управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
Текстке чейинки тапшырма. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, лексикалык жана грам- матикалык маанисин чечмелегиле. Жаңы сөздөр менен сүйлөм түзгүлө. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө. ЖУСУП АБДРАХМАНОВ (1901-1938) Коом бүтүндөй катаал борборлошкон башкаруу сис- темасы менен жашап, социализмдин бурмаланып, демок- ратиялык принциптердин бузулушуна жол берилип жат- кан мезгилде аларга каршы турган Кыргыз Республика- сынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, БКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун жана СССР БАКтын мүчөсү, улуу, чыгаан инсан Жусуп Абдрахманов теңдеши жок түбөлүктүү иш- терди жасаган. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Жаркын- баев айылында манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Азыркы Ананьево айылындагы орус-тузем мектебинен алган 3 жылдык билими, Каракол шаардык башталгыч жогорку окуу жайындагы 2 жылдык билими менен Жусуптун бей- пил турмушу коогалаңдуу оор мезгил менен алмашкан. 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрү- лүшүнүн натыйжасында Кытайда болуп, эң жакын адам- дарынан ажыраган. Өлкөдө Октябрь революциясы жеңип, Орто Азия жана Казакстанда совет бийлиги үчүн активдүү күрөшкөн. 1919-жылы партиянын катарына өтүп, 18 жа- шында комсомолдук-партиялык карьерасы башталган. Жети-Суу областынын жаштар саясий уюмун түзүүгө (ком- сомол уюму) чоң салымын кошуп, Туркестанда, Казак- станда жана Кыргызстанда жаштар кыймылынын ба- шында турган. 19 жаштагы Жусуп Абдрахманов 1920- жылы Москвада өткөн РКСМ III съездине делегат болуп, В. И. Ленин менен кыргыздардын абалы, азыркы күндө актуалдуу болуп жаткан тил маселеси жөнүндө бетме-бет сүйлөшкөн. Жаш болсо да өтө жооптуу партиялык кызмат- тарга көтөрүлгөн. Копал, Талды-Коргон, Кара-Кол уезд- дик-шаардык комитеттеринин жооптуу катчысы, Пишпек уезддик-шаардык комитетинде, Жети-Суу областтык ко- митетинде уюштуруу бөлүмүн башкарган. 1923-жылы СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин, Бүткүл рос- сиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (ВЦИК) мүчө- лүгүнө кандидат болуп шайланат. Кийин БАКтын Президиумунун мүчөсү, Туркестанда Ташкент шаарында Борбордук Аткаруу Комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1924-жылы 14-октябр- да Кыргыз автономиялык областы түзүлүп, ноябрда Кыргыз областык бюросунун экинчи катчысы болуп 23 жаштагы Жусуп Абдрахманов дайындалат. Кандайдыр бир себептер менен аз убакыт иштеп, Ташкент шаарына кото- рулуп, ал жерде да жооптуу кызматты аркалаган. 1925- жылдын августунан 1926-жылдын апрелине чейин Москва шаарында ВКП(б) Борбордук Комитетинде уюштуруу- бөлүштүрүү бөлүмүндө инструктор болуп иштеген. Ошол эле жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз автономиялык областынын Аткаруу Комитетинин төрагасынын 1-орун басары болуп, 1927-жылдын мартынан 1933-жылдын сен- тябрына чейин Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Сове- тинин төрагасынын (1-өкмөт башчысы) милдетин аткар- ган. Жусуп Абдрахманов 1924, 1929-30-жылдары эч тай- манбай далилдүү аргументтер менен Кыргыз Республика- сынын социалдык-экономикалык оор абалын сүрөттөп, башка коңшу республикалардай эле тең укуктуу негизде СССРдин курамындагы мамлекет катары жарыялоо су- нуштарын официалдуу каттар менен И. В. Сталинге кай- рылган. Акыры Жусуп Абдрахмановдун жасаган иш-ара- кеттери өз үзүрүн берип, СССРдин 1936-жыл 5-декабрда- гы Конституциясы боюнча Кыргыз ССРи түзүлгөн. Тээ алыста Украина, Повольже, Түндүк Кавказ, Казак- стандын миллиондогон калкы ачарчылык менен күрөшүп, агылып Кыргызстанды каптай баштады. Теңдеши жок баатырдык тайманбаган чечими менен канча деген элин ачарчылыктан сактап, эгин элге акысыз таратылып то- бокелге салат: «Казакстандын абалына жеткиргенден көрө, планды аткарбаганыбыз үчүн бизди кызматтан алып сал- сын» - деп тайманбай ачуу чындыкты Жусуп Абдрахманов гана айтып, ал үчүн куугунтукталып, өкмөт башчы- сы кызматынан бошогон. 1933-жылы уюштурулган куугунтуктун кесепетинен өкмөт башчысынын кызматынан бошотулуп, Россиянын Самара, Оренбург чоң шаарларында айыл чарба тармагын- да жооптуу кызматтарда иштеген. Жусуп Абдрахманов 1937-жылы 4-апрелде «совет бийлигине каршы иш жүр- гүзгөн» деген жалган жалаа менен камалып, 1938-жылы 5-ноябрда атылып, Ата-Бейит мемориалдык комплекске 137 атылган адам менен кошо көмүлгөн. 1924-жылы кыргыз элинин өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болгону - кыргыз тарыхындагы даңктуу, абдан маа- нилүү саясий окуя болгон. Ушуга байланыштуу иш чара- лардын оор жүгүн Жусуп Абдрахманов көтөргөн. Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, анын башатында турган. Баалуу «күндөлүгүндө» жазгандай кыргыз эли үчүн, Кыргызстан үчүн жашты- гын, ден соолугун да аябай күнү-түнү иштеп, анын өмүр жолундагы ар бир жасаган салмактуу эмгеги биз үчүн улуу сабак болоору шексиз. Өлкөдө жүрүп жаткан эң орчундуу социалдык-эконо- микалык жана маданият сферасындагы иш аракеттер Жусуп Абдрахманов баштап, түптөп кеткен иштердин уландысы. Коомдук, саясий ишмердүүлүгү менен гана чектелбей өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын та- рых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. Өз мезги- линде эле объективдүү баа берген 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө, ачуу чындык менен өз оюн ортого салган «Күндө- лүгү» ж. б. китептери бүтүндөй кыргыз журтуна белгилүү болуп, ар бир окурман 20-30-жылдардагы акыйкат та- рыхтын күбөсү болот. Жусуп Абдрахмановдун жасаган иштери, баамдаган, айткан идея-ойлору актуалдуу болуп, анын улуу иштери кылым аралап жашай бермекчи. Сөздөр бүтүндөй - целый борборлошкон - централизованный башкаруу - управление бурмаланган - искаженный мамлекеттик ишмер - государственный деятель эл комиссарлар совети - совет народных комиссаров төрага - председатель улуу - великий түбөлүктүү - вечный жогорку окуу жайы - высшее учебное заведение бейпил - спокойный коогалацдуу - тревожный күрөшкөн - боролся эц жакын адамдары - близкие люди жаштар кыймылы - молодежное движение бетме-бет - лицом к лицу өтө жооптуу - очень ответственный жаштар саясий уюму - молодежная политическая организация аткаруу комитети - исполнительный комитет милдет - обязанность Тексттен кийинки тапшырма. Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө кандай салым кошкой? Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле. «Жусуп Абдрахманов - кыргыз элинин чыныгы улуу» деген темада дилбаян жазгыла. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги айрым сүйлөмдөрдү сөз түркүмдөрүнө ажырат- кыла. Сүйлөмдөрдөгү созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү уңгу мүчөгө ажыраткыла. АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ (1889-1938) Кыргызстандын эң мыкты уулдары эгемендүү кыргыз мамлекети үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жана аны кийинки муундарга ыйык мурас катарында калтырган. Өзгөчө катаал тагдырга туш болгон 20-30-жылдардагы улуу муундарыбыз Ж. Абдрахманов, А.Орозбеков, А. Сыдыков, К. Тыныстанов, Т. Жолдошев, Т. Айтматов, Б. Исакеев, Ж. Саадаев ж. б. инсандар элибиздин келечеги үчүн мам- лекетибиздин өнүгүүсүнө зор салым кошушкан. Абдыке- рим Сыдыков - көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, алгач- кы кыргыз окумуштууларынын бири, солто уруусундагы манаптын үй-бүлөсүндө Баш-Кара-Суу деген жерде төрөл- гөн. Анын ата-бабалары эл башкарган атактуу адамдар- дан болгон. Байтик баатырдын эң жакын туугандарынан болгон. Үйүндө жакшы билим алган, бала кезинде баш- талгыч мектебин бүтүрүп, куранды жана араб жазуусун өздөштүргөн. Мусулманча билим алуу жергиликтүү төбөл- дөрдүн балдары үчүн милдеттүү болгон. Түркстанда ошол кезде 6300гө жакын мектеп жана медресе иштеп, аларда 75 миңден ашык балдар билим алган. 1904-1911-жылда- ры өзгөчө окуу жайы болгон Верныйдагы эркек балдар гимназиясында окуйт. Гимназияны бүткөндөн кийин бир кезде В. И. Ленин революцияга өзүнүн жолун баштаган Казань университетинин ветеринардык факультетине ки- рип, көп узабай оорусуна байланыштуу окуусун таштап, үйүнө келүүгө аргасыз болгон. 1913-жылы Пишпек уезддик башкармалыгында оозе- ки котормочу кызматында иштеген. Ал ак ниет, татык- туу кызмат өтөп берген. Күмүш медаль, тасма жана кы- лычы бар III даражадагы ыйык Станислав орденин берүүгө көрсөтүлгөн. Падышалык администрацияда кызмат өтөө А. Сыдыковго саясий жактан өсүшүнө жана кызматтык жогорулоого мүмкүндүк берген. Башкармалыкта иштеп жүргөндө А. Сыдыков колледж- дик регистратор деген граждандык чин алууга жетишкен, ал аскердик подпоручик деген чинине туура келген. 1916-жылкы кандуу көтөрүлүштөн кийин А. Сыдыков моралдык жактан императорго берилгендик менен иш аткаруудан баш тартат. Ал революциялык окуяларга ка- тышып, Февраль революциясынан кийин Убактылуу өк- мөттүн өкүлү катары Пишпек уезддик комиссарынын орун басары болгон. «Алаш» партиясынын мүчөсү болгон. Бирок улутчул, ири жана орто улуттук буржуазиянын пар- тиясы, 1916-жылы өз элине чыккынчылык кылышкан, антисоветтик иштерди уюштурушту деген аргументтер менен 1918-жылы «Алаш» партиясы өз ишин токтоткон. 1918-жылы 29-октябрда коммунисттик партиянын ката- рына өтөт. Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүктү кайрадан жаратуу 20-30-жылдардагы интеллигенциянын эң негизги ой ти- лек, асыл максаттарынын бири эле. 1922-жылы А. Сыдыков Кыргыз Тоолуу областын тү- зүү боюнча Уюштуруу комитеттин башчысы, активдүү демилгечиси болгон. И. В. Сталиндин кийлигишүүсү менен токтотулган. Тоталитардык режим учурунда демил- гелүүлүк дайыма жазаланып келген. Кыргызстандагы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарын- да Тоолуу Кыргыз областын түзүү долбоору «элге карты», «улутчулдук» деп эсептелинген көз караш Кыргызстана алгачкылардан болуп жокко чыгарылды. 1926-жы- лы октябрдан тартып, Орто Азия мамлекеттик универси- тетинде экономист болуп иштейт. Илимге баш-оту менен кирип, кыргыз элинин тарыхын жана этнографиясын, ошондой эле Тянь-Шандагы көчмөн чарбанын экономи- касын изилдеген. А. Сыдыков САГУнун айыл чарба фа- культетинин алдындагы илим-изилдөө бюросунун эконо- микалык семинарында кызматкер болуп иштеген. Көп- төгөн илимий билдирүүлөр жана отчеттор менен чыгып сүйлөгөн. Абдыкерим Сыдыков «Кыргыздардын уруулук бөлү- нүшү», «Кыргыз элинин кыскача тарыхый очерки» деген илимий эмгектердин автору. Ал өзүнүн макала, сүйлөгөн сөздөрүндө тоолуу жерлердеги көчмөндөрдүн чарбасынын өзгөчөлүгүн так көрсөтүп, чарба, менчиктин түрлөрү жөнүндө, эне тил, билим, жаратылыш, экономика жөнүндө көп айтып, көп кайрылган. 1932-жылы Кыргыз АССРи- нин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Бир жылдан кийин күнөөсү жок жерден күнөөлөнүп, камакка алынат. 1938-жылы 18-фев- ралда «контрреволюционер» «эл душманы» деп атууга кеткен. Кыргыз интеллигенциясынын лидерлеринин бири, сталиндик курска каршы турган инсандын өмүрү ушин- тип өтө кайгылуу бүткөн. Сөздөр арнаган - посвятил ыйык мурас - священное наследие ата-бабалар - предки атактуу - прославленный бала кезинде - в детстве айрыкча укук - привилегия аргасыз болгон - был вынужден окуусун таштап - бросив учебу оорусуна байланыштуу - в связи с болезнью котормочу - переводчик башкармалык - управление ак ниет - честно туура келген - соответствует убактылуу өкмөт - временное правительство чыккынчылык - предательство улуттук мамлекеттүүлүк - национальная государственность кайра жаратуу - возрождение долбоор - проект илим-изилдөө - научно-исследовательский макала - статья изилдеген - исследовал менчик - собственность билдирүү - заявление Тексттен кийинки тапшырма. А. Сыдыков билимди кайдан алган? А. Сыдыковдун саясий ишмердүүлүгүндөгү кыргыз эли үчүн чечилген олуттуу маселелер кайсылар? А. Сыдыковдун чек ара маселесиндеги кошкой салымы жөнүндө айтып бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окугула жана которгула. Сын атооч сөздөрдү таап, алар менен сүйлөм түзгүлө. Жатыш жөндөмөсүндө турган зат атооч сөздөрдүн маани- син түшүндүргүлө. КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ (1901-1938) Революциянын шары менен өзгөчөлөнгөн, бир башка- ча көрүнгөн таланттуу адамдардын күнөөсүз жерден кур- ман болушу улуттук трагедия эле. Кыргыз маданияты- нын эң чыгаан инсаны, тилчи, акын, коомдук ишмер, профессор (1936), Касым Тыныстанов Ысык-Көл областынын, Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында төрөлгөн. Баштапкы билимин 1909-1912-жылдары айылдык мусулман мектебинен алган. 1913-1914-жылдары жаңы методду мектепте, 1914-1916-жылдары Кара-Кол шаарын- дагы орус-тузем мектебинен окуган. Жаш совет республи- касынын жогорку окуу жайынан билим алат. 1924-жылы Ташкент казак-кыргыз агартуу институ- тун бүткөндөн кийин Туркестан республикасынын акаде- миялык борборунун Кыргыз областтык бөлүмүндө кат- чы, андан кийин бөлүмдүн төрагасы болуп эмгектенген. 1925-жылдан баштап, «Эркин Тоо» газетасынын редактору, 1927-1930-жылдары Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссары болуп иштеген. 1930-1937-жылдары илимий кызматкер, андан кийин Кыргыз маданий курулуш инс- титутунун директору болуп иштеген. К. Тыныстанов кыргыз улуттук жазуусун иштеп чы- гууда баасы жок өтө зор иш жасаган, жазууну араб алфа- витинен латын графикасына, латындан орус алфавитине которууга чоң салым кошкон. Кыргыз орфографиялык жана лингвистикалык терминдердин негизги принцибин иштеп чыккан. КГБнын архивинен табылган кыргыз алфавитин ре- формалоо жөнүндөгү илимий эмгегин Касым Тыныстанов камаларына үч ай калганда жазып бүтүргөн. Өмүрүнүн акырында «Манас» эпосунун бириктирилген вариантын иштеп чыгуу демилгеси менен чыккан. Бул иште кыргыз окумуштуулары менен катар орус, казак илимпоздору, алардын ичинде Е. Поливанов (профессор, Чыгыш таануу- чу-лингвист), С. Сейфуллин (казак совет адабиятынын не- гиздөөчүсү) жана М. Ауэзов белсенип иштей башташкан. 1935-жылы «Манастын» редколлегиясынын башкы редактору Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, С. Сейфуллин, «Манас» эпосунун «Бейжинге улуу жүрүш» бөлүмүн орусчага которгон. Е. Поливанов 1937-жылы камакка алынып, эпос- ту чыгаруу иши үзгүлтүккө учураган. Улутчул, эл душманы деп оор күнөө коюлуп, «Манас» эпосунун үстүндө иштеп жатышкан К. Тыныстанов, Т. Жолдошев, Е. Поливанов, С. Сейфуллин ж. б. редакциялык топто иштеген көптөгөн адамдар репрессиянын туткуну болуп кетишкен. Эл душманы катары атылсын деген өкүм чыгарылган. К. Тыныстанов 1938-жылы 5-ноябрда атылып, 1988-жылы толугу менен акталган. К. Тыныстанов биринчи кыргыз тилинде чыккан ки- тептердин автору: «Окуу китеби» 1924-жылы, «Чоңдор үчүн алиппе» 1926-жылы, латын графикасы менен окуу үчүн китеп «Эне тилибиз» 1928-жылы, «Кыргыз тили- нин морфологиясы» 1934-жылы, «Кыргыз тилинин син- таксиси» 1936-жылы чыккан. К. Тыныстанов өзүн котор- мочу, акын, драматург катары да көрсөтө алган. 1925- жылы СССРдин борбордук басмасы К. Тыныстановдун биринчи жана акыркы ыр китебин чыгарат. Андагы 12 ыр казак тилинде, калган 21 ыр жана поэма кыргыз тилинде жазылган. Сөздөр өзгөчөлөнгөн - особенный, уникальный курман болушу - погибший улуттук трагедия - национальная трагедия чыгаан - выдающийся тилчи - языковед коомдук ишмер - общественный деятель баштапкы - начальный жогорку окуу жайы - высшее учебное заведение эл агартуу комиссары - комиссар просвещения илимий кызматкер - научный сотрудник иштеп чыккан - разработал табылган — найдено илимий эмгек - научный труд демилге - инициатива илимпоз - ученный улутчул - националист эл душманы - враг народа котормочу - переводчик борбордук басмасы - центральное издательство туткун - плен негиздөөчү - основоположник катчы - секретарь реформалоо - реформировать өмүр - жизнь чыгыш таануучу - востоковед Тексттен кийинки тапшырма. Касым Тыныстановдун кандай илимий эмгектерин билеси- ңер? Касым Тыныстанов өлкөдөгү кандай реформаларды жүргүзүүгө катышкан? Касым Тыныстановдун кыргыз жазуусундагы сиңирген эм- гектери жөнүндө айтып бергиле. Касым Тыныстановдун кандай ырларын, поэмаларын би- лесиңер, айтып бергиле? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Белгисиз өткөн чакта түзүлгөн сүйлөмдөрдү көчүрүп жа- зып, белгисиз өткөн чактын уюштурулушун түшүндүргүлө. Айкын өткөн чак боюнча сөздөрдү жактагыла: бата ал, узат, жардам бер, коштош, уйрвн. ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ (1875-1940) Осмонаалы Сыдык уулу - биринчи кыргыз тарыхчы- сы, белгилүү агартуучу. Кочкор өрөөнүндө ири манаптын үй-бүлөсүндө туулуп, сарыбагыш уруусунун Абайылда ту- кумунан болгон. Осмонаалы жети жашка келгенде атасы каза болот. Бирок ал тааныштарынын жардамы менен адегенде молдодон окуйт, 13 жашында Токмокко келет да, Шакир деген татар тарбиячыдан таалим алат. Ал өзү тарых, география сабактарына өзгөчө маани берген адам болгондуктан, шакирттеринин көбү жакшы билим алыш- кан. Осмонаалы тарыхка кызыгып калат. 1899-жылы Үч-Турфандагы жогорку мусулман медресе мектебинен окуусун улантат. Мусулман окуусунун борборлору болгон Бухара, Уфадан билимин жогорулат- кан. Уйгур, өзбек, татар, казак агартуучулары менен ты- гыз байланышта жашаган. Орус тилин билген, европа- лык окумуштуулардын эмгектери менен тааныш болгон. Өзүнүн эмгектеринде элдерди билим алууга чакырган. Совет бийлиги орногондон кийин Пишпек шаарында му- галим болуп иштеген. Осмонаалы Сыдык уулу өз мезги- линин билимдүү адамы болгондуктан араб, фарсы, татар, уйгур, өзбек, казак тилинде жарык көргөн газета-жур- налдарды окуй алган. Ал тилдерде жарыяланган кыргыз- дар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, кыргыз элинин тарыхын жазган. 20-жылдардын аягында бай-манап кат- марынан чыккан деп куугунтукталып, жашыруун Чыгыш Туркестанда жүрүп, 1940-жылы оорудан каза болгон. 1913-1915-жылдары Осмонаалы Сыдык уулу араб ал- фавити менен кыргыз тилинде эки китеп чыгарат: «Мух- тасар тарых-и кыргызийа» (Кыргыздардын тарыхы) жана «Тарых-и кыргыз Шадманийа» (Шабданга арналган кыргыздардын тарыхы). 1986-жылы Кытайда Анвар Байтурдун редакциясы менен эки китепти бириктирип, бир чоң китеп кылып бас- тырылып чыгарылган. Сөздөр |