управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
маданият - культура жазуучулар союзунун мүчөсү - член союза писателей жолугушуу - встреча элдик чыгарма - народное произведение айылдык кецеш - сельский совет орун басар - заместитель ички дүйнөсү - внутренний мир көрбөй калган - ослепнул ой жүгүртүүлөрү - мышление жаратылыш - природа аткаруучу - исполнитель айтыш - поэтическое состязание Тексттен кийинки тапшырма. Б. Алыкулов башка акындардан чыгармачылыгы жагынан эмнеси менен айырмаланат? Акын кандай иштерде иштеген? Ал кимдер менен айтышкан? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Кыскача маанисин айтып бергиле. Тексттен таандыкты билдирген сөздөрдү тапкыла. Кыргыз тилинде таандыктын мааниси кандай жолдор ме- нен уюшулат? ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ (1864-1933) XX кылымдын биринчи жарымындагы акындык өнөр- дүн ири өкүлү Токтогул Сатылганов болгон. Ал кесипкөй акындардын бүтүндөй тобун тарбиялаган жана өзүнүн мектебин түзгөн. Токтогул акындык ыр жаратуучулуктун бардык жанр- ларына ээ болгон. Бардык кыргыз акындарындай эле өзүнүн чыгармачылык жолун ыр фольклорунун массалык жанрларын өздөштүрүүдөн баштаган. Анын биринчи чы- гармалары лирикалык элдик ырлардын духунда түзүлгөн. Булар, мисалы, «Алымкан», «Насылкан» (кыздардын аттары), «Кызыл көйнөк» ж. б. Сатылгановдун чыгарма- чылыгында акырындык менен биринчи планга саясий жана социалдык-сындоо багытындагы ырлар, мисалы, «Беш каман» сатирасы чыккан. Токтогул Сатылганов Суусамыр болуштугунун Наманган уездине караштуу (азыркы Токтогул району) Сасык- Жийде кыштагында 1864-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын энеси Бурма таланттуу жана өзүнүн айма- гына белгилүү кошокчулардан болгон. Ал Токтогулдун биринчи насаатчысы болуу менен анын ырга болгон шы- гын козгогон. Токтогулдун кесиптик калыптанышы ошол учурдун белгилүү элдик ырчылары жана музыканттары Эсенаман, Ниязаалы, Сары Ырчы, Көчкөмбайдын таасирлери менен башталган. 1882-жылы Дыйканбай манаптын акыны Арзымат менен Токтогулдун айтышы болгон. Айтышта Токтогул жеңип чыккан. Бул акындын тагдырын чечкен. Токтогул эл шайырынын, кесипкөй элдик акындын жана музыканттын жолун тандап алган. 1898-жылы Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө катыш- кан деген жалаа менен камакка алынган. Сибирге жети жылдык жер которууга айдоо менен алмаштырылган. Иркутск багытындагы Александр борборунда Токтогул беш жылын өткөргөн. Бир нече жолу аракет кылгандан кийин, ал качып чыккан. Ата Мекенине 1910-жылы кай- тып келген. Ал мезгилде аялы кетип, уулу чарчап калган. Бирок бул кайгы Токтогулду мөгдөткөн жок, анын тагдырынын оомалуу-төкмөлүүлүгү анын чыгармачылык- ка, жашоого болгон бекем эркин мокото албады. Ал бел- гилүү акын, жөнөкөй элдин «үнү» болуп кала берди. Токтогул 1933-жылы 69 жашында өзүнүн айылында каза болгон. Токтогул Сатылгановдун акындык ыр чыгармачылы- гын терт мезгилге белее болот. Биринчиси, Сибирге чейин- ки мезгили деп аталат, ал негизинен салттуу ырларды - лирикалык «секетпай» жана «күйгөндөрдү» аткарган. Алардан сырткары санат, насыят тибиндеги акындык ырларды, мисалы, «Эмне кызык», «Гүлдөп ал», «Үлгү ыры» деген ырларды чыгарган. Экинчиси, Сибирь мезгилиндеги ыр чыгармаларынын негизги темасы аргасыздык темасы, Ата Мекенин эңсеп сагынуу болгон. Ага «Элиме качан жетемин», «Туткунда- гы арман», «Айланган тоонун бүркүтү», «Ушундайбы су- рагын», «Азапка түштү өмүрүм» деген ырлары арналган. Куугунтукка алынгандагы азаптары жана анын үзүлбө- гөн үмүтү «Элиме качан жетемин» деген өз алдынча ырын- да чагылдырылган. Үчүнчү мезгил, Кыргызстанда совет бийлиги орногон- го чейин Сибирден кайткандан кийинки чыгарган ырларды камтыйт, Токтогулдун Ата Мекенине кайткандан кийинки биринчи ыры Топчубайдын каза болушун кошок катары акын тарабынан чыгарылган жана аткарылган «Балам жок» деген кайгылуу ыры. Жеке жанрда Токтогул ар кандай темадагы ырларды да жараткан: патриоттук - «Бийик көтөр тууңду», «Туул- ган жерим», «Балбандык, байлык пахтада», сатиралык - «Басмачынын огу жок», «Орозо», лирикалык - «Керээз» ж. б. Токтогулдун генийдик универсалдуулугу - анын та- лантынын көп кырдуулугунда жана жанрлары менен сти- линин көп түрдүүлүгүндө Т. Сатылганов өзүнөн мурунку- лардын көркөм салттарын чыгармачылык менен өнүк- түргөн жана кыргыз кесипкөй элдик музыкалык-поэ- тикалык искусствонун жаңы келечектерин ачкан, анын шакирттери жана жолун улантуучулары аны өнүктүрүш- көн. Сөздөр тарбиялаган - воспитывал чыгармачылык жолу - творческий путь саясий - политический түзгөн - создал сындоо - критиковать багытындагы - в направлении насаатчысы - наставник таасири - влияние тагдыр - судьба чечкен - решил тандап алган - выбрал көтөрүлүш - восстание келечек - будущее шакирттери - наставники Тексттен кийинки тапшырма. Т. Сатылганов өзүнүн чыгармачылык жолун кайсы жанр- ды өздөштүрүүдөн баштаган? Акындын ырга болгон шыгын козгогон биринчи насаатчысы ким болгон? Анын кесиптик калыптанышына кайсы ырчы, музыкант- тардын таасири тийген? Т. Сатылгановдун ыр чыгармачылыгы канча мезгилге бөлүнгөн? Акын кайсы манаптын ырчысы менен айтышка чыккан? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп которгула, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен табыш жөндөмөсүнүн 1-2-типтеги жөндөлөшүн тапкыла. Кыргыз тилиндеги жөндөлүштүн типтерин айтып бергиле. ТОГОЛОК молдо Тоголок Молдо (чын аты, жөнү - Байымбет Абдрак- манов) 1860-жылы Нарын өрөөнүндөгү Ак-Талаа райо- нундагы Куртка деген жерде дыйкандын үй-бүлөсүндө ту- улган. Ал ошол эле жерде 1942-жылдын 4-январында каза болгон. Атасы Абдракман эл ырларын жакшы билген, жыйындарда ырдай коюп жүргөн киши болгон. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тарбиясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайт- кандан кийин атасынын агасы атактуу Музооке ырчы- нын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат тааны- ган. Кийин молдого төлөй турган каражат жоктугунан окууну уланта албай, дыйканчылык кылууга өткөн. Ырды он төрт жашында жаза баштаган. Жигит курагында көбүнчө сүйүү темасына кайрылып, «Кара көз», «Толго- най», «Жигиттин кызга ырдаганы», «Кыздын жигитке ырдаганы» аттуу ырларын жана «Үрпүкөн» поэмасын жараткан. Бул чыгармаларында кыргыз кыздарын уяң болбой, эски үрп-адатты жоюп, өз укугуна жетүүгө үндөйт, сүйгөнүнө карата жүрөктөгү чын сырын айтат. 18 жашында Тыныбек жомокчуга жолугуп, бир нече ай кошо жүрүп, «Манас» жомогун үйрөнгөн. Тоголок Молдонун чыгармачылыгы көп кырдуу, те- матикага бай. Ал кыргыздын оозеки чыгармаларын, миф- тик түшүнүктөрүн, ишенимдерин, ага карата чыгарган ырларын көп билген. Кыргыздын «Шырдакбек», «Жа- ңыл мырза», «Мендирмен» сыяктуу дастандарын жакшы айтып, аны жазып тапшырган. «Манасты», «Семетейди» да айткан, кыргыз элинин тарыхын үйрөнүүгө көп көңүл бөлүп, кыйла жерди кыдырып, санжыра жазып жүргөн. Тоголок Молдо эки доордо жашап, эки доордо тең чыгармачылыгын уланткан акын болгондуктан чыгарма- лары эки доорго бөлүнүп каралат. Октябрь революция- сына чейинки чыгармаларына сүйүү темасындагы ырла- ры, кошоктор, армандар, фольклордук сюжет боюнча жазган чыгармалары, тамсилдери, ашкерелөөчү ырлары жана башкалар кирет. Эгер Тоголок Молдо сүйүү ырла- рында жаштык ой-кыялын, ашыктык сезимин билдирсе, «Дыйкандын аялынын кошогу», «Маананын кошогунда» эмгектин маанисин өзгөчө даңазалап көрсөтөт; «Чалга берген кыздын арманы», «Жаш балага берген кыздын арманы», «Насыяга кеткен кыздын арманы» ж. б. арман ырларында кыз-келиндердин адамдык укуктан ажырап, мал катары сатылганына, насыяга кеткенине жаны ачып, ошондой абалга кириптер кылган эски үрп-адатка наалат айтат. Фольклордук сюжеттен алынган «Кемпир-чал», «Бабыркан», «Телибай тентек» сыяктуу чыгармаларын- да өткөндөгү түркөйлүктү ашкерелеп, адамдардын сезимин шоолантууну көздөйт. Ал эми сатиралык ырларында бай-манаптардын, бий-болуштардын, эшен-калпа, кожо- лордун, казылардын терс кыял-жоругун мыскылдайт. Ал «Тезек-тагай эли тууралуу», «Чачынын кошогу», «Селде оронгон молдо кой», «Кожонун аңгемеси», «Кемчонтой» (1900) деген ырлары менен поэмаларында ач көздөрдүн, акылсыз бий-болуштардын, эки жүздүү дин өкүлдөрүнүн типтүү образдарын түзгөн. Тоголок Молдо тамсил жанрын- да көп чыгармалар жазган: «Бөрү менен түлкү», «Бөдөнө- нүн түлкүнү алдаганы», «Каркыра менен түлкү», «Эшек менен булбул», «Иттин доолдай тиктирем дегени», «Уй музоосунан сыр сураганы», «Куба кой менен ээси», «Суу кушу менен боз кушу» ж. б. Тамсилдеринин баарында тең түлкүдөй куулар, бөрүдөй алаңгазар зөөкүрлөр, эшектей макоо бийлер, кырчындай жырткыч бийлөөчүлөр ж. б. терс көрүнүштөрдү сындайт. Булбул тилдүү акындардын талантына баа берилбегенине, Каркырадай, Куба койдой момундардын өткөн заманда кор болуп, зулумдардан ка- туу эзилгенине өкүнгөнүн билдирет. Тоголок Молдонун тамсилдери - кыргыз жазма адабиятындагы тамсил жан- рын түптөнткөн чыгармалардан. Тоголок Молдонун калкка кол жазма бойдон тараган «Өзгөрүш» (1918), «Насыят» (1925), «Эркиндик» (19191923), «Аткантаң менен Сүйгөнбай», «Кедейлерге насыят» деген поэмаларды жараткан. Тоголок Молдо 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында катышып, андан алган таа- сирлерин «Бактылуумун», «Жыргадым», «Сырым» деген ырларында айткан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин- деги чыгармаларында согуш элге бүлгүнчүлүк алып кел- гендигине кейийт, элди ынтымакка, душманга катуу сок- ку урууга чакырган ишенимди билдирет. 1940-жылы Тоголок Молдонун 80 жылдык, 1960-жылы 100 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Акындын ысмы менен Кыргызстан- да айрым кыштактар, айылдар, көчөлөр аталат. Фрунзе шаарында эстелик орнотулган. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Чыгармаларынан орусча которулган- дары бар. Чыгармачылыгы боюнча изилдөө иштери жа- зылган. Сөздөр жыйын - собрание үйрөнгөн - научился тарбиясында - на воспитании атактуу - знаменитый ырчы - певец каражат - средство жаза баштаган - начал писать жигит курагында - в молодости жараткан - создал чыгармалары - произведения эски үрп-адат - старая традиция өз укугу - свое право үндөйт - призывает доор - эпоха сезим - чувство дацазалоо - прославить өзгөчө - особенно Тексттен кийинки тапшырма. Тоголок Молдонун чыгармачылыгынын өсүшүнө ким таа- сир берген? Акын ырды канча жашынан баштап жаза баштаган? Тоголок Молдо кандай темаларга кайрылган? Акын өзүнүн чыгармаларында кимдерди ашкерелеп, мыс- кылдайт? Тоголок Молдо дагы кандай жанрларга кайрылган? Ал кыргыз кыздарын эмнеге үндөйт? Тоголок Молдо кандай сыйлыктарга татыктуу болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Кыскача маанисин айтып бергиле. Тексттен көптүк санды билдирген сөздөрдү тапкыла. Зат атоочтун сан категориясы кандай жол менен уюшу- лат? КУЙРУЧУК Куйручук (өз аты-жөнү - Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866-жылы Жумгал районундагы Курмангожо-Кулжыгач деген айылда туулган. Кыргыз эл куудулу, ырчысы. Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп, оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жуму- шун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы ты- мызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажы- ратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Бул болсо өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштар- дын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеп чыгышына өбөлгө болгон. Анын «Бейиттеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» ж. б. жоруктары эл арасына кеңири бел- гилүү. Мисалы, «Жалаа» дегенинде Куйручук курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасы- нан куткарып калганын айтып, манап уялбай өз кылмы- шын кедей жигитке жабыштырганын ашкерелейт. «Бейиттеги үн», «Арбак» деген жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым бар- да кайда болсо коном» деген чыгармасында сараң киши- лерди сынга алат. Куйручук куудул гана эмес, токмо ырчы да болгон. Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн ж. б. дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармала- рын, улама сөздөрүн, санжырасын коп билген, керке уста, ашкан чечен адам болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылат. Жазуучу К. Бектенов анын мурасын чогул- туп, ал жөнүндө китеп жазган. Куйручук чыйрак, карылуу да киши болгон. Жыйыр- ма жети жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Күрөштөн алган байгелерин колунда жокторго таратып берчү экен. 1940-жылы коз жумган. Сөздөр мыскылдайт (шылдыңдайт) - осмеять өткөргөн - проводил эзүүчүлөр - угнетатели жарды жалчылар - наемники пикир келишпестик - недопонимание коомдук мамиле - общественное отношение курч - острый өтүмдүү - пробивной жалаа - клевета ылакап - поговорка чечен - красноречивый оозеки чыгарма - устное произведение санжыра - легенда Тексттен кийинки тапшырма. Куйручук ким болгон? Ырчынын балалык кези кандай өткөн? Ал кимдердин кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеп чыккан? Анын эл арасында кандай жоруктары белгилүү болгон? Куйручук куудулдуктан, ырчылыктан башка дагы кайсы жанрларга кайрылган? Куудул канча жолу балбан күрөшкө чыккан? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула жана кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү тапкыла. Киринди сөздөр жөнүндө айтып бергиле. МИДИН АЛЫБАЕВ Таланттуу акын-сатирик жана драматург Мидин Алы- баев 1817-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туул- ган. Акындын асан чакырып койгон аты Асамидин бол- гон. Ал «Кара-Баткак» баштооч мектебин аяктаган соң, 1931-жылы Бишкектеги педтехникумга кирет. Бул техникум анын акын, инсан катары калыптанышына зор таасир эткен. Чыгармачылыгынын башталышы да мына ушул мезгилге туура келет. Анткени «Маданият биздин дос», «Эмгек талаасы», «Курч калемдер» аттуу ырлары- нын аягына «1934-жыл» деп кол койгон, демек, бул чы- гармалар акындын 16, 17 жашында эле ыр жазууга ки- ришкендигинен кабар берет. Ал «Ленинчил жаш» газетасынын редакциясында иштеп жүргөндө (1936-1938) аскерге чакырылып, фин- дер менен болгон согушка катышат. Анын «Керим» аттуу поэмасы, «Урулбас ант», «Асман жигиттери», «Бил, душман», «Беш атар» сыяктуу ырлары, «Ок» очерки ошол мезгилди чагылдырат. Согушта жүргөндө парашюттан секирүү учурунда бу- тун сындырып алат да, 1940-жылы жерине кайтып келет. Ал эми кийин Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде райкомдо жалпы бөлүмдүн башчысы, зоотехник, «Социа- листтик мал чарба» гезитинин кызматкери болуп иштейт. Кан майдандын сабагы, акындын жүрөгүнө жакын тема- ларга кайрылышы - анын талантынын өркүндөп өсүшүнө, чыгармачылыгында бурулуш жасоого негиз болгон. Согуш убагында «Күтчү, секет», «Соң-Көл» (1943), «Ыйлабачы», «Жоомартка» (1944) сыяктуу көптөгөн ыр- ларды жазса да, турмуштук окуядан алынган «Ыйлабачы» деген ыры алардан өзгөчөлөнүп турат. Досу Жума каза болгондо, аялы Аселге арнап жазган бул ыры 1944- жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланып, кийин «Ырлар жыйнагына» (1957) кирет. М. Алыбаевдин атын чыгарган жанрдын бири - анын эпиграмма, жолдоштук азилдери. Анын азил саптары элге кеңири жайылып, жадыбалдай жатка айтылган. Чукуган- дай сөз тапкычтыгы, чындыкты бетке айтмалыгы, каар- манынын ишине берген баасын, кыял-жоругун аз гана саптарга батыра билген чеберчилиги анын азилдеринен айкын байкалат. Учурунда эпиграмма жазгандары көп болсо да Мидин- дикиндей ооздон-оозго өтүп уланып кеткендери сейрек. «Чалкан дос», «Осмонаалы лөкүй», «Дүжүр бука», «В. Мая- ковскийге акындык отчет», «Тянь-Шань» өңдүү ыр, сати- ралары жана «Балтек жөнүндө баян», «Кызматтан түшкөн короз», «Карга менен сагызган», «Бак жана жылан», «Түлкү менен кашкулак» жана башка тамсилдерди өзүнүн тематикасынын актуалдуулугу, сатиралык мазмунунун тереңдиги боюнча азыр да эң керектүү чыгармалардан. Кыска өмүрүндө М. Алыбаев кыргыз поэзиясынын кенчине айланган лирикалык ырлардын өзгөчө бир үлгүсүн калтырып кетти. Анын «Ала-Тоо», «Соң-Көл», «Сууса- мыр», «Тянь-Шань», «Жайкы жамгыр», «Шаркыратма», «Жайлоо суусу» деген көптөгөн ырлары бардык муундар тарабынан жогору бааланып, биз менен кошо жашоосун улантууда. Ал 1959-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөздөр зор таасир - огромное влияние чыгармачылыгы - творчество чагылдырат - описывает секирүү - прыжок баштооч мектеп - начальная школа туура келет - совпадает сындырып алат - сломает кайтып келет - возвращается кан майдан - кровавая битва бурулуш - переворот азил - шутка, забава жадыбалдай - как таблицу сөз тапкычтык - находчивость бетке айтуу - говорить в лицо Тексттен кийинки тапшырма. Акындын асан чакырып койгон аты ким болгон? Ал кайсы жерлерде окуган жана иштеген? Финдер менен болгон согушту кайсы чыгармаларында ча- гылдырган? Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган чыгар- маларын айтып бергиле. М. Алыбаевдин атын чыгарган жанр кайсы? |