө куран окулат. Жума - намаз күнү деп эсептелет. Бул күнү кудайдын улуу күнү болгондон кийин, өткөн ата-бабаларыбыз бул күндө кудайга сыйын- гандан башка эч иш жасашпаган. Бул күн жекшемби сы- яктуу эле дем алыш күн болуп эсептелген.

Ала-Тоону мекендеген Кыргыз Республикасында ушул жети күндүк бир аптада аба ырайынын бузулушу жана кубулуштары байкалып келген. Атап айтсак, жекшемби күнү күн бүркөлүп күн жаап кала турган болсо,шаршем- би күнгө барып анан ачыла тургандыгын көп байкашкан. Эгер шаршемби күнү күн жаап кала турган болсо жума күнү ачылып кеткен.

Ал эми жума күнү оор күн болгон кудайдын улуу күнү күн бүркөлүп, күн жаап кала турган болсо, жумага чейин созула тургандыгын көп байкашкан. Ушул себептен «Шар­шемби жааса жума ачат, жума жааса ким ачат?» деген сөз эл арасында кеңири айтылып калган экен.

Сөздөр

бир апта - одна неделя

эзелки кыргыз калкы - древний кыргызский народ адашпай - непутать

ишемби - суббота

иштин башы - начало работы

маанилүү - важный

жолоочу - путник

жекшемби - воскресенье

ыраат - блаженство, наслаждение, услада

аттанып - отправляться в путь

болжогон жерде - в назначенное время

дүйшөмбү - понедельник

жаралган - образовался

дүнүйө - свет, вселенная

жалгыз - единственный, одинокий

жолу болбойт - невезет

шейшемби - вторник

шаршемби - среда

эң жеңил күн - самый легкий день

биттөө, бычуу - холостить, кастрировать

сүннөткө отургуз - совершить обряд,обрезания

бейшемби - четверг

берекенин күнү - благодатный день

бейиштин күнү - райский день

ынтымак — согласие, единодушие

жума - пятница

оор күн - тяжелый день

кудайдын улуу күнү - великий, святой день Бога

сыйынышат — молятся

өлгөндөргө - погибшим

куран окулат - читается Коран

эч иш жасашпаган - ничего не делали жекшемби сыяктуу - как воскресенье дем алыш күн - день отдыха

кубулуштар - явления

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Алта күндөрүнүн өзүнө таандык кандай өзгөчөлүктөрү бо­лот?

  2. Эмне үчүн ата-бабаларыбыз ар бир күнгө өзгөчө баа бериш- кен?

  3. Сен үчүн кайсы күн өзгөчө болул эселтелет? Күндөрдү кан­дай лайдаланасыңар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окул, айтыл бергиле.

  2. Таандык мүчө уланган сөздөрдү таал, сүйлөм түзгүлө.

  3. 4 сүйлөмгө морфологиялык талдоо жүргүзгүлө.

КЫРГЫЗЧА АЙ АТТАРЫ

Кыргыз элинде Октябрь революциясына чейин Ай ка­лендарь! колдонулган. Кыргыздар ар бир айды ага мүнөз- дүү аталыштар менен атал келишкен.

Кыргыздардын ичинен чыгыл, кыргыздын календа- рына кызыккан адамдын бири Белек Солтоноев болгон. Ал кишинин зор эмгегинен үзүндү келтирели:

  1. Жалган куран -Февраль.

  2. Чын куран - Март.

  3. Бугу - Апрель.

  4. Кулжа - Май.

  5. Теке - Июнь.

  6. Баш оона - Июль.

  7. Аяк оона - Август.

  8. Тогуздун айы - Сентябрь.

  9. Жетинин айы - Октябрь.

  10. Бештин айы - Ноябрь.

  11. Үчтүн айы - Декабрь.

  12. Бирдин айы - Январь.

Ар бир айды ага мүнөздүү аталыштар менен атап ке- лишкен деп жогоруда айтпадыкпы. Алардын айрымдары- на токтолсок: мисалы, июль - баш оона. Анын мындай аталып калышынын себеби,илгери ата-бабаларбыз турмуш -тиричилигин негизинен боз үйдө өткөргөн. Бул айда күн бир аз кыскарып, түндүктөн чак түштө коломтого тике түшкөн күндүн нуру эми оонай баштады дегенди билдирет.

Августту болсо аяк оона дешкен. Анткени 18-август- тан жай чилде чыгат. Чилде чыккандан күндүн илеби кай- тып, күн бир аз кыскарып, күздүн белгилери башталат. Жайында коломтого тике түшкөн күн нурунан эми дайын жок. Сумбула жылдызы 18-августтан кийин чыгып, бир жумача көрүнүп туруп эле жок болуп кетет. Сумбула жылдызы чыгаарга жакындап калганда ата-бабаларыбыз сөзсүз башка жакка журт которушчу экен.

Үчтүн айы деп аталган декабрда токсон (кышкы суук күндөр) түшүп калган. Ошон үчүн: «Үчтүн айы жаңыр- ды, үшкүрүп шамал чамынды, үрөйү суук токсон чал үйүңдөн сурайт алыңды» - деп айтышкан.

Бирдин айы, башкача айтканда, январда кыш чилде- си башталган.

Ал эми эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген? Бул кыргыздардын тоо жаныбарлары менен азыктанып, алардын качан төлдөй тургандыгын, качан эттенип, качан аларга мергенчилик кылууга болорун эң сонун өзөдөштүрүп билип, мол тажрыйбадан келип чык- кандыгын Б. Солтоноев аппак кагазга шурудай тизип, та- тынакай иреттеп урпактарга түгөнгүс мурастай калтыр- ган экен.

Ошондой эле байыркы тарыхый булактар биздин ата- бабаларыбызда илгертен эле туруктуу календары бар экен- дигинен кабар берет. Элибизде ай календарына өзгөчө маа- ни берилип, турмуш-тиричиликте кеңири колдонулган.

Сөздөр

атап келишкен - называли
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   37


написать администратору сайта