Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница8 из 37
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   37
ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Боз үй - юрта.

Ак өргө - богатая юрта.

Ала бакан - сучковатый шест, служащий вешалкой в юрте.

Бакан - шест, которым поднимают кошмы и верхнюю часть остова юрты.

Боо - веревка, завязка, шнурок :

Эшик боо - веревка для привязывания двери юрты, Үзүк боо - веревка для привязывания үзүка

Жел боо - две веревки, идущие от түндүка, вниз и служащие для укрепления юрты во время ветра,

Баш боо - четыре веревки которым прикрепляется к түндүкү, кереге и кырчоо,

Орто боо - четыре веревки идущие в юрте ниже баш боо,

Этек боо - веревки идущие от төркү үзүк к переду юрты,

Туурдук боо - веревки, которым прикрепляется туур- дук.

Босого - порог, дверная рама.

Жабыкбаш - 1. вся линия соединение кереге с ууком.

  1. впадина, образуемая загибом туурдука и үзүка в юрте, используемая для хранения всякого рода мелких домаш­них вещей.

Жүн - шерсть.

Жүндөн токулган - вязанный из шерсти.

Канат - полотнище кереге (алты канат ак өргө - бе­лая юрта с кереге в шесть полотнищ).

Канат чий - загородка вокруг решетки юрты из ци­новки, сделанной из чия.

Кереге - деревянная решетка цилиндрической части юрты.

Кереге чалгыч - тесьма проходящая по верхней час­ти.

Кийиз - войлок, кошма.

Коломто - место в юрте, где разводится огонь очаг в юрте для приготавления пищи.

Кыл - волос хвоста, гривы.

Кырчоо - веревка которой опоясана юрта снаружи (проходит по середине кереге).

Өргө - свадебная юрта, юрта для новобрачных.

Саканак - 1.Короткие палочки кереге (их по четыре в каждом канате); 2. палочки из которых состоит кереге.

Тулку - остов (юрты).

Туурдук - (часть юрты) кошмы (их четыре) которыми покрывается кереге; босого туурдук - два передних туур- дука;

Төркү туурдук - два задних туурдука.

Туурдук кала - укрепляет туурдук при установке юрты.

Түндүк - верхний деревянный круг остова юрты, дер­жащийся на верхних концах ууков.

Түндүктүн көзү - отверстия в түндүке в которые встав­ляются верхние концы ууков.

Түндүк жабуу или түндүк - кусок войлока, служащий для закрывания түндүка.

Уук - унина (жердь купола юрты).

Ууктун алаканы - плоская (нижняя) часть унины, уук- тун учу верхний конец унины; ууктун билеги наружная сторона низа унины.

Үзүк - (часть юрты) кошмы их две, идущие между туурдуком и түндүком и завершающие деревянный остов юрты.

Чыгдан - загородка из чия в женской половине юрты; за которой хранятся кухонные принадлежности и продо­вольственные запасы.

Чий - циновка из чия.

Эшик боо - веревка для привязывание двери юрты.

Эшик чий - дверное полотнище из чия.

Эшик тыш - кошма, с наружной стороны покрываю­щая эшик чий.

Эпчи жак - женская половина юрты (правая сторона от входа).

Эр жак - мужская половина юрты (левая сторона от входа).

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги зат атооч сөздөрдү жазып, таандык категориясы боюнча жактагыла.

  2. Жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  3. Этнографиялык сөздөрдүн маанисин чечмелеп, өздөштүргүлө.

КОМУЗ

Комуз - кыргыз элинин музыкалык аспабы. Комуз - эц байыркы музыкалык аспап. Ал жыгачтан жасалат. Комуз өрүктөн, алмуруттан, карагайдан, алчадан жаса­лат. Ал алмурут формасында чабылат жана моюну ичке- рип кетет. Жалбырактары күбүлүп, мөмөсү бышкан кез- де жыгачты кыйышат. Аны сууга кайнатышат жана ыш- ташат. Ошондо комуз бек жана добуштуу болот. Комуз- дун узундугу 75 см болот. Комуз: баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт. Комуздун кылы койдун ичегисинен жасалат.

Залкар комузчулар кылды добушуна жараша ото кылдаттык менен тандашкан. Кээде бир койдун ичегиси­нен бир кыл гана жасалган. 30-жылдары эл аспаптар ор- кестри үчүн комуздун беш түрү жасалган. Алар: комуз- пиккало, комуз-прима, комуз-альт, комуз-тенор, комуз- бас. Азыр Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар орке- стринде комуздун торт түрү бар: комуз-прима, комуз-се- кунда, комуз-альт, комуз-бас. Комузда күүлөр чертилет жана оркестрде ойнолот. Комуз менен ырдашат.

Сөздөр

алмурут формасында - в форме груши

аспап - инструмент

кайнатат - кипятят

ыштайт - коптят

добуштуу - звонкий

баш - головка

моюн - шея

тулку - тело

капкак - крышка

койдун ичегиси - кишка баранина

күүлөр чертилет - играются мелодии

өрүк - урюк

арча - можжевельник

карагай - ель

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Комуз эмнеден жасалат?

  2. Комуздун кандай түрлөрү бар?

  3. Кыргыз элинин белгилүү комузчуларынан кимдерди биле- сиңер?

ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Улуттук музыкалык аспаптар

Аса-муса - 1. музыкальный инструмент в виде рам­ной погремушки, в которой самозвучащие тела укрепле­ны на раме и ударяются о нее; 2. Посох из абелии, посох с погремушками.

Балтыркан чоор - музыкальный инструмент в виде продольной открытой флейты, с четырьмя игровыми от­верстиями.

Дилдирек - музыкальный инструмент состоящий из двух соударяемых пластинок приводимых в колебание ес­тественными воздушными потоками.

Добулбас - (фонет. вар. - доолбаш, доол, доолбас) не­большой барабан с одним дном, обтянутый верблюжьей кожей (употребляется при соколиной охоте и в походах).

Керней - муз. инструмент в виде продольной прямой большой медной трубы.

Комуз - трехструнный тамбуровидный щипковый му­зыкальный инструмент.

Кыяк - (кыл кыяк) - двухструнный смычковый инст­румент типа к скрипки; дека обычно делается из верблю­жьей кожи; не прикладывается к плечу, а ставится верти­кально на пол, на землю.

Сурнай - зурна ( духовой инструмент типа флейты, раньше у кыргызов употреблялся в военных походах).

Сыбызгы - поперечная флейта с игровыми отверстия­ми.

Темир комуз - (ооз комуз) - муз. инструмент прикла­дываемый ко рту.

Чоор - дуда; постушья свирель, жалейка, (из пустоте­лого стебля).

Чогойно чоор - продольная открытая флейта без иг­ровых отверстий.

Чопо чоор - глиняная шаровая флейта.

Шалдырак - встряхиваемая стержневая погремушка.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  2. Сүйлөмдөгү баш мүчөлөрдү тапкыла.

  3. Баш мүчөлөрдүн милдетин аткарган сөздөрдү аныктагыла.

НООРУЗ МАЙРАМЫ

Нооруз байыркы чыгыш элдерине, алардын ичинде кыргыздарда кеңири белгилене турган майрам. Нооруз - элдик эсеп боюнча жаңы жылдын келиши. Бул мезгил күн менен түндүн теңелишине туура келет (19-21-март). Муну кыргыздар Нооруз «Жыл ажыраш» деп атап, жал- пы майрамдашкан. «Жыл ажыраш» келип чыгышы боюн- ча байыркы чыгыш элдеринин дыйканчылыгына түздөн- түз байланыштуу. Бул мезгилде жаратылыш жанданып, алгачкы соко жумуштары башталат. Төмөндөгүдөй мүнөздүү белгилерге ээ. Биринчиден, «Жыл ажырашар» мезгилге бир нече күн калганда буудайды, арпаны өндүрүп, эртеси жыл ажырайт деген күнү казанга салып, сүт, эт кошуп таң атканча бышырышкан. Даярдалган тамакты «көп көжө», «чоң көжө», «нооруздама» деп аташкан. Мын- дай тамакты айыл ичи чогуу бышырышкан. Тамак даяр- далганга чейин ар кандай оюн-зоокторду өткөрүшкөн. Кыргызстандын түштүгүндө өндүрүлгөн буудайга жети түрдүү азык, май, өрүк, мейиз, жаңгак ж.б кошуп кайна- тып, «сүмөлөк» деп аталган майрамдык тамак даярдаш- кан. Экинчиден, бардык жерде от жагышып, анын үстүнөн чоң кичине дебестен аттап секиришип, малды алардын ортосунан айдап өтүшкөн. Үй ичин, короону, бак-шактар- ды арча, чекендинин бүрүн күйгүзүшүп аласташкан.

Алас, алас, алас Ар балээден калас, Эски жыл кетти, Жаңы жыл келди Жакшылык келди.

Отту тазартуучу элемент катары кабыл алышкан. Үчүнчүдөн, бул күндөрү бардыгы жаңы кийимдерди кийи- шип, кооздуктарды тагынышкан. Ошондой эле жаңырган жылда мал-жандын, эл-журттун аман-эсен, тынч, кыр- сыктан тышкары жана эгиндин берекелүү болушун ти- лешкен.

Нооруз жаркыраган жаздын, күжүрмөн эмгектин, жакшы тилек-үмүттүн, биримдүүлүктүн майрамы. Бул күнү дасторкон миң түркүн таттуу, даамдуу, тамактарга толот. Бул майрамды эл чыдамсыздык менен күтүшөт. Нооруз майрамы 21-март күнү белгиленет . Бул күнү адам- дар бири-биринин таарынычтарын кечиришкен.

Сөздөр

байыркы чыгыш элдеринде - у древне- восточных на­родов

кецири белгилене турган - широко отмечаемый теңешкен күн - равноденствие

белгиленет - отмечается, празднует

бара-бара - постепенно

өтөт - передаётся

таарынычтар - обиды

кечиришкен - прощали биримдүүлүк - единство чыдамсыздык менен - с нетерпением тилек-үмүт - мечта

Тексттен кийинки тапшырма

  1. Нооруз деген сөз эмнени түшүндүрөт?

  2. Нооруз жылдын кайсы мезгилинде кандай майрамдалат?

  3. Ноорузда кандай тамактар жасалат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, сөздүн курамы боюнча морфологиялык талдоо жүргүзгүлө.

  2. Жаңы сөздөрдөгү муундун түрлөрүн мүнөздөгүлө.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КУРМАН АЙТ

Курман айт орозо айттан кийин болот. Курман айтта ар бир үй мүмкүнчүлүгүнө жараша курмандык чалышы керек. Ошентип 7 киши 1 төөнү, 3 киши 1 уйду, жеке адам 1 койду курмандыкка чалган. Алар жер-сууга, тоо- ташка сыйынышкан. Касиеттүү Алла Тааладан жардам сурашкан жана жамгырды тилешкен. Алла Таала адам- дардын өтүнүчүн кабыл тутуп, жамгыр жаачу экен. Жам- гырдан жер көгөрүп, кампа данга толгон. Элдин курсагы тойгон. Курман айт байыркы арабдардан тараптыр. Айт күнү динге ишенгендер мечитке барышат жана намазга жыгылышып, куран окушат. Кудайга сыйынышат. Адам- дар күнөөлөрүнөн арылуу үчүн битир, садага беришет. Кыргыздарда Курман айттын биринчи күндөрүндө улут- тук оюндар ат чабыш, кыз куумай уюштурулуп, элдик майрам болгон. Орозо айтта жана курман айтта жарама- зан айтылат. Жарамазан түн ичинен таң атканга чейин аткарылат. Аны жаш балдар, кээде чоңдор да айтышкан. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо, бата берүү сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Байыркы элдик ырдын өзөгү турук- туу болгон. Бирок айтуучу шыгына жараша толуктап тур- ган. Жарамазан комуздун коштоосунда жана хор түрүндө айтылган. Калк ичинде жарамазандын көп түрү бар.

Сөздөр

мүмкүнчүлүгү болсо - по возможности курмандык чалуу - жертвоприношение ошентип - и так

бир төөнү - одного верблюда

уйду - корову

сыйынышкан - молились

касиеттүү - священный

жардам сурашкан - просили помощи жамгырды тилешкен - просили дождя өтүнүчүн кабыл тутуп - принял просьбу жаачу экен - шел дождь көгөргөн - зеленел

кампа данга толгон - переполненные амбары зерном, закрома

курсагы тойгон - были сыты

намазга жыгылышып - совершение молитвы күнөөлөрүнөн арылуу үчүн - для искупления грехов битир, садага - милостыни айтылат - рассказывается бата - благословление

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Курман айт качан болот?

  2. Курман айттын орозо айттан кандай айырмасы бар?

  3. Курман айтта жана орозо айтта эмне аткарылат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, башындагы үч сүйлөмтө толүк фонетикалык талдоо жүргүзгүлө.

  2. Сүйлөмдөгү созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү таап, уңгу мүчөгө ажыраткыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

ЖАРАМАЗАН

Мусулмандар жандүйнөсүн тазалоо максатында жана күнөөсүнөн арылуу үчүн орозо кармашат. Орозо отуз күнгө созулат. Аны рамазан айы деп аташат. Орозону карылар, жаштар, эркектер, аялдар баары кармашат. Кыздар алты жашынан, балдар он эки жашынан баштап кармайт. Оро- зонун, орозо кармаган адамдардын урматына жарамазан айтылат. Жарамазанды жаш балдар, кээде чоң кишилер да айтышат. Жарамазан айткандар эки-үчтөн биригип алышып үймө-үй кыдырып үй ээсинин кадыр-баркын, ата- тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан. Үй ээсине ден соолук, байлык, бакыт, орозосунун кабыл болушун каалаган жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан туруктуу ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кандай кырдаалга жараша алымча- кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылган. Жарамазан айткандарды үй ээси колунан келишинче сыйлап, акча, тамак-аш берген. Жарамазан элдик оозеки чыгармалардын бир бүчүрү. Ал ак пейил- дүүлүккө, жоомарт-берешендикке элдик салтты барктап, түшүнүүгө үндөйт. Жарамазан түн ичинде таң атканга чейин аткарылат.

Сөздөр

жандүйнөсүн тазалоо максатында - в целях очищения кармашат - держать пост

элдик оозеки чыгармалар - народное устное творче­ство

салтты барктап - уважать традиции

түшүнүүгө үндөйт - призывает к пониманию

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Жарамазан деген эмне?

  2. Орозону кимдер кармашат?

  3. Орозо канча күнгө созулат?

  4. Жарамазан качан аткарылат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги сүйлөмдүн ээсинин милдетин аткарган сөздөрдү жазып, талдап түшүндүргүлө.

  3. Тексттеги жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

БАЛАНЫН ТӨРӨЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШКАН
ҮРП-АДАТТАР ЖАНА КААДА-САЛТТАР


Балалуу болуу кыргыздарда үй-бүлө менен урук-туу- гандын турмушундагы эң башкы жана кубанычтуу окуя болгон. Ага аксакал карыялар, тажрыйбага бай, айыл ичинде урматка бөлөнгөн байбичелер бактылуу узун өмүр тилеп, батасын беришкен. Үй-бүлөдөгү бала - тукум ээси, салт-санааны улантуучу, элдин өлбөс-өчпөстүгүнүн сим­волу болгон.

Адатта наристени сары май менен оозантышып, ан- дан кийин биринчи көйнөгүн - «ит көйнөгүн» кийгизиш- кен. Бул көйнөктү кээде адегенде итке, анын тула боюна ырымдап тийгизишип, андан кийин балага ыроолошкон. Ошондон улам ал ит көйнөк аталган. Бул аракеттин бар- дыгы узакка бактылуу жашап, ден соолугу чың болсун деген «ырым» болгон.

Бала төрөлгөндө бир катар иш аракеттер жасалган. Бул кубанычтуу кабар үчүн берилген «сүйүнчү», бала көрүү үчүн «көрүндүк», туугандар чакырылчу «жентек» же «бешик той». «Ат коюуга» өзгөчө маани берилген. Үрп- адат боюнча бул милдет айылдагы урматтуу адамга же «азанчыга» - чакырылган адамга же наристени биринчи көргөн адамга жүктөлгөн. Балага ат коюуда наристени жакшылап карап чыгып, кебете-кешпирине көңүл буруш-

кан жана мына ошондон кийин гана балага ылайыктуу ысым беришкен.

Баланы бешикке бөлөө өзгөчө иш-аракеттер менен кош- толгон. Баланы бешикке бөлөгөн байбиче мындай деген: «Менин колум эмес, Умай эненин колу», «Умай эне уйку бер, бешик ээси бек сакта». Бала төрөлгөндөн кийин кыр- кынчы күнү өткөрүлгөн. Бешикке бөлөөнүн алдында бала­ны «кырк кашык сууга киринтишкен», «карын чачын» алып, ит көйнөктүн ордуна башка көйнөк - «кырк көй- нөктү» кийгизишкен. Аны баланын энеси же чоң энеси улгайган адамдардан сурап алган кырк курактан тигиш- кен. Ошол күнү ырым-жырымга кырк «май токоч» же «кырк челпек» жасап, кырк балага таратып беришкен.

Сөздөр

үй-бүлө - семья урук-тууган - родственники эң башкы - самое главное аксакал - уважаемый пожелой мужчина тажрыйба - опыт байбиче - уважаемая пожелая женщина каада-салт - традиция өлбөс-өчпөстүгүнүн символу - символ бессмертия наристе - младенец көйнөк - платье, рубашка улгайган - пожелой кубанычтуу - радостный кабар - вести өзгөчө маани - особое значение кебете-кешпир - внешность ысым - имя үрп-адат - обычаи

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Баланын төрөлүшүнө байланыштуу кандай каада-салт, ырым-жырымдарды билесиңер?

  2. «Ит көйнөк» деген эмне?

  3. «Кырк көйнөк» деген эмне?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги баяндоочтун милдетин аткаруучу сөздөрдү жа- зып, талдап түшүндүргүлө.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

«ТУШОО КЕСҮҮ» ТОЮ

Бала кас-кас туруп, кадам шилтеп калганда «тушоо кесүү» тою өткөрүлгөн. Бул үчүн баланы боз үйдүн алды- на алып чыгып, эки жүн шоонадан өрүлгөн жип менен бутун тушап байлап коюшкан. Шоонанын бири сөзсүз кара, экинчиси ак - «ала жип» болууга тийиш. Алар эки башаттын - жарык менен караңгынын, жакшылык ме­нен жамандыктын күрөшүнүн символу болгон. Кыргыз- дардын түшүнүгү боюнча адамдын өмүрү кубанычтуу күндөрдөн, ошондой эле кайгылуу күндөрдөн турган. Ошон- дуктан бала күндөн тартып эле ар кандай турмуштук жаг- дайга даяр жүрүш керек эле. «Тушоо кесүү ырымы адат­та эрте жарыкта саат 10-11де башталган.

Тушалган бала турган боз үйдүн бет алдынан баланы карай 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар жарышка чы- гышкан. Алардын ичинен биринчи келген бала колуна кар- маткан бычакты алып, баланын бутундагы тушоосун кес- кен. Ал бала бычакты алып, андан тышкары тартуу да алган. Тойго катышуучулардын каалоосу боюнча жарыш бир нече жолу кайталанган: чоңураак балдар, андан кийин чоңдор жарышкан. Ар бир жарышта чыгып келген адам жаңы тушоону кесип, бычакты ээлеп, байгени алган.

Мындай жарыштын максаты - сыйкырдуу жол менен баланын тез басып кетүүсүнө жетишүү болгон. Мындай ырым-жырым азыр да колдонулат.

Сөздөр
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   37


написать администратору сайта