Главная страница
Навигация по странице:

  • Сөздөр негиз салуучу

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр эл жазуучусу

  • Сөздөр улуу

  • Сөздөр оорусуна байланыштуу

  • Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. III жактын таандык мүчөсү уланган зат атооч сөздөрдү тапкыла. АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница19 из 37
    1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   37

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, орус тилине которгула.

    2. Этиштик сөз айкашын таап, анын байланыш жолдорун айтып бергиле.

    3. Атоочтук сөз айкашы деп эмнени айтабыз?

    МОЛДОГАЗЫ ТОКОБАЕВ

    Белгилүү акын, кыргыз драматургиясына негиз салуу- чулардын бири жана коомдук ишмер Молдогазы Токо- баев 1905-жылы Ысык-Кол районуна караштуу Тору-Ай- гыр айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Эки жашында энеси өлүп, 1917-жылга чейин атасынын ко- лунда тарбияланат. 1917-жылы атасы өлүп, туугандары- нын колунда жана ар кимге жалданып жан багат. 1921- жылы Караколдогу жетим балдар үйүнө алынат. Андан Түп районундагы айыл чарба техникумуна которулуп, анда 1926-жылга чейин окуйт.

    1926-1929-жылдары Каракол жана Нарын Кантонун- да кантком комсомолдун секретары болуп иш аткарат. 1929-1931-жылдары Москвадагы Коммунисттик универ- ситетте окуйт. 1931-1936-жылдары Кочкор райондук партия комитетинин секретары жана Сакалды МТСинин саясий бөлүмүнүн башчысы, 1936-1937-жылдары «Кы­зыл Кыргызстан» газетасынын редактору, 1937-38-жыл- дары Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын ди­ректору болуп иштейт. 1938-40-жылдары Жалал-Абад об- ласттык аткаруу комитетинин председатели болуп иште- ген. 1940-жылы кайра партиялык кызматка көтөрүлүп, Кыргызстан Борбордук партия комитетинин секретары, 1941-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиу- мунун төрагасы болуп шайланат. 1944-жылга чейин ошол кызматты аткарат. 1944-жылы Талас областтык партия комитетинин биринчи секретары болуп дайындалат. Анда 1947-жылга чейин иштейт. 1948-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин төрагасы болуп кызмат аткарды. 1953-1957-жылдары «Советтик Кыргызстан» газетасынын сын жана библио­графия бөлүмүн башкарды.

    М. Токобаевдин чыгармачылык иши советтик кыргыз адабияты биринчи жаралган күндөн башталат. 1924-жылы «Эркин-Тоо» газетасы чыга баштаганда М. Токобаевдин «Кайсы убак», «Жан карындаш» деген ырлары жарыя- ланат.

    1931-жылы М. Токобаевдин биринчи ырлар жыйна- гы басмадан чыгат. 1940-жылдары «Эмгек булагы», «Эр- дин күчүн эл сынайт», элүүнчү жылдардын ичинде «Шай- ыр жаштар», «Шаңдуу күн», «Гүлжан», «Тандалган ыр­лар», «Күжүрмөн эмгек» ж. б. китептери чыгат.

    М. Токобаев кыргыз драматургиясына да негиз салуу- чулардын бири. Кыргыз элинин театр искусствосу ушул күнгө чейин сахнадан түшпөй келе жаткан М. Токобаев­дин «Кайгылуу Какей» аттуу пьесасы менен башталган.

    Кыргыз элине жана адабиятына сиңирген эмгеги үчүн М. Токобаев Ленин ордени менен, эки жолу «Ардак бел- гиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941- 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сый- ланган. СССР Жогорку Советине жана жергиликтүү со- веттерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.

    Ал 1974-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Сөздөр

    негиз салуучу - основоположник

    тарбияланат - воспитывается

    жалданып иштейт - работает наемником

    жетим балдар үйү - детский дом

    которулат - переводится

    аткаруу комитети - исполнительный комитет чыгармачылык иши - творческая работа

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Молдогазы Токобаевдин балалык чагы кандай өткөн?

    2. Ал кыргыз адабиятынын кайсы жанрына негиз салуучу- лардан болгон?

    3. Акын өзүнүн чыгармачылык ишинен башка кандай коом- дук иштерде иштеген?

    4. Анын чыгармачылык иши качан башталган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен кызматчы сөздөрдү тапкыла.

    3. Кызматчы сөздөр деп эмнени айтабыз, алардын сүйлөмдөгү ордун айтып бергиле.

    ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

    Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Рес- публикасынын илимдер академиясынын акдемиги, коом- дук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык- Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулган. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай бала­лык чагында турмуштун далай кыйнчылыктарын башы- нан өткөрөт.

    Табигый таланты бар болочок жазуучу кезинде эле эне- синин айткан жомокторун, кошокторун кунт коюп угуп жүрүп, кат тааныгандан баштап эле адабиятка кызыгып, китептерди үзбөй окуй баштайт. Өзүнүн өмүр баяны көркөм мүнөздөгү «Жол» аттуу китебинде кеңири жазылган.

    Ошол кездеги кыргыздын бардык жазуучулары сыяк- туу Т. Сыдыкбеков да чыгармачылыгын поэзиядан башта- ган. Анын «Күрөш» деген туңгуч жыйнагы 1933-жылы басмадан чыгат. Ага удаалаш «Баатырлар», «Акын бул- бул», «Күн жарчысынан кабар» сыяктуу ыр жыйнакта- рын жаратат. Мына ушул ыр жыйнактарынан кийин про­за жанрында иштейт. Алгач өз мезгилинде жалпы совет адабиятында эң мыкты чыгармалардын бири катары эсеп- телген «Тоо арасында» (Кең-Суу) роман эпопеясын жазган. Романда коллективдештирүү учурундагы элдин турмушун салт-санаасын, тарыхын, экономикалык жана маданий жааттагы өзгөрүштөрдү кылдат иликтесе, Улуу Ата Мекен- дик согуш мезгилин камтыган «Биздин замандын кишиле- ри» романы кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

    Ал эми согуштан кийинки тынч заман мезгилдерди, кыргыз айылын, мектеп турмушун көрсөткөн «Тоо бал- дары», кыргыз аялдарынын революцияга чейинки жана андан кийинки тагдыры, коомдогу, үй-бүлөдөгү орду, би­лим алып, эл башкаруу деңгээлине чейин өсүп жеткенди- гин баяндаган «Зайыптар», студенттердин турмушун сү- рөттөгөн «Курбулар», «Сыр ачуу» деген романдарын, «Ала-Тоодон алтоо» очеркин, «Абысындар» аттуу жана башка чыгармаларын жазган.

    Алтымышынчы жылдардын ичинде залкар прозаик поэзия жанрына кайрадан кайрылып, «Көкөй кести», «Адамдарга кайрылуу» ыр жыйнактарын чыгарат.

    Т. Сыдыкбеков драматургия жанрында да өзүнүн күчүн сынап көрүп, «Майдандан», «Кыштак ээлери» пьесала- рын жана Калим Рахматуллин менен бирдикте «Тоодой жүрөк», «Манас жана Алманбет» аттуу көлөмдүү драма- ларын жараткан.

    Түгөлбай Сыдыкбековдун жазган чыгармалары элдин калың катмарынын сүйүүсүнө арзып, ошол элдин мада­ний байлыгына өз үлүшүн кошуп, мезгил менен бирге ка- дам шилтеп келе жатат. Бул жөнүндө көптөгөн пикирлер айтылды, айтылып да жатат жана айтыла да бермекчи. Эгерде биз кыргыз совет адабиятынын өсүү жолуна, ка- лыптанышына, бүгүнкү күндөгү деңгээлине ой менен көз чаптырып, өзүбүзчө серептеп көрсөк, албетте, Түгөлбай Сыдыкбековдун буга кошкон үлүшү аз эмес, өзүнчө өзгөчөлүккө ээ.

    Залкар жазуучунун бардык чыгармаларын алып Ка­раганда, орустун улуу жазуучусу Л. Толстой элине кан- дай адабий мурастарды калтырып кетсе, анын эмгеги так ошондой салмакка ээ. Анткени анын роман, повесть, аң- геме, ырларында болсун бүтүндөй бир улуттун, бир элдин келечеги менен эртеңи, өнөрү менен өксүгү көөнөрбөй уюп жатат.

    Анын макалаларын кыргыз адабиятынын тарыхын- да рух башат таануу илиминин башталышы болуп сана- лат. Өзгөчө «Манас» эпосунун курама вариантын түзүп элге тааныштырууда жана эпостун элдүүлүгүн, генезисин тарыхый фактылар менен салыштырып изилдөөдө чоң салым кошсо, Махмуд Кашкаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы», Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» даста- ны жана башкалар тууралуу жазылган эмгектери ата му- расына, тарыхка мамиле кылуунун жогорку деңгээлдеги үлгүсүн аныктай алат.

    Адабиятка өмүрүн арнаган жазуучу элибиздин байыр- тан келаткан адабий, маданий, тарыхый мурастары, эне тилибиздин маселелери, адабият менен искусство тарма- гындагы байкагандары, публицистикалары өзүнүн заман- даштары, элинин көрүнүктүү адамдары жөнүндөгү жаз- ган эмгектери кийинки муунду адеп-ахлактуу тарбиялоо ишине салым кошуп келаткан.

    Кыргыз элинин рухий маданиятынын казынасына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук иш- теги атуулдук бийик орду үчүн Т. Сыдыкбековго 1997- жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам жана эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шумкар» сыйлыгы өзгөчө берилген.

    Жазуучу 1997-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Сөздөр

    эл жазуучусу - народный писатель

    кыйынчылыктар - трудности

    терец - глубоко

    ар түрдүү - разный

    чыгармачылык - творческий

    өзгөрүү - изменение

    максат - цель

    балалык чагы - детство

    кунт коюу - внимательно

    болочок - будущий

    окуй баштайт - начинает учить

    ырлар жыйнагы - сборник стихотворений салыштыруу - сравнивать

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Т. Сыдыкбековдун балалык чагы кандай өткөн?

    2. Жазуучу кайсы жанрларга кайрылган?

    3. Жазуучу кайсы романы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлык- тын лауреаты болгон?

    4. Анын чыгармачылыгынын башкы темасы эмнени чагыл- дырган?

    5. Жазуучунун кыргыз адабиятына кошкой салымы кандай ?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтыл бергиле.

    2. Тексттен атоочтук сөз айкаштарын бөлүп көрсөткүлө.

    3. Атоочтук сөз айкаштарынын бөлүнүшүн айтыл бергиле.

    РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

    Кыргыз Эл акыны, прозаик Р. Шүкүрбеков 1913-жылы Талас областынын Киров районуна караштуу Ак-Чий кыш- тагында туулган. Ал алгач Олуя-Ата (Жамбул) шаарын- дагы мектеп-интернатта окуйт. Окуу казак тилинде бол- гондуктан Райкан казак элинин улуу акыны Абайдын ко- тормосу аркылуу орус адабиятынын классиктери Пушкин, Крыловдун чыгармалары менен таанышат.

    Р. Шүкүрбеков 1928-жылы Фрунзеге (азыркы Биш­кек) келип, жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин педагогикалык техникумга өтөт. Бул окуу жайды 1933- жылы аяктап, эмгек жолун Кыргыз филармониясында иштеп баштайт. Ал театр сахнасында 20 жылдан ашык убакыт ар түрдүү ролдорду, өзгөчө комедиялык спектакл- деги ролдорду ойногон. Ушул эле учурда ал «Ленинчил жаш», «Сабаттуу бол» сыяктуу басма сөз органдары ме- нен кызматташ болсо, кийин «Советтик Кыргызстан» га- зетасы менен өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин тыгыз байланышта жашаган. Бул газета, журналдар, радио жана филармония акын-жазуучунун жалпы калайык-калк, коом- дук-саясий турмуштун күндөлүк талабы менен тыгыз бай­ланышта болушуна өбөлгө түзгөн.

    Жазуучунун туңгуч чыгармасы «Жаркынай» аңгеме- си (1932), «Жаңы маданият жолунда» журналына кыр- гыз элинин тагдырындагы кайгылуу 1916-жылдагы эл- дин духун чагылдырган «Тоо элинин баатыры» аттуу по­вести (1936) Самаркандан жарыяланса, биринчи поэти- калык жыйнагы 1957-жылы «Ырлар жана тамсилдер» деген ат менен жарыкка чыккан.

    Р. Шүкүрбеков сатирасын тамсил, какшык, пародия, учкул сөздөр, интермедия, терме, комедия-пьесалар ме­нен байытып, тамсилдерине айбанаттардын, канаттуулар- дын кыймыл-аракеттери, кулк-мүнөздөрү, адаттары ар- кылуу адамдардын ар түркүн образдарын түзгөн. «Карга менен чымчык», «Коёндун арманы», «Коён менен кун­дуз», «Секретарь мышык», «Карышкыр менен чымчык», «Бөрүбасар», «Коркок жолборс» жана элдик оозеки ада- биятта айтылып жүргөн жомоктордун, нускалуу сөздөрдүн таасири астында келип чыккан «Апендинин жоруктары», «Түлкү менен теке», «Ит», «Сагызган менен түлкү», «Ат менен эшек», «Эки эчки» жана башка чыгармаларында акын өзүнө таандык куйкум сөздөрдү өз орду менен ык- туу пайдаланган. Мындан башка да ал төкмө акындар айтпаган, жазма акындар жазбаган өзгөчө ыкмадагы на- саат, санат, термелерди жараткан. Анын «Беттешүү», «Аралаш төкмө», «Кайым айтыш», «Декада жөнүндө сөз», «Жер жөнүндө», «Насыят терме», «Жинди суу», «Кыз менен жигит» сыяктуу термелери какшыктуу, үгүт-на- сыяттары таасирдүү чыгармалар болуп эсептелет.

    Ал узак жылдар бою театр сахнасында артист ката- рында кызмат өтөп, чыгармачылык иштерди, анын ичинде котормочулук өнөрдү да ала жүргөн көп кырдуу талант. А. М. Горькийдин аңгемелери, Грибоедовдун «Акылдан азабы» (1945), чыгыш классиги Фирдоусинин «Шахнаме- си» (1958), Шиллердин «Жүзү каралык жана сүйүү» ат- туу трагедиясы, Мольердин «Алдамчы» деген комедиясы жарыкка чыккан. Бул котормолор колориттүүлүгү, ори- гиналдуулугу, элге жеткиликтүүлүгү жагынан башка ко- тормолордон кескин айырмаланат. Алардын басымдуу көбү өз учурунда кыргыз сахналарында коюлуп, театр ре- пертуарынын негизин түзгөн.

    Ал эми орус тилинде анын «Эки бөжөк», «Ала-Тоо жаңырыгы», «Түлкү менен теке», «Тянь-Шань жаңыры- гы», «Карга» деген аңгемелери, «Шаңгыра комуз» деген ырлар жыйнагы которулган.

    Жазуучунун адабиятка сиңирген эмгеги жогору баа- ланып, орден, медалдар менен сыйланып, Кыргыз Эл акы­ны деген наам берилген.

    Сөздөр

    улуу - великий

    кызматташ болуу - сотрудничество

    өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин - до конца своей жизни

    саясий - политический

    күндөлүк турмуш - повседневная жизнь тамсил - басня какшык - посмешка

    учкул сөздөр - крылатые слова кулк-мүнөз - характер эмгек сицирген - заслуженный труд

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Р. Шүкүрбеков кайсы акындын котормосу аркылуу орус адабиятынын классиктери менен таанышкан?

    2. Ал кайсы жерлерде иштеген?

    3. Р. Шүкүрбеков кимдердин чытармаларын которгон?

    4. Акын көпчүлүгү кайсы жанрларга кайрылган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен атоочтук соз айкаштарды айтып бергиле.

    3. Соз айкашы деп эмнени айтабыз?

    ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

    Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салган белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Эл жазуу- чусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук ишмер Т. Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Кемин районунун Жаңы-Алыш (Атаке) айылында кызмат- чынын үй-бүлөсүндө туулган.

    1938-жылы Бишкектеги медициналык техникумду бүтүп иштеп, 1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медици­налык институтка өтүп, 3-курстан оорусуна байланыш- туу окуусун таштоого мажбур болот.

    1941-жылдан баштап, Кыргызстан мамлекеттик бас- масында алгач корректор, андан кийин редактор жана котормочу болуп иштеген. 1942-1959-жылдары радиоко- митетте редактор, Ош областтык «Ленин жолу» газета- сында, СССР Жогорку Советинде котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында бөлүм башчы, Кыргызстан Жа- зуучулар союзунун Башкармасынын 1-катчысы (1959­1971), Кыргыз Театр коомунун төрагасы (1974-1984), Жа- зуучулар союзунун катчысы (1987-1989) болуп иштеген.

    Т. Абдумомуновдун чыгармачылыгы согуштан кийин аңгеме, очерк, сын-макалаларды, бир актылуу пьесалар- ды жазуудан башталган. 1946-жылы 26-августта ВКП (б) БКнын «Драма театрларынын репертуарлары жана аны жакшыртуунун чаралары тууралуу» деген атайын партия- лык токтомдун кабыл алынышы менен өткөн заманга бай- ланыштуу спектаклдердин жоктугу катуу сынга алынган. Ошого байланыштуу заманына бап келген репертуарлар- ды көбөйтүү иши колго алынган.

    Өз мезгилинде драматург учурдагы турмуш чынды- гынан алынып «Кумдуу чап» (1946), «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) аттуу пьесаларды жараткан.

    Анын 1950-жылдары жазылган «Абийир кечирбейт», «Каркыралар кайтканда», «Сүйүү жанат», «Кадырлаш- тар», «Маашырбек үйлөнөт», «Ыйык таштар», «Бюро жүрүп жатат», «Жыгылган ооганга күлөт» сыяктуу дра- маларын жараткан. Драматургдун драмалык чыгармала- рынын тематикалык багыттары түрдүү жанрлык, компо- зициялык, стилдик изденүүлөргө бай.

    Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай жөнүндө «Чолпонбай» драмасы, элдик оозеки чыгарма- лардын негизинде «Карагул ботом», «Алдар Көсөө», Вьет­нам элинин күрөшүнө арналган «Биз анын балдарыбыз» драмасын жазган. 1992-жылы 60 басма табакка жакын көлөмдө «Адабият» басмасынан жарык көргөн 2 томдук чыгармалар жыйнагына 20га жакын коп актылуу пьеса- лары киргизилген. Бул жагынан алганда драматург орус- тун драматургу К. А. Островскийдей эле бай адабий мурас- ты элине калтырууга жетишкен.

    Жалаң гана драмалык чыгармаларды жазуу менен чек- телип калбастан көркөм проза жазууга аракеттенип «Жү- көш» (1940), «Жакшы адамдар» (1955) деген чыгармала- рын жазган. Жаңыдан түптөлүп келе жаткан кинодрама- тургиясына да салым кошкон. Анын «Алыскы тоолордо» аттуу киносценарийи боюнча тартылган тасма чет өлкөлөр- дүн жана боордош республикалардын экрандарында көр- сөтүлүп, сыйлыкка татыктуу болгон.

    Мындан сырткары да «Жыл сайын жаз келет» деген фильмдин сценарийи да Т. Абдумомуновдун калемине таан- дык.

    Драматургдун чыгармачылык ишмердиги жогору баа- ланып үч жолу Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендер, медалдар, грамоталар менен сыйланган. Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлык жана «Кыргыз Респуб- ликасынын эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгарыл- ган.

    Анын ысмы менен кыргыз драматургиясынын өсүп- өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Азыркы учурда кыргыз драмтеатрына Т. Аб­думомуновдун ысмы коюлган.

    Аё 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. Келечек муундарга мурас катары калган чыгармалары кылым карытып жа- шай бермекчи.

    Сөздөр

    оорусуна байланыштуу - в связи с болезнью

    мажбур болот - вынужден

    кызматчы - служащий

    алгач - впервые

    котормочу - переводчик

    ацгеме - рассказ

    токтом - постановление

    кабыл алынышы - принят

    чагылдырган - отражал

    сынга алган - критиковал

    көркөм чыгарма - художественное произведение

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Т. Абдумомунов ким болгон?

    2. Драматург кандай кызматтарда иштеген?

    3. Ал кандай драмаларды жараткан?

    4. Драматургдун чыгармачылык ишмердиги үчүн кандай сый- лыктар тапшырылган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. III жактын таандык мүчөсү уланган зат атооч сөздөрдү тапкыла.

    АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

    Кыргыз эли Алыкул Осмоновдун аты менен бөтөнчө сыймыктанышат, анткени акындын чыгармалары улут- тук адабиятыбызды жаңы баскычка көтөрүп, бир кылым- дык эмес, бир нече кылымдарга татырлык көркөм мурас калтырып кетти. Анын ырлары улам мезгил өткөн са- йын жашарып, азыркы муундарды Ата Журтун сүйүүгө, эл-жерин урматтоого үндөп келет.

    Алыкул Осмонов 1915-жылы Чуй боорунда, азыркы Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган.

    Алыкулдун балалык чагы ажаан жылдарга туш кел- ген. 1916-жылы көтөрүлүштүн каргашасы, Россия ак па- дышасынын эзүү кордугу элди муунткан. Жокчулук, тең- сиздик аз келгенсип, эл арасында оору күчөгөн.

    Ушундай шартта Алыкулдун апасы Алтынай чечек- тен каза таап, андан коп узабай атасы каза болгон. Алы­кулдун эжеси Мария экөө жетимчиликтин азаптуу күндөрүн көрөт.

    1922-жылы Алыкул Пишпекте жаңы ачылган балдар үйүнө алынып, үч жылдан кийин Токмоктогу жетим бал- дар үйүнө которулган, бул жерде торт жыл билим, тар- бия алган. Алгачкы жылдары Токмоктогу балдар үйүнөн тарбиялангандардын айрымдары кийин кыргыз адабия- ты менен маданиятына эмгеги сиңген адамдар болушкан.

    1929-жылы Алыкул Осмонов Фрунзедеги педтехникум- га кирген. Бул педтехникум отузунчу жылдарда Ата Журт- тун билимге кумарланган уул-кыздардын бирден бир ма- даний очогу болгон.

    Алыкул Осмонов өзүнүн жазган «Жазуучулук баяным- да» мындай деп эскерген: «1930-жылы сентябрь айында «Сабаттуу бол» деген республикалык газетага «Кызыл жүк» деген ырым чыкты. Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Гезитти катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси да бир ыр жазып алпар- дым, анан дагы... Сабак маалында да, бош убагымда да жазам». Кыргыз жазуучулары отузунчу жылдары өздөрү өздөрүнө мугалим устат болушкан.

    1937-жылы А. Осмонов орустун улуу акыны А.С. Пуш­кин жөнүндөгү «Менин окутуучум» деген чакан макала- сында: «Мен педагогика техникумунда окуп жүргөн ке- зимде эле А. С. Пушкиндин «Кышкы жол» жана башка ырларын жаттап алган болчумун... Ошол кезден тартып, мен Пушкиндин чыгармаларын сүйүп калдым жана өзүм- дүн окутуучум деп эсептейм...»

    А. С. Пушкин А. Осмоновго өмүр бою сабак, сыноо, таалим болгон. А. Осмоновдун өмүрүндө 1937-жыл кы- зык да, жаштык өмүрдүн, чыгармачылыктын эргиген, өмүрүнүн бурулуш жылы болгон. Ушул жылы жазылган анын кичинекей, жука дептери бар. Анын ичине жаш акын сегиз ай бою дуулдаган жаштык күндөрү жөнүндө латын тамгасы менен күндөлүк жазган.

    А. Осмонов «Жазуучулук баянымда» минтип жазган: «1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген бааты- рынын» котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкудан калтырды. Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы» - дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колунан эчтеке келбеген» - деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.

    1938-жылы май айынан баштап, ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичим- ден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү таа- нытуум керек» - деп коём да, бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң ат­канга чейин олтурам. Окуйм, котором, таң калам, куба- нам!

    Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм...

    Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуу- чулардын дачасында бүттүм».

    Ш. Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр- дын» котормосу жаш акындын аппак сезиминин гимни жана алгач сүйүүсүнө койгон эстелиги болгон. Ошондой эле ал В. Шекспрдин «Отеллосун» которду. «Чолпонбай» операсына либретто, «Махабат» лирикалык комедиясын, «Ак Мөөр» драмасын, «Баатырдын өлүмү» пьесасын жаз­ган. «Манас» эпосу, улуу манасчы С. Орозбаков жөнүндө изилдөөнү жазып, элдик уламыштарды чогултту. «Толу- бай сынчы», «Менин энем», «Майдын түнү», «Күлүйпа», «Карагул», «Мырза уул», «Жеңишбек», «Ким болду экен?» поэмаларын жана «Отуз жаш», «Мен эмнеден уялам», «Сүйүү жана мен», «Табият жана музыка», «Ысык-Көл», «Адамзат», «Сулууга», «Замандашыма» ж. б. философия- лык, лирикалык жана турмуштук бир нече мыкты ыр- ларды жаратты. Мурас кылып өз элине эң сонун ырлар- ды, пьесаларды жана Батыш менен Чыгыштын улуу акын- дарынын поэзиясынын котормолорун калтырды.

    Ал ден соолугуна байланыштуу өмүрүнүн көпчүлүк күн- дөрүн Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарында өткөргөн. Ал Ысык-Көлдү бирде ата, бирде жолдош, бирде курдаш да, кээде энедей же досундай, эң бир таттуу ширин сөздөр менен жалынган: «Сен ырыскым, сен жыргалым, касие- тиңден айланайын, жаныбарым, менин канатым, сенсиң бакыт, күч-кайратым, кубатым».

    Акындын көз алдына көркүнө көктөн башканы сүр- түнбөгөн, толкундары түркүмдөлгөн, көргөн сайын көр- көмдүгү жаңырган көл жатчу.

    А. Осмонов күчтүү элестердин акыны. Ал айкын ойду конкреттүү, туюмдуу образдар аркылуу бере алды.

    Алыкул Осмонов - кайраттуу акын. Анын жашоо ме­нен эмгекти жакшы көргөнүндө, ички терең ыйманында, адамдын жаркын кудурети менен тирүүлүктүн улуу маа- нисине ынанып турганында кайрат бар.

    Алыкул Осмонов кыска өмүрүнүн көбүн айрыкча соң- ку беш-алты жылын айыкпас оор дарт менен өткөргөн.

    Ошондо да ал көгөрүп жаза берген, акыл-эсин күн-түн тындырбай иштете берген кажыбас кайраттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн. Анын ичер суусу, көрөр күнү 1950- жылы 12-декабрында түгөнгөн. Кайран акын адам өмүрүн күлгүн курагында, чыгармачылык баралында турганда, жалпы улуттук кадыр-барк табарда дүйнөдөн кайткан. Ошону менен анын биринчи өмүрү аяктап, экинчи өмүрү башталган.

    «А. Осмонов чыныгы акындын өмүрүн жашап, кай- гылуу, азаптуу өткөн өмүрүнөн жаркын таза поэзия жа­ратты. Адамды сулуулукка чакырып, сезимин тазартып, кооз, назик дүйнөгө үндөдү. Чыныгы таланттар гана ушун- дай улуу эрдикке бара алышат».

    Кеңеш Жусупов.

    Сөздөр
    1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   37


    написать администратору сайта