Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница2 из 37
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37

Сөздөр

кабыл алынган - был принят

тартылган - отражены

ак мөңгүлүү тообуз - наши белоснежные горы с лед­никами

нурун чачып - разливающие лучи солнце

пахта - хлопок

буудай - пшеница

дыйканчылык - земледельчество

канаты - крылья

Ак шумкар - белый сокол

биримдик - единство

чыңдоо - укрепление

Тексттен кийинки тапашырма.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Герби качан ка­был алынган?

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гербинин авторло- ру кимдер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Жаңы сөздөрдү пайдаланып сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни - рес- публиканын расмий символу болгон салтанаттуу ыры. Ал 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган. Анын сөзүн кыргыз Эл акыны Ж.Сады- ков менен Ш. Кулиев жазса, музыкасын композиторлор К. Молдобасанов менен Н. Давлесовдор иштеп чыккан.

Гимнде кыргыз элинин байыртадан бери жашап, кы- лымдарды карытып келген тарыхый жолу жана анын бе- делинде калыптанып бекиген биримдик, достук, ынтымак чагылдырылат. Элдин азаттыгы, эркиндиги, үмүт-тиле- гинин аткарылышы, бизге жеткен ата салтынын, мурас- тардын кийинки урпактарга берилиши даңазаланган.

Сөздөр

салтанаттуу - торжественный

жыйын - собрание

кабыл алынган - был принят

эл акыны - народный поэт

байыртадан - с древних времен

кылым - век

тарыхый жолу - исторический путь

биримдик - единство

достук - дружба

азаттык - свобода

үмүт-тилек - мечта

салт - традиция

урпак - поколение

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнинин текстин жаттап келгиле.

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнинин автор- лору кимдер?

  3. Гимн качан кабыл алынган?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги этиш сөздөрдү көчүрүп жазып, чак категория- сын тактагыла.

  3. Айрым этиш сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ


Улуттук мамлекеттик атрибуттардын (желек, герб жана башкалар) калыптанышы тарыхый өнүгүүнүн узак жолун басып өткөн.

XI-XII кылымдарда Эне-Сайдагы жана Борбордук Азиядагы кыргыз мамлекетинин жашап турган мезгилинде туулары болгон. Алардын формасы, түсү жана колдону- лушу жазма булактарда, сүрөттөрдө чагылдырылган.

Кыргыз тууларынын түсү да өзгөчө символикага ээ болгон. Кытай жылнаамасында кыргыздардын туулары жана байрактары кызыл түстө, ал эми X кылымдагы му- сулман тарыхчысы Абу Дулефтин эмгегинде жашыл түстө экендиги айтылат. Туу кыргыздарда ар кандай шарттар- да түрдүүчө колдонулган жана ыйык катары сакталган.

Ар бир мамлекеттин Туусу, Герби жана Гимни болот. Биздин мамлекеттик Туубуз 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Туунун авторлору - илимпоз Сабыр Иптаров, сүрөтчүлөр Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, архи- текторлор Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.

Туунун түсү эмне үчүн кызыл деп ойлодуңуз беле? Анын себеби мындайча: байыркы заманда кыргыздардын ар бир уруусу, ханы өз желегин көтөрүп, алар көк, Кы­зыл, ак түстөрдө болгон. Ал эми Манас бабабыз өзүнүн ата-бабаларынан мурас калган кызыл тууну алып жүргөнү эпосто бир нече ирет айтылат. Ошондуктан, биздин азыр- кы туубуз дагы кызыл түстө.

Туулардын негизги белгилери - боз үйдүн түндүгү жана Күн. Тууга түндүктүн сүрөтүн түшүрүүнүн себеби мындай: түндүк - адам жашоосунун, үй-бүлөнүн, ынты- мактын, элибиздин көчмөндүү тарыхынын символу.

Боз үйдүн түндүгү айлана түрүндө. Ал чексиздикти, үзүлбөгөн өмүрдү билдирет. Ал эми түндүктүн кайчылаш- кан чамгарактары үч кылдуу комуздун элесин берип, дүйнөнүн төрт тарабын эриш-аркак туташтырып турган- дай сезилет.

Туудагы экинчи белги - алтын нурун чачыраткан улуу Күн. Башка элдерге Кыргызстан күнөстүү өлкө катары белгилүү эмеспи. Кыргыз оюусунун элесин берген кырк нур күндөн тегиз чачырап турат. Кырк деген сан аркылуу элибиздин аты жана биздин куралган кырк уруунун сим­волу туюнтулат.

Ошентип, тууда күн менен боз үйдүн түндүгү айкалы- шып, алыстан нур чачкан күн түндүктү элестетет.

Сөздөр

тарыхый өнүгүү - историческое развитие

улуттук - национальный

чагылдырылган - отражён

туу - флаг

түс - цвет

кабыл алынган - был принят

илимпоз - ученый

сүрөтчү - художник

белги - знак

негизги - основной

туташтырат - соединяет

нур - луч

күнөстүү - солнечный

кыргыз оюусу - кыргызский орнамент айкалышат - сочетается

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Байыркы Кыргыз мамлекетинин туулары кандай болгон?

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу качан ка- был алынган жана авторлору кимдер?

  3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусундагы белги- лер эмнени түшүндүрөт?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, лексикалык жана грамма- тикалык маанисин түшүндүргүлө.

  2. Жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  3. Жаңы сөздөрдүн синоним сөздөрүн аныктагыла.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ


Мамлекеттик тил - ар кандай мамлекетке калктын улуттук курамын эске алуунун негизинде иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, мектептерде окутууда, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, басма сөздө жана башка коомдук иштеринде колдонулуучу тил.

Демократиялык мамлекеттерде мамлекеттик тил баш­ка улуттук тилдердин өнүгүшүнө тоскоолдук кылбайт, эч бир улут өз тилин башка элдердин өкүлдөрүнө таңуулоо- боосу мыйзамда белгиленет. Кайра куруу доорунда мурун- ку СССРдин бир катар Союздук республикаларында мам­лекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Республи- канын ысымын алып жүргөн жергиликтүү элдин тили ошол республикада мамлекеттик тил катары таанылды. Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясын- да «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили» жөнүндө мый­зам кабыл алынган. Бул мыйзамда Кыргыз ССРинин ай- магында кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдо-

нулары, ошондой эле СССР элдеринин улуттар аралык бай- ланышуу тили болуп орус тили колдонулары белгилен- ген. Бул кабыл алган мыйзамды, Кыргыз ССРинин Жо­горку Советинин «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө токтому, ошондой эле Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1989-жылдын 27-октябрындагы №288 токто- мунун негизинде 1990-жылдын 3-мартында элге билим берүү министрлиги жалпы билим берүү тармагында мам­лекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды иш жүзүнө ашыруу үчүн коллегиянын № 21 чечими менен иш пландарын бе- киткен.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматов: «Эне тилди сактап, аны кастарлабаган эл - эл болуп, узап кете албайт» - деп таамай айткандай, эне тилди көздүн каре- гиндей сактоо, аны кадырлап-барктоо ар бир кыргыз жа- рандарынын Ата Журт, Мекен алдындагы парзы.

Сөздөр

иш кагаздары - деловые бумаги

сот иштери - судебные дела

калк - население

тейлөө - обслуживать

коомдук иштер - общественные работы

улут - нация

өкүл - представитель

мурунку - бывший

мыйзам - закон

улут аралык - межнациональный белгиленген - указан токтом - постановление

негизинде - на основе

улуу жазуучу - великий писатель

сактоо - сохранить

ыйык парз - священный долг

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзам качан кабыл алынган?

  2. Мамлекеттик тил деген эмне?

  3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө ай- тып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги саясий лексиканы көчүрүп жазып, өздөштүргүлө.

  2. Тексттеги татаал сөздөрдү жазып, талдагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИПЛОМАТИЯЛЫК
БАЙЛАНЫШТАР


Тышкы саясаттын негизги максаты Кыргызстандын көз каранды эместигин жана эгемендүүлүгүн чыңдоо, са- ясий-дипломатиялык каражаттар менен улуттук коопсуз- дукту камсыз кылуу, ички саясий жана социалдык-эконо- микалык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү үчүн ыңгайлуу тыш­кы шарттарды түзүү болуп эсептелет.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүү өлкө деп жарыялангандан кийин гана аны дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттер таанып биле башташкан.

Соңку он тогуз жыл аралыгында Кыргызстандын көз карандысыздыгын 135 мамлекет тааныган. Алардын 96сы менен дипломатиялык байланыштар түзүлгөн. Бишкекте 20 га жакын чет өлкөнүн элчиликтери менен өкүлчүлүктөрү ачылды. 1992-жылы 1-февралда Бишкек шаарында би- ринчи болуп АКШнын элчилиги ачылып, 28-мартта Түр- киянын, көп узабай Кытайдын, Россиянын, Германиянын элчиликтери ачылган.

Дүйнөдөгү 20 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери, өкүлчүлүктөрү иштеп жатат. 1992-жылы 2-мартта Кыр­гызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчөлүккө БУУ- нун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында бир добуш- тан кабыл алынган. Ушул эле жылы Кыргызстан ЮНЕС- КОго мүчө болду. Дүйнөлүк маданий мурастардын өнү- гүшү үчүн кам көргөн бул уюм Кыргызстандын маданий, илим-билим жагындагы өнүгүшүнө чоң колдоо көрсөтүп, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси ушул уюмдун колдоосу астында өтүп, 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатында да ар тараптан жардам берди. Учурда Кыргызстан 40тан ашуун дүйнөлүк жана эл аралык уюмдардын мүчөсү. Бишкекте эл аралык валюта фонду, дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы ж.б. эл аралык каржы уюмдарынын мекемелери бар. 1998- жылы күзүндө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.

1991-жылы 21-декабрда мурдагы советтик республи- калардын он бири көз карандысыз Мамлекеттер Шерик- тештигин (КМШны) түзүштү. Ага Кыргызстан да кирди. КМШга кирген мамлекеттердин чек аралары бөлүнгүс жа­на кол тийгис экени жарыяланды. Ошондой эле алар бири- бири менен тең укуктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашышты.

Борбордук Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүктү сактоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн 1996- жылы Шанхай шаарында Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчылары биргелешип түз- гөн «Шанхай бешилтиги» жемиштүү иштеп, 2001-жылы 14-15-июнда Шанхайда өткөн юбилейлик жыйында Өз- бекстан кабыл алынып, ал дагы тең укуктуу мүчө болуп калды. Ушул жыйындан кийин «Шанхай бешилтиги» Шан­хай кызматташуу уюму деп аталды. Кыргызстан үчүн тышкы саясат, глобалдуу жана региондук дипломатия, жамааттык коопсуздук, коргонуу жана чек араны кор- гоо, КМШнын жаңжалдуу жерлеринде тынчтык орнотуу акциялары, миграциялык саясат, баңги заттары менен курал-жаракты мыйзамсыз соодалоого каршы иш жүзүн- дөгү кадамдарды макулдашуу жагында «Шанхай кызмат- таштык уюмунун» алкагында тыгыз эриш-аркак аракет- тенүүнүн мааниси зор.

КМШ өлкөлөрү менен да, Батыш жана Чыгыш мам- лекеттери менен да эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн мааниси чоң. «Шанхай кызматташтык уюму», КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим, Евразиялык экономикалык шериктештик алкагында Рос­сия менен мамлекеттер аралык кызматташтык өз ара кызыкчылыктар айкалышкан өзгөчө чөйрө болуп эсепте- лет.

Кыргызстан бирдиктүү экономикалык интеграциялык мейкиндик түзүү максатында өз ара түшүнүүнүн, өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде региондун өлкө- лөрү менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чың- доого бардык күч-аракетин жумшоодо.

Сөздөр тышкы саясат - внешняя политика максат - цель чыцдоо - укрепить коопсуздук - безопасность камсыз кылуу - обеспечить шарт - условие бүт дүйнө жүзү - весь мир дипломатиялык байланыштар - дипломатические от­ношения элчилик - посольство өкүлчүлүк - представительство

Бириккен Улуттар Уюму - Организация Объединён­ных наций

бир добуштан - единогласно эл аралык - международный өнүктүрүү - развитие дүйнөлүк - всемирный дүйнөлүк соода уюму - ВТО(всемирная торговая орга­низация)

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасы ООНдун мүчөлүгүнө качан кирген?

  2. Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода уюмуна качан кир­ген?

  3. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык байланыштары жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги саясий лексиканы көчүрүп жазып, чечмелегиле.

  3. Саясий-экономикалык лексиканын жардамы менен сүй- лөмдөрдү түзгүлө.

УЛУТТУК ВАЛЮТА - КЫРГЫЗ СОМУ

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация өлкөнүн тарыхынын жацы баракта- рын ачты. Ал баарынан мурда «Кыргыз Республикасы- нын көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын», жацы Конституциянын, мамлекеттик символикалар - Гербдин, Гимндин, Желектин кабыл алынышы жана улуттук ва­люта - сомдун киргизилиши жөнүндөгү документтер Рес- публиканын саясий жана экономикалык системасын кай­ра түзүү үчүн иштелип чыкты.

Улуттук валютабыз сом атайын эц жогорку стандарт- тарга ылайык банкноттук кагаздан жасалган. Пахта бу- ласы кошулуп, өзгөчө технология менен жасалган банк- ноттор жыртылганга чейин бүктөп, бурдап кармасацыз да чыдайт. Банкнот чыгарууда колдонулган боёк да өзгөчө касиетке ээ. Мисалы, банкноттогу боёк 20 чакты ар түрдүү жуучу порошок, жаман сууларга жууса да өчпөйт. Мына ушундай өзгөчө бышык касиетке ээ болгон сомду жүгүртүү этабында көп жашашы үчүн ага аяр мамиле жасашыбыз керек.

Сом 1993-жылдын 10-майынан тарта жүгүртүүгө чык- кан. Жалпысынан алганда улуттук валюталардын ичи- нен сомдун кадыры бар. Демек, сом - Кыргызстандын жарык жүзү. Учурда 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 5000 номиналындагы банкноттор жүгүртүлүүдө.

Ар кандай себептерден улам банкноттор жараксыз болуп калат. Мындай учурда эгерде банкноттун аянты- нын 80% сакталып калган болсо, аны республикабыздын коммерциялык банктардын бардык мекемесинен бекер алмаштыра аласыздар.

Сөздөр

өлкөнүн тарыхы - история страны

ачты - открыл

жацы барактары - новые страницы

желек - флаг

улуттук валюта - национальная валюта

киргизилген - введён

саясий система - политическая система

эц жогорку - высший

касиет - свойство

акча жүгүртүү - денежное обращение аяр мамиле - бережное отношение жарык жүзү - светлое лицо учурда - в данное время жараксыз - негодный бекер - бесплатно

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасында улуттук валюта - сом качан кир­гизилген?

  2. Кыргыз Республикасынын экономикалык системасындагы сомдун ролу?

  3. Улуттук валютабыз - сом жөнүндө айтып бергиле?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, которгула.

  2. Жөндөмө мүчөлөр менен бүткөн сөздөрдү таап, түшүн- дүргүлө.

  3. Жаңы сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТОКТОГУЛ
САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ ФИЛАРМОНИЯ


Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы фи­лармония архитектуралык формасы боюнча шаарыбыздын эң кооз имараттарынын бири. Ал Чүй проспектисинде жай- гашкан. 1936-жылы май айында кыргыз музыкалык дра­ма театрында П.Ф. Шубиндин жетекчилиги астында эл ас- паптар оркестри уюшулган. Бул эл аспаптар оркестри 16 кишиден турган. Адар комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, К. Орозов, М. Мусулманкулов, акындар К. Акыев, О. Бөлө- балаев, куудулдар Ш. Термечиков, темир комузчу А. Бай- батыров, ырчылар М. Баетов, А. Огонбаев, музыканттар Ш. Орозов, Ш. Аралбаев жана башкалар. Ошол эле жылы октябрь айында концерт тобу түзүлгөн. Ал эми декабрь айында биринчи республикалык кароонун жеңүүчүлөрү ме- нен толукталат. Ошентип, Кыргыз мамлекеттик филармо- ниясы негизделген. Анын алгачкы тобу 41 кишиден тур­ган. Аларды элдик ырчылар, комузчулар ансамбли, эр- кектердин вокалдык квартети, дунган ансамбли, кыл кы- якчылар ансамбли жана башкалар түзгөн. Кыргыз мамле­кеттик филармониясынын жаңы имараты 1981-жылы ку- рулган. Филармониянын алдында «Манас» аттуу архитек- туралык-скульптуралык композиция орнотулган. Компо- зициянын авторлору - Т. Садыков жана А. Печенкин.

Сөздөр

эл аспаптар оркестри - оркестр народных инструментов уюшулган - организован комузчу - комузист

кыл кыякчы - музыкант, который играет на кыл кыяке акындар - акыны куудулдар - юмористы, сатирики кароо - смотр жеңүүчү - победитель толукталат - пополняется ошентип - итак

негизделген - основан алгачкы - впервые обончу - мелодист куудулдар - юмористы

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Мамлекеттик филармония качан негизделген?

  2. Кыргыз Мамлекеттик филармониянын жаңы имараты ка­чан курулган?

  3. Филармониянын жанында кандай архитектуралык компо­зиция бар?

  4. Бул композициянын авторлору кимдер?
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37


написать администратору сайта