Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница32 из 37
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37

бош убакыт - свободное время

өткөрүү - проводить

аракеттенем - стараюсь сейилдөө - погулять

ички дүйнө - внутренний мир

кез-кезде - иногда

адабий китептер - художественные книги туура - правильно

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Бош убактыңарды кандай өткөрөсүңөр?

  2. Бош убактыңарда кандай китептерди окуйсуңар?

  3. Көбүнчө эмне кылганды жакшы көрөсүңөр?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

  3. Тексттен сын атооч сөздөрдү тапкыла.

МЕНИН ДОСУМ

Менин досторум көп, бирок менин эң жакын досум - Асель. Асель экөөбүз мектепте бирге окуп, окууну чогуу бүттүк. Ал Нарын областынан болот. Асель 18 жашта. Ал азыркы учурда Манас-Түрк университетинде котормо- чу бөлүмүндө окуйт. Асель келечекте котормочу болот. Ал жакшы окуйт, англис тилинде эркин сүйлөйт. Азыр түрк тилин үйрөнүп жатат. Анын үй-бүлөсү чоң: апасы, атасы, эки эркек бөбөгү, чоң апасы жана чоң атасы болуп жашашат. Апасынын аты - Жибек. Ал - көз доктур, атасы- нын аты - Болот. Ал - өрт өчүргүч. Улуу иниси 9-класста окуйт, кичүүсү - беш жашта. Чоң ата, чоң энелери эс алууда. Аселдин үй-бүлөсү абдан ынтымактуу.

Менин досум абдан акылдуу, адамгерчиликтүү жана боорукер кыз. Ал мүнөзү жагынан атасын, сырткы кел- бети жагынан апасын тарткан. Аселдин чачы узун жана кара, көздөрү кара, бакырайган.

Ал ар дайым шайыр, чындыкты бетке айтып, калп айткан кишини жаман көрөт. Аны эч качан өзүмчүл деп айтканга болбойт. Колунан келсе, эч нерсесин аябаган, ар дайым жардам бергенге даяр. Мен досум менен сыймык- танам, сыйлайм жана урматтайм. Асель менин эң чыны- гы досум деп айта алам.

Сөздөр

эң жакын - самый близкий

бирге - вместе

окуп - учились

бүттүк - закончили

котормочу - переводчик

эркин - свободно

сүйлөйт - разговаривает

коз доктур - окулист

өрт өчүргүч - пожарник

акылдуу - умный

адамгерчиликтүү - гуманный, человечный

шайыр - веселый

чындык - правда

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Сенин досуң барбы?

  2. Досуңдун аты ким?

  3. Ал кайда окуйт?

  4. Анын мүнөзү кандай?

  5. Досуңдун үй-бүлөсү канча кишиден турат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен жак таандык мүчөлөрдү тапкыла.

  3. Кыргыз тилинде таандык категориясы кандай жол менен уюшулат?

МЕНИН ҮЙҮМ

Менин үйүм борборубуздун Манас проспектисинде жайгашкан. Ал беш кабаттан турат. Мен төртүнчү каба- тында жашайм. Үйүбүз үч бөлмөдөн турат. Тигил менин бөлмөм. Бөлмөм анча чоң эмес. Эшиктин оң жагында күзгү турат. Күзгүнүн ары жагында китеп текчелери бар. Ките- бибиз абдан көп, алардын арасында дүйнөлүк адабият да бар. Сол жакта керебет, анын үстүндө кызыл гүлдүү чоң килем илинип турат, жерде кооз шырдак жатат. Стол бөлмөнүн төр жагында, анда компьютер турат. Терезеси чоң, бөлмө жарык жана таза. Бул бөлмөдө иним экөөбүз сабакка даярданабыз.

Сөздөр

килем - ковер

китеп текче - книжная полка

күзгү - зеркало

даярдоо - готовить

бөлмө - комната

оц жак - правая сторона

илинип турат - висит

шырдак - национальный ковер

төр - уважаемое место в доме

жарык - светлый

дүйнөлүк адабият - мировая литература

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Үйүңөр кайсы көчөдө жайгашкан?

  2. Бөлмөң кандай?

  3. Бөлмөдө эмнелер бар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Көңүл коюп окугула жана которгула.

  2. Заттын ордун билдирген сөздөрдү тапкыла жана ага суроо бергиле.

  3. Тексттен заттын көптүк санын билдирген сөздөрдү жазып чыккыла.

КИТЕПКАНА

Китепкана - бул көптөгөн кабарларды басма түрүндө жыйнаган китептер, гезиттер жана кол жазмалар. Биринчи китепканалар байыркы кездерде Египетте, Сирияда жана Римде ачылган. Россияда биринчи китепкана орто кылым- дагы монастырда уюшулган. Коомдук китепканаларды XIX кылымда Москва университетинин илимий академия- сы ачкан.

Китепканада окушат, жазышат, гезиттерди карап чы- гышат, керектүү материалдарды издешет, көп кызыктуу нерселерди окуп жана ой жүгүртүшөт. Эң белгилүү ки­тепканалар: Лондондо Британ улуттук китепканасы, Ва- шингтондо Конгресс китепканасы жана Россиядагы мам- лекеттик китепкана. Көптөгөн адамдардын өздөрүнүн ки- тепканалары бар. Алар өздөрү жактырган сүйүктүү акын, жазуучулардын китептерин топтошот. Биздин үй-бүлөбүз- дө да китепкана бар. Анда 1000 (миңдей) китеп бар. Мен өзгөчө көркөм адабий чыгармаларды окуганды жакшы көрөм. Менин сүйүктүү жазуучуларым Ч. Айтматов, Ф. Достоевский, Н. Гоголь жана М. Шолохов.

Сөздөр

китепкана - библиотека

басма - издание

жай - помещение (место)

түзүлгөн - образован адабият - литература издөө - искать ойлоо - думать көркөм - художественный

улуттук - национальный

кабар - информация

кол жазма - рукопись

байыркы - древний

илим - наука

угуу - слушать

керек - нужный

акын - поэт

менчик - собственный

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Биринчи китепкана качан, кайсы жерде ачылган?

  2. Коомдук китепкана канчанчы кылымда, кандай шартта ачылган?

  3. Сен жашаган шаарда кандай китепканалар бар?

  4. Өзүңөрдүн китепканаңар жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттин биринчи, экинчи сүйлөмдөрүнө суроо бергиле.

  3. Тексттен бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөрдү тапкыла.

МЕНИН ӨМҮРҮМДӨГҮ СПОРТТУН
МААНИСИ


Жаштарга да, карыларга да спорттун мааниси зор. Спорт менен машыккан адамдын дени сак, шыктуу бо­лот. Спорттун көптөгөн түрлөрү бар: жеңил атлетика, оор атлетика, футбол, волейбол, баскетбол, теннис, бокс жана башкалар. Спорттун ар бир түрү адамдын ден соолугун чыңайт жана шамдагайлыкка машыктырат.

Биздин элибизде көптөгөн атактуу спортсмендер бар. Мен алардын өмүр баянын билүүгө кызыгам. Эгерде алар мелдеште жеңип, же жакшы натыйжа көрсөтсө, мен аб- дан кубанам. Биздин мекенибизде белгилүү дүйнөлүк чем- пиондор бар. Алар: Каныбек Осмоналиев, Орзубек Наза­ров, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана башка­лар. Мен буларды өзүмдүн идеалым деп эсептейм. Алар

биздин Кыргызстаныбызды бүткүл дүйнө жүзүнө тааныт- ты. Менин оюмча алар эр жүрөк жана максатка умтул- ган адамдар.

Мен да жумасына үч жолу спорт менен машыгам. Ме­нин тренерим эрктүүлүккө, кажыбас кайрат жана эмгек- ке үйрөтөт. Ал абдан жакшы адам. Жыл сайын мен респуб- ликалык мелдештерге катышып жүрөм.

Сөздөр

машыгуу - тренироваться

чыңоо - укреплять

шамдагайлык - ловкость

максат - цель

мелдеш - соревнование

атактуу - знаменитый

кызыгам - интересуюсь

дүйнөлүк - мировой

эрк - воля

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Спорттун кандай түрлөрү бар?

  2. Белгилүү спортсмендерден кимдерди билесиңер?

  3. Спорттун кайсы түрү менен машыгасыңар?

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

  1. Айласы кетүү - Быть в безвыходном положении.

Кирерге жер таппоо. Бир перееден аябай корккондук- тан же катуу уялгандыктан эмне кыларын билбей айлаеы кеткен алактаган абалда болуу. (Быть в замешательетве, чуветвовать еебя в неловком положении, чаще от етыда или от етраха).

Алапайын таппоо. Эмне кыларын билбей айлаеы кетүү, шаштыеы кетүү, алдаетоо. (Не зная что предпринять, быть безвыходном положении).

Заманы куурулуу. Аргаеы түгөнүү, айлаеы кетүү, аб- дан кыйын абалда болуу. (Быть в безвыходном, безыеход- ном, трудном положении).

Мойнуна сорпо төгүлүү. Шору катуу, башына кыйын- чылык түшүп, айлаеы кетүү, кыйын абалда болуу. (Быть в бедетвенном, безвыходном положении, иепытывая боль­шие неприятноети).

  1. Ак ниеттүү болуу, бирөөгө кара санабоо, ишенимге ээ болуу - Быть чеетным, верным.

Сокур ийнесине кара санабоо. Эч жаманчылык кыл- боо, зыян келтирбөө. (Не причинять зла, вреда).

Кылдай кара санабоо. Бирөөгө эч качан кенедей жа- мандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. (Не причинять никому никакого зла, вреда, даже в помыелах).

Кылына тийбөө. Эч нереееине тийбөө, эч нереееин ал- боо. (Не притрагиватьея, не брать чужое).

  1. Акыл-эсине келүү, бир нерсеге даана түшүнүү - етановитьея раееудительным, образумитьея.

Коз ачылуу. Бир нерееге ачык, даана түшүнүү, ак-ка- раны ажыратуу, таанып билүү. (Начинать понимать, разбиратьея в чем-либо, етать еведующим во многом).

Акыл токтотуу. Ойлонуу, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылуу. (Обдумать, терпеливо обдумать со всех сторон).

Кабыргага кеңешүү. Ары жак, бери жагын байкаш- тырып абдан ойлонуу, өзүнчө ойлонуп көрүү. (Вниматель­но, сосредоточенно обдумать со всех сторон).

  1. Баалоо, баа берүү - Ценить, оценивать.

Ойротто жок, тецдеши жок, ааламда жок, баа жет- кис, абдан мыкты. (Несравненный, уникум, бесценный. Очень высокоценимый).

Абдан чоң баада болуу. (Дорого стоит, очень высоко ценится).

  1. Көз каранды болуу - Зависеть от кого-либо.

Көзүн кароо. Бирөөнүн жардамына муктаж болуу. (Нуждаться в чьей-либо помощи, быть зависимым).

Күнү түшүү. Бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн көзүнө кароо. (Подчиняться кому-либо, быть зависимым).

Этегине жамынуу. Бирөөнүн аркасы менен бирөөгө сү- йөнүп иш кылуу, күн көрүү. (Жить за счёт кого-то, рабо­тать под чьим-то покровительством).

Оту менен кирип, күлү менен чыгуу. Бирөөнүн кол алдында эч баш көтөрбөй, кыцк этпей, эртеден кечке че- йин тыным албай иштөө. (Быть в полной зависимости от кого-либо, работать, не поднимая голову).

  1. Таарынуу, ыза болуу - Обижаться, выражать обиду.

Чырт дей түшүү. Жактырбаган мүнөздө кыялын тез өзгөртүү, таарына түшүү. (Обидевшись измениться в по­ведении, по отношению к кому-либо).

Кыйт этүү. Таарынып калуу, кичине капа боло түшүү. (Обидеться, расстроиться).

Өпкөсү казандай болуу. Бирөөгө катуу таарынып ка­луу, нааразы болуу. (Очень сильно на кого-либо обидеть­ся, быть не довольным).

Өпкөсү ичине батпоо. Абдан катуу таарынып калуу, өпкөлөй берүү. (Очень сильно обидеться, выражать оби­ду).

  1. Тайманбас, эр жүрөк болуу, чечкиндүү болуу - Быть смелым, бесстрашным, решительным.

Көзүнө карабоо. Тартынбай, тайманбай туурасын бет- ке айтуу. (Смотреть (Глядеть в глаза) в лицо чему).

Көз ирмебөө. Жалтанып койбоо, жазганбай тигиле кароо. (Глазом не моргнет).

Дит багуу. Тике кароо, тайманбоо, каршы туруу. (Не бояться, не уступать, противостоять).

  1. Тынчсыздануу, сарсанаа болуу - Беспокоиться, тре­вожиться.

Жаны жай албоо. Тынч тура албай дайыма бир нерсе- лер менен алек болуу, түйшүктөнүү. (Испытывать беспо­койство, стараясь довести какое-либо дело до конца).

Жүрөгү өйүү - Болеть душой (сердцем). Кандайдыр бир нерседен тынчсызданып, сарсанаа болуу, жүрөкзаада болуу, санааркап, ойлоно берүү.

Жүрөгү түпөйүл болуу - Скребет на душе (На сердце). Кандайдыр бир нерсеге сарсанаа болуу, убайым жеп, жүрөкзаада болуу. (Тревожиться, переживать, волноваться за что-либо).

Ичкени ирим, жегени желим болуу. Бир нерсеге сар­санаа болуп, тынчы кетүү, санааркоо, бушайман болуу. (Беспокоиться, переживать, тревожиться, волноваться за что-либо).

Тогуз толгонуу. Абдан катуу ойлонуу, тынчы кетүү, көңүлү бир жерде болбоо. (Переживать, тревожиться, не находить себе места).

  1. Иши оцолуу - Достичь успехов в делах.

Акыбети кайтуу - Пожинать (Пожать Лавры). Эмге- гинин үзүрүн көрүү, ишенген ишинен баар табуу. (Пользо­ваться плодами своего труда).

Ак жолу ачылуу. Көздөгөн максатына жетүү, иши оңо- луу, жакшылыкка жетишүү. (Достигнуть цели, добиться успеха, благополучия).

Жолу болуу. Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. (Добиться удачи, успеха).

Күнү туу. Бардыгы оюндагысындай, дегениндей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. (Достигнуть ус­пеха в делах, результатов в поставленной цели).

Оц жамбашынан жатуу. Оцдой берди болуп, иши оцу- нан чыгуу, жолу болуу. (Быть удачливым, везучим).

Көктөн издегенин жерден табуу. Көптөн бери самаган иши, ойлогон ою, күткөн нерсеси орундалууга, ишке ашуу- га ыцтайы келе калуу. (Достичь давно задуманного, ожи­даемого результата, добиться успеха).

  1. Ыкласын коюп угуу - Внимательно слушать.

Кулак түрүү. Навострить (Насторожить уши). Кандай- дыр бир нерсени күткөндөй акмалоо, абайлап тыцшоо, кандайдыр бир кабарды угууга даяр туруп, кунт коюп угуу. (Приготовиться с интересом, с напряжением, с на­стороженным вниманием слушать, прислушиваться).

Кулак салуу. Көңүл коюп угуу, тыцшоо, көңүл буруу. (Слушать внимательно, прислушиваться).

  1. Ыйлоо - Плакать.

Боорун жерден албоо. Абдан кайгыруу, капа болуу, өзөлөнүп, өксүп ыйлоо. (Очень сильно переживать, горе­вать, безутешно плакать).

Ботодой боздоо. Сай-сөөктү сыздаткандай абдан катуу кейип, өксүп, буркурап ыйлоо. (Горько, безутешно пла­кать).

Өпкөсү өпкөсүнө батпоо. Солуктап, абдан катуу ый­лоо, энтигип, өзүн токтото албоо, көпкө чейин солуктай берүү. (Очень долго, безутешно плакать).

  1. Эмгектенүү, жетишүү - Трудиться, добиваться тру­дом.

Бел чечпөө. Тыным албоо, тынбай аракет кылуу, та­кай иш үстүндө болуу. (Трудиться, прилагая все усилия, не зная покоя).

Төбөсү менен жер казуу - Землю роет. Өтө оор эмгек кылуу. (Выполнять тяжелый труд).

Жаны жай албоо. Тынч тура албай, дайыма бир нер- селер менен алек болуу, түйшүктөнүү, бир иштин аягына чыгуу үчүн аракеттене берүү, жаны тынбоо. (Не знать по­коя, трудиться беспрестанно, чтобы завершить начатое дело).

Жан талашуу. Жан аябай аракеттенүү, жанын үрөп иштөө. (Действовать, выполнять что-то, работать не жа­лея себя).

Таш талканын чыгаруу. Бүтүрүү, аягына чыгуу, ма- йын чыгара иштөө, мыкты иштөө. (Завершить, хорошо выполнить работу).

Жанын таштап жиберүү. Абдан берилип иштөө, бар- дык күчү менен катуу киришүү, бүт мүмкүнчүлүгүн жум- шап аракет кылуу. (Работать не жалея сил, использовать всю возможность, прилагать старание).

  1. Эскертүү, туюнтуу - Предупреждать, предосте­регать.

Тилицди тарт - Придерживать (Придержать) Попри­держать язык (Язычок). Сөзүндү токтот, сүйлөбө, оозуңа келгенди оттой бербе.

Тили байлануу-буулуу - Прикусить язык.

Жинин кагуу. Эсине келтирүү, мизин кайтаруу, аке- син таанытуу. (Приводить в себя, сбить спесь).

Көзүцө кара! Абайла, байка, этиетте деген мааниде колдонулат. (Употребляется как предостережение об опас­ности).

Эсине келтирүү. Теске салуу, окутуп коюу, тизгинин тартуу. (Поставить на место, проучить).

  1. Маскара болуу, абийири төгүлүү - Опозориться, быть в не ловком положении.

Абийири айрандай төгүлүү. Бедели сынуу, катуу уят болуу, айыбы ачылуу, маскара болуу. (Опозориться, ос­рамиться, быть разоблаченным).

Аягы асманга чыгуу. Бети ачылуу, маскара болуу, ойрону чыгуу. (Опозориться, осромиться).

Бети түгөнүү. Катуу уят болуу, маскара болуу, айласы кетип оңтойсуз абалда калуу. (Испытывать чувство глу­бокого стыда, оказаться в неловком положении).

  1. Жакшы көрүү, ыраазы болуу, өзүнө тартып алуу - любить, быть признательным, влюблять.

Башын тегеретип алуу - Крутить, закрутить голову кому то.

Жандай көрүү. Абдан жакшы көрүү. (Очень любить).

Жүрөгү жибүү. Ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. (Испытывать чувство признательности, любви).

Көзү түшүү. Бирөөнү жакшы көрүп калуу, аны бери- лип сүйүп калуу. (Полюбить кого-либо от всей души).

Көңүл салуу. Каалоо, жактыруу, элжирөө. (Желать, увлекаться).

Эт-жүрөгү эзилүү. Абдан жакшы көрүү, элжирөө. (Любить, умиляться).

16) Уялуу, ардануу, ийменүү - Стыдиться, смушать- ся, стесняться.

Бетинен от чыгуу. Уялуу, абдан катуу уят болуу. (Испытывать чувство глубокого стыда).

Жүзүн ала качуу. Прятать глаза (Взгляд). Уялганы- нан, айбыкканынан адамга тике карай албай жалтактоо. (Избегать смотреть прямо в глаза, в лицо кому-либо от смущения, стыда).
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37


написать администратору сайта