Главная страница
Навигация по странице:

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр оокаттуу

  • Сөздөр катышуучулар

  • Сөздөр совет бийлиги

  • Сөздөр ыйык парз

  • БИЛИМ - ӨМҮРДӨГҮ ШАМ ЧЫРАК Текстке чейинки тапшырма.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУКИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница13 из 37
    1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   37

    улана бермекчи - продолжается

    сакталып калган - сохранился

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Төрөкул Айтматов саясий ишмердүүлүгүнүн башталышы- на кандай окуялар таасир эткен?

    2. Ал билимин кантип өркүндөткөн?

    3. Т. Айтматовдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле.

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Тексттеги жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, маанисин чечме- легиле.

    2. Жаңы сөздөрдүн жардамы менен сөз айкаштарын түзгүлө.

    3. Сөз айкаштарын бөлүнүшү боюнча аныктап, түшүндүрүп бергиле.

    БАЯЛЫ ИСАКЕЕВ

    (1897 - 1938)

    Көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Б. Исакеев Пишпек уездинин Жети-Суу областынын Үчүке болуштугунда оокаттуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Өзүнүн ты- рышчаактыгы жана сергектиги менен айырмаланган Б. Исакеев 8-11 жашка чейин айылдык мектепте окуйт. 1913-жылы Үчүке болуштугунан Нарын шаарындагы орус- тузем мектебине болуштук тарабынан жиберилип, орус алфавитине, тилине кызыгуу менен көңүл буруп, эсеп са- багын мыкты өздөштүргөн. 1916-жылы орус-тузем мек- тебин ийгиликтүү бүткөн. Үч жылдык мусулман, үч жыл- дык орус мектебин бүтүрүү ал кезде кыргыз жаштары үчүн жогорку жетишкендик эле. 1920-жылы 10-сентябр- да партиянын катарына өтүп, революцияга каршы төңкөрүштү басууга активдүү катышып, анын партиялык жана советтик кызматтарда иштөө мезгили башталган. 1920-жылдын аягынан 1922-жылдын февралына чейин Советтердин болуштук аткаруу комитетинин, эл сотунун секретары болуп кызмат өтөйт. Бул аралыкта Кочкор бо­луштугунда Совет бийлигинин орношуна чоң салым ко- шот. Ал 1923-жылдын февралынан 1924-жылдын сентяб- рына чейин Нарын уезддик шааркомун, Казак АССРинин Лепсинский уездинин партиялык комитетинин үгүт-насыят бөлүмүн башкарган. 1925-1926-жылдары Мосвадагы партия кызматкерлеринин бир жылдык курсуна жиберил- ген. Баялы Исакеев өз билимин өзү өркүндөткөн инсан болуп, Совет бийлигинин учурунда 1923-жылы Ташкент- теги (ОАМУ) Орто Азиялык мамлекеттик университети- нин алдындагы үч айлык партиялык кызматкерлердин курсун бүтүргөн. 1925-1926-жылдары ВКП(б)нын алдын- дагы уезддик партиялык кызматкерлердин бир жылдык толук курсун ийгиликтүү аяктаган. 1926-1927-жылдары Каракол-Нарын округдук партия комитетинин бюро мү- чөсү, агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы бо- луп иштеген. Баялы Исакеевдин республикалык дец- гээлдеги кызматка көтөрүлүшү анын табигый таланты- нан, сөзгө чебердигинен, ишти сүйгөнүнөн кабар берген- сийт. Областтык комитеттин атайын чечими менен 1927- жылдан 1928-жылдын февралына чейин «Кызыл Кыр­гызстан» газетасынын жооптуу редактору болуп дайын- далат. Ал адабиятта жацы канат кагып келе жаткан ал- гачкы журналисттерди ишке кецири тарткан. Кабарчы- лар менен иштөөнү жандандырган. Жер-жерден алынган кабарларды жарыялоо көбөйгөн. 1930-1933-жылдары областтык комитеттин 2-секретары болуп иштейт. 1933- жылы 24-сентябрда Б. Исакеев Кыргыз АССРинин Эл Ко- миссарлар советинин төрагалыгына дайындалган. Бул жо­горку кызматта 1937-жылга чейин иштеген. Республика- да жооптуу кызматтарда иштеп турганда экономика, айыл чарба, өзгөчө мал чарбасында илим-билим жаатында көп эмгектерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө чоц салым кош- кон. Жеке адамга сыйынуу күч алып, административдик- тоталитардык система орногон шартта, анын эц бурма- ланган, жергиликтүү элдин салт-санаасына, экономика- лык жана социалдык абалына туура келбеген аша чабуу- ларды жумшартууга аракеттенген. Б. Исакеев - кыргыз элинин чыныгы уулу, совет бийлигинин, партиянын идея- ларына тилектеш болуп, социализмди куруучулардын бири болгон.

    Репрессиянын шары менен 1938-жылы ноябрда күнөө- сүз атылып, 1957-жылы акталган. Б. Исакеевдин татаал жана тар жолу, ийгилиги ошол мезгил менен тыгыз бай- ланыштуу. 20-30-катаал жылдардагы мыкты инсандар- дын жасаган эрдик иштери өлбөс болуп жашай берет.

    Сөздөр

    оокаттуу - зажиточный

    тырышчаак - старательный

    сергек - бодрый

    ийгиликтүү - успешно

    жаштар - молодежь

    төңкөрүш - бунт

    эл соту - народный суд

    үгүт-насыят - агитация

    кызматкер - служащий

    деңгээл - уровень

    жандандырган - обновил

    айыл чарба - сельское хозяйство

    өлкө - страна

    салт-санаа - традиция

    совет бийлиги - советская власть

    татаал - сложный

    ийгилик - успех

    кемчилик - недостаток

    эрдик - подвиг

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Баялы Исакеев Кыргызстанда кандай реформаларды жүргүзүүгө катышкан?

    2. Б. Исакеевдин коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө ай- тып бергиле.

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, омоним сөздөрдү таап, алардын маанилерин түшүндүргүлө.

    2. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, алардын лексикалык маа­нилерин айтып бергиле.

    3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

    КОЖОМУРАТ САРЫКУЛАКОВ

    (1892-1918)

    Кожомурат Сарыкулаков совет бийлигин орнотуп, аны бекемдөө үчүн күрөштө чоң салым кошуп, активдүү ка- тышуучулардын бири болгон. Пишпек уездинин Узун-Кыр волостунун (Кант району) тургуну.

    Верный шаарындагы гимназияда эң жакшы окуп, 1911-жылы күмүш медаль менен бүтүргөн. Гимназиянын

    директорунун өтүнүчү боюнча 1911-1913-жылдары Киев университетинин юридикалык факультетинде окуган. Өкмөттөн стипендия алып окуган.

    Ден соолугунун начарлашы жана революция анын окуусун бүтүрүүгө мүмкүндүк бербеди. Үйүнө келгенден кийин, ал «Букара» союзун уюштуруп, анын башында тур- ган. Бирок катуу оорудан улам 1918-жылы бат эле 26 жашында каза болуп калган. Дагы узак өмүр сүрсө кыр- гыз эли үчүн жаштыгын, түгөнгүс күч-кайратын, күчтүү билимин аябай далай-далай улуу иштерди жасамак...

    Верный шаарындагы гимназияны бүтүргөндөрдүн ичи- нен кийин бир топ көрүнүктүү адамдар чыккан. Алардын катарында М. В. Фрунзе, Мухмеджан Тынышбаев, Ороз Жандосов, Кожомуат Сарыкулаков, Беккожо Качкынбаев, Абдыкерим Сыдыков ж. б. Бул билимдүү инсандар кыр- гыз элинин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошуп, көптөгөн проблемаларын чечишкен.

    Сөздөр

    катышуучулар - участники

    тургун - житель

    күмүш медаль - серебрянная медаль

    өтүнүч - просьба

    ден соолук - здоровье

    начарлашы - ухудшение

    мүмкүндүк - возможность

    катуу оору - сильная болезнь

    жаштык - молодость

    чечишкен - решили

    совет бийлиги - советская власть

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Кыргыз элинин биринчи революционери Кожомурат Сары­кулаков кандай билим алган?

    2. Анын саясий көз карашынын калыптанышына эмне таа- сир эткен?

    3. К. Сарыкулаков жөнүндө дагы кандай маалыматтарды би- лесиңер?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөрдү түзгүлө.

    2. Бир өңчөй мүчөлөр сүйлөмдүн кайсы мүчөсү менен байла- нышкан, кайсы сөз түркүмүнөн экендигин аныктагыла.

    3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

    УРКУЯ САЛИЕВА

    (1910-1934)

    Уркуя Салиева 1910-жылы Ноокат районунун Мүркүт кыштагында туулган.

    Уркуя Салиева Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөш- көндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчи- лерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайы- мы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы «Кы­зыл Аскер» колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү. Тап душмандарынын колунан 1934-жылы курман болгон. Бишкек жана Ош шаарларын- да көчөлөргө, Ош шаарындагы орто мектепке Уркуя Са- лиеванын ысымы берилген. Жазуучу Н. Байтемиров «Та- рых эстелиги» деген тарыхый документалдуу романында Уркуя Салиеванын өмүрү жана коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө жазган.

    1971-жылы «Уркуя» аттуу көркөм фильм тартылган. Туулуп-өскөн кыштагында жана Бишкек шаарында Ур­куя Салиеванын эстелиги тургузулган.

    Сөздөр

    совет бийлиги - советская власть төрайым - председатель алгачкы - первый курман болгон - погиб ысымы - имя тартылган - был снят эстелик - памятник документалдуу - документальный

    тарыхый - исторический

    тургузулган - поставлен

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Уркуя Салиева ким болгон?

    2. Уркуя Салиеванын коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле.

    3. Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелиги кайда тургузулган?

    4. «Уркуя» фильмин көрүп, дилбаян жазып келгиле.

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттеги айрым сүйлөмдөрдөгү баш жана айкындооч мүчөлөрдү талдагыла.

    3. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, маанисин чечмелегиле.

    ИСХАК РАЗЗАКОВ

    (1910-1979)

    «Эртеңкисин эстебеген элдин, мурункусун барк алба- ган муундун, арбактарын сыйлабаган урпактын келечеги жок» - деп акыйкат айтылгандай көрүнүктүү инсандар- дын өмүр жолун, өлкөбүз үчүн өтөп кеткен албан эмгек- терин, адамдык асыл касиеттерин билүү, келечектин ыйык парзы.

    Көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмерлердин бири - кыргыз элинин тарыхына белгилүү из калтырган Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Ко- митетинин биринчи секретары Исхак Раззакович Разза- ков болгон.

    И. Раззаков Хоросан айылында (азыркы Ош областы- нын Лейлек району) жакырданган үй-бүлөдө төрөлгөн. 3 жашында энесинен, 8 жашында атасынан ажырап, 1918- жылдан баштап Ходжентте (Тажикстан) балдар үйүндө тар- бияланган. Балдар үйүндө жалпы билимин жогорулатуу үчүн көп окуган. Китепке, адабиятка абдан кызыккан.

    Кыска мөөнөттө орус тилинин грамматикасын өздөш- түргөн. 1923-жылы жаштар уюму болгон комсомолдун катарына өткөн. Комсомолдук уюмдарда активдүү иштеп, келечектеги жетекчи, лидер катары калыптана баштаган. 1931-жылы эң жакшы жетишкендик менен Ташкент агар- туу техникумун ийгиликтүү бүтүргөн. И. Раззаковго жо­горку ишеним көрсөтүп, техникумда мугалим кылып кал- тырышат. 1931-жылы партиялык, советтик органдардын чечими менен Москвага Кржижановский атындагы Мам- лекеттик пландоо институтуна окууга жиберишет. Кеси- би: энергетика боюнча экономист-пландоочу. И. Раззаков- дун инсан катары калыптанып, ири мамлекеттик жана саясий ишмер катары өсүп жетилиши өз доорундагы ин- тернационалдык жагымдуу шарттан улам мүмкүн болгон. Кичине кезинде томолой жетим калып, балалыгы өзбек, тажик туугандардын чөйрөсүндө өттү. Кийин Москвада алдыңкы орус илим, билими менен маданиятынын борбо- рунда таалим-тарбия алды. Окуусун аяктагандан кийин Өзбекстанга жиберилет. 1936-1938-жылдары Өзбек ССРи- нин мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, коми- теттин төрагасынын орун басары, кийин төрагасы болуп иштеген.

    Москвадагы экономикалык пландоо институтун бүтүп жатканда дипломдук ишин мамлекеттик комиссия өтө жогору баалап, аны өзүнчө китеп кылып чыгаруу жөнүндө чечим чыгарышынын өзү эле башкача, кайталангыс ин­сан экенин көрсөтүп турат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1941-1944-жылдарда Өзбек ССРинин эл агартуу комиссары, Өзбекстан Эл Комиссарлар Совети- нин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1944-1945- жылдары Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Коми- тетинин идеология боюнча катчысы катары иштеп, Өзбек Республикасынын оор проблемаларын чечүүгө чоң салым кошкон. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 1950-1961-жылда- ры Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети- нин биринчи секретары болуп дайындалат.

    И. Раззаков республиканын жетекчилигине өлкө Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен оор жоготууларга учурап, эл чарбасы бөлүнүп турган эң кыйын кырдаалда келди. 35 жаштагы кыргыз жигиттин мойнуна опол-тоо- дой оор жүк жүктөлдү. Далил катары республиканын эко- номикалык кубатын түзгөн негизги өндүрүш объектиле- ри, транспорттук, чарбалык, энергетикалык жана социал- дык инфраструктура бүт бойдон дээрлик И. Раззаковдун демилгеси менен жетектеп турганда ишке кирген. Респуб- ликаны жетектеген жылдарда өлкөдө жеке адамга сыйы- нуу, өз алдынча ойлонуп, өз демилгеси менен иш жүргүзгөн ар бир адамды эл душманы же улутчул деп күнөөлөгөн доорун сүрүп турган. Ушундай мезгилде И. Раззаков Кыр- гызстандын кызыкчылыгын колунан келишинче коргоп, элинин таламдарын тайманбай талашып келген. Улуттар аралык мамиле маселесине, айрыкча, орус жана кыргыз элдеринин достугун чыңдоого көп көңүл бурган. Учурдун талабына ылайык илим-билим потенциалын түзүүгө да зор салым кошкон. Анын тушунда бир катар илимий жана окуу борборлору: Илимдер академиясы, Кыргыз мамле- кеттик университети, Политехникалык институту, Кыр­гыз кыз-келиндер институту, Ош, Каракол пединститут- тары, Кыргыз дене тарбия институту ж. б. илимий-окуу мекемелери ачылган. И. Раззаковдун жеке аракети менен кыргыз кадрларын даярдоого абдан көнүл бурулган. Кыр­гыз элинин илим-билимге дилгир жаштарын Москва, Ле­нинград, Новосибирск, Омск сыяктуу ири шаарларга окуу- га жиберүү, аларга мамлекет тарабынан кам көрүү И. Раз­заковдун тушунда абдан жакшы жолго коюлган. И. Раз­заковдун демилгеси менен 1940-1950-жылдардын аралы- гында «Манас» эпосун тереңдеп үйрөнүү, кыргыз тары- хын изилдеп тактоо боюнча көп иштер аткарылган. Бул иштерге Москва, Ленинграддан көрүнүктүү окумуштуу- лар тартылып, алардын күч-аракети менен 1952-жылы республикада биринчи жолу «Манас» эпосу боюнча, 1956- жылы кыргыз элинин келип чыгыш тарыхы боюнча Бүт- күлсоюздук илимий конференциялар өткөрүлгөн. Кыргыз тилинде «Манастын» ар кандай бириктирилген вариант- тары жарык көргөн. Эки китептен турган «Кыргызстан- дын тарыхы» жазылган. И. Раззаков республиканы же­тектеп турганда басма сөз жана маданият тармагында өтө чоң жетишкендиктер болгон. 1950-жылдары республика­да адабият жана искусствонун бардык жанрларында эң сонун чыгармалар жаралган. 1958-жылы октябрь айын- да Москвада өткөн кыргыз көркөм өнөрүнүн декадасы эли- биздин руханий жетишкендиктерин бүт Союзга даңазала- ган. Исхак Раззаков республикабыздын жетекчиси болуп турганда опол-тоодой чоң эмгек жасаган, мындай ишти баары жасай бербейт... Исхак Раззаков Кыргыз мамлекет- түүлүгүн түптөөдө чыгаан инсандарыбыздын ар дайым ардактуу орунунда турмакчы.

    Сөздөр

    ыйык парз - священный долг муун - поколение балдар үйү - детский дом тарбияланган - воспитывался жалпы билим - общее образование кызыккан - интересовался кыска мөөнөттө - за короткое время калыптана баштаган - формировался жетишкендик - достижение ишеним - доверие чечим - решение балалык - детство чөйрөсүндө - в обществе тарбия - воспитание үзүрлүү - плодотворно кайталангыс - неповторимый өндүрүш - производство мекемелер - учереждения үйрөнүү - изучать изилдөө - исследовать басма сөз - пресса

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Исхак Раззаковдун бала кези жөнүндө айтып бергиле.

    2. Ал билимди кайдан алган?

    3. И. Раззаковдун саясий жана коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле.

    4. Исхак Раззаковдун мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ролу кандай болгон?

    БИЛИМ - ӨМҮРДӨГҮ ШАМ ЧЫРАК

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттеги в, ц, ң тамгалары катышкан сөздөрдү туура окугула.

    3. Кыргыз тилинде капча тамга, капча тыбыш бар?

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК
    ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ


    Кыргыз ССРинин Улуттук илимдер академиясы рес- публикабыздын окумуштууларынын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, алардын жараткан ийгиликтерине, Кыргыз- стандын гүлдөп өсүшүнө күбө болгон илимий мекеме. Ал 1943-жылы каардуу согуш мезгилинде негизделип, СССР илимдер академиясынын филиалынын базасында 1954- жылы 20-декабрда уюштурулган. Академиянын алдында табигый, техникалык, биологиялык жана коомдук илим- дердин областтарындагы илимий-изилдөө иштерин уюш- туруу маселелери коюлган. Анын курамына геология, бо­таника, химия, суу чарбасы жана энергетика, зоология жана пархитология, крайлык медицина, тарых, тил жана адабият институттары кирген. Алардын 8 сектору, 17 ла- бораториясы, экономикалык, география группасы, бота­ника багы, улуттук маданият музейи жана илимий китеп- канасы болгон. Филиал өзүнүн бардык күч-аракети Кыр- гызстандын байлыктарын коргоого, өнөр жайын, айыл чарбасын мындан ары өсүшүнө багытталган. Ошол мез- гилден бери республикабыздагы илим изилдөө иштеринин өсүш процесстери илимий академиясынын түздөн-түз таа- сири астында өнүгүп келе жатат.

    Кыргыз илимдер академиясы ачылган күндөрү анда илимдердин 12 доктору, 84 кандидаты, 110 илимий кыз- маткер иштеп турган. К. И. Скрябин Кыргыз ССРинин ардактуу академиги болуп шайланган. 1943-1952-жыл- дары филиалдын негиздөөчүсү, биринчи төрагасы болгон.

    Кийин (1954-60) биринчи президенты И. К. Ахунбаев, М. И. Иманалиев (1976-1986), Н. П. Лаврев (1986-1988), А. Акаев (1988-1991), И. Т. Айтматов (1991-1993) чейин иштешип келсе, андан кийин 1993-жылдан 2009-жылга чейин Т. К. Койчуев жетектеген. Азыркы учурда химия илиминин доктору Ш. Жоробекова жетектеп келет.

    Азыркы мезгилде 25 илимий мекеме, информатика жана чарбалык камсыздоо кызматтарынын эсебинен изилдөөнүн тематикалары эбегейсиз кеңейтилди. Бирок өзгөчө Кыргызстандын жаңы саясий абалына байланыш- туу кийинки жылдары Академияда өтө чоң өзгөрүүлөр болду. 1991-жылы республикабыз коз карандысыздыкка ээ болгондон баштап, жаңы экономикалык укладдуу, жаңы коомдук-саясий мамлекеттик калыптануу процесси баш- талганда, илим дагы жаңы адаптациясыз шарттарга туш келди. Бул процесс жеке гана Кыргызстанда эмес, бар- дык мамлекеттерде экономикалык кризиске байланыш- туу калктын жакырданышы маданиятты, илимди жана билим берүүнү кайра карап, ориентациялоо оор кырдаал- дарда өтүп жатат.

    1993-жылы декабрда Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн токтомунун негизинде илимдер академиясы Улут- тук илимдер академиясы деген статусун алды. Түштүк ре- гионалдык бөлүмү уюшулуп, жаңы уставы кабыл алын- ды. Өкмөт тарабынан 1994-95-жылдарда экономикалык реформаны тереңдетүү боюнча программа кабыл алын- ган. Анда республиканын эл чарбасынын приоритеттүү багыттарынын өсүшү белгиленген. Элге билим берүү ми- нистрлиги менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын 2000-жылга чейинки илимдеринин өсүшү, техника жана технологиянын мамлекеттик комплекстүү программасы» иштелип чыкты.

    Кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрү чет мамле­кеттерде да оз мекениндегидей таанымал болду. Эл ара- лык байланыштар да кеңейди. Симпозиумдарга, илимий кеңешмелерге катышып, докладдарды жасашты. Жаш оку- муштуулар ФРГ, АКШ, Японияда стажировкалардан өтүшүп, 30 га жакын адам Джордон Соростун фондунан жардам алышкан.

    Ошентип, Улуттук илимдер академиясы өзүнүн струк- турасын кайра куруу менен рынок шарттарына ылайык- таштырылытп, илимий багыттарды тандоого, илимий проекти- лерди финансылоонун жаңы принцибине, программаны бюджеттен тышкары финансылоого, академиялык жана жогорку окуу жайлардын биригүүсү илимдин интеллектуал- дык потенциалын сактап калууга жардам берет.

    Сөздөр
    1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   37


    написать администратору сайта