Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница31 из 37
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   37

Сары аяз - абдан катуу суукту түшүндүрөт.

Сары жел - көбүнчө эртең менен же кечкурун соккон сыдырым салкын жел. «Сары шамал» деп да аталат.

Сары кар - эрте жазда жаап, тез эрип кетүүчү суулуу кар.

Сел - тоо сууларынын нугунда капысынан пайда бол- гон баткактуу же таштуу суу ташкыны.

Серүүн - мелүүн салкын, жанга жагымдуу жел, аба ырайы.

Соор - ай аты, жаздын бир айы, 22-апрель менен 21- майдын аралыгына туура келет.

Супа - таң агара баштаган маал, таң супа салды.

Таң — түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган маал, күндүзгү маалдын башталышы. Бул маал «таң агаруу», «таң сүрүү», «таң заар», «заар», «супа», «таң шооласы» деп аталат.

Теке айы - ай эсеби, календарь жылынын алтынчы айы - июнга туура келет.

Тогуздун айы - ай эсеби, календарь жылынын онунчу айы - октябрга туура келет.

Толук жыл - 366 күндү түзгөн (жөнөкөй жылдан бир күн артык) календарлык жыл. Жыл эсебинин жаңы сти­ли боюнча күндүн саны төрткө калдыксыз бөлүнгөн ар бир жыл толук жыл деп аталат. Ага аяккы саны эки нөл менен бүткөн, бирок 400гө бөлүнгөн жылдар кирбейт (мис., 1700, 1800, 1900)

Тоок жылы - жаныбарлардын аттары менен берилген он эки жылдык жыл эсебинин онунчу жылынын аты.

Түш - түш маал, чак түш. Күн дискинин горизонттон эң жогорку абалындагы учуру.

Убакыт - материянын (мейкиндик менен катар) жа- шоо формасы. Убакыт аралыктарын кабыл алынган не- гизги бирдиктер менен салыштырып, убакытты эсептөө ыкмалары, ал бирдиктер ар кандай табигый жана жасал- ма мезгилдик процесстерге бөлүнөт.

Уй жылы - жаныбарлардын аттары менен берилген он эки жылдык жыл эсебинин экинчи жылынын аты.

Улан - Ысык-Көл ойдуңуна батыштан Боом капчы- гайынан катуу соккон жергиликтүү кургак шамал.

Улуу жыл - жаныбарлардын атынын түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин бешинчи жылынын аты.

Үп - аба ырайынын шамал жүрбөгөн, жел сокпогон аптап ысык, думукма маалы. Адатта абанын температу- расы 20-300С жогору, салыштырма нымдуулугу 45- 75%ке жетет.

Үчтүн айы - айдын аты, календарь жылынын он экин­чи айы - декабрга туура келет.

Чагылган - булут арасында, эки булуттун, же жер бети менен булуттун аралыгында пайда болгон электр за- ряддары. Адатта чагылган болгондо жарк этип коз ир- мемде жарык чыгарып, катуу күркүрөп добул коштойт.

Чац - аба менен көтөрүлүүчү же кандайдыр бир нер- сенин үстүнкү бетине ылдам жугуучу жеңил, кургак эң майда (10-10 см) кыпын, тозоң.

Чыкыроон - кыш мезгилиндеги карандай катуу суук, кара суук, аяз. Кыроон суук деп да аталат.

Чын куран - айдын аты, календарь жылынын төртүн- чү айы - апрелге туура келет.

Чычкан жылы - жаныбарлардын аттары менен бе­рилген он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты.

Шашке — сутканын эртең мененки күн бир аз көтөрүлүп калган маалы. Күн бийик көтөрүлүп, түшкө таяп калган маал - чоң шашке, же улуу шашке деп аталат.

Шүүдүрүм - кечинде, түнкүсүн жана эртең менен жер бетине, өсүмдүктөргө ж. б. түрдүү нерселерге туруп кал­ган тамчы түрүндөгү ным.

Ызгаар - кыш мезгилиндеги катуу суук, чыкыроон аяз.

Эсепчи - Аба ырайын алдын ала айтуучу адам. Илге- ри кыргыздардын ичинен чыккан айрым адамдар эч кан- дай аспапсыз эле, табигый кубулуштарга, жан-жаныбар- лардын журүм-турумуна, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, гүл- дөөсүнө байкоо жүргүзүп, алдыда боло турган аба ырайы жөнүндө айта алышкан.

ӨЗҮМ ЖӨНҮНДӨ

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көңүл коюп окуп, которгула жана түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

  2. Тексттен бир өңчөй сүйлөмдөрдү таап, алар кандай суроо- лорго жооп берерин жана кайсы сөз түркүмдө экенин айтып бер­гиле.

КУСЕЙИН КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ
БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ


Бишкек гуманитардык университети (БГУ) - эгемен жаш Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы жана аброй- луу окуу жайларынын бири, гуманитардык жогорку би­лим берүүнүн таанылган көч башы болуп саналат. Анын таржымалы - СССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде 1979-жылы ачылган. Белгилүү Фрунзе орус жана адабият институтунан башталат. 1992-жылы 17- июлда Президенттин жарлыгы менен Тилдер жана гума­нитардык илимдердин мамлекеттик институту (ТГИМИ) болуп кайрадан түзүлгөн. Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн 1994- жылдын 8-майдагы токтомуна ылайык бул окуу жайы өзүнүн аталышын алып келатат.

Бүгүнкү күндө университет - өлкөбүздүн жаштарына жогорку билим алууга, өз маалыматын дагы бийиктетүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган, илимий-теория- лык терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн, көптөгөн мамлекет- тер менен өз ара байланыштарды, кеңири жайылтылган эл аралык маселелерди түзгөн, Кыргыз Республикасынын күндөлүк коомдук-саясий турмушуна жана ал өз башы- нан кечирип жаткан демократиялык кайра түзүүлөргө жандуу катышып келаткан эң белгилүү окуу жайга ай- ланды.

Университеттин өзүнүн атрибуттары менен жеке бел- гилери: желеги, герби, төш белгиси жана фирмалык иш кагаздары бар. Ушул тапта университетте кыргыз фило- логиясы; чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер; ев­ропа цивилизациясы; кыргыз-кытай; экология жана ме­неджмент; экономика жана каржы; журналистика жана маалымат системасы; соцалдык-психологиялык, полити­ка факультети, ошондой эле Үзгүлтүксүз билим берүү ин­ституту жана гуманитардык илимдердин илим-изилдөө ин­ституту, Эл аралык билим берүү борбору, Конфуций ин­ституту бар.

БГУ өзүнүн жетишээрлик материалдык-техникалык жана окуу-методикалык базасын түзүп алган. Студенттер менен окутуучулардын карамагында чоң жана кичине зал- дар, кенен аудиториялар, азыркы компьютердик техника, окутуунун техникалык каражаттары жана зарыл болгон бөлөк адабият менен жабдылган атайлаштырылган бөлмө- лөр, класстар жана лабораториялар тармагы бар. Бул окуу жайда кыргыз, түрк, казак, өзбек, татар филологиясынын болочок адистери, филолог-русисттер, журналисттер, оку- туучулар жана референт-котормочулар (англис, немис тил- деринде), эл аралык мамилелер боюнча адистер, экономист- чыгыштаануучулар, социалдык кызматчылар, продюсер ме- неджерлер, китепканачы-библиографтар ж. б. даярдалып, уядан учурулат. Студенттердин жалпы саны 6 миңден ашык, алардын 200гө жакыны КМШ менен алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.

Өзүнүн курамы боюнча университет көп улуттуу. Мын- да азыр 25 улуттун өкүлдөрү билим алышат. Студенттер- ди окутуу 15 тилде: кыргыз, орус, казак, өзбек, татар, түрк, англис, немис, француз, кытай, жапон, араб, фар­сы, корей жана иврит тилдеринде жүргүзүлөт.

Учурда университет бүткүл дүйнө боюнча кабыл алын- ган адистерди тарбиялоонун эки жана үч баскычтуу түрүн өзүнө камтыган билим берүүнүн көп деңгээлдүү түрүнө өтүп, бакалавр, магистрлерди, ошондой эле илимдин кан- дидаттарын жана докторлорун даярдоодо. Ушул система боюнча стандарттардын долбоорлору, квалификациялык мүнөздөмөлөр түзүлүп, аларга Орусия менен КМШнын башка өлкөлөрүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан пикирлер жана рецензиялар алынган.

Институттун түзүлүшү жана калыптанышына рес- публиканын алдыңкы илимпоздору менен педагогдору: Е. К. Озмитель, П. И. Харакоз, В. Д. Скирдов, В. К. Ян- цен, А. В. Васильев, Ф. А. Краснов, С. А. Савченко, Г.Н. Хлыпенко жана башкалар олуттуу салымын кошуш- кан. Ал эми биринчи ректору болуп белгилүү окумуштуу В. Д. Скирдов иштесе, кийинки жылдары В. К. Янцен, К. К. Коңкобаев, Т. Т. Тургуналиев, И. С. Болжуровалар эм- гектенип, анын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошушкан.

БГУ «Аалам жана курчап турган чөйрө» (ЕР), Корея- лык билим берүү борбору, «КМШ өлкөлөрүнө техника- лык көмөк көрсөтүү коому» (АРС), «Социалдык реформа- лар коому» (Кувейт), ДААД, Айрекс, Фулбрайт Програм- малары, Сейбр, Эберт, Адэнауэр, Сорос фонддору, Тем- пус-Тасис, Тынчтык корпусу, Бишкектеги немис борбору, Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлчүлүгү ж. б. ушул сы- яктуу эл аралык белгилүү уюмдар менен эки тараптуу мамилелер түзүлгөн.

Сөздөр

тилдер жана гуманитардык илимдердин мамлекеттик институту - государственный институт языков и гумани­тарных наук

окуу ж.айы - учебное заведение

көч башы - во главе

байлаиыштар - связи

кецири — широко

жайылтылган - распространен

илимий - научный

эл аралык мамилелер - международные отношения төш белги - грудной значок чыгыш таануу - востоковедение долбоор - проект көп улуттуу - многонациональный окумуштуу - ученый калыптанышы - становление

өкүлдөрү - представители

окуу методикасы - учебно методическое

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Университет качан уюшулган?

  2. Бул окуу жайдын уюшулушуна жана калылтанышына кайсы илимлоздордун салымы чоң?

  3. Университет кимдерди даярдал чыгарат?

  4. БГУ кандай коомдор жана эл аралык уюмдар менен мами- ле тузуп келет?

  5. Университетте кандай факультеттер бар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен этиштин өткөн чагын таал, анын кайсы туру экендигин аныктагыла.

  3. Өткөн чактын канча туру бар. Алар кайсылар.

МЕНИН ӨМҮР БАЯНЫМ

Менин аты-жөнүм Кубанычбек уулу Кадырбек. Мен 1989-жылы 6-августта Бишкек шаарында туулганмын.

1996-жылы Балыкчы шаарындагы Макаренко атын- дагы орто мектепке 1-класска бардым. Ал жакта 3-класс- ка чейин окудум. Кайра үй-бүлөлүк шартыма байланыш- туу Бишкек шаарына көчүп келдик. 4-класстан баштап Бишкек шаарындагы № 61-физика-математика мектебинде окуп, аны 2006-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм. Ошол эле жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин информа­тика жана прикладдык математика факультетине тапшыр- дым. Азыр 4-курста окуп жатам.

Атам 1962-жылы туулган. Ал политехникалык инсти- тутту артыкчылык диплом менен аяктаган. Апам 44 жаш- та. Анын аты - Сүйүн. Ал Улуттук университеттин эконо­мика факультетин бүтүргөн. Азыркы убакта шаарыбыз- дын соода борборунда экономист болуп иштейт. Карында- шым Нестан 19 жашта. Ал КРСУда Эл аралык мамиле- лер факультетинде 2-курста окуп жатат. Кичүү иним Ас­кар 15 жашта. Ал шаарыбыздагы № 12 лицей-мектебин- де 10-класста окуйт. Ал спорт менен машыгат. Биз Биш­кек шаарындагы Учкун кичирайонунда жашайбыз. Биз- дин үй-бүлөбүз абдан ынтымактуу.

Сөздөр

өмүр баян - автобиография

үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу - по семейным обстоятельствам

көчүп келдик - переехали

ийгиликтүү - успешно

машыгат - тренируется

аяктаган - закончил

жашайбыз - живем

тапшырдым - поступил

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Сенин аты-жөнүң ким?

  2. Канча жаштасың?

  3. Кайсы окуу жайында окуйсуң?

  4. Апаңдын аты ким?

  5. Ал канча жашта?

  6. Силердин үй-бүлөңөр кайда жашашат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен этиштин айкын келер чагын тапкыла.

  3. Айкын келер чак кандай жол менен уюшулат?

МЕНИН ИШ КҮНҮМ

Мен эртең менен саат алтыда турамын. Менин иш кү- нүм эртең мененки көнүгүү жасоо менен башталат. Андан кийин жуунамын, тамак ичемин. Мен биринчи сменада окуймун. Саат 7.30да аялдамага чыгамын. 11-троллей- буска же 9-автобуска отуруп университетке чейин бара- мын. Сабактар саат 8. 00дө башталат. Бүгүн бизде үч са- бак болот. Биринчи сабак философия, экинчи сабак кыр- гыз тили акыркы сабак кытай тили болот. Сабактар саат 12.20да бүтөт.

Сабактан кийин тамактанып алып, университеттин окуу залына барып эртеңки боло турган сабактарга даяр- данамын. Андан кийин үйгө барамын. Үйдө апама жар- дам беремин. Кечинде жолдошторум менен эшикке чыгып, бир аз сейилдеп эс алабыз, музыка угабыз. Саат 23.00 дө уктаймын.

Сөздөр

көнүгүү - физическая зарядка жуунамын - умываюсь тамак ичемин — завтракаю иш күнү - рабочий день эртец менен - утром эс аламын - отдыхаю аялдамага чыгамын - выхожу на остановку барамын - доеду сабак - урок болот - будет башталат - начинается угабыз - слушаем жардам беремин - помогаю бүтөт - заканчивается

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Сен эртең менен саат канчада турасың?

  2. Андан кийин эмне кыласың?

  3. Университетке чейин кайсы транспорт менен барасың?

  4. Канчанчы сменде окуйсуң?

  5. Күнүнө канча сабак болот?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен этиштин чак категориясын аныктагыла.

  3. Алар кайсылар экенин айтып бергиле.

МЕНИН КЕСИБИМ

Күндөр, айлар, жылдар алмашып, бала чак кез өтүп, чоң турмушка аттанууга тандоо убагы келип жетти.

Мектепти бүтүп, чоң окуу жайына тапшырайын де­дим. Окуучулук кездеримде келечекте журналист болуу- ну каалоочумун. Бирок «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, тилекке каршы журналист болбой кал- дым. Мен Бишкек гуманитардык университетинин эколо­гия жана менеджмент факультетинин мамлекеттик муни- ципалдык башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. Азыр экинчи курста окуп жатамын. Окуп жаткан кесибим дагы абдан кызыктуу жана позитивдүү десем жаңылбайм.

Келечекте өз Мекениме, Ата Журтума өз салымымды кошуп, чыгаан инсандардан болгум келет. Албетте, ал үчүн мен терең билим алышым керек. Менин кесибим мамле­кеттик иштер менен байланыштуу. Келечек жаштардын колунда, - деп бекеринен айтышпайт. Келечек жаштарга таандык. Аны менен бирге элдин, журттун үмүтүн четке какпай, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө көмөк көрсө- түүгө умтулушубуз керек.

Менин кесибим эл үчүн болгондуктан, өзүм өздөштү- рөмүн, - деп айтамын. Тандап алган соң элиме да, үй- бүлөмө, туугандарыма да жүзүм жарык болушун каалайм.

Мен дагы биздин улуу инсандардай болуп, өзүмдүн артыма жакшы из калтыргым келет. Атактуу, эмгеги сиң- ген мамлекеттик ишмер болгум келет.

Сөздөр

менин кесибим - моя профессия

күндөр - дни

айлар - месяцы

жылдар - годы

бала чак - детство

турмуш - жизнь

тандоо - выбирать

мамлекет - государство

муниципалдык - муниципальный

башкаруу - управление

келечек - будущее

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Келечекте ким болгуң келет?

  2. Эмне үчүн ушул кесипти тандап алдың?

  3. Сен келечекте өз элиңе, журтуңа кандай кызмат кылгың келет?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Жаңы сөздөрдү катыштырып, сүйлөм түзгүлө.

  3. Белгисиз өткөн чак кандай жол менен уюшулат, айтып бергиле.

МЕНИН ХОББИМ

Хобби ар түрдүү болот. Ал үч түргө бөлүнөт: буюм жасоо, чогултуу жана билүү. Эң популярдуу түрү - бир нерсени жасоо. Буюмдарды жаратуу болуп эсептелет. Бул түрдөгү кызыгуулар ар түрдүү чыгармачылыктарды кам- тышат. Алар багбанчылык, саясатчылыктан, шахмат, волейболго чейин.

Багбанчылык - байыркы кездеги адамдардын хобби- си. Баарыбызга белгилүү англичандар гүлдөрдү өстүрүүгө кызыгышат, өзгөчө «роза» гүлүн. Чоң адамдар жана ки- чинекей балдар компьютердик оюндарды ойногонду жак- шы көрүшөт. Ар бир адам өзүнүн жашап жаткан мезги- лине жарашыктуу ошол учурдагы маркаларды, открыт- каларды, тыйындарды, оюнчуктарды, кассеталарды, саат- тарды жана башка нерселерди чогултушат. Кээ бир чо- гултулган коллекциялар тарых илиминде эң чоң өнүгүү даражага ээ. Мына ушул сыяктуу коллекциялар музей- лерге, галлереяларга берилет.

Менин хоббим - шахмат ойноо. Шахмат ойносом, ка- димкидей эс алып калам. Мен шахматты алты жашым- дан баштап ойной баштагам. Азыр да бош боло калсам шахмат ойнойм.

Сөздөр

буюм жасоо - делать вещи кызыгуулар - увлечения, интересы багбанчылык - садоводство саякатчылык - путешествие башка нерсе - и так далее, и другие

жарашыктуу - подходящий

камтыйт - охватывает

түрү - виды

өзгөчө - особенно

тарых - история

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Хобби кандай болот?

  2. Ал канча түргө бөлүнөт?

  3. Сенин хоббиң эмне?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, сөздүктүн жардамы менен которгула.

  2. Тексттен таандык мүчөлөрдү тапкыла.

  3. Кыргыз тилинде таандык категория кандай жол менен уюшулат?

МЕН БОШ УБАКТЫМДЫ КАНДАЙ
ӨТКӨРӨМ?


Мен өзүмдүн бош убактымды ар кандай өткөрүүгө ара- кеттенем. Ошондой эле өзүмө керектүү, пайдалуу иш жа- сасам дейм. Күндө кечинде сабактан келгенден кийин бир аз эс алып, таза абага чыгып сейилдегенди жакшы көрө- мүн. Адам баласы деги эле убакытты туура пайдалана билиши керек.

«Убакытты кармап кала албайсың», - деп айтышат эмеспи. Анын сыңарындай мен да студент болгондуктан, бош убактымды туура пайдалануу мен үчүн эң керектүү нерсе деп эсептеймин. Бош убактымда мен сабак окуудан сырткары, китеп окуйм. Өзгөчө адабий китептерди, ант- кени алар ички дүйнөнүн өсүшүнө себеп болот. Көбүнчө Ч. Айтматовдун, А. С. Пушкиндин, Агата Кристинин жана дагы чет өлкөлүк жазуучулардын чыгармаларына абдан кызыгамын. Мындан башка кез-кезде досторум менен ки- нотеатрга, ар кандай концерттерге баруу менен бош убак- тымды өткөрөмүн.

Сөздөр
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   37


написать администратору сайта