Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница10 из 37
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   37

ойчул - мыслитель

казыиа - сокровишница

бузуку - смутьян, подстрекатель

акылмандык - мудрость

бузукулук - подстрекательство

жамактоо - импровизация

чыккынчылык - предательство

шек жок - нет сомнений

алп - огромный

муун - поколение

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Манас» эпосун изилдөө иштери боюнча басылып чыккан эмгектер кайсылар?

  2. «Манас» эпосу жөнүндө окумуштуулардын айткандарынан мисал келтиргиле.

  3. Ч. Айтматов «Манас» эпосу тууралуу эмне деп айткан?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен атооч жөндөмөдө турган сөздөрдү таап, алар сүйлөмдө кандай милдет аткарып тургандыгын айтып бергиле.

  3. Жөндөмө мүчөлөрү уланган зат атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

«МАНАС» ЭПОСУНУН КӨРҮНҮКТҮҮ
ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ - М.О. АУЭЗОВ


Мухтар Оморханович Ауэзовду бүткүл дүйнө эли кө- рүнүктүү жазуучу жана белгилүү окумуштуу катары таа- нышат. Бул адамдын атын айрыкча кыргыз калкы сый- мык менен атайт, анткени М. Ауэзов улуту казак болсо да, эки элдин адабияты үчүн бирдей даражада эмгек сиңирген.

М. Ауэзов 30-жылдардын биринчи жарымынан тар- тып «Манас» эпосуна кызыгып, өзүнүн иликтөөлөрүн баштайт. Азыркы күнгө чейин окумуштуунун эки эмгеги Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият инс- титутунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Анын бирөө - «Манасты айтуучулар жана угуучулар чөйрөсү», экинчиси - «Кыргыздын баатырдык эпосу «Ма­нас» 1959-жылы М. Ауэзов аталган изилдөөсүн өзүнүн «Ар жылдар ойлору» деп аталган макалалар жыйнагына бир аз редакциялоо менен бастырган. Андан соң бул эм- гек 1961-жылы Москвадан жарык көргөн «Кыргыз эли­нин баатырдык эпосу - «Манас» деген китепке киргизил- ген. Ошентип, окумуштуунун кыргыз эпосуна арналган маанилүү изилдөөсү азыр илимпоздордун кеңири чөйрө- сүнө маалым. Мында ал эпостун жаралган доору, идеясы жана каармандардын образдары, манасчылар сыяктуу маанилүү маселелер боюнча өз ойлорун айтат.

Сөздөр

бүткүл дүйнө эли - всемирный народ

чөйрө - сфера, окружение сыймык менен - с гордостью доор — эпоха иликтөөлөр - исследования каарман - герой маанилүү - важный

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. М. Ауэзовду дүйнө эли кандай таанышат?

  2. М. Ауэзовдун «Манас» эпосуна кызыгып, иликтөөсү качан башталган?

  3. Анын эмгектери кандай аталат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, айтып бергиле.

  2. Жөндөмө мүчөсү уланган зат атооч сөздөрдү таап, сүйлөм түзгүлө.

  3. Этиштин өткөн чагынын түрлөрүн айтып, тексттен анын мүчөлөрүн тапкыла.

«СЕМЕТЕЙ»

«Семетей» - «Манас» эпосунун 2-бөлүмү. Анын негиз- ги темасы - баатырдык, б.а., Манастын жана анын чороло- рунун кунун кууп, Коңурбайга каршы ачкан согушу жана кыргыз урууларынын ичинен чыккан айрым ач көз, арам- за, баскынчы хандарды талкалашы. Бул жагынан ал «Ма­нас» жомогунун окуясын улантат. Айырмасы - лирика- лык теманын басымдуу орунду ээлеши, б. а. Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүнө байланыштуу өнүккөн сюжет.

«Манаста» күрөш бир гана багытта - сырткы душ- мандарга каршы жүргүзүлсө, «Семетейде» жалпы бирим- дүүлүк жоюлуп, уруу башчыларынын бийлик үчүн өз ара кармашы башталат. Ошондуктан, Семетейдин аракети ич- ки жана сырткы душмандарга каршы багытталат.

Семетей Букарада чоңоюп, Таласка келгенден кийин, бала баатырдын кабарын уккан Коңурбай аны жаш ке- зинде жайлап коюш үчүн согуш ачат. Бирок ал жеңилип калып, кыргыздарга көп чыгым төлөйт. Каарданып кал­ган Коңурбай көп кол жыйнап, 2-жолу Таласты камап келет. Бул жолу ал толук талкаланып, башы кесилет. Кытайлар менен болгон чоң согушка чейин Семетей ички душмандар Чынкожо, Толтойлорду жеңет. Бирок акыры «өздөн чыккан жаттар «Канчоро менен Кыяз (Толтойдун иниси) алдоо жолу менен аны жарадар кылат. Семетей жарадар болот, андан соң кайып болуп кетет.

Семетейдин мүнөзүндөгү башкы багыттоочу белги - баатырдык, адилеттүүлүк, өз эл-журтун жана чыныгы жарды сүйүү.

«Семетей» эпосундагы негизги каармандардын бири - Айчүрөк. Ал атасынын жерин душмандардан эркин болу- шу жана сүйүүсүнүн боштондугу үчүн жанын аябай күрөшө билген эр жүрөк кыздардын бири.

Сөздөр

кун - вира, пеня за убийство, за увечье

алдоо жолу - обманным путем

арамза - мерзавец, подлец

кайып болуп кетет - исчез, стал невидимым

баскынчы - басмач, бандит

боштондук - свобода

чыгым - расход, убыль

Тексттен кийинки тапшырма

  1. «Семетей» эпосундагы башкы тема кайсы?

  2. Эпостогу ички душмандар кимдер болгон?

  3. «Семетей» эпосундагы Айчүрөккө кандай мүнөздөмө бере аласыцар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, которгула.

  2. Тексттен энчилүү аттар катышкан сүйлөмдөрдү таап, суроолуу сүйлөм түзгүлө.

  3. Тексттеги кээ бир зат атоочторду белгилеп, аларды жөн- дөгүлө.

«СЕЙТЕК»

Кыргыз эпосторунун ичинен атасынан небересине че­йинки окуяны камтыган чыгарма жалгыз гана «Манас». Ал гана эмес С. Каралаев Манастын чөбүрөлөрү Алымса- рык, Кулансарык жөнүндө да айткан.

Манасчылар арасында эпостун биринчи эки бөлүмү - «Манас», «Семетей» жөнүндө эле коп айтылып, «Сейтек» булардын децгээлине чейинки көркөмдүк бийиктикке жет- кен эмес.

Улуу Горький айткандай, эл чыгармаларында эч ка­чан үмүтсүздүктүн күүсү чертилген эмес. Ошол сыяктуу, кыргыз калкы да Канчоронун чыккынчылыгы менен кыр- сыкка учурап, Семетей кайып болуп, Айчүрөк менен Күлчоро Кыяздын колуна түшүп кеткен боюнча эпосту аяктоону каалабаган. Алар чабылган, чачылган калайык

кайрадан баш кошсо, күч топтоп, душмандардан өч алса деп эңсеген. Мына ушундай турмуштук зарылчылыктан улам элдик көркөм фантазия «Сейтек» эпосун жаратып берген.

«Сейтек» эпосунун идеясы мурунку эки бөлүмдүн окуясы жаңы каарман Сейтектин катышуусу менен андан ары улантылат. Манастын небереси чоң атасы жана өз атасы сыяктуу эле баатыр чыгып, ички, тышкы душман- дарды толук талкалап, чачылган элди кайрадан баш кош- туруп, ата конушу Таласты кайрадан жердеп калат.

«Семетейдеги» сыяктуу эле «Сейтекте» да келечекте- ги эл коргоочу баатырды тарбиялап өстүрүүдө эне аяба- гандай зор роль ойнойт.

Эл сүйүктүү каармандарын эч качан өлүмгө кыйган эмес. Ошон үчүн «Сейтек» эпосунун аягында Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро бешөө санаалары тынып, эл-журтун Сейтекке тапшырып, өздөрү кайып бо- луп кетишет. Жомок «эрлер өтөт, эл калат» деген идеяны берүү менен жыйынтыкталат.

Ал эми «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору - кы- лымдарды кечип, укумдан-тукумга өтүп отуруп, бизге жет- кен улуу мурасыбыз.

Сөздөр

бийиктик - высота

үмүтсүздүк - безнадежность

чабылып-чачыл - (о народе) будучи разгромленным рассеяться

эңсөө - сильное желание

зарылчылык - необходимость

коргоочу - защитник

санаа - мысль, намерение, печаль

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Сейтек» эпосундагы негизги тема кайсы?

  2. «Сейтек» эпосундагы эненин ролу кандай?

  3. «Менин апам» деген темада дилбаян түзгүлө.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула.

  2. Тексттеги этиш сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

  3. Тексттен 3 жактын таандык уландысы жалганган зат атооч сөздөрдү тапкыла.

ТОГОЛОК МОЛДО - «МАНАС» ЭПОСУН
ЖЫЙНООЧУ


(Байымбет Абдрахманов)

(1860-1942)

1860-жылы Нарын өрөөнүнүн Куртка деген жеринде туулган. Кыргыз жазма акыны. Байымбет жаш кезинен атасынын жомок, ырларын үйрөнүп чоңойгон. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы атактуу Музооке комузчу-ырчынын тарбиясында жүрүп, эр жет- кен. Ырды он төрт жашында жаза баштаган, он сегиз жа- шында Тыныбек жомокчуга жолугуп, андан «Манас» жо- могун үйрөнгөн.

Тоголок Молдо айткан «Манастын» вариантындагы «Манастын балалык чагы» өз колу менен кагазга түшүрүл- гөн. Ал үчилтиктин мындан башка «Чоң казат», «Кичи казат», «Манастын ашы» сыяктуу эпизоддорун жана «Се- метей», «Сейтектин» толук вариантын жазып, академия- нын кол жазмалар бөлүмүнө өткөргөн. Тоголок Молдо- нун вариантындагы «Манастын балалык чагы» деген эпи­зод жорго сөз менен жазылган. Ал латын ариби менен жазылып, бардыгы 498 беттен турат, инв. №567.

Сөздөр

өрөөн - долина

казат - война за правое дело

аталаш - имеющий 1го отца, единокровный аш - поминки (здесь) тарбия - воспитание жорго сөз - плавная речь балалык чак - детство

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Тоголок Молдонун наамына ыйгарылган кандай аталыш- тарды билесиңер?

  2. Эмне үчүн Байымбет Абдырахмановду Тоголок Молдо деп аташат?

  3. Тоголок Молдонун кандай чытармалары менен таанышсы- ңар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, которгула.

  2. Тексттен кээ бир сүйлөмдөргө морфологиялык талдоо жүргүзгүлө.

  3. к, г, тамгасынын эки түрдүү айтылышын тексттен таап мисал келтиргиле.

МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ

Тоголок Молдонун жазган «Манастын балалык чагы» эпизодунун кыскача сюжеттик мазмуну төмөндөгүдөй баян- далат.

Анда кытайлардын кыргыздарды чар-тарапка тарат- каны айтылат. Кыргыз түртүлүп айдалып, Алтай тоосуна камалганынын себеби башында Манастын төрөлүшүн бол- жоп, кытайдын билгич балчы сыйкырчылары: «Түркстан- да түрк бир бала туулат. Бала кыраандык атак алып, кылыч кармап аттанганда кылымга бүлүк салат, кытайың аман калбайт, уругу алаш болот, аты Манас болот», - дешип Эсенканга ошол баланы алдын ала жоготууну ке- ңеш беришет. Түрктөргө кол жиберип, айдатып келип, Алтай тоосуна камап салмак болушат.

Баатыр башы Чоталаны аскер башы кылып жөнөтү- шөт. Ал үч жылы жүрүп Түркстанды багындырып кай- тат. Ошондо түрк уруулары Эсет, Досот, Эштек, Кыпчак, Нуркунандан жан калбай кытайлардын колуна түшөт.

Кытайлар кыйындардын башын бириктирбей, жаңы туулган балдарды өлтүрүп кытайлардан аким коюшат.

Баласыз жүргөн Жакып ыйлап, кудайдан бала тилейт. Бир күнү Чыйырды түш көрөт. Түшүндө ак селделүү, ак сакалдуу адам кашына келип, тилеген тилегиңерди кудай кабыл кылды, мени аманат алма берип силерге жиберди, ыйлабасын деди, - дейт.

Жакыптын түшүнө куш кирет. Көргөн түштөрүн жо- рутушуп, түлөө өткөрүп, той беришет. Байбиченин боюна бүтүп, жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Ай-күнү жет- кенде жети күн толгоо тартып, бала төрөлөт.

Той берип, балама ат коюп бергиле деп, Жакып элге кайрылат. Аңгыча ак күлө кийген думана пайда болуп «Манас» деп баланын атын коёт.

Манас тентек чыгып, атасы аны Ошпур койчуга бе­рип кой кайтартат. Кой кайтарып жүрүп кырк чилтенге жолугат. Жер коруп жүргөн Кортук калмакты өлтүрөт. Эсенкандын жиберген кытай-калмактарын ордо үстүндө өлтүрүп, төөлөрүн таратып жиберет. Манасты издеп кел- ген кытайдын эки дөөсүн Манас кулак-мурдун кесип ай- дап жиберет.

Манас 15 жашында жолдоштору менен аң уулоого ба- рып, аны кармаш үчүн келген 900 кытайды кырып таш- тайт. Ушул жерден жолдоштору аны кан шайлашат.

Сөздөр

ата-баба - предки

билгич - знаток

нуска - образец, пример

балчы - гадальщик

чар-тарап - окрестность, округ

сыйкырчы - колдун, волшебник

кыраандык - богатырство, мужество

аскер башы - глава войска кылыч - меч багындыр - подчинение, покорение калк - население түш - сон

какан - хакан, китайский император

ак сакалдуу - белой бородой

урук - племя

селделүү - имеющий чалму

алаш - боевой клич казахов, кыргызов

тилек - желание

жоготуу - уничтожение

аманат - часто употребляемый эпитет души, как вы­ражение бренности земного существования

кол - конный отряд

жоруу, түш жоруу - толкование сна

түлөө өткөрүү - совершать жертвоприношение

талгак - вкусовые капризы

ак күлө - конусообразная шапка дервиша

чилтен - чильтаны (40 существ. якобы незримо живу­щих среди людей и обладающих сверхъестественной силой) ац уулоо - охота

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Манастын балалык чагы Тоголок Модонун варианты бо- юнча кандай сүрөттөлөт?

  2. Кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы мамиле кан- дайча баяндалат?

  3. Түштүн эпостогу мааниси, силер түшкө кандай маани бе- ресиңер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги сын атооч сөздөрдүн жасалышын түшүндүргүлө.

  3. Тексттеги сын атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ АЯЛДАРДЫН
САПАТТАРЫНЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ


Улуу эпосто аялзаты үй-бүлөнүн куту, ырыс-кешиги, жакшылык менен жамандыкты, кубаныч менен азапты тең бөлүшкөн адам катары сүрөттөлөт.

«Манас» эпосунда аялдардын галереясын түзгөн каар- мандар адамгерчилик сапаттары менен касиеттерине, кы- лык-жоруктары менен мүнөздөрүнө карата шарттуу түрдө жакшы жана жаман аялдар деп эки топко бөлүштүрүлгөн.

Биринчи топтогу жакшы аялдарга: ички рухий дүйнөсү менен сырткы келбети, сымбаты, сулуулугу бири-бирине төп келишкен, эр-бүлөнүн жакшылык менен жаманды- гын, кубаныч менен кайгысын тең бөлүшүп, күлсө күлүп, ыйласа ыйлап, ийгиликтерине маңдайы жарыла сүйүнгөн, тескерисинче, жамандыктарына кабыргасы кайышканын билдирген чыныгы жан жолдош, өмүрлүк жубай, акы- реттик жарлар кирет.

Алар үй-бүлөнүн куту, ырыс-кешиги, байлыгы, бере- кеси, эр-азаматтын башына каран күн түшкөндө таянар тоосу, жардамчысы жана кеңешчиси. Бул аялдар жак­шылык менен жамандыкты алдын-ала сезген акылман, көрөгөч, кара кылды как жарган калыс, уз, ишмер, мээр- ман колундагысын жетим-жесирге бөлүштүрүп берүүдө кайрымдуу, боорукер, колу ачык, берешен, март.

Экинчи топтогу жаман аялдар: адамгерчиликсиз, адеп- сиз, ач көз, сараң, ичи тар, колунан иш келбеген чоркок, уят-сыйытты билбеген жүзү кара, эки жүздүү, ушакчы, сырткы келбети ички рухий жандүйнөсү менен айкалыш- паган, «сырты жалтырак, ичи калтырак», акылсыз, наа- дан, адепсиз, жасакер, кошоматчы.

Жогоркудай жаман сапаттагы аялдар эпосто үй-бүлө- нүн кутун, ырыс-кешигин, байлыгын, берекесин учурган эр-бүлөнүн шору катары сүрөттөлөт.

Улуу эпосто аялдардын үй-бүлөдө, коомдо алган орду ар тараптуу жана кеңири сүрөттөлөт. Эпостон аялдарга карата социалдык кемсинтүүнү көрө албайсың, тескери­синче, алар эркектер менен бир укукта туруу менен алар- дын терең урматтоосуна, кадырлоосуна ээ болгондугу туу- ралуу кабардар болобуз.

Сөздөр

сапат - качество

рухий дүйнө - духовный мир

сырткы келбети - внешность; внешний облик

сымбат - стройность, статность

маңдайы ж.арыла сүйүнгөн - сияет от радости акыреттик жар - жена до гроба чоркок - неловкий, недотепа кемсинтүү - унижение бир укукта - на равных правах

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Тексттеги аялдардын жакшы жана жаман сапаттарын бил- дирген сөздөрдү пайдаланып, дилбаян жазгыла.

  2. Айланаңарда силерди курчаган аялзатына мүнөздөмө бер- гиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, айтып бергиле.

  2. Тексттен энчилүү жана жалпы заттарды тапкыла.

  3. Кээ бир сөздөргө фонетикалык талдоо жүргүзгүлө.

«МАНАС» ТОПОНИМИ

Манса, Маниса, Манас Орто Азияда орто кылымдар- да жайгашкан бийик тоолуу өлкөнүн аты. Фарсы тилинде жазылган «Худад ал Аламда» жолугат (10-к.)

Анонимдик автордун бул эмгеги боюнча Манас эбе- гейсиз зор, коп тармактуу залкар тоо системасы. Манса түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз менен Шелжинин (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чеги­не, батышта Туран ойдуңунан, чыгышта Кытайга чейин созулат. Тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борбор- дук бөлүгү Игражарт, түштүк тарабы Буттем деп атал- ган. Мансанын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй бет алган.

Манис тоо системасынын негизги бөлүгүн азыркы кыр- гыз жергесинин чокусу - Манас (Манас-Ата) илгери Ма­ниса топониминин өзгөргөн формасы, же тескерисинче, Мансанын (Маниса) өзү андан мурунку Манас ысмынын араб жазуусун тыбыштык системасынын бир мүчүлүштүк көрүнүшү деп каралышы мүмкүн.

Сөздөр

орто кылым - средний век

тармак — отрасль

өлкөнүн аты - название страны

тескерисинче — наоборот

жолугат - встречается

мурунку - прежний

эмгек - труд

мүчүлүштүк - недостаток, нехватка

эбегейсиз зор - грандиозно большой

көрүнүш - явление

созулат - простирается

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Манас» фарсы тилинде жазылган эмгекте эмне деп атал- ган?

  2. Бул залкар тоо системасы кайда жайгашкан?

  3. Кыргыз жергесинде кайсы тоо негизги бөлүгүн түзгөн? (Өзүңөр билген материалдардан да пайдалангыла.)

ӨМҮРҮ ӨРНӨК АДАМДАР
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   37


написать администратору сайта