Главная страница
Навигация по странице:

  • (Манастын сөзцнөн)

  • Үчүнчү осуят: Улут ар-намыс жана атуулдук ариет.

  • Төртүнчү осуят: Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакы- бат дөөлөткө умтулуу.

  • Бешинчи осуят: Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.

  • Алтынчы осуят: Табият менен таттуу мамиледе болуу. «Төбөсү бийик көк урсун, Төшү түктүү жер урсун». («Манастан») Жетинчи осуят

  • Кыргыз мамлекеттигин чыңдоо жана аны көздүн ка- региндей сактоо.

  • Манастын чоролору — Чубак менен Сыргак

  • Каныкей Семетейге жерди көрсөтүпарман айтканы

  • Деркембаева Бүбүкан,Черикова Нуржан,Жумалиева Рыскүл ТИЛИМ - МЕНИН ДИЛИМ

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница37 из 37
    1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37

    Биринчи осуят:

    Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү ж.ана бир ж.акадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги.

    «Эч ким бузуп ала албайт, Бирдиктүү элдин калаасын. Ар ким жумшап кул кылат Бирдиксиз элдин баласын».

    («Сейтек», 1960, 173-бет)

    Калкым кыргыз, сен үчүн Курман болуп кетейин.

    (Манастын сөзцнөн)

    Экинчи осуят:

    Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

    Асмандагы жылдыздай Козголушту үч ойрон. А дүйнөлүк ошондо Дос болушту үч ойрон. Ак бөкөндүн кылындай Суурулушуп турушту Ак буудайдын унундай Жуурулушуп турушту.

    («Манастан»)

    Үчүнчү осуят:

    Улут ар-намыс жана атуулдук ариет.

    «Аманат жаным чыкканча, Намыс жолун кубамын.

    Атамдан калган жеримди,

    Алдыртып коюп Кытайга, Аңкайып кантип турамын!»

    (Манастын сөзунөн)

    Төртүнчү осуят:

    Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакы- бат дөөлөткө умтулуу.

    Эгин айдап жай болуп,

    Эсепсиз кыргыз бай болуп ...

    (Саякбайдын «Манасынан»)

    «Кош жылаажын салдырган, Кийсе кыба кандырган Кырк чорого кырк өтүк Кылып койгон мунум бар»

    (Каныкейдин сөзунөн)

    Бешинчи осуят:

    Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.

    «Аты да Манас турбайбы, Заты да Манас турбайбы.

    Өзү да Манас турбайбы, Сөзү да Манас турбайбы.

    (Чубактын сөзунөн)

    Алтынчы осуят:

    Табият менен таттуу мамиледе болуу.

    «Төбөсү бийик көк урсун, Төшү түктүү жер урсун».

    («Манастан»)

    Жетинчи осуят:

    Кыргыз мамлекеттигин чыңдоо жана аны көздүн ка- региндей сактоо.

    «Балам, Манас, кулунум, Кара тоодой кан болгун.

    Кырк уруу кыргыз элине, Касиеттүү жан болгун!

    Эки тизгин, бир чылбыр, Эки колго алыңыз!

    Кабылан оозун бурамын Ажалым жетип өлгүчө Туу түбүндө турамын»

    (Кошойдун сөзунөн)

    МАНАС АТЫНДАГЫ ШААРЛАР

    Кытайда, Испанияда, Норвегияда, Бразилияда, Колум- бияда бар, ал эми Японияда Семетей шаары бар.

    Венгрияда Манас кыштагы, Дагестандын Ленин райо- нунда Манас айылы жана Буйнак районунда Манасаул кыштагы бар. Европа жана Америка материктеринде Манас ысымынын пайда болушуна миссионерлердин ролу өтө зор болгон.

    Индияда ыйык Манас тоосу, Сибирдин жогорку Ир- тышында, Казакстанда, Туркияда Манас жайлоолору, Ал- тайда Манастын Асуу (Ашуу), Кытайда Манастын боз дөбөсү. Каракол мунарасы, Таласта Манастын Кароол-Тоо дөбөсү, Аравияда Мина ойдуңу жана Хира тоосу Манасик аталып, сыйына турган жай болгон. Тибеттен тартып Саян Алтайга чейин созулган тоо кыркасы 20 кылымга чейин Манас деп аталган. Крымда Манас тумшугу, Чыгыш Түркстандагы Манас ойдуңу. Таластын Чаткал тарапта- гы Күйүк -Күркүрөөдөгү «Манас тоо» жана «Манас ашуу» деген жерлер.

    Палестинанын Түндүк Чыгыш тарабындагы Манассия пайгамбардын тукумдары жайгашкан аймак Манассино деп аталат.

    Кытайдын Синь-Цзинь провинциясындагы Манас да- рыясы Индиянын Гималайга жакын жердеги Манас көлү, Индиянын түндүк- батыш тарабындагы Брахмантура атын- дагы дарыянын оң куймасы да Манас деп аталат. Түштүк Сибирдеги Манн көлү Манна, Маныч, Кызыл Манна да- рыялары жана башкалар бар.

    Кыргыздын эпосу - «Манас». Алтайлыктардын, «Алп Манас», уйгур, өзбектердин, «Алпамыш», башкырттар- дын «Алпамыша», ойрот буйраттардын «Мангис» аттуу эпостору бар экендиги бардыгына белгилүү. Индияда да «Манас» дастаны бар. Бирок окуялар «тиги» дүйнөдө өтөт.

    Манас

    Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй. Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен Күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй. Алды калың кара жер Жерлигинен түткөндөй.

    Жакыптын түшү

    Уйкуну бекер уктабай Урматтуу бир түш көргөнүм. Кукулуктап үн чыкса Куштан башка үнү бар. Куйрук-башы жаркылдайт Куудай аппак жүнү бар.

    Айбат менен караса

    Алп кара куш сүрү бар.

    Жыпар менен жуулган Жибектен боону тагыпмын. Алтымыш кулач жибек боо Аягына тагыпмын.

    Ай мунарык, жем кылып Абыдан сыйлап багыпмын. Күмүштөн боо тагыпмын, Күн мунарык жем кылып Күпкөлөп жүрүп багыпмын. Чыйырды (Шакан) - Манастын энеси.

    Тойдон кийин топтолуп Эки жыл тамам өтүптүр.

    Эр Манас бойго бүткөнү Тамам үч ай жетиптир. Байбиченин көңүлү Башкага ооп кетиптир. Өз тамагы эсте жок, Же көрүнүүчү көзгө жок. Бал, шекерге карабайт Башка тамак жарабайт. Жесем деп жолборс жүрөгүн, Мындан башка санабайт. Жетпейт жолборс жүрөгү Жинди болуп байбиче Жеригинен жүдөдү.

    Бакай акылман кол башчы

    Жүз элүү миң кол менен Арбынын алып элинин Ара күндүк жол экен, Челин алып жеринин, Түптөп кечип жол менен

    Түмөн аскер кол менен
    Тууну тууга урдуруп,
    Чаңды обого бурдуруп
    Сурнай кулак тундуруп,
    Күңгөй бойлоп күркүрөп
    Күлдү кыргыз аскери.
    Күйгөн оттой дүркүрөп
    Кызыл айчык туу аштап
    Кыраан Бакай жол баштап,
    Кыргыл баатыр кол баштап,
    Аргымак аттар алкылдап,
    Алтындан кол кап жаркылдап
    Арстан Манас аскери
    Бара турсун шартылдап.

    Каныкей - Каракан кызы Санирабийга, Кан никейи - Каныкей.

    Он алты жарым жашы бар, Олоңдой кара чачы бар,

    Сары алтындан түймөдөй Келишкен кара кашы бар. Боростой кийим кийинип, Ботодой бели ийилип. Чийдей кашы чийилип Жазык маңдай, кара көз Жатык тилдүү, ширин сөз Аркасы кайкы, аркар төш Ай чырайлуу, бото көз, Кызыл жүзү нурданган, Кыпча бели буралган.

    Каныкей — Манастын жары

    Ак сарайдан буралып, Ак маралдай суналып, Ак чүчтө кийип чубалып. Сандыргасы санда жок, Салтанаты жанда жок, Улук бейил анда жок Санирабийга чыгыптыр. Ыргала басып теңселип, Аккуланын дүбүртүн, Алыс жерден угуптур. Атыңыз күлүк экен - деп Кылайып күлүп туруптур. Канжар тийген колуңуз, Каныштан болсун жолуңуз, Каарданбай, төрөм, коюңуз. Катаалдык кылат экен - деп, Бузулбасын оюңуз.

    Баарысын көрүп сабылдым, Аяк болуп турсам да Бактыма төрөм, табылдың!

    Каныкейдин арманы

    «Атпай элдин ардагы, Айланайын Манасым! Алтын бешик тууган жер, Кагылайын Таласым! Өөдө бассам өбөгүм Мүдүрүлсөм жөлөгүм, Төбөмдөгү жылдызым, Баарыңардан айрылдым, Кырк уруу кайран кыргызым! Кектешкен жоого камынган Көк жолборстой чамынган, Айкөлүм сенден айрылдым. Азапка түшүп кайгырдым. Эчкиликтин аскасы Эч адамга билгизбей, Эр төрөм, сага жай кылдым. Коргонсуз калган балама, Арбагың тирүү бар болсо Ар убак, төрөм, кайрылгын!

    Манастын чоролору — Чубак менен Сыргак

    Тууралжын келген бою пас Тулку бою кара таш, Кара калпак кырагы Жанымда карап турсачы Улак кандын Сыргагы Алышса, адамдын алы жетпеген, Арстандын тиши өтпөгөн. Узун бойлуу, кең далы, Келберсип турган кырдалы, Жанымда карап турсачы Эр Балтанын Чубагы.

    Каныкей Семетейге жерди көрсөтүп
    арман айтканы


    Турган жерди көргөндө Кысыр эмди тай союп Тунган жерди көргөндө, Ошондо энең Каныкей Бөдөнөдөй кайран көз Бөлөк-бөлөк жаш кетти. Карагаттай кайран көз Камчы бою жаш кетти. Жерин санап чыркырайт, Энең ыйлап буркурайт. Эртеги түшүп эсине Эндиреп ыйлап Каныкей, Асмандан алданын күнү бүркөлөт. Башына алтымыш санаа бир келет. Жердеген жери көрүнөт, Көзүнөн жашы төгүлөт.

    Көк жал Манас кабылан, Жаңы өлгөндөй көрүнөт. Төрт-Күлдүн төмөн жагына, Төрө Манастын сайган багына, Жаңы келип Каныкей, Жана токтоп турду эми.

    МАЗМУНУ

    ТИЛИМ - МЕНИН ДИЛИМ 1

    СӨЗ БАШЫ 2

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 4

    Кыргыз Республикасы 4

    Сөздөр 4

    Кыргыз Республикасынын борбор шаары — Бишкек 5

    Сөздөр 8

    ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАН 8

    Сөздөр 9

    Кыргыз Республикасынын Конституциясы 10

    Сөздөр 11

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБИ 12

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ 13

    Сөздөр 13

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ 14

    Сөздөр 15

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ 16

    Сөздөр 17

    КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИПЛОМАТИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАР 18

    УЛУТТУК ВАЛЮТА - КЫРГЫЗ СОМУ 20

    Сөздөр 21

    КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ ФИЛАРМОНИЯ 21

    Сөздөр 22

    Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК СҮРӨТ ӨНӨР МУЗЕЙИ 23

    Сөздөр 24

    АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ АТЫНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫ 24

    Сөздөр 25

    КЫРГЫЗ ЦИРК ӨНӨРҮ 25

    Сөздөр 27

    «КЫРГЫЗФИЛЬМ» КИНОСТУДИЯСЫ 27

    Сөздөр 28

    КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ 29

    КЫРГЫЗДАР 29

    Сөздөр 30

    БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН МЕКЕНИ 30

    УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ 33

    Сөздөр 35

    «КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИНИН БИРИНЧИ ЖОЛУ ЭСКЕРИЛИШИ 35

    Сөздөр 36

    УЛУУ КЫРГЫЗ ДЕРЖАВАСЫ 36

    Сөздөр 38

    ээликтери - владения 38

    БАРСБЕК, ЫНАНЧУ АЛП БИЛГЕ - 39

    ЭНЕ -САЙДАГЫ КЫРГЫЗ БАШКАРУУЧУСУ 39

    (УИк. аягы — У111к. башы ) 39

    Сөздөр 41

    ЭЛЧИ ЭРЕН-УЛУГ 42

    Сөздөр 42

    АЛП-СОЛ 43

    ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ 45

    Сөздөр 45

    МУХАММЕД КЫРГЫЗ 46

    Сөздөр 47

    КУБАТ БИЙ 47

    Сөздөр 48

    АТАКЕ БААТЫ1Р 49

    Сөздөр 50

    БОРОМБАЙ БИЙ 51

    Сөздөр 52

    саясатчы - политик 52

    ОРМОН ХАН 53

    Сөздөр 54

    ТАЙЛАК БААТЫ1Р 55

    КУРМАНЖАН ДАТКА 57

    Сөздөр 58

    БАЙТИК БААТЫР 60

    Сөздөр 61

    ТИЛЕКМАТ AKE 61

    Сөздөр 62

    ШАБДАН БААТЫ1Р 63

    Сөздөр 64

    сыймык менен - с гордостью 64

    АКАДЕМИК В.В.БАРТОЛЬДДУН «КЫРГЫЗДАР» ТАРЫХЫЙ ОЧЕРКИ 65

    Сөздөр 66

    1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ 67

    Сөздөр 68

    КЫРГЫЗСТАН 69

    УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТА 69

    Сөздөр 72

    КЫРГЫЗДАРДЫН колдонгон ЖАЗУУЛАРЫ 73

    Сөздөр 75

    УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮК 75

    КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ҮРП-АДАТЫ, КААДА-САЛТЫ 76

    Сөздөр 77

    ТЕМАТИКАЛЫК-ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК 77

    Улуттук үрп-адат, каада-салт 77

    Кыргыз элинин улуттук кийими 78

    Сөздөр 79

    ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК 80

    Улуттук кийимдер 80

    УЛУТТУК ТАМАК-АШ 81

    Сөздөр 82

    ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК 82

    Улуттук тамак-аш 82

    кымыз 85

    Сөздөр 85

    баалуулук - ценность 85

    БОЗ ҮЙ 86

    Сөздөр 87

    ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК 88

    КОМУЗ 89

    Сөздөр 90

    алмурут формасында - в форме груши 90

    ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК 91

    Улуттук музыкалык аспаптар 91

    НООРУЗ МАЙРАМЫ 92

    Сөздөр 93

    КУРМАН АЙТ 93

    ЖАРАМАЗАН 95

    БАЛАНЫН ТӨРӨЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШКАН ҮРП-АДАТТАР ЖАНА КААДА-САЛТТАР 96

    Сөздөр 97

    «ТУШОО КЕСҮҮ» ТОЮ 97

    Сөздөр 98

    «МАНАС» - КЫРГЫЗ РУХУНУН ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫ 99

    «Манас» 99

    Сөздөр 100

    «МАНАС» ЭПОСУНУН АЛГАЧКЫ ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ ЖАНА ЖЫЙНООЧУСУ - 101

    В. В. РАДЛОВ 101

    Сөздөр 102

    ЧОКОН ВАЛИХАНОВ ЖАНА «МАНАС» 103

    Сөздөр 104

    САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ 105

    Сөздөр 106

    САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ 106

    Сөздөр 107

    «МАНАС» ЭПОСУН ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ 108

    Сөздөр 109

    кандай курулат? - как строиться? 109

    «МАНАС» ЭПОСУНУН КӨРҮНҮКТҮҮ ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ - М.О. АУЭЗОВ 110

    Сөздөр 111

    бүткүл дүйнө эли - всемирный народ 111

    «СЕМЕТЕЙ» 111

    Сөздөр 112

    «СЕЙТЕК» 113

    Сөздөр 114

    бийиктик - высота 114

    ТОГОЛОК МОЛДО - «МАНАС» ЭПОСУН ЖЫЙНООЧУ 115

    Сөздөр 115

    МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ 116

    Сөздөр 117

    ата-баба - предки 117

    «МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ АЯЛДАРДЫН САПАТТАРЫНЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ 118

    Сөздөр 119

    «МАНАС» ТОПОНИМИ 120

    Сөздөр 120

    ӨМҮРҮ ӨРНӨК АДАМДАР 121

    ЖУСУП АБДРАХМАНОВ 121

    Сөздөр 124

    бүтүндөй - целый 124

    АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ 124

    Сөздөр 126

    КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ 127

    Сөздөр 129

    ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ 129

    Сөздөр 130

    БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ 132

    Сөздөр 132

    ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВ 133

    Сөздөр 134

    көрүнүктүү - видный 134

    АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ 135

    Сөздөр 136

    ИШЕНААЛЫ АРАБАЕВ 136

    Сөздөр 138

    эбегейсиз - большой 138

    ТӨРӨКУЛ АЙТМАТОВ 138

    Сөздөр 141

    БАЯЛЫ ИСАКЕЕВ 142

    Сөздөр 143

    КОЖОМУРАТ САРЫКУЛАКОВ 144

    Сөздөр 145

    катышуучулар - участники 145

    УРКУЯ САЛИЕВА 145

    Сөздөр 146

    ИСХАК РАЗЗАКОВ 146

    Сөздөр 149

    БИЛИМ - ӨМҮРДӨГҮ ШАМ ЧЫРАК 150

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ 150

    Сөздөр 152

    ЖУСУП БАЛАСАГЫН 153

    КУТ БИЛИМ 155

    Сөздөр 157

    МАХМУД КАШГАРИ 158

    ИСА АХУНБАЕВ 160

    Сөздөр 162

    БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ 162

    Сөздөр 164

    МУСА АДЫШЕВ 165

    Сөздөр 166

    МИРСАИД МИРРАХИМОВ 167

    Сөздөр 168

    ЮДАХИН КОНСТАНТИН КУЗЬМИЧ 169

    Сөздөр 170

    АЛТЫМЫШОВ АРСТАНБЕК АЛЫБАЕВИЧ 171

    Сөздөр 173

    КУСЕИН КАРАСАЕВ 174

    Сөздөр 176

    кичине кезинде - с малых лет 176

    БҮБҮЙНА ОРУЗБАЕВА 177

    Сөздөр 179

    кадрлар бөлүмү - отдел кадров 179

    АДАБИЯТ - ТУРМУШ КҮЗГҮСҮ 180

    АСАН КАЙГЫ 180

    Сөздөр 182

    КАЛИГУЛ БАЙ УУЛУ 182

    Калыгулдун маселдерине токтолсок: 183

    Сөздөр 184

    АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ 185

    Арстанбектин санат ырлары: 186

    Сөздөр 187

    молдо кылыч 187

    Сөздөр 189

    МОЛДО НИЯЗ 190

    Сөздөр 191

    ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ) КӨКӨ УУЛУ 192

    Сөздөр 194

    БАРПЫ АЛЫКУЛОВ 194

    Сөздөр 196

    ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ 197

    Сөздөр 199

    тарбиялаган - воспитывал 199

    ТОГОЛОК молдо 199

    Сөздөр 201

    КУЙРУЧУК 202

    Сөздөр 203

    МИДИН АЛЫБАЕВ 204

    Сөздөр 205

    МОЛДОГАЗЫ ТОКОБАЕВ 206

    Сөздөр 207

    ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ 208

    Сөздөр 210

    РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ 211

    Сөздөр 212

    ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ 213

    АЛЫКУЛ ОСМОНОВ 216

    Сөздөр 219

    ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ 220

    Сөздөр 222

    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ 223

    Сөздөр 226

    ИСКУССТВО - УЛУТ ЖҮЗҮ 228

    МУСА БАЕТОВ 228

    Сөздөр 229

    ЖУМАМҮДҮН ШЕРАЛИЕВ 229

    Сөздөр 230

    АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ 230

    Сөздөр 232

    КАРАМОЛДО ОРОЗОВ 232

    Сөздөр 234

    күңгөй - север 234

    МУРАТААЛЫ КҮРӨҢКӨЕВ 235

    Сөздөр 236

    АТАЙ ОГОНБАЕВ 237

    Сөздөр 238

    БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА 239

    Сөздөр 241

    САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА 241

    Сөздөр 244

    МУРАТБЕК РЫСКУЛОВ 244

    Сөздөр 246

    БАКЕН КЫДЫКЕЕВА 247

    Сөздөр 248

    СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ 249

    Сөздөр 250

    ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВА 251

    Сөздөр 253

    ГАПАР АЙТИЕВ 254

    Сөздөр 256

    СЕМЕН АФАНАСЬЕВИЧ ЧУЙКОВ 256

    Сөздөр 258

    БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВ 260

    Сөздөр 261

    ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ 263

    Сөздөр 264

    КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ОЮНДАРЫ 266

    АТ ЧАБЫШ 266

    Сөздөр 267

    ат чабыш - скачки 267

    АК ЧӨЛМӨК 268

    ООДАРЫШ 270

    Сөздөр 271

    той-тамаша - пир 271

    АК ТЕРЕК 272

    Сөздөр 274

    ТОП ТАШ 274

    Биринчи ыкмалары мындай: 274

    Экинчи ыкмалары мындай: 275

    Үчүнчү ыкмалары: 275

    Сөздөр 276

    СЕЛКИНЧЕК 276

    Сөздөр 277

    КЫЗ КУУМАЙ 277

    Сөздөр 279

    УЛАК ТАРТЫШ 279

    Сөздөр 281

    ТОГУЗ КОРГОЛ 282

    Сөздөр 283

    АРКАН ТАРТЫ1Ш 284

    Сөздөр 285

    КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАТЫЛЫШЫ 286

    ЫСЫК-КӨЛ - КЫРГЫЗ ЖАРАТЫЛЫШЫНЫН БЕРМЕТИ 286

    Сөздөр 287

    САРЫ-ЧЕЛЕК 288

    Сөздөр 289

    СОҢ-КӨЛ 290

    Сөздөр 291

    АРСТАНБАП 292

    Сөздөр 293

    ЖЕТИ-ӨГҮЗ 294

    Сөздөр 294

    түндүк капталы - северный бок 294

    ЧАТЫР-КӨЛ 295

    Сөздөр 295

    АРЧА 296

    Сөздөр 296

    СУУ БАЙЛЫГЫ 297

    Сөздөр 298

    ТУРИЗМ 299

    КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРИЗМ 299

    Сөздөр 299

    Ала-Арча табият паркы 300

    Сөздөр 301

    АЛА-ТОО 302

    Сөздөр 302

    БУРАНА МУНАРАСЫ 303

    Сөздөр 304

    ТАШ-РАБАТ КЕРБЕН САРАЙЫ 304

    Сөздөр 305

    дүйнөдө - в мире 305

    МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ 306

    ӨЗГӨН - ТАРЫХЫЙ-АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКС 308

    Сөздөр 309

    катарлаш - в ряд 309

    САЙМАЛУУ ТАШ СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ 309

    Сөздөр 311

    СУЛАЙМАН ТООСУ 311

    Сөздөр 312

    КАРА-ШОРО ТАБИЯТ ПАРКЫ 313

    Сөздөр 313

    ШАХ-ФАЗИЛ КҮМБӨЗҮ 314

    Сөздөр 315

    ЖАЙЛОО 315

    Сөздөр 316

    АБА ЫРАЙЫ, КЛИМАТ ЖАНА ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ 317

    КЛИМАТ 317

    АБА ЫРАЙЫ 318

    Сөздөр 319

    ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ 319

    Сөздөр 320

    ЖАЗ МЕЗГИЛИ 321

    Сөздөр 322

    ЖАЙ МЕЗГИЛИ 322

    Сөздөр 323

    КҮЗ МЕЗГИЛИ 324

    КЫШ МЕЗГИЛИ 325

    Сөздөр 326

    КҮН МЕЗГИЛДЕРИ 327

    Сөздөр 328

    АПТА МЕЗГИЛДЕРИ 328

    Сөздөр 329

    КЫРГЫЗЧА АЙ АТТАРЫ 331

    Сөздөр 332

    атап келишкен - называли 332

    АЙ ГРАФИГИ 333

    Сөздөр 333

    ЖЫЛ АТТАРЫ 334

    ЖЫЛ СҮРҮҮ 335

    Сөздөр 335

    ЖЫЛ МЕЗГИЛИ ЖАНА АБА ЫРАЙЫНА БАЙЛАНЫШТУУ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ 335

    ӨЗҮМ ЖӨНҮНДӨ 343

    КУСЕЙИН КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ 344

    МЕНИН ӨМҮР БАЯНЫМ 346

    Сөздөр 348

    МЕНИН ИШ КҮНҮМ 348

    Сөздөр 349

    МЕНИН КЕСИБИМ 349

    Сөздөр 350

    МЕНИН ХОББИМ 350

    Сөздөр 351

    МЕН БОШ УБАКТЫМДЫ КАНДАЙ ӨТКӨРӨМ? 352

    Сөздөр 352

    МЕНИН ДОСУМ 353

    Сөздөр 353

    МЕНИН ҮЙҮМ 354

    Сөздөр 354

    КИТЕПКАНА 355

    Сөздөр 355

    МЕНИН ӨМҮРҮМДӨГҮ СПОРТТУН МААНИСИ 356

    Сөздөр 357

    ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР 358

    2)Ак ниеттүү болуу, бирөөгө кара санабоо, ишенимге ээ болуу - Быть чеетным, верным. 358

    КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАКАЛ-ЛАКАПТАРЫ 377

    4.Агасын көрүп, ини өсөт, эжесин көрүп, сицди өсөт. 377

    8.Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт. 377

    14.Айтмайынча ким билет? Ачмайынча ким көрөт? 378

    95.Булак өзүн көлмүн дейт. - Родник мнит себя озе­ром. 382

    98.Бүгүнкүнүн эртецкиси бар. - У сегодня есть завт­ра. 383

    101.Дос сыртыцдан мактар, душман көзүцчө мактар. 383

    110.Дыйкандын түбү — кенч, соодагердин түбү — борч. 383

    БАБАЛАРДЫН АКЫЛ СӨЗДӨРҮ 390

    * * 390

    * * 390

    * * 390

    * * 390

    * * 391

    * * 391

    * * 391

    * * 392

    * * 393

    КЕП САЛАМДАН БАШТАЛАТ 393

    I.«Манас» — кыргыз рухунун ечпес жылдызы 393

    Диалог 394

    Диалог 394

    Диалог 395

    Диалог 395

    II.Кыргызстандын жаратылышы 395

    Диалог 397

    Диалог 397

    Диалог 398

    Диалог 398

    III.Туризм 399

    Диалог 399

    Диалог 400

    Диалог 401

    Диалог 401

    Диалог 401

    IV.Аба ырайы жана климат 402

    Диалог 402

    Диалог 403

    Диалог 403

    Диалог 404

    V.Жыл мезгилдери 404

    Диалог 405

    Диалог 405

    Диалог 405

    Кирүүгө же чыгууга кантип уруксат алуу керек? 407

    Диалог 407

    Диалог 408

    Диалог 408

    Ашканада 409

    Канатбек котормочу 409

    Менин бош убактым 410

    Чач тарачта 410

    Эмканада 411

    Диалог 411

    Диалог 412

    Диалог 412

    (Телефон аркылуу сүйлөшүү) 412

    Диалог 413

    Бизге белгисиз адам, предмет, түшүнүк жөнүндө кантип сурашыбыз керек? 413

    Бизге ким жагат? 413

    Диалог 414

    Үй-бүлөмдүн альбому. 414

    Адамдын ой-пикири жөнүндө кантип сураш керек? Өзүңдүн ой-пикириңди кантип айтасың? 414

    Диалог 415

    Күнөстүү Кыргызстан 415

    Таанышуу 416

    Сиздин үй-бүлөңүз менен таанышуу 417

    Бул кайсы окуу жайы 417

    Сенин сүйгөн акының 418

    Убакытты туура пайдалануу 418

    Келечек жөнүндө пикир алышалы 419

    Сүйлөшүү түйүнү 419

    Почтада 419

    Дарыкана кайда жайгашкан? 420

    Китепканада 421

    Чет элдик меймандар менен аңгемелешүү 422

    * * 422

    * * 422

    Вокзал кайда? Бул троллейбус кайда барат? 422

    * * 422

    * * 422

    * * 422

    Бейтааныш адам 423

    * * 423

    Тынчыңарды алганым үчүн кечиресиз? 423

    * * 423

    * * 423

    Убакыт канча болду? 424

    * * 424

    Университетте 424

    Тоого баруу 424

    * * 424

    * * 425

    * * 425

    Ден соолук сурашуу 425

    * * 426

    * * 426

    Почтада 427

    * * 427

    * * 427

    * * 427

    Бош убакытта 427

    * * 427

    * * * 428

    Баарлашуу 428

    Кафеде 428

    * * * 429

    Ашканада 429

    Сиз спортко кызыгасызбы? 429

    * * * 429

    Оптикада 430

    Жайкы каникул 430

    ӨЗ АЛДЫНЧА ОКУУ 431

    МАНАСТЫН ЖЕТИ ОСУЯТЫ 431

    Экинчи осуят: 431

    Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык. 431

    Үчүнчү осуят: 431

    Улут ар-намыс жана атуулдук ариет. 431

    Бешинчи осуят: 432

    Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк. 432

    МАНАС АТЫНДАГЫ ШААРЛАР 432

    Манас 433

    Жакыптын түшү 433

    Бакай акылман кол башчы 434

    Каныкей — Манастын жары 435

    Каныкейдин арманы 435

    Манастын чоролору — Чубак менен Сыргак 436

    Каныкей Семетейге жерди көрсөтүп арман айтканы 436

    МАЗМУНУ 437

    Деркембаева Бүбүкан, Черикова Нуржан, Жумалиева Рыскүл 455

    ТИЛИМ - МЕНИН ДИЛИМ 455

    Окуу куралы

    Деркембаева Бүбүкан,
    Черикова Нуржан,
    Жумалиева Рыскүл


    ТИЛИМ - МЕНИН ДИЛИМ

    Жогорку окуу жайларынын студенттери учун

    Редактору Ж. Тецирбергенова
    Сүрөтчүсү М. Кадыров

    Компьютерре терип, калыпка салган Г. Ниязалиева

    Терүүгө 17. 08. 2010-ж. берилди.

    Басууга 12.10.2010-ж. кол коюлду.

    Кагаздын форматы 60х841/16. Көлөмү 29,5 б.т.

    Заказ № . Тиражы 1000.

    «Бийиктик» басмасы

    Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көчөсү, 170 «А»
    тел.: 66-17-25, 62-02-13
    1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37


    написать администратору сайта